| Аты | КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАНЫБАРЛАРГА ЭКСПЕРИМЕНТ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭТИКА КОМИТЕТИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 67 |
| Кабыл алганы | 03.03.2011 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАНЫБАРЛАРГА ЭКСПЕРИМЕНТ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭТИКА КОМИТЕТИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жана ага тийиштүү түзүмдөрдө эксперименталдык жаныбарлар боюнча илимий изилдөө иштерди жана эксперименттерди жүргүзүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү, окуу-тарбия жана басып чыгаруу сыяктуу иш-чараларда колдонулган ыкма жана материалдарга байланыштуу этика стандарттарын аныктоо, зарыл болгон учурда жаңы принциптерди иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу, этика принциптери боюнча пикир билдирүү жана изилдөө сунуштарын баалоо максатында түзүлгөн “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жаныбарларга эксперимент жүргүзүү боюнча этика комитетинин” (КТМУ-ЖЭЖЭК) иштөө тартибин аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 1-беренеде белгиленген иш-чараларда эксперимент жүргүзүлө турган жаныбарларга алдын ала уруксат алууну, бул максатта КТМУ-ЖЭЖЭКтин түзүлүшүн, КТМУ-ЖЭЖЭКтин иш жүргүзүү жол-жоболорун, милдеттерин, окутуу, көзөмөл жана жоопкерчилигин камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты; |
|
Башкаруу кеңеши : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши; |
|
Төрага : |
Этика комитетинин төрагасы; |
|
Этика комитети : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Жаныбарларга эксперимент жүргүзүү боюнча этика комитети (КТМУ-ЖЭЖЭК); |
|
Эксперимент : |
Жаныбарларды багуу жана көбөйтүү боюнча эксперименттик эмес иштер, изилдөө жана дарылоо максатында аткарылган ветеринардык иштерден сырткары жаныбарларга жүргүзүлүүчү ар түрдүү тажрыйбалар, эксперименттер; |
|
Эксперименталдык жаныбар : |
Экспериментте колдонулган же колдонула турган жаныбар; |
|
Эксперимент жүргүзүүчү : |
Эксперименталдык жаныбарды пайдалануу менен билим алуу, илим-изилдөө, практикалоо жана тажрыйба жүргүзүүнү каалаган же бул программаны ишке ашырууда эксперименталдык жаныбарларды кармаган жана жардамдашкан студент, изилдөөчү, дарыгер, академиялык, техникалык, административдик кызматкер; |
|
Мал чарбачылыгындагы жаныбар : |
Мал чарбачылыгында багылган жылкы, уй, кой, эчки жана канаттуулар (тоок, үндүк, кыргоол ж.б.); |
|
Изилдөө долбоору : |
Ишке ашырыла элек долбоор; |
|
Кайрылуу формасы : |
Ишке ашырыла баштаган долбоорго байланыштуу толтурулган жана Этика комитетине берилген бланк; |
|
Эксперименталдык жаныбарды изилдөө лабораториясы : |
Эксперименталдык жаныбарды төлдөтүү, чоңойтуу жана багууга байланыштуу изилдөө лабораториясы; |
|
Жаныбар пайдалануу бөлүмү : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде илимий максатта жаныбарларга эксперимент жүргүзүүчү бөлүм; |
|
Жаныбар багуу бөлүмү : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эксперимент жүргүзүү жана илимий максатта колдонулуучу жаныбарлар багылган жана ага керектүү шарттар түзүлгөн бөлүм; |
|
Жооптуу киши : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жаныбар багуу бөлүмү жана эксперименталдык жаныбарды изилдөө лабораториясынын жооптуу кишиси; |
|
3R принциби : |
W.M.S Russell жана R.L. Burch тарабынан 1959-жылы ойлонуп табылган жана баш тамгаларынан улам 3R деп аталган. Replacement: алмаштыруу, Reduction: кыскартуу, Refinement: иштеп чыгуу принциптери. |
Этика комитетинин түзүлүшү жана мүчөлөрү
5-берене.
1) КТМУ-ЖЭЖЭК:
a) Ушул тармакта эмгектенген, кеминде 2 жылдык тажрыйбасы бар 1 ветеринар;
b) Комитетте өз кызыкчылыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны болгон 1 мүчө;
c) Кыргыз агрардык академиясынын ветеринария факультетинен 1 мүчө;
d) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинен же Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен бир мүчө;
e) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетине караштуу жаныбар-ларга эксперимент жүргүзүү бөлүмүндө эмгектенген академиялык кызматкерлерди кошкондо комитеттин муктаждыгына жараша башка адистиктерден тандалган кеминде 6, эң көп 9 мүчөдөн турат.
