| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАН КӨТӨРҮЛҮҮ ЖАНА КЫЗМАТ ОРДУНУН КАТЕГОРИЯСЫН ӨЗГӨРТҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 69 |
| Кабыл алганы | 25.05.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТТАН КӨТӨРҮЛҮҮ ЖАНА КЫЗМАТ ОРДУНУН КАТЕГОРИЯСЫН ӨЗГӨРТҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – компетенттүүлүк жана карьералык пландоо принциптеринин алкагында квалификациялык талаптар жана кадр саясаты эске алынып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жогорку кызмат ордуна дайындоо, кызматтан көтөрүлүү жана кызмат ордунун категориясын өзгөртүү боюнча жол-жоболорду жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жогорку кызмат ордуна дайындоо, кызматтан көтөрүлүү жана кызмат ордунун категориясын өзгөртүү боюнча жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесине ылайык даярдалды.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат: |
Университеттин ректораты; |
|
Ректор: |
Университеттин Ректору; |
|
Окумуштуулар кеңеши: |
Университеттин Окумуштуулар кеңеши; |
|
Башкаруу кеңеши: |
Университеттин Башкаруу кеңеши; |
|
Башкы катчы: |
Университеттин Башкы катчысы; |
|
Иш стажы: |
Министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар менен мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда иштеген жылдар жана аскердик кызмат өтөө мөөнөтү; |
|
Аскердик милдетинин жоктугу: |
Аскердик кызматты өтөп келүү, аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартып коюу же бошотулуу; |
|
Бирдей деңгээлдеги кызмат орду: |
Кызматтык баскычтар боюнча бирдей же окшош категориядагы кызмат орундары; |
|
Жогорку кызмат орду: |
Кызматтык баскычтар боюнча жогорку категориядагы кызмат орундары; |
|
Кенже кызмат орду: |
Кызматтык баскычтар боюнча кенже категориядагы кызмат орундары; |
|
Кызматтан көтөрүлүү: |
Бул жободо аныкталган бирдей же башка кызмат орундарынын тобундагы кенже кызмат ордунан кыйла жогорку кызмат ордуна дайындоо; |
|
Кызматтан көтөрүлүү сынагы: |
Кызматтан көтөрүлүү боюнча атайын окуу программасын аяктагандар үчүн жазуу жана оозеки жүзүндөгү сынактар; |
|
Кызмат ордунун категориясын өзгөртүү: |
Кеминде жалпы орто билим берүү же анын деңгээлинде кесиптик же техникалык билим берүүнүн натыйжасында ээ болгон даражаларга ылайык кызмат орундарына дайындоо; |
|
Кызмат ордунун категориясын өзгөртүү сынагы: |
Жок дегенде жалпы орто билим берүү же анын деңгээлинде кесиптик же техникалык билим берүүнүн натыйжасында ээ болгон даражаларга ылайык кызмат орундарына дайындоо боюнча атайын окуусуз өткөрүлө турган жазуу жана оозеки жүзүндөгү сынактар. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Кызматтан көтөрүлүү, кызмат ордунун категориясын өзгөртүү жана кызматка дайындоо боюнча жол-жоболор
Кызматтан көтөрүлүүгө тийиш болгон штаттык бирдиктер
5-берене. Бул жобонун алкагында кызматтан көтөрүлүүгө тийиш болгон штаттык бирдиктер төмөнкүлөр:
a) башкы катчы, башкы катчынын орун басары, башкармалыктын башчысы;
b) ректордун катчысы, студенттик жатаканаларды тейлөө бөлүмүнүн мүдүрү, бейтапкананын мүдүрү, басма сөз жана коом менен байланыш бюросунун мүдүрү, чарбалык эсептин негизинде иш жүргүзүүчү түзүмдүн мүдүрү;
c) факультеттин катчысы, жогорку мектептин катчысы, институттун катчысы, филиалдын мүдүрү ж.б. категориялуу мүдүрлөр;
d) мүдүрдүн орун басары;
e) укуктук маселелер боюнча кеңешчи;
f) башкы дарыгер, адис дарыгер, башкы медайым;
g) системалык аналитик, программист;
h) жетекчи;
i) адис, бухгалтер, кыймылдуу мүлктү каттоо жана текшерүү боюнча жооптуу кызматкер;
j) кызматкер, компьютердин оператору, катчы, кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, кассир, сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкери, кыймылдуу мүлк бөлүмүнүн кызматкери.
