| Аты | КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК БААЛОО ЖАНА САПАТТЫ ЖАКШЫРТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 48 |
| Кабыл алганы | 14.10.2010 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО АКАДЕМИЯЛЫК БААЛОО САПАТТЫ ЖАКШЫРТУУ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК БААЛОО ЖАНА САПАТТЫ ЖАКШЫРТУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу-тарбия, илимий-изилдөө иштерин, административдик кызмат көрсөтүүлөрүн баалоо, сапатты жакшыртуу, көз карандысыз “тышкы баалоо” процесси жана сапат деңгээли боюнча бүтүм чыгаруу жана аны таануу маселесиндеги жол-жоболорду аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жогорку инстанцияларына карата Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу-тарбия, илимий изилдөө иштерине жана административдик кызмат көрсөтүүлөрүнө баа берүү, сапатты жакшыртуу, сапаттын дең-гээли боюнча бүтүм чыгаруу жана аны таануу маселесиндеги милдеттерге, укуктарга жана жоопкерчиликтерге тийиштүү жол-жоболорду камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору; |
|
Университеттин Окумуштуулар кеңеши: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Академиялык түзүмдөр: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин факультети, жогорку мектеби, консерватория, кесиптик жогорку мектеби, институту жана изилдөө борбору; |
|
Программа: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык түзүмдөрүндөгү бөлүм, программа, илим жана искусство тармагы; |
|
Университеттин миссиясы: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин негизги максаттары жана милдеттери; |
|
Университеттин милдеттери: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин келечекте көздөгөн жогорку идеалдары; |
|
Университеттин академиялык баалоо иштери боюнча бир жылдык отчету: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу иштеринин жыйынтыгы боюнча отчету; |
|
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу процессине жооптуу комиссия; |
|
Студенттик кеңеш: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик кеңеши; |
|
Сапатты жакшыртуу : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүү, илимий-изилдөө иштеринин жана административдик кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын дайыма жакшыртуу; |
|
Стратегиялык пландоо: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ички жана тышкы баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча анын күчтүү жана кемчил жактарын, алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн жана кооптуу жагдайларын аныктоо, сапатты жакшыртууну шарттай турган тийиштүү стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, о.э. жетишкендиктердин көрсөткүчүн аныктоо жана аларга такай көзөмөл жүргүзүү процесси; |
|
Стратегиялык максаттар: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин миссиясына ылайык стратегиялык мааниге ээ максат жана пландар; |
|
Жетишкендиктер: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алдына койгон стратегиялык максаттарга жетүүдөгү көрсөткүчү; |
|
Ички баалоо: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүү, илим-изилдөө иштеринин, административдик кызмат көрсөтүүсүнүн жана алардын сапатын жакшыртуу иш-аракеттеринин атайын дайындалган адистер тарабынан бааланышы; |
|
Тышкы баалоо: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүүсү-нүн, илимий-изилдөө иштеринин, административдик кызмат көрсөтүүсүнүн сапатына КТМУдан башка көз карандысыз адистердин берген баасы; |
|
Тышкы баалоочу: |
Өлкө ичинде же чет өлкөдө иш алпарган "Сапатты баалоону каттоого алуу күбөлүгүнө" ээ уюм, мекеме же комиссиялар; |
|
Сапатты баалоону каттоого алуу күбөлүгү: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетине көз карандысыз уюм, мекеме же комиссиялардын Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги академиялык жана административдик кызматтардын сапатынын деңгээлине жана сапатын жакшыртуу боюнча иш-аркеттерге баа берүү ыйгарым укугуна ээ экендигин тастыктоочу документ; |
|
