| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЕВРАЗИЯНЫН ТАРЫХЫН, ТИЛДЕРИН ЖАНА АРХЕОЛОГИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 7 |
| Кабыл алганы | 28.12.2022 |
| Ачкыч сөздөр |
ЕВРАЗИЯНЫН ТАРЫХЫН, ТИЛДЕРИН ЖАНА АРХЕОЛОГИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ АРХЕОЛОГИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЕВРАЗИЯНЫН ТАРЫХЫН, ТИЛДЕРИН ЖАНА АРХЕОЛОГИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Евразиянын тилдерин, тарыхын жана археологиясын изилдөө институтунун максаттарына, иш-чараларына жана башкаруу органдарына тиешелүү жол-жоболорду жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Евразиянын тилдерин, тарыхын жана археологиясын изилдөө институтунун максаттарына, иш-чараларына, башкаруу органдарынын милдеттерине жана иштөө тартибине тиешелүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздемеси
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелиндеги 2021-02/7 (d)-номерлүү чечимине ылайык даярдалган.
Аныктамалар
4-берене. Бул нускамада төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Камкорчулар кеңеши : |
Университеттин Камкорчулар кеңеши; |
|
Ректор : |
Университеттин Ректору; |
|
Биринчи проректор : |
Университеттин Биринчи проректору; |
|
Ректорат : |
Университеттин Ректораты; |
|
Окумуштуулар кеңеши : |
Университеттин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Институт : |
Университетте ачылган Евразиянын тилдерин, тарыхын жана археологиясын изилдөө институту; |
|
Мүдүр : |
Институттун мүдүрү; |
|
Институттун башкаруу кеңеши : |
Административдик жана институттун максаттарына ылайык иш-чараларды ишке ашырууга мүдүргө көмөк көрсөтүүчү башкаруу органы; |
|
Институттун кеңеши : |
Институттун окуу-тарбиялык жана илимий изилдөө иштери менен алектенген академиялык орган; |
|
Консультативдик кеңеш : |
Институттун иш багыттарына тиешеси бар кишилерден жана окумуштуулардан турган консультативдик орган; |
|
Институттун илимий тармагы : |
Институттун ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашырган университеттин факультеттерине караштуу бөлүмдөр. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Институттун максаттары, иш багыттары жана башкаруу органдары
Максаттары
5-берене. Институттун максаттары төмөндөгүдөй:
- Биринчи кезекте Кыргызстанда жана Түркияда, андан кийин түрк тилдүү мамлекеттерде жана түрк тектүү элдер жашаган аймактарда тарыхый, лингвистикалык жана археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу;
- Тарыхый, лингвистикалык жана археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн кызматкерлерге илимий колдоо көрсөтүү;
- Ушул сыяктуу максаттар менен иш алып барган жергиликтүү жана эл аралык мекемелер жана уюмдар менен кызматташтыкты түзүү.