Кызмат ордунун категориясы өзгөртүлүүгө тийиш болгон штаттык бирдиктер
6-берене. Ушул жободо кызмат ордунун категориясы өзгөртүлүүгө тийиш болгон штаттык бирдиктер төмөнкүлөр:
a) дарыгер, ветеринар, фармацевт;
b) адвокат;
c) инженер, архитектор;
d) статистикалык кызматкер, экономист;
e) скульптор, археолог;
f) химик, биолог, психолог, социолог, бактериолог, физиотерапист, диетолог, педагог, балдарды өнүктүрүү боюнча адис, физиотерапевт;
g) китепкана кызматкери;
h) котормочу, машыктыруучу, мугалим;
i) компьютердин оператору;
j) басмакана кызматкери;
k) оператор, спикер, диктор, кабарчы, акустика боюнча адис, режиссер, кино жана телекөрсөтүү жабдууларын тейлөө боюнча механик, фотограф;
l) техникалык сүрөтчү, графикалык дизайнер, механик, техник;
m)санитар, медициналык технолог, медициналык техник;
n) балдардын тарбиячысы, медайым, санитардык дарыгер, акушер, лаборант;
o) айдоочу, коопсуздук кызматкери;
p) техниктин жардамчысы, ашпозчу, ашпозчунун жардамчысы, наабайчы, камыр жууручу, официант, кароолчу, буу казандарына от жагуу ишин тейлөөчү жумушчу, кызматчы, оорулууларды тейлеп туруучу, гассал (өлүк жуучу) жана жаныбарларды кароочу.
Кызматка дайындоо ыйгарым укугу
7-берене. Административдик кызмат орундарына жана штаттык бирдиктерге дайындоо
a) Башкы катчы, башкы катчынын орун басары жана башкармалыктын башчысы кызмат орундарына дайындоо иши Биринчи проректордун макулдугу менен Ректор тарабынан жүзөгө ашырылат.
b) Башка административдик кызмат орундарына жана штаттык бирдиктерге дайындоо иши Башкы катчынын сунушу жана Биринчи проректордун макулдугу менен Ректор тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кызматка дайындоодо коюлуучу талаптар
8-берене. – (1) Административдик кызмат орундарына дайындоодо төмөнкү талаптар коюлат:
a) Түркия Республикасынын №657 мыйзамынын 45-беренесинде жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актысында каралган талаптарга туура келүү;
b) аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү эмес болушу:
c) коомдук укуктардан чектелбеген болуусу;
d) 1- атайылап жасалган кылмыш үчүн бир жыл же андан ашык мөөнөткө соттолбогон болуусу;
2- күнөөсү кечирилсе да, мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар, Конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы кылмыштар, башка бирөөнүн менчигин энчилеп алуу, опузалап тартып алуу, пара алуу, уурдоо, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, ишенимди бузуу, жалган банкрот, тендердин жыйынтыгын бурмалоо, кылмыш жолу менен алынган акчаларды, баалуулуктарды мыйзамдаштыруу (адалдоо) же аткезчилик кылмыштары үчүн соттолбогон болуусу;
e) ар кандай ченемдик укуктук актылардын негизинде мамлекеттик кызматтан бошотулбаган болуусу;
f) соттолгон же соттолбогону жөнүндө материалдарды жана архивдик документтерди иликтөө боюнча талапкердин тартип жазасынын жоктугу;
g) мурда кайсы бир кызматта жогорку ийгиликке жетишип, жакшы тажрыйбага ээ болгондон тышкары алгачкы жолу дайындоодо жашы кеминде отуз бештен (35) жогору болбошу;
h) компьютерди колдоно билүү көндүмүнө ээ болуусу керек.
