| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ МҮДҮРЛҮГҮНҮН ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 38 |
| Кабыл алганы | 25.04.2024 |
| Ачкыч сөздөр |
ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ МҮДҮРЛҮГҮНҮН ИШМЕРДИГИ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ МҮДҮРЛҮГҮНҮН ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн милдеттерине, ишмердигине жана башкаруу органдарына тиешелүү жол-жоболорду жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн милдеттерине, ишмердигине жана башкаруу органдарына жана иштөө тартибине тиешелүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздемеси
3-берене. Бул нускама:
-
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тиешелүү беренелерине;
-
Кыргыз Республикасынын “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” № 106 мыйзамына;
-
Кыргыз Республикасынын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” № 938-XII мыйзамына;
-
Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” № 155 мыйзамына;
-
Түркия Республикасынын “Жогорку билим берүү жөнүндө” № 2547 мыйзамынын тиешелүү беренелерине ылайык даярдалган.
Аныктамалар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
-
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
-
Камкорчулар кеңеши: Университеттин Камкорчулар кеңеши;
-
Ректорат: Университеттин ректораты;
-
Ректор: Университеттин ректору;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгү: Университеттин базасында түзүлгөн телекөрсөтүү мүдүрлүгү;
-
Телекөрсөтүү мүдүрү: Университеттин телекөрсөтүү боюнча мүдүрлүгүнүн жетекчиси;
-
Ишке ашыруу түзүмдөрү: Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнө караштуу өндүрүү жана телекөрсөтүү түзүмдөрү;
-
Башкаруу кеңеши: Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн башкаруу кеңеши;
-
Телекөрсөтүү кеңеши: Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн телекөрсөтүү кеңеши;
-
Иш алып баруу чөйрөсү: Электрондук медиа, интернет, санариптик медиа, теле жана мультимедиялык технологияларды колдонуу менен ар түрдүү программаларды түзүү жана жарнамаларды берүү, көрсөтүү, кабарларды берүү жана окутуу иш-чаралары.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн максаттары, ишмердиги жана башкаруу органдары
Максаттары
5-берене. Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн максаттары төмөнкүдөй:
-
Университеттин миссиясынын жана концепциясынын жүзөгө ашырылышына салым кошуу;
-
Университетти таанытуу жана университет уюштурган иш-чараларды жарыялоо;
-
Иш алып баруу чөйрөсүнө кирген илимий, тармактык, кесиптик жана технологиялык өнүгүүлөргө, продукцияларга, өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга кылдаттык менен байкоо жүргүзүү жана аларды университетке алып келүүгө аракет кылуу; бул тема боюнча толук маалыматтарды топтоо;
-
Иш алып баруу чөйрөсүнө ылайык университеттин миссиясынын алкагында изилдөө, практикада колдонуу, билим берүү, программаларды даярдоо жана көрсөтүү боюнча иш алып баруу; берүүлөр аркылуу кыргыз түркчөсү менен Түркия түркчөсүн жалпы элге жеткирүүгө салым кошуу;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн иш чөйрөсүнө кирген темалар боюнча университеттин студенттерине иш жүзүндө практика жана стажировка мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүсү аркылуу квалификациялуу кадрларды даярдоо процесстерине салым кошуу;
-
Телекөрсөтүүлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана башка түрк мамлекеттеринин жана боордош коомчулуктардын билим берүү, социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүлөрү жөнүндө коомду маалымдоо; аймактык жана салттуу баалуулуктарды сактап калуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү миссиясына кызмат кылуу үчүн оригиналдуу жаңылыктарды, программаларды жана интервьюларды даярдоо жолу менен улуттук жана эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошуу.
Ишмердик чөйрөсү
6-берене. Телекөрсөтүү мүдүрлүгү ушул нускаманын 5-беренесинин максаттарына ылайык төмөнкүдөй иштерди жүзөгө ашырат:
-
Ишмердик чөйрөсүндөгү технологиялар аркылуу жаңылыктар, маданият, көркөм өнөр, билим берүү, таанытуу жана ушул сыяктуу темаларда ар кандай программаларды түзүү;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгү тарабынан же башка булактардан алынып даярдалган университеттин миссиясына ылайык программалар менен үзгүлтүксүз телекөрсөтүү берүүсүн камсыз кылуу.