2) КТМУ-ЖЭЖЭК зарыл болгон учурда башка тармактын адистеринен жардам ала алат же жыйындарга чакыра алат.
Этика комитетине дайындоо жана иш мөөнөтү
6-берене.
1) Этика комитетинин мүчөлөрүн университеттин Башкаруу кеңеши дайындайт. Ал эми Этика комитетинин төрагасын мүчөлөр шайлайт. Төрага өзүнө бир орун басар дайындайт.
2) Этика комитетинин мүчөлөрүнүн иш мөөнөтү - 4 жыл. Мөөнөтү аяктаган мүчө кайра дайындалышы мүмкүн. Бир календардык жылда жүйөөлүү себепсиз удаасы менен үч жолу жыйналышка катышпаган мүчө дароо комитеттен чыгарылат. Мүчөнүн пенсияга чыгышы, каза болушу же иштен кетиши сыяктуу себептерден улам бошогон орунга ошол эле жол-жобо менен калган мөөнөткө башка мүчө дайындалат.
Этика комитетинин иш алып баруу формасы
7-берене. Этика комитети төмөндөгүдөй иштейт:
a) Этика комитети төраганын чакыруусу менен кеминде эки айда бир жолу жыйынга чогулат. Этика комитетинин чогулушун төрага жок болсо, орун басары алып барат.
b) Этика комитетинин чечимдери мүчөлөрдүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда төраганын добушу эки добуш катары эсептелет.
Этика комитетинин милдеттери
8-берене. Этика комитетинин милдеттери төмөнкүлөр:
a) Эксперименталдык жаныбарларга карата жасала турган иштердин этика жол берген чектерин аныктоо жана келип түшкөн долбоорлорду жактыруу же себебин түшүндүрүү менен баш тартуу;
b) Комитетте эксперименталдык жаныбар колдонуу процессинин этика эрежелерине ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө, бул багытта тийиштүү иштерди алып баруу;
c) Эксперименталдык жаныбарларга карата жасала турган иштердин кабыл алынган эреже-лерге ылайык жүргүзүлүүсүн камсыздоо, эрежелерге ылайык жүргүзүлбөгөн учурда тийиштүү иштерди алып баруу;
d) Эксперименталдык жаныбарлар менен иштей турган кызматкерлердин тийиштүү билим алуусун камсыздоо, бул багытта сертификат берүү программаларын уюштуруу, Экспери-менталдык жаныбар менен иштөө сертификаты жокторго жаныбарларга эксперимент жүргүзүүгө уруксат бербөө;
e) Этика комитети тарабынан чарбалык жаныбарларга карата эксперименттен тышкары ветеринар катышкан иштерге сертификат талап кылынбайт.
f) Эксперименталдык жаныбарларды изилдөө лабораториясынын, жаныбар колдонуу бөлүмүнүн жана жаныбар багуу бөлүмүнүн этикага ылайык келүүсүн көзөмөлдөө, ылайык келбесе, жаныбар багууга, ага эксперимент жүргүзүүгө жол бербөө;
g) Ыйгарым укуктуу кишилер тарабынан эксперименталдык жаныбарга байланышкан бардык маалыматты топтоо, эксперименталдык жаныбарларды пайдалануу боюнча жылдык отчет даярдоо;
h) Эксперименттик иштердин натыйжасында өлгөн жаныбарлардын сөөгүн, медициналык калдыктарды жана башка таштандыларды зыянсыздандыруу;
i) Эксперименталдык жаныбарлардын каттоого алынышын жана көзөмөлдөнүшүн камсыздоо.
Этика комитетинин иш алып баруу принциптери
9-берене.
1) Этика комитетинин жалпы иш алып баруу принциптери төмөнкүлөр:
a) 1-беренеде көрсөтүлгөн иш-чараларга ылайык, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тажрыйба жана жапайы жаныбарларга табиятта көзөмөл жүргүзүү сыяктуу иштерине Этика комитетинен уруксат алуу зарыл.
b) Этика комитети тарабынан туура эмес деп табылган иштер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жүргүзүлбөйт.
2) Этика комитетинин пайдаланыла турган жаныбарларга карата жалпы принциптери төмөнкүлөр:
a) Мышык, ит сыяктуу үй жаныбарларынын көчөдө жүргөндөрү белгилүү мөөнөткө карантинге алынмайынча эксперименталдык жаныбар катары пайдаланылбайт.
b) Изилдөөнүн максатына ылайык башка жаныбарлар жетишсиз болгон учурда сырттан алынган жапайы жаныбарларга тажрыйба жүргүзүүгө уруксат берилет.
c) Чарбалык жаныбарларга же клиникалык изилдөөлөрдө пайдаланыла турган жаныбарларга карата жасалчу иштер үчүн ээсинен макулдук кагазын алуу керек.