Сынаксыз дайындоо
9-берене. – (1) Башкы катчы, башкы катчынын орун басары, башкармалыктын башчысы; ректордун катчысы, студенттик жатаканаларды тейлөө бөлүмүнүн мүдүрү, бейтапкананын мүдүрү, басма сөз жана коом менен байланыш бюросунун мүдүрү, чарбалык эсептин негизинде иш жүргүзүүчү түзүмдүн мүдүрүнүн кызмат орундарына сынаксыз дайындалат.
(2) Докторантура программасын аяктаган жана кызматка дайындоо үчүн тиешелүү иш тажрыйбасы бар кызматкерлер адис же андан төмөнкү кызмат орундарына сынаксыз дайындалат.
Сынаксыз кызматка дайындоодо коюлуучу талаптар
10-берене. – Сынаксыз кызматка дайындоодо бул жобонун 8-беренесинде аныкталган талаптар менен кошо төмөнкү минималдык талаптар коюлат:
(1) Башкы катчынын кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) кеминде 4 жылдык жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго ээ болуу;
b) жогорку кызматтарда кеминде 12 жылдык иш стажына ээ болуу керек.
(2) Башкармалыктын башчысы кызматына жана ушул деңгээлдеги, ошондой эле жогорку кызмат орундарына дайындоо үчүн:

b) жогорку кызматтарда кеминде 10 жылдык иш стажына ээ болуу;
c) тиешелүү кызматты аткаруу үчүн керектүү билимге жана көндүмгө ээ болуу керек.
(3) Ректордун катчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) жетекчилик кызматта жана ушул деңгээлдеги кызмат орундары менен жогорку кызматтарда иш тажрыйбасына ээ болуу;
c) түрк/ кыргыз тилинде эркин сүйлөй билүү керек.
(4) Басма сөз жана коом менен байланыш бюросунун мүдүрүнүн, чарбалык эсептин негизинде иш жүргүзүүчү түзүмдүн мүдүрүнүн кызмат орундарына дайындоо үчүн:
a) тармагы боюнча кеминде 4 жылдык жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго ээ болуу;
b) университетте жетекчилик кызматта жана ушул деңгээлдеги кызмат орундары менен жогорку кызматтарда кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасына ээ болуу;

(5) Студенттик жатаканаларды тейлөө бөлүмүнүн мүдүрүнүн, бейтапкананын мүдүрүнүн кызмат орундарына дайындоо үчүн:

(6) Башкы дарыгердин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) кеминде адис дарыгер даражасына ээ болуу;
b) түрк/ кыргыз тилинде эркин сүйлөй билүү керек.
Оозеки жүзүндөгү сынактын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоо
11-берене. – (1) Факультеттин катчысы, жогорку мектептин катчысы, институттун катчысы, филиалдын мүдүрү ж.б. категориялуу мүдүрлөр, мүдүрдүн орун басары, укуктук маселелер боюнча кеңешчи, башкы медайымдын кызмат орундарына оозеки жүзүндөгү сынактын жыйынтыгына жараша дайындалат.
(2) Оозеки сынак бул жобонун 22-беренесинде аныкталган темалар боюнча өткөрүлөт.
Оозеки жүзүндөгү сынактын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоодо коюлуучу талаптар
12-берене. - Оозеки жүзүндөгү сынактын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоодо бул жобонун 8-беренесинде аныкталган талаптар менен кошо төмөнкү минималдык талаптар коюлат:
(1) Факультеттин/ жогорку мектептин/ институттун катчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) университетте филиалдын мүдүрү ж.б. категориялуу мүдүрдүн кызмат ордунда 2 жыл же жетекчилик кызматта жана ушул деңгээлдеги кызмат орундары менен жогорку кызматтарда кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасына ээ болуу;
c) тиешелүү кызматты аткаруу үчүн керектүү билимге жана көндүмгө ээ болуу;
d) окутуучулар жана студенттер менен тыгыз байланышта болуу керек.
(2) Укуктук маселелер боюнча кеңешчинин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) юридикалык факультеттин бүтүрүүчүсү болуу;
b) кесиби боюнча кеминде 3 жылдык иш стажына ээ болуу жана адвокаттар коллегиясында катталган болуу керек.
