| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШ САПАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЧЫГЫМДАР БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 15 |
| Кабыл алганы | <span class="not-set">(not set)</span> |
| Ачкыч сөздөр |
ИШ САПАРЫНА ЧЫГЫМДАР |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШ САПАРЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЧЫГЫМДАР БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан өлкө ичине жана чет өлкөгө жиберилген кызматкерлердин иш сапарына байланыштуу чыгымдар боюнча эрежелерди аныктоо.
Бул нускама Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинде иштеген бардык кызматкерлерди узак мөөнөткө же убактылуу, ошондой эле университет тарабынан башка кишилерди убактылуу иш сапарга жиберүү боюнча жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренеси жана “Административдик кызматкерлер боюнча нускамасынын” 22-беренесине ылайык түзүлдү.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Кызматкер : |
Университеттин Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, университеттин Текшерүү комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, университетте туруктуу, убактылуу жана кошумча кызматта иштеген академиялык жана административдик кызматкер; |
|
Иш сапар чыгымдары : |
Нускамага ылайык каржыланышы керек болгон жол чыгымдары, кү-нүмдүк чыгымдар, зарыл чыгымдар, үй-бүлө чыгымдары, башка жерге көчүү чыгымдары ж.б. чыгымдардын бирөөсү, бир нечеси же бардыгы; |
|
Өлкө ичи : |
Кыргызстандагы кызматкерлер үчүн бул өлкөнүн, Түркиядагы кызмат-керлер үчүн бул өлкөнүн аймагындагы жерлер; |
|
Чет өлкө : |
Иштеген жери жайгашкан өлкөнү эске алганда Кыргызстан менен Түркиядан тышкары өлкөлөр; |
|
Иштеген жери : |
Университеттин кызматкеринин иштеген жери же/жана катталган жери; |
|
Башка жер : |
Нускаманын «Иштеген жери» аныктамасында көрсөтүлгөндөн башка жерлер; |
|
Зарыл чыгымдар: |
Кызматкерлердин иштеген же жашаган жери менен станция, пристань, аэропорт, гараж ортосундагы жол чыгымдары, жүк чыгымдары, виза ачууга жана убактылуу катталууга кеткен чыгымдар, паспорт чыгым-дары жана башка чыгымдар; |
|
Үй-бүлө мүчөлөрү: |
Кызматкердин жубайы (жолдошу) менен 18 жашка чыга элек балдары (турмуш кура элек, жаш курагына карабастан дарыланышы мүмкүн болбогон оорусунан же майыптыгынан улам ишке жарамсыздыгы медициналык комиссиянын отчету аркылуу тастыкталган балдар кошо эсептелет). |
|
Мейманкана чыгымдары : |
Кызматкердин убактылуу иш сапары менен барган жеринде кызмат өтөгөн ар бир күнү үчүн төлөнгөн акы. |
Убактылуу иш сапар чыгымы
4-берене. Университетке тийиштүү бир ишти ишке ашыруу максатында өлкө ичинде же чет өлкөгө убактылуу жиберилген кызматкерлерге жол чыгымдары жана күнүмдүк чыгымдар төлөнүп берилет.
Узак мөөнөттүк иш сапар чыгымы
5-берене. Биринчи жолу же жаңыдан университетке орношкон кызматкерлерге иштеп жат-кан учурда катталган жеринен, ошондой эле которулган же кызматынын өзгөрүшүнөн улам башка бир жерге жиберилген кызматкерлердин иштеген жеринен жаӊы иш жерине чейинки; жаза албаган болуусу эске алынуу менен университеттеги кызмат мөөнөтү аяктагандарга жайгашкан жеринен жарандыгы тийиштүү болгон өлкөнүн ичиндеги жашай турган жерине чейинки жол чыгымдары, күнүмдүк чыгымдар, үй-бүлө чыгымдары жана башка жерге көчүү чыгымдары узак мөөнөттүк иш сапар чыгымы катары төлөнөт. Бирок университетте туруктуу жана толук айлык акы алып иштебегендердин, ошондой эле иш сапар менен кайсы бир кызматка жиберилиши мүмкүн болуп, бирок атайын бир кесипке ээ болбогон кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөсүнүн (эгерде кызматкер биринчи жолу жана жаӊыдан кызматка орношкон болсо жана кызмат мөөнөтү кандайдыр бир себептен улам аяктаса) узак мөөнөттүк иш сапар чыгымы каржыланбайт.
