| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ӨЛКӨ ИЧИНЕ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ИШ САПАРГА ЖИБЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 100 |
| Кабыл алганы | 30.11.2010 |
| Ачкыч сөздөр |
АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ӨЛКӨ ИЧИНЕ ЖАНА ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ИШ САПАРГА ЖИБЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Негизги эрежелер
Максаты
1-берене. Бул жол-жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 7-8-беренелерине ылайык, университеттин академиялык жана административдик кызматкер-лерин өлкө ичине жана чет өлкөгө иш сапарга жиберүүнүн жол-жобосун жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жол-жоболор университеттин толук айлык акы менен иштеген кызматкер-лерин кыска жана узак мөөнөткө илимий жыйындарга катышуу, сабак берүү, изилдөө иштерин, практика жүргүзүү максатында иш сапарга жиберүү жол-жобосун камтыйт:
- Өлкө ичине жана чет өлкөгө кыска мөөнөткө иш сапарга жиберүүнүн мөөнөтү - 1 ай;
- Өлкө ичине жана чет өлкөгө узак мөөнөткө иш сапарга жиберүүнүн мөөнөтү 1 айдан 1 жылга чейин.
Укуктук негиздеме
3-берене.
- Кызматкерлердин иликтөө, илимий-изилдөө жана тажрыйба жүргүзүүсүнүн зарылдыгын тастыктаган документтерин жана кайрылуусун факультеттин, институттун, жогорку мектептин башкаруу кеңеши карап чыгып, макулдугун бериши керек.
- Конгресс, симпозиум сыяктуу илимий жыйындарда илимий баяндама жасоосу шарт.
- Административдик кызматкерлерди иш сапарга жиберүүнү Ректор жана Биринчи проректор чечет.
4-берене. Толук айлык акы менен эмгектенген окутуучулардын өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү конгресс, конференция, семинар жана ушул сыяктуу илимий жыйындарга, экспеди-цияга катышуусуна жол акысы жана күнүмдүк чыгымы университет тарабынан каржыланбай турган 7 (жети) күнгө чейинки иш сапарларга Ректор жана Биринчи проректор уруксат берет. Жол акысы жана күнүмдүк чыгымы университет тарабынан каржылана турган 7 күндөн ашкан иш сапар тийиштүү бөлүмдүн башкаруу кеңешинин чечими, университеттин Башкаруу кеңешинин макулдугу менен Ректор жана Биринчи проректор тарабынан бекитилет.
5-берене. Жол акысы же күнүмдүк чыгымы университет тарабынан төлөнө турган иш сапарга тийиштүү бөлүмдүн башкаруу кеңешинин сунушу, университеттин Башкаруу кеңешинин макулдугу жана Ректордун жана Биринчи проректордун кол коюусу менен бекитилет. Бир жылдык келишимдин негизинде бир гана жолу эң көп 5 күнгө жол акысы жана күнүмдүк чыгымы төлөнө турган иш сапардын 80%ын университет каржылайт.
6-берене. Илимий жыйындарга катыша тургандардын чакыруу кагазына, программасына жана жарыялана турган макалага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аты жазылат.
7-берене. Академиялык кызматкерлер өлкө ичине жана чет өлкөгө иш сапарга бара турган болсо, анда өтө турган сабактарын үзгүлтүккө учуратпасы же кийин аны толуктай тургандыгы тууралуу арызы менен бөлүм башчысына кайрылат. Бөлүм башчысы арызды карап, бөлүмдүн башкаруу кеңешине билдирет.
8-берене. Толук айлык акы менен эмгектенген академиялык кызматкерлер университеттин атынан узак мөөнөттүү иш сапарга чыккан учурда иш сапар мөөнөтүнөн эки эсе көп кызмат өтөөгө милдеттүү болот жана бул тууралуу тил кат берет. Ага университеттин Башкаруу кеңеши макулдук берсе, Ректор жана Биринчи проректордун кол коюусу менен уруксат берилет.
9-берене. Академиялык кызматкерлер чакыруу алса, стипендия программасына ээ болсо же биргелешкен долбоордо илимий изилдөө жүргүзүүгө туура келип, өлкө ичине же чет өлкөгө 1 жылга чейинки мезгилге иш сапарга чыкса, милдеттүү кызмат өтөөгө тил кат берет. Ага университеттин Башкаруу кеңешинин макулдугу, Ректор жана Биринчи проректордун кол коюусу менен уруксат берилет. Алардын чыгымдары университет тарабынан төлөнбөйт, бирок айлыгынын 65%ы төлөнүп берилет.
