| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ГОРИЗОНТАЛДЫК ЖАНА ВЕРТИКАЛДЫК КОТОРУЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 98 |
| Кабыл алганы | 12.06.2018 |
| Ачкыч сөздөр |
ГОРИЗОНТАЛДЫК ЖАНА ВЕРТИКАЛДЫК КОТОРУЛУУ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ГОРИЗОНТАЛДЫК ЖАНА ВЕРТИКАЛДЫК КОТОРУЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздеме жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларынын ортосунда ишке ашырылчу горизонталдык жана орто кесиптик билим берүү программаларынан бакалавр программаларына вертикал-дык которулуунун ыкмаларын жана негиздерин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларынын ортосунда ишке ашырылчу горизонталдык жана орто кесиптик билим берүү программаларынан бакалавр программаларына вертикалдык котору-луунун ыкмаларын жана негиздерин камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” негизинде даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ); |
|
Ректорат : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты; |
|
Окумуштуулар кеңеши : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Мүдүр : |
Жогорку мектеп, консерватория жана кесиптик жогорку мектептин мүдүрү; |
|
Академиялык түзүм : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин факультеттери, жогорку мектептери жана кесиптик жогорку мектеби; |
|
Программа : |
Орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча тийиштүү квалификацияга ээ болгон студенттерге диплом берген факультет, жогорку мектеп же бөлүмдөрдүн жогорку билим берүү программалары; |
|
Эквиваленттүү программа : |
Окшош тармактагы жана тийиштүү факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңеши тарабынан мазмунунун эң кеминде 70%ы бирдей экени аныкталган программалар; |
|
Шайкеш келтирүү программасы : |
Которулган бөлүмдүн окуу программасына шайкеш келтирүү максатында кошумча теориялык жана практикалык сабактардан түзүлгөн программа. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Горизонталдык жана вертикалдык которулуунун негиздери
Жалпы негиздер
5-берене.
- Университетке башка жогорку окуу жайлардан горизонталдык жана вертикалдык которулуу жолу менен студент кабыл алынбайт.
- Бакалавр программаларынын ортосунда горизонталдык жана орто кесиптик билим берүү программаларынан бакалавр программаларына ишке ашырылчу вертикалдык котору-луулар бөлүнгөн квотага жана тийиштүү бөлүмдүн шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Горизонталдык жана вертикалдык которулуу жолу менен студент кабыл ала турган акаде-миялык түзүмдөр жыл сайын апрель айынын аягына чейин бөлүнгөн квоталарды ректораттын кароосуна сунуштайт.
- Горизонталдык жана вертикалдык которулуу квоталары тийиштүү бөлүмдүн/ программанын сунушу, факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен Окумуштуулар кеңеши тарабынан май айынын аягына чейин бекитилет жана жарыяланат. Горизонталдык жана вертикалдык которулууга кайрылуу арыздарын карап чыгуу мөөнөтү академиялык календарда белгиленет.
- Университеттин билим берүү тилдеринен башка чет тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн программаларга горизонталдык жана вертикалдык которулуу үчүн тийиштүү чет тилин үйрөтүү курсун ийгиликтүү аякташы же чет тилинен бошотуу сынагын тапшырышы зарыл же чет тил сынагынан кеминде 60 балл алышы керек же университет тарабынан таанылган эл аралык сынактардын биринен “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тил сынактарында алынган баллдарды которуу таблицаларына” ылайык эквиваленттүү балл алууга тийиш.
- Горизонталдык жана вертикалдык которулууга өз-өзүнчө квота бөлүнөт. Бөлүнгөн квота-лардын саны семестр ичинде которула турган программанын акыркы белгиленген квота-ларынын санынан - студенттердин горизонталдык которулууларда 10%ынан жана вертикалдык которууларда 15%нан ашпашы керек.
- Академиялык өргүү (уруксат) горизонталдык жана вертикалдык которулууга тоскоол болбойт.
- Студент горизонталдык жана вертикалдык которулуу үчүн мурун эскертүү жана сөгүш жазасынан башка тартип жазасын албаган болушу керек.
- Жөндөмдүүлүгүн аныктоо сынагынын жыйынтыктары талап кылынган программаларга горизонталдык жана вертикалдык которулууда башка талаптар менен бирге эле жөндөмдүүлүгүн аныктоо сынагын да ийгиликтүү тапшырышы керек.
- Студент белгиленген мөөнөттүн ичинде тандаган программаны, транскрипти жана тартип жазасын албагандыгын тастыктаган документти жазуу түрүндөгү арызга тиркеп, вертикалдык которулуу үчүн КТМУнун баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун жетекчилигине, горизонталдык которулуу үчүн тийиштүү бөлүмгө түздөн-түз кайрылышы керек.
- Белгиленген мөөнөт ичинде арыз менен кайрылбаган же тийиштүү документтери толук болбогон студенттин кайрылуу арызы каралбайт.
- Горизонталдык жана вертикалдык которулуу укугуна ээ болгон талапкерлердин шайкеш келтирүү программасы жаңы академиялык семестрде башка студенттердин программа-лары менен бир күндө баштала тургандай кылып түзүлөт.
Горизонталдык которулуунун негиздери
6-берене.