Сапат сертификаты: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тышкы баалоонун жыйынтыгында берилген, билим берүү, илимий-изилдөө жана административдик кызматтардын сапатынын деңгээли көрсөтүлгөн документ; |
|
Сапат боюнча бүтүм чыгаруу жана аны таануу: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетине сапат сертификатынын берилишине карата университеттин сапатынын деңгээли боюнча бүтүм чыгаруу, улуттук же эл аралык башка жогорку окуу жайлар жана тийиштүү мекемелер тарабынан сапаттын таанылышы; |
|
Уюм ичинде мезгилдүү байкоо жүргүзүү: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин билим берүүсүнүн, илимий-изилдөө иштеринин жана административдик кызмат көрсөтүүсүнүн сапатына, сапатты жакшыртуу иш-аракеттерине жана жыйынтыктарына мезгил-мезгили менен баа берүү; |
|
Жакшыртуу иш-аракетинин планы: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетин ички жана тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлө турган жакшыртуу иш-аракеттери, ага жооптуу кишилер жана календардык план. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы

4-берене. Университеттин ичинен академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу иш-чараларына жооптуу Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы түзүлөт. Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрүнүн саны, мүчөлөрү Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат. Комиссия фундаменталдык, инженердик, гуманитардык, медициналык илим боюнча факультеттердин ар биринен кеминде бирден мүчөдөн, институттардан жок дегенде бирден өкүлдөн, жогорку мектептерден бирден өкүлдөн, искусство, спорт, тил үйрөтүү жана башка тармактардан кеминде бирден мүчөдөн, кесиптик жогорку мектептерден өкүл катары бир мүчөдөн, академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу практикасы боюнча тажрый-балуу академиялык кызматкерлерден кеминде 3 кишиден, административдик кызматкер-лерден өкүл катары кеминде бир мүчөдөн, студенттерден өкүл катары студенттик кеңештин мүчөсүнөн жана төраганы кошкондо 9дан (тогуздан) кем эмес, 18ден (он сегизден) көп эмес кишиден турат.
Комиссия мүчөлөрүнүн ичинде: кеминде бир проректор, бир декан жана бир академиялык түзүмдүн мүдүрү болот. Комиссия тарабынан чечим кабыл алууда добуштар тең чыгып кал-ган учурда төраганын добушу эки добуш катары эсептелет.
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн кызматтык мөөнөтү
5-берене. Эки жыл сайын бир жолу Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комис-сиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бири Окумуштуулар кеңеши тарабынан алмаштырылат. Жаңы мүчөлөр мурдагы мүчөлөрдөн башка академиялык түзүмдөрдөн тандалып алынып, бардык академиялык түзүмдөрдүн ушул мөөнөт ичинде комиссиянын курамында өкүлчүлүк кылуу-сун камсыздайт. Кандайдыр бир себеп менен бошонуп кеткен комиссиянын мүчөсүнүн ордуна ошол эле түзүмдөн мурдагыдай эле тартипте жаңы мүчө тандалып алынат. Мындай шартта тандалган мүчө мурдагы мүчөнүн кызматтык мөөнөтүн аягына чыгарат.
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн кызматтык милдеттери
6-берене. Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн кызматтык милдеттери төмөндөгүлөр:
-
Университеттин стратегиялык планына жана максаттарына ылайык академиялык жана административдик кызматтарга баа берүү, сапатты жакшыртуу жана сапат деңгээли боюнча бүтүм чыгаруу үчүн бардык иш-аракеттерди жүргүзүү;
-
Университетте “ички баалоону” жүргүзүү жана ага ылайык ички баа берүү боюнча отчетту даярдоо же тийиштүү кишилерге даярдатуу;
-
Университетке “тышкы баалоо” жүргүзүлгөн учурда тийиштүү даярдыктарды көрүү, тышкы текшерүүнү алып барган уюм, мекеме же комиссияга тийиштүү жардам көрсөтүү;
-
Уюм жана мекемелер менен өрнөктүү тажрыйбаларды бөлүшүү;
-
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу жаатындагы жетишкендиктер тууралуу академиялык түзүмдөрдү кабардар кылуу, иш-тажрыйбаларына байкоо жүргүзүү жана алардын жыйынтыктарына көз салуу;
-
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу боюнча даярдала турган отчетко көмөк көрсөтүү.