(3) Филиалдын мүдүрү ж.б. категориялуу мүдүрлөр жана мүдүрдүн орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) тармагы боюнча тиешелүү кызматта жетекчи жана ушул деңгээлдеги кызмат орундары менен жогорку кызматтарда кеминде 3 жылдык иш стажына ээ болуу керек.
(4) Башкы медайымдын кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) университте кеминде медайым катары 3 жылдык иш стажына ээ болуу керек.
Кызматтан көтөрүлүү сынагынын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоо
13-берене. Системалык аналитик, программист, адис, жетекчи, бухгалтер, кыймылдуу мүлктү каттоо жана текшерүү боюнча жооптуу кызматкер, компьютердин оператору, кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, кызматкер, катчы, кассир, сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин кызмат орундарына кызматтан көтөрүлүү сынагынын жыйынтыгына жараша дайындалат.
Кызматтан көтөрүлүү сынагынын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоодо коюлуучу талаптар
14-берене. Кызматтан көтөрүлүү сынагынын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоодо бул жобонун 8-беренесинде аныкталган талаптар менен кошо төмөнкү минималдык талаптар коюлат:
(1) Системалык аналитик, программисттин кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) кеминде эки программалоо тилин билүү жана операциялык тутумду ишке ашыра алуу жана бул жаатта тажрыйбасы бар экендигин ырастоо;
c) чет тилин билүү деңгээлин аныктоо сынагы боюнча кеминде (D) деңгээлинде англис тили боюнча сертификатка ээ болуу;
d) университетте программист жана компьютердик инженер катары иш стажына ээ болуу керек.
(2) Жетекчинин кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) университетте адис, бухгалтер, кыймылдуу мүлктү каттоо жана текшерүү боюнча жооптуу кызматкер, компьютердин оператору, кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, кызматкер, катчы, кассир, сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкери кызмат орундарынын биринде кеминде үч жылдык иш стажына ээ болуу керек.
(3) Адис, бухгалтер, кыймылдуу мүлктү каттоо жана текшерүү боюнча жооптуу кызматкердин кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) университетте компьютердин оператору, кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, кызматкер, катчы, кассир, сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкери кызмат орундарынын биринде кеминде үч жылдык иш стажына ээ болуу керек.
(4) Компьютердин оператору, кыймылдуу мүлктү каттоо бөлүмүнүн кызматкери, кызматкер, катчы, кассир, сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) тармагы боюнча кеминде 2 жылдык жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго ээ болуу;
b) университетте жумушчу кызматында жана айлык келишим боюнча иштеген кызматкер катары кеминде эки жылдык иш стажына ээ болуу керек.
Кызмат ордунун категориясын өзгөртүүгө тийиш болгон штаттык бирдиктер боюнча кызматка дайындоодо коюлуучу талаптар
15-берене. - Кызмат ордунун категориясын өзгөртүү сынагынын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоодо бул жобонун 8-беренесинде аныкталган талаптар менен кошо төмөнкү минималдык талаптар коюлат:
(1) Дарыгер, ветеринар, фармацевт, адвокаттын кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) тиешелүү факультеттин бүтүрүүчүсү болуу;
b) кесиптик стажировканы аяктоо керек.
(2) Инженер, архитектор, статистикалык кызматкер, экономист, скульптор, археолог, химик, биолог, психолог, социолог, бактериолог, физиотерапист, диетолог, педагог, балдарды өнүктүрүү боюнча адис, физиотерапевт, китепкана кызматкеринин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) факультетте же жогорку мектепте тиешелүү бөлүмдүн бүтүрүүчүсү болуу керек.
(3) Котормочунун кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) факультетте же жогорку мектепте синхрондук котормо бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү болуу;
b) кеминде (В) деңгээлинде тиешелүү тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат же ага эквиваленттүү документке ээ болуу керек.
(4) Машыктыруучу жана мугалимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн:

(5) Оператор, спикер, диктор, кабарчы, акустика боюнча адис, режиссер, кино жана телекөрсөтүү жабдууларын тейлөө боюнча механик, фотографтын кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) тармагы боюнча кеминде 4 жылдык жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго ээ болуу керек.