- Өз тармагы жана эквиваленттүү деп кабыл алынган окуу программалары боюнча горизон-талдык которулуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Бөлүмдүн эквиваленттүүлүгү тийиштүү бөлүмдүн сунушу жана факультеттин/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат.
- Орто кесиптик билим берүү программаларынын биринчи жана акыркы семестринде, ал эми бакалавр программаларынын алгачкы эки семестринде жана акыркы эки семестринде горизонталдык которулуу жүргүзүлбөйт.
- Академиялык жетишкендигинин орточо көрсөткүчү төрттүк шкала менен 2,75 же андан жогорулар жана жакшы окуган студенттер горизонталдык которулуу үчүн кайрыла алышат.
- Белгиленген мөөнөт ичинде арыз менен кайрылбаган негизги тизмедеги талапкерлердин ордуна кошумча тизмедегилер катары менен кайрыла алышат.
- Арыз менен кайрылган талапкерлердин арасынан бул жобого ылайык академиялык жетишкендигинин орточо көрсөткүчтөрү боюнча горизонталдык которулуу укугуна ээ болгон студенттер тийиштүү академиялык түзүм тарабынан аныкталат жана ректоратка билдирилет. Академиялык жетишкендигинин орточо көрсөткүчтөрү бирдей болгон учурда, студенттин окуган жана которула турган программасынын ортосундагы окшош сабактардын саны көбүрөөк болгон студенттерге артыкчылык берилет. Ал эми кайра эле бирдей болуп калган учурда кредит-сааты көбүрөөк болгон сабактардан алынган баллдар эске алынат.
- Горизонталдык түрдө которулган студенттерди кабыл алуу жөнүндөгү чечим тийиштүү факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңеши тарабынан бекитилет жана ректоратка атайын кат аркылуу маалымдалат.
- Бөлүм/программалардын жетекчилиги тарабынан шайкеш келтирүү комиссиясы түзүлөт. Бул комиссия которулган студенттердин мурда окуган сабактарынын кайсынысы которулган программадагы сабактарга эквиваленттүү келе тургандыгын жана алдыдагы семестрлерде окуй турган сабактарын аныктап, шайкеш келтирүү программасын даяр-дайт. Шайкеш келтирүү программасы тийиштүү факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет. Эквиваленттүү деп саналган сабактар тийиштүү факультет/ жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен ректоратка сунушталат.
- Горизонталдык түрдө которулган студенттер калган студенттердей эле окуу мөөнөтүн толук окушат.
Вертикалдык которулуунун негиздери
7-берене.
- Кайсы орто кесиптик билим берүү программаларынан студент кабыл алына тургандыгы тийиштүү бөлүмдүн сунушу жана факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат.
- Орто кесиптик билим берүү программалары боюнча бүтүрүүчүнүн орточо сынак баалары 2,50дөн кем болбогондор жана бүтүрүүчүлөрдүн ичинен жетишкендик боюнча 20%дык бөлүккө кире алгандар бакалавр программаларга вертикалдуу которулуу үчүн арыз менен кайрылышса болот. Жетишкендик боюнча 20%дык бөлүккө кире тургандарды аныктоодо бөлчөк сан эң жакын чоң санга тегеректелип алынат.
- Студент бүткөндөн кийин эң кеч алтынчы семестрде вертикалдык которулуу үчүн кайрыла алат. Бир студент эки бөлүм/программага гана кайрылуу арызын жаза алат.
- Ушул жобого ылайык, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун жетекчилиги академиялык жетишкендигинин орточо көрсөт-күчтөрү боюнча вертикалдык которулуу үчүн кайрылуу арызын жазуу укугуна ээ талапкерлерди аныктайт. Ректорат Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун жетекчилигинин сунушу боюнча вертикалдык которулуу укугуна ээ талапкерлерди аныктоочу сынак комиссиясын түзөт, анын курамына кайрылуу арызы келип түшкөн ар бир академиялык түзүмдөн бирден окутуучу кирет. Комиссия оозеки сынак алууда талапкерлердин билим деңгээлин аныктайт жана анын жыйынтыгын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборунун жетекчилигине билдирет. Вертикалдык которулуу үчүн жалпы балл бүтүрүүчүнүн орточо сынак баллынын 70%нан жана оозеки сынагынын 30%нан турат. Вертикалдык которулуу укугуна ээ талапкерлердин тизмеси ректоратка сунуш кылынат.
- Бөлүм/программанын жетекчилиги тарабынан ылайык келтирүү комиссиясы түзүлөт. Ал комиссия которулган студенттердин мурда окуган сабактарынын кайсынысы которулган программадагы кайсы сабактарга эквиваленттүү болорун аныктап, шайкеш келтирүү программасын даярдайт. Шайкеш келтирүү программасы тийиштүү факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет. Эквиваленттүү деп саналган сабактар тийиштүү факультет/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилип, ректоратка жиберилет.
Күчүнө кириши
8-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет. Бул жобонун күчүнө кириши менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 2-февралындагы 2016-04.13-чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин горизонталдык жана вертикалдык которулуу жөнүндө жобосу” күчүн жоготот жана бул жобого карама-каршы келген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши менен Башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылат.
Ишке ашырылышы
9-берене. Бул жобонун ишке ашырылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 12-июнундагы 2018-08.54 (а)-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 16-февралындагы 2016-04.13-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 5-мартындагы 2013-02.14-номерлүү чечими менен кабыл алынган.