-
Университеттин тиешелүү бөлүмдөрү менен биргелешип дистанттык билим берүү, үзгүлтүксүз билим берүү, өмүр бою билим берүү, кошумча билим берүү, интерактивдүү билим берүү жана ушул сыяктуу тармактарда теле жана мультимедиялык каражаттарды колдонуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
-
Ишмердик чөйрөсүндөгү темалар боюнча иш-чараларды алып баруу жана изилдөөлөрдү жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
-
Окутуучуларга жана студенттерге практикалык окуу же стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү;
-
Өтүнүчү боюнча уюмдарга консультацияларды өткөрүү жана программаларды түзүү; телекөрсөтүүлөрдү баалоо жана эксперттик отчетторду даярдоо, билим берүү курстарын жана семинарларды уюштуруу жана катышуучуларга сертификаттарды берүү;
-
Университеттин улуттук жана эл аралык конференцияларды, конгресстерди, панелдерди, симпозиумдарды, коллоквиумдарды, семинарларды, жарманкелерди, курстарды, мастер-класстарды, көргөзмөлөрдү жана ушул сыяктуу таанытуу жыйындарын өткөрүү;
-
Ишмердик чөйрөсүндө мамлекеттик мекемелер, уюмдар жана башка университеттердин факультеттери, институттары менен борборлору жана бул жаатта иш алып барган жергиликтүү, аймактык, улуттук жана эл аралык уюмдар менен алака түзүү; тармактык стандарттарды иштеп чыгуу, сапатты жогорулатуу, маалымат алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу максатында кызматташуу;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн өнүккөн инфратүзүмгө ээ жана керектүү жабдуулар менен жабдылган өндүрүштүк жана телекөрсөтүү объекттерин куруу жана жетиштүү санда адистерден турган команда түзүү;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү, улуттук жана эл аралык масштабдагы жаңы жана оригиналдуу долбоорлорду иштеп чыгуу.
Башкаруу органдары
7-берене. Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн башкаруу органдары мүдүрлүк, башкаруу кеңеши жана телекөрсөтүү кеңеши болуп саналат.
Телекөрсөтүү мүдүрү
8-берене. (1) Телекөрсөтүү мүдүрү кызматына административдик кызматкерди дайындоо университеттин Административдик кызматтан көтөрүлүү жана кызмат ордунун категориясын өзгөртүү жөнүндө жобосунун 8(1), 11(1) жана 12(3)-беренелеринде көрсөтүлгөн шарттарга жооп бергендердин арасынан ушул эле жобонун 7(1)-беренесинин алкагында жүргүзүлөт.
-
Телекөрсөтүү мүдүрү кызматына академиялык кызматкер ректор тарабынан коммуникация тармагында адис болгон окутуучулар ичинен үч жылдык мөөнөткө дайындалат. Мөөнөтү аяктаган мүдүр ушул эле тартипте кайра дайындалышы мүмкүн же анын мөөнөтү аяктаганга чейин кызматтан бошотулушу мүмкүн.
-
Телекөрсөтүү мүдүрү телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн бардык иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү үчүн башкаруу кеңешинин, телекөрсөтүү кеңешинин жана ректордун алдында жооптуу.