Зарыл чыгымдардын төлөнүшү
6-берене. Убактылуу жана узак мөөнөттүк кызмат менен башка жерге жиберилген кызмат-керлерге алардын алууга тийиш болгон күнүмдүк чыгымдарынын бардыгы зарыл чыгым катары төлөнүп берилет. Бирок бир күндүк убактылуу иш сапарларында зарыл чыгымдар-дын көлөмү күнүмдүк чыгымдардын жарымын түзүшү керек.
Үй-бүлөсү үчүн зарыл чыгымдар төлөнбөйт.
Зарыл чыгымдарды төлөөдөн тышкары башка себептер менен тийиштүү кишилерге каржы-лоо жасалбайт жана эч бир төлөм төлөнбөйт.
Жол чыгымдары
7-берене. Эгерде келишимде башкача каралбаса, ыңгайлуу болгон жол жана унаага байла-ныштуу чыгымдар төлөнүп берилет. Бул жобого ылайык иштин өзгөчөлүгүнө жараша башка жол менен баруу же башка унааны колдонуу зарыл болгон учурда бул жол жана унаага бай-ланыштуу чыгымдар үчүн университеттин финансылык иштер боюнча жооптуу кишисинин мурун берген жазуу түрүндөгү буйругу болушу шарт.
Иш же кызмат талап кылган, ошондой эле чыгым аз жумшала турганы аныкталган учурда өлкө ичине жана чет өлкөгө иш сапары менен жиберилгенде университеттин финансылык иш боюнча жооптуу кишисинин макулдугу менен автомобиль жана башка унаалар ижарага алынышы мүмкүн. Унаа ижарага алынган же университеттин унаалары колдонулган учурда тийиштүү кишилерге жол чыгымдары төлөнбөйт.
Кызматкердин жеке унаасы менен иш сапарга чыккан учурда тийиштүү кишиге жол чыгымы катары унаанын чыгымы төлөнүп берилет. Бирден көп кызматкерди бир жерге иш сапарга жиберген учурда университет тарабынан жогорудагы пунктка ылайык бул кызматкерлердин ичинен бирөөсүнүн унаасын ижарага алууга болот. Бул учурларда тийиштүү кишилерге жол чыгымы катары унаасы ижарага алынган кызматкердин ижара акысынын 80 %ы төлөнөт.
Унаалардын колдонулушу
8-берене. Нускамага тиркелген тизмелердин 1-2-3-катарында/мамычаларында көрсөтүл-гөндөр өлкө ичинде жана чет өлкөдө учак, суу унаалары же поезд менен иш сапарга чыга алышат. Башка кызматкерлердин өлкө ичинде жана чет өлкөдө учак, суу унаасы жана поезд менен иш сапарга чыгуусу иштин маанилүүлүгүнө же бул унаалардын колдонулушунун зарылдыгына көз каранды жана университеттин финансылык иштер боюнча мурун берген жазуу жүзүндөгү буйругу болушу шарт. Тамак-ашты камтыбай унаа билетин алуу мүмкүн болбогон учурларда билет баасына тамак-аш акысы кошулуп, жол чыгымы катары төлөнүп берилет.
Университеттин Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү менен университеттин Текшерүү комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү ар кандай унаа менен иш сапарга чыга алышат жана аларга унаалардын эконом-класстан сырткары башка билеттин акылары да бирдей төлөнөт.
