| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 40 |
| Кабыл алганы | 25.04.2024 |
| Ачкыч сөздөр |
ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮ СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУ ЖӨНҮНДӨ НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүнүн стратегиялык изилдөө борборунун максаттарына, иштөө чөйрөлөрүнө, башкаруу органдарынын милдеттерине тиешелүү жол-жоболорду жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүнүн стратегиялык изилдөө борборунун максаттарына, иштөө чөйрөлөрүнө, башкаруу органдарынын милдеттерине тиешелүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздемеси
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык даярдалган.
Аныктамалар
4-берене. Бул нускамада төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Камкорчулар кеңеши: |
Университеттин Камкорчулар кеңеши; |
|
Окумуштуулар кеңеши: |
Университеттин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Башкаруу кеңеши: |
Университеттин Башкаруу кеңеши; |
|
Ректорат: |
Университеттин ректораты; |
|
Ректор: |
Университеттин ректору; |
|
Биринчи проректор: |
Университеттин биринчи проректору; |
|
Борбор (КТМУ-ТҮРКСИБ): |
Университетте ачылган Түрк дүйнөсүнүн стратегиялык изилдөө борбору; |
|
Жетекчи: |
Борбордун жетекчиси |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Борбордун максаттары, иш багыттары жана башкаруу органдары
Максаттары
5-берене. Борбордун максаттары төмөндөгүдөй:
-
Түрк тилдүү мамлекеттерге, түрк жана боордош коомчулуктарга тиешелүү социалдык, маданий, экономикалык, саясий жана стратегиялык маселелер боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлде илимий иштерди жана изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды уюштуруу жана координациялоо жана аткарылышына дем берүү;
-
Эл аралык уюмдар менен түрк дүйнөсүнүн мамлекеттик жана жеке уюмдарына түрк дүйнөсүнө тиешелүү социалдык, маданий, экономикалык, саясий жана стратегиялык маселелер боюнча кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу маселелер боюнча илимий иштерди жүргүзүүнү каалаган жеке жана институттук деңгээлде изилдөөчүлөргө көмөк көрсөтүү жана алар менен кызматташуу;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу социалдык, экономикалык, саясий жана стратегиялык маселелер боюнча эл аралык деңгээлде илимий басылмаларды, бюллетендерди, отчётторду жана китептерди жарыялоо жана жарыяланышына дем берүү;
-
Биринчи иретте Кыргызстан жана Түркия, андан кийин түрк дүйнөсү менен башка тиешелүү өлкөлөр ортосунда биргелешкен стратегиялык иш-чаралардын, илимий иштердин жана долбоорлордун жүзөгө ашырылышын шыктандыруу, маалымат жана тажрыйба алмашуу, окутуучу жана студент алмашуу программаларын иштеп чыгууга салым кошуу.
Иштөө чөйрөлөрү багыттары
6-берене. Борбордун иштөө чөйрөлөрү:
-
Борбордун максаттарына ылайык түрк дүйнөсүнүн жана башка өлкөлөрдүн университеттери, илимий изилдөө борборлору, мамлекеттик жана жеке мекемелери, бейөкмөт уюмдары менен кызматташуу;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу маселелер боюнча улуттук жана эл аралык мекемелерге жана уюмдарга кеңеш жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу маселелер боюнча дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзүү, долбоорлорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу, координациялоо жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөргө салым кошуу;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу эл аралык илимий журнал чыгаруу, бюллетендерди, отчетторду жана китептерди үзгүлтүксүз жарыялоо, электрондук китепкана, архив жана электрондук байланыш тармагын түзүү жана тиешелүү басылмалардын университетке өткөрүлүп берилишин камсыз кылуу;
-
Түрк дүйнөсүнө тиешелүү маселелер боюнча эл аралык, аймактык жана улуттук деңгээлде конгресс, симпозиум, семинар, конференция, форум, панель ж.б. илимий иш-чараларды уюштуруу;
-
Борбордун максаттарынын алкагында университеттин түзүмдөрү менен кызматташып, ар түрдүү окуу программаларын (семинар, сабак, курс, сертификат берилүүчү программа, жайкы мектеп ж.б. иш-чаралар) ишке ашыруу жана түзүмдөрдөн келген сунуштарды баалоо, уюштуруу жана координациялоо;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн университеттер, илимий изилдөө мекемелери, институттары жана борборлору менен илим, көркөм өнөр, спорт, маданият жаатында биргелешкен иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу;
-
Түрк дүйнөсүнө байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзгөн университеттер, илимий изилдөө мекемелери, институттары жана борборлору менен окутуучулар, административдик кызматкерлер жана студенттер үчүн биргелешкен тренингдерди, өндүрүштүк практикаларды жана алмашуу программаларын уюштуруу;
-
Түрк дүйнөсүнүн университеттери менен биргелешкен илимий-изилдөө жана илимий-практикалык иштерди жүргүзө турган окутуучуларды жана студенттерди даярдоого көмөк көрсөтүү жана шыктандыруу;
-
Борбордун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган максатка ылайык башка иш-чараларды жүргүзүү.
Башкаруу органдары
7-берене. Борбордун башкаруу органдары – борбордун жетекчиси жана борбордун башкаруу кеңеши.
Борбордун жетекчиси
8-берене.