(6) Санитар, медициналык технолог, медициналык техниктин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) кеминде 2 жылдык кесиптик-техникалык окуу жайдын бүтүрүүчүсү болуу керек.
(7) Дарыгердин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) факультетте, жогорку мектепте же медициналык колледждерде медайым бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү болуу керек.
(8) Техник, басмакана кызматкери, балдардын тарбиячысы, санитардык дарыгер, акушер, лаборант, жаныбарларды кароочу, медициналык техник, ветеринария боюнча медициналык техниктин кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) кеминде жалпы орто билим берүү деңгээлинде кесиптик-техникалык окуу жайдын бүтүрүүчүсү болуу керек.
(9) Айдоочунун кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) кеминде жалпы орто билим берүү же анын деңгээлинде окуу жайдын бүтүрүүчүсү болуу;
b) кеминде (В) категориясындагы айдоочу күбөлүгүнө жана айдоочу катары беш жылдык иш тажрыйбасына ээ болушу керек.
(10) Коопсуздук кызматкеринин кызмат ордуна дайындоо үчүн:

b) Кыргыз Республикасынын коопсуздук кызматтары жөнүндө ченемдик укуктук актысында аныкталган талаптарга жооп берүү керек.
(11) Техниктин жардамчысы, ашпозчу, ашпозчунун жардамчысы, наабайчы, камыр жууручу, официант, кароолчу, буу казандарына от жагуу ишин тейлөөчү жумушчу, кызматчы, оорулууларды тейлеп туруучу, гассал (өлүк жуучу) жана жаныбарларды кароочунун кызмат ордуна дайындоо үчүн:
a) тиешелүү тармак боюнча кеминде жалпы орто билим берүү же анын деңгээлинде окуу жайдын бүтүрүүчүсү болуу керек.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Сынактарга байланыштуу жол-жоболор
Кызматтан көтөрүлүү боюнча окуу
16-берене. – (1) Кызматтан көтөрүлүү сынагынын жыйынтыгына жараша кызматка дайындоо боюнча арыз тапшырган кызматкерге жазуу жүзүндөгү сынак өтүүчү күндөн кеминде бир ай мурун Башкы катчылык тарабынан 30 сааты тиешелүү иш чөйрөсүнө, анын мүнөзүнө жана кесиптик этиканын принциптерине байланыштуу темалар боюнча жалпысынан кеминде 60 сааттык кызматтан көтөрүлүү боюнча окуу өткөрүлөт.
(2) Кызматтан көтөрүлүү боюнча окуу өтүүчү жер, күнү жана башка жагдайлар окууга катыша тургандарга кеминде 15 күн мурун Башкы катчылык тарабынан билдирилет.
(3) Кызматтан көтөрүлүү боюнча катчылык кызматтары Кадрлар башкармалыгы тарабынан көрсөтүлөт.
(4) Арыздар кулактандыруу жарыялангандан кийин бир жуманын ичинде Кадрлар башкармалыгына берилет. Кадрлар башкармалыгы талапкерлердин талап кылынган шарттарга жооп берер-бербесин текшерет.
(5) Университетте талапкер-кызматкер статусунда иштегендер кызматтан көтөрүлүү боюнча окууга арыз тапшыра албайт.
(6) Кызматтан көтөрүлүү боюнча окууга катыша тургандардын саны дайындала турган бош кызмат орундарынын санынан 5 эсе ашпоого тийиш.
(7) Жарыяланган кызмат орундарына 5 эседен ашык кызматкер арыз тапшырган учурда, иш стажы эң көп болгон кызматкер окууга кабыл алынат. Иш стажы бирдей болгон учурда, дипломдун орточо баллы жогору болгондорго артыкчылык берилет.
(8) Мурда кызматтан көтөрүлүү боюнча окууга катышып, бирок тиешелүү сынактан өтпөй калган, бул сынакка катышпаган же сынакты ийгиликтүү тапшырып, бирок кийинки сынакка чейин кызматка дайындалбаган кызматкерлер бирдей же окшош кызмат орундары үчүн өткөрүлчү сынакка катышуу үчүн бул кызмат орундары боюнча өткөрүлө турган кызматтан көтөрүлүү боюнча окууга катышууга байланыштуу бардык талаптарды аткарышы керек.
