| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУУ-ПРАКТИКАЛЫК МЕЧИТИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 70 |
| Кабыл алганы | 01.12.2015 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУУ-ПРАКТИКАЛЫК МЕЧИТИНИН ИШТӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, негизи жана негизги түшүнүктөр
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – теология факультетинин окуу-практикалык мечитинин ишмердигинин негизги принциптерин аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо теология факультетинин окуу-практикалык мечитинин иштөө, ошондой эле анда окуу-практикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Жобо «Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын» 15-беренесине жана «Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программасы боюнча билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк практика боюнча нускамасынын» 5- жана 6- беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Аныктамалар жана кыскартуулар:
|
КТМУ: |
Кыргыз-Түрк «Манас» университети; |
|
Мечит: |
Теология факультетинин окуу-практикалык мечити; |
|
Кафедра башчысы: |
Теология факультетинин «Ислам таануу» кафедрасынын башчысы; |
|
Декан: |
КТМУнун теология факультетинин деканы; |
|
Деканат: |
КТМУнун теология факультетинин деканаты; |
|
Факультет: |
КТМУнун теология факультети. |
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Жооптуу кишилер жана алардын милдеттери
Мечит боюнча жооптуу киши
5-берене. Теология факультетинин деканатынын сунушу боюнча ректорат «Ислам таануу» кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын ичинен мечитте өткөрүлгөн бардык окуу-практикалык жана башка иш-чараларга жооптуу кишини дайындайт.
Мечит боюнча жооптуу кишинин милдеттери
6-берене. Мечит боюнча жооптуу кишинин милдеттери төмөндөгүдөй:
1) намазды башкаруу, дин үйрөтүү жана кутпа окуу;
2) белгиленген тартипке ылайык бардык ырым-жырымдардын аткарылышын камсыз кылуу;
3) кафедра башчысынын тапшырмасына ылайык мечитте окуу-практикалык сабагын өткөрүү;
4) жардамчы кызматкерлердин кезек менен иштөөсү аркылуу мечиттин эшигин такай ачык кармоо;
5) мечиттин бардык жайын тазалыкта жана талаптагыдай абалда кармоо боюнча чараларды кабыл алуу;
6) жардамчылар менен бирдикте мечитти жыйноо жана кароо боюнча кызматкерлердин ишин пландоо, координациялоо жана көзөмөлдөө.
Мечит боюнча жооптуу кишинин жардамчысы
7-берене. Окуу-практикалык мечитте окуу-практикалык сабактарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө мечит боюнча жооптуу кишиге жардам берүү үчүн кафедра башчысы-нын сунушу боюнча профессордук-окутуучулук курамдын ичинен мечит боюнча жооптуу кишинин тийиштүү санда жардамчылары дайындалат.
Мечит боюнча жооптуу кишинин жардамчысынын милдеттери
8-берене. Мечит боюнча жооптуу кишинин жардамчысынын милдеттери төмөндөгүдөй:
1) күн сайын кезек боюнча беш убак намаз окууга азан чакыруу;
2) зарыл учурда намазды башкаруу, дин үйрөтүү жана кутпа окуу;
3) калктын мечитке жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
4) диний ырым-жырымдарга тийиштүү калктын кайрылуусун кароо жана мүмкүнчүлүккө жараша аларды канааттандыруу;
5) окуу-практикалык сабактарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө мечит боюнча жооптуу кишиге көмөк көрсөтүү;
6) мечит боюнча жооптуу кишинин милдетине кирген башка тапшырмаларды аткаруу.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Окуу-практикалык мечиттеги иш-чаралар
Окуу-практикалык мечитте иш-чараларды өткөрүү
9-берене. Окуу-практикалык мечитте иш-чараларды өткөрүүдө төмөнкү талаптар сакталат:
1) мечитке жеткиликтүүлүк күн сайын камсыз кылынат;
2) мечит боюнча жооптуу киши иш ордунда жок болгон учурда анын милдетин жардамчыла-рынын бирөө аткарат жана милдеттердин аткарылышы үзгүлтүккө учурашына жол берилбейт;
3) жумуш эмес күндөрү мечит боюнча жооптуу киши жана анын жардамчылары беш убак намаз окууга азан чакырат жана намаздын окулушун камсыз кылат.
4) жумуш күндөрүндө мечит боюнча жооптуу кишинин орун жайында кезек тартибинде диний ырым-жырым маселелери боюнча келүүчүлөргө жардам көрсөтүү максатында кызматкерлердин бирөө болот;
5) мечиттин ишин пландоону жана координациялоону, ошондой эле анда нөөмөтчүлүктү уюштурууну кафедра башчысынын макулдугу менен мечит боюнча жооптуу киши ишке ашырат.
Окуу-практикалык мечитте иш-чараларды өткөрүү үчүн башка кызматкерлерди дайындоо
10-берене. Мечит боюнча жооптуу кишиден, анын жардамчыларынан жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамынан башка бардык адамдар кафедра башчысынын уруксатысыз мечитте тигил же бул диний ырым-жырымдарды жасоого укугу жок.
11-берене. Зарыл учурда мечит боюнча жооптуу кишинин айтуусу жана анын жоокерчилиги астында факультеттин профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрү мечитте өткөрүлгөн иш-чарада кандайдыр бир милдетти аркалашы мүмкүн.
12-берене. Мечитте ар кандай диний топтордун өздөрүнө таандык иш-чараларды өткөрүүсүнө кескин тыюу салынат.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Окуу-практикалык иш-чараларды аткаруу
13-берене. Факультеттин студенттери мечит боюнча жооптуу кишинин жетекчилигинин астында кафедранын окуу планына ылайык окуу-практикалык сабактарга катышат.
14-берене. Окуу-практикалык сабактар төмөнкү иш-чараларды камтыйт: азан чакыруу, намаз окууда азанчынын (муэдзин) милдетин аткаруу, дин үйрөтүү, кутпа окуу жана намазды башкаруу;
15-берене. Бардык ырым-жырымдар алардын аткарылышынын сапатына жана катышуучу-лардын ишенбөөчүлүгүнө кандайдыр бир шек жаратпастан, белгиленген тартипте аткарылат.
16-берене. Мечитте иш-чараларды өткөрүүдө факультеттин жана университеттин кадыр-баркына доо кетирген жорук-жосундарга жол берилбейт.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Башка жоболор
17-берене. Мечит белгиленген тартипте бардык каалоочулардын келүүсү үчүн ачык. Мечиттин кызматкери келүүчүлөргө сый-урмат жана сыпайылык менен зарыл жардамдарды көрсөтөт жана түшүндүрөт.
18-берене. Мечитте тамак ичкенге, уктаганга, ойногонго жана оюн-зоок мүнөзүндөