|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ
|
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS ÜNİVERSİTESİ
|
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНА ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ СЫНАГЫНЫН НЕГИЗДЕРИ
Максаты
1-берене. Бул сынактын максаты – Кыргызстан жана Түркиядан башка өлкөлөрдөн келип, магистратурада жана докторантурада билим алууну каалаган талапкерлерди кабыл алуу сынагынын эрежелерин аныктоо.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул сынактын негиздери “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” 17-беренесине ылайык даярдалды.
Сынак комиссиясы
3-берене. Сынак комиссиясынын курамы ИМДБ/ИАСБ (институттун магистратура жана докторантура бөлүмдөрү/институттун ассистентура-стажировка бөлүмү) сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен 3 кишиден түзүлөт. Комиссияга ИМДБ/ИАСБ жетекчиси төрагалык кылат.
Сынактын өткөрүлүшү
4-берене.
- Сынак талапкердин тандоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде милдеттүү түрдө окутулган тилдердин биринде аңгемелешүү түрүндө өткөрүлөт.
- Талапкер сынактан өтүшү үчүн жок дегенде 70/100 балл алышы керек.
Күчүнө кириши
5-берене. Бул сынактын негиздери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
6-берене. Бул сынактын негиздери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин институттарынын мүдүрлүктөрү тарабынан ишке ашырылат.
Бул негиздер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 18-июнундагы 2013-07.062-номерлүү чечими менен кабыл алынды.