| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 93 |
| Кабыл алганы | 25.05.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү жана бакалавриат программаларына чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуунун жол-жоболорун аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү жана бакалавриат программаларына чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу боюнча арыз тапшыруунун, сынак өткөрүүнүн, каттоонун жана кабыл алуунун жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жөнүндө нускамасынын тийиштүү беренелерине ылайык даярдалды.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат: |
Университеттин ректораты; |
|
Ректор: |
Университеттин Ректору; |
|
Окумуштуулар кеңеши: |
Университеттин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Чет өлкөлүк студент: |
Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүрбөгөн, Кыргызстандан жана Түркиядан тышкары түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден келген жарандар; |
|
Комиссия: |
Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу комиссиясы; |
|
Манас-ӨТЖБ: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору. |
Комиссияны түзүү жана анын курамы
5-берене. –(1) Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу комиссиясы анын төрагасы катары дайындалган окуу-тарбия иштери боюнча проректордон жана Окумуштуулар кеңеши тандаган 4 мүчө менен кошо бардыгы болуп беш мүчөдөн турат. Мүчөлөрдүн иштөө мөөнөтү - 2 жыл. Иштөө мөөнөтү аяктаган мүчө окшош тартипте кайра дайындалышы мүмкүн.
(2) Жүйөлүү себепсиз 3 жолу жыйынга катышпаган мүчө мүчөлүктөн чыгарылат. Кайсы бир себептен улам иштөө мөөнөтү аяктаган мүчөнүн ордуна ушул эле ыкма менен жаңы мүчө дайындалат.
(3) Комиссия төраганын чакыруусу боюнча бардык мүчөлөрдүн толук катышуусу менен чогулат. Чечимдер ачык добуш берүү аркылуу комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү ролду ойнойт.
Комиссиянын милдеттери
6-берене. Комиссиянын милдеттери төмөнкүдөй:
(1) Арыз тапшыруунун шарттарын аныктоо жана арыздарды кабыл алуу.
(2) Арыз тапшыруу жана сынак өткөрүү күндөрүн аныктоо.
(3) Өткөрүлө турган сынактарга байланыштуу жол-жоболорду жүзөгө ашыруу.
(4) Сынактын жыйынтыктарын баалоо.
(5) Баалоонун жыйынтыгы боюнча университетке кабыл алына турган талапкерлерди аныктоо жана аларды Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө сунуштоо;
(6) Зарыл учурда бөлүмдөрдүн/программалардын арасында квоталарды которуу.
Арыз тапшыруу шарттары
7-берене. Арыз тапшырууда коюлуучу талаптар төмөнкүдөй:
(1) Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүрбөгөн, Кыргызстандан жана Түркиядан башка мамлекеттердин жараны болуу;
(2) Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүрбөгөн, эч бир жарандыгы жок болуу, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан берилген качкын күбөлүгүнө ээ болуу.
(3) Кыргыз Республикасынын же Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген критерийлердин алкагында кайсы бир жогорку билим берүү программасы боюнча билим алуу укугун камсыз кылган жалпы орто билими жөнүндө аттестатка ээ болуу.
(4) Аттестаттын орточо баллы 100 баллдык система боюнча кеминде 70, 10 баллдык система боюнча кеминде 7, 5 баллдык система боюнча кеминде 4 жана 4 баллдык система боюнча кеминде 3 болушу керек.
(5) Жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломуна ээ болуп, арыз тапшырган талапкердин дипломунун орточо баллы кеминде СВ болушу керек.
(6) Өз өлкөсүндө же билим алган өлкөдө өткөрүлгөн университетке кирүү сынагына катышкан болуу. Университетке кирүү сынагы өткөрүлбөгөн өлкөнүн жарандарына Манас-ӨТЖБ тарабынан жазуу түрүндө сынак өткөрүлөт.
(7) Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүргөн Түркия Республикасынын жарандары Түркия Республикасынын ӨТЖБ тарабынан өткөрүлгөн ЖОЖдорго кирүү сынагына катышуусу жана Түркия Республикасынын ӨТЖБнун тандоо китепчесинде аныкталган шарттарга ылайык тандоо жасашы керек.
(8) Кыргыз Республикасынын окуу жайларын бүтүргөн Түркия Республикасынын жарандарынан башка чет өлкөлүк жарандар жана Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка өлкөнүн жарандыгы бар талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык тест (ЖРТ/ГРАНТ) жана Манас-ӨТЖБ сынагына кирүүсү жана босого баллдарын ашуусу керек.
(9) Кыргыз Республикасынын жараны же Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка өлкөнүн жарандыгы бар талапкерлердин ичинен чет өлкөдөгү окуу жайды бүтүргөндөр билим алган өлкөнүн ЖОЖдорго кирүү сынагына же Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык тест (ЖРТ/ГРАНТ) жана Манас-СТЖБ сынагына кирүүсү жана босого баллдарын ашуусу керек.
(10) Университетке мурда кабыл алынган, бирок окуу мезгилинде сабакка катышпагандыгына, начар окугандыгына жана тартиптик жаза алгандыгына байланыштуу окуудан четтетилген талапкерлердин арыздары экинчи жолу кабыл алынбайт.
Арыз тапшыруунун ыкмасы жана талап кылынган документтер
8-берене. – (1) Арыздар университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнө тапшырылат.
(2) Талапкерлер университетке арызды жеке өзү же расмий өкүлү аркылуу, ошондой эле электрондук түрдө тапшыра алышат. Талапкерлер жараны болгон өлкөнүн элчилиги, келишим түзүлгөн университеттер жана өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу да арыз тапшыра алышат. Арыз тапшыруунун ыкмалары эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан аныкталат.
