|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ
|
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS ÜNİVERSİTESİ
|
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ НЕГИЗДЕРИ
Университетте дистанттык билим берүү системасы төмөндө көрсөтүлгөн пункттар боюнча аныкталган тартипте ишке ашырылат.
2012-2013-окуу жылынын жазгы семестринде дистанттык билим берүү программасы боюнча милдеттүү сабактарды берүүнүн негиздери төмөнкүдөй:
- Дистанттык билим берүү аркылуу бериле турган милдеттүү сабактар боюнча тийиштүү бөлүмдүн окутуучулары (тарых, философия, информатика ж.б.у.с. сабактар) универси-теттеги бардык сабактарды өз ара бөлүшүшөт. Сырттан окутуучулар дайындалбайт.
- Дистанттык билим берүүдө сабактар кеңеш берүү түрүндө өткөрүлөт. Студенттер сабактын бардык темаларын окуу китептеринен, материалдардан жана видеодон үйрөнүшөт. Түшүнбөгөн жерлерин дистанттык билим берүү системасы менен катар даярдалган окуу программасынан жана күн сайын окутуучу тарабынан өткөрүлгөн суроо-жооп иретиндеги сабактарда окутуучуга суроо берүү менен үйрөнө алышат. Студенттер суроо бербеген учурда окутуучу сабактын маанилүү темаларын кыскача айтып берет.
- Милдеттүү сабактарды дистанттык билим берүү аркылуу берүү үчүн окутуучулар биргелешип окуу материалдарын даярдашат.
- Апталык окуу материалдары алдын ала даярдалышы керек. Даярдалган окуу материал-дары же китептер дистанттык билим берүү системасына жүктөлүп, студенттердин пайдалануусуна берилет. Сабакты түшүндүрүп берүүгө байланыштуу видеолор 10 мүнөттүк болуп тартылышы керек (мисалы, 40 мүнөттүк сабакты түшүндүрүп берүү үчүн 10 мүнөттүк 4 видео тартылууга тийиш жана бул видеолор ирети менен жүктөлүшү керек). Видео тартуу үчүн университеттин коммуникация факультетинин деканаты менен байланыш түзүлөт. Видео тартуу боюнча сабак алган студенттер видео тартуу ишине катыштырылат.
- Студенттер каалаган учурда системага кирип сабактардын мазмунун окуй алышат жана видеолорду көрө алышат.
- Милдетүү сабактар боюнча ара жана финалдык сынактар башка үзгүлтүксүз билим берүү системасындагыдай эле сынак программасында аныкталган күндө, саатта жана дарсканаларда жүргүзүлөт. Сынак интернет аркылуу өткөрүлбөйт.
- Милдеттүү сабактарды окуткан окутуучулар үзгүлтүксүз билим берүү системасындагы-дай эле жооптуу болгон бөлүмдөрдүн студенттеринин сынак баракчаларын текшерүү, сынак жыйынтыктарын студенттик иштер башкармалыгына жана керектүү маалымат системасына жеткирүү боюнча жооптуу жана милдеттүү болушат.
- Дистанттык билим берүү аркылуу берилген милдеттүү сабактарга катышуу талап кылынбайт, бирок ара жана финалдык сынактарга катышууга милдеттүү.
- Окуу процессине байланыштуу кулактандырууларды дистанттык билим берүү системасы аркылуу окуса болот.
- Студенттер милдетүү сабактарга башка сабактар сыяктуу эле үзгүлтүксүз билим берүү боюнча каттоо системасы аркылуу каттала алышат.
- Ар бир окутуучунун жана студенттин үйрөнүүнү башкаруу системасына колдонуучунун аты жана паролу менен кире ала тургандай өздөрүнө таандык веб-баракчасы болот. Бул веб-баракча аркылуу студенттер катталган бөлүмдүн сабактарын көзөмөлдөй алышат. Ар бир сабак боюнча жооптуу окутуучу болот.
Бул негиздер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2013-жылдын 5-февралындагы 2013-01.001-номерлүү чечими менен кабыл алынган.