Иш багыттары
6-берене. Институт максаттарына ылайык төмөнкү багыттар боюнча иш-чараларды жүргүзөт:
- Евразиянын аймагында региондук жана дүйнөлүк тарых, тил, адабият, социалдык илимдер жана көркөм өнөр жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана долбоорлорду иштеп чыгуу;
- Евразиянын аймагында жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоо жана казуу иштеринин натыйжасында табылган археологиялык эстеликтерди дүйнөлүк маданий мурастардын тизмесине киргизүү;
- Музейлер менен кызматташуу аркылуу тарыхый булактарды издөө жана колдо бар материалдардын реставрацияланышын жана сакталышын камсыздоо;
- Иш багыттарына тиешелүү илимий жана көркөм көргөзмөлөрдү ачуу, мелдештерди жана сыйлык берилүүчү иш-чараларды уюштуруу;
- Түрк археологиясы жана көркөм өнөрү боюнча магистратурада жана докторантурада билим алып жаткан жана докторантурадан кийинки окуусун аяктаган кызматкерлердин жергиликтүү жана эл аралык университеттер менен маалымат алмашуусуна көмөк көрсөтүү;
- Биринчи кезекте Орто Азияда, андан кийин Евразиянын аймагында бир эле тармакта иш алып барган мекемелер жана уюмдар менен эл аралык илимий долбоорлорду жана талаа изилдөөлөрүн иштеп чыгуу аркылуу окумуштуулардын ортосундагы өз ара байланышты өнүктүрүүнү камсыз кылуу, маалыматтарды жаңыртуу жана жайылтуу, керектүү материалдар жана изилдөөчүлөр менен алмашууга салым кошуу;
- Евразиянын аймагында маалымат алуу жана бөлүшүү процесстерине салым кошуу үчүн биринчи кезекте окуу-тарбиялык иштерди, андан кийин жергиликтүү же эл аралык деңгээлде курстарды, семинарларды, конференцияларды, панелдерди, семинарларды, семинарларды, симпозиумдарды, конгресстерди жана башка иш-чараларды уюштуруу, координациялоо жана колдоо;
- Археологиялык чалгындоо жана казуу иштеринин натыйжасында алынган жаңы маалыматтар тууралуу илимий негиздеме берүү жана адистерди даярдоо максатында университетте дисциплиналар аралык ыкмалар менен күндүзгү окутуу жана/же аралыктан окутуу формасы боюнча ЖОЖдон кийинки билим берүү иш-чараларын жүргүзүү;
- Окшош тармактар боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзгөн жергиликтүү же эл аралык окуу жайлары менен студент алмашуу программаларын уюштуруу, ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана кош диплом программаларын ачуу;
- Өз тармагы боюнча илимий булактарды түзүү үчүн эл аралык илимий макалаларды, басылмаларды (китептер, журналдар, колдонмолор, карталар ж.б.) жана отчетторду даярдоо, басып чыгаруу жана басып чыгарууну колдоо, патенттик жана автордук укуктарды коргоо боюнча тийиштүү демилгелерди көтөрүү;
- Санариптик жана басылган басылмалар менен визуалдык/ кыймылдуу сүрөттөрдү, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык архивдик документтерди камтыган тарыхый, лингвистикалык жана археологиялык изилдөөлөр боюнча маалыматтык-документтик борбор ачуу;
- Институттун башкаруу кеңеши тарабынан тапшырылган башка иштерди аткаруу.
Башкаруу органдары
7-берене. Институттун башкаруу органдары – институттун мүдүрү, институттун башкаруу кеңеши, институттун кеңеши жана институттун консультативдик кеңеши.
Институттун мүдүрү
8-берене.
- Институттун мүдүрү Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар окутуучулардын ичинен үч жылдык мөөнөткө дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүдүр кайрадан шайлана алат. Институттун мүдүрү кызматка дайындоо тартибине ылайык зарыл учурларда кызматтан бошотулушу мүмкүн.
- Институттун мүдүрү институттун максаттарына ылайык иштерди үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүү, бардык иш-чараларды көзөмөлдөө жана контролдоо, күтүлгөн натыйжаларды алуу үчүн ректордун алдында жооптуу болот.
- Университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар окутуучулардын ичинен дайындалган эң көп эки мүдүрдүн орун басары болот. Институттун мүдүрүнүн орун басарлары институттун мүдүрүнүн сунушу боюнча Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан дайындалат.
- Инститтун мүдүрү кызмат ордунда жок болгон учурда анын милдетин мүдүрдүн орун басары/орун басарларынын бирөөсү, экөө тең кызмат ордунда болбогон учурда иш стажына жараша институттун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен бирөө аткарат. Бул милдетти аткаруу мөөнөтү алты айдан ашкан учурда институттун жаңы мүдүрү дайындалат.
