| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 39 |
| Кабыл алганы | 29.06.2002 |
| Ачкыч сөздөр |
ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫ УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМ ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ЦИВИЛИЗАЦИЯСЫН ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты
1-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына жана Камкорчулар кеңешинин чечимдерине ылайык даярдалган бул нускаманын максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун түзүлүшүн, максаттарын, уюштуруучулук түзүмүн жана иш алып баруу тартибин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изил-дөө борборунун түзүлүшүнө, уюштуруучулук түзүмүнө жана иш алып баруусуна тийиштүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык даярдалган.
Борбордун максаты
4-берене. Түрк цивилизациясы менен байланыштуу илимий изилдөө иштерин уюштуруу, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, Кыргызстандын, Түркия Республикасынын, Борбордук Азиянын жана башка өлкөлөрдүн изилдөөчүлөрүнүн илимий тажрыйбасынан пайдаланып, түрк цивилизациясынын өтмүшүнө, бүгүнкүсүнө жана келечегине багытталган кыска жана узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу жана илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын мезгилдүү жана сериялуу басып чыгаруу жана жарыялоо.
Аныктамалар жана кыскартуулар
5-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Камкорчулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Окумуштуулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
Университеттин Башкаруу кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши;
Борбордун жетекчиси : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун жетекчиси;
Борбордун жалпы кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө жалпы кеңеши;
Борбордун башкаруу кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун башкаруу кеңеши.
Борбордун башкаруу органдары
6-берене. Кыргыз-Түрк ”Манас” университетинин Уставына жана Камкорчулар кеңешинин чечимдерине ылайык түзүлгөн борбордун башкаруу органдары, алардын кызматка дайын-далышы, кызматтык мөөнөтү, ыйгарым укуктары жана милдеттери төмөндөгүдөй:
-
Борбордун башкаруу органдары – борбордун жетекчиси, борбордун жалпы кеңеши, борбордун башкаруу кеңеши;
-
Борбордун жетекчиси толук айлык акы менен иштеген университеттин профессор-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн арасынан үч жылдык мөөнөткө Ректор же Биринчи проректор тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин ошол эле кызматка кайрадан дайындалышы мүмкүн. Жетекчинин орун басары кызматына борбордо толук айлык акы менен иштеген окутуучулардын ичинен үч жылдык мөөнөткө эң көп эки киши дайындалат. Жетекчинин милдетин аткаруучу кызматына же жетекчинин кызмат орду бошогондо жетекчи кызматына дайындоолор биринчи жолу кызматка дайындагандай тартипте эле жүргүзүлөт. Борбордун жетекчиси борборго тиешелүү болгон маселелерди чечүүдө деканга берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ;
-
Жетекчиси төрагалык кылган борбордун жалпы кеңеши жетекчинин орун басарла-рынан жана борбордун иш алып баруу тармагына байланыштуу болгон университеттин бөлүмдөрүнүн башчыларынан турат. Түрк таануу багытында илим, искусство, маданият жаатында таанымал болгон ишмерлер Түрк цивилизациясын изилдөө борборуна Ардактуу мүчө катары сунушталышы мүмкүн. Сунуштар Окумуштуулар кеңеши, борбордун жалпы кеңеши, борбордун башкаруу кеңеши, Ректор жана Биринчи проректор тарабынан берилиши мүмкүн. Ардактуу мүчөлөр борбордун башкаруу кеңешинин пикири боюнча Ректор жана Биринчи проректордун чечими менен дайындалат. Ардактуу мүчөлөр борбордун жыйындарына катышып добуш берүү укугуна ээ.
-
Борбордун башкаруу кеңеши жетекчини кошкондо беш мүчөдөн турат. Борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү борбордун жетекчисинин сунушу боюнча Биринчи проректордун макулдугу менен Ректор тарабынан дайындалат. Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн кызматтык мөөнөтү - үч жыл.
-
Кызматтык милдеттерин аткарууда борбордун жалпы кеңеши жана борбордун башка-руу кеңеши факультеттин жалпы кеңешине жана факультеттин башкаруу кеңешине берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ.
7-берене. Борбор менен окшош тармакта иш алып барган факультеттердин бөлүм башчы-лары ошол эле мезгилде борбордун бөлүм башчылары болуп эсептелет.
8-берене. Борбор ар түрдүү илимий изилдөө долбоорлорду ишке ашыруу менен бирге бөлүмдөрдөн келген илимий изилдөө сунуштарын баалап, алар боюнча чечим чыгарат.
9-берене. Борбордун башкаруу кеңеши жыл сайын борбордун илимий изилдөө долбоор-лорун жана бюджетин борбордун жалпы кеңешине сунуш кылат. Борбордун башкаруу кеңеши борбордун бюджети жана илимий изилдөө жаатында долбоорлор тууралуу кабыл алынган чечимдерди университеттин Башкаруу кеңешине сунуш кылат. Борбордун жалпы кеңешинин борбордун бюджети жана илимий изилдөө долбоорлору тууралуу чечимдери университеттин Башкаруу кеңешинин бекитүүсүнө сунуш кылынат.
Иш алып баруу тартиби
10-берене. Университет тарабынан колдоого алына турган Түрк цивилизациясына байла-ныштуу бардык илимий изилдөө долбоорлору борбор аркылуу жүргүзүлөт. Илимий изилдөө жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга, ошондой эле аларга байланыштуу бардык иш-чараларга керек болгон чыгымдар университеттин бюджетинин эсебинен финансылык документтерге кол коюу укугуна ээ кишинин макулдугу менен борбордун жетекчиси тарабынан каржыланат. Борбордун окуу-тарбия, илимий изилдөө, тажрыйба жүргүзүү жана басып чыгаруу иш-чараларын ишке ашырууда университеттин түзүмдөрүнүн мүмкүнчүлүк-төрүн да колдоно алат.
11-берене. Борбордун жалпы кеңеши жана борбордун башкаруу кеңешинин жыйындары мүчөлөрүнө кеминде бир күн мурун жиберилген күн тартибинин негизинде өткөрүлөт. Жыйынга катышкандар жоктоо баракчасына кол коюшат. Жыйында мүчөлөр “макул” же “каршы” деп добуш беришет. Добуштар тең болгондо төраганын добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Берилген добуштардын көпчүлүк бөлүгү “каршы” болгон учурда чечимге терс чечим жазылат.
12-берене. Борбордун жетекчилиги Кыргызстан, Түркия Республикасы же башка өлкөлөрдүн университеттери менен биргелешкен илимий изилдөө долбоорлорун жүзөгө ашыра алат. Биргелешкен илимий изилдөө долбоорлорун жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн кызмат-ташуу келишимдери борбордун кеңештеринин сунушу боюнча ректорат тарабынан бекитилиши керек. Эл аралык илимий изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Камкорчу-лар кеңешинин чечими талап кылынат.
Күчүнө кириши
13-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
14-берене. Бул нускаманын аткарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2002-жылдын 13-июнундагы 8.63-жана Камкорчулар кеңешинин 2002-жылдын 29-июнундагы 2002-8/1-6-номерлүү чечимдери менен кабыл алынган.