| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ПРАКТИКАНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 61 |
| Кабыл алганы | 28.12.2022 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК ПРАКТИКАНЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты:
1-берене: Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу институттарда докторантура программалары боюнча милдеттүү түрдө чет өлкөдө илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүүгө байланыштуу жол-жоболорду аныктоо.
Мазмуну:
2-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетине караштуу институттарда докторантура программалары боюнча милдеттүү түрдө чет өлкөдө илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүүгө байланыштуу жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме:
3-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин докторантура программасын ишке ашыруу жөнүндөгү жобосунун 7-, 8- жана 17-беренелеринин негизинде даярдалган.
Аныктамалар:
4-берене: Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
· Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
· Камкорчулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
· Ректор: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору;
· Институт: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашырган институт;
· Институттун илимий тармагы: Институтта ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары ачылган илимий тармак;
· Куратор: Институтка катталган студенттерге сабак окуу жана диссертация жазуу боюнча багыт берүү үчүн дайындалган окутуучу;
· Чет өлкөдө илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү: Докторантура программасы боюнча чет өлкөдөгү илимий-изилдөөчүлүк практикасы.
Илимий-изилдөөчүлүк практиканын аныктамасы, убактысы жана мөөнөтү:
5-берене: (1) Чет өлкөдөгү илимий-изилдөөчүлүк практика – бул докторанттын чет өлкөдөгү ЖОЖдордо, илимий лабораторияларда, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзгөн уюмдарда, музейлерде, китепканаларда ж.б.у.с. жайларда диссертациялык ишине байланыштуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, билимин жана тажрыйбасын өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралары.
(2) Диссертациянын план-проспектиси кабыл алынган студент максималдуу мөөнөттүн бүтүшүнө бир семестр калганда чет өлкөдө илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүшү керек;
(3) Илимий-изилдөөчүлүк практиканын мөөнөтү – бир ай. Бирок бул мөөнөт докторанттын каалосу жана кураторлорунун макулдугу менен узартылышы мүмкүн;
(4) Өз мөөнөтүндө чет өлкөдө илимий изилдөөчүлүк практикадан өтпөгөн же аны бүтүрө албаган же болбосо ийгиликтүү тапшыра албаган студент институттан чыгарылат.
Илимий-изилдөөчүлүк практика өтө турган жердин аныкталышы жана докторантка жардам берүү:
6-берене: (1) Илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтө турган жерди докторант өзү аныктайт. Студент чет өлкөдө илимий изилдөөчүлүк практикадан өтө турган жерден кабыл же чакыруу жазуусун алганда, бул жердин ылайыктуу болуп-болбогону тууралуу чечимди институттун мүдүрүнүн орун басарынан, тийиштүү илимий тармактын жетекчисинен жана куратордо турган комиссия кабыл алат;
(2) Илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтө турган жери кабыл алынган студент паспорттун көчүрмөсүн жана арызын институттун мүдүрлүгүнө тапшырат;
(3) Чет өлкөдө илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү боюнча арызы кабыл алынган студенттин эки тараптуу учак билети институттун башкаруу кеңешинин сунушу боюнча университеттин башкаруу кеңешинин чечиминин негизинде университет тарабынан каржыланат;
(4) Стипендия алып окуган студентке практика учурунда да стипендия берилет.
Илимий-изилдөөчүлүк практика өтүү жана аны баалоо:
7-берене: (1) Докторант илимий-изилдөө иштерин практикадан өткөн мекеменин лабораториясында, устаканасында, өндүрүштүк борборунда жана китепканасында жүргүзө алат. Практика учурунда өзүнүн адистиги боюнча илимий изилдөө, семинар, симпозиум ж.б. иш-чараларга, ошондой эле өзүнүн өнүгүшүнө салым кошо турган сабактарга, жайкы мектептин сабактарына жана тил курстарына катыша алат;
(2) Докторант илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү учурунда жасаган бардык иштерин “Чет өлкөдө илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү тууралуу отчетко” жазат жана ага түзүмдүн жетекчисинин колун койдурат;
(3) Докторант илимий-изилдөөчүлүк практикадан өткөндөн кийин бир айдын ичинде институттун мүдүрлүгүнө тийиштүү отчетун тапшырат.
Башка жагдайлар:
8-берене: (1) Илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү үчүн чет өлкөгө кетип, кайра кайтып келбеген студент Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан сатып алынган билеттин баасын 20%дан ашыгы менен төлөйт.
(2) Илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү учурунда студент келтирген зыяндар үчүн Кыргыз-Түрк ”Манас” университети жооптуу эмес.
(3) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттердин тартиби боюнча нускамасы илимий-изилдөөчүлүк практикадан өтүү учурунда да күчүндө болот.
Күчүнө кириши:
9-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Аткарылышы:
10-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №2022-01/16-чечими менен кабыл алынды.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 10-ноябрындагы №2022-19.80 (c)-чечими менен Камкорчулар кеңешинин бекитүүсүнө сунуштоо максатында кабыл алынды.