Бардык товарларды жана кызматтарды сатып алууда туруктуулук үчүн университетибиз кармана турган негизги саясаттар; Экологиялык жактан таза товарларды тандоо, жергиликтүү жана этикалык талаптарга жооп берген жабдуучулар менен иштөө, энергиянын натыйжалуулугу жана туруктуулук стандарттары, калдыктарды азайтуу жана аларды кайра иштетүү, билим берүү жана маалымдоо, үзгүлтүксүз тамак-аш менен камсыздоо, акырында саясатты карап чыгуу жана уюмдун чечимдерине ылайык саясаттар аныктоо жана чечимдерди кабыл алуу.
1. Экологиялык таза продукцияларга артыкчылык берүү:
• Бардык сатып алууларда экологиялык жактан таза жана кайра иштетилүүчү материалдарга артыкчылык берүү,
• Продукциянын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн туруктуулук критерийлерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
2. Жергиликтүү жана этикалык жеткирүүчүлөр (камсыздоочу) менен кызматташуу:
• Жергиликтүү жеткирүүчүлөрдү (камсыздоочу) колдоо жана жеткирүү чынжырындагы көмүртекти азайтуу үчүн аймактык ресурстарды пайдалануу,
• Өндүрүштө этикалык стандарттарды карманган жеткирүүчүлөр (камсыздоочу) менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү.
3. Энергия натыйжалуулугу жана туруктуу өнүгүү стандарттары:
Энергия натыйжалуулугу жогору продукцияларга артыкчылык берүү;
Туруктуу өнүгүү сертификаттары бар продукцияларды сатып алуу (мисалы, FSC, Energy Star).
4. Таштандыларды азайтуу жана кайра иштетүү:
Таңгак калдыктарын азайтуу максатында минималдуу таңгактарды колдонуу;
Кайра иштетилүүчү жана кайра колдонулуучу таңгак материалдарын тандоо.
5. Билим берүү жана маалымдуулук:
Сатып алуу жана камсыздоо боюнча кызматкерлер үчүн туруктуу сатып алуу боюнча окутууларды уюштуруу;
Туруктуу сатып алуу саясаты жана практикасы тууралуу бардык кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу.
6. Тамактануу жана коомдук тамактанууда туруктуулук принциби:
Университет тарабынан өткөрүлгөн бардык иш-чараларда туруктуулукту камсыз кылуу үчүн органикалык, жергиликтүү, сезондук тамак-аш жана айыл чарба азыктарын колдонуу саясатын ишке ашыруу.
7. Саясатты карап чыгуу жана отчеттуулук:
Туруктуу сатып алуу практикасын үзгүлтүксүз карап чыгуу жана тиешелүү отчетторду берүү;
Жеткирүүчүлөрдүн (камсыздоочу) ишмердүүлүгүн жана алардын туруктуулукка тийгизген таасирин баалоо.
САТЫП АЛУУ САЯСАТЫ