| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫНЫН ИШТӨӨ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОCУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 62 |
| Кабыл алганы | 15.06.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН БИЛИМ БЕРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫНЫН ИШТӨӨ ЭРЕЖЕЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОCУ
Максаты:
1–берене: Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Билим берүү маселелери боюнча комиссиясынын ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин алкагында иштөө эрежелерин аныктоо жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу.
Мазмуну:
2–берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Билим берүү маселелери боюнча комиссиясынын курамы, иштөө эрежелери жана милдеттери жөнүндө чечимдерди камтыйт.
Укуктук негиздемеси:
3–берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын тийиштүү беренелеринин жана нускамаларынын (“Бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү тууралуу нускамасы”, “ЖОЖдон кийинки билим берүү боюнча нускамасы” жана башка нускамалар) негизинде даярдалды.
Аныктамалар:
4–берене: Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
· Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
· Ректорат: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
· Ректор: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору;
· Окумуштуулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
· Академиялык түзүм: КТМУнун институттары, факультеттери жана жогорку мектептери;
· Комиссия: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Билим берүү маселелери боюнча комиссиясы;
· Төрага: Комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын түзүлүшү жана курамы:
5–берене: (1) Билим берүү маселелери боюнча комиссиясы билим берүү боюнча жооптуу проректордун жетекчилиги менен Окумуштуулар кеңеши тарабынан тандалган педагогика илимдери, коомдук илимдер, башкаруу илимдери, фундаменталдык илимдер, инженердик илимдер жана саламаттыкты сактоо илимдеринин өкүлдөрүнөн, Аккредитация боюнча координатор жана Студенттик иштер башкармалыгынын башчысынан турат. Проректор, Аккредитация боюнча координатор жана Студенттик иштер башкармалыгынын башчысы комиссиянын туруктуу мүчөлөрү болуп саналат. Мүчөлөрдүн кызмат мөөнөтү - 2 жыл. Кызмат мөөнөтү аяктаган комиссиянын мүчөсү кайрадан ушундай эле тартип менен дайындалат.
(2) Жүйөөсүз үч жолу чогулушка катышпаган комиссиянын мүчөсү комиссиянын курамынан чыгарылат. Кандайдыр бир себеп менен комиссиядан чыгарылган мүчөнүн ордуна ушундай эле тартип менен жаңы мүчө дайындалат.
(3) Комиссиянын жыйындары төраганын чакыруусу менен мүчөлөрдүн жарымынан көбүнүн катышуусу менен өткөрүлөт жана чечимдер ачык, көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын иштөө принциптери
6–берене: Комиссиянын иштөө принциптери төмөндөгүдөй:
(1) Комиссия Окумуштуулар кеңешинин кеңешчиси кызматын аткарат.
(2) Комиссия зарыл болгон учурларда өзүнө караштуу убактылуу жумушчу топторду жана кичи комиссияларды түзө алат. Түзүлгөн кичи комиссиялардын иштөө принциптери комиссия тарабынан аныкталат.
(3) Комиссия академиялык түзүмдөрдөн келген же ректораттын тапшырмасы боюнча сунуштарды тийиштүү ченемдик укуктук документтерге таянуу менен иликтейт, карап чыгат жана корутундусун сунуш катары Окумуштуулар кеңешине жиберет.
(4) Комиссия ченемдик укуктук документтерге жооп бербейт деп эсептеген сунуштарды түшүндүрмөлөрү менен тийиштүү академиялык түзүмгө кайра карап чыгуу үчүн жиберет, оңдолуп келген сунуштарды кайрадан күн тартибине киргизет жана карайт.
(5) Зарыл деп эсептеген учурда комиссия өз күн тартибинде карап жаткан маселелер боюнча тийиштүү академиялык түзүмдүн жетекчисин жана/же сунуш кылган тарапты ой-пикирин билүү үчүн комиссиянын жыйынына чакырат.
