| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ОКУУ ЖҮГҮН АНЫКТОО ЖАНА САБАКТАРДЫН СААТЫНА АКЫ ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 104 |
| Кабыл алганы | 06.07.2017 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖҮГҮН АНЫКТОО ЖАНА САБАКТАРДЫН СААТЫНА АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ОКУУ ЖҮГҮН АНЫКТОО ЖАНА САБАКТАРДЫН СААТЫНА АКЫ ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ ЖОЛ-ЖОБОСУ
Аныктамалар
1-берене. Бул нускамада колдонулган негизги түшүнүктөрдүн аныктамалары төмөнкүдөй:
- Университет: Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
- Окумуштуулар кеңеши: Университеттин Окумуштуулар кеңеши;
- Ректор: Университеттин Ректору;
- Проректор: Университеттин Проректору;
- Башкы катчы: Университеттин Башкы катчысы;
- Декан: Университетке караштуу факультеттин деканы;
- Мүдүр: Университетке караштуу институт/жогорку мектеп/кесиптик жогорку мектептин мүдүрү;
- Профессордук-окутуучулук курам: Профессор, доцент жана доценттин милдетин аткаруучу наамына ээ академиялык кызматкер;
- Окутуучулук курам: Профессордук-окутуучулук курам менен илимдин доктору болгон ага окутуучу, ага окутуучу, окутуучу, адис жана кенже илимий кызматкер;
- Толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкер: Бардык ишмердигин университетте жүргүзгөн туруктуу эмгек келишиминин негизинде иш алып барган академиялык кызматкер;
- Жарым айлык акы төлөнүүчү окутуучу: Университетте бере турган сабактары жана/же илимий изилдөө ишмердиги аныкталган сааттар, сабактар жана/же жарым жылдык менен чектелген академиялык кызматкер;
- Саатына акы төлөнүүчү окутуучу: Университетте берген сабагына жараша акы төлөнүүчү башка университетке же мекемеге таандык окутуучу.
Апталык окуу жүгү
2-берене. (1) Бир сабактын апталык окуу жүгү ошол сабактын теориялык жана практикалык сааттарынын топтомуна барабар болот. Бул эсеп студенттин саны 50гө чейин жеткен учурда колдонулат. Сабакка кире турган студенттердин саны 51ден 100гө чейин жетсе, ушул сабакка кирген академиялык кызматкердин апталык окуу жүгүнө бир саат; 101ден 150гө чейин жетсе 2 саат; ал эми 151ден ашса 3 саат кошулат.
- Бир сабак бир нече топко бөлүнүп же бирден ашык бөлүмдө окутулган сабактарды бирге өтүү тууралуу тийиштүү академиялык түзүмдүн Башкаруу кеңешинин чечиминин негизинде апталык жүгүртмөдө көрсөтүлөт. Бирге өтүлгөн сабак бир сабак катары саналат.
Толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлердин апталык окуу жүгү
3-берене. Университеттеги толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкердин апталык окуу жүгү төмөндөгүдөй:
- Профессордук-окутуучулук курамдын апталык окуу жүгү 10 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен эң аз 14 саат;
- Илимдин доктору болгон ага окутуучунун апталык окуу жүгү 16 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен эң аз 18 саат;
- Ага окутуучунун апталык окуу жүгү 18 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен эң аз 22 саат;
- Окутуучунун апталык окуу жүгү 20 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен эң аз 22 саат;
- Чет тилдер жогорку мектебинде эмгектенген академиялык кызматкерлердин илимий даражасына карабастан апталык окуу жүгү 20 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен эң аз 22 саат болушу зарыл.
Жетекчилик милдетин аткарган академиялык кызматкерлердин апталык окуу жүгү
4-берене. (1) Проректор жана Башкы катчы кызматын аркалаган академиялык кызматкердин апталык окуу жүгү 3 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен 6 саат болушу керек.
- Декан жана институт/жогорку мектеп/кесиптик жогорку мектептин мүдүрүнүн апталык окуу жүгү 6 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен 8 саат болууга тийиш.
- Декандын/мүдүрдүн орун басарлары, бөлүмдүн жетекчилери жана административдик түзүмдөрдө жетекчилик милдетин аткарган академиялык кызматкерлердин апталык окуу жүгү 8 сааттан кем эмес сабактарды иш жүзүндө өтүү шарты менен 12 саат болушу керек.