Телекөрсөтүү мүдүрүнүн милдеттери
9-берене. Телекөрсөтүү мүдүрүнүн милдеттери төмөнкүдөй:
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн өкүлү болуу;
-
Башкаруу кеңешинин күн тартибин даярдап төраганын кол коюусуна берүү жана кеңештин жазуу жана каттоо иштерин жүргүзүү;
-
Башкаруу кеңешинин жана телекөрсөтүү кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу;
-
Телекөрсөтүүнүн бардык түрлөрү үчүн зарыл болгон физикалык жана техникалык инфратүзүмдү түзүүнү, ошондой эле жабдууларды жана материалдарды камсыз кылуу, орнотууну жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
-
Телекөрсөтүүнүн мазмундук жана техникалык жактан үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү жана көйгөйлөрдү жоюу жолдорун табуу;
-
Кызматта талап кылынган тартиптин жана этикалык эрежелердин алкагында телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн кызматкерлеринин өндүрүмдүү иштеши үчүн жайлуу жана коопсуз иш чөйрөсүн камсыз кылуу;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнө караштуу ишке ашыруу түзүмдөрүнүн жооптуу адамдарын аныктоо жана түзүмдөрдүн ортосундагы координацияны камсыз кылуу;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн ишинин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылуу, телекөрсөтүү мүдүрлүгүндө иштеген кызматкерлерди жана аткарылып жаткан иштерди тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык көзөмөлдөө;
-
Ушул нускаманын 3(2), 3(3) жана 3(4)-беренелерине ылайык телекөрсөтүүлөрдү, иштерди жана иш-аракеттерди камсыз кылуу; даярдалышы керек болгон ар кандай документтерди, маалыматтарды, пландарды, отчетторду ж.б. даярдап, тиешелүү мекемелерге өз убагында жеткирүү;
-
Телекөрсөтүү менен байланышкан лицензиялардын, келишимдердин жана ар кандай документтердин жарактуулук мөөнөтүн көзөмөлдөө, мөөнөтү бүтүп бараткан документтердин мөөнөтүн узартуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдап тиешелүү мекемеге өз убагында жеткирүү, жаңы сатылып алынган телекөрсөтүү жабдуулардын аккредитациядан өтүүсүн камсыз кылуу;
-
Университеттин Текшерүү комиссиясы жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мекемелери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтүү үчүн зарыл болгон иштердин туура жана өз убагында аткарылышын, ошондой эле бардык документтердин талап кылынгандай даярдалышын камсыз кылуу;
-
Телекөрсөтүүлөрдү архивдөө жана телекөрсөтүүлөр архивин жана баалуу архивдерди түзүүнү камсыз кылуу;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн иш алып баруу чөйрөсү боюнча ишмердигин жүргүзгөн жергиликтүү, улуттук жана эл аралык мекемелер жана уюмдар менен байланышты жана кызматташууну ишке ашыруу;
-
Социалдык медиа жана ушул сыяктуу каражаттар аркылуу телекөрсөтүүнү жалпы элге жеткирүү жана көрүү рейтингин көзөмөлдөө;
-
Тиешелүү ченемдик укуктук актыларда көрсөтүлгөн башка милдеттерди аткаруу.
Башкаруу кеңеши
10-берене.
-
Башкаруу кеңеши телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн башкаруу жана чечим кабыл алуучу органы болуп саналат.
-
Башкаруу кеңеши телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн ишмердик чөйрөсүндөгү маселелер боюнча иш алып барган университеттин кызматкерлеринин ичинен ректор тарабынан дайындалган бир төрагадан, үч мүчөдөн жана телекөрсөтүү мүдүрүнөн турат. Башкаруу кеңешинин төрагасы университетте толук ставкада иштеген доцент же профессор наамына ээ окутуучулардын ичинен тандалат.
-
Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн кызматтык мөөнөтү үч жылды түзөт. Кызматтык мөөнөтү аяктаган мүчө кайра дайындалышы мүмкүн. Кандайдыр бир себептен улам кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган мүчөнүн ордуна калган мөөнөткө ушул эле тартипте жаңы мүчө дайындалат.
-
Башкаруу кеңеши жылына эки жолудан кем эмес чогулат жана зарыл болгон учурда төраганын чакыруусу боюнча абсолюттук көпчүлүк менен чогулуп, чечимдер катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу чечүүчү ролду ойнойт.
-
Башкаруу кеңешинин жыйынына үч жолу себепсиз келбеген мүчө кызматтан бошотулат.
Башкаруу кеңешинин милдеттери
11-берене. Башкаруу кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
-
Телекөрсөтүүнүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү стратегияларын, саясатын жана телекөрсөтүүнүн жол-жоболорун аныктоо;
-
Ишмердик боюнча жылдык отчетту жана келерки жылдын жылдык иш программасын талкуулоо, бекитүү жана ректоратка берүү;
-
Телекөрсөтүүнү натыйжалуу башкарууну, ушул нускаманын 5 жана 6-беренелеринде көрсөтүлгөн максаттарга жетишүүнү жана иш-чараларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле жылдык иш программаны аткарууну камсыз кыла турган сунуштарды киргизүү;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгү тарабынан жүргүзүлө турган өндүрүштүк, телекөрсөтүү, окутуу жана ушул сыяктуу иш-чаралардын дагы натыйжалуу улануусу үчүн зарыл болгон физикалык инфратүзүмдү, имараттарды, транспорт каражаттарын, техникалык каражаттарды, жабдууларды жана чыгымдалуучу материалдарды аныктоо жана ректораттын бекитүүсүнө берүү;
-
Телекөрсөтүүнүн административдик жана техникалык кызматкерлерге болгон муктаждыгын аныктоо жана бул муктаждыкты канааттандыруу боюнча сунуштарды ректордун бекитүүсүнө киргизүү; зарыл болгон учурда өзгөчө кызмат көрсөтүүлөрү жана тажрыйбасы керек болгон университеттин окутуучуларын аныктоо жана аларды дайындоо үчүн ректоратка сунуш кылуу;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн ишине зарыл болгон учурда убактылуу жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү жана алардын иштөө жол-жоболорун аныктоо;
-
Университеттин окутуучуларынын жана студенттеринин практикасы же стажировкасы үчүн телекөрсөтүү объекттеринен жана техникалык жабдууларынан пайдалануу жол-жоболорун аныктоо, иш пландарын жана программаларын иштеп чыгуу;
-
Телекөрсөтүүнү ишке ашыруучу түзүмдөрдүн программаларын түзүү пландарын, башка жактан программаларды сатып алууларды жана телекөрсөтүүлөрдүн агымдарын талкуулоо жана бекитүү;
-
Университеттен тышкаркы улуттук же эл аралык мекемелер жана уюмдар менен кызматташуунун жол-жоболорун аныктоо, протоколдордун долбоорлорун даярдоо жана ректораттын бекитүүсүнө киргизүү;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнө келип түшкөн суроо-талаптарды талкуулоо жана окуу программасын ачуу же ачпоо жөнүндө чечим кабыл алуу; программанын окуу планына, уюштуруу пландарына, программанын аягында өткөрүлө турган сынактарга жана сертификат ыйгарыла тургандарга, адистик сертификатына жана ушул сыяктуу документтерге байланыштуу жол-жоболорду аныктоо;
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгү тарабынан уюштурулган иш-чараларга, телекөрсөтүүлөргө жана башка иштерге университеттин башка бөлүмдөрүнөн, университеттен тышкаркы мекеме-уюмдардан жана коомчулуктан келип түшкөн сын, суроо-талаптарды баалоо;
-
Зарыл болгон учурда телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн алдында жаңы ишке ашыруу түзүмдөрүн ачуу жөнүндө чечимди ректораттын бекитүүсүнө берүү;
-
Мүчөлөр тарабынан күн тартибине киргизиле турган башка маселелер боюнча чечим кабыл алуу.
Телекөрсөтүү кеңеши
12-берене.(1) Телекөрсөтүү кеңеши телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн көзөмөл органы болуп саналат.
-
Телекөрсөтүү кеңеши ректор тарабынан дайындалган телекөрсөтүү жана коммуникация тармагында адис болгон бир төрагадан жана төрт мүчөдөн турат.
-
Телекөрсөтүү кеңешинин мүчөлөрүнүн кызматтык мөөнөтү үч жылды түзөт. Кызматтык мөөнөтү аяктаган мүчө кайра дайындалышы мүмкүн. Кандайдыр бир себептен улам кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган мүчөнүн ордуна калган мөөнөткө ушул эле тартипте жаңы мүчө дайындалат.
-
Телекөрсөтүү кеңеши жылына бир жолудан кем эмес чогулат жана зарыл болгон учурда төраганын чакыруусу боюнча абсолюттук көпчүлүк менен чогулуп, чечимдер катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу чечүүчү ролду ойнойт.
-
Телекөрсөтүү кеңешинин жыйынына үч жолу себепсиз келбеген мүчө кызматтан бошотулат.
