| Аталышы | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 6 |
| Бекитилген дата | 02.05.2025 |
| Ачкыч сөздөр |
ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН
ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде толук айлык акы менен эмгектенип жаткан окутуучулук курамдын эл аралык мезгилдүү илимий журналдарда жарыялаган макалалары, долбоор алкагында илимий жыйындарга катышуу үчүн колдоо көрсөтүлгөндөрдөн сырткары, өлкө ичинде жана чет өлкөдө уюштурулган конгресстерде, симпозиумдарда ж.б.у.с. илимий иш-чараларда жасаган баяндамалар менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өткөрүлгөн илимий иш-чаралар үчүн үчүн бериле турган каржылык колдоонун жол-жоболорун аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Илимий изилдөө иштерин колдоо кеңешинин түзүмүн, милдеттерин, илимий басылмаларды жарыялоо, илимий иш-чараларды уюштуруу жана аларга катышуу үчүн берилүүчү колдоолорду жана арыз тапшыруу тартибин камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Ушул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк «Манас» университети |
|
Ректорат : |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты |
|
Башкаруу кеӊеши : |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеӊеши |
|
Окумуштуулар кеӊеши : |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеӊеши |
|
Кеңеш : |
Илимий изилдөө иштерин колдоо кеңеши (ИИИКК) |
|
Ачык талкуу (workshop) : |
Бир тема боюнча алдын ала даярдык көрүү же изилдөө жүргүзүү максатында суроо-жооп иретинде илимпоздордун жана адистердин катышуусунда өткөн жыйын |
|
Илимий талкуу (Colloquium) : |
Илимий көйгөй же саясий, экономикалык, дипломатиялык көйгөйлөр талкууланган илимий жыйын |
|
Конференция : |
Адистин тема боюнча илимий максатта коомчулуктун алдында сүйлөгөн сөзү |
|
Конгресс/ симпозиум : |
Адистер, өз багыты боюнча билимдерин катышуучулар менен бөлүшкөн илимий жыйын |
|
Семинар : |
Бирден ашык киши тарабынан изилдөө жүргүзгөн темалары боюнча маалымат берүү жана талкуулоо максатында өткөрүлгөн жыйын |
Илимий изилдөө иштерин колдоо кеӊеши
4-берене. ИИИКК университетте толук айлык акы менен эмгектенген профессордук-окутуучулук курамдын ичинен Окумуштуулар кеңеши тарабынан дайындалып, төраганы кошкондо 5 (беш) кишиден турат. Кеңештин мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү – 1 (бир) жыл. Кеңештин жыйындарына жүйөлүү себепсиз жана катары менен 3 жолу катышпаган кеңештин мүчөсү мүчөлүктөн чыгарылат. Кеңеш мүчөлүгүнүн мөөнөтү аяктаган, кеңештин курамынан чыгып кеткен же университетте кызмат мөөнөтү аяктаган мүчөнүн ордуна калган мөөнөткө ушул эле ыкма менен жаңы мүчө дайындалат.
ИИИКК зарыл учурларда кеңештин төрагасынын чакыруусу менен чогулат. Кеңештин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Кабыл алынган чечимдер ректоратка жөнөтүлөт.
Илимий изилдөө иштерин колдоо кеңешинин милдеттери
5-берене. ИИИККнын милдеттери төмөнкүдөй:
(1) Илимий изилдөө иштерине колдоо көрсөтүү боюнча нускаманын алкагында арыз формасын даярдоо, арызга тийиштүү бардык иш-аракеттерди жүргүзүү жана аларды жыйынтыктоо;
(2) Колдоо критерийлерин аныктоо жана жакшыртуу;
(3) Арыздарды карап чыгып, колдоого татыктуу басылмаларды аныктоо жана ректоратка сунуштоо;
(4) Университеттин Илимий изилдөө долбоорлору (BAP) координаторлугу тарабынан колдоо көрсөтүлгөн жана бюджетинде улуттук жана эл аралык жыйындарга катышуу үчүн көмөк көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча баяндамалардан сырткары, илимий жыйындарда жасала турган баяндамаларды карап чыгып, алардын ичинен колдоого татыктуу баяндамаларды аныктап, аны ректоратка сунуштоо;
(5) Университетте уюштурулган илимий иш-чараларды карап чыгып, колдоого татыктуу иш-чараларды ректоратка сунуштоо;
(6) Жыл сайын январь айынын аягына чейин, илимий басылмаларга жана иш-чараларга колдоо алуу үчүн негиз боло турган сумманы аныктоо жана бюджеттен каржылана турган болжолдуу жалпы сумманы ректоратка сунуштоо.
