| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БАКАЛАВР ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУУ-ТАРБИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 17 |
| Кабыл алганы | 16.05.2017 |
| Ачкыч сөздөр |
БАКАЛАВР СЫНАК ӨТКӨРҮҮ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА БАКАЛАВР ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУУ-ТАРБИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ (ЖАҢЫ)
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Медицина факультетинен башка факультет, жогорку мектеп жана орто кесиптик колледжинде бакалавриат жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча жоболорду аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул нускаманын мазмуну Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Медицина факультетинен башка факультет, жогорку мектеп жана орто кесиптик колледжинде бакалавриат жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча негиздерди камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ченемдик укуктук документтеринин тиешелүү беренелеринин негизинде даярдалды.
Аныктамалар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- Университет: Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
- Ректорат: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты;
- Ректор: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору;
- Окумуштуулар кеӊеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеӊеши;
- Башкаруу кеӊеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин факультеттеринин, жогорку мектептеринин жана орто кесиптик колледжинин башкаруу кеӊеши;
- Академиялык түзүм: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин факультеттери/ жогорку мектептери / орто кесиптик колледжи;
- Академиялык түзүмдүн жетекчилиги: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин факультетинин деканы / жогорку мектептин мүдүрү / орто кесиптик колледжинин мүдүрү;
- Студенттик иштер башкармалыгы: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Студенттик иштер башкармалыгы;
- Бөлүмдүн академиялык кеңеши: Бирден ашык бөлүмдөрдөн турган түзүмдөрдө бөлүмдүн толук айлык акы алып иштеген профессор-окутуучуларынан (профессор, доцент жана доценттин м.а.) жана илимий даражасы бар ага окутуучулардан турган кеңеш (жогорку мектептерде / бир гана бөлүмү бар факультеттерде бөлүмдүн академиялык кеңешинин ишин жогорку мектептин кеңеши / факультеттин кеңеши жүргүзөт);
- Куратор: Студент Кыргыз-Түрк «Манас» университетине катталган күндөн тарта аталган университеттен чыкканга чейин каттоо, окуу-тарбия иштери жана студенттин университеттеги жашоосуна байланыштуу маселелер боюнча көмөк жана багыт көрсөтүү үчүн дайындалган окутуучу;
- Сабак: Окуу планы жана апталык программанын алкагында 45 мүнөткө созулган, окутуучу тарабынан ишке ашырылган билим берүү иши;
- Санарип сабак: Студент башка студенттердин жана окутуучулардын географиялык орун алышына көз карандысыз отуз беш минутага чейин созулган интернеттин же компьютердин жардамы менен ишке ашырылган сабактын мазмуну жана окуу материалы менен тааныштыруучу окуу-тарбия ишмердүүлүгүнө синхрондуу жана диахрондуу катышуусу;
- Окуу планы: Тийиштүү мекеме тарабынан бекитилген жана белгилүү бир программа үчүн колдонуу пландаштырылган, минималдуу окуу-тарбия ишин камтыган окуу планы. Бул окуу планындагы окуу-тарбия иши боюнча бардык талаптарды ийгиликтүү аткарган студент диплом алуу укугуна ээ болот;
- Эл аралык студент: Кыргыз Республикасындагы окуу жайды бүтүрбөгөн, Түркиянын жана Кыргызстандын жарандарынан тышкары түк тилдүү жана боордош мамлекеттердин жарандары;
- EККС: Европа кредит которуу системасы;
- Интернатура: Ветеринардык дарыгер кесиби боюнча адистешүү;
- GANO: Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо балл;
- YANO: Семестрдик орточо балл;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди кабыл алуу сынагы: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы;
- ЖРТ/ Грант: Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык сынагы.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Билим берүүнүн жалпы негиздери
Билим берүү тили
5-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университети кыргыз жана түрк тилдеринде билим берет;
(2) Зарыл болгон учурда Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ылайыктуу деп табылган сабактар билим берүү тилинде да, чет тилинде да Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган принциптердин алкагында өтөт.
Окуу формасы
6-берене. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим берүү күндүзгү окуу формасында жүргүзүлөт. Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кечки окуу формасы, ачык окуу формасы, сырттан окуу формасы, салттуу окуу формасы, дистанттык окуу формасы, гибрид түрүндөгү окуу формасы сымал окуу формаларынын бирин тандоого уруксат берет. Жогоруда саналып өткөн окуу формалары Окумуштуулар кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн жоболордун негизинде ишке ашат.
Студенттерди кабыл алуу үчүн бөлүнгөн орундардын санын аныктоо
7-берене. Бакалавриат жана орто кесиптик билим берүү программаларына студенттерди кабыл алуу үчүн бөлүнгөн орундардын саны түзүмдүн академиялык кеңешинин сунушу, түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими, Окумуштуулар кеңешинин кабыл алышы жана Камкорчулар кеңешинин буйругу менен аныкталат.
Академиялык календарь
8-берене. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим берүү Окумуштуулар кеңеши кабыл алган академиялык календарга ылайык ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын академиялык календары академиялык түзүмдөрдүн сунуштарын эске алуу менен Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан даярдалып, апрель айынын аягына чейин ректоратка сунушталат.
Студенттерди кабыл алуу
9-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университетине студенттер төмөндөгү сынактардын жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынат:
- Түркия Республикасынан башка өлкөлөрдүн жарандары жана Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерин бүтүргөн жарандар катышкан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан уюштурулган сынак;
- Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык тести (ЖРТ / Грант);
- Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин ченемдик укуктук документтеринин алкагында өткөн студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен түзүлгөн келишимдин негизинде тандалган же эл аралык студенттерди тандоо үчүн Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген негиздерге таянуу менен уюштурулган сынак;
- Өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагынын жыйынтыгы менен студенттерди кабыл алган түзүмдөр үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университети уюштурган сынак;
- Окумуштуулар кеңеши тарабынан эквиваленттүү деп эсептелген башка сынактар;
- Өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагынын жыйынтыгы менен студенттерди кабыл алган түзүмдөр уюштура турган сынактарга катышуу максатында арыз берүү, сынактын негиздери, сынактарды өткөрүү ыкмасы, сынак уюштурула турган күн жана башкалар жыл сайын апрель айынын этегине чейин тийиштүү түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан сунушталат жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилет. Өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагы тийиштүү түзүмдүн сунушу жана ректораттын чечими менен Кыргызстандан башка өлкөлөрдө да өткөрүлөт.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетине катталуу үчүн коюлган талаптар, акыркы каттоо жана каттоону жокко чыгаруу
10-берене. (1) Академиялык түзүмдөргө катталуу үчүн коюлган талаптар:
- Бул нускаманын тогузунчу беренесиндеги сынактардын жыйынтыгы менен талапкер Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өтөт;
- Бирдей деңгээлде күндүзгү окуу формасы менен билим берген башка ЖОЖдо катталган болбошу керек;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университети каттоо үчүн талап кылган бардык документтерди толук тапшырууга тийиш;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетине өткөн талапкер белгиленген мөөнөт ичинде акыркы каттоодон өзү же нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты берилген өкүлү аркылуу катталат. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде катталбаган талапкер студент болуу укугунан ажырайт;
- Каттоодо / сынакта жасалма же жараксыз документ колдонгон талапкер каттала албайт, эгер катталган болсо анын каттоосу жокко чыгарылат;
- Тигил же бул ЖОЖдон чыгарылган студент Кыргыз-Түрк «Манас» университетине кабыл алынбайт.
Даярдоо курсунда тил үйрөтүү жана тилден бошотуу
11-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университетине катталган студент билим берүү тилинен бошотулбаса, ал даярдоо курсунда тил үйрөнүүгө тийиш. Даярдоо курсунда тигил же бул бөлүмдүн өзгөчөлүгүнө жараша, Окумуштуулар кеңешинин чечими менен башка тил үйрөтүү программалары окутулат;
- Даярдоо курсунда тил үйрөтүү программалары, ал программаларды ишке ашыруу боюнча жол-жоболор жана тил үйрөнүүдөн бошотуу «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы» менен аныкталат.
Кураторлук
12-берене. (1) Ар бир студентке бөлүм башчылыгы тарабынан куратор дайындалат. Куратор билим алуу жана университеттеги турмуш-тиричиликке байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча студентке жардам берет. Эгер академиялык түзүмдө окутуучулар жетишсиз болсо, башка академиялык түзүмдөрдөн куратор дайындалат. Даярдоо курсунун студенттерине Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары кураторлук кылат;
- Кураторлук “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык кураторлук жөнүндө жобосуна” ылайык жүргүзүлөт.
Окуу жылындагы семестрлер
13-берене. Академиялык календарда окуу жылы күзгү жана жазгы семестрлерден турат. Окуу-тарбия иши семестрлердин ичинде ишке ашат. Бир семестр академиялык календарда көрсөтүлгөн сабактардын башталыш күнүнөн семестрдин аягындагы сынактардын башталыш күнүнө чейинки мөөнөт он төрт жумадан он алты жумага чейин созулат. Окумуштуулар кеңеши туура көрсө, бул мөөнөттү азайта же көбөйтө алат. Күзгү семестрлер так сан менен белгиленип, толук семестрди жана анын аягындагы сынактарды камтыйт; ал эми жазгы семестрлер жуп сан менен белгиленип, толук семестрди жана анын аягындагы сынактарды камтыйт.
Билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү
14-берене. (1) Даярдоо курсун эсепке албаганда, билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү орто кесиптик билим берүү программаларында төрт семестрден, бакалавриат программаларында сегиз семестрден, Ветеринария факультетинде он семестрден турат;
- Билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтү орто кесиптик билим берүү программаларында сегиз семестрге, бакалавриат программаларында он төрт семестрге, Ветеринария факультетинде он сегиз семестрге чейин созулат;
- Даярдоо курсу программаны өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтүнө кошулбайт;
- Академиялык өргүү программаны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн кемитилбейт;
- Келишим же студент алмашуу программаларынын алкагында берилген уруксат программаны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнө кошулат;
- Студент Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен убактылуу четтетүү жазасын алса, бул мөөнөт программаны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн кемитилет;
- Студент каттоосун жаңыртпаса, каттоосуз жүргөн бардык семестрлер программаны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнө кошулат.
Сабактын категориялары
15-берене. (1) Сабактар милдеттүү жана тандалма сабактар болуп эки категорияга бөлүнөт. Ар бир студент катталган бөлүмдүн / программанын окуу программасындагы милдеттүү сабактарды окууга тийиш. Студент кызыгуусуна жана куратордун сунушуна жараша тандалма сабактарды тандайт;
- Билим берүү программаларындагы сабактар төмөндөгүдөй:
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеги милдеттүү сабактар: Айрым бөлүмдөрдө / программаларда кезиккен бөтөнчө жагдайлардан сырткары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бардык студенттери окууга милдеттүү болгон сабактар;
- Факультеттин / жогорку мектептин милдеттүү сабактары: Айрым бөлүмдөрдө / программаларда кезиккен бөтөнчө жагдайлардан сырткары, факультеттин / жогорку мектептин бардык студенттери окууга милдеттүү болгон сабактар;
- Бөлүмдүн / программанын милдеттүү сабактары: Бөлүмдөрдүн / программалардын окутуу программасындагы жана бөлүмдүн / программанын бардык студенттери окууга милдеттүү болгон сабактар;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеги тандалма сабактар: Студенттердин билимине, жөндөмдөрүнө, кызыгууларына жана шыгына жараша сапаттуу жана түрдүү, коомдук кызмат, тарых, маданият жана көркөм сезимталдык, экологиялык маалымдуулук, илим жана технологиялар, өз алдынча иштөө, жоопкерчилик алуу, байланыш түзүү сыяктуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында окутулган сабактар;
- Факультеттеги / жогорку мектептеги тандалма сабактар: Факультеттин / жогорку мектептин бирден ашык бөлүмдөрүнүн / программаларынын студенттери окуу үчүн тандаган базалык сабактар;
- Бөлүмдүн / программанын тандалма сабактары: Адистигине жараша окуу үчүн студенттер катталган бөлүмдүн / программанын тандалма сабактары.
Окуу-өндүрүштүк практика
16-берене. Студент бөлүмдүн / программанын окуу планында көрсөтүлгөн семестрде окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүгө милдеттүү. «Кыргыз-Түрк Манас университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программасы боюнча билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк практика боюнча нускамасынын» негизинде окуу-өндүрүштүк практика ишке ашырылат.
Дипломдук иш
17-берене. Ветеринария факультетинен башка бакалавриат программаларынын акыркы курсунун студенттери штаттагы окутуучунун илимий жетекчилиги менен дипломдук иш жазышат. Дипломдук иш «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин дипломдук иш жазуу жөнүндө жобосунда» көрсөтүлгөн талаптарга ылайык аткарылат.
