| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АВТОУНАА КАРАЖАТТАРЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 37 |
| Кабыл алганы | 01.01.2001 |
| Ачкыч сөздөр |
АВТОУНАА КАРАЖАТТАРЫН КОЛДОНУУ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АВТОУНАА КАРАЖАТТАРЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык ар түрдүү механикалык автоунаа каражаттарынын түрлөрүн: автомобиль, автобус, кичи автобус, жүк жана май ташуучу автоунааларды, айыл чарба шаймандарын натыйжалуу пайдаланууну, техникалык жактан тейлөөнү жана оңдоону, милдеттүү камсыздандыруу боюнча иштерди көзөмөлдөөнү жана өз убагында жүргүзүүнү; автоунаа каражаттары катышуучусу болгон жол кырсыктарынын жагдайларын изилдөөнү жана айдоочуларга жол кырсыгынын натыйжа-сында келтирилген зыяндын өлчөмүндө айып салууну; кыш мезгилинде керектелүүчү шайман жана тетиктерди толуктап, туура колдонууну; кышкы суукта автоунаа каражатта-рынын кыймылдаткычтарынын тоңуп калуусуна каршы алдын ала даярдык көрүүнү; шаар ичинде жана сыртында кызмат өтөгөн автоунаа каражаттары кызматкерлер тарабынан максатка ылайык колдонулуп же колдонулбай жаткандыгын иликтөөнү; автоунаа каражаттарын ары сапаттуу, ары үнөмдүү күйүүчү жана майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыздоону; автоунаа каражаттары үчүн белгиленген салык жана төлөмдөрдү кечиктирбей төлөөнү; ошондой эле аларды өз убагында техникалык кароодон өткөрүп турууну жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык ар түрдүү автоунаа каражаттары үчүн иштелип чыккан.
Кызматкер : Ишке кабыл алынган кызматкер;
Кызматтык автоунаа каражаты : Ректорго, Биринчи проректорго, проректорлорго, Башкы катчыга жана башкармалык жетекчилерине бөлүнгөн автоунаа каражаттары;
Айдоочу : Автоунаа каражатын айдаган киши;
Тейлөөчү автоунаа каражаты : Ректорат тарабынан шаар ичинде жумуш аткаруу үчүн бөлүнгөн автоунаа каражаты;
Кичи автобус : Айдоочунун орундугунан сырткары 8 (сегиз) же 10 (он) орундугу бар, жүргүнчүлөрдү ташууга ыңгайлаштырылган механикалык автоунаа каражаты;
Автобус : Айдоочунун орундугунан сырткары кеминде 11 (он бир) орундугу бар, жүргүнчүлөрдү ташууга ыңгайлаштырылган механикалык автоунаа каражаты;
Жүк ташуучу автоунаа каражаты : Уруксат берилген максималдуу массасы 3500 (үч миң беш жүз) килограммдан ашкан жана жүк ташууга ыңгайлаштырылган механикалык автоунаа каражаты;
Май ташуучу автоунаа каражаты : Күйүүчү май (газ, дизель майы, бензин же мазут) ташууга ыңгайлаштырылган механикалык автоунаа каражаты.
Башкармалыктардын жана башка бөлүмдөрдүн суроо-талабы боюнча унаалардын бөлүнүшү
3-берене. Башкармалыктар шаар ичинде иштерди аткаруу үчүн автоунаа каражатын сураган учурда автоунаа каражатын талап кылуу формасы толтурулат (1-тиркеме). Талап кылуу формасына автоунаа каражатын пайдаланган кызматкердин аты-жөнү, кызматы, иштеген жери жана талап кылуунун максаты жазылып, пайдаланган кызматкер, тийиштүү бөлүм жана башкармалыктар тарабынан кезеги менен кол коюлат. Андан ары техникалык кызматтар башкармалыгынын башчысынын макулдугу аркылуу тастыкталган форма автоунаа каражаттары кызматынын башчысына, башкы айдоочуга же тиешелүү мүдүрлүктөргө жөнөтүлгөн соң, автоунаа каражаты бөлүнөт.
Коомдук иштер үчүн автоунаа каражаттарынын бөлүнүшү
4-берене. Ректоратта эмгектенген кызматкерлер каза болгонго же ооруп калганга байланыштуу автоунаа каражатын сураган учурда макулдукту кийин алса болот. Өзгөчө ректорат кызыкдар болгон коомдук иш-чараларды (спорттук мелдеш, семинар, конферен-ция, курс, ж.б. жыйындарды) үзгүлтүккө учуратпай өткөрүү максатында автоунаа каражат-тары бөлүнөт.