-
Борбордун жетекчиси Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар окутуучулардын ичинен үч жылдык мөөнөткө дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктаган борбордун жетекчиси кайрадан шайлана алат. Борбордун жетекчиси кызматка дайындоо тартибине ылайык зарыл учурларда кызматтан бошотулушу мүмкүн.
-
Борбордун жетекчиси борбордун максаттарына ылайык иштерди үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүү, бардык иш-чараларды көзөмөлдөө жана контролдоо, күтүлгөн натыйжаларды алуу үчүн ректордун алдында жооптуу болот.
-
Университетте толук ставкада иштеген илимий даражасы бар окутуучулардын ичинен дайындалган эң көп эки жетекчинин орун басары болот. Борбордун жетекчисинин орун басарлары борбордун жетекчисинин сунушу боюнча Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан дайындалат. Борбордун жетекчисинин кызмат мөөнөтү аяктаганда, орун басарларынын кызмат мөөнөтү да аяктайт.
-
Борбордун жетекчиси кызмат ордунда жок болгон учурда анын милдетин жетекчинин орун басарларынын борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен бирөө аткарат. Бул милдетти аткаруу мөөнөтү алты айдан ашкан учурда борбордун жаңы жетекчиси дайындалат.
Борбордун жетекчисинин милдеттери
9-берене. Борбордун жетекчисинин милдеттери төмөнкүдөй:
-
Бул нускаманын жана башка тиешелү ченемдик-укуктук документтердин жоболоруна ылайык Борборду башкаруу жана ага өкүлчүлүк кылуу;
-
Борбордун башкаруу кеңешине мүчө дайындоо боюнча Ректоратка сунуш киргизүү;
-
Борбордун башкаруу кеңешин жыйынга чакыруу, жыйындарда төрагалык кылуу жана кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу;
-
Борбордун иш-чаралары, жалпы абалы жана иштөө тартиби тууралуу отчетту ар бир окуу жылынын аягында жана талап кылынган учурда ректоратка тапшыруу;
-
Борбордун иш-чараларына тиешелүү дайындоолор боюнча суроо-талаптарды Ректоратка сунуштоо;
-
Жергиликтүү жана эл аралык изилдөө борборлору ж.б.у.с. уюмдар менен биргелешип өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча даярдалган келишимдерди Ректоратка сунуштоо;
-
Борбордун иш-чараларына тиешелүү чыгымдар боюнча суроо-талаптарды Ректоратка сунуштоо;
-
Тийиштүү ченемдик-укуктук документте каралган башка милдеттерди аткаруу.
Борбордун башкаруу кеңеши
10-берене. Борбордун башкаруу кеңеши Борбордун жетекчисинен, Борбордун орун басарлары жана Борбордун жетекчиси тарабынан сунушталган жана Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан үч жылдык мөөнөткө дайындалган, университетте толук ставкада иштеген үч окутуучудан түзүлөт. Кызмат мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен мүчөнүн ордуна ошол эле жол-жобонун негизинде жаңы мүчө дайындалат. Кызмат мөөнөтү аяктаган мүчө кайрадан дайындалышы мүмкүн.
Борбордун башкаруу кеңешинин чечимдери жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгондо жетекчинин добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери
11-берене. Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
-
Борбордун иш-чараларына тиешелүү пландарды жана программаларды даярдап, алардын аткарылышын көзөмөлдөө;
-
Борбордун иш-чараларына тиешелүү чыгымдар боюнча суроо-талаптарды түзүү жана ректоратка жиберүү;
-
Борбордун жетекчилиги жана иш-чараларына тиешелүү жетекчи сунуштаган бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
-
Зарыл учурларда Борбордун иш-чараларына байланыштуу жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү жана алардын милдеттерин аныктоо;
-
Жергиликтүү жана эл аралык изилдөө борборлору ж.б.у.с. уюмдар менен биргелешип жүргүзүлө турган иш-чаралардын жол-жоболорун аныктоо жана келишимдерди даярдоо;

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Башка жоболор
Жабдуулар жана инвентарлар
12-берене. Борбордун иш-чараларынын алкагында жүзөгө ашырылган илимий изилдөө иштери жана долбоорлор үчүн сатып алынган ар түрдүү аспаптар, жабдуулар жана инвентарлар Борбордун жана зарыл учурларда университеттин башка түзүмдөрүнүн колдонуусуна берилет.
Кадрларга болгон муктаждык
13-берене. Борбордун илимий, техникалык жана административдик кадрларга болгон муктаждыгы Ректорат тарабынан дайындала турган кызматкерлер менен камсыздалат. Кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды бөлүштүрүү, текшерүү жана көзөмөлдөө иштери Борбордун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жабылган борбор жана күчүн жоготкон нускама
14-берене. Бул нускама күчүнө кирген күндөн тарта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Орто Азия изилдөө борбору жабылат жана Камкорчулар кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы 2012-01/2-а-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Орто Азия изилдөө борборунун түзүлүшү, уюштуруучулук түзүмү жана иш алып баруу тартиби боюнча нускамасы” күчүн жоготот.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул нускама Камкорчулар кеңешинин бекитүүсүнөн кийин күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул нускаманын жоболору университеттин Ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин2024-жылдын 25-апрелиндеги №2024-01/4 чечими менен кабыл алынган.