Телекөрсөтүү кеңешиини милдеттери
13-берене. Телекөрсөтүү кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
-
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн кызматкерлеринин жана телекөрсөтүү тобунун өз милдеттерин ченемдик укуктук актыларыларга ылайык аткарып жаткандыгына көзөмөл жүргүзүү;
-
Телекөрсөтүүлөрдүн мазмунунун университеттин миссиясына, телекөрсөтүүнүн жол-жоболоруна жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык келишин көзөмөлдөө жана текшерүү;
-
Зарыл болгон учурда башкаруу кеңеши жана телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн кызматкерлери менен жыйындарды өткөрүү;
-
Башка мекемелердин жана уюмдардын жарнак жана таанытуу программаларын эфирге чыгарууну чечүү;
-
Киреше алып келүүчү телекөрсөтүүлөрдү өндүрүү, жарнама жана демөөрчүлүккө өтүнмөлөр тууралуу чечим кабыл алуу;
-
Ушул нускаманын 3-беренесинин жана телекөрсөтүүнүн жол-жоболорунун алкагында телекөрсөтүүлөргө кийлигишүүнү жана цензураны болтурбоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
-
Телекөрсөтүү чөйрөсүндөгү контент жана техникалык иштеп чыгуулар боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана телекөрсөтүүлөрдү өнүктүрүү боюнча башкаруу кеңешине сунуштарды киргизүү;
-
Зарыл болгон учурда телекөрсөтүү убактысын, саатын жана телекөрсөтүү аймагын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
-
Өзүнүн иши жана анын жыйынтыгы жөнүндө ректоратка отчет берүү;
-
Ректор тарабынан тапшырылган башка милдеттерди аткаруу.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Телекөрсөтүүнүн аталышы, телекөрсөтүүнүн мөөнөтү, камтуу аймагы, телекөрсөтүүнүн жол-жоболору, коммерциялык байланыш жана жарнама
Телекөрсөтүүнүн аталышы, телекөрсөтүү убактысы жана камтуу аймагы
14-берене.(1) Телекөрсөтүүнүн аталышы “Манас телекөрсөтүүсү”.
-
“Манас телекөрсөтүүсү” Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына 7 (жети) күн, күнүнө жыйырма 24 (төрт) саат телекөрсөтүүлөрдү көрсөтөт.
-
Телекөрсөтүүнүн мөөнөтү жана сааттары телекөрсөтүү кеңеши тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
-
Телекөрсөтүүлөрдүн жалпы элге жетүүсүн камсыз кылуу үчүн жаңы технологиялар, интернет жана санариптик медиа каражаттары колдонулушу мүмкүн.
Телекөрсөтүүнүн телекөрсөтүү жол-жоболору
15-берене.(1) Телекөрсөтүүнү өндүрүү жана телекөрсөтүү иш-чараларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын Конституцияларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, эл аралык келишимдерди жана телекөрсөтүү боюнча этиканы сактоого милдеттенет.
-
Телекөрсөтүүнү өндүрүү жана телекөрсөтүү иш-чараларын ишке ашырууда:
-
Адамдын ар-намысы, жашоо укугу, нтегизги укуктары жана эркиндиктери мыйзам тарабынан корголот деген принцип сакталат.
-
Адамдарды сексуалдык буюм катары тартуулаган адепсиз программаларды, жарнамаларды, сөз айкаштарын жана үндөрдү телекөрсөтүүдө берүүгө болбойт.
-
Зомбулук программалардын негизги элементи боло албайт. Зордук-зомбулуктун элементтерин кадимкидей кабыл алууга же кубаттоого болбойт.
-
Басмырлоонун бардык түрлөрү четке кагылат. Адамдардын тобун жынысы, улуту, этникалык таандыгы, өңү, тили, дини, философиялык ишеними, саясий көз карашы, физикалык же психикалык майыптыгы ж. б. боюча четтетүү, алар менен мамилелерди түзүүдөн качуу сыяктуу жүрүм-турумду кабыл алуу тууралуу пикирлерди жана программаларды жарыялоого болбойт.
-
Жеке адамдардын жеке жашоосун алардын уруксатысыз жазып алууга жана жарыялоого болбойт. Жеке жашоонун жашыруун жазуулары коомдук кызыкчылык жана жаңылыктык мааниге ээ болсо да, телекөрсөтүүлөрдө колдонулушу мүмкүн эмес. Адамдардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, инсандарды жана мекемелерди кемсинткен телекөрсөтүүлөр чыгарылбайт.
-
Балдарды коргоо жана аларга зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу эске алынат. Балдар телекөрсөтүүлөрдү көрө турган сааттарда колдонулган тилге көңүл бурулат. Кылмышка тартылган же зомбулук көргөн балдардын аты-жөнү жашыруун сакталат. Эгерде балдар бир окуянын күбөлөрү болсо, байланыш алардын психикалык саламаттыгына зыян келтирбеген түрдө жана тиешелүү адистердин көзөмөлүндө, ата-энесинин сөзсүз уруксаты менен жүргүзүлөт. Балдардын жана жаштардын физикалык, психикалык же адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтире турган мазмундагы телекөрсөтүүнү эч бир түрдө жарыялоого болбойт.
