| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ДАЯРДОО ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 31 |
| Кабыл алганы | 12.11.2012 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ ДАЯРДОО ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты жана мазмуну
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин миссиясына ылайык башка университеттер жана илимий изилдөө мекемелери менен кызматташуу аркы-луу университеттин кенже илимий кызматкерлерин даярдоо максатында алардын “Профес-сор-окутуучулук курамды даярдоо программасына” кабыл алынышы жана тийиштүү милдет-тери боюнча иш-чараларды аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Профессор-окутуучулук курамды даярдоо программасы” (КТМУ - ПОКДП) университеттин кенже илимий кызматкерлерин тийиштүү тармактар жаатында даярдоо боюнча эрежелерди камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
КТМУ : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
(КТМУ - ПОКДП) : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Профессор-окутуучулук курамды даярдоо программасы”;
ПОКДП : “Профессор-окутуучулук курамды даярдоо программасы”;
ALES : Түркия Республикасындагы академиялык курамдын мүчөлүгүнө талапкер болуу жана магистратура/докторантура программаларына тапшыруу сынагы;
Институт : Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган институттар;
ÜDS : Түркия Республикасындагы университеттер аралык чет тили боюнча сынагы.
ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясы
4-берене. Академиялык түзүмдөрдүн суроо-талаптары боюнча ректоратка сунуш берүү, талапкерлерди тандоо жана ПОКДПны ишке ашыруу иш-чараларын көзөмөлдөө үчүн ректо-рат тарабынан бир проректордун төрагалыгы астында институттун мүдүрлөрү менен универ-ситеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан тандалган эки профессордон турган “ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясы” түзүлөт. ПОКДПга катышкан кенже илимий кызматкерлер боюнча башка университеттер менен кызматташуу багытында алдын ала иш-чараларды, квотаны, артыкчылык берилген багыттарды жана болжолдуу бюджетти аныктоо сыяктуу милдеттер да “ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясы” тарабынан жүзөгө ашырылат.
Талапкерлерди тандоо эрежелери
Жалпы шарттары
5-берене. “ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясы” ПОДКПга катыша турган талапкерлер боюнча академиялык түзүмдөрдүн суроо-талаптарын карап чыгат. Тийиштүү бөлүмдүн штаты эске алынып, төмөндө көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген талапкерлердин ичинен тандоо жасалат жана алар ректоратка сунушталат.
ПОКДПга тапшыра турган талапкерлерге коюлган шарттар:
-
Бул программага тандала турган КТМУда иштеген кенже илимий кызматкерлерге коюлган шарттар төмөнкүдөй:
-
Университеттин тийиштүү ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына катталган болуусу;
-
Университеттин окутуу тилдери болуп саналган кыргыз тили менен түрк тилинен бошотулуусу;
-
ÜDS боюнча кеминде 50 балл же Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “КТМУнун чет тилдери боюнча эквиваленттүүлүк таблицасында” аныкталган чет тилдердин биринен ага тең келген балл алуусу;
-
Курагы 28 жашка чейин болуусу керек.
-
Башка бир университетте ЖОЖдон кийинки билим берүү программасында билим алып жаткан талапкерлерге коюлган шарттар төмөнкүдөй:

Курагы 28 жашка чейин болуусу;
-
“Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ишке алына турган кенже илимий кызмат-керлерди тандоо жана дайындоо боюнча нускамага” ылайык тийиштүү сынакка катышып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине кенже илимий кызматкер катары дайындалуусу керек.
Бул жаатта ПОКДПны аяктагандардан КТМУдагы академиялык баскыч боюнча жогорулоодо жана дайындоодо кыргыз жана түрк тилдеринен бошотулушу талап кылынат.
Тандоо эрежелери
6-берене.
-
“ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясы” академиялык түзүмдөрдүн суроо-талаптарына, артыкчылык берген тармактарына, максаттарына ылайык университеттин миссиясын аткара алган жана 5-беренедеги талаптарга жооп берген талапкерлердин ичинен ПОКДПга катыша тургандарды аныктайт жана ректо-ратка сунуштайт.