Окуу-тарбиялык иш-чаралардын апталык окуу жүгүнө кошкон салымы
5-берене. (1) Толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлердин иш жүзүндө өтүү милдети жүктөлгөн апталык окуу жүгүн аткаруу шарты менен башка окуу-тарбиялык иш-чараларынын апталык окуу жүгүнө кошкон салымы төмөндөгүдөй:
- Чет тилдер жогорку мектебинин тил үйрөтүү бөлүмүндө координаторлук милдети 10 саат;
- Орток сабактар боюнча координаторлук милдети 4 саат;
- Даярдык курсу, кесиптик орто билим берүү жана бакалавриат программаларында академиялык куратордук милдети 2 саат;
- Бакалавр даражасындагы дипломдук иш боюнча академиялык кеңешчилик 5 студентке чейин ар бир студент үчүн 1 саат эсептелет. Студенттин саны 5тен ашып кетсе, апталык окуу жүгүн эсептөөдө саат катары каралбайт. Бирок академиялык ишмердүүлүк (перформанс) иш-чараларында көрсөтүүгө болот;
- Магистратура даражасындагы диссертациялык иш боюнча академиялык кеңешчилик 3 студентке чейин ар бир студент үчүн 2 саат эсептелет. Студенттин саны 3төн ашып кетсе, апталык окуу жүгүн эсептөөдө саат катары каралбайт. Бирок академиялык ишмердүүлүк (перформанс) иш-чараларында көрсөтүүгө болот;
- Докторантура/көркөм өнөр жаатында ассистентура-стажировка программаларындагы диссертациялык иш боюнча академиялык кеңешчилик 2 студентке чейин ар бир студент үчүн 3 саат эсептелет. Студенттин саны 2ден ашып кетсе, апталык окуу жүгүн эсептөөдө саат катары каралбайт. Бирок академиялык ишмердүүлүк (перформанс) иш-чараларында көрсөтүүгө болот;
- Докторанттардын санына карабастан, семинар боюнча бир (1) саат эсептелет;
- Магистратура программасынын изилдөө практикасы апталык окуу жүгүн эсептөөдө саат катары каралбайт. Бирок академиялык ишмердүүлүк (перформанс) иш-чараларында көрсөтүүгө болот;
- Эң аз 4 AKTSтик секторлордогу практика жана жарым жылдыктын ичинде аткарылган ушул сыяктуу практикаларды көзөмөлдөө милдети студенттердин санына карабастан 2 саат эсептелет.
- Академиялык кызматкерлердин иш жүзүндө өткөн сабактары, башка окуу-тарбиялык иш-чаралар жана милдеттери бөлүмдүн окуу жүгүн бөлүштүрүү таблицасында көрсөтүлөт.
Толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлерге кошумча сабак акысынын төлөнүшү
6-берене. (1) Апталык милдеттүү окуу жүгүн аткарып бүткөндөн кийин иш жүзүндө өткөргөн кошумча сабактардын төрт (4) саатына чейинкиси үчүн толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерге кошумча сабак акысы төлөнөт.
- Академиялык кызматкерлерге жогоруда көрсөтүлгөн 5-берененин негизинде өткөргөн ашыкча окуу-тарбиялык ишмердиги үчүн кошумча сабак акысы төлөнбөйт.
- Ара сынактар өткөрүлгөн апталарда кошумча сабак акысы төлөнбөйт.
- Расмий эс алуу күндөрүндө өткөрүлбөй калган сабактар апталык окуу жүгүнүн эсептелишине кошулбайт.
- Расмий эс алуу күндөрүнөн тышкары академиялык кызматкерлердин иш сапары жана ушул сыяктуу уруксаты болгон күндөрдө өткөрүлбөй калган сабактар үчүн тийиштүү академиялык түзүмдүн Башкаруу кеңешинин чечими менен сабактарды толуктап кайрадан өтүү программасы түзүлгөн учурда бул өткөрүлбөй калган сабактар апталык окуу жүгүн эсептөөдө эске алынат.
Жарым айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлердин апталык окуу жүгү
7-берене. (1) Жарым айлык акы төлөнүүчү окутуучунун апталык окуу жүгү илимий даражасына карабастан, окуу жүгүн толугу менен иш жүзүндө ишке ашыруу шарты менен кеминде он төрт (14) саатты түзөт.
- Жарым айлык акы төлөнүүчү окутуучунун кошумча түрдө өткөргөн сабактары үчүн акы төлөнбөйт.
- Бул жол-жобонун 5-беренесинде көрсөтүлгөн окуу-тарбиялык иш-чараларга жарым айлык акы төлөнүүчү окутуучу дайындалбайт.
- Жарым айлык акы төлөнүүчү окутуучу дайындалган учурда, иш жүзүндө өтө турган сабактар жана окуу жүгү бөлүмдүн окуу жүгүн бөлүштүрүү таблицасында көрсөтүлөт.
Саатына акы төлөнүүчү окутуучунун апталык окуу жүгү
8-берене. (1) Саатына акы төлөнүүчү окутуучунун апталык окуу жүгү илимий даражасына карабастан, окуу жүгүн толугу менен иш жүзүндө ишке ашыруу шарты менен эң көп он (10) саатты түзөт. Апталык окуу жүгү он (10) сааттан ашкан учурда да эмгек акысы 10 саат үчүн гана төлөнөт.
- Бул жол-жобонун 5-беренесинде көрсөтүлгөн окуу-тарбиялык иш-чараларга саатына акы төлөнүүчү окутуучу дайындалбайт.

- Расмий эс алуу күндөрүнө байланыштуу өткөрүлбөй калган сабактар үчүн сабак акысы төлөнбөйт.