Комиссиянын милдеттери:
7–берене: Комиссиянын милдеттери төмөндөгүдөй:
(1) Академиялык түзүмдөр тарабынан сунушталган кесиптик орто билим, бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ченемдик укуктук документтерине дал келерин иликтөө, карап чыгуу жана корутундусун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(2) Толук же жарым-жартылай чет тилинде билим берген бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ачуу боюнча сунуштарды иликтөө, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин миссиясына жана тийиштүү ченемдик укуктук документтерине туура келерин иликтөө жана корутундусун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(3) Дисциплиналар аралык бакалавр жана ЖОЖдон кийинки программаларды ачуу боюнча сунуштарды иликтөө, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү ченемдик укуктук документтерине туура келерин иликтөө жана корутундусун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(4) Академиялык түзүмдөрдүн кош адистик программасы же кошумча адистик берүү программасын ачуу боюнча сунуштарынын Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү ченемдик укуктук документтерине туура келерин иликтөө, карап чыгуу жана корутундусун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(5) Академиялык түзүмдөрдүн башка ЖОЖдор менен орток бакалавр жана ЖОЖдон кийинки программаларын ачуу боюнча сунуштарын иликтөө, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин нускама жана тийиштүү ченемдик укуктук документтерине туура келерин иликтөө менен даярдалган алдын-ала иликтөө отчётун ректоратка сунуштоо;
(6) Академиялык түзүмдөрдүн башка ЖОЖдор менен биргеликте бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү боюнча кош диплом программаларын ачуу боюнча сунуштарын карап чыгуу, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин нускамаларына жана тийиштүү ченемдик укуктук документтерине туура келерин иликтөө менен даярдалган алдын-ала отчётту ректоратка сунуштоо;
(7) Академиялык түзүмдөрдүн аралыктан билим берүү программасын ачуу боюнча сунушунун ылайыктуулугун, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы эле билим берүү принциптерине жана тийиштүү ченемдик укуктук документтерине таянуу менен иликтеп, даярдаган отчётту Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(8) Билим берүү программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча академиялык түзүмдөрдөн келген сунуштарды (сабактарды ачуу-жабуу, сабактарга киргизилген өзгөрүүлөр) тийиштүү ченемдик укуктук документтерге таянуу менен иликтеп, ачыла турган бөлүмдүн / программанын сабакка жана окуу планына туура келерин иликтеп, корутундусун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(9) Академиялык түзүмдөрдүн талабы менен суроо-талабы жок же жетишсиз деп табылган колдонулбаган программанын жабылышы жөнүндө отчёт даярдап, Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(10) Билим берүү программаларына студенттерди кабыл алуу үчүн бөлүнгөн квоталар тийиштүү академиялык түзүмдөрдүн окутуучуларынын санынын жетиштүүлүгү, физикалык мүмкүнчүлүктөрү жана аталган программалардын бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношушу ж.б. критерийлерге дал келерин иликтөө менен Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(11) Мамлекеттик сынактарды жана дипломдук ишти коргоо сынактарын өткөрүү максатында академиялык түзүмдөрдүн мамлекеттик сынак боюнча комиссиясынын сунуштарын иликтөө менен декабрь айынын экинчи жумасына чейин Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(12) Академиялык түзүмдөрдүн сунуштарынын негизинде даярдалган Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык календарын карап чыгуу менен Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(13) Билим берүү программалары жана илимий-практикалык борборлор менен байланышкан маселелерди карап чыккандан кийин, даярдалган корутундуну Окумуштуулар кеңешине сунуштоо;
(14) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окуу-тарбия иштерине байланыштуу ченемдик укуктук документтерди же өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды талкуулап, Ченемдик укуктук документтерди даярдаган комиссияга жиберүү;
(15) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын жыл сайын май айында жаңыртуу;
(16) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин билим берүү программаларын аккредитациялоого көмөк көрсөтүү;
(17) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окуу-тарбиялык иш-чараларына байланыштуу ар кандай алдын-ала иликтөөлөрдү жүргүзүү;
(18) Ректор тарабынан берилген окуу-тарбиялык иштерди аткаруу.
Күчүнө кириши
8–берене: Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
9–берене: Бул жобо Ректор тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы 2023-10.42(a) номерлүү чечими менен кабыл алынган.