(9) Кызматтан көтөрүлүү боюнча окуу программалары Башкы катчылык тарабынан иштелип чыгат.
(10) Кызматтан көтөрүлүү боюнча окууга катыша турган кызматкер окууну улантууга милдеттүү. Зарыл учурларда эң көп 10 саат окууга катышпоого уруксат берилет.
Кызматтан көтөрүлүү боюнча окуунун темалары
17-берене. – Кызматтан көтөрүлүү боюнча окуу төмөнкү темаларды камтыйт:
(1) Университеттин Уставы, Административдик кызматкерлер боюнча нускама, тиешелүү нускамалар жана жоболор, жол-жоболор, негизги укуктар жана милдеттер, кыргыз жана түрк тилдеринин грамматикасы, кат алышуу эрежелери, коом менен байланыш жана жүрүм-турум эрежелери.
(2) Тиешелүү иш чөйрөсүнө, анын мүнөзүнө жана кесиптик этиканын принциптерине тиешелүү темалар.
Кызматтан көтөрүлүү сынагы
18-берене. – (1) Кызматтан көтөрүлүү сынагы кызматтан көтөрүлүү боюнча окуу аяктагандан тарта эки ай ичинде өткөрүлөт.
(2) Кызматтан көтөрүлүү сынагы жөнүндө кулактандыруу университеттин веб-баракчасында жазуу жүзүндөгү сынак өтүүчү күндөн кеминде 15 күн мурун жарыяланат. Кулактандырууда бош кызмат орундарынын классы, категориясы, даражасы, бөлүмү, саны, арыз тапшыруунун акыркы күнү жана сынакка тиешелүү башка жоболор көрсөтүлөт.
(3) Жарыяланган кызмат орундарына арыз тапшыруунун акыркы күнүндө талап кылынган квалификацияга ээ кызматкер арыз тапшыруу шарттарына жооп берген ар кандай кызмат орундарынын бирине гана арыз тапшыра алат. Тиешелүү ченемдик укуктук документке ылайык берилген өргүүлөрдү, анын ичинде акы төлөнүүчү же акы төлөнбөгөн өргүүнү колдонгондор да арыз тапшырып, сынакка катыша алышат.
(4) Кызматтан көтөрүлүү боюнча жарыяланган кызмат орундарына кызматтан көтөрүлүү боюнча окууга катышкан университеттин кызматкерлеринен башка бирөөлөр арыз бере алышпайт.
Кызмат ордунун категориясын өзгөртүү боюнча сынак
19-берене. – (1) Кызмат ордунун категориясын өзгөртүүгө тийиш болгон кызмат орундарына дайындоо ушул бөлүмдө аныкталган жол-жоболордун алкагында окууга катышпастан өткөрүлчү кызмат ордунун категориясын өзгөртүү боюнча сынактын ийгиликтүү жыйынтыгына жараша жүзөгө ашырылат.
(2) Кызмат ордунун категориясын өзгөртүү жөнүндө кулактандыруу университеттин веб-баракчасында жазуу жүзүндөгү сынак өтүүчү күндөн кеминде 15 күн мурун жарыяланат. Кулактандырууда бош кызмат орундарынын классы, категориясы, даражасы, бөлүмү, саны, арыз тапшыруунун акыркы күнү жана сынакка тиешелүү башка жоболор көрсөтүлөт.
(3) Кызмат ордунун категориясын өзгөртүү боюнча сынактар иш чөйрөсүнө жана анын мүнөзүнө, ошондой эле билим деңгээлине тиешелүү темалар боюнча жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлөт.
Сынак өткөрүү боюнча комиссия жана анын милдеттери
20-берене. – (1) Сынак өткөрүү боюнча комиссия Ректор тарабынан кызматкерлер боюнча жооптуу проректордун төрагалыгында башкы катчыдан, кадрлар башкармалыгынын башчысынан жана эки илимий даражага ээ окутуучудан (беш кишиден) түзүлөт. Окшош жол-жобо менен эки запастык мүчө аныкталат.