3) Этика комитети кайрылуу арыздарын (каттарын) алгач негизги этика принциптери жана 3R принциби боюнча карап чыгат. Андыктан изилдөө долбоору жана эксперименталдык жаныбар пайдалануу протоколдору даярдалып жатканда төмөнкү принциптерге көңүл бурулушу керек:
a) Алгач жарактуулугу тастыкталган альтернативдүү методдор тандалышы керек. Иш жаңы маалыматтарды алуу үчүн зарыл болсо, адамдын же/жана жаныбарлардын ден соолугу, жашоосу үчүн пайдалуу болсо, жаныбарларга тажрыйба жүргүзүүгө болот.
b) Эксперимент протоколуна маанилүү салым кошпогон, жаныбарларды кайра-кайра пайдаланууга алып келген иштерден алыс болуу керек.
c) Билим берүү үчүн көрсөтүү максатында конгресс, конференция, семинарларда оорулуу жаныбарга эксперимент жүргүзүлүшүнө уруксат берилбейт.
d) Этиканын “жашоого урмат” принциби бардык жаныбарлардын түрлөрү үчүн кабыл алынгандыктан, жаман эксперимент жүргүзүүдөн алыс болуу керек.
e) Экспериментке ылайыктуу жаныбардын түрү тандалышы зарыл жана натыйжа алууга жетишерлик аз санда жаныбар пайдаланылууга тийиш.
f) Баккан киши, техник жана изилдөөчү пайдаланыла турган жаныбар жөнүндө түшүнүгү болууга жана эксперимент боюнча окутулууга тийиш.
g) Каржы жана жеңил жагына басым жасоо жаныбардын ден соолугунан эч качан артык болбошу керек.
h) Тирүү жаныбарга карата жасала турган эксперимент Эксперименталдык жаныбар менен иштөө сертификатына ээ болгон кишилер тарабынан, керек болсо, бир ветери-нардын катышуусунда өткөрүлүшү керек.
i) Изилдөө учурунда жаныбарларга ылайыктуу шарттар түзүлүшү, стресстик жагдайлар жоюлуп, коопсуздугуна көңүл бурулуусу керек.
j) Жаныбарларга эксперимент жүргүзүүдө ашыкча зыян келтирилбеши керек, кыйнаган, ооруткан, тынчсыздандырган эксперименттердин убактысы, саны, зыяны болушунча азайтылышы зарыл.
k) Изилдөөчүлөр тарабынан эксперименттин максаты алдын ала такталууга тийиш.
l) Операциялар наркоз сыяктуу ооруну басаңдатуучу заттар менен жасалышы керек.
m) Кыйнаган, ооруткан, тынчсыздандырган абалдар эксперименттин методу боюнча зарыл болбосо, бир жаныбарга бирден көп эксперимент жасалбоого тийиш.
n) Эксперимент жыйынтыкталган соң жаныбарлар өзгөчө дарылоого алынып, жашоосун улантуу үчүн оптималдуу шарттар түзүлүшү зарыл.
o) Изилдөөнүн кайсы бир этабында жаныбар өлө турган болсо, изилдөө протоколунда белигиленген эң жакшы метод жана ыкма колдонулушу керек.
p) Жапайы жаныбарларга табиятта көзөмөл жүргүзүү жана белги салуу сыяктуу талаа иштери экологиялык тең салмактуулук бузулбагандай жана изилдөөгө алынган түрдүн айырмачылыгын өзгөртүүгө учуратпагандай, флора, фауна байлыктарына зыян алып келбей тургандай жасалышы керек.
Этика комитетине кайрылуу
10-берене.
a) Изилдөө долбоорун ишке ашыруу изилдөө максатына ылайык Этика комитетине кайрылуу формасын толтуруу менен кайрыла алат.
b) Талаа жана клиникалык изилдөө иштери үчүн пайдаланылган жаныбардын ээсинин макулдугу кайрылууга тиркелиши керек.
c) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштебеген кызматкерлер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эксперимент жүргүзүү үчүн тиешелүү бөлүмдөн алынган уруксат кагазын кайрылууга тиркөөгө тийиш.