Окуу планы
18-берене. (1) Бөлүмдүн / программанын окуу планындагы сабактардын семестрлерге бөлүнүшү жана киргизилген өзгөртүүлөр түзүмдүн академиялык кеңешинин сунушу, Түзүмдүн кеңешинин чечими жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин буйругу менен бекитилет. Окуу планына киргизиле турган өзгөртүүлөр жыл сайын май айынын этегине чейин Окумуштуулар кеңешине жиберилет;
- Окуу планы боюнча орто кесиптик билим берүү программаларында жүз жыйырма кредит-саат, сегиз семестрден турган бакалавриат программаларында экижүз кырк кредит-саат, он семестрден турган бакалавриат программаларында үч жүз кредит-саатты түзгөн сабак жана иш-чаралар өтүлөт;
- Окуу планы сабактардын апталык программасы түрүндө даярдалат жана бир окуу жылында алтымыш кредит-саат, ал эми бир семестрде 30±2 кредит-саатты түзгөн сабактар өтүлөт;
- Окуу планына жана программанын өзгөчөлүгүнө ылайык милдеттүү жана тандалма сабактар, семинар, окуу-өндүрүштүк практика, лабораториялык иш, клиникада иштөө, адистигине байланыштуу иштөө жана башка буга окшогон иш-чаралар менен мамлекеттик сынак, дипломдук ишти аткаруу жана жактоону камтыйт;
- Студенттер ар бир семестрде окуй турган милдеттүү жана тандалма сабактар, университетти ийгиликтүү бүтүрүү үчүн окутула турган тандалма сабактардын саны, өтүлө турган окуу-өндүрүштүк практиканын саны, кайсы семестрде кайсы тандалма сабак жана окуу-өндүрүштүк практика өтүлө турганы жана башка иш-чаралар тууралуу окуу программасында кеңири маалымат берилет.
Окутула турган сабактар, сабак боюнча жооптууларды аныктоо жана дайындоо
19-берене. (1) Бөлүмдөрдүн / программалардын окуу программасында тигил же бул семестрде окутула турган бардык милдеттүү жана тандалма сабактар камтылат. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окутулган орток сабактарды берген окутуучулар орток сабактардын координаторлугунун сунушу менен, ал эми башка сабактарды берген окутуучулар түзүмдүн академиялык кеңеши тарабынан дайындалат. Бир тандалма сабакка бирден ашык окутуучу дайындалбайт;
- Бөлүмдүн штаттагы окутуучулары кезеги менен сабак боюнча жооптуу болуп дайындалып турат. Окутуучу жетишсиз болгон түзүмгө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин башка түзүмдөрүнөн окутуучу талап кылынат. Буга карабастан, сабак боюнча жооптуу окутуучу дайындалбаса, башка университеттерден адистиги боюнча белгилүү ага окутуучу, доценттин м.а., доцент, профессор, илимдин кандидаты, зарыл болсо илимий даражасы жок ага окутуучу же адистер жарым айлык акы төлөнүүчү же саатына айлык акы төлөнүүчү окутуучу катары дайындалат;
- Орток сабактарды берүү үчүн окутуучулар орток сабактар координаторлугу тарабынан, бөлүмдүн сабактарын берүү үчүн окутуучулар түзүмдүн кеңешинин чечими менен күзгү семестрде август айынын экинчи аптасынa чейин, жазгы семестрде декабрь айынын биринчи аптасына чейин ректоратка билдирилет;
- Сабак бере турган окутуучулар ректорат тарабынан иликтенгенден кийин, тандалма, орток жана түзүмдүн сабактарынын тизмеси Студенттик иштер башкармалыгы жана тийиштүү факультеттин / жогорку мектептин жооптуу катчылары тарабынан сабактарга катталуу күнүнө чейин электрондук түрдө студенттерге тандоо үчүн сунушталат;
- Сабактарды кошуу / алып салуу мөөнөтүнүн соңунда сабактарды берүү үчүн дайындалган окутуучулар тууралуу түзүмдүн башкаруу кеңешинин жана орток сабактар координаторлугунун чечими ректоратка жиберилет. Сабак бере турган окутуучулар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен дайындалат.
Сабактардын апталык программасы
20-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин орток сабактарынын апталык программасы орток сабактар координаторлугу тарабынан даярдалып, сабактарды каттоодон бир ай мурун тийиштүү түзүмдөргө жиберилет. Орток сабактардын сабактардын апталык программасынын негизинде милдеттүү / тандалма / бөлүмдүн сабактарын камтыган сабактардын апталык программасы түзүмдөр тарабынан даярдалат;
- Түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилген сабактардын апталык программасы сабактарды каттоо башталардан эки күн мурун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин сабактардын планы системасына катталат жана түзүмдүн жана / же бөлүмдүн веб баракчасында жарыяланат;
- Бөтөнчө жагдайлардан башка учурда, сабактар катталгандан кийин сабактардын апталык программасына өзгөртүүлөр киргизилбейт.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Сабактарды каттоо жана окуу-тарбия ишин баштоо
Сабактарга катталуу жана каттоону жаңыртуу
21-берене. (1) Студент ар бир семестрдин башында академиялык календарда көрсөтүлгөн күндөрдө каттоосун жаңыртууга тийиш;
- Биринчи курстун студенти бардык сабактарга, жогорку курстун студенти алгач мурун өтпөй калган же мурун окууга тийиш болгонуна карабастан, окубай калган сабактарга катталат;
- Окуу планынан алынып салынган милдеттүү сабактан өтпөй калган студент ал сабактын ордуна коюлган башка сабакты окууга тийиш. Эгер ал сабак башка сабак менен алмаштырылбаса, студентке жоопкерчилик жүктөлбөйт. Бирок университетти ийгиликтүү бүтүрүүсү үчүн Европа кредит которуу системасы боюнча талап кылынган кредит-саатын толуктоо максатында башка сабакты окуйт;
- Студент бөлүм / программа талап кылган эрежелер боюнча тандалма сабактарды тандайт. Өтпөй калган тандалма сабактардын ордуна кайра ошол сабакты же башка тандалма сабакты окуй алат;
- Студент баллын жогорулатуу максатында DD, DC жана CC тамга баасын алган бардык сабактарды же кээ бирин кайра окуй алат. Мындай учурда акыркы алган баллы эсептелет;
- Студент бир семестрде кредит-саатсыз сабактардан тышкары 28ден 32ге чейин кредит-саат сабак окуй алат;
- Биринчи жана экинчи семестрлерден тышкары, берилген семестрге чейинки орточо баллы төрт баллдык система менен 1.80ден төмөн болгон студент отуз эки кредит-саатка чейин, ал эми орточо баллы төрт баллдык система менен 1.80 жана андан жогору болгон студент мурунку семестрлерден жана өзүнүн семестринен кырк эки кредит-саатка чейин сабак окуй алат;
- Төрт баллдык система боюнча орточо баллы 3.00 же андан жогору жана мурунку жылдардагы сабактарынын баарын ийгиликтүү аяктаган студент үчүнчү семестрден баштап катталган семестринде окууга тийиш болгон сабактар менен биргеликте кырк эки кредит-саатка чейин жогорку семестрлердеги сабактарды кошуп окуй алат;
- Катарынан келген эки семестрди ийгиликтүү бүтүрө турган студентке кырк беш кредит-саатка чейин сабак тандоого уруксат берилет;
- Студент, каттоосун жаңыртуу учурунда катталган сабактардан башка, алгач окууга тийиш болгон сабактардан тышкары башка сабактарды куратору менен кеңешип, кошуу / алып салуу учурунда окула турган сабактардын тизмесинде калтыра алат, алмаштыра алат жана жаңы сабак кошо алат;
- Каттоосун жаңыртпаган студент жүйөсүн документ менен тастыктап, аны түзүмдүн башкаруу кеңеши кабыл алса, ал студент сабактарды кошуу / алып салуу башталганча каттоодон өтө алат. Студенттин ден соолугуна байланыштуу маалымкаты Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ден соолук борбору тарабынан тастыкталат;
- Студент ар башка тилде, бирок бир эле код жана аталыш менен берилген сабактардын бирине гана каттала алат;
- Студент бир окутуучу берген сабактарды тандаса, анда бул тандалма сабактардын жалпы саны студент окууга тийиш болгон тандалма сабактардын санынын жарымынан ашпашы керек;
- Каттоону жаңыртуу жана сабактарды кошуу / алып салуу куратордун макулдугу менен ишке ашат. Куратор бөлүнгөн мөөнөт ичинде тастыктабаса да студент тандаган сабактар автоматтык түрдө бекитилет;
- Студент каттоосун жаңыртпаган семестрде эч кандай иш-аракет кыла албайт;
- Жүйөсү кабыл алынбаган же каттоодон өтпөгөн студент кийинки семестрдин башында каттала алат;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетине кабыл алынган студент сабактарга катталуу укугуна ээ болгон күндөн тартып, катоосун жаңыртса да, жаңыртпаса да окуган ар бир сесместр билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтүнөн кемитилет;
- Катары менен жүйөсүз эки семестр каттоодон өтпөгөн студент университеттен чыгарылат.
Окуу программасындагы тандалма сабактар
22-берене. Милдеттүү учурдан башка кырдаалдарда тигил же бул тандалма сабактын окутулушу үчүн кеминде жети студент сабакка катталышы керек. Сабактарды кошуу / алып салуу мөөнөтү аяктаганга чейин бир сабакка жетиштүү санда студент катталбаса, ал сабак окутулбайт.
Сабактарды кошуу, кийинкиге калтыруу, алмаштыруу жана окутулбай турган сабактын ордуна башка сабак тандоо
23-берене. (1) Студент куратордун уруксаты менен тандаган сабактарын кошуу / алып салуу учурунда кийинки жылга калтыра алат, алмаштыра алат же башка сабак окуй алат;
- Окутулбай турган тандалма сабактарга катталган студент сабактарды кошуу / алып салуу учурунда сунушталбаган тандалма сабактардын ордуна башка сунушталган тандалма сабакты тандай алат. Бул мөөнөттөн кийин окутула баштаган тандалма сабактар боюнча өзгөртүүлөр киргизилбейт.
Чет тили сабактарынан бошотуу
24-берене. Академиялык календарда көрсөтүлгөн күндөрү чет тили сабактарынан бошотуу сынактары уюштурулат. Бул сынакта СС же андан жогору тамга баа алган студент бул сабактан бошотулат жана анын баасы маалымат баракчасында көрсөтүлөт.
Сабактарды эсепке алуу, сабактардан бошотуу жана сабактардын дал келиши
25-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавриат жана орто кесиптик билим берүү программаларына алгачкы жолу катталган студент мурунку ЖОЖдо окуп, ийгиликтүү аяктаган сабактарын эсепке алуу үчүн кайрыла алат;
- Студенттин бөлүм башчылыгына маалымат баракчасы жана сабактын мазмуну тиркелген арызы менен кайрылышы менен мурунку окуган сабактарын эсепке алуу жана ал сабактардан бошотуу процедурасы башталат;
- Акыркы беш жылда окуган сабактарынан алган баасы кеминде CC болгон, кредит-сааты менен сабактын мазмуну туура келген студент түзүмдүн окутуучуларынан турган үч кишилик комиссиянын чечими менен ал сабактан бошотулат. Бошотула турган сабактын кредит-сааты катталган программанын кредит-саатынын үтөн биринен ашык болбошу керек. Түзүмдүн академиялык кеңешинин чечими жана түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен сабактардын дал келиши аныкталат;
- Студент бошотулган сабактын тамга баасы анын маалымат баракчасында көрсөтүлөт.
Горизонталдык жана вертикалдык которулуу
26-берене. (1) Башка ЖОЖдордон Кыргыз-Түрк «Манас» университетине горизонталдык жана вертикалдык которулуу жолу менен студент кабыл алынбайт. Коюлган талаптарды аткарган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти тийиштүү бөлүмгө / программага горизонталдык жана вертикалдык которула алат. Горизонталдык жана вертикалдык которулуу «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин горизонталдык жана вертикалдык которулуу жөнүндөгү жобосунун» негизинде ишке ашат.
Кошумча адистик берүү жана кош диплом программалары
27-берене. Бакалавриат программаларында студент өзүнүн бакалавриат программасына кошумча башка бөлүмдүн кошумча адистик берүү же кош диплом программасына каттала алат. Кошумча адистик берүү жана кош диплом программалары «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кошумча адистик берүү жана кош диплом программасы боюнча нускамасынын» негизинде ишке ашат.
Сабакка катышуу милдеттүүлүгү жана сабакты кайра окуу
28-берене. (1) Студент сабактарга милдеттүү түрдө катышат. Биринчи жолу катталган теориялык сабактын кеминде жетимиш пайызына, ал эми практикалык сабактын кеминде сексен пайызына, теория жана практикадан турган сабактын теориялык бөлүгүнүн кеминде жетимиш пайызына жана практикалык бөлүгүнүн кеминде сексен пайызына катышышы талап кылынат. Бул талаптарды аткарбаган студент сабакка катышкан жок деп эсептелет;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин атынан коомдук, маданий жана спорт иш-чараларына катышуу максатында университеттин башкаруу кеңешинин чечими менен уруксат алган студент сабактарда жоктолбойт. Студент уруксат алган учурда сынактар болуп өтсө, студентке жүйөлүү сынакка кирүү укугу берилет;
- Сабакка катышпаганына байланыштуу сабакты кайра окууга тийиш болгон студент милдеттүү түрдө сабакка катышат;
- Сабакка катышып, бирок сынактан өтпөгөн же баасын жогорулатууну каалаган студент сабакка катышууга тийиш эмес;
- Спорт илимдери факультети жана Көркөм өнөр факультетинде индивидуалдуу практикалык сабактарын кайра окуган студенттен факультеттин башкаруу кеңешинин чечими менен сабакка милдеттүү түрдө катышуусу талап кылына алат;
- Студенттин сабакка катышуусу сабак боюнча жооптуу окутуучу тарабынан көзөмөлдөнөт жана студент электрондук жоктомо системасында жоктолот;
- Бир эле сабакка эки жолу окуганына карабастан «сабакты көп калтырды» деп эсептелген студент университеттен чыгарылат.