Илимий басылмаларга көрсөтүлө турган колдоонун суммасы
6-берене. Web of Science (Wos) маалымат базасындагы Science Citation Index Expanded (SCIE, Social Science Citation Index (SSCI), Arts and Humanities Citation Index (AHCI) жана SCOPUS журналдарында жарыяланган обзордук же изилдөө макалаларына колдоо көрсөтүлөт. Берилүүчү колдоонун суммасы журнал же макала жарыяланган жылдагы Wos (Quartile) классификациясы боюнча жыл сайын ректорат тарабынан аныкталат. Quartile классификациясына кирбеген AHCI журналдарында жарыяланган макалалар Q3 Wos категориясында кабыл алынат.
Жарыяланган обзордук макала жана макалага берилүүчү колдоонун көлөмү 1-таблицада көрсөтүлгөн суммадан ашпоого тийиш. Бул колдоонун суммасы тийиштүү басылмада аты-жөнү жазылган авторлорго бирдей бөлүштүрүлөт.
1-таблица. Жарыяланган обзордук макала жана макала үчүн берилүүчү максималдуу колдоонун көлөмү
|
WOS (Quartile) журналынын (Q) категориясы (Обзордук макала жана макала жарыяланган жыл үчүн) |
Сумма (АКШ доллары менен) |
|
WOS Q1 |
1000 (миң) |
|
WOS Q2 |
700 (жети жүз) |
|
WOS Q3, AHCI |
500 (беш жүз) |
|
WOS Q4 |
350 (үч жүз элүү) |
|
SCOPUS |
250 (эки жүз элүү) |
Илимий басылмаларга колдоо алуу үчүн арыз тапшыруу шарттары
7-берене.
(1) Окутуучулук курам, арыздарын өздөрүнүн штаты таандык болгон түзүмгө эмгек жарыяланган күндөн тарта, эң кеч эки жыл ичинде тапшырышы керек. Арыздар ИИИКК тарабынан даярдалган “Илимий басылмаларга колдоо алуу боюнча арыз формасы” менен тийиштүү бөлүм/программа башчылыгы жана деканат/ мүдүрлүк тарабынан ректоратка сунушталат.
(2) Илимий басылмага колдоо алуу үчүн:
a) Окутуучулук курамдын мүчөсү толук айлык акы статусунда болууга тийиш;
b) Макаланын толук тексти SCIE, SSCI жана AHCI базаларында орун алган журналдарда жарыяланышы керек;
c) Макаланын толук тексти жана Q категориясы тууралуу документи арыз формасы менен тиркелип берилиши абзел (AHCI үчүн Q категориясы талап кылынбайт);
d) Макалада Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин дареги көрсөтүлүшү шарт.
Илимий жыйындарга катышуу үчүн колдоо алуу шарттары
8-берене.
(1) Арыздар окутуучулук курамдын штаты таандык болгон түзүмгө ИИИКК тарабынан даярдалган “Илимий жыйындарга катышуу үчүн колдоо алуу боюнча арыз формасы” менен бирге илимий жыйын өткөрүлө турган датага чейин кеминде бир ай мурун тапшырылат.
(2) Университет тарабынан жол акысы жана/же күнүмдүк чыгымдары каржыланган иш сапарлары тийиштүү түзүмдүн Башкаруу кеӊешинин сунушу менен университеттин Башкаруу кеӊеши тарабынан ылайык көрүлгөн учурда ректораттын буйругу менен ишке ашат.
(3) Иш сапарга байланыштуу чыгымдары каржыланган кызматкерлердин бир жылдык эмгек келишиминин ичинде бир жолу чет өлкөдөгү иш сапарлары үчүн эң көп беш күндүк, өлкө ичиндеги иш сапарлары үчүн эң көп үч күндүк жол кире жана күнүмдүк чыгымдарынын 80%ы университет тарабынан төлөнөт.
