| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ϴЛЧϴϴ, ТАНДОО ЖАНА ЖАЙГАШТЫРУУ БОРБОРУНУН (“Манас” ϴТЖБ) СЫНАКТАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА АЛАРДЫ ϴТКϴРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОЛ-ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Жокко чыгарылды |
| Номер | 105 |
| Кабыл алганы | 28.01.2020 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ϴЛЧϴϴ, ТАНДОО ЖАНА ЖАЙГАШТЫРУУ БОРБОРУНУН (“Манас” ϴТЖБ) СЫНАКТАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА АЛАРДЫ ϴТКϴРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОЛ-ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жол-жобонун максаты - “Манас” ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн сынактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды өткөрүүнүн жол-жоболорун жана эрежелерин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жол-жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кирүү сынагында жана “Манас” ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн башка сынактарда колдонулган сынактын суроолорун даярдоо, сынактын суроолорун жана жооп баракчаларын сынакка чейин жана андан кийин сактоо, сынактын суроолорун көбөйтүү жана баа коюу боюнча тийиштүү эрежелерди камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жол-жобо жана принциптерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Университеттин Башкаруу кеңеши: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши; |
|
Борбор : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору (“Манас” ӨТЖБ); |
|
Борбордун төрагасы : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борборунун төрагасы; |
|
Борбордун төрагасынын орун басары : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борборунун төрагасынын орун басары; |
|
“Манас” ϴТЖС : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу сынагы; |
|
“Манас” ϴТЖБ ЧТС : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борборунун чет тили сынагы; |
|
Сынак өткөрүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси : |
“Манас” ӨТЖБнын сынак өткөрүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси; |
|
Тест иштеп чыгуу тобунун жетекчиси : |
“Манас” ϴТЖСнын тест иштеп чыгуу тобунун жетекчиси; |
|
Жабык мезгил : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу сынагынын суроолорун даярдоо максатында сынак башталганга чейин белгиленген жана “Манас” ϴТЖСнын чет тили сынагы бүткөндөн кийин аяктаган мезгил; |
|
USB флешка : |
Англис тилинде "Universal Serial Bus" аббревиатурасы болгон маалыматты сактоочу, алынып салына турган шайман. |
Эрежелер
4-берене. Мазмуну аталышындагы беренеде белгиленген жагдайларда эске алуучу жана сакталуучу эрежелер төмөнкүдөй:
- Сынакка байланышкан бардык комиссияларда жана топтордо иштеген адамдардын ысымдарынын купуялуулугу сакталат.
- Сынак өткөрүлөрдөн 9 (тогуз) календардык күн мурун башталган жана “Манас” ϴТЖСнын чет тили сынагын тапшыргандан кийин аяктаган жабык мезгилдин ичинде “Манас” ϴТЖСнын суроолор базасынан суроолор тандалып алынат.
- Суроолор базасындагы суроолордун бири дагы кандай гана кырдаал болбосун үчүнчү кишиге берилбейт.
- Жабык мезгил колдонулган чөйрөдө ар кандай интернет байланышы, уюлдук телефон сыяктуу ж.б. байланышуу куралдарын колдонууга болбойт.
- Ушул мезгилде жабык мөөнөттөгү кызматкерлер компьютерлерди, планшеттерди, уюлдук телефондорду, радио, USB таякчаларын, акылдуу сааттарды, маалыматтык технология шаймандарын жана байланыш каражаттарын такыр колдоно алышпайт.
- Жабык мөөнөттөгү кызматкерлердин баштыктары, жүктөрү жана алардын буюмдары коопсуздук кызматкерлери тарабынан борбордун жетекчисинин же борбордун жетекчисинин орун басарынын көзөмөлү астында жабык мезгил башталганга чейин кылдаттык менен текшерилет.
- Жабык мезгил учурунда сынак комиссиясынын карамагындагы имараттын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 24 (жыйырма төрт) саат бою борбордун жетекчиси белгилеген жерлерде күзөт иши жүргүзүлөт.
- Жабык мезгил ичинде колдонулган имараттан маалымат ачыкка чыгып кетпешине атайын дайындалган коопсуздук кызматкерлери жана коопсуздук кызматынын башчысы жооптуу.
- Жабык мезгилде колдонулган имаратка борбордун жетекчисинен, борбордун жетекчисинин орун басарынан жана сынак комиссиясынын төрагасынан башка эч ким кире албайт. Бул боюнча жоопкерчилик борбордун жетекчисине тагылган.