-
Жалпы адеп-ахлакты коргоо, үй-бүлөнү коргоо жана коомдун улуттук-адептик баалуулуктарына каршы келбеген принциптерге чоң көңүл бурулат. Каралып жаткан принциптерге ылайык баалоодо телекөрсөтүүнүн түрү, анын медиасы жана бузуу ниети бар-жогу сыяктуу маселелер эске алынат.
-
Мыйзамдуулуктун, адилеттиктин жана калыстыктын принциптерине карама-каршы келген телекөрсөтүүлөрдү жарыялоого жол берилбейт. Соттун чечими менен аныкталган маселелер кечиктирбестен аткарылат. Жооп берүү жана оңдоо укугу мыйзам чегинде сакталат.
-
Конкреттүү маалыматтарга таянбастан адамдарды жана мекемелерди айыптаган, шектенүү жараткан же адамдарды жана мекемелерди кемсинткен, кемсинтүүчү жана жалаа камтыган билдирүүлөр кабарга киргизилбейт.
-
Соттук териштирүүнүн калыстыгына таасир этүүчү жана адилеттүү соттук териштирүү укугуна зыян келтирүүчү, каралып жаткан иш же жүрүп жаткан тергөө жөнүндө мыйзамсыз чечимди же бүтүмдөрдү жасоого же жалган билдирүүгө алып келүүчү телекөрсөтүүлөрдү чыгарууга болбойт. Соттун чечими чыкмайынча, телекөрсөтүүлөрдө эч кимди «күнөөлүү» деп айтууга болбойт.
-
Коомчулукту жеке адамдардын, ишканалардын жана уюмдардын таламдарына каршы же пайдасына багыттаган эч кандай телекөрсөтүүлөрдү жарыялоого жол берилбейт. Телекөрсөтүүлөр адилетсиз атаандаштыкка алып келе турган элементтерди камтышы мүмкүн эмес. Телекөрсөтүү башка басма сөз же телекөрсөтүү уюму тарабынан өзгөчө күч менен өндүрүлгөн продукцияны өзүнүн продуктусундай көрсөтө албайт.
-
Табигый кырсыктар, чоң кырсыктар, согуш, терроризм жана кагылышуу тууралуу кабарларда көрүүчүлөрдө коркуу, тынчсыздануу жана дүрбөлөң жарата турган сөз айкаштарынын колдонулбашы, чыңалууну күчөтө турган пикирлер айтылбашы керек. Терроризмди кубаттоого болбойт. Террордук актылар так, толук жана жоопкерчилик менен билдирилет. Террордук уюмдарды жана террористти колдоочуларды күчтүү же негиздүү деп көрсөтүүгө болбойт. Жарадар болгон же өлүмгө алып келген окуяларда курман болгондордун өздүгү тастыкталмайынча ачыкка чыгарылышы мүмкүн эмес. Адам уурдоо, каракчылык, барымтага алуу жана курчоого алуу сыяктуу кризистик учурларды түз эфирде көрсөтүү учурунда жабырлануучулардын өмүрүнө коркунуч туудурган телекөрсөтүүлөрдү жасоого болбойт. Коопсуздук күчтөрүнүн операциясын чечмелөөгө болбойт.
-
Мамлекеттин коопсуздугуна тиешелүү купуя маалыматтарды камтыган телекөрсөтүүлөр көрсөтүлбөйт. Саясат менен алектенүүгө болбойт. Саясий темадагы кабарларды берүүдө телекөрсөтүүлөр расмий билдирүүнүн жана расмий маалымат агенттиктери тараткан маалыматтын алкагында жүргүзүлөт.
-
Телекөрсөтүүлөрдө автордук укук боюнча мыйзамдар сакталат.
-
Берүү тилдерине карата ушул нускаманын 3(2)-беренеси сакталууга тийиш. Кыргыз түркчөсү жана Түркия түркчөсү менен берүү абдан маанилүү. Зарыл болгон учурда телекөрсөтүүлөр телекөрсөтүү лицензиясында уруксат берилген башка тилдерде да жүргүзүлүшү мүмкүн. Телекөрсөтүү тилдерин туура колдонууга кам көрүлөт.