Интернатура
29-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ветеринария факультетинин студенттери онунчу семестрде интернатурадан өтөт;
- Биринчи семестрден тогузунчу семестрге чейинки сабактардын практикалык бөлүгүн тапшырбаган студент интернатурадан өтө албайт;
- Жазгы семестрдеги теориялык сабактардан өткөн же эң көп сегиз кредит-саатка чейинки сабактардан өтпөй калган студент интернатурадан өтүү үчүн каттала алат;
- Интернатура учурундагы ар бир сабактын сексен пайызына милдеттүү түрдө катышат;
- Интернатура учурунда мобилдик жана тез жардам клиникалык практикасы өтүлөт.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Сынактар, сынактарды баалоо жана орточо балл
Сынактар
30-берене. (1) Билим алуу учурунда ара сынак, семестрдин аягындагы сынак, жүйөлүү сынак, бир сабак сынагы, интернатура боюнча сынагы, кошумча сынак, мамлекеттик сынак жана дипломдук ишти жактоо уюштурулат;
- Сынактар жазуу жүзүндө, практика жүзүндө, жазуу-оозеки же жазуу-практика жүзүндө болот. Бирок сабактын өзгөчөлүгүнө жараша сынакты тийиштүү түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен оозеки жүзүндө да өткөрсө болот;
- Семестрдин аягындагы сынак, бир сабак сынагы, мамлекеттик сынак жана дипломдук ишти жактоо академиялык календарда көрсөтүлгөн күндөрү, башка сынактар болсо тийиштүү түзүмдүн башкаруу кеңеши белгилеген күндөрдө болот;
- Диний жана улуттук майрамдардан башка эс алуу күндөрү жана ишемби, жекшемби күндөрү сынак өткөрсө болот;
- Бир семестрде бир күндө эң көп эки сынак болот;
- Сынак боло турган күндөр бөлүмдүн / программанын башчылары тарабынан белгиленип, түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен сынак боло турган күндөн он беш күн мурун жарыяланат;
- Сынактар сабак боюнча жооптуу окутуучу жана бөлүм башчылыгы тарабынан дайындалган окутуучулардын катышуусу менен болот;
- Студенттер сынак өтө турган күнү белгиленген саатта сынак өтө турган бөлмөгө өздүгүн тастыктоочу документтин көрсөтүү менен кирет. Сынакка катыша турган студенттерден башка студент сынакка кирбейт;
- Дистанттык окуу формасында өткөн сабактардын сынактары видеого жазылат жана мыйзам чегинде текшерүүгө мүмкүндүк бере тургандай интерактивдүү-онлайн түрүндө болот;
- Сынактан кийин анын жыйынтыктары он беш күн ичинде жарыяланат.
Ара сынак жана башка семестрдин ичиндеги иш-чаралар
31-берене. (1) Сабактын практикалык жана лабораториялык иштерди жана алардын натыйжалуулугун арттыруу максатында ар бир семестрде кеминде бир жолу ара сынак болот;
- Бир ара сынак 30 / (2)-беренин негизинде болууга тийиш. Башка ара сынактын ордуна үй иши, сабакка катышуу, окуу-өндүрүштүк практика, лабораториялык иш, реферат, устаканадагы ишмердик, семинар, талаа жумуштары, ишмердүүлүк жана башка ушул сыяктуу иш-чаралар да баалоо критерийлери катары эсептелиши мүмкүн;
- Бир сабактын ара сынактарынын пайыздык катышы жооптуу окутуучу тарабынан семестрдин биринчи айында автоматташтырылган системада көрсөтүлөт;
- Дипломдук иш, окуу-өндүрүштүк практика, адистигине байланыштуу иштер ж.б.у.с. үчүн ара сынак болбойт.
Семестрдин аягындагы сынак
32-берене. (1) Семестрдин аягындагы сынак - семестр бүткөндөн кийин семестрдин ичинде өтүлгөн сабакты, окуу-өндүрүштүк практиканы жана лабораториялык иштерди студенттин өздөштүрүүсүн баалоо максатында академиялык календардагы күнү өткөн сынак;
- Семестрдин аягындагы сынактар өтө турган күндөр бөлүмдүн / программанын башчысы тарабынан белгиленет жана түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык календардагы сынак өтө турган күндөн он беш күн мурун жарыяланат. Өзгөчө кырдаалдардан башка учурда сынак өтө турган күндө өзгөртүлбөйт;
- Сабакка талап кылынган саат катышпаган студент семестрдин аягындагы сынакка кире албайт;
- Бир сабактын семестрдин аягындагы сынагына кирбеген же сынаккa кирип жүздөн кырк баллдан төмөн алган студент ал сабактан өтпөйт.
Жүйөлүү сынак
33-берене. (1) Жүйөлүү сынак−28/(2)-берененин негизинде уруксат алган жана түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен жүйөсү кабыл алынган студент кирбей калган сабактын ара сынак жана / же семестрдин аягындагы сынагынын ордуна уюштурулган сынак;
- 28/(2)-берененин негизинде уруксат алган студент уруксат мөөнөтү бүткөндөн кийинки апта ичинде жүйөлүү сынакка катышуу боюнча кайрылуу баракчасын толтуруп, бөлүм башчылыгына тапшырат;
- Жүйөлүү сынакка кирүүнү каалаган студент жүйөсү бүткөндөн кийинки аптада сынакка катышуу боюнча кайрылуу баракчасын толтуруп, бөлүм башчылыгына тапшырат. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ден соолук борбору тарабынан тастыкталган маалымкат менен башка жүйөсүн (табигый кырсык, эң жакын же башка жакын туугандарынын өлүмү, кармалуу, камалуу ж.б. кырдаалдар) тастыктаган документтерин тиркейт;
- Ара сынак үчүн өткөн жүйөлүү сынактар семестр бүткөнгө чейин, семестрдин аягындагы сынак үчүн өткөн жүйөлүү сынактар болсо кийинки семестрдеги сабактарды каттоого чейин түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн күндөрү өтөт;
- Ден соолугуна байланыштуу жүйөсүн көрсөткөн мөөнөт ичинде студент сынактарга кире албайт. Студент кирген сынактар жокко чыгарылат;
- Жүйөлүү сынакка кирбеген студент үчүн кайра жүйөлүү сынак уюштурулбайт.
Интернатура боюнча сынак
34-берене. (1) Интернатура боюнча сынак − Ветеринардык дарыгер кесиби боюнча адистешүүнүн аягында өткөн сынак;
- Интернатура боюнча ара сынактар болбойт;
- Интернатура учурунда студенттердин окуу-өндүрүштүк практикасы бүткөндөн кийин ар бир сабактын жооптуу окутуучусу тарабынан сынак уюштурулат. Бул сынактарда студенттен ар бир сабак боюнча окуу-өндүрүштү практикадан кеминде жүздөн элүү балл алышы талап кылынат. Студент элүү баллдан төмөн балл алган бардык интернатуралардан кайра өтүүгө милдеттүү;
- Интернатура боюнча семестрдик орточо баа − интернатурадагы ар бир сабактын сынагынын баллы ал сабактын кредит-саатына көбөйтүлүп, сабактардын жалпы кредит-саатына бөлүнүшү менен аныкталат;
- Студент интернатурадан ийгиликтүү өтүү үчүн интернатура боюнча семестрдик жетишкендиги кеминде CC тамга баасы болушу керек;
- Интернатура боюнча студенттин семестрдик жетишкендиги CC тамга баасынан төмөн болсо, ал студент интернатурадан өткөн жок деп саналат. Интернатураны кайра окууга тийш болгон студент интернатуралардын арасынан тандай турган сабактары менен интернатура боюнча коюлган семестрдик орточо баасын кеминде CCге жогорулатышы талап кылынат.
Бир сабак сынагы
35-берене. (1) Университетти ийгиликтүү бүтүрүү үчүн сабактарга катышуу талаптарын аткарган студент, бир эле сабактан FF же GM алып калса же бардык сабактардан канааттандырарлык баа алганына карабастан, бүтүрүү үчүн талап кылынган жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 2.00ге жетпей калса, студент билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнүн ичинде академиялык календарда көрсөтүлгөн күнү бир сабак сынагына кире алат;
- Студент бир сабак сынагынын жыйынтыгында эң жогорку тамга баа AA алганына карабастан, орточо баасын 2.00ге жеткире албаса бир сабак сынагына кире албайт;
- Дипломдук иш, окуу-өндүрүштүк практика, интернатура, адистик боюнча окуу-өндүрүштүк практика сыяктуу практиканы талап кылган сабактар боюнча бир сабак сынагына кирүүгө уруксат берилбейт;
- Студент бир сабак ынагына кирүү жөнүдөгү арызын академиялык календарда көрсөтүлгөн бир сабак сынагы өтө турган күндөн эки күн мурун бөлүм башчылыгына берет. Куратор жана Студенттик иштер башкармалыгы студентти иликтегенден кийин бир сабак сынагына кирүүсүнө уруксат берет;
- Бир сабак сынагын баалоодо семестрдин ичиндеги жана аягындагы сабактын сынагынын баллдары эске алынбайт;
- Бир сабак сынагынан DD жана андан жогору тамга баа алган учурда жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллын 2.00ге жеткире албаган студент бир сабак сынагынан өтпөйт;
- Өтпөй калган студенттин бир сабак сынагынан алган баасы жараксыз деп табылат жана студент баасын жогорулатуу үчүн бул сабакты жана / же башка сабактарды кийинки семестрде окуй алат. Ал студент бул сабактарга милдеттүү түрдө катышууга тийиш эмес.
Мамлекеттик сынак жана дипломдук ишти жактоо
36-берене. (1) Университетти ийгиликтүү бүтүрүү үчүн окуу программасындагы бардык талаптарды аткарып, дипломдук ишин жазып бүткөн студент академиялык календарда көрсөтүлгөн күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук-ченемдик документтериндеги эрежелерге ылайык мамлекеттик сынакка кирет жана дипломдук ишин жактайт;
- Мамлекеттик сынак өтө турган жана дипломдук иш жакталчу жер, күн жана саат академиялык календарга ылайык, бөлүм башчылыгы тарабынан белгиленет жана он күн мурун студентке билдирилет;
- Мамлекеттик сынак жана дипломдук ишти жактоо − бөлүм башчылыгынын сунушу, түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими, ал чечимди Окумуштуулар кеңешинин кабыл алышы жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен түзүлгөн мамлекеттик аттестациялык комиссиясы тарабынан уюштурулат;
- Мамлекеттик сынакка кирбеген же мамлекеттик сынактан өтпөгөн студент дипломдук ишин жактай албайт;
- Мамлекеттик сынакка жүйөсүз кирбеген же сынактан өтпөгөн студент беш жылдын ичинде эң көп эки жолу мамлекеттик сынакка кире алат жана дипломдук ишин жактай алат;
- Мамлекеттик сынактан өткөн студент алдын ала белгиленген күнү жана саатта дипломдук ишин жактай алат;
- Дипломдук иш жакталып жатканда бардык каалоочулар эркин катыша алат;
- Дипломдук иш тийиштүү ишин комиссиянын бөлмөсүндө оозеки түрдө жактай;
- Дипломдук ишти жактоо 15 мүнөттөн 30 мүнөткө чейин созулат;
- Дипломдук ишти жакталып жатканда студенттин дипломдук иштин темасын өздөштүргөнүнө баа берилет. Студент дипломдук ишинин кыскача мазмуну менен тааныштырат. Темага байланыштуу оозеки суроо-жооп берүү менен дипломдук иш жакталат;
- Дипломдук иштин жакталышына тийиштүү комиссиянын мүчөлөрү баа берет. Студент бул сынактан өткөнү же өтпөгөнү бир добуштан же көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, чечим чыгарылат;
- Дипломдук ишти жактоонун жыйынтыгы тийиштүү комиссиянын төрагасы тарабынан студентке комиссиянын бөлмөсүндө оозеки билдирилет;
- Дипломдук ишти жактоо учурунда иш толук бүткөн эмес деген чечим чыгарылса, студент кийинки семестрде дипломдук ишин жактоого тийиш;
- Дипломдук ишин ийгиликтүү жактаган жана дипломдук иши кабыл алынган студент тийиштүү комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу менен дипломдук иштин акыркы вариантын тийиштүү жобого ылайык даярдап, бөлүмдүн башчылыгына тапшырат;
- Мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырганына карабастан, дипломдук ишин жактоого эки жолу жүйөсүз катышпаган же сынактан өтпөгөн студент университеттен чыгарылат.
Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтүндөгү кошумча сынак
37-берене. (1) Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтү бүтө электе бардык сабактарын ийгиликтүү тапшырганына карбастан, жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 1.80ден 1.99га чейинки студентке түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен орточо баллын 2.00ге чейин жогорулатуу максатында DD же DC тамга баасын алган сабактардан бирден кошумча сынак укугу берилет;
- Кошумча сынакка кирүүнү каалаган студент семестрдеги сынактын жыйынтыктарын жарыялагандан кийин үч күн ичинде жазуу түрүндө деканатка / жетекчиликке кайрылат;
- Кошумча сынактар түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечиминде белгиленген күндөрү кийинки семестр башталганга чейин уюштурулат;
- Кошумча сынактарды баалоодо сынактардын семестрдин ортосунда жана аягындагы баллдары эске алынбайт;
- Кошумча сынактар бүткөндө жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллын 2.00ден жогорулата албаган студенттин бул сынактардан алган баллдары жараксыз болуп эсептелет;
- Кошумча сынактардын соңунда жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллын 2.00ден жогорулата албаган жана / же кошумча сынак укугун колдоно албаган студент орточо баллын жогорулатуу максатында билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтү бүткөнгө чейин DD же DC болгон сабактардан каалаган сабактарын кырк беш кредит-саатка чейин кайра окуса болот;
- Студент кайталап окуп жаткан милдеттүү сабактарга катышууга тийиш. Бирок бир тандалма сабактын ордуна башка тандалма сабак окуса, бул сабакка катышууну улантууга тийиш.
Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтүнүн аягындагы кошумча сынак
38-берене. (1) Сабакка толук катышканына карабастан, сабактан өтпөй калса же бардык сабактардан өтсө да жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 2.00ден төмөн болгон студентке эң көп үч сабак үчүн түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтүнүн аягында экиден кошумча сынак өткөрүлөт;
- Кошумча сынакка кирүүнү каалаган студент билим берүү программасын өздөштүрүүнүн максималдуу ченемдик мөөнөтүнү эң акыркы семестриндеги сынактын жыйынтыктары жарыялангандан кийин бир апта ичинде жазуу түрүндө деканатка / жетекчиликке кайрылат;
- Кошумча сынакка кирүүнү каалаган студент бул сабактар окутула баштаган алгачкы семестрде бул сабактарга катталат жана ал семестрдин аягындагы сынактарга кирет;
- Студент бул процессте студенттик укуктарын (студенттик билет, студенттин маалымкаты, жатакана ж.б.) колдоно албайт;
- Мындай сынакка кирбеген же кирип өтпөй калган студент университеттен чыгарылат.
Сынак учурунда көчүрүү
39-берене. Сынактарда көчүргөн, көчүрүүгө аракет кылган же көчүрткөн студентке «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттеринин тартиби боюнча нускамасынын» негизинде чара көрүлөт. Иликтөөнүн жыйынтыгында тартип бузганы далилденсе, студент тийиштүү сынактан “нөл” балл алат.
Студенттин жетишкендиги боюнча баллы, коэфиценти, баасы жана орточо баллы
40-берене. (1) Сабактардын бардык сынактары жүз баллдык шкала менен бааланат. Бир сабакка баа коюунун жыйынтыгында алынган семестрдик жетишкендик баллы, ал сабак боюнча семестрдин ичинде алган баллы менен семестрдин аягындагы сынактан алган баллынын белгилүү өлчөмдөгү пайызынан турат. Студенттин академиялык жетишкендигин көрсөткөн баллынын кырктан алтымышка чейинки пайызын семестрдин ичинде алган баллы түзөт. Тигил же бул сабак боюнча жетишкендик баллы, абсолюттук же салыштырмалуу баалоо системасына жараша эсептелет;
- Сабак берген окутуучу автоматташтырылган системада студенттин семестрдин ичиндеги билим алуу аракетине жараша академиялык жетишкендигин көрсөткөн баллга балл кошот;
- Сабактарга же семестрдин аягындагы сынакка катышпаган же семестрдин аягындагы сынакта кеминде кырк балл ала албаган студент өтпөйт;
- Сабактын баасы, сабак берген окутуучу тарабынан 1-таблицада көрсөтүлгөн баалоо таблицасына ылайык, автоматташтырылган системада абсолюттук же салыштырмалуу баалоо системасына жараша эсептелет. Салыштырмалуу баалоодо сабакка тиешелүү арифметикалык орточо баасын окутуучу он баллга чейин жогорулатса болот;
- Кеминде DD алган студент сабактан ийгиликтүү өттү деп саналат;
- Бир сабактын семестрдин ичиндеги сынагына кирбей калса GM, сабакка катышпаса F1, семестрдин аягындагы сынакка катышпай калса F2, семестрдин аягындагы сынакта кыктан төмөн балл алса FD же FF тамга баасы коюлат;
- Кредит-сааты жок сабактар G (өттү) жана K (өткөн жок) тамга баасы менен белгиленет;
- Ар бир семестрдин соңунда баа коюлган тизме, сынактын материалдары менен биргеликте академиялык календарда көрсөтүлгөн күнү түзүмдүн жетекчилигине тапшырылат.
Студенттин академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы
41-берене. (1) Орточо балл 1-таблицадагы төрт баллдык системасынын негизинде эсептелет. Тигил же бул семестрдин аягында алган орточо баллы (YANO) ал семестрде катталган ар бир сабактан алган баллынын сабактын кредит-саатына көбөйтүлүп, окуган сабактарынын кредит-саатынын жалпы санына бөлүнөт. Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы (GANO) кеминде эки семестрде студент катталган ар бир сабактан алган баллы сабактын кредит-сааты менен көбөйтүлөт, окуган бардык сабактарынын кредит-саатынын жалпы санына бөлүнөт. Студенттин орточо балл үтүрдөн кийин эки орундуу сан менен көрсөтүлөт;
- Орточо баллды эсептөөдө F1, F2, FF жана FD эсепке алынат, бирок G жана K эсептелбейт.
1-таблица. Баалоо таблицасы
|
БАА КОЮУ ϴЛЧϴМДϴРY |
||||||
|
Жүздүк система |
Төрттүк система |
Бештик система |
Даража |
|||
|
Балл |
Жыйынтык баа |
Жыйынтык баа |
Жыйынтык баа |
Специалитет Бакалавриат |
Магистр |
P.hD. |
|
89,00 –100,00 |
4,00 |
AA |
5 |
Эӊ жакшы |
Эӊ жакшы |
Эӊ жакшы |
|
82,40 – 88,90 |
3,50 |
BA |
||||
|
75,00 – 82,30 |
3,00 |
BB |
4 |
Жакшы |
Жакшы |
Жакшы |
|
67,50 – 74,90 |
2,50 |
CB |
Kaнааттандырарлык |
|||
|
60,00 – 67,40 |
2,00 |
CC |
3 |
Kaнааттан-дырарлык |
Kaнааттандырарлык |
Начар |
|
55.00 – 59,90 |
1,50 |
DC |
Начар |
|||
|
50,00 – 54,90 |
1,00 |
DD |
||||
|
40,00 – 49,90 |
0,50 |
FD |
2 |
Начар |
||
|
0,00 – 39,90 |
0,00 |
FF |
1 |
|||
|
|
|
F1 |
||||
|
|
|
F2 |
||||
|
G: Кредитсиз сабактарда өтүмдүү баа.
|
||||||
|
K: Кредитсиз сабактарда өтүмсүз баа.
|
||||||
|
FF, FD: Кредити болгон сабактарда өтүмсүз баа
|
||||||
|
F1: Сабакка катышпагандыгы үчүн баасы |
||||||
|
F2: Сынакка катышпады |
||||||
|
GM: Аралык сынактарга катышбагандыгы yчун баа |
||||||
|
А1б А2бАА му АВ ПЗФга катышат
|
||||||
Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллды жогорулатуу
42-берене. Студенттер белгиленген сабак жүгүнүн чегинен чыкпай, орточо баллын жогорулаткысы келсе, DD, DC жана /же CC алган сабактарга кайра каттала алат. Мындай учурда эң акыркы алган баасы эсептелет.
Апеляция
43-берене. Студент сынактын жыйынтыктары жарыялангандан кийин жети иш күнү ичинде түзүмдүн жетекчилигине жазуу түрүндө техникалык ката кеткени тууралуу доо арызы менен кайрыла алат. Эгер сынактын материалдары тийиштүү түзүмгө тапшырылбаса, окутуучу доо арызды иликтөөгө алат. Сынактын материалдары тийиштүү түзүмгө тапшырылса, түзүмдүн жетекчиси сабак боюнча жооптуу окутуучу менен биргеликте жалпы үч окутуучудан турган комиссия түзөт. Бул комиссия арыз түшкөн материалдарды иликтеп, үч күндү ичинде жыйынтык чыгарат жана түзүмгө билдирет. Иликтөөнүн жыйынтыгында техникалык ката табылса, түзүмдүн башкаруу кеңешинин баллды өзгөртүү боюнча чечими чыгарылат. Чечим Студенттик иштер башкармалыгынa жиберилет жана студентке билдирилет. Студент бул корутунду боюнча кайрадан доо арыз менен кайрыла албайт. Өз мөөнөтүндө жазылбаган доо арыз каралбайт.
Окутуучу тарабынан сынактын жыйынтыгына коюлган бааны оңдоо
44-берене. Окутуучу жооптуу болгон сабактын сынагынын жыйынтыгы жарыялангандан кийин жети иш күнү ичинде тийиштүү түзүмгө бааны оңдоо үчүн тийиштүү тиркемелери, негиз жана себептерин (автоматташтырылган системага ката баллды киргизүү, баллдарды туура эмес эсептөө ж.б.) камтыган арыз менен кайрылат. Оңдоо иши түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет жана чечим Студенттик иштер башкармалыгынa билдирилет.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Уруксат берүү, академиялык өргүү берүү, университеттен чыгуу
Уруксат берүү
45-берене. (1) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин атынан коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларга катышууга дайындалган же катышууга уруксат берилген студенттер сабактарда жоктолбойт;
- Эки тараптуу келишим менен эл аралык мамилелер алкагындагы принциптерине таянуу менен өлкөнүн ичинде же чет өлкөдө белгилүү бир мөөнөткө билим алууну каалаган студентке түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан уруксат берилет. Уруксат берилген мөөнөт билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн кемитилет;
- Ректораттын буйругу менен студент алмашуу программасына катышкан студентке бөлүм башчылыгы тарабынан даярдалган сабактарды дал келтирүү программаларынын негизинде түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен уруксат берилет. Студентке берилген уруксат мөөнөтү билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн кемитилет;
- Уруксат мөөнөтү бүткөн студент университетте окуган сабактарынын тастыкталган мазмунун жана маалымат баракчасын бөлүм башчылыгына тапшырат. Студент ийгиликтүү тапшырган сабактар окуу программасындагы дал келген сабактар менен эквиваленттүү болуп саналат жана студент билим алууну токтогон жерден улантат.
Академиялык өргүү
46-берене. (1) Академиялык өргүү алууну каалаган студент жүйөлүү себептерден улам, түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү ичинде бир арыз менен кайрылуусунун негизинде эң көп эки семестр (орто кесиптик билим берүү программаларында эки семестрге чейин, бакалавриат программаларында төрт семестрге чейин) академиялык өргүүгө чыга алат;
- Студенттин академиялык өргүүдөгү мөөнөтү билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн кемитилбейт;
- Студенттин өзү же нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты берилген өкүлү тапшырган документтердин негизинде академиялык өргүү берилет;
- Семестрдин ортосунда академиялык өргүүгө чыгууну каалаган студентке өргүү берилсе, ал семестрде толугу менен академиялык өргүү алган болуп эсептелет;
- Студент академиялык өргүү учурунда сабактарга, сынактарга, мамлекеттик сынактарга кире албайт; дипломдук ишин жактай албайт, окуу-өндүрүштүк практикадан өтө албайт. Студенттин академиялык өргүүдөгү сабактары, сынактары, мамлекеттик сынактары, дипломдук ишин жакташы жана окуу-өндүрүштүк практикадан өтүшү жараксыз деп эсептелет;
- Академиялык өргүү учурунда студенттин студенттик укуктары таанылбайт (стипендия, жатаканада жашоо, студенттерге берилген башка мүмкүнчүлүктөрдү колдоно албайт);
- Академиялык өргүүдөгү студенттин өргүү алуу себеби жоюлса, катоосун жаңыртканы жана сабактарга толук катышып-катышпаганы эске алынып, түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык өргүүсү жокко чыгарылат;
- Академиялык өргүүдөгү студент өргүү мөөнөтү бүткөндөн кийинки алгачкы семестрдин башында катоосун жаңыртат жана билим алууну токтоткон жерден улантат;
- Студенттин ден соолугуна байланыштуу академиялык өргүү берилет:
- Тигил же бул ден соолук борборунан кеминде отуз күн үчүн берилген маалымкат Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ден соолук борбору тарабынан тастыкталса, ал студентке окуп жаткан семестрде академиялык өргүү берилет;
- Төрөткө байланыштуу маалымкатынын негизинде студентке эки семестр академиялык өргүү берилет;
- Эң жакын тууганы (ата, эне, бир тууган, жубайы (жолдошу), баласы) оорусунан улам кароого муктаж болсо жана бул студенттен башка карай турган киши жок болсо, анда студентке академиялык өргүү берилет;
- Студент маалымкат катталган күндөн он беш күн ичинде арыз жана документтерин бөлүм башчылыгынa билдирүүгө милдеттүү. Бул мөөнөттө жазылбаган арыз кабыл алынбайт;
- Аскердик кызмат өтөө себеби менен академиялык өргүү берүү:
- Аскердик кызмат өтө турганын документ менен тастыктаган жана жазуу түрүндө тийиштүү түзүмгө билдирген студентке академиялык өргүү берилет;
- Аскердик кызмат өтөө максатында академиялык өргүү алган студент кызматын өтөп бүткөндөн кийин бир ай ичинде тийиштүү документтери менен түзүмгө кайрылышы керек. Аскердик кызматын өтөгөндөн кийинки каттоого берилген убакыт ичинде катоосун жаңыртышы керек;
- Камакка алынуудан улам академиялык өргүү берүү:
- Университетке катталгандан кийин камакка алынган студент бир айдан ашык камакта жата турган болсо, ал студент камакта отурган семестрде ага академиялык өргүү берилет;
- «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттеринин тартиби боюнча нускамасына» ылайык, соттолгону тууралуу чыгарылган чечимдин негизинде студентти университеттен чыгарууга эч кандай себеп болбосо, анын студенттик статусу сакталат жана академиялык өргүү берилет;
- Жүйөлүү себептерден улам академиялык өргүү берүү:
- Табигый кырсыктар, жугуштуу оорулар, карантин ж.б. себептерден улам студентке академиялык өргүү берилет;
- Материалдык көйгөйлөрдөн улам билим алууну уланта албаган студентке академиялык өргүү берилет;
- Жогоруда көрсөтүлгөн жүйөлүү себептерден башка күтүлбөгөн жагдайларда түзүмдүн башкаруу кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен академиялык өргүү берилет.