Иштеген жери ичиндеги жол чыгымдары
9-берене. Иштеген жери жайгашкан аймактын ичинде унаа менен кайсы бир жерге жибе-рилгенде университеттин же башка мекемелердин унааларын колдоно албаган учурда унаага жараша кеткен чыныгы чыгымдар боюнча жол чыгымы төлөнөт. Нускаманын 8-беренесинин акыркы пунктунда көрсөтүлгөндөр менен шашылыш жана зарыл болгон учурларда университеттин финансылык иштер боюнча жооптуу кишисинин жазуу түрүндөгү макулдугу менен тийиштүү унаадан сырткары башка унаа менен кайсы бир жерге жиберилген башка кызматкер тарабынан колдонулган унаага байланыштуу жол чыгымы төлөнөт.
Өлкө ичинде жана чет өлкөгө иш сапарларында берилүүчү күнүмдүк чыгымдар
10-берене. Нускаманын жоболоруна ылайык берилүүчү өлкө ичиндеги күнүмдүк чыгымдар нускамага тиркелген 1-тизмеде, ал эми чет өлкөлүк күнүмдүк чыгымдар 2-3-тизмеде анык-талган. Күнүмдүк чыгымдар тийиштүү кишинин университеттеги штаттык кызматы эске алынып төлөнөт. Бирден көп өлкөгө жасалуучу чет өлкөлүк иш сапарларда ар бир өлкөдө болуу мөөнөтү үчүн жасалуучу төлөмдөрдө ошол өлкөгө тийиштүү күнүмдүк чыгымдын көлөмү эске алынат.
Университеттин Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү менен Текшерүү комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү чет өлкөгө чыккан ар бир иш сапарларында алардын жолдо жүрүү жана чет өлкөдө болуу мөөнөтүнүн алгачкы 10 күнү үчүн төлөнүүчү күнүмдүк чыгымдар 50 пайызга көбөйтүлүп эсептелинет.
Нускаманын жоболоруна ылайык чет өлкөгө иш сапарынын чыгымдары төлөнө турган кызматкерлерге, ар бир иш сапарында жолдо жүрүү жана чет өлкөдө болуу мөөнөтүнүн алгачкы он күнүнө байланыштуу мейманкана үчүн жасалган төлөмдөрдү эсеп-фактура менен тастыктагандарга эсеп-фактурада көрсөтүлгөн мейманкана акысы күнүмдүк чыгымдан 40%дан ашып кеткен учурда, ашкан бөлүгүнүн 80%ы өзүнчө төлөнүп берилет. Бирок мейманкана үчүн төлөнгөн кошумча акы эсептелинген күнүмдүк чыгымдардын 100 %ынан ашпайт. Бул пункттун жоболору узак мөөнөттүк иш сапарынын чыгымдарынын эсептелишинде эске алынбайт.
Күнүмдүк чыгым көлөмүн азайтуу жана иш сапар чыгымын төлөбөө
11-берене. Иштин өзгөчөлүктөрү, бөлүнүп берилген каражаттын суммасы же иштеген жеринде акысыз же арзан мейманкана же тамак-аш менен камсыздалышы-камсыздалбашына байланыштуу жоболор эске алынып, нускамага тиркелген тизмелерде көрсөтүлгөн күнүмдүк чыгым көлөмүнөн азыраак төлөм төлөнүшү мүмкүн. Аз көлөмдөгү күнүмдүк чыгымдын төлөнүшү үчүн буйрук чыккандан мурун тийиштүү кишилерден бул жагдайды кабыл алгандыктары тууралуу жазуу түрүндөгү маалымкаттын алынышы жана тийиштүү буйрукта бул жагдайдын көрсөтүлүшү шарт. Бул пункттун жобосу нускаманын 8-беренесинин акыркы пунктунда көрсөтүлгөндөргө карата колдонулбайт.