(2) Сынак өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жубайлары, үчүнчү даражага чейинки жана ушул даражадагы туугандары жана кайын журту сынакка катышкандыгы аныкталса, ал төрага же мүчөлөр сынак комиссиясынын курамынан чыгарылат жана алардын ордуна запастык мүчө же мүчөлөр дайындалат.
(3) Сынак өткөрүү боюнча комиссия бардык мүчөлөрдүн толук катышуусу менен чогулат жана көпчүлүктүн добушу менен чечим чыгарат.
(4) Сынак өткөрүү боюнча комиссия сынак темаларын аныктоо, сынак өткөрүү, апелляцияларды карап чыгуу, сынак жыйынтыктарын жарыялоо жана сынакка байланыштуу башка иштерди жана иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Жазуу жүзүндөгү сынак
21-берене. – (1) Жазуу жүзүндөгү сынак сынак өткөрүү боюнча комиссия тарабынан же комиссиянын жоопкерчилиги астында университеттин Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлөт.
(2) Жазуу жүзүндөгү сынак боюнча 100 баллдан кеминде 60 балл алгандар ийгиликтүү деп эсептелет.
Оозеки жүзүндөгү сынак
22-берене. – (1) Жазуу жүзүндөгү сынактан эң жогорку балл алган талапкерден тарта жарыяланган кызмат орундарынын санынын үч эселенген санында талапкер оозеки сынакка кабыл алынат. Акыркы талапкер менен бирдей баллды алган бардык талапкерлер оозеки сынакка кабыл алынат.
(2) Оозеки жүзүндөгү сынакта талапкердин төмөнкү жөндөмдөрү эске алынып, 100 балл боюнча баалоо жүргүзүлөт:
a) сынактын темалары боюнча билим деңгээли;
b) түрк/ кыргыз тилинде эркин сүйлөй билүү;
c) кайсы бир теманы түшүнүп, мазмунун айтып берүү;
d) өз ой-пикирин билдирүү жана ой жүгүртүү;
e) компетенттүү, өкүл болуу жөндөмү;
f) жүрүм-турумунун кызмат ордуна ылайыктуулугу;
g) өзүнө ишеними, башкаларды ынандыруу чеберчилиги;
h) жалпы билим берүү деңгээли жана жалпы жөндөмдүүлүгү;
i) илимий жана технологиялык өнүгүүлөргө ачык болуусу.
(3) Ар бир мүчө берген баллдардын орточо арифметикалык баллы эсептелинип, талапкердин оозеки жүзүндөгү сынактагы баллы аныкталат.
(4) Оозеки жүзүндөгү сынак боюнча 100 баллдан кеминде 70 балл алгандар ийгиликтүү деп эсептелет.
Жетишкендик баллдары жана ийгиликтүү талапкерлерди тизмелөө
23-берене- (1) Жетишкендик баллы жазуу жана оозеки жүзүндөгү сынактардын орточо арифметикалык баллы боюнча эсептелинип аныкталат жана университеттин веб-баракчасында жарыяланат.
(2) Талапкерлердин жетишкендик баллдары бирдей болгон учурда ирети менен:
a) иш стажы кыйла көп болгондорго;
b) андан жогору баскычтагы билими барларга;
c) дипломунун орточо баллы жогору болгондорго артыкчылык берилип, эң жогорку баллдан тарта ийгиликтүү талапкерлердин тизмеси аныкталат.
(3) Сынакты ийгиликтүү тапшырганына карабастан, жарыяланган кызмат орундарынын саны аз болгонуна байланыштуу кызматка дайындоого мүмкүн болбогон кызматкерлер тизмеде негизги талапкерлердин санына барабар запастык талапкер катары көрсөтүлөт.
Сынактын жыйынтыгына апелляция берүү
24-берене. – Талапкер сынактын жыйынтыктары жарыяланган күндөн тарта 3 жумуш күнү ичинде сынак өткөрүү боюнча комиссияга апелляция бере алат. Апелляциялар 3 жумуш күнү ичинде сынак өткөрүү боюнча комиссия тарабынан каралып, тийиштүү чечим чыгарылат.