Университеттен чыгуу
47-берене. (1) Студент төмөнкүдөй учурларда университеттен чыгат:
- университеттен чыгууну өзү кааласа;
- талап кылынган учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетине документтеринин түп нускасын тапшырбаса;
- эки семестр катары менен каттоосун жаңыртпаса;
- катталган билим берүү программасындагы сабакты көп калтырганы үчүн (же эквиваленттүү сабакты) эки жолу өтпөсө;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен чыгарылуу жазасын алса;
- катталган билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн берилген максималдуу ченемдик мөөнөтүнүн ичинде бүтүрө албаса;
- билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнү соңунда берилген кошумча сынакка кирүү укугун колдонгонуна карабастан, ал сынактан өтпөсө;
- вертикалдуу которулуп, сабактарды дал келтирүү программасын эки семестрде бүтүрө албаса;
- бардык талаптарды аткарганына карабастан, мамлекеттик сынакка кирбесе же өтпөй калса; ошол күндөн тартып беш жыл ичинде мамлекеттик сынакка кирбесе же мамлекеттик сынактардан эки жолу өтпөсө;
- мамлекеттик сынактан ийгиликтүү өтүп, бирок дипломдук ишин жактоого катышпаган студент, эки жолу катары менен жактай албай калса, түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен университеттен чыгарылат;
- Түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен университеттен чыгарылышы талап кылынган студент «ректордун буйругу» менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен чыгарылат;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен чыгарылган студент тууралуу тиешелүү жерлерге жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тиешелүү түзүмдөрүнө жазуу түрүндө билдирилет;
- Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен чыгарылган студентке же нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты берилген өкүлүнө Студенттик иштер башкармалыгы университетке катталуу учурунда тапшырган документтерин кайрып берет жана талап кылса, билим алуу учурунда окуган бардык сабактарынын тизмеси жана алган баасы көрсөтүлгөн маалымкат берет.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге сабак жана сынак өткөрүү боюнча жол-жоболор жана негиздер
Сабак өтүү
48-берене. Сабактан мурун, сабак учурунда жана сабактан кийин майып студенттин мүмкүнчүлүгү чектелүүлүгүнөн улам пайда болгон көйгөйлөрдү жоюу менен билим алууга тең укутуулукту камсыз кылуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген студенттин академиялык жетишкендигине зыян келтирбөөгө багытталган сабак өтүү төмөндөгүдөй:
- Дүлөй студент катышкан дарсканаларда угуу аппаратынын болгонуна карабастан, студент сабак өтүп жаткан окутуучуну уга алган жерде орун алат;
- Дүлөй студент катышкан дарсканаларда сабак өткөн окутуучу студенттин майыптуулук тобун эске алуу менен сабактын жүрүшүн тууралайт;
- Азиз студенттерге, индивидуалдуу көз караш жана талкууларды кошпогондо, объективдүү темалар боюнча сабактарды диктофонго жазууга уруксат берилет;
- Азиз студент көрүү материалдарын колдоно албай тургандыктан, бул материалдар оозеки түшүндүрүлөт жана азиз студенттин материалды өздөштүрүшү камсыз кылынат;
- Физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин архитектуралык жактан ыңгайлуу кабаттарда билим алышына артыкчылык берилет;
- Мүмкүнчүлүгү чектелген студент катышкан сабакта колдонула турган слайд, кино жана башка материалдарды окутуучу студенттин майыптуулугун эске алуу менен даярдайт.
Сынактарды өткөрүү
49-берене. Сынактан мурун, сынак учурунда жана сынактан кийин мүмкүнчүлүгү чектелүүлүгүнөн улам туш болгон көйгөйлөрдү жоюу менен билим берүүдө тең укуктуулукту камсыз кылуу, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттин академиялык жетишкендигине зыян келтирбөөгө багытталган сынак төмөндөгүдөй өтөт:
- Сынак өткөрө тургандардын саны сынаккa катыша тургандардын арасында мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин бар же жок экенине жараша бөлүштүрүлөт;
- Сынак өтүлүүчү жайды дайындоодо милдеттүү түрдө физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген студент катышкан сынактар оңой кыймыл-аракет кыла ала турган жерде уюштурулат;
- Зарыл болгон учурда, майыптуулугу маалымкат менен тастыкталган студентке кошумча мөөнөт берилет;
- Сынак же суроолор тууралуу кулактандыруу, эскертүү же оңдоп-түзөөтүүлөр сынак өткөрө тургандар тарабынан студенттин майыптуулугун эске алуу менен ишке ашырылат;
- Зарыл болгон учурда мүмкүнчүлүгү чектелген студент сынактарга кошумча каражаттар менен (угуу аппараты, телескоп көз айнеги, призматикалык көз айнек, лупа ж.б.) кирет;
- Зарыл болгон учурда мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер катышкан сынак компьютердин жардамы менен өтөт;
- Жарым-жартылай көрүү жөндөмүн жоготкон студент үчүн суроо китепчесин же суроо баракчасын даярдоодо он алтыдан он сегизге чейинки шрифт өлчөмү же андан да чоң өлчөмдөгү шрифт колдонулат;
- Көрүү, угуу, начар көңүл буруу, гиперактивдүү, дислексия / дисграфия ж.б. мүмкүнчүлүгү чектелген студентке кадимки сынак өтүүчү бөлмөлөрдөн башка тынчсызданбай турган жерде жана башкалардын тынчын албай турган бөлмөлөрдө жалгыз эле сынак беришине шарт түзүлөт;
- Зарыл болгон учурда мүмкүнчүлүгү чектелген студентке сынакка дары-дармек (инсулин ж.б.) менен кирүүгө уруксат берилет;
- Зарыл болгон учурда мүмкүнчүлүгү чектелген студент сынак учурунда сынак өткөрүп жаткандардын коштоосу менен дааратканага барышына уруксат алат.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Университетти бүтүрүү жана башка жоболор
Билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн мурун бүтүрүү
50-берене. Бөлүмдүн/программанын сабактарын окуп бүтүргөн жана бул нускамада көрсөтүлгөн башка талаптарды аткарган студент билим берүү программаны өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтүнөн мурун университетти бүтүрө алат.
Мыкты окуган студенттер
51-берене. (1) Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 3.00дөн 3.49га чейин болгон студентке “Семестрде мыкты окуган студент”, ал эми орточо бааллы 3.50дөн 4.00гө чейин болгон студентке “Семестрде эң мыкты окуган студент” наамы берилет. Бул студенттердин тизмеси ар бир семестрдин соңунда жарыяланат;
- Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 3.50 же андан жогору болгон студент “Эң мыкты окуган студент” наамы менен университетти бүтүрөт. Бул жагдай студенттердин дипломуна да жазылат.
Диплом берүү
52-берене. (1) Студент катталган бөлүмдүн / программанын бардык сабактарын окуп бүтүрсө, бул нускамадагы бардык талаптарын аткарса, жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 2.00 же андан жогору болсо, ал студент Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ийгиликтүү бүтүргөнүн күбөлөндүргөн диплом алууга укуктуу;
- Орто кесиптик билим берүү программаларын бүтүргөн студентке «орто кесиптик билимдин ээси», бакалавриат программаларын бүтүргөндөргө «бакалавр» академиялык даражасы, Ветеринария факультетин бүтүргөндөргө «магистр» академиялык даражасын күбөлөндүргөн диплом берилет;
- Студентке факультеттин / жогорку мектептин, орто кесиптик билим берүү программасынын / бакалавриат программасынын / магистратура программасынын бөлүмүнүн / программасынын аталышы жана бүтүргөн күнү жазылган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин диплому (түркчө жана англисче) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттагы диплому (кыргыз жана орус тилинде) тиркемеси менен берилет;
- Дипломдун формасы, көлөмү жана дипломго жазыла турган адистиги жана / же наам ж. б. маалыматтар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат;
- Студенттердин арызы боюнча диплом даяр болгонго чейин «университетти бүтүргөндүгү тууралуу убактылуу маалымкат» берилет.
Дипломдордун эквиваленттүүлүгү
53-берене. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин диплому Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында бир адистик жана деңгээлде билим берген окуу жайларынын дипломдору жана ал дипломдор катары эл аралык деңгээлде бирдей таанылып, бул дипломдордун ээлерине бирдей укуктарды берет.
Дипломдун тиркемеси
54-берене. Зарыл болгон учурда, Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан студентке окуган сабактарынын жана жалпы академиялык жетишкендигин көрсөткөн баалар (YANO жана GANOсу) жазылган маалымкат берилет.
Тартип бузуу
55-берене. Студентти тартип бузуу боюнча жазага тартуу жана иликтөө иштери түзүмдүн жетекчиси тарабынан «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттеринин тартиби боюнча нускамасынын» негизинде ишке ашырылат.
Маалымат берүү жана дарегине билдирүү жиберүү
56-берене. Студентке бериле турган тигил же бул маалымат Студенттик иштер башкармалыгынын жарнама тактасында жана/же веб баракчасында жарыяланат. Бул маалымдама студенттин электрондук дарегине да жиберилет.
Нускамада каралбаган жагдайлар
57-берене. Бул нускамада каралбаган жагдайлар жана күтүлбөгөн көйгөйлөр Окумуштуулар кеңеши тарабынан жөнгө салынат.
Күчүн жоготкон нускама жана ага байланыштуу чыккан Окумуштуулар кеңешинин чечимдери
58-берене. Бул нускама күчүнө кириши менен Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 09-июлундагы жана 2022-11.080 номерлүү чечими аркылуу кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасындагы” өзгөртүүлөр жана оңдоп-түзөөлөр, бул нускаманын беренелерине карама-каршы болгон ал нускаманын негизинде даярдалган жоболордун беренелери жана Окумуштуулар кеңешинин чечимдери күчүн жоготот.
Күчүнө кириши
59-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан кийин бардык бакалавриат жана орто кесиптик билим берүү программаларында колдонуу максатында 2022-2023-окуу жылынын башынан тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
60-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору тарабынан ишке ашырылат.
Университеттин Окумуштуулар кеӊешинин 2024-жылдын 27-июнундагы №2024-07.49(а) чечими менен 1-таблица. Баалоо таблицасына өзгөртүү киргизилген.
Бул нускама, университеттин Окумуштуулар кеӊешинин 2022-жылдын 30-июнундагы №2022-14.49 чечими менен кабыл алынган.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН БАКАЛАВР ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУУ-ТАРБИЯ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ

Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алган студенттерди каттоо, окуу-тарбия иштерин жүргүзүү, сынак өткөрүү жана адис катары даярдап чыгаруу иштерин жөнгө салуу.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тиешелүү беренелерине негизделип даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Академиялык түзүм : Факультет, жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектеп;
BDSD : Бөлүмдөн тышкаркы алынган тандалма сабак;
Жакын туугандар : Ата-энеси, бир туугандары, жубайы жана балдары;
BİSD : Бөлүмдөн алынган тандалма сабак;
Декан : Факультеттин деканы;
GANO : Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо балл;
Алыскы туугандар : Агасы, эжеси, таякеси, таяжеси, жээндери, неберелери, аталаш же энелеш бир туугандары, чоң энеси, чоң атасы;
Мүдүр : Жогорку мектептин мүдүрү;
Камкорчулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
Профессордук-окутуучулук курам : Академиялык түзүмдөрдө иштеген профессор, доцент, ага окутуучу, окутуучу ж.б.;
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Окумуштуулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
Университеттин Башкаруу кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши;
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
YANO : Семестрдик орточо балл;
Башкаруу кеңеши : Академиялык түзүмдөрдүн башкаруу кеңештери;
“Манас” СТЖС : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы;
ЖРТ : Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык тести.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Студенттерди кабыл алуу, каттоо, вертикалдык жана горизонталдык которулуу боюнча жол-жоболор
Студенттерди кабыл алуу жана алардын саны (квотасы)
4-берене. Студенттер төмөндө көрсөтүлгөн сынактардын жыйынтыктары боюнча универси-тетке кабыл алынат:
- Кыргызстандык жана башка мамлекеттердин жарандары үчүн университет тарабынан өткөрүлгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы (“Манас” СТСЖ);
- Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү жөнүндө мыйзамына ылайык Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан сырткары башка мамлекеттердин жараны болгон абитуриенттер үчүн өткөрүлгөн университеттерге тандоо жана жайгаштыруу сынагы;
- Кыргыз Республикасынын Жалпы республикалык тести;
- Университеттин тийиштүү академиялык түзүмдөрүндө өткөрүлгөн өзгөчө жөндөм-дүүлүк сынагы;
- Окумуштуулар кеңеши тарабынан эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка сынактар;
- Келишим түзүлгөн университеттер тарабынан тандалган же жогорудагы сынактарга катышуу мүмкүнчүлүгү болбогон түрк тилдүү жана боордош мамлекеттердин, ошондой эле башка өлкөлөрдүн жарандарынын ичинен университетке окууга тапшырган абитуриенттер үчүн Окумуштуулар кеңеши тарабынан жол-жобосу аныкталган сынак.
Өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагына тапшыруу шарттары, анын жол-жобосу, сынак өткөрүү тартиби, күнү ж.б. жагдайлар жыл сайын апрель айынын аягына чейин тиешелүү академия-лык түзүмдүн башкаруу кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен аныкталат. Өзгөчө жөндөмдүүлүк сынагы тиешелүү академиялык түзүмдүн сунушу жана ректораттын чечими менен Кыргызстандан башка мамлекеттерде да өткөрүлүшү мүмкүн.
Студенттерди кабыл алуу квотасы Окумуштуулар кеңешинин сунушунун негизинде Камкор-чулар кеңеши тарабынан аныкталат.