Өлкө ичине жана чет өлкөгө иш сапарларында күнүмдүк чыгымдарды эсептөө
12-берене. Өлкө ичинде жана чет өлкөгө болгон иш сапарларга байланыштуу күнүмдүк чы-гымдар унаанын жолго чыккан убактысынан баштап бара турган жерге жеткен убактысына чейин өткөн ар бир 24 саат үчүн эсеп кылынат. Бул мөөнөттөн аз болгон иш сапарлары бир күн катары эске алынат. Бир күн үчүн жолдо жүрүү жана мейманкана чыгымдары төлөн-бөйт.
Иштеген жеринен сыртта жүрүп ооруп калгандарга берилүүчү күнүмдүк чыгымдар
13-берене. Убактылуу иштеген жеринде кызматкер ооруп калганынан улам иштей албаган учурда иштебеген күндөрдүн эң көп 5 күнү үчүн күнүмдүк чыгым төлөнүп берилиши мүмкүн.
Убактылуу кызмат боюнча күнүмдүк чыгымды берүүнүн максималдуу мөөнөтү
14-берене. Убактылуу кызмат боюнча өзүнүн иштеген жеринен башка жерге жиберилген кызматкерге календардык бир жылда өлкө ичинде 30, чет өлкөдө 30 күндөн ашык күндөлүк чыгым төлөнбөйт. Бул жобо университеттин Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана мүчө-лөрү менен университеттин Текшерүү кеӊешинин төрагасы жана мүчөлөрүнө карата колдо-нулбайт.
Университеттин Камкорчулар кеңешинин төрагасы зарыл деп эсептеген учурларда жогоруда белгиленген мөөнөткө университеттин Ректоруна жана Биринчи проректоруна бир календардык жылда 30 күнгө чейин кошумча күн бериши мүмкүн.
Үй-бүлө чыгымдары
15-берене. Үй-бүлө чыгымдары узак мөөнөттүк кызмат боюнча дайындалган кызматкердин үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн тийиштүү кызматкердин бул нускамада көрсөтүлгөн жол чыгымдарынын суммасынан турат. Кызматкердин иштегени келген жерде анын үй-бүлө мүчөлөрү туруктуу жашабаган учурда алар үчүн бул төлөм төлөнбөйт.
Башка жерге көчүү чыгымдары
16-берене. Өлкө ичинде башка жерге жана чет өлкөгө көчүү чыгымдары кызматкердин жа-рандыгы тийиштүү болгон өлкөгө ылайык күнүмдүк чыгымы, ишке кирүү күнү, иштен чыгуу жана иштен бошоо жагдайлары эске алынып эсептелинет.
Кызматкердин университетке ишке кирүү күнү менен иштен чыгуу күнү ортосундагы ар кандай өргүү жана ден соолугуна байланыштуу уруксат алуу күндөрүн кошо алганда анын иштөө мөөнөтү бир жыл жана андан көп болгон учурда күнүмдүк чыгымынын 10 эсеси, ал эми бир жылдан аз убакыт болгон учурда кызматкердин тартип жазасын жана өз каалоосу менен иштен чыгып кеткенин эске албаганда, анда ай жана күн боюнча эсептелген сумма төлөнүп берилет.
Кызматкер каза болгонуна байланыштуу университеттеги кызмат мөөнөтү аяктаган жана бул тийиштүү документтер менен тастыкталган учурда анын мыйзамдуу мураскорлоруна финан-сылык иштер боюнча жооптуу кишинин макулдугу менен каза болгон кызматкердин айлык акысынын 2 эсеси төлөнөт жана жараны болгон өлкөгө сөөгүн жеткирүү чыгымдары каржыланат.
Университеттин кызматкери болбогондордун иш сапары боюнча чыгымдар
17-берене. Университеттин кызматкери болбой туруп университетке тийиштүү бир кызматты аткаруу максатында убактылуу иш боюнча өлкө ичинде же чет өлкөгө жиберилгендерге төлөнө турган жол чыгымы жана күнүмдүк чыгымдар алардын статусу эске алынып, нускамага тиркелген тиркемелердин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөр үчүн каралган суммадан ашпай тургандай болуп университеттин финансылык иштер боюнча жооптуу кишисинин макулдугу менен аныкталат. Бул кишилерге нускаманын 6-беренеси боюнча зарыл чыгымдар да төлөнүшү мүмкүн.