Ректоратка таандык автоунаа каражаттарынын техникалык абалы боюнча чечим чыгаруу. Иштөө мөөнөтү аяктаган автоунаа каражаттарын сатуунун же жаңы автоунаа каражаттарын сатып алуунун тартиби
5-берене. Ректоратка таандык автоунаа каражаты же автоунаа каражаттары кузову жана анын башка темир бөлүктөрүнүн эскирип жараксыз абалга келип, дат баскан, чирип кеткен, механикалык жана электроникалык жактан бат-баттан бузулган учурларда автоунаа каражат-тары техникалык жактан тейлөө борбору тарабынан экспертизадан өткөрүлөт. Оңдоо жана техникалык кароодон өткөрүү учурунда автоунаа каражаттарынын натыйжалуу иштей же иштей албай тургандыгы аныкталат. Көп каражатты талап кылган жана пайдаланууга жараксыз деп табылган автоунаа каражаты же автоунаа каражаттары боюнча атайын акт түзүлөт. Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алуу менен техникалык жактан тейлөө борбору даярдаган актыга автоунаа каражаттары боюнча жооптуу башкармалыктын түзгөн актысы кошо тиркелип, алып-сатуу иштери менен иш жүргүзгөн бөлүмгө жөнөтүлөт.
Айрыкча сатып алына турган автоунаа каражаттары үчүн Түркия же Кыргыз Республика-сынын “Сатып алуу жана тендер өткөрүү боюнча нускамасы” колдонулат.
Ректоратка таандык автоунаа каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо иштерин аткаруунун тартиби
6-берене. Автоунаа каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо иштери атайын автоунаа каражаттарын тейлөө борборлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Ал үчүн техни-калык тейлөө менен алектенген фирмалардын коммерциялык сунуш каты талап кылынат. Техникалык тейлөө боюнча келишим түзүү үчүн эң ыңгайлуу коммерциялык сунуш катын жолдогон фирманын эмгекке жарамдуулугу, түп нуска тетиктерди колдонуп-колдонбо-гондугу жана ишенимдүүлүгү изилденет. Техникалык тейлөө боюнча келишим жогоруда айтылган бардык талаптарга толук жооп берген фирма менен гана түзүлөт. Тапшырманы аткарууга жөнөтүлгөн автоунаа каражаттары такай барып жүргөн жерден тышкары бузулуп калган учурда автоунаа каражатын пайдаланган кызматкерлер тийиштүү протоколду толтурушу жана ошол жердеги атайын автоунаа каражаттарын тейлөө борборунан оңдоону камсыз кылышы керек. Ректоратка таандык автоунаа каражаттары техникалык тейлөөгө жана оңдоого муктаж болгон учурда айдоочусу жана техникалык кароо жана оңдоо иштери боюнча жооптуу кызматкер тийиштүү акт түзүшөт. Жетекчиликтин макулдугу менен автоунаа каражаты техникалык тейлөө жана оңдоо иштери менен алектенген атайын фирмага жиберилет. Техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу чыгымдар жетекчиликтин макулдугу менен төлөнөт.
Ректоратка таандык автоунаа каражаттарын милдеттүү камсыздандыруу
7-берене. Ректоратка таандык автоунаа каражаттарынын баары милдеттүү камсыздан-дырылууга тийиш.
Кызматтык автоунаа каражаты катышуучусу болгон жол кырсыгына байланышкан иш-чараларды жүргүзүү, автоунаа каражатын изилдөөнүн жана калыбына келтирүүнүн тартиби, кырсыкка себепкер болгон кызматтык автоунаа каражатынын айдоочусуна салына турган айыптар
8-берене. Жол кырсыгына кабылган автоунаа каражаты жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы жүргүзгөн иш-чаралары (жол-кайгуул кызматынын кызматкери түзгөн жол кырсыгы боюнча протокол, спирт ичимдиги боюнча экспертиза ж.б.) аяктаган соң, атайын техникалык тейлөө жана оңдоо борборуна жөнөтүлөт. Автоунаа каражаты толук текшерүү-дөн өткөндөн кийин оңдоо жумуштары башталат. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жол кырсыгына кабылган автоунаа каражаты боюнча түзгөн протоколу-нун негизинде айдоочуга айып салынат. Ректоратка таандык автоунаа каражаттары жумуш убактысынан башка учурда токтотуучу жайлардан тышкары аймакта жол кырсыгына учураса, анын себептери автоунаа каражатын пайдаланган университеттин кызматкери тарабынан акт менен такталып, эң кыска мөөнөт ичинде тиешелүү бөлүм башчыга маалымат берилет. Бөлүм башчы болсо бул тууралуу жол-кайгуул кызматына кабар берүүгө милдеттүү. Өзүнө катталган унааны айдап бара жатып жол эрежелерин сактабаган жана ошонун айынан айыпка жыгылган айдоочунун айып пулу окуу жай тарабынан төлөнбөйт.