Университетке каттоо жана каттоону жокко чыгаруу
5-берене. Академиялык түзүмдөргө катталуу үчүн төмөнкүдөй шарттар коюлат:
- Ушул нускаманын 4-беренесинде көрсөтүлгөн сынактардын жыйынтыгы боюнча уни-верситетте окуу укугуна ээ болуу;
- Башка жогорку окуу жайында катталбаган болуу;
- Университет тарабынан каттоо үчүн талап кылынган документтерди толугу менен тапшыруу.
Университетте окуу укугуна ээ болгон абитуриент жарыяланган мөөнөттө жеке өзү же нота-риус аркылуу дайындаган өкүлүнүн жардамы менен каттоодон өтөт. Белгиленген мөөнөт ичинде каттоодон өтпөгөн абитуриент каттоо укугунан ажырайт. Каттоо учурунда же өткө-рүлгөн сынакта жасалма же жараксыз документтерди колдонгону аныкталган абитуриент каттоодон өтпөйт, каттоодон өтсө да каттоосу жокко чыгарылат. Кайсы бир жогорку окуу жайында «университеттен чыгаруу» жазасын алган студент университетке каттала албайт.
Даярдоо курсунда тил үйрөтүү жана даярдоо курсунда окуудан бошотуу
6-берене. Университетке катталган ар бир студент даярдоо курсунда университеттин окутуу тилдерин үйрөнүүгө милдеттүү. Даярдоо курсунда университеттин окутуу тилдери (кыргыз жана түрк тилдери) окутулат. Муну менен бирге эле түзүмдөрдүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган башка тилдер да үйрөтүлүшү мүмкүн. Даярдоо курсунда ишке ашырыла турган тил үйрөтүү программалары, бул программаларды жүзөгө ашыруу жана бүтүрүүгө байланыштуу жол-жоболор “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунда тил үйрөтүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасында” аныкталган.
Сабактардан бошотуу жана адаптациялык иш-чаралар
7-берене. Университетке катталуудан мурун башка жогорку окуу жайында окуган студент ийгиликтүү тапшырган же тийиштүү түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан ылайык көрүлгөн сабактардан Окумуштуулар кеңешинин чечими менен бошотулат. Адаптациялык иш-чаралар тийиштүү башкаруу кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Өзгөчө статустагы студент
8-берене. Бөлүм башчысынын сунушу жана тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен университеттин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча сабак-тарга өзгөчө статустагы студенттер катыша алышат. Бирок өзгөчө статустагы студент бир семестр ичинде экиден ашык сабак ала албайт. Өзгөчө статустагы студентке семестрдин аягында окуган жана ийгиликтүү тапшырган сабактары тууралуу документ берилет. Өзгөчө статустагы студент студенттик укуктардан пайдалана албайт.
Куратордун дайындалышы
9-берене. Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларына катталган студент-терге окуу-тарбия ж.б. маселелерди чечүүгө жардам берүү үчүн түзүмдүн сунушу жана тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен ошол түзүмдүн окутуучуларынын ичинен куратор дайындалат. Жетиштүү санда окутуучу болбогон академиялык түзүмдөрдө башка түзүмдөрдөн куратор дайындалышы мүмкүн. Даярдоо курсунда окуган студенттер үчүн кураторлук Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан болот. Кураторлордун милдеттерине байланыштуу жол-жоболор “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кураторлук жөнүндөгү жобосунда” берилген.
Вертикалдык жана горизонталдык которулуу
10-берене. Зарыл шарттарды аткарган студенттер университеттин тийиштүү бөлүмдөрүнө/ программаларына горизонталдык жана вертикалдык которула алышат. Университеттин ичинде горизонталдык жана вертикалдык которулуу боюнча иш-чаралар “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин горизонталдык жана вертикалдык которулуу жөнүндөгү жобосуна» ылайык жүзөгө ашырылат. Башка жогорку окуу жайлардын студенттери КТМУга горизонталдык жана вертикалдык которулуу жолу менен кабыл алынбайт.
Кошумча жана кош адистик билим берүү боюнча программалар
11-берене. Каалаган студенттерге өзүнүн бакалавр программасынан тышкары кошумча же башка бир бөлүмдө кош адистик билим берүү программаларына катталуу укугу берилиши мүмкүн. Кошумча жана кош адистик билим берүү программаларына байланыштуу жол-жоболор “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кошумча адистик билим берүү программасы жөнүндө жобо” жана “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кош адистик билим берүү программасы жөнүндө жобо” менен аныкталат.
Семестрдин башында каттоодон өтүү
12-берене. Студент ар бир семестрдин башында окуу календарында белгиленген мөөнөттө төмөндөгү жол-жоболорго ылайык кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү:
- Студент биринчи кезекте окуй турган семестрдеги сабактарды өздөштүрүүгө тийиш. Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 1,80ден төмөн болбогон жана мурунку семестрлердеги сабактардан карызы жок же тапшырбаган сабактары болбогон студенттер окуй турган семестрдеги милдеттүү сабактарды алгандан кийин жалпы кредит-саат көлөмүнөн ашпагандай кылып кийинки семестрлерден сабактарды ала алышат.
- Бакалавр программасына катталган студенттин 1- жана 2-семестрлерден карызы болгон же тапшырбаган сабактары бар болсо, же болбосо жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 1,80ден төмөн болсо, ал студент 5- жана 6-семестрлерден сабак ала албайт. Бирок 1-курстагы кредит-сааты жок сабактарды начар тапшырган, горизонталдык которулуудан же программанын өзгөрүшүнөн улам окуусунан жетише албаган, о.э. милдеттүү чет тили сабактарынан бошотулуп, тийиштүү BİSD жана BDSD статусундагы чет тили сабактарын алууну каалаган студенттерге карата бул жобо колдонулбайт.
- Студенттин каттала турган сабактар боюнча бир семестрдеги жалпы кредит-саат көлөмү 15 (он бештен) кем болбошу жана 27ден (жыйырма жетиден) ашпашы керек. Бирок (b) пунктунда көрсөтүлгөн жагдайда болгон жана/же сабактардын шарттарын аткарбаган студенттерге тиешелүү башкаруу кеңешинин чечими менен жалпы кредит-саат көлөмү 15тен ашпаган сабактар, о.э. удаа келген акыркы эки семестрде окууну бүтүрө турган студенттерге жана ветеринария факультетинде 8- жана 9- семестрлерде окуган студенттерге жалпы кредит-саат көлөмү 30га чейин болгон сабактар берилиши мүмкүн. Мындан сырткары куратордун сунушу жана тиешелүү башкаруу кеңешинин чечими менен жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 3.00-3.49 ортосунда болгон студенттердин семестрдик окуу жүгүнө эң көп 6 кредит-саат, ал эми жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 3.50дөн жогору болгон сту-денттердин окуу жүгүнө эң көп 8 кредит-саат кошулушу мүмкүн.
- Студент тапшырбаган сабагын окуу программасында орун алган алгачкы семестрде кайра алууга тийиш. BİSD жана BDSDнын же алардын ортосунда эквиваленттүүлүгү тийиштүү башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган сабактар алынышы мүмкүн. Студент начар тапшырган сабактын ордуна алган сабакты да начар тапшырса, мурунку сабагынан жетишкен жок деп эсептелет. Сабакка катышпагандыгынан (F1) улам кайра алынган сабактар окуу программасындагы башка сабактар менен туш келген учурда биринчи кезекте баллы F1 болгон сабактар алынышы керек.
- Максималдуу окуу мөөнөтүнөн ашпастан бир сабакты же бул сабакка эквиваленттүү болгон сабакты төрт жолу алган жана начар тапшырган студент университеттен чыга-рылат. Бир сабак төрт жолу алынган учурда семестрдин аягында жыйынтыктоо сынагы тийиштүү бөлүм/программанын башчылыгы түзгөн комиссия тарабынан өткөрүлөт.
- Студент катталган сабактарды кошуу/алып салуу мезгилинде куратордун макулдугу менен өзгөртө алат.
- Студент үчүнчү семестрден тартып өзүнүн окуу программасында орун алган сабактарга эквиваленттүү болгон сабактарды тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен башка университеттерде дагы окуй алат.
- Каттоо учурунда жүйөөлүү себептерден улам каттоодон өтпөгөн студент жүйөлүү себе-бин тастыктаган учурда жана бул жагдай тийиштүү башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган учурда, ал студент сабактарды кошуу/алып салуу мезгили бүткөнгө чейин каттоодон өтө алат. Жүйөлүү себеби ден соолугуна байланыштуу болгон студенттердин медициналык маалымкаты университеттин ден соолук борбору тарабынан тастыкталышы керек.
- Жүйөлүү себеби кабыл алынбаган же каттоодон өтпөгөн студент кийинки семестрдин башында каттоодон өтө алат. Эгерде студент кайсы бир семестрде каттоодон өтпөсө, тийиштүү семестр ал студенттин окуу мөөнөтүнөн алынып салынат. Эки семестр бою каттоодон өтпөгөн студент университеттен чыгарылат.
- Студенттин каттоодон өтүү жана сабактарды кошуу/алып салуу иш-чаралары куратору-нун макулдугу менен ишке ашырылат.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү
Окутуу тили
13-берене. Университетте окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Тийиштүү башкаруу кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен окуу программасынын өзгөчөлүктөрүнө жараша кээ бир сабактар башка чет тилдерде да окутулушу мүмкүн.
Окуу программалары
14-берене. Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча сабактар, бул сабактардын семестрлерге карата бөлүнүшү, сабактардын кредит-сааттары жана шарттары бөлүмдүн сунушу, тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен аныкталат. Жогоруда белгиленген тартипте окуу программасына өзгөртүү-лөр жана толуктоолор киргизилет. Бир сабактын кредит-саат көлөмү ал сабактын бир апта-лык теориялык сааттары менен лабораториялык, практикалык ж.б.у.с. сыяктуу иш-чаралар-дын апталык сааттарынын жарымынын суммасынан түзүлөт. Бөлчөк сан менен берилген кредит-сааттар тегеректелип берилет.
Сабактар жана өндүрүштүк практика
15-берене. Билим берүү программаларында орун алган сабактардын топтору төмөнкүдөй:
- Жалпыга милдеттүү сабактар: Окумуштуулар кеңеши тарабынан кээ бир бөлүм жана программалар үчүн аныкталгандардан сырткары бардык студенттерге милдеттүү түрдө окутулуучу сабактар.
- Бөлүмдүн милдеттүү сабактары: Бөлүмдүн окуу программаларында орун алган жана ошол бөлүмдүн бардык студенттерине милдеттүү түрдө окутулуучу сабактар.
- Тандалма сабактар:
- Бөлүмдөн алынган тандалма сабактар (BİSD): Окуу программасынан тандалган сабактар.
- Бөлүмдөн сырткары алынган сабактар (BDSD): Окуу программасынан сырткары бөлүм тарабынан кабыл алынган окуу программаларынан тандалган сабактар.
Университетте окутуу үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт. Бирок Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган учурда, айрым сабактар дистанттык (аралыктан) билим берүү аркылуу да окутулушу мүмкүн. Бул сабактар “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дистанттык билим берүү, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жана аларды ишке ашыруу борбору боюнча нускамасы” менен “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дистанттык билим берүү принциптерине” ылайык жүргүзүлөт.
Студенттер “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк практика боюнча нускамасында” белгиленген шарттарга ылайык тиешелүү академиялык түзүмдүн окуу программасында аныкталган мөөнөттө өндүрүштүк практикадан өтүшү керек.
Чет тил сабактары
16-берене.
- Ар бир студент жалпыга милдеттүү чет тилдеринин бирин тандоого жана тийиштүү окуу программасында орун алган сабактарды ийгиликтүү тапшырууга тийиш.
- Окуу жылынын башында чет тил үйрөнүүдөн бошотуу сынагы өткөрүлөт. Бул сынакты ийгиликтүү тапшырган студент жалпыга милдеттүү чет тили сабагынан бошотулат жана сынактан алган баллы транскриптке жазылат.
Сабактарга катышуу
17-берене. Студент теориялык жана практикалык сабактарга катышууга милдеттүү. Студент сабакка толук катышып, бирок ал сабакты начар тапшырганда ал сабакты кайра өздөштүрүү-гө жана башка милдеттерин аткарууга тийиш. Мындай учурда студент бул сабакка катышууга милдеттүү эмес. Бирок дене тарбия жана спорт жогорку мектебинде жана көркөм өнөр факультетинде кээ бир практикалык сабактарды кайра өздөштүргөн учурда, тийиштүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен студенттердин ошол сабактарга катышуусу талап кылынат. Студенттердин сабакка катышуусу тийиштүү окутуучу тарабынан көзөмөлдөнөт жана финалдык (семестрдин аягындагы) сынактардан мурун жарыяланат. Теориялык сабактардын 70%ына жана практикалык сабактардын 80%ына катышпаган студент сабактарды өздөштүрбөгөн болуп эсептелип, финалдык сынакка киргизилбейт. Бирок ректорат тарабынан студентке тапшырма берилгенде, студент ал күндөрү сабактардан бошотулат. Студент сабактардан бошотулган күндөрү сынак өткөрүлүп калса, ага сынакты кайра тапшыруу укугу берилет. Сабактардан бошотулган учурда аткарбай калган лабораториялык иштерин аткарууга тийиш.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Сынактар жана аларды баалоо
Сынактар
18-берене. Сынактын түрлөрү: сабактан бошотуу сынагы, ара сынак, финалдык сынак, кайра тапшыруу сынагы, бир сабак боюнча сынак, мамлекеттик сынак, дипломдук ишти коргоо сынагы, ветеринардык практика боюнча квалификациялык сынак (интернатура) жана кошум-ча сынак. Сынактын жыйынтыктары 15 күндүн ичинде жарыяланат. Расмий майрамдардан сырткары дем алыш күндөрү да сынак өткөрүлүшү мүмкүн. Сынактар жазуу жана практика жүзүндө болот. Бирок сабактын өзгөчөлүгүнө жараша тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен сынак оозеки түрүндө да өткөрүлүшү мүмкүн. Сынакка кирүүгө уруксаты бол-богон студент сынакка кирсе, анын сынакта алган баасы эсептелбейт жана сынагы жараксыз болуп саналат.