Иштеген жеринен башка жерде дарылануу боюнча берилүүчү төлөмдөр
18-берене. Иштеген жеринде дарылануусу мүмкүн болбогондугу Ден соолук борборунун кеӊешинин отчету менен аныкталган кызматкер иштеген жеринен башка жерге жиберилген учурда аларга нускаманын 6-7-беренелерине ылайык зарыл чыгымдары жана жол чыгымдары төлөнүп берилет.
Ден соолук борборунун кеӊешинин отчетунда жүйөөлүү себеби көрсөтүлүп, кызматкердин дарылануусу үчүн иштеген жеринен башка жерге оорулууну коштоп бара турган киши менен баруусу зарыл болгон учурларда:
Оорукананын отчетунда жүйөөлүү себеби көрсөтүлүп, кызматкердин дарылануусу үчүн иш-теген жеринен башка жерге оорулууну коштоп бара турган киши менен баруусу зарыл бол-гон учурларда:
- Оорулуу дайындаган коштоп баруучу кишиге;
- Оорулууну коштой турган киши болбосо, университет тарабынан кызматкерлердин ичи-нен дайындалган кишиге зарыл чыгымдар жана жол чыгымдары төлөнүп берилет.
Университет тарабынан дайындалган кишиге оорулууну караган мөөнөтү ичинде күнүмдүк чыгымынын жарымы төлөнүп берилет.
Иш сапар чыгымын төлөө жана эсептөө
19-берене. Иш сапар чыгымы кызматкер кетип жатканда жана үй-бүлө мүчөлөрүн алып келүүдө накталай берилет. Бул чыгымдын толук суммасын мурда эсептөөгө мүмкүн болбо-гон учурда жетиштүү суммада акча каражаты аванс катары төлөнөт. Иш сапар чыгымын ал-дын ала же аванс катары алгандардын кандайдыр бир себептер менен убактылуу же узак мөөнөттүк иштеген жерине же жашай турган жерине 15 күн ичинде кетпей калса, алган акча-ларын тезинен кайтарып берүүгө милдеттүү.
Узак мөөнөттүк иш сапар менен башка жакка жиберилгендер ошол жерге жеткен күндөн тартып, ал эми убактылуу кызмат боюнча жиберилгендер менен нускамага ылайык башка төлөмдөрдөн пайдалангандар иштеген жерине кайтып келүү күнүнөн тартып бир ай ичинде тийиштүү документтер менен иш сапар чыгымдары тууралуу отчетун акчаны алган бөлүмгө бериши шарт. Бул бир айлык мөөнөт үй-бүлө мүчөлөрү кызматкерден мурун кеткен болсо, кызматкердин узак мөөнөттүк иштеген жерине жеткен күнүнөн тартып, ал эми кызматкер-ден кийин кеткен болсо, алардын кызматкердин жанына баруу күнүнөн баштап эсептелинет.
Бир айлык мөөнөттүн ичинде иш сапар боюнча отчетун жана чыгымдар тууралуу документин тапшырбагандарга иш сапар чыгымы төлөнбөйт. Аванс катары берилген акчалар тийиштүү кызматкердин карызы болуп эсептелинет.
Иш сапар чыгымынын такталган суммасы алынган аванстан көп болуп калса, калган суммасы тийиштүү кишиге төлөнөт. Ал эми аз болсо калган сумма тийиштүү кишиден 5 күндүн ичинде кайтарылып алынат. Чыгымдар тууралуу отчетко тиркеле турган документтердин бир бөлүгүнүн берилиши мүмкүн болбогон учурда жүйөөлүү себептери менен жумшалган чыгымдардын эсеби тийиштүү киши тарабынан университеттин бухгалтериясына жазуу түрүндө билдирилет. Жогоруда аталган бөлүмдөр тарабынан жүйөөлүү себептер негиздүү деп табылса жана чыгымдар ашыкча жумшалбаганы аныкталса, университеттин финансылык иштер боюнча жооптуу кишисинин макулдугу менен тийиштүү иш-чара көрүлөт жана бул чыгымдар тууралуу отчетко тиркелет.