Институттун мүдүрүнүн милдеттери
9-берене. Институттун мүдүрүнүн милдеттери төмөнкүдөй:
- Институтка өкүлчүлүк кылуу;
- Институттун кеңештерине мүчө дайындоо боюнча Ректоратка сунуш киргизүү;
- Институттун кеңештерин жыйынга чакыруу, жыйындарда төрагалык кылуу жана кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу;
- Институттун жалпы абалы, иштөө тартиби, институттун башкаруу кеңеши тарабынан даярдалган жана жүзөгө ашырылган иш-чаралары тууралуу отчетту ар бир окуу жылынын аягында жана талап кылынган учурда ректоратка тапшыруу;
- Институттун органдарынын жана бөлүмдөрүнүн үзгүлтүксүз иштешин, координациясын жана кызматташуусун камсыз кылуу;
- Институттун бардык кызматкерлерин жана институтта аткарылган иштерди тийиштүү ченемдик-укуктук документке ылайык контролдоо;
- Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргелешип өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча даярдалган келишимдерди Ректоратка сунуштоо;
- Тийиштүү ченемдик-укуктук документте каралган башка милдеттерди аткаруу.
Институттун башкаруу кеңеши
10-берене. Институттун башкаруу кеңеши институттун мүдүрүнөн жана анын орун басарларынан, институттун мүдүрү тарабынан сунушталган жана Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган, университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар үч окутуучудан түзүлөт. Кызмат мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен мүчөнүн ордуна ошол эле жол-жобонун негизинде жаңы мүчө дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүчө кайрадан дайындалышы мүмкүн.
Институттун башкаруу кеңешинин чечимдери жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо мүдүрдүн добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Институттун башкаруу кеңешинин милдеттери
11-берене. Институттун башкаруу кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
- Институттун кеңешинин чечимдеринде жана консультативдик кеңештин чечимдеринде аныкталган жол-жоболорду ишке ашырууда институттун мүдүрүнө көмөк көрсөтүү;
- Институттун иш-чараларын, пландарын, программаларын жана календарын ишке ашырууну камсыз кылуу;
- Институттун инвестиция, иш-чара, изилдөө программаларын жана алардын бюджетин даярдоо;
- Институттун иш-чараларына байланыштуу иштер жөнүндө чечим чыгаруу;
- Институттун жетекчилиги жана иш-чаралары боюнча мүдүр тарабынан аткарыла турган бардык иштерде чечимдерди кабыл алуу;
- Зарыл учурларда убактылуу жумушчу топторду түзүү жана алардын милдеттерин аныктоо;
- Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргелешип жүргүзүлө турган иш-чаралардын жол-жоболорун аныктоо жана келишимдерди даярдоо;

ЖОЖдон кийинки билим берүү
12-берене. Институтта КТМУнун ЖОЖдон кийинки билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын тийиштүү беренелерине ылайык ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары ачылышы мүмкүн. Ачылган программалар боюнча окуу-тарбия иштери жогоруда аталган нускамага жана тийиштүү жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
Институттун илимий тармагы боюнча бөлүм башчысы
13-берене. Институттун мүдүрү ачылган ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына факультеттин деканынын пикирин эске алуу менен тийиштүү факультеттин бөлүм башчысын ректоратка институттун илимий тармагы боюнча бөлүм башчысы катары сунуштайт. Ректор сунушталган бөлүм башчыны Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен институттун илимий тармагы боюнча бөлүм башчысы кылып дайындайт.
Институттун илимий тармагы боюнча бөлүм башчысынын милдеттери
14-берене. Институттун илимий тармагы боюнча бөлүм башчысынын милдети – бөлүмдүн ар бир багыты боюнча ЖОЖдон кийинки билим берүүнү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу.
Институттун кеңеши
15-берене. Институттун кеңеши институттун мүдүрүнөн жана анын орун басарларынан, институттун мүдүрү тарабынан сунушталган, Ректор тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган жана университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар окутуучудан жана институттун илимий тармагы боюнча бөлүм башчыларынан түзүлөт. Кызмат мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен мүчөнүн ордуна ошол эле жол-жобонун негизинде жаңы мүчө дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүчө кайрадан дайындалышы мүмкүн.