Академиялык түзүмдөрдүн академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу иш-аракеттерине катышуусу
7-берене. Академиялык түзүмдөр Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссия-сынын ишине көмөк көрсөтөт. Комиссия тарабынан белгиленген багыт боюнча өздөрүнүн академиялык программаларынын жана административдик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуудагы иштерин жөнгө салып, жыйынтыгына байкоо жүргүзөт. Жыйынтыгын Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясына билдирет.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Ички баалоо
Ички баалоо процесси жана календары
8-берене. Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы тарабынан аныкталган ички баалоо процессине жараша жылына бир жолу январь, февраль айларында ушул жобонун 10-беренесинде көрсөтүлгөн темаларды ичине камтыган бир жыл мурунку жүргү-зүлгөн ички баалоо боюнча алып барылган иштерди жыйынтыктап, ректоратка тапшырат.
Ички баалоонун мазмуну
9-берене. Университеттин кесиптик орто билим, бакалавр, магистратура деңгээлиндеги академиялык түзүмдөрүнүн жана изилдөө борборлорунун ар кыл билим берүү, илимий-изилдөө жана административдик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты жана сапатты жакшыртуу боюнча иш-аракеттери ички баалоого ылайык бааланат.
Ички баалоонун критерийлери
10-берене. Университетте жүргүзүлүүчү ички баалоодо Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы белгилеген жол-жоболор эске алынуу менен төмөндөгү критерий-лерге ылайык баалоо жүргүзүлөт:
-
Университеттин стратегиялык планына жана алдына койгон максаттарына ылайык аныкталган миссиясы, милдеттери жана стратегиялык планы;
-
Академиялык түзүмдөрдүн баалоо критерийине кирген максаттарды жана аны ишке ашырууда жетишкендиктердин көрсөткүчүн аныктоо жана мезгил-мезгили менен ага байкоо жүргүзүү;
-
Окумуштуулар кеңеши же Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы тарабынан аныкталган университеттин баалоо критерийине кирген максаттарга жана аны ишке ашыруудагы жетишкендиктердин көрсөткүчүнө мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү;
-
Акча каражаттарынын окуу-тарбия жана илимий-изилдөө жана административдик кызматтарга жараша максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы;
-
Окуу-тарбия жана билим берүү процессине, сабактын программасына жана жүгүнө, окуу програмаларынын натыйжалуулугуна, катышкан студенттердин санына, алардын канааттануу деңгээлине, студенттердин билиминин сапатына жана жетишкендик-терине байланыштуу иш-аракеттери;
-
Изилдөө иштери, алардын натыйжалуулугу, окутуучулардын коомдук иштерге катышуусу жана алардын канааттануусу;
-
Маалыматтык технология жана академиялык инфраструктура (лаборатория, китепкана ж.б. у.с кызматтар);
-
Академиялык түзүмдөрдөгү изилдөө жана өнүктүрүү иштери;
-
Административдик кызматкерлердин коомдук иш-чараларга катышуусу жана алардын канааттануусу, административдик жана тейлөө кызматтары;
-
Бүтүрүүчүлөрдү башкаруу жана аларга көз салуу системасы;
-
Коомчулукка ачык болуу жана коомго кызмат көрсөтүү;
-
Өмүр бою билим алууга умтулуу;
-
Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы тарабынан ички баалоо процесси жүргүзүлүп жаткан учурда бир жыл мурун ички баалоонун натыйжасында белгилүү болгон жана жакшыртууга муктаж тармактар менен иш алпаруу тартиби дагы да тереңирээк белгиленип көрсөтүлүшү мүмкүн.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Тышкы баалоо
Тышкы баалоо процесси жана календары
11-берене. Университет ылайык көргөн учурда ички баалоо процессин ушул эле жобонун 9-беренесинде каралган календарга ылайык “Сапатты баалоону каттоого алуу күбөлүгүнө” ээ көз карандысыз уюм же мекеме менен биргелешип жүргүзө алат.
Тышкы баалоонун алкагы жана камтыган темалары
12-берене. Университетте тышкы баалоо бул жобонун 9-беренесинде белгиленген алкакта жобонун 10-беренесинде белгиленген темаларды ичине камтый тургандай шартта жүргүзү-лөт. Тышкы баалоо жүргүзүлгөн учурда ошол жылга карата ички баалоо жүргүзүлбөйт.