Карыз болуп эсептелинген бул суммаларга алдын ала же аванс катары алынган күндөн тар-тып ар бир айы үчүн 5% үстөк кошулат. Карыз болуп эсептелинген акчалар үстөгү менен бирге тийиштүү кишиден макулдук алынбай туруп, кармалып алынат.
Иш сапар чыгымы:
- Түрк лирасы боюнча суммасы күнүмдүк чыгымдардын суммасынын Түркия Республи-касынын Борбордук банкы тарабынан жарыяланган валюта сатуу курсу менен;
- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом боюнча суммасы, күнүмдүк чыгымдар-дын суммасынын университеттин өзүнө эсеп ачтырган банк тарабынан ишке ашырылган валюта сатуу курсу менен көбөйтүлүшү аркылуу аныкталат. Аванс жана аткаруу иштеринде бул иштердин аткарылган күнүндөгү валюта курсу эске алынып аныкталат.
Жалган отчет берүү
20-берене. Нускаманын жол-жоболоруна ылайык жумшалган чыгымдардын суммасын кө-бөйтүп, жалган отчетту бергендерге жана тийиштүү документти колдонуп, бир нече жолу иш сапар чыгымдары жана башка төлөмдөрдөн пайдалангандарга карата тартип жазасы колдо-нулат. Ошону менен бирге бул кишилерге ашыкча төлөнгөн төлөмдөр алынган күндөн тарта эсептелип, айына 10% үстөгү менен тийиштүү кишилердин макулдугу алынбай туруп, кармалып алынат.
Бул берене менен 20-беренеге ылайык тийиштүү кишилерден кармалып алына турган карыз эсебиндеги ашыкча төлөмдөр жана буга тийиштүү үстөктөр ашыкча төлөм карыз деп эсепте-линген күндөн тартып бир жыл ичинде кармалып алынбаса, бул сумма ашыкча төлөм жаса-ган университеттин кызматкеринен кармалып алынат.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул нускама университеттин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
22-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
Бул нускаманын тиркемесинде берилген Өлкө ичиндеги күнүмдүк чыгымдар (№ 1-тизмеге) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы 2022-01/22-номерлүү чечими менен өзгөртүү киргизилген.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2001-жылдын 17-майдагы 2001-10-номерлүү жыйынынын 1-отурумунда бул нускаманын 10,14-беренелерине өзгөртүү киргизилген жана 11-берененин акыркы абзацы менен 19-берене жокко чыгарылган.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2001-жылдын 2-февралындагы 2001-1-номерлүү жыйынынын 2-отурумунда бекитилген.
