| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШТЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ АЛЫП БАРУУСУ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 94 |
| Кабыл алганы | 19.03.2013 |
| Ачкыч сөздөр |
КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШТЕРДИН ИШ АЛЫП БАРУУСУ МИЛДЕТТЕРИ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШТЕРДИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ АЛЫП БАРУУСУ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздеме
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – университетте кесиптик орто, кесиптик жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашырган түзүмдөрдүн коомдун ар кыл катмарлары, өнөр жай, эмгек рыногу, мамлекеттик жана жеке менчик секторлор, окуу жайлар менен байланыш түзүү; коомдун бардык катмарларынын керектөөлөрүн камсыздоо жана жашоо стандарттарын жакшыртуу жаатында жергиликтүү бийлик органдары, мамле-кеттик эмес уюмдар жана профсоюздар менен кызматташып, тийиштүү окуу программа-ларын ачуу; багыттоочу жана кеңеш берүүчү кызматтарды көрсөтүү; ар түрдүү көйгөйлөрдү изилдөө, аларды чечүү жолдорун сунуштоо максатында Кыргыз-Түрк “Манас” универси-тетинде консультативдик кеңештерди түзүү жана анын иштөө тартибин аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо университетте кесиптик орто, кесиптик жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашырган түзүмдөр коомдун ар кыл катмарлары, өнөр жай, эмгек рыногу, мамлекеттик жана жеке менчик секторлор жана окуу жайлары менен кызматташтык жүргүзүү максатында түзүлгөн консультативдик кеңештин иштөө тартибине тиешелүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына жана башка укуктук ченемдик документтерге ылайык даярдалган.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Аныктамалар, кыскартуулар, башкаруу органдары, милдеттери, иштөө календары
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңеши: |
Тийиштүү академиялык түзүмдүн консультативдик кеңеши; |
|
Академиялык түзүм: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашырган факультет, институт, жогорку мектеп, консерватория жана кесиптик жогорку мектеп; |
|
Академиялык түзүмдүн башчысы: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин деканы жана мүдүрү; |
|
Координатор : |
Тийиштүү академиялык түзүмдүн башчылары тарабынан дайындалган академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин координатору; |
|
Ректорат: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты; |
|
Университеттин консультативдик кеңеши: |
Университеттин ректораты тарабынан түзүлгөн консультативдик кеңеш; |
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети. |
Консультативдик кеңештер
Университеттин консультативдик кеңеши
5-берене.Университеттин коом менен байланышын өнүктүрүү, кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, билим берүү, илимий изилдөө жана коомго кызмат көрсөтүү багытындагы саясатын жана стратегиясын аныктоо максатында ректорат тарабынан Ректордун төрагалыгында университеттин консультативдик кеңеши түзүлөт. Бул кеңешти Биринчи проректор, проректорлор жана университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан тандалган үч мүчө жана сырттан алты мүчө түзөт. Сырттан келген мүчөлөр коомдун ар кыл катмарларынын өкүлү болуп, өз кесибинде ийгиликтүү жана үлгүлүү адис болууга тийиш.
Университеттин консультативдик кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү – 2 жыл. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүчө кеңешке кайра дайындалышы мүмкүн. Мекеменин кызыкчылык-тарына өкүлчүлүк кылуу үчүн дайындалган мүчөлөр ошол мекемеде кызмат мөөнөтү аяктаганда кеңештин мүчөлүгүнөн да ажырайт. Университеттин консультативдик кеңеши жылына кеминде бир жолу Ректордун чакыруусу менен чогулат. Зарыл болгон учурларда Ректордун чакыруусу менен кезексиз жыйындар да уюшулушу мүмкүн. Чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Университеттин консультативдик кеңешинин милдеттери
6-берене.
- Университеттин ишкерлер чөйрөсү жана коом менен байланыш түзүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- Университеттин стратегиялык пландоо жана ишке ашыруу процессине колдоо көрсөтүү;
- Университеттин билим берүү, илимий изилдөө жана кызмат көрсөтүү программаларын дүйнөлүк деңгээлдеги өнөктөштөрү менен макулдашып жаңыртуу жана жакшыртуу аракеттерине жардам көрсөтүү;
- Студенттер үчүн окуу-практикалык тажрыйба, карьераны пландоодо жол көрсөтүү ж.б. иш-чаралар менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
- Окутуучулардын ишкерлер чөйрөсүндөгү жана секторлордогу тажрыйбаларын өнүктүрүүчү иш-чараларга колдоо көрсөтүү;
- Коомдо жана ар кыл секторлордо университетти таанытуу иш-чараларына жардам көрсөтүү;
- Студенттердин жана окутуучулардын ишкерлер чөйрөсү менен коомдун алдыңкы жана үлгүлүү кишилеринин тажрыйбаларынан пайдалануусу үчүн тийиштүү иш-чараларды уюштуруу;
- Университеттин коом, ишкерлер чөйрөсү жана ар кыл тармактардын ортосундагы консультативдик кызматтарды жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тийиштүү чараларды көрүү жана сунуш берүү;
- Университеттин ишкерлер чөйрөсүнө жана коомго багытталган иш-чараларды керектүү каражаттар менен камсыздоого жардам көрсөтүү.
Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңеши
7-берене. Университеттин бардык академиялык түзүмдөрүндө бирден консультативдик кеңеш түзүлөт. Бул кеңеш төрага, төраганын орун басары, координатору болуп тийиштүү түзүмдөн 6 кишиден жана коом менен ишкерлер чөйрөсүнөн 6 кишиден, бардыгы 12 мүчө-дөн турат. Кеңеш мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү –2 жыл. Зарыл болгон учурларда кеңештин төрагасы менен координаторунун чечими менен кеңеш мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын ордуна жаңы мүчө дайындалышы мүмкүн.
Координатор
8-берене. Координатор тийиштүү түзүмдүн башчысы тарабынан окутуучулардын ичинен же сырттан 2 жылдык мөөнөткө дайындалат. Координатор тийиштүү академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин төрагасы менен кошо кеңештин иштөө планын түзүүгө катышат, башка академиялык түзүмдөрдүн консультативдик кеңештери менен атайын жана туруктуу комитеттердин ортосундагы иштердин координацияланышын камсыздайт, аткарылган иштердин жакшы жыйынтыктарын башка түзүмдөргө жайылтат. Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешине дайындала турган ички жана сырткы өкүлдөр координатор жана төрага тарабынан дайындалат.
Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин милдеттери
9-берене. Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин милдеттери төмөнкүлөр:
- Академиялык түзүмдүн ишкерлер чөйрөсү жана коом менен байланыш түзүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- Академиялык түзүмдүн стратегиялык пландоо жана ишке ашыруу процессине колдоо көрсөтүү;
- Академиялык түзүмдүн максат, милдеттерин аткарууда жардам көрсөтүү;
- Академиялык түзүмдүн билим берүү, илимий-изилдөө жана кызмат көрсөтүү программаларын дүйнөлүк деңгээлдеги өнөктөштөрү менен макулдашып, жаңыртуу жана жакшыртуу аракеттерине жардам көрсөтүү;