- Ар бир сабактын ара сынагына жана жарым жылдыктын жыйынтыктоочу сынагына катышкан студенттердин санына карабастан бир сааттык сабак акысы төлөнөт.
- Саатына акы төлөнүүчү окутуучунун сунушу боюнча иш жүзүндө өтө турган сабактар жана окуу жүгү бөлүмдүн окуу жүгүн бөлүштүрүү таблицасында көрсөтүлөт.
Жарым айлык жана саатына акы төлөнүүчү окутуучуларды дайындоодо көңүл бурула турган жагдайлар
9-берене. (1) Толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлер бул жол-жобонун 3- жана 4-беренелеринде көрсөтүлгөн окуу жүгүн толтургандан кийин тийиштүү бөлүмдө жана университеттин башка академиялык түзүмдөрүндө сабакты бере турган толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкер болбогон учурда жарым айлык акы же саатына акы төлөнүүчү окутуучулар дайындалат.
- Бул дайындоо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык кызматкерлер (профессордук-окутуучулук курам) боюнча нускамасынын тийиштүү беренелерине жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү нускамасынын 19-беренесине ылайык жөнгө салынат.
Илимий жетекчиликтин сабак сааты
10-берене. (1) Докторанттын чет өлкөдөгү илимий жетекчисине апталык сабак акысы, эки (2) студентке чейин ар бир студентке бир (1) саат эсептелет.
- Университет менен эмгек келишимин токтоткон профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү докторанттын диссертациялык ишине илимий жетекчи катары ишин уланткан учурда, апталык сабак акысы эки (2) докторантка чейин ар бир докторант үчүн бир (1) саат жана докторанттардын санына карабастан, семинар боюнча бир (1) саат эсептелет.
- Университет менен эмгек келишимин токтоткон профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү магистранттын диссертациялык ишине илимий жетекчи катары ишин уланткан учурда апталык сабак акысы үч (3) магистрантка чейин ар бир магистрант үчүн бир (1) саат эсептелет.
Сабактын саат акысын эсептөө
11-берене. (1) Проректорго, академиялык кызматкер милдетин аркалаган Башкы катчыга, деканга, институттун/жогорку мектептин/кесиптик жогорку мектептин мүдүрүнө кошумча сабак акы төлөнбөйт.
- Кошумча сабак акысы ала турган толук айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкер ар бир сабактын сааты үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык кызматкерлеринин айлык маяна өлчөмдөрүндөгү штаттык наамы үчүн аныкталган негизги акынын 0,5% өлчөмүндө сабак акысы төлөнөт.
- Саатына акы төлөнүүчү окутуучу катары ишке тартыла турган акадамиялык кызматкерге ар бир сабактын сааты үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык кызматкерлеринин айлык маяна өлчөмдөрүндөгү штаттык наамы үчүн аныкталган негизги акынын 1% өлчөмүндө сабак акысы төлөнөт.
- Саатына акы төлөнүүчү окутуучу катары дайындала турган мекемелерде эмгектенген илимий даражасы болбогон адистин ар бир сабагынын сааты Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык кызматкерлеринин айлык маяна өлчөмдөрүндө окутуучу үчүн аныкталган негизги акынын 1% өлчөмүндө сабак акысы төлөнөт.
- Иш күндөрүндө же иш сааттарынан сырткары учурларда өткөрүлгөн сабактардын акыларын кандайдыр бир жогорулатуу болбойт.
Кошумча сабак жана сабак саатына акы төлөнүшү
12-берене. Кошумча сабак жана сабак сааттары үчүн төлөмдөр ай сайын даярдалат жана кийинки айдын экинчи аптасынын аягына чейин төлөнөт.
Күчүн жоготкон чечим
13-берене. Бул жол-жобо күчүнө кирген күндөн тарта университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-14.66 чечиминин негизинде кабыл алынган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык кызматкерлеринин окуу жүгү, жарым айлык жана саатына акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлерди дайындоо жөнүндө жол-жобосу тууралуу чечими өз күчүн жоготот.
Күчүнө кириши
14-берене. Бул жол-жобо Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген окуу жылынын жарым жылдыгынан баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
15-берене. Бул жол-жобо университеттин ректору тарабынан жөнгө салынат.
Бул жол-жобо Камкорчулар кеӊешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №2022-01/19-d-чечими менен кабыл алынган.
Окумуштуулар кеӊешинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы 2021-12.62 (a)-чечими менен бул жол-жоболордун “Саатына акы жана жарым айлык акы төлөнүүчү академиялык кызматкерлерди сунуштоодо эске алына турган жагдайлар” тууралуу 2-беренесинин (d) пунктунан кийин (e), (f), (g) пункттары киргизилген.
Бул жол-жоболор Окумуштуулар кеӊешинин 2017-жылдын 6-июлундагы 2017-14.66-чечими менен бекитилди жана бул негиздемеге байланыштуу Окумуштуулар кеӊешинин 2012-жылдын 31- январындагы 2012-2.31-чечими, 2012-жылдын 26-сентябрындагы 2012-13.107-чечими жокко чыгарылды.