(3) Арыз тапшырууда аттестат (диплом), паспорт же инсандыгын тастыктаган документ, бар болсо университетке кирүү документи жана эл аралык байланыштар бөлүмү аныктаган башка документтердин түп нускалары жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү талап кылынат.
Сынактар
9-берене. –(1) Университетке арыз тапшырган чет өлкөлүк студенттер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырышат.
(2) Жазуу түрүндөгү сынак Манас-ӨТЖБ тарабынан өткөрүлөт. Өз өлкөсүндө же билим алган өлкөдө ЖОЖдорго кирүү сынагы өткөрүлбөгөн учурда, талапкер жазуу түрүндөгү сынакка катышуусу шарт. Өз өлкөсүндө же билим алган өлкөдө ЖОЖдорго кирүү сынагына катышкан талапкер Манас-ӨТЖМ тарабынан өткөрүлгөн жазуу түрүндөгү сынакка да катыша алат. Бул учурда Манас-ӨТЖМ тарабынан жүргүзүлгөн жазуу түрүндөгү сынактын жыйынтыгы эсепке алынат.
(3) Оозеки сынак Комиссия тарабынан аңгемелешүү түрүндө өткөрүлөт.
(4) Зарыл учурда Окумуштуулар кеңешинин чечими менен чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу сынактары башка өлкөлөрдө да өткөрүлүшү мүмкүн. Башка өлкөлөрдө сынак өткөрүүнүн жол-жоболору Комиссиянын сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсү менен аныкталат.
Сынак жыйынтыктарын баалоо жана студенттерди кабыл алуу
10-берене. – (1) Жазуу түрүндөгү сынактын жыйынтыктары Манас-ӨТЖБ тарабынан бааланат. Баалоо жыйынтыктары Комиссияга жиберилет.
(2) Оозеки сынак Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан 100 балл боюнча бааланат. Ар бир мүчө тарабынан талапкерге берилген баллдын орточо арифметикалык баллы эсептелинип, оозеки сынактын баллы аныкталат. Оозеки сынакка катышпаган талапкердин жетишкендик баллы эсептелбейт жана ал университетке кабыл алынбайт.
(3) Талапкердин дипломунун баасынын 30 %ы, ЖОЖдорго кирүүгө байланыштуу жазуу түрүндөгү сынактын 30 %ы жана оозеки сынактын 40 %ы эсептелинип, анын жетишкендик баллы аныкталат. Баллдарды эсептөөдө талапкердин бардык баллдары 100 баллдык система боюнча которулат.
(4) Сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлердин тизмеси эң жогорку баллдан эң төмөнкү баллга чейин тизмектелип түзүлөт.
(5) Комиссиянын чечими менен университетке кабыл алынышы туура көрүлгөн талапкерлердин сынактагы жетишкендигине жараша университеттин чет өлкөлүк студенттердин квотасына барабар негизги тизмеси жана квотанын жарымына барабар запастык тизмеси түзүлүп, Окумуштуулар кеңешине берилет.
(6) Университетке кабыл алынышы туура көрүлгөн талапкерлер Окумуштуулар кеңешинин чечими менен аныкталат.
Каттоо иштери
11-берене. – (1) Окумуштуулар кеңешинин чечими менен университетке кабыл алынган талапкерлердин каттоо иштери студенттик иштер башкармалыгы тарабынан университеттин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жөнүндө нускамасынын 10-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
(2) Университетке кабыл алынган студент тил үйрөтүү боюнча даярдоо курсуна катталат.
(3) Окуу жылынын башында академиялык календарда аныкталган тилден бошотуу сынагына катышып, өздөштүрүлүшү милдеттүү болгон тилден (тилдерден) бошотуу сынагын (сынактарын) ийгиликтүү тапшырган студенттин бөлүмү/программалары анын каалоосу, Комиссиянын чечими жана Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен аныкталат жана студенттин каттоосу тиешелүү факультеттин/программанын биринчи курсунда жүргүзүлөт.
Бөлүмгө/ программага жайгаштыруу
12-берене. –(1) Тил үйрөтүү программасын ийгиликтүү аяктаган талапкерлер үчүн МАНАС-ӨТЖБ тарабынан бөлүмдү аныктоо сынагы өткөрүлөт.
(2) МАНАС-ӨТЖБ тарабынан аныкталган бөлүмдү тандоо сынагын өткөрүүнүн жол-жоболору Комиссияда карап чыгылып, Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсүнө сунушталат.
(3) Тил үйрөтүү программасын ийгиликтүү аяктаган студент бөлүмдү аныктоо сынагынын жыйынтыгы боюнча каалоосуна жараша бөлүмгө/ программага катталат да, каттоо иши тийиштүү бөлүмдүн/ программанын биринчи курсуна өткөрүлөт.
(4) Бөлүмдү аныктоо сынагына катышкандыгына карабастан, тил үйрөтүү программасынан өтпөй калган жана ушул эле программаны кайрадан улантып, ийгиликтүү аяктаган студент мурунку жылы катталган бөлүмдө/программада окууса болот же кайрадан экинчи курстун аягында бөлүмдү аныктоо сынагына катыша алат.
Жободо каралбаган жагдайлар
13-берене. Окумуштуулар кеңеши бул жободо каралбаган жагдайларды жана күтүлбөгөн көйгөйлөрдү чечүү ыйгарым укугуна ээ.
Күчүн жоготкон жобо
14-берене. Бул жобо күчүнө кирүү менен Окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги 2020-08.26-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түрк тилдүү жана боордош мамлекеттерден студенттерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө жобосу” өз күчүн жоготот.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан кийин 2024-2025-окуу жылындан тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул жобонун беренелери Ректор тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 25-майындагы 2023-09.41(b)-номерлүү чечими менен кабыл алынган.