10-берене. Академиялык кызматкерге чет өлкөнүн кайсы бир университетинен чакыруу келсе, университеттин Башкаруу кеңешинин макулдугу, Ректор жана Биринчи проректордун кол коюусу менен окутуучу катары келишимдик негизде жөнөтүлүп, бирок университет тарабынан жол акысы жана күнүмдүк чыгымы төлөнүп берилбейт.
11-берене. Академиялык кызматкерлер илимий-изилдөө жүргүзүү муктаждыгы боюнча кайрылышса, Башкаруу кеңешинин макулдугу, Ректор жана Биринчи проректордун кол коюусу менен уруксат берилет. Бирок университет тарабынан жол акысы жана күнүмдүк чыгымы төлөнүп берилбейт.
12-берене. Зарыл учурларда административдик кызматкер 7-8-10-беренелерге ылайык, Ректор жана Биринчи проректордун чечими менен 3 айга чейин иш сапарга чыга алат.
13-берене. Өлкө ичине же чет өлкөгө иш сапарга чыккан кызматкерлер кайткандан кийин илимий жыйналышка катышкандыгы тууралуу жазуу жүзүндө документтерин жана отчетун 15 күндүн ичинде бөлүм аркылуу ректоратка жиберет.
14-берене. КТМУда иштегенине бир жыл боло элек толук айлык акы менен иштеген окутуучулардын чет өлкөгө иш сапарга чыгууга укугу жок.
15-берене. Кыска мөөнөттүк иш сапарга бара турган окутуучулар университетте жок дегенде 6 ай иштеши керек жана жыйындарга илимий баяндамалар менен катышышы шарт.
16-берене. Узак мөөнөттүү иш сапарга чыгуунун шарттары:
- Академиялык кызматкердин университеттеги иш стажы жок дегенде 1 жыл болушу керек. Мурун жол акысы жана күнүмдүк чыгымдары төлөнгөн кызматкер үчүн узак мөөнөттүү чет өлкөдөгү иш сапардан университетке кайтып келип иштеп жаткан мезгилден тарта жок дегенде 3 жыл, ал эми жол акысы жана күнүмдүк чыгымдары төлөнүп берилбегендер үчүн жок дегенде 2 жыл өткөн болушу керек.
- Узак мөөнөткө чет өлкөгө барган окутуучуларга стипендия же айлык акы төлөнүп берилсе, университеттин Башкаруу кеңешинин чечими менен бул мөөнөткө айлык төлөнбөй турган негизде уруксат берилет.
- Академиялык кызматкердин чет өлкөгө айлык төлөнүп берилген иш сапарынын мөөнөтү 1 жылдан ашпашы керек. Зарыл болгон учурда айлык төлөнбөө шарты менен дагы 1 жылга узартылышы мүмкүн. Иш сапардан кайтып келгенден кийин 1 айдын ичинде аткарган иш-чаралары боюнча толук отчетун ректоратка тапшырууга милдеттүү.
- Бир жылдык келишимдин негизинде бир гана жолу эң көп 5 күнгө жол акысы жана күнүмдүк чыгымы төлөнө турган иш сапардын 80%ын университет каржылайт.
- Узак мөөнөттүү иш сапарга чыккандар ректоратка отчет берүүгө милдеттүү:
- 3 (үч) айлык мөөнөткө чыккандар бир отчет;
- 6 (алты) айлык мөөнөткө чыккандар эки отчет;
- 12 (он эки) айга чыккандар үч отчет берүүсү шарт.
16-берене. Бул жол-жобо күчүнө кирген күндөн тарта университеттин Башкаруу кеңешинин 2007-жылдын 27-ноябрындагы 2007-31.150-номерлүү чечими менен кабыл алынган “КТМУнун академиялык жана административдик кызматкерлерин өлкө ичине жана чет өлкөгө иш сапарга жиберүү жөнүндө жол-жобосу” күчүн жоготот.
17-берене. Бул жол-жобо жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жол-жобо Камкорчулар кеңешинин 2010-жылдын 30-ноябрындагы 2010-02/3-номерлүү чечими менен кабыл алынган.