Сынакка тиешелүү документтерди сактоо
25-берене. - Сынакты ийгиликтүү тапшыргандардын сынакка тиешелүү документтери тийиштүү кызматкерлердин өздүк делосунда сакталат. Калгандардын документтери болсо, кийинки сынакка чейин кадрлар башкармалыгында сакталат.
Сынакты ийгиликтүү тапшыргандарды кызматка дайындоо
26-берене. – (1) Кызматка дайындалуу укугуна ээ болгон кызматкер ийгиликтүү талапкерлердин тизмеси бекитилген күндөн тарта 3 айдын ичинде эң жогорку баллдан тарта аныкталган тизмедеги ийгилик баллдарына жараша дайындалат.
(2) Жарыяланган кызмат орундары боюнча:
a) Кызматка дайындоонун шарттарына жооп бербегендиги үчүн сынак жыйынтыгын жараксыз деп эсептөө же ушул себептен кызматка дайындоосун жокко чыгаруу, дайындалган кызмат ордунда ишти жүйөлүү себеби жок белгиленген убакта баштабай коюу же кызматка дайындалуу укугунан баш тартуу;
b) пенсияга чыгуу, каза болуу, иштен чыгуу же иштен бошотуу, башка категориялуу кызматтарга же башка мекемеге которулуу
себептеринен улам бошогон кызмат орундарына ийгиликтүү талапкерлердин тизмеси бекитилген күндөн тарта алты айдан ашык эмес мөөнөттө бирдей категориядагы кызмат орундары үчүн өткөрүлчү кезектеги сынак жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга чейин запастык талапкерлердин ичинен тийиштүү тизмеге ылайык дайындоо жүргүзүлөт.
(3) Кандайдыр бир себептерден улам кызматтан көтөрүлүү сынагына катышпай калгандар, сынакты ийгиликтүү тапшырбай калгандар же запастык талапкерлердин ичинен алты айдын ичинде кезектеги сынак жөнүндө кулактандыруу жарыяланганга чейин кызматка дайындалбагандар же кандайдыр бир себептерден улам кызматка дайындалуу укугунан баш тарткандар бирдей категориядагы кызмат орундарына дайындалууда бул жободо аныкталган бардык жол-жоболорду аткарышы керек.
Эмгек акыны төлөө
27-берене. – Кызматка дайындалган административдик кызматкерлерге кызматка дайындалган күндөн кийинки айдын башында жаңы эмгек акысы төлөнө баштайт.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Ар кандай жоболор
Кызмат ордун алмаштыруу
28-берене. - Зарыл учурда же форс-мажордук себептерден улам бирдей баскычта иштеген кызматкерлердин кызмат орду алмаштырылышы мүмкүн.
Академиялык кызматкерлерди убактылуу кызматка дайындоо
29-берене. Академиялык кызматкер зарыл учурда башкы катчы, ректордун катчысы, басма сөз жана коом менен байланыш бюросунун мүдүрү жана студенттик жатаканаларды тейлөө бөлүмүнүн кызмат орундарына убактылуу дайындалышы мүмкүн.
Айлык келишим боюнча иштей турган кызматкерди кабыл алуу
30-берене. Зарыл учурларда түзүмдөрдүн өтүнүчү боюнча айлык келишим боюнча иштей турган кызматкерлерди кабыл алуу сынаксыз жүргүзүлүшү мүмкүн.
Студенттерди иштетүү
31-берене. Кызматкер жетишсиз болгон түзүмдөрдө тиешелүү түзүмдүн өтүнүчү боюнча студенттер убактылуу ишке тартылышы мүмкүн. Студенттерди иштетүү университеттин “Студенттерди иштетүү жөнүндө жол-жобосуна” ылайык ишке ашырылат.
32-берене. Бул жободо каралбаган жагдайлар Окумуштуулар кеңешинин чечимдерине ылайык жөнгө салынат.
33-берене. Бул жобо күчүнө киргенге чейин жободо аныкталган кызмат ордунун категориясын алгандардын ээ болгон укуктары сакталат.
Күчүнө кириши
34-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
35-берене. Бул жобонун беренелери Ректор тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 25-майындагы 2023-09.41(a)-номерлүү чечими менен кабыл алынган.