|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ
|
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS ÜNİVERSİTESİ
|
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН ВЕТЕРИНАРИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ИНТЕРНАТУРА ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты:
1-берене: Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинин интернатурасына байланыштуу жол-жоболорду аныктоо.
Мазмуну:
2-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинин 10-семестринде окуган студенттердин интернатурадан өтүүсүнө байланыштуу жол- жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме:
3-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү нускамасынын» 29-беренесинин негизинде даярдалды.
Аныктамалар:
4-берене: Бул жободо төмөнкүлөр каралган:
- Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
- Факультет: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультети;
- Интернатура: Ветеринардык дарыгер кесиби боюнча адистешүү;
- Координатор: Интернатура боюнча жооптуу илимий даражага ээ окутуучу.
Координатордун дайындалышы жана милдеттери:
5-берене: (1) Координатор факультетте толук ставкада иштеген илимий даражага ээ окутуучулардын ичинен факультеттин башкаруу кеңеши тарабынан дайындалат. Координатордун иштөө мөөнөтү – беш жыл. Бул мөөнөт факультеттин башкаруу кеңешинин чечими менен узартылышы мүмкүн.
- Координатордун милдеттери төмөнкүдөй:
- Интернатураны ишке ашыруу жана башкаруу;
- Интернатура программасын ишке ашыруу жөнүндө жобону аткаруу учурунда кездешкен кыйынчылыктарды аныктоо, аларды жоюу жолдорун табуу жана жобонун шарттарга ылайык жаңыртылышын сунуштоо;
- Интернатурада окуган студенттерди илимий тармактардын жана студенттердин санына жараша окуу жылынын башында топторго бөлүү;
- Интернатуранын окуу програмамсын окуу жылынын башында даярдап деканга тапшыруу;
- Семестрдин ичиндеги өнүгүүлөргө ылайык интернатурада окуган студенттер менен факультетте жана сыртта өндүрүштүк практикаларды, экскурсияларды, мал союу ж.б.у.с. иш-чараларды өткөрүү;
- Интернатуранын соңунда студенттердин орточо баасы жана сабакка катышуусу тууралуу маалыматты деканга тапшыруу.
Интернатураны пландаштыруу:
6-берене: (1) Интернатура программасы 10-семестрде 16 аптада ишке ашырылат.
- Интернатура программасында аптада бардыгы болуп 36 саат, анын ичинен 12 теориялык жана 24 практикалык саат сабак окутулат;
- Интернатура өзүнчө курс катары пландаштырылат жана бул курска байланыштуу иш-чаралар тиешелүү кеңештер тарабынан жүргүзүлөт.
Интернатурага катталуу:
7-берене: 1-9-семестрлердеги практикалык сабактарды ийгиликтүү тапшырган жана жазгы семестрдеги теориялык сабактардын ичинен эң көп 8 ECTSке чейинки сабактарды тапшыра албаган студент интернатурага каттала алат.
Интернатуранын ишке ашышы:
8-берене: (1) Студент интернатура сабактарынын 80%ына катышууга тийиш. Сабактарга катыша албаган студент интернатуранын бардык сабактарын курс ачылганда биринчи семестрде кайрадан окуй алат.
- Интернатурада окуган студент семестрдин аягында адистиги боюнча илимий даражага ээ окутуучулар тарабынан уюштурулган оозеки же / жана жазуу түрүндөгү сынактарга катышат. Оозеки же / жана жазуу түрүндөгү сынактардан 100 баллдан кеминде 50 балл алган студент интернатурадан өтөт;
- Интернатурада окуган студенттин орточо баасы интернатурадагы ар бир илимий тармагынын сабактары боюнча алган жалпы балл адистик тармагынын санына бөлүнүү менен аныкталат. Интернатурадагы жетишкендик баллы ар бир илимий тармак боюнча сынактын баасы ECTS менен көбөйтүлүп, сабактардын ECTS жалпы санына бөлүнүү менен аныкталат. Студенттин интернатураны ийгиликтүү тапшыруу үчүн, семестр ичиндеги жетишкендик баллы жок дегенде CC болушу керек. Интернатура боюнча семестр ичиндеги жетишкендик баллы ССдан төмөн болгон студент ийгиликсиз деп эсептелет. Бул студент интернатура программасынын ичинен тандаган илимий тармактардан сынактарга кайрадан кирип, семестрдин ичиндеги жетишкендик баллын жок дегенде CCге көтөрүшү керек.
- Семестрдин аягындагы сынактарды тапшыра албай калган же / жана катыша албай калган студент 10-семестрдин аягында тапшыра албай калган бардык сабактардан өтүүгө милдеттүү. Бул үчүн эң көп 3 апта убакыт берилет. Эгер үч аптада сабактарын толук тапшыра албаса, аларды курс ачылганда биринчи семестрде кайрадан окуй алат.
Күчүнө кириши:
9-берене: Бул жобо 2023-2024-окуу жылынан баштап күчүнө кирет.
Аткарылышы:
10-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 2022-19.80 (a)-чечими менен кабыл алынды.