КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА БАШКА УНИВЕРСИТЕТТЕН “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНЕ КОТОРУЛУУ СЫНАГЫНЫН НЕГИЗДЕРИ
Максаты
1-берене. Бул негиздердин максаты – ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча башка университетте окуган жана “Манас” университетине которулуусу институттун башкаруу кеңеши тарабынан ылайык көрүлгөн студенттер үчүн которулуу сынагын тапшыруунун жол-жобосун аныктоо.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул негиздер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” 16-беренесине ылайык даярдалды.
Сынак тапшыруунун шарттары
3-берене.
- Окуу семестринде талапкерлер кеминде бир окуу семестрин ийгиликтүү аякташы керек.
- Диссертациялык иш жазуу этабында болгон талапкерлердин зарыл болгон учурда диссертациялык ишинин темасын өзгөртүүгө макул экендиги тууралуу милдеттенмеси болушу керек.
- Талапкерлер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуу тилдери боюнча “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасына” ылайык тил билүү сертификатына ээ болуусу керек.
- Талапкерлер докторантура программасы боюнча “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасына” ылайык тийиштүү документке ээ болуусу шарт.
4-берене. 3-беренедеги талаптарга жооп берген талапкерлер тийиштүү институттун жетекчи-лигинин сунушу жана башкаруу кеңешинин чечими менен университетке которулуу сынагына кабыл алынышат. Чечимди колдонуу мөөнөтү – 6 ай. Бул мөөнөт ичинде сынакты тапшырууга арызын бербеген талапкер боюнча институттун башкаруу кеңешинин чечими өз күчүн жоготот.
Сынактын жюриси
5-берене. Тийиштүү институттун сунушу жана башкаруу кеңешинин чечими менен бир мүчөсү институттан тышкары болуп 3 мүчөдөн турган сынактын жюриси түзүлөт. Ошол эле тартипте жюриге институттан тышкары 2 жардамчы мүчө дайындалат. Жюри мүчөлөрүнүн бирөөсү жыйынга катышпай калган учурда бирдей категориядагы жардамчы мүчө чакыры-лат. Жюри мүчөлөрү өздөрүнүн ичинен бирөөнү жюринин төрагасы катары тандашат.
Университетке которулуу сынагы
6-берене. Университетке которулуу сынагы жазуу жана оозеки түрүндө болуп, бирдей татаалдыктагы эки сынактан турат. Талапкер ар бир сынактан кеминде 60/ 100 балл алышы шарт. Эки сынактан алынган баллдардын орточо баллы кеминде 70/ 100 болушу керек. Түркия Республикасынын жарандарынын ичинен ALESти (Түркия Республикасындагы академиялык курамдын мүчөлүгүнө талапкер болуу жана магистратура/докторантура программаларына тапшыруу сынагы) тапшыргандыгы тууралуу документке ээ болгон талапкерлер үчүн бул документ жазуу сынагынын ордуна кабыл алынат.
7-берене. Жюри алгач жазуу түрүндө, андан кийин оозеки түрүндө сынак жүргүзөт. Оозеки сынакта берилген суроолор жана алынган жооптор оозеки сынак боюнча протоколго кыскача жазылат. Жюринин төрагасы сынактын жыйынтыгын камтыган протокол менен кошо сынактын материалдарын институттун мүдүрлүгүнө жиберет.
8-берене. Сынактан өтпөгөн талапкерге институттун башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде кайра тапшыруу сынагына кирүү укугу берилет. Кайра тапшыруу сынагына кирбеген же сынакка кирип өтпөй калган талапкер боюнча бардык иш-чаралар толук токтотулат.
9-берене. Бул негиздер университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
10-берене. Бул негиздер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул негиздер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2012-жылдын 14-сентябрындагы 2012-12.95-номерлүү чечими менен кабыл алынган.