Кайрылууларды карап чыгуу жана чечим чыгаруу
11-берене.
a) Этика комитети эрежеге ылайык келген кайрылууларды каттап, изилдеп чыгыш үчүн баяндамачы(лар)га берет. Баяндамачы(лар) зарыл болгон учурда изилдөөчүлөр менен кеңешип, Этика комитетинин кезектеги чогулушуна чейин изилдеп чыгат. Этика комитети кезектеги чогулушунда карап, кийинки жыйынында акыркы чечимди чыгарып, кайрылуу ээсине билдирет.
b) Этика комитети кабыл алган долбоорго катыша турган кишилердин курамы өзгөрсө, Этика комитетине жазуу жүзүндө билдирилет жана aл бекитилиши керек.
c) Этика комитети карап чыккандан кийин “жарайт”, “оңдолушу керек”, “шарттуу түрдө жарайт” же “жарабайт” деген чечим чыгарат.
d) “Оңдолушу керек” деп чечим чыгарылган кайрылуулар кайрылуу ээси тарабынан оңдолгондон кийин Этика комитети тарабынан кайра каралат. “Шарттуу түрдө жарайт” деп чечим чыгарылган кайрылуулар Этика комитети тарабынан аныкталган белгилүү мөөнөт ичинде көзөмөлдөнүп, шарттары өзгөртүлгөндөн кийин “жарайт” же “жарабайт” деген чечимин чыгарат.
e) Этика комитети мүчөлөрүнө таандык кайрылуу арыздары каралып жатканда кайрылуу ээси чогулушка катыша албайт жана добуш бере албайт.
f) Датасы, номери көрсөтүлүп, каттоого алынган кайрылуулар жана чечимдер кеминде беш жыл сакталышы керек. Этика комитетинин чогулушунун протоколдору да кеминде беш жыл сакталышы керек.
Эксперименталдык жаныбар менен иштей турган изилдөөчүлөр жана кызматкерлердин окутулуусу
12-берене.
a) Эксперименталдык жаныбар менен иштей турган изилдөөчүлөргө жана кызматкерлерге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультетинде билим берүү жана сертификат программалары уюштурулат. Ага Этика комитети жооптуу.
b) Этика комитети эксперименталдык жаныбар менен иштей турган ветеринар эмес кишилердин билимин текшерип, “Эксперименталдык жаныбар менен иштөө сертифи-катын” берет.
c) Эксперименталдык жаныбар менен иштей турган ветеринар эмес кишилер сертификат албаса, жаныбарга тажрыйба жүргүзө албайт жана бул жайда жаныбар бага албайт.
d) Ветеринар болбогон изилдөөчүнүн сертификаты жок болсо, башкаларга жардамчы катары эксперименттерге катышуу үчүн Этика комитетине кайрыла алат.
e) Кайсы сабактар, программалар же иш чаралар сертификат алуу үчүн керектүү экенин Этика комитети чечет жана жарыялайт.
Уруксат алуу
13-берене.
a) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бөлүмдөрүндө 1-беренедеги иш-чараларга байла-ныштуу эксперимент жүргүзө турган изилдөөчүлөр Этика комитетинен уруксат алышы керек.
b) 1-беренедеги иш-чаралар боюнча изилдөөлөргө байланыштуу мамлекеттик жана эл аралык илимий басылмаларга жарыялоодо “Этика комитетинен уруксат алынган” же “Этика комитетинин принциптерине туура келет” деген жазууга орун берилиши керек.
c) Этика комитетинен уруксат албай туруп, 1-беренедеги иш-чаралар боюнча изилдөөлөргө байланыштуу мамлекеттик жана эл аралык илимий басылмаларга макала жарыяласа, “Этика комитетинен уруксат алынган” же “Этика комитетинин принциптерине туура келет” деген жазуудан улам пайда болгон этика маселелерине макаланын автору же авторлор жооп берет.
Изилдөөгө өзгөртүү киргизүү
14-берене. Изилдөө протоколуна Этика комитети бекиткенден кийин өзгөртүү киргизилсе, Этика комитетине кайрылып, макулдугун алуу зарыл. Этика комитетинин макулдугусуз эч бир протокол өзгөртүлбөйт. Иш учурунда Этика комитети тарабынан бекитилген протоколго өзгөртүү киргизилсе, иш токтотулат.
Көзөмөл
15-берене. Этика комитети эксперименталдык жаныбарларды кармоо, багуу, ташуу иштери-нин, эксперимент жүргүзүлгөн лабораториянын шарттарынын жана эксперименталдык жаныбар менен иштей тургандардын этика эрежелерине ылайык келүүсүн көзөмөлдөйт; ылайык келбесе, эксперименталдык жаныбарды пайдаланууга жол бербейт.
Жашырындуулук
16-берене. Этика комитетинин иш-кагаздары жашыруун жүргүзүлөт, тиешелүү мекемелер-ден башка үчүнчү жакка маалымат берилбейт.
Жарактуулук мөөнөтү
17-берене. Этика комитетинин чечимдери берилген мөөнөткө чейин жарактуу. Бүтпөй калган долбоорлорго кошумча мөөнөт берилиши мүмкүн.
Күчүнө кириши
18-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
19-берене. Бул жобонун аткарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2011-жылдын 3-мартындагы 2011-3.27-чечими менен кабыл алынган.