- Ара сынак: Ара сынак өтүлүүчү күндөр сабактар башталган күндөн тарта 30 күндүн ичинде бөлүм башчысы тарабынан аныкталат жана жарыяланат. Бир семестр ичинде ар бир сабак боюнча кеминде бир ара сынак өткөрүлөт. Бир күндө эки сабак боюнча гана ара сынак өткөрүлөт. Бирок кайра алынган сабактар боюнча сынактарга бул жобо колдонулбайт. Ара сынакка кошумча катары тийиштүү сабак боюнча берилген изилдөө иштери, практикалык иштер, долбоорлор, курстук иштер ж.б.у.с. өз алдынча тапшыр-малардын ар бири ара сынак катары эсептелиши мүмкүн. Мындай учурда тийиштүү сабак боюнча семестр ичинде берилген тапшырмалардын түрү, саны жана көлөмү окутуучу тарабынан аныкталып, бөлүм башчылыгы тарабынан семестр башталган күндөн тарта 3 жума ичинде студенттерге билдирилет.
- Финалдык сынак: Финалдык сынак өтүлүүчү күндөр академиялык календарга ылайык бөлүм башчылыгы тарабынан уюштурулуп, семестрдик сабактар бүтөрдөн эки жума мурун деканат/мүдүрлүк тарабынан жарыяланат. Студент финалдык сынакка кирүү үчүн тийиштүү сабакка толук катышуусу керек.
- Кайра тапшыруу сынагы: Университеттин ден соолук борбору тарабынан тастыкталган медициналык маалымкаттын болушунан жана башка жүйөлүү себептерден (табигый кырсыктар, жакын жана алыскы бир туугандарынын каза болушу, студенттин кармалышы, камакка алынышы ж.б.) улам ара сынак жана финалдык сынакка катыша албаган студенттер жогоруда айтылган жүйөлүү себептер аяктаган күндөн тарта бир жума ичинде бөлүм башчылыгына арыз менен кайрылышат. Жүйөлүү себеби кабыл алынган студенттер үчүн тийиштүү башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган күндөрү кайра тапшыруу сынагы өткөрүлөт. Ара сынактын кайра тапшыруу сынагы ошол семестрдеги сабактар аяктардан мурун, ал эми финалдык сынактын кайра тапшыруу сынагы кийинки семестрдеги сабактарды кошуу/алып салуу мезгили башталардан мурун өткөрүлөт. Кандайдыр бир себеп менен белгиленген күндөрү кайра тапшыруу сынагына катышпаган студенттер үчүн кайра тапшыруу сынагы экинчи ирет өткөрүлбөйт.
- Бир сабак боюнча сынак: Университетти бүтүрүп жаткан учурда бир сабагынан эле калып, бирок ал сабакка толук катышкан студентке академиялык календарда белгилен-ген күндөрү тийиштүү сынакка кирүү укугу берилет. Бир сабактан калган студент сынакка кирүү арызын бөлүм башчысына тапшырат. Студенттин бир сабактан эле кал-гандыгы куратор жана студенттик иштер башкармалыгы тарабынан далилденген учур-да, ал студентке сынак өткөрүлөт. Бул сынактан 50 же андан көп балл алган студент сынактан өттү деп эсептелет. Бир сабак боюнча сынактын жыйынтыктарын баалоодо студенттин ушул сабак боюнча семестр ичинде жана аягында алган баалары эске алынбайт. Студент бул сынактан өтпөй калган учурда, сынактан алган баасы жараксыз болуп эсептелинет жана студент бул сабакты тийиштүү семестрде кайра кайталап окушу керек.
- Мамлекеттик сынак: Ар бир студент окуу программасындагы сабактарды ийгиликтүү тапшыргандан кийин ар бир окуу жылынын күзгү же жазгы семестрлеринин аягында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук ченемдик документтеринде белгиленген мамлекеттик сынактарга катышат. Мамлекеттик сынак-тар тийиштүү башкаруу кеңешинин сунушу, Окумуштуулар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия тарабынан өткөрүлөт. Мамлекеттик сынакты начар тапшырган же сынакка катышпаган студенттер университеттин бүтүрүүчүсү боло албайт. Мындай учурда тийиштүү студентке окуу программасындагы сабактарды ийгиликтүү тапшырган семестр аяктаган күндөн тарта 5 жыл ичинде 2 жолу мамлекеттик сынактарга катышуу укугу берилет. Бул студенттер студенттик укуктардан (студенттик билет, акысыз жол жүрүү билети, аскердик билет ж.б.) пайдалана албайт жана алар үчүн бул нускаманын 27-беренесинде көрсөтүлгөн максималдуу окуу мөөнөтү каралбайт. Бул укуктан пайдаланып, университетти бүтүрө албаган студент университеттен чыгарылат.
- Дипломдук ишти коргоо сынагы: Бакалавр программасы боюнча университетте окуган студенттер акыркы эки семестрде дипломдук иш жазышат. Дипломдук иш жазуунун жол-жобосу «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дипломдук иш жазуу жөнүндө жобосунда» көрсөтүлгөн. Дипломдук ишти коргоо сынагы тийиштүү башкаруу кеңешинин сунушу, Окумуштуулар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен түзүлгөн мамлекеттик комиссия тарабынан өткөрүлөт. Дипломдук ишти коргоо сынагын тапшырбай калган же сынакка катышпаган студенттер университеттин бүтүрүүчүсү боло албайт. Мындай учурда тийиштүү студентке окуу программасындагы сабактарды ийгиликтүү тапшырган семестр аяктаган күндөн тарта 5 жыл ичинде 2 жолу сынакка катышуу укугу берилет. Бул студенттер студенттик укуктардан (студенттик билет, акысыз жол жүрүү билети, аскердик билет ж.б.) пайдалана албайт жана алар үчүн бул нускаманын 27-беренесинде көрсөтүлгөн максималдуу окуу мөөнөтү каралбайт. Бул укуктан пайдаланып, университетти бүтүрө албаган студент университеттен чыгарылат.
- Кошумча сынак: Жогоруда белгиленген сынактардан тышкары бул нускаманын 27- жана 29-беренелерине ылайык өткөрүлгөн жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен уюштурулган сынактар.
- Ветеринардык практика боюнча квалификациялык сынак (интернатура): Студенттин интернатурага өтүүсү үчүн 10-семестрдеги сабактар менен бирге мурунку семестрлерден ала турган сабактарынын жалпы кредит-саат көлөмү 27ден ашпашы керек. Мурунку семестрлерден алынган жана катышуу шарты аткарылбаган сабактардын жалпы кредит-саат көлөмү 6дан ашпашы керек. Антпесе студент интернатурага өтө албайт. Ветеринардык практика боюнча квалификациялык сынакка катышуу үчүн студент окуу программасында орун алган ар бир сабактын 80%ына катышууга милдеттүү. Ветеринардык практика программасынын алкагында тез жардам көрсөтүү боюнча практикалык иштер өткөрүлүшү мүмкүн. Практикалык иштер аяктагандан кийин ар бир сабак боюнча жооптуу профессор окутуучу тарабынан сынактар өткөрүлөт. Бул сынактарда студент ар бир сабактын практикалык иштери боюнча 100 баллдан кеминде 50 балл алышы керек. 50дөн төмөн балл алган студенттер ветеринардык практика боюнча бардык сабактарга катышуусу керек. Окуу программасында орун алган сабактар боюнча ара сынак өткөрүлбөйт. Ветеринардык практиканын семестрдик баллы окуу программасында орун алган ар бир сабактын сынак жыйынтыгын ал сабактын кредит-саатына көбөйтүп, чыккан сумманы сабактардын кредит-саат көлөмүнө бөлүү жолу менен аныкталат. Ветеринардык практиканын семестрдик баллы кеминде CC болушу керек. Студенттин академиялык жетишкендик боюнча орточо баллына карабастан, ветеринардык практиканын семестрдик баллы CCтен төмөн болгон учурда, студент ал сабакты кайра окушу керек. Бул сабакты кайра окуган студент интернатура сабактарынын ичинен тандаган сабактар менен семестрдик баллын CCге чейин жогорулатууга тийиш. Бул сабак окууну бүтүрүү учурунда бир сабак алкагында каралбайт.
Сынактардын жыйынтыктарын баалоо
19-берене. Бардык сынактар 100 баллдык система боюнча бааланат. Бир сабак боюнча семестрдик орточо балл ал сабак боюнча алынган ара сынак жана финалдык сынак жыйын-тыктарынын пайыздык катышынан түзүлөт. Ара сынак боюнча баллдын 40%ы жана финал-дык сынак боюнча баллдын 60%ы эсептелип, семестрдик орточо балл чыгарылат. Бир сабакка тиешелүү орточо балл абсолюттук же салыштырмалуу баалоо системасына жараша эсептелинет.
Баллдар
20-берене. Бир сабактын семестрдик орточо баллы төмөнкү таблицага карата берилет. Студенттин семестрдик орточо баллы 40тан төмөн болгон учурда, ага FF баасы берилет. Салыштырмалуу баалоо учурунда окутуучу бул сабактан алынган арифметикалык орточо баага 10 балл кошуп же кемите алат.
1-таблица. Баалоо таблицасы
|
Төрт баллдык система |
Беш баллдык система (Кыргызстандын системасы) |
|||
|
Жүз баллдык система |
Тамга баасы |
Балл |
Семестрдик орточо балл |
Жетишкендик даражасы |
|
90-100 |
АА |
4.0 |
5 |
Эң жакшы |
|
85-89 |
ВА |
3.5 |
||
|
80-84 |
ВВ |
3.0 |
4 |
Жакшы |
|
75-79 |
СВ |
2.5 |
||
|
65-74 |
СС |
2.0 |
3 |
Канааттандырарлык |
|
58-64 |
DC |
1.5 |
||
|
50-57 |
DD |
1.0 |
||
|
49 же андан төмөн |
FF |
0.0 |
2 |
Начар |
|
|
F1 |
0.0 |
||
|
|
F2 |
0.0 |
||
Бир сабак боюнча АА, ВА, ВВ, СВ, СС, DС жана DD баллдарынан бирин алган студент, ал сабакты тапшырды деп эсептелет.
- GM: Семестрдик сынактарга катышпаган студентке берилген балл.
- G: Студенттин кредит-сааты жок сабактарды тапшырганын билдирет.
- К: Студенттин кредит-сааты жок сабактарды тапшырбагандыгын билдирет.
- F1: Семестр ичинде сабактарга толук катышпаган студентке берилет.
- F2: Сабактарга толук катышып жана семестр ичинде берилген тапшырмаларды аткарып, бирок семестрдин аягындагы сынакка кирбеген студентке берилет.
- F1, F2 жана FF баллдары студенттин жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллына кошулат.
Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо балл
21-берене. Студенттин жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы “Баалоо таблицасында” көрсөтүлгөн төрт баллдык системанын негизинде эсептелет. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө беш баллдык система боюнча алган сабактарын жана даражаларын көрсөт-көн документ берилиши мүмкүн.
Студенттин жетишкендиги ар бир семестрдин аягында семестрдик орточо баллы (YANO) жана жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы (GANO) эсептелип аныкталат. Кайра окулган сабактар боюнча алынган акыркы баллдар YANO жана GANOго кошулат.
YANO жана GANO баллдары орточо балл боюнча эсептелинет. Окулган сабактардын кредит-сааттарын сабактар боюнча алынган тамга бааларынын эквиваленттүү коэффициентине көбөйтүп, чыккан сумманы сабактардын жалпы кредит-саат көлөмүнө бөлүү жолу менен орточо балл аныкталат. Орточо баллды аныктоодо бөлчөктүү сан алынган учурда ал бүтүн санга чейин тегеректелет.
Кредит-сааты жок сабактар боюнча алынган баллдар YANO жана GANO баллдарынын эсептелинишине кошулбайт.
Сынактын жыйынтыгына нааразычылык
22-берене. Студент сынак жыйынтыгына карата апелляция бере алат. Студент апелляция жөнүндө арызын сынак жыйынтыгы жарыяланган күндөн тарта бир жума ичинде бөлүм башчысына бериши керек. Тиешелүү деканат же мүдүрлүк тарабынан үч кишиден турган ко-миссия түзүлүп, анын бир мүчөсү тийиштүү сабактын окутуучусу болушу керек. Бул комиссия тарабынан арыз карап чыгылып, 3 күн ичинде жыйынтыкталат. Андан кийин тийиштүү деканатка же мүдүрлүккө билдирилет. Арызды карап чыгуунун жыйынтыктары студентке тийиштүү декан же мүдүр тарабынан 3 күн ичинде билдирилет. Сынактын жыйынтыгы өзгөртүлгөн болсо, бул өзгөртүүлөр тийиштүү бөлүмдүн башкаруу кеңешинин чечими менен студенттик иштер башкармалыгына билдирилет. Студент бул чечим боюнча арыздана албайт.
Окутуучу сынактын жыйынтыгын чыгаруу учурунда техникалык ката кетиргенин кийин билсе, анын арызынын негизинде тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен сынактын жыйынтыгы өзгөртүлөт.