Сапат сертификаты жана жарактуулук мөөнөтү
13-берене. Университет тышкы баалоонун жыйынтыктарына ылайык тийиштүү мекеменин сапатын жана сапатты жакшыртуу деңгээлин көрсөткөн “Сапат сертификатын” алышы мүм-күн. Сертификаттын жарактуулук мөөнөтү – 5 (беш) жыл.
Сапат сертификатын университеттин базасында алган сыяктуу эле академиялык түзүм/ түзүмдөр же академиялык программа/программалардын базасында да алса болот.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Баа берүүдөн кийинки иш-аракеттер жана мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү
Стратегиялык пландоо
14-берене. Университетте жыл сайын кийинки календардык жылга карата стратегиялык планды даярдоодо бир жылдык ички жана тышкы баалоо отчеттору, окуу жайдын ичинде жүргүзүлгөн байкоонун жыйынтыктары, Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясынын жылдык отчету, университеттин жогорку инстанциялары тарабынан кабыл алынган чечимдери эске алынуу менен жакшыртуу иш планы түзүлүп, жүзөгө ашырылат.
Жакшыртуу иш планы
15-берене. Университетте жүргүзүлгөн ички жана тышкы баалоонун жыйынтыгында жакшыртууга зарыл деп табылган тармактарды жакшыртуу үчүн академиялык түзүмдөр жана программалар тарабынан атайын план даярдалат. Бул планга ылайык иш-чарага жооп-туу кишилер жана бул иш-чаралар канча убакытта жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленет. Жакшыртуу иш-аракеттери университеттин тийиштүү академиялык түзүмүнүн жетекчиси тарабынан ишке ашырылат.
Мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү жана алардын аралыгы
16-берене. Университет ар бир календардык жылдын башынан тарта бир жыл ичинде Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы тарабынан аныкталган жол-жоболорго ылайык өз абалына баа берет жана ага байкоо жүргүзөт. Ал алты айлык мөөнөт-төн ашпашы керек. Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүү боюнча жыйындарды уюштурат жана баалоо жыйын-тыктары чыгар замат кезектеги Окумуштуулар кеңешинин жыйынына талкууга салат. Баа берүү жыйынынын убактысы, катышкандар, кабыл алынган чечимдер, практиканын жыйын-тыгы жылдык ички жана тышкы баалоону жүргүзгөн уюм тарабынан тийиштүү мекеме же уюмга берилет.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Баалоо жыйынтыгынын коомчулукка жеткиликтүүлүгү, сыйлык жана төлөмдөр
Баалоо жыйынтыгынын коомчулукка жеткиликтүүлүгү
17-берене. Университетте жүргүзүлгөн ички жана тышкы баалоонун жыйынтыгы коомчу-лукка ачык, жеткиликтүү болот. Университетте жүргүзүлгөн ички жана тышкы баалоонун жыйынтыктары жана академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу практикасы боюнча ар кыл темадагы маалыматтар интернет баракчасына жарыяланат.
Мыкты практикалар үчүн каралган сыйлыктар
18-берене. Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы академиялык түзүмдөрдүн сапатты жакшыртуу иш-аракеттеринин үлгүлүү иштерин сыйлыктарга көрсөтүү үчүн ректоратка тапшырат.
Сапатты жакшыртуу иш-аракетинин алкагындагы чыгымдар
19-берене. Бул жобонун алкагында жүзөгө ашырыла турган иш-аракеттерге байланышкан чыгымдар университеттин бюджетинен каржыланат.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Түрдүү жана акыркы беренелер
1-убактылуу берене. Академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу комиссиясы бул жобо күчүнө кирген жылдын аягына чейин бул жобонун 6-беренесинде белгиленген академиялык баалоо жана сапатты жакшыртуу иштерине багытталган стратегияларды, процесстерди жана жол-жоболорду аныктайт, аларды бекитүү үчүн ректоратка тапшырат.
2-убактылуу берене. Университет бул жобо күчүнө кирген күндөн баштап ички же тышкы баалоо иштери аяктаган соң, ошол календардык жылдын аягына чейин кийинки жылдын стратегиялык планын даярдайт.
Күчүнө кириши
20-берене. Бул жобо жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
21-берене. Бул жобо ректорат тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2010-жылдын 14-октябрындагы 2010-11.97-номерлүү чечими менен кабыл алынган.