| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШУМЧА АДИСТИК БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 97 |
| Кабыл алганы | 19.03.2013 |
| Ачкыч сөздөр |
АДИСТИК БЕРҮҮ КОШУМЧА АДИСТИК |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШУМЧА АДИСТИК БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене: Бул жобонун максаты - бакалавр программасында адистиги боюнча ийгиликтүү окуп жаткан студенттердин бир эле учурда кошумча адистикке ээ болуусу үчүн кошумча билим берүүнү камсыз кылуунун тийиштүү жол-жобосун аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо бакалавр программасында адистиги боюнча ийгиликтүү окуп жаткан студенттердин бир эле учурда кошумча адистикке ээ болуусу үчүн кошумча билим берүүнү камсыз кылуунун тийиштүү жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы” менен университеттин тиешелүү башка укуктук ченемдерине ылайык даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Окумуштуулар кеӊеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊеши;
Декан : Факультеттин деканы;
Мүдүр : Жогорку мектептин, консерваториянын, кесиптик жогорку мектептин мүдүрү;
Академиялык түзүм : Факультет, жогорку мектеп, консерватория, кесиптик жогорку мектеп;
Башкаруу кеӊеши : Академиялык түзүмдөрдүн башкаруу кеӊештери;
Адистик программа : Студент окуп жаткан адистик программа;
Кошумча адистик программасы : Бул жобого ылайык, атайын билим жана көндүмдөргө ээ болгон студенттерге кошумча адистиги боюнча сертификат берген программа.
Кошумча адистик программасынын ачылышы
5-берене.
- Кошумча адистик программасы эӊ аз 18 кредиттен турат. Кошумча адистик программасын ачкан бөлүм программага тийиштүү сабактарды аныктап, тиешелүү академиялык түзүм-дүн башкаруу кеңешине сунуштайт.
- Кошумча адистик программасы тийиштүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеӊешинин чечими жана Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу менен ачылат.
- Кошумча адистик программасынын квоталары тиешелүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталып, академиялык календарда көрсөтүлгөн датада кулактандырылат. Кошумча адистик программасынын квотасы тиешелүү бөлүмгө кабыл алынган студенттердин акыркы санынын 20%нан ашпайт. Кошумча адистик программа-сына белгиленген квотадан ашык кайрылуу болгон учурда студент окуган программадагы окшоштуктар, студенттин жалпы академиялык орточо баллы ж.б. у.с. критерийлер эске алынуу менен тандалат.
- Студент кошумча адистик программасына эӊ эрте үчүнчү семестрде, эӊ кеч алтынчы семестрде кайрыла алат.
- Студент кошумча адистик программасына тапшыруу үчүн ошол учурга чейинки окуп жаткан адистиги боюнча бардык кредит-сааттарын ийгиликтүү тапшырышы жана академиялык жалпы орточо баллы кеминде 2.50 болушу керек.
Кошумча адистик программасы
6-берене.
- Студенттин кошумча адистик программасын жетиштүү деӊгээлде өздөштүрө албагандыгы анын катталган программасында жетишкен ийгилигине жана ал программаны аякташына таасирин тийгизбейт. Окуп жаткан негизги адистик программасын аяктоо укугунан ажыраган студентке катталган кошумча адистик программасынын талаптарына жооп берсе да сертификат берилбейт.
- Кошумча адистик программасындагы студенттер менен иш алып баруу жана кошумча адистик программасынын максатка ылайык алып барылуусун камсыз кылуу үчүн кошумча адистик программасын ачкан бөлүм тарабынан бир куратор дайындалат.
- Кошумча адистик программасын аяктаган студентке баллдары көрсөтүлүү менен атайын сертификат берилет.
- Студенттерди кабыл алуу иштери программаны ачкан академиялык түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен жыйынтыкталат. Акыркы кабыл алынган чечим студенттик иш-тер башкармалыгына, кошумча адистик программасында бекитилген кураторго жана студент катталган түзүмгө билдирилет. Студенттик иштер башкармалыгы тийиштүү башкаруу кеӊешинин чечимине ылайык, студенттерди кошумча адистик программасына каттап, кошумча адистик программасынын студенттик жаңы номерин берет.
- Бир студент бир эле учурда кош адистик жана кошумча адистик программаларын, ошондой эле эки кошумча адистик программаларын окуй албайт.
- Кошумча адистик программасынан чыгарылган студенттер, кайрадан ошол кошумча адистик программасына каттала алышпайт.
Студенттин жетишкендиги жана программаны аякташы
7-берене.
- Студент өз каалоосу менен кошумча адистик берүү программасынан баш тартууга укуктуу.
- Негизги адистик программасы боюнча академиялык өргүү алган студенттин бул өргүүсү кошумча адистик берүү программасы үчүн да жарактуу болуп саналат. Кошумча адистик берүү программасындагы сабактар окутулбаса, же болбосо сабактар бир учурга дал келип калса, сабактарга кире албай калган студенттерге кошумча адистик берүү программасын жүргүзгөн академиялык түзүм тарабынан бир семестрге уруксат берилет. Бул уруксат окуу мөөнөтү болуп эсептелбейт.
- Кошумча адистик программасында уруксаты жок эки семестр катары менен сабакка катышпаган жана каттоодон өтпөгөн студент ал программадан чыгарылат.
- Кошумча адистик программасынын талаптарын аткарган студентке өзү катталган программаны аяктамайынча, кошумча адистик программасынын сертификаты берилбейт. Кошумча адистик программасы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасында” белгиленген мөөнөт ичинде аяктайт.
- Кошумча адистик программасынан чыгарылган студенттин алган сабактары негизги окуп жаткан программасынын тандоо сабактарынын ордуна эсептеле берет.
- Кошумча адистик программасы боюнча окуу-тарбия жана сынак жүргүзүү иштерине тиешелүү маселелер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” жоболору аркылуу жөнгө салынат.
Күчүн жоготкон укуктук ченемдер жана чечимдер
8-берене. Бул жобонун күчүнө кириши менен:
- 2004-жылдын 24-майындагы 6-номерлүү Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен күчүнө кирген “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кошумча адистик берүү программасы жөнүндө жобосу”;
- 2005-жылдын 31-майындагы 2005-10.42-номерлүү Окумуштуулар кеӊешинин чечими жараксыз деп табылат.
Күчүнө кириши
9-берене. Бул жобо 2013-2014-окуу жылынан баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
10-берене. Бул жобонун ишке ашырылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул жобо КТМУнун Окумуштуулар кеӊешинин 2013-жылдын 19-мартындагы 2013-03.029-номерлүү чечими менен кабыл алынган.