КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРДЫ АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен чет өлкөлөр-дөгү жогорку окуу жайлар ортосунда окутуучуларды алмашуу программасынын усул жана негиздерин аныктоо.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кесиптик орто билим берүү жана бакалавр программасы, магистратура, докторантура программалары боюнча билим берген жогорку окуу жайлардын ортосунда окутуучуларды алмашуу эрежелерин камтыйт.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесине ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар:
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Камкорчулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
Башкаруу кеӊеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеӊеши;
Факультет : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин факультеттери
Институт : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин институттары;
Жогорку мектеп : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жогорку мектеби жана консерваториясы;
Тийиштүү башкаруу кеӊеши : Факультет, институт жана жогорку мектептин башкаруу кеӊеши.
Негизги принцип
4-берене. Бул жобонун негизги принциби: университетте камсыздалышы мүмкүн болбогон багыттарда окутуучуларга муктаждыкты камсыздоо үчүн докторантурада билим алып жаткан кенже илимий кызматкерлердин илимий тармактары боюнча билимин, тажрыйбасын жана дүйнө таанымын өркүндөтүү болуп эсептелет. Ушул максатта ар бир окуу жылында алма-шуусу алдын ала белгиленген окутуучулардын квотасы жана төлөм акылары Камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталат.
Билим берүү келишими
5-берене. Окутуучуларды алмашуу үчүн мурунку окуу жылынын апрель айынын аягына чейин башка университеттер менен бул жобого ылайык академиялык кызматташуу келиши-ми түзүлөт. Ар бир жаӊы окуу жылында алмашылуусу күтүлгөн жалпы окутуучулардын квотасынын факультет, институт жана жогорку мектеп арасында жайгаштырылуусу (бөлүштүрүлүшү), кайрылуу күндөрү Башкаруу кеӊеши тарабынан аныкталып жарыяланат.
Окутуучуларды алмашуу программасынын негиздери
6-берене.
-
Окутуучуларды алмашуу программасы академиялык кызматташуу келишиминин негизинде ишке ашырылат;
-
Окутуучуларды алмашуу Окутуучуларды алмашуу программасынын талаптарына, или-мий багытына, наам жана кызматтык даражасына ылайык жасалат. Алмашуу про-граммасынан колдоно турган окутуучунун дайындалышы Башкаруу кеӊешинин чечими менен аныкталат;
-
Окутуучуларды алмашуу программасынан университетте толук айлык акы менен иште-ген жана башка жогорку окуу жайларда иштебеген окутуучулар пайдалана алышат;
-
Алмашуу прогрраммасын колдонуучу окутуучунун тийиштүү факультет, институт, жогорку мектепте өзүнө жүктөлгөн милдеттери тоскоолго учурабашы керек;
-
Окутуучу 5 жылда бир жолу алмашуу программасынан колдоно алат. Алмашуу про-граммасынын алкагында башка университетке жибериле турган окутуучунун универси-теттеги укуктары сакталат;
-
Алмашуу программасынын алкагында башка университетке жибериле турган окутуучунун университеттеги өздүк укугу сакталуу менен бирге иш сапар чыгымдары жана кошумча каражаттардын төлөнүп берилишин же төлөнүп берилбешин, төлөнүшү керек болгон учурларда кандай негизде төлөнөрүн Камкорчулар кеңеши чечет. Алмашуу программасынан кошумча каржыланган окутуучу алмашуу программасынын мөөнөтү аяктаганга чейин өз каалоосу менен кете албайт. Эгерде кетип калса, берилген кошумча каражаттарды кайтарып берүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу алмашуу программасынын алкагында окутуучу менен кошумча келишим түзүлөт;
-
Алмашуу программасынын алкагында унивверситетте жиберилүүчү окутуучунун наамы эске алынып, төлөм акысы берилери же берилбеси Камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталат.
Күчүнө кириши
7-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
8-берене. Бул нускаманын жоболорунун ишке ашырылышы ректорат тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеӊешинин 2009-жылдын 14-апрелиндеги 2009/2-номерлүү чечими менен кабыл алынган.