Мыкты окуган студенттер
23-берене. Семестрдик орточо баллы 3.00-3.49 ортосунда болгон студенттерге “Семестрде мыкты окуган студент”, ал эми семестрдик орточо баллы 3.50-4.00 ортосунда болгон студенттерге “Семестрде эң мыкты окуган студент” наамы берилет. Бул студенттердин тизмеси ар бир семестрдин аягында жарыяланат. Мындан сырткары жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 3.00-3.49 ортосунда болгон студенттер “Мыкты окуган студент”, ал эми баллы 3.50 же андан жогору болгон студенттер “Эң мыкты окуган студент” наамы менен университетти бүтүрүшөт. Бул жагдай студенттердин дипломдоруна да жазылат.

24-берене. Студенттер белгиленген сабак жүгүнүн чегинен чыкпай, орточо баллын жогору-латкысы келсе, семестрдин башында мындан мурун ийгиликтүү тапшырган сабактарга бардык шарттарын толук аткарууга милдеттенүү менен кайра каттала алышат. Мындай учурда алынган балл акыркы балл болуп эсептелет.
Сынактарда көчүрүү
25-берене. Сынакта көчүргөн, көчүрүүгө аракет кылган же көчүрткөн студенттерге карата “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин тартиби боюнча нускамасына” ылайык тартиптик чара колдонулат. Териштирүүнүн натыйжасында студенттин күнөөсү аныкталган учурда, ал студенттин ошол сынактан алган баллы 0 (ноль) деп эсептелет.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Окуу мөөнөтү жана окууну бүтүрүү
Академиялык календарь
26-берене. Университеттин окуу-тарбия иш-чаралары Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган академиялык календарь боюнча жүргүзүлөт. Кийинки окуу жылынын акаде-миялык календары студенттик иштер башкармалыгы тарабынан апрель айынын аягына чейин даярдалып ректоратка сунушталат.
Окуу мөөнөтү
27-берене. Бир окуу жылы күзгү жана жазгы семестрлерден турат. Университетте бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча ар бир семестр кеминде 14 жумадан, эң көп 16 жумадан турат. Студенттер ушул нускамага ылайык даярдоо курсунан сырткары 4 жылдык окуу программасын 7 жылда, 5 жылдык окуу программасын 9 жылда, 2 жылдык окуу программасын 4 жылда бүтүрүшү керек. Аныкталган мөөнөттө окуусун аякта-баган студенттер тиешелүү башкаруу кеңешинин чечими менен университеттен чыгарылат. Бирок окуу мөөнөтүнүн аягында сабакка толук катышып, бирок эң көп 3 сабагын тапшыра албаган студенттерге тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен 2ден кошумча сынакка кирүү укугу берилет. Бул кошумча сынакка кирүү укугунан пайдалангысы келген студент окуу мөөнөтү аяктаган семестрдин сынак жыйынтыктары жарыяланган күндөн тарта бир жума ичинде тийиштүү деканатка/мүдүрлүккө жазуу түрүндө арызы менен кайрылышы керек. Мындай учурда студент тийиштүү сабак ачылган алгачкы семестрде сабактарга катталуусу жана бул сабактардын финалдык сынактарына катышуусу керек. Бул сынакка катышуу укугунан пайдаланбаган же сынакты тапшыра албай калган студенттер университеттен чыгарылат. Студент бул мөөнөт ичинде студенттик укуктарынан (студенттик күбөлүк, акысыз жол жүрүү билети, аскердик билет ж.б.) пайдалана албайт.
Мөөнөтүнөн мурда окууну бүтүрүү
28-берене. Бул нускаманын жоболорунун алкагында өзүнүн бөлүмүнө тийиштүү бардык милдеттүү сабактарды мөөнөтүнөн мурда ийгиликтүү тапшырган ж.б. милдеттерин аткарган студенттерге окууну мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү укугу берилет.
Диплом берүү:
29-берене. Окуу программасында орун алган бардык сабактарды ийгиликтүү тапшырган ж.б. башка милдеттерин аткарган жана жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы 2.00 жана андан жогору болгон студенттерге диплом берилет. Жалпы академиялык жетиш-кендик боюнча орточо баллы 2.00ден төмөн болгон студенттер орточо баллын жогорулатуу үчүн эң көп 5 сабак боюнча бирден кошумча сынак тапшыра алышат. Бул сынактар сынак мезгили аяктаган күндөн тарта бир жуманын ичинде өткөрүлөт жана сынак жыйынтыктарын баалоодо ара сынак менен финалдык сынактын жыйынтыктары эске алынбайт. Бул сынак-тын жыйынтыктары боюнча орточо баллын 2.00 же андан жогору баллга жогорулата албаган студенттер бул сынактан алган баллы жараксыз болуп эсептелет. Кошумча сынакка катышуу укугунан пайдаланбаган студент жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллын жогорулатуу үчүн 30 (отуз) кредит-саат көлөмүнөн ашпагандай кылып, каалаган сабактарын кайра окуй алат. Студенттин бул сабактарга катышуусу талап кылынбайт. Студенттер бул укугун максималдуу окуу мөөнөтү ичинде колдоно алышат.
Студенттерге диплом жана тийиштүү академиялык даражасын берүү
30-берене. Бул нускаманын 29-беренесиндеги шарттарды аткарган студенттерге аяктаган факультетинин/жогорку мектебинин, бөлүмүнүн жана орто кесиптик билим берүү/бака-лавр/магистр программасынын аталышын көрсөткөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин диплому (түркчө жана англисче), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик диплому (кыргызча жана орусча) жана дипломдун тиркемелери берилет. Дипломдун формасы, көлөмү жана дипломго жазыла турган маалыматтар Окумуштуулар кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат. Студенттердин арызы боюнча диплом даяр болгонго чейин «университетти бүтүргөндүгү тууралуу убактылуу маалымкат» берилет. Дипломдо көрсөтүлө турган адистик жана наам (түркчө, кыргызча, орусча, англисче) Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат. Ветеринария факультетин аяктаган студенттерге “магистр даражасындагы диплом” берилет.
Дипломдун тиркемеси
31-берене. Берилген арыз боюнча студенттик иштер башкармалыгы тарабынан студентке алган сабактары жана баллдары менен YANO жана GANO баллдарын көрсөткөн транскрипт берилет.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Башка жоболор
Уруксат алуу (академиялык өргүү алуу) шарттары
32-берене.
- Жүйөлүү себептерден улам уруксат ала турган студенттерге тийиштүү башкаруу кеңе-шинин чечими менен окуу мөөнөтү ичинде бир жолу эки семестрди ашпагандай кылып, орто кесиптик билим берүү программасы боюнча 2 семестр, бакалавр про-граммасы боюнча 4 семестр уруксат берилиши мүмкүн. Уруксат ала турган студент жеке өзү же нотариус аркылуу дайындаган өкүлү аркылуу жүйөлүү себептерин тастык-таган документтери менен кайрылууга тийиш. Семестрдин ортосунда же семестрдин аягындагы сынак мезгилинде уруксат берилген учурда, студент семестрдин башынан тарта уруксат алган болуп саналат.
- Студент жүйөлүү себебин документтер менен тастыктаганда, төмөндө көрсөтүлгөн учурларда тийиштүү башкаруу кеңеши тарабынан уруксат берилет:
- Саламаттыкты сактоо мекемеси тарабынан бир семестр ичинде 30 же андан көп күнгө медициналык маалымкат берилген студенттерге ден соолугуна байланыштуу уруксат берилиши мүмкүн. Медициналык маалымкат университеттин ден соолук борбору тарабынан тастыкталгандан кийин күчүнө кирет.
- Студент аскердик кызматка чакырылса, мындай учурда ага уруксат берилиши мүм-күн. Аскердик кызматка чакырылганына байланыштуу берилген уруксат мезгили аскердик кызмат мөөнөтүнө кирет. Аскердик кызмат мөөнөтү бүткөндөн кийин 30 күндүн ичинде университетке арыз менен кайрылган студент кийинки семестрдин башында каттоо ишин жүргүзө алат.
- Жергиликтүү администрация өзгөчө кырдаал болгондугун документ менен тастык-таган учурда, студентке уруксат берилет.
- Студенттин жакын туугандарынын бири каза тапканда, бул тууралуу маалыматты тастыктаган документтин негизинде уруксат берилет.
- Студенттин жакын туугандарынын бири катуу ооруп калса жана аны караган киши болбосо, бул тууралуу маалыматты тастыктаган документтин негизинде ага уруксат берилет.
- Студент материалдык абалынан улам окуусун уланта албаган учурда, бул тууралуу маалымат тастыкталган учурда ага уруксат берилет.
- Студент камакка алынса, камакта болгон күндөрү окуудан бошотулган болуп эсепте-линет. Студентке айыпталып өкүм чыгарылса жана бул өкүм аны “Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттеринин тартиби боюнча нускамасына” ылайык студенттик наамынан ажыратпаса, ошондой эле университеттен чыгарылышына себеп болбосо, сабактардан бошотулат.
- Жогоруда көрсөтүлгөн шарттардан сырткары уруксат алына турган болсо, тийиштүү башкаруу кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен студентке уруксат берилиши мүмкүн.
- Жогоруда көрсөтүлгөн уруксаттар окуу мөөнөтүнө кирбейт. Уруксат алган студент бул мөөнөттө окуусун уланта албайт, сабактарга жана сынактарга кире албайт, стипендия жана жатаканада калуу укуктарынан пайдалана албайт.
- Уруксат алган студент уруксат мөөнөтү аяктагандан кийинки алгачкы семестрдин башында каттоодон өтүшү керек. Эгерде студент уруксат мөөнөтүнөн мурда окууну улантууну кааласа жана арыз менен кайрылса, тийиштүү башкаруу кеңешинин чечими менен бул студенттин уруксаты жоюлушу мүмкүн.
Жайкы мектеп
33-берене. Жайкы мектеп Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ачылат. Жайкы мектеп-тин иш-чаралары “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жайкы мектеп боюнча нускамасына” ылайык жүргүзүлөт.
Университеттен чыгаруу
34-берене. Төмөнкүдөй себептер менен студент университеттен чыгарылат:
- Уруксаты болбой туруп, катары менен эки семестр каттоодон өтпөсө;
- Окуу программасында орун алган бир сабакка (же ага эквиваленттүү сабакка) катышпа-ганы үчүн катары менен 2 жолу F1 баллын алса;
- Окуу программасында орун алган бир сабакты (же ага эквиваленттүү сабакты) 4 жолу алып, тапшыра албаса;
- Университеттен чыгаруу жазасын алса;
- Окууну бул нускамада аныкталган мөөнөт ичинде бүтүрө албаса;
- Окуу мөөнөтүнүн аягында берилген кошумча сынак укугун колдонбосо же тапшыра албаса;
- g)Университет ичинде вертикалдык которулуу жасаган студенттер тийиштүү программа-ны удаа келген 2 семестрде тапшыра албай калса;
- Студент өз каалоосу менен университеттен кетүү жөнүндө арызын жазса.
- Университеттен чыгаруу иштери (студенттин өз каалоосу менен университеттен кетүү-сүнөн сырткары) тийиштүү башкаруу кеңешинин чечиминин негизинде ректорат тара-бынан ишке ашырылат. Студент өз каалоосу менен университеттен кетүүнү каалаган учурда, тийиштүү иштер деканат/мүдүрлүктүн сунушу боюнча ректорат тарабынан жүзөгө ашырылат. Университеттен чыгарылган студент тууралуу маалымат Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын тийиштүү органдарына жана универси-теттин тиешелүү бөлүмдөрүнө жазуу түрүндө билдирилет.
- Университеттен чыгарылган студенттин арызы боюнча ага окуу мөөнөтү ичинде окуган сабактарын жана алган баллдарын көрсөткөн транскрипт берилет. Студенттин университетке катталып жаткан учурда тапшырган бардык документтери жеке өзүнө же нотариус аркылуу дайындаган өкүлүнө кайтарылып берилет.
Кабар берүү
35-берене. Студенттерге берилүүчү маалыматтар студенттик иштер башкармалыгынын кулактандыруу тактасына жана/же интернет баракчасына жарыяланат. Мындан сырткары бул маалыматтар студенттин акыркы жолу берген дарегине почта аркылуу жиберилет. Бул эки жолдун бири аткарылган болсо, студентке кабар берилди деп саналат.
Күчүн жоготкон Окумуштуулар кеңешинин чечимдери
36-берене. Бул нускаманын жоболоруна каршы келген Окумуштуулар кеңешинин чечимдери күчүн жоготот.
Күчүн жоготкон нускама
37-берене. Бул нускама күчүнө кирген күндөн баштап, Окумуштуулар кеңешинин 2008-жылдын 25-июндагы 2008-14.78-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы” ага киргизилген толуктоолору жана өзгөртүүлөрү менен өз күчүн жоготот.
Күчүнө кириши
38-берене. Бул нускама университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган-дан кийин 2016-2017-окуу жылынын башынан тартып бардык студенттерге карата колдонуу максатында күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
39-берене. Бул нускаманын жоболору Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
Бул нускаманын 20-беренесине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 16-майындагы 2017-09.45 (b) – номерлүү чечими менен өзгөртүүлөр киргизилген.
Бул нускаманын 18-беренесинин (c) – пунктуна жана 34-берененин 1-пунктуна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 14-июнундагы 2016-16.67-номерлүү чечими менен өзгөртүүлөр киргизилген.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 9-июлдагы 2013-11.080- номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2008-жылдын 25-июнундагы 2008-14.78- номерлүү чечими менен кабыл алынган.