-
Университет, Кыргыз Республикасы, Түркия Республикасы, Түрк мамлекеттери жана тектеш жамааттар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн болгон телекөрсөтүүлөргө артыкчылык берилет.
-
Телекөрсөтүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана телекөрсөтүүлөрдүн мурда жарыяланган сааттарда жүргүзүлүшүнө кам көрүү. Кыргыз Республикасында, Түркия Республикасында же Түрк дүйнөсүндө кайгылуу окуяларга жана жоготууларга карата аза күтүү жарыяланганда кадыресе телекөрсөтүү берүүлөрү жайлатылып же атайын телекөрсөтүү берүүлөрүнө которулат.
Телекөрсөтүүлөрдөгү коммерциялык байланыш жана жарнама
16-берене.(1) Коомго пайда алып келүүсүн эске алуу менен киреше алып келбеген телекөрсөтүүлөрдү берүү зарыл. Бирок телекөрсөтүү кеңешинин чечими менен киреше алып келүүчү телекөрсөтүүлөр да өндөрүлүшү мүмкүн.
-
Телекөрсөтүүлөрдө программалардын ортосунда жана ичинде продукцияларды жана кызматтарды таанытуу үчүн жарнак берүүлөр берилиши мүмкүн.
-
Белгилүү бир программалар үчүн демөөрчүлүк келишимдери түзүлүшү мүмкүн.
-
Демөөрчүлүк жана жарнак телекөрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” жана “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамдарга, ушул нускаманын жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
-
Алмашуу, демөөрчүлүк, жарнактарды же продукцияны жайгаштыруу сыяктуу жарнамалык саясатка тиешелүү чечимдерди жарнама мыйзамдарынын алкагында телекөрсөтүү кеңеши кабыл алат жана зарыл болгон учурда эфирдеги жарнакты токтото алат.
-
Мыйзам тарабынан тыюу салынган продукцияны жана кызматтарды жарнамалоого болбойт.
-
Жарнамадан, коммерциялык байланыштан жана демөөрчүлүк сатуудан алынган киреше университеттин Стратегияларды пландоо башкармалыгы тарабынан ачылган эсепке чегерилет же университеттин Чарбалык эсепти жүргүзүүчү түзүм боюнча нускамасы алкагында телекөрсөтүү жана инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн колдонулат.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Ар кандай жана акыркы жоболор
Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн бөлүмдөрүнө тиешелүү жол-жоболор
17-берене. (1) Телекөрсөтүү мүдүрлүгү максаттарына жетүү жана ишмердигин жүргүзүү үчүн ишке ашыруу түзүмдөрүн жана алардын алдында иш жүргүзгөн кичи түзүмдөрдү түзө алат.
-
Ишке ашыруу түзүмдөрүнүн жана ага караштуу кичи түзүмдөрдүн саны, милдеттери, иштөө тартиби жана жол-жоболору Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
Кадрларга муктаждык
18-берене.(1)Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнө муктаж болгон эксперттик, техникалык жана административдик кызматкерлер ректор тарабынан дайындалат.
-
Телекөрсөтүүлөрдүн жана программалардын сапатын жогорулатуу үчүн продюсерлер, режиссерлор, дикторлор, үн инженерлери, техниктер жана өз тармагынын адиси болгон кызматчылар ишке алынат.
Жабдуулар жана мүлктөр
19-берене.(1) Телекөрсөтүү мүдүрлүгүнүн кызматтары үчүн колдонулган жабдуулар жана мүлктөр ректорат тарабынан каржыланат.
-
Телекөрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерге сатып алынган жабдуулардын жана мүлктөрдүн бардык түрлөрү телекөрсөтүүнүн кызматтарын камсыз кылуу үчүн пайдаланылат.
Нускамада каралбаган жагдайлар
20-берене. Бул нускамада каралбаган жагдайлар телекөрсөтүү кеңешинин чечимдерине ылайык жөнгө салынат.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул нускама Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
22-берене. Бул нускаманын беренелери университеттин ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама, Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Камкорчулар кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги №2024-01/7 чечими менен кабыл алынган.