- Коомдо академиялык түзүмдү таанытуу иш-чараларына жардам көрсөтүү;

- Консультативдик кеңештин мүчөлөрү тарабынан аныкталган атайын тармактар боюнча консультативдик кызмат көрсөтүү;

Иштөө календары
10-берене. Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңеши күзгү семестрдин ичинде жылына кеминде бир жолу төраганын чакыруусу менен чогулат. Зарыл болгон учурларда төраганын чакыруусу менен кезексиз жыйындар да уюшулушу мүмкүн. Кеңештин жыйналыш күндөрү тийиштүү академиялык түзүмдүн башчысы тарабынан жазуу түрүндө кулактандырылат. Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Атайын жана туруктуу комитеттер
11-берене. Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңеши зарыл болгон учурда атайын жана туруктуу комитеттерди түзүшү мүмкүн же андан мурун түзүлгөн комитеттерди жоюшу мүмкүн. Бул комитеттердин функциясы, милдеттери жана иштөө мөөнөтү академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинде аныкталат.
Милдет жана жоопкерчиликтер
12-берене. Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин мүчөлөрү коом, өнөр жай, эмгек рыногу, мамлекеттик жана жеке менчик секторлор менен байланыш түзүү боюнча сунуш-пикирлерин түздөн-түз же координатор аркылуу төрагага билдире алышат. Төрага бул сунуш-пикирлерди жыйындардын күн тартибин аныктоодо эске алып, жыйналышка алып чыгат. Кеңештин чечимдери сунуш берүү мүнөзүнө ээ. Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин чечимдери ошол академиялык түзүмдүн Башкаруу кеңеши тарабынан каралып, тийиштүү кишилерге жана түзүмдөргө жиберилет.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Кеңештин иштөө тартиби
Иш кагаздарын жүргүзүү
13-берене. Консультативдик кеңешке сырттан дайындалган мүчөлөр менен байланыш тийиштүү академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин төрагасы тарабынан ишке ашырылат. Жыйналыштарда протоколдорду жана иш кагаздарын жүргүзүү, аткарылган иш-чаралар жөнүндөгү отчетту даярдоо боюнча төрага жооптуу болот. Консультативдик кеңеш-тин катчылык иштери тийиштүү академиялык түзүмдүн катчысы тарабынан аткарылат.
Күн тартиби жана документтер
14-берене. Жыйындардын күн тартиби кеңештин мүчөлөрүнүн ой-пикирлери эске алынып, төрага жана координатор тарабынан аныкталат. Күн тартиби менен тиркемелери жыйналыш күнүнөн эки апта мурун мүчөлөргө жиберилет. Мурунку жыйналышта кабыл алынган чечимдер жана жыйналыштан кийин аткарылган иштер отчет түрүндө кийинки жыйындын күн тартибине киргизилет.
Академиялык түзүмдүн консультативдик кеңешинин жыйынында кабыл алынган сунуш берүү мүнөзүндөгү чечимдер менен бул чечимдер эске алынып, академиялык түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер жана мурунку отчеттук мезгилге тиешелүү аткарылган иш-чаралар тууралуу отчет кеңештин мүчөлөрүнө жана ректоратка эки жуманын ичинде жиберилет.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Күчүнө кириши жана ишке ашырылышы
Күчүнө кириши
15-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 19-мартындагы 2013-03.033-номерлүү чечими менен кабыл алынган.