Автоунаа кажаттарынын милдеттүү камсыздандырылуусу:
-
Жол кырсыгына кабылган автоунаа каражатынын материалдык чыгымы жол кырсыгынын протоколунда көрсөтүлгөн өлчөмдө автоунаа каражаттарын камсыздан-дыруу уюмдары тарабынан төлөнөт. Автоунаа каражаттарын милдеттүү камсызданды-рууда белгиленген материалдык чыгымдын өлчөмү өз лимитинен ашып кетсе, сумманы айдоочу төлөйт.
Айдоочулардын милдеттери
9-берене. Айдоочулар өзүнө катталган унаа каражатынын жалпы тазалыгын жана техника-лык абалын көзөмөлдөп турууга тийиш. Кандайдыр бир кемчилдиктер байкалса, бул тууралуу дароо өзү кызмат өтөгөн бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү. Айдоочу карамагындагы унаа каражатынын тазалыгы менен техникалык абалын текшергенден кийин унаа каража-тынын жанында же айдоочулар бөлмөсүндө өз милдетин аткарууга даяр турушу керек. Кыргыз Республикасынын Жолдо жүрүү эрежелерине ылайык, расмий унаа каражаттары үчүн каралган атайын документтер айдоочуларда болууга тийиш.
Ректоратка таандык кызматтык автоунаа каражаттарын колдонуунун тартиби
10-берене. Автоунаа каражатын пайдаланган кызматкерлер менен айдоочулар ректоратка таандык автоунаа каражаттарын эч качан максатсыз жана өздөрүнүн жеке иштери, буюм жана жүктөрдү ташуу, мекемеге тиешесиз адамдарды жүргүнчү катары бир жерден экинчи жерге жеткирүү жана каражат табуу үчүн колдоно алышпайт. Белгиленген аймакка барчу эң ыңгайлуу жолду айдоочу аныктайт. Тыгын учурунда каттамдын кыска жана үнөмдүү жолдору каралат. Ректораттын атынан аткарылчу иштерде:
-
Ректоратка таандык кызматтык автоунаа каражаттарын колдонуу укугу айдоочу үчүн ишеним катта көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде берилет.
-
Айдоочу берилген жумушту түнкүсүн кеч аяктаса, өзүнө ишенип берилген автоунаа каражаты менен үйүнө барса болот. Бирок ошондой учурда жол кырсыгы жана чыгым-дар үчүн айдоочу жооп берет. Мындай кырдаалдарда ал дароо өзү иштеген бөлүмдүн жооптуу кишилерине кабар берүүгө тийиш.
-
Өзгөчө кырдаалдар: Шашылыш учурларда айдоочунун жок болуусу же сапарга чыкканда алардын ооруп калуусу өңдүү өзгөчө кырдаалдарда автоунаа каражатын айдоочулук күбөлүгү бар кызматкер өзү колдоно алат же ишенимдүү башка бирөөгө өз макулдугу менен колдонууга бере алат. Шашылыш жана өзгөчө кырдаалдарда сапарга чыгуу чечими ал иштеген бөлүмдүн жетекчиси тарабынан аныкталат.
Ректоратка таандык автоунаа каражаттардын күйүүчү-майлоочу май жана башка керектүү нерселер менен камсыз болуусу
11-берене. Ректоратка таандык автоунаа каражаттарын дизель, бензин жана майлоочу майлар менен камсыздап туруу үчүн мыкты фирмалар менен “Сатып алуу жана тендер өткөрүү боюнча нускаманын” негизинде келишим түзүлөт. Өзгөчө күйүүчү жана майлоочу майлардын сапаты менен тазалыгына көңүл бурулат. Айрыкча маал-маалы менен экспер-тиза борборлоруна майлардын үлгүлөрү жиберилип, текшерүүдөн өткөрүлөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча күйүүчү жана майлоочу майлардын үлгүлөрүнөн кемчилик табылса, университет мунай фирмасы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу токтото алат. Автоунаа каражаттардын чакырымды санаган эсептегичи менен короткон майынын бир-бирине дал келүүсү жана катталган маалыматтардын туура чыгуусу үчүн каттоо иштеринин кынтыксыз жүргүзүлүшүнө көңүл бурулат. Күйүүчү жана майлоочу майга муктаж болгон айдоочулар төмөндөгү эрежелерге көңүл бурууга тийиш:
-
Айдоочу өзү иштеген бөлүмдөн берилчү кол коюлган эки даана талон менен келишим түзүлгөн мунай фирмасына барат жана өзүнө керектүү майдын түрүн алат.