Институттун кеңеши ар бир семестрдин башында чогулат. Зарыл учурларда институттун мүдүрү институттун кеңешин жыйынга чакырышы мүмкүн. Институттун кеңешинин чечимдери жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо мүдүрдүн добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Институттун кеңешинин милдеттери
16-берене. Институттун кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
- Институттун окуу-тарбиялык, илимий-изилдөө жана басып чыгаруу иштерин жана бул иштерге байланыштуу жол-жоболорду, пландарды, программаларды жана окуу календарын иштеп чыгуу жана бекитүү.

Институттун консультативдик кеңеши
17-берене.
- Институттун консультативдик кеңешинин мүчөлөрү жергиликтүү жана эл аралык мекемелерде иштеген жана институттун иш багыттары боюнча билими жана тажрыйбасы бар кишилердин жана окумуштуулардын, университеттин ичинде же сыртында институттун иш багыттары боюнча иштеген окутуучулардын, мамлекеттик жана жеке секторлордун өкүлдөрү менен мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен тандалат. Институттун консультативдик кеңеши эң көп 10 мүчөдөн турат.
Консультативдик кеңешке мүчө болуу ыктыярдуу болуп саналат жана кеңештин мүчөлөрүнө аткарган кызматы үчүн акы төлөнбөйт.
2) Консультативдик кеңештин мүчөлөрү институттун мүдүрүнүн сунушу боюнча Ректор тарабынан дайындалат. Кеңештин мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү – эки жыл. Кеңештин мүчөлөрү бул мөөнөттүн аягында жаңыдан мүчөлүккө тандалышы мүмкүн. Институттун мүдүрүнүн кызмат мөөнөтү аяктаган учурда, консультативдик кеңештин мүчөлөрүнүн да кызмат мөөнөтү аяктайт. Кеңештин мүчөлөрү бул мөөнөттүн аягында жаңыдан мүчөлүккө тандалышы мүмкүн.
Консультативдик кеңеш жылына кеминде бир жолу институттун мүдүрүнүн чакыруусу боюнча чогулат. Жыйын институттун мүдүрүнүн төрагалыгы астында өтөт. Жыйынга кеңеш мүчөлөрүнүн абсолюттук көпчүлүгүнүн катышуусу талап кылынбайт. Консультативдик кеңештин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.
Институттун консультативдик кеңешинин милдеттери
18-берене. Институттун консультативдик кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
- Институттун жергиликтүү жана эл аралык байланыштарына көмөктөшүү жана кызматташуусуна салым кошуу;
- Институттун иш багыттары боюнча ой-пикирлерди жана сунуштарды берүү жана баалоо жүргүзүү;
- Университеттин консультативдик кеңешинин түзүлүшү жана иш алып баруу тартиби боюнча нускамасынын академиялык түзүмдөрдүн консультативдик кеңешинин милдеттери тууралуу беренесинде аныкталган милдеттерди жана жоопкерчиликтерди аткаруу.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Башка жоболор
Жабдуулар жана инвентарлар
19-берене. Институттун иш-чараларынын алкагында жүзөгө ашырылган илимий изилдөө иштери жана долбоорлор үчүн сатып алынган ар түрдүү аспаптар, жабдуулар жана инвентарлар институттун жана зарыл учурларда университеттин башка түзүмдөрүнүн колдонуусуна берилет.
Кадрларга болгон муктаждык
20-берене. Институттун институт катчысына, академиялык, административдик жана техникалык кадрларга болгон муктаждыгы Ректорат тарабынан дайындала турган кызматкерлер менен камсыздалат.
Нускамада каралбаган жагдайлар
21-берене. Бул нускамада каралбаган жагдайларда тийиштүү ченемдик-укуктук документтин беренелери жана Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонулат.
Күчүнө кириши
22-берене. Бул нускама Камкорчулар кеңешинин бекитүүсүнөн кийин күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
23-берене. Бул нускама университеттин Ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы 2022-01/4-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин кароосуна сунуштоо үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы 2021-14.86-номерлүү чечими менен кабыл алынган.