(4) Өлкө ичинде жана чет өлкөдө илимий жыйындарга катышуу үчүн окутуучулук курамдын мүчөсү, учурдагы семестрдеги окуу-тарбиялык иштерди үзгүлтүккө учуратпастан же ошол учурда аткарылбай калган иштерди кийин толуктап берери тууралуу тийиштүү бөлүмдүн башчысынын отчёт иретиндеги сунушу таандык болгон түзүмдүн жетекчилиги тарабынан билдирилет.
(5) Өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү илимий жыйындарга катышуу үчүн иш сапарга жиберилгендер, кайтып келген күндөн тарта 15 күндүн ичинде илимий жыйынга катышкандыгы тууралуу документти жана иш-чара тууралуу отчётун тийиштүү түзүм аркылуу ректоратка тапшырат.
(6) Окутуучулук курамдын мүчөсү долбоор менен бирге бир жылда бир гана жолу өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү жыйындарга катышуу үчүн кайрыла алат.
(7) Илимий жыйындарга катышуу үчүн колдоо алуу шарттары:

b) Кайрылуу ээси илимий жыйында оозеки баяндама жасашы керек;
c) Илимий жыйындын уюштуруучулары тарабынан баяндаманын кабыл алынгандыгы тууралуу документти тапшыруу абзел;
d) Илимий жыйынга катышуу үчүн берилген баяндаманын, долбоор алкагында жыйындарга катышуу үчүн колдоо каралбагандыгын тастыктаган BAP координаторлугунан алынган документти берүүгө тийиш.
e) Илимий жыйындарга катыша тургандардын жарыялана турган баяндамаларынын аннотациясында жана/же толук текстинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин дареги көрсөтүлүшү керек;
f) Талапкердин табигый жана медициналык илимдер боюнча SCIE, SSCI, AHCI жана ESCI базаларындагы индекстүү журналдарда, коомдук илимдер боюнча SCIE, SSCI, AHCI, ESCI жана Scopus базаларындагы журналдарда өткөн жылда жарыяланган кеминде бир обзордук же изилдөө макаласы болууга тийиш.
Илимий иш-чараны уюштуруу үчүн колдоо алуу
9-берене.
(1) Университетте уюштурулган төмөндөгү иш-чараларга колдоо көрсөтүлөт:
a) Университеттин карамагында уюштурулган улуттук жана эл аралык конгресс, илимий талкуу (сolloquium), симпозиум, конференция, панелдик дискуссия жана ачык талкуу (workshop) сыяктуу илимий иш-чаралар;
b) Университет кызматташкан өлкөлөр менен илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен илимий долбоорлорду иштеп чыгуу жана кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында уюштурулган улуттук жана эл аралык ачык талкуу (workshop), илимий жыйын жана жыйындар.
(2) Ректорат тарабынан жана ректораттын бекитүүсү менен түзүмдөр тарабынан уюштурулган конференцияга, панелдик дискуссияга, илимий талкууга (сolloquium), ачык талкууга (workshop), семинарга жана жыйындарга өлкө ичинен/чет элден чакырылган баяндамачылардын жол кире, мейманкана жана тамак-аш чыгымдарына, плакат, кулактандыруу, брошюра, иш-чаранын программасы, бейджик, ксерокөчүрмө, канцелярдык товарлар менен кофе-брейктерге байланыштуу чыгымдарга колдоо көрсөтүлөт.
(3) Университет тин карамагында уюштурулган улуттук жана эл аралык илимий конгресс жана симпозиумдарга өлкө ичинен/чет элден чакырылган баяндамачылардын жол кире жана мейманкана чыгымдары, баяндамалардын/ аннотациялардын жыйнагы, басып чыгаруу иштери, плакат, кулактандыруу, брошюра, иш-чаранын программасы, бейджик, илимий жыйынга катышкандыгы тууралуу сертификат, ксерокөчүрмө, блокнот, калем чыгымдары, ачылыш жана жабылыш аземдериндеги сый тамак, чет өлкөлөрдө жарнамалык иш-чаралар, кофе-брейк, иш-чаранын жүрүшүндөгү катчылык жана иш-чаранын жетекчисинин координациялык иштерине байланышкан чыгымдарга колдоо көрсөтүлөт.
(4) Илимий иш-чаранын аяктаганына байланыштуу катты эң кеч үч ай ичинде ИИИККга жөнөтүү керек.
Илимий иш-чараны уюштуруу үчүн колдоо алуунун шарттары
10-берене.
(1) Түзүмдөр уюштура турган конференция, панелдик дискуссия, илимий талкуу (сolloquium), ачык талкуу (workshop), семинар жана жыйындардын мазмунун, өткөрүлө турган датасын, негиздерин жана чакырылган баяндамачылардын тизмесин түзүмдүн Башкаруу кеңешинин чечими менен ректоратка эң кеч 20 күн мурун жиберет. Ушул иш-чаралардын ичинен ИИИКК тарабынан колдоо берилүүсү ылайык табылган иш-чаралар аныкталат жана ректоратка сунушталат. ИИИКК берилүүсү ылайык табылган колдоонун түрлөрүн жана/же көлөмүн ректоратка сунуш кылат. Университеттин Башкаруу кеңеши тарабынан ылайык табылган учурда колдоо көрөт.
(2) Университетте толук айлык акы статусунда эмгектенген окутуучулук курамдын уюштурган улуттук жана эл аралык илимий конгресс жана симпозиумдардын деталдуу түрдөгү программасы тийиштүү түзүмдүн Башкаруу кеңешинин чечими менен ректоратка сунушталат. Ректорат ылайык тапкан учурда, университеттин Стратегиялык пландоо башкармалыгынын көзөмөлүндө конгресстерге жана симпозиумдарга катышуу төлөмдөрү жүргүзүлө турган эсеп ачылат. ИИИККнын макулдугу, университеттин Башкаруу кеңешинин чечими менен конгресске жана симпозиумга байланыштуу чыгымдар катышуу төлөмдөрүнүн эсебинен каржыланат. Катышуу төлөмдөрү жетишсиз болгон учурда иш-чарага ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн усул боюнча колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.
Башка жоболор
11-берене.
(1) Илимий иш-чарага катышуу үчүн башка булактардан каржылык колдоо алгандарга ушул нускаманын негизинде колдоо көрсөтүлбөйт. Ушул колдоодон пайдалангандардан башка булактардан каржылык колдоо алгандыгы ачыкка чыкса, университет көрсөткөн колдоонун суммасын 20% ашыгы менен кайтарып алат.
(2) Бир макала үчүн бир гана жолу колдоо алынат. Бир басылма үчүн экинчи жолу колдоо алганы ачыкка чыкса, көрсөтүлгөн колдоонун суммасы 20% ашыгы менен кайтарылып алынат жана тартип иши козголот.
(3) Илимий иш-чарага катышуу үчүн колдоо алган учурда, милдеттүү жана расмий жүйөлүү себептен сырткары, иш-чарага катышпагандыгы аныкталган учурларда, берилген колдоо кайтарылып алынат жана кийинки 3 жыл бою ИИИККдан колдоо алуу үчүн кайрыла албайт.
(4) Арыздар боюнча университеттин Башкаруу кеңешинин чечими акыркы бүтүм болуп саналат жана кандайдыр бир түрдө макул эместигин билдирүү каралган эмес.
Күчүнө кириши
12-берене. Ушул нускама, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет жана Камкорчулар кеңешинин чечиминин негизинде 2017-жылдын 22-декабрындагы №2017-02/8 күчүнө кирген КТМУнун «Илимий изилдөө иштерине колдоо көрсөтүү боюнча нускамасы» күчүн жоготот.
Ишке ашырылышы
13-берене. Ушул нускама Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору тарабынан жөнгө салынат.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2025-жылдын 2-майындагы №2025-01/4 чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №2022-01/3 чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Камкорчулар кеңешине сунуштоо үчүн Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги №2022-11.33(а) чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Камкорчулар кеңешине сунуштоо үчүн Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы №2021-14.80 чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы №2017-02/8 чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы №2011-02/5(c) чечими менен кабыл алынган.