- Борбордун жетекчиси “Манас” ϴТЖБнын суроолор базасындагы электрондук форматта сакталган бөлүгүн USB эс тутуму же тышкы эс тутум аркылуу о.э. басылып чыккан бөлүгүн кутуларга салып, тест даярдоочу топко тапшырат. Суроолорду даярдоодо бул суроолордун коопсуздугу үчүн жоопкерчилик "Тест иштеп чыгуу тобунун" төрагасына тагылган.
- Суроолор даярдалгандан кийин сынак китепчелери тестти иштеп чыгуу тобундагы басмаканалар тарабынан басылып чыгарылат.
- Тесттерди иштеп чыгуу тобунун төрагасы даярдалган суроолорду USB флешка же тышкы эс тутум сыяктуу электрондук чөйрөдө архивдөө үчүн борбордун жетекчисине жеткирет.
- Сынак китепчелерин басып чыгаруу процесси аяктагандан кийин суроолор даярдалган компьютердеги экзамендин бардык маалыматтары кайра калыбына келтирилбей тургандай кылып жок кылынат.
- Сынак китепчелерин басып чыгаруу процесси аяктагандан кийин суроолор даярдалган компьютерден суроолордун биротоло жок кылынышына тесттерди иштеп чыгуу тобунун төрагасы жооптуу болуп саналат.
- “Maнас” ϴТЖБнын суроолор базасынын электрондук бөлүгү кеминде ар башка эки шайманда мисалы, USB флешкада же тышкы эс тутумда сакталат жана компьютердеги суроолор базасында калбайт.
- “Maнас” ϴТЖБнын суроолор базасын камтыган USB флешка же тышкы эс тутум/эс тутумдар суроолор базасындагы басылып чыккан материалдар университетибиздин архивинде “Манас” ϴТЖБ үчүн бөлүнгөн темир сейфте сакталат.
- Темир сейфти уруксат кагазын толтуруу менен борбордун жетекчиси гана ача алат. USB флешканын же тышкы эс тутумдун сейфте сакталышына борбордун жетекчиси жооп берет.
- “Maнас” ϴТЖБ чет тили сынагынын алкагында комиссия тарабынан даярдалган суроолор борбордун жетекчисине DOC форматында жана USB флешка аркылуу тапшырылат.
- “Maнас” ϴТЖБ жана “Maнас” ϴТЖБ чет тили сынагынын алкагында даярдалган сынак суроолору аппеляциялык мөөнөт аяктагандан кийин 10 (он) календардык күндүн ичинде борбордун жетекчиси тарабынан USB флешкага же тышкы эс тутумга / эс тутумдарга кошулат.
- Суроо китепчелерин басып чыгарууда басмакананын коопсуздук кызматынын башчысы жана коопсуздук кызматкерлери тарабынан ички жана сырткы коргоого алынат. Суроо китепчелерин басып чыгарууга катышкан бардык кызматкерлер үчүн “Манас” ϴТЖБнын чет тили сынагы аяктаганга чейин сырткы байланышка тыюу салынат.
- Суроо китепчелери жана жооп баракчалары сынак бүткөндөн кийин алар үчүн бөлүнгөн “Maнас” ϴТЖБнын төрагасынын архивинде сакталат.
- Суроо китепчелерин жана жооп баракчаларын сынактан кийин сактоо процедурасы университеттин Башкаруу кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы № 28 номерлүү жыйынындагы 2017-28.215-номерлүү чечимине ылайык жүргүзүлөт.
- Аяктаган сынактардын суроо китепчелери жана жооп баракчалары университеттин Башкаруу кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №28 номерлүү жыйынындагы 2017-28.215-номерлүү чечимине ылайык “Манас” ϴТЖБнын төрагасынын сунушу жана ректораттын бекитүүсү менен түзүлгөн комиссия тарабынан жок кылынат.
- Сынак суроолорун даярдоодо жана сынак учурунда коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузган кызматкерлерге карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилеринин, академиялык жана административдик кызматкерлеринин эмгек тартиби боюнча нускамасынын алкагында ректорат тарабынан тартип бузуу боюнча териштирүү иши жүгүзүлөт.
- Сынак учурунда коопсуздук эрежелерин бузгандыгы же көчүрүп алгандыгы аныкталган студенттердин сынак жооптору жокко чыгарылат. Алар Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан өткөрүлгөн эч бир сынакка катыша алышпайт.
- Абитуренттерге сынакка байланышкан ар кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, арыздарды кабыл алуу жана сынактын жыйынтыктарын жарыялоо жөнүндө маалыматтар университет аныктаган жерлерде жарыялоо менен жүргүзүлөт. Университеттин веб-баракчасында жарыяланган билдирүүлөр абитуренттерге кабарлоочу күчкө ээ.
Бул жол-жобо, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2020-жылдын 28-январындагыгы 2020-01.002 (a)-номерлүү чечими менен кабыл алынган.