Өлкө ичиндеги күнүмдүк чыгымдар (АКШ доллары)
(№ 1-тизме)
|
№ |
Кызматкердин кызматы |
Күнүмдүк чыгымдардын суммасы |
|
I |
Ректор, Биринчи проректор |
80 |
|
II |
Проректор, декан, жогорку мектептин мүдүрү, институттун мүдүрү, профессор, университеттин башкы катчысы |
60 |
|
III |
Доцент, доценттин милдетин аткаруучу, башкы катчынын орун басары, бөлүмдүн башчысы, юрист-консультант, факультеттин катчысы |
50 |
|
IV |
Ага окутуучу, окутуучу, адис, кыймылдуу мүлк эсепчиси, компьютер адиси, инженер |
40 |
|
V |
Башка кызматкерлер |
30 |
Түркиядан чет өлкөгө иш сапарларынын күнүмдүк чыгымдары (АКШ доллары)
(№ 2-тизме)
|
№ |
Өлкөлөр |
I |
II |
III |
IV |
V |
VI |
|
Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Текшерүү комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү |

Доцент, доценттин м.а., башкы катчынын орун басары, бөлүмдүн башчысы, юрист-консультант, факультеттин катчысы |
Ага окутуучу, окутуучу, адис, мүдүр, кыймылдуу мүлк эсепчиси, компьютер адиси, инженер |
Башка кызматкерлер |
||
|
1 |
Япония |
360 |
240 |
192 |
168 |
144 |
120 |
|
2 |
Швейцария |
260 |
173 |
138 |
121 |
104 |
87 |
|
3 |
Австрия, Англия |
240 |
160 |
128 |
112 |
96 |
80 |
|
4 |
Аргентина, АКШ, БАЭ, Бахрейн, Белгия, Алжир, Дания, Финляндия,Түштүк Корея, Ирландия, Испания, Швеция, Катар, Кувейт, Люксембург, Нигерия, Норвегия, Оман, Португалия, Сенегал, Сингапур |
210 |
140 |
112 |
98 |
84 |
70 |
|
5 |
Германия, Босния жана Герцеговина, Чехия Республикасы, Франция, Хорватия, Голландия, Израиль, Италия, Македония, Польша, Словакия, Словения Ватикан, Югославия, Греция |
200 |
133 |
106 |
93 |
80 |
67 |
|
6 |
Бразилия, Эфиопия, ЮАР, Ирак, Конго, Куба, Ливия, Ливан, Россия, Судан, Сауд Арабиясы, Иордания, Вьетнам |
190 |
126 |
101 |
88 |
76 |
63 |
|
7 |
Австралия, Болгария,Кытай, Марокко, Филлипин, Иран, Канада, Малайзия, Мексика, Египет, Румыния, Сирия, Чили, Венесуэла, Жаӊы Зеландия |
180 |
120 |
96 |
84 |
72 |
60 |
|
8 |
Афганистан, Албания, Азербайджан, Бангладеш, Белорусия, Индонезия, Гамбия, Грузия, Индия, Казакстан, Кения, Кыргызстан, Литва, Монголия, Молдова, Өзбекстан, Пакистан, Сомали, Тажикстан, Тайланд, Тунис, Түркменистан, Украина |
160 |
106 |
85 |
74 |
64 |
53 |
|
9 |
ТКТР |
150 |
100 |
80 |
70 |
60 |
50 |
|
10 |
Башка өлкөлөр |
180 |
120 |
96 |
84 |
72 |
60 |
Кыргызстандан чет өлкөгө иш сапарынын күнүмдүк чыгымдары (АКШ доллары)
(№ 3-тизме)

Германия, Босния жана Герцеговина, Чехия., Франция, Хорватия, Голландия, Израиль, Италия, Македония, Польша, Словакия, Словения, Ватикан, Югославия, Греция |
200 |
133 |
106 |
93 |
80 |
67 |
|
6 |
Бразилия, Эфиопия, ЮАР, Ирак, Конго, Куба, Ливия, Ливан, Россия, Судан, СаудАрабиясы, Иордания, Вьетнам |
190 |
126 |
101 |
88 |
76 |
63 |
|
7 |
Австралия, Болгария, КНР, Марокко, Филипин, Иран, Канада, Малайзия, Meксика, Египет, Румыния, Сирия, Чили, Венесуэла, Жаӊы Зеландия |
180 |
120 |
96 |
84 |
72 |
60 |
|
8 |
Афганистан, Албания, Бангладеш, Индонезия, Гамбия, Индия, Кения, ТКТР, Литва, Молдова, Пакистан, Сомали, Тайланд, Тунис, Түркия, Украина |
160 |
106 |
85 |
74 |
64 |
53 |
|
9 |
Азербайджан, Белорусия, Грузия, Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Туркменистан |
150 |
100 |
80 |
70 |
60 |
50 |
|
10 |
Казакстан (Aлматы) |
120 |
80 |
64 |
56 |
48 |
40 |
|
11 |