-
Мунай фирмасынан алынган майдын өлчөмү (литр түрүндө) тиешелүү талондорго жазылгандан кийин айдоочу менен фирма кызматкери ага кол коёт. Кол коюлган талондун бир нускасы фирмада калат, экинчи нускасына айдоочу тарабынан чакырым көрсөткүчү жазылып, дагы бир жолу кол коюлган соң, тиешелүү бөлүмгө тапшырылат.
Жайында жана кышында автоунаа каражаттарында милдеттүү түрдө болушу зарыл шаймандар
12-берене. Автоунаа каражаттарында кошумча дөңгөлөк, домкрат жана рычаг, баллон ачкычы, керектүү шаймандардын топтому (өрт өчүргүч, чиркеп жетелөөчү аркан, жол аптечкасы, шынаа, ачкычтар топтому, бурагыч, кычкач, көчмө чырагы, чагылдыргыч), кошумча кыймылдаткыч куру ж.б. болууга тийиш.
Ректоратка таандык жүк ташуучу автоунаа каражаттары жана алардын уруксат берилген максималдуу жүк көтөргүчтүгү
13-берене. Тийиштүү бөлүм башчылары жүк ташуучу автоунаа каражаттарынын жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген өлчөмдөн ашпай жүк жүктөлүүсүн көзөмөлдөөгө тийиш.
Белгиленген өлчөмдөн ашык жүк жүктөгөндүн натыйжасында автоунаа каражаты бузулса жана зыян келсе, ошондой эле жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан айып тартса, жүк ташуучу автоунаа каражатынын айдоочулары менен жооптуу кишилери келтирилген залал менен чыгымдар үчүн өздөрү жооп берет. Жүк ташуучу автоунаа каражаттарын колдонуу үчүн кеминде эки жетекчинин кол коюусу талап кылынат.
Кыш мезгилинде автоунаа каражаттарын тоңдурбоо үчүн иш-чаралар
14-берене. Кыш мезгили жакындаганда (климатты эске алуу менен) кыймылдаткычтын суусун тоңдурбоо үчүн жетишээрлик деңгээлде антифриз куюлат. Бул көрүнүш жыл сайын кайталанууга тийиш.
Автоунаа каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү
15-берене. Автоунаа каражаттарын техникалык кароодон жыл сайын өткөрүүгө тийиштүү бөлүмдөр милдеттүү. Айрыкча автоунаа каражаттарынын техникалык кароодон өткөн мөөнөтү аяктай электе алар кайрадан кароодон өткөрүлүүсү керек.
Автоунаа каражаттарына таандык документтердин жөнгө салынуусу
16-берене. Ректоратка таандык автоунаа каражаттарын колдонууга тийиштүү бөлүмдүн жооптуу кишилери жооп берет. Ар бир автоунаа каражаты жыл бою оңдоодон жана техника-лык кароодон өткөрүлүп турат. Жүргөн жолунун аралыгы менен сарпталган майынын өлчөмү бир-бирине дал келген-келбегендигин аныктоо жана автоунаа каражатын кантип натыйжалуу колдонуу керектигин билүү үчүн төмөндөгү эрежелерге көңүл буруу керек:
-
Ар бир автоунаа каражатынын ай жана жыл сайын сарптаган майынын өлчөмү аныкталат. Ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн ар бир автоунаа каражатынын сарпта-ган майы менен өткөн жолдун аралыгын бири-бири менен салыштыруунун натыйжа-сында ашыкча майдын сарпталышынын алдын алынат. (2-3-тиркеме).
-
Жыл бою ар бир автоунаа каражатын оңдоо, техникалык кароо, кырсык ж.б. үчүн сарпталган каражаттын жалпы өлчөмү такталууга тийиш. Ар бир автоунаа каражаты үчүн өзүнчө папка ачылат жана чогулган маалыматтар жооптуу кишилер тарабынан талкууланат (4-тиркеме).
-
Айдоочулардын өз карамагындагы автоунаа каражаттарына болгон камкордугуна жана тазалыгына карата мамилеси ар дайым көзөмөлдөнүп турат. Автоунаа каражаттарына олуттуу мамиле жасабаган айдоочуларга тиешелүү нускамалардын негизинде чара көрүлөт.
Жазалоо
17-берене. Нускамада көрсөтүлгөн эрежелерге баш ийбегендерге “Кызматкерлердин эмгек тартиби боюнча нускамасынын” тиешелүү беренелери боюнча чара колдонулат.
Ишке ашырылышы
18-берене. Бул нускаманы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратынын атынан Биринчи проректор ишке ашырат.
Күчүнө кириши
19-берене. Бул нускама жарыяланган күндөн тартып (01.01.2001) күчүнө кирет.