-
ПОКДПга катышкан кенже илимий кызматкерлер бул программа үчүн белгиленген мөөнөттөн эки (2) эсе ашык убакыт иштеп берүүгө жана бул программаны ийгиликтүү аткара албаган же өз каалоосу менен программадан чыгып кеткен учурда окуу мөөнөтү ичинде КТМУ каржылаган чыгымдарды үстөгү жана башка төлөмдөрү менен кайра төлөп берүүгө милдеттүү экендигин тийиштүү документке кол коюу менен бышыктайт.
Көзөмөлдөө жана баалоо
7-берене.
-
ПОКДП боюнча кенже илимий кызматкерлердин окуу-тарбия иштерин, катышкан академиялык иш-чараларын, жетишкендик деңгээлин жана башка маселелерин көзө-мөлдөөдө тийиштүү институттар жооптуу жана ыйгарым укуктуу. Институттар бул жоопкерчиликтерин кураторлордун жардамы менен ишке ашырышат.
-
Тийиштүү институт программага катышкан кенже илимий кызматкерлердин ишин алты айлык мөөнөт менен көзөмөлдөө жана баалоо боюнча отчётторун институттун башкаруу кеңешинде талкуулап, кызматкердин окуусун улантышы тууралуу оң же терс пикирин “ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясына” отчёт түрүндө тапшырат. Комиссия бул маселе боюнча эң акыркы пикирин ректоратка билдирет.
-
ПОКДП боюнча окуу мөөнөтү - магистратура үчүн төрт (4), докторантура үчүн сегиз (8) семестр. Бул мөөнөт ичинде диссертациялык иштерин бүтүрө албагандар үчүн инсти-туттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен магистратура үчүн эки (2) жана докторан-тура үчүн эң көп төрт (4) семестрдик кошумча мөөнөт берилет. Берилген кошумча мөө-нөт ичинде диссертациялык иштерин бүтүрө албаган же окуусун уланткысы келбеген кенже илимий кызматкерлердин жетишкендиги начар деп бааланат.
-
Окуусун уланта албагандыгы боюнча чечим чыгарылган кенже илимий кызматкерлер-дин программадан чыгарылышы университеттин Башкаруу кеңеши тарабынан анык-талат.
-
ПОКДП боюнча профессор-окутуучулук курамдын мүчөсү алты (6) айга чейинки мөөнөт-кө дайындалганда кызмат мөөнөтүнүн аягында, ал эми андан да узак мөөнөткө дайын-далганда ар бир алты (6) айда бир жолу “ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссиясынын” карап чыгуусу үчүн тийиштүү академиялык түзүмгө отчет түрүндө тапшырат. Комиссия отчетту карап чыкандан кийин ректоратка жиберет.
-
ПОКДП алкагында башка университетке жиберилген кенже илимий кызматкерлер боюнча тийиштүү университет менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, КТМУдан кошумча кураторлор дайындалат. Кошумча куратор тийиштүү университеттеги көзөмөлдөө жана баалоо иштерин текшерет, зарыл болгон учурда жыйындарга катышат, добуш берүү укугуна ээ болбостон, өз пикирин билдире алат. Кураторлор ар бир семестрдин аягын-да тийиштүү институт тарабынан аныкталган эрежелерге ылайык даярдашкан студент тууралуу отчетторун институтка тапшырышат.
Башка жоболор
8-берене.
-
ПОКДПга кабыл алынган окутуучуларга бериле турган стипендия же айлык акынын көлөмү, иш сапарларына, окуу-тарбия иштерине жумшалган чыгымдар, медициналык камсыздандыруу жана башка төлөмдөр университеттин тийиштүү укуктук ченемдик документтерине ылайык төлөнөт.
-
Бул нускамада орун албаган маселелерге карата КТМУнун тийиштүү укуктук ченемдик документтери менен “ПОКДПны координациялоо, көзөмөлдөө жана баалоо комиссия-сынын” чечимдери колдонулат.
Күчүнө кириши
9-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечиминен кийин Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет. Бул нускама күчүнө киргенден кийин университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2012-жылдын 31-январында 2012-2.15-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессор-окутуучулук курамды даярдоо программасы боюнча жобосу” күчүн жоготот.
Ишке ашырылышы
10-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2012-жылдын 12-ноябрындагы 2012-02/6-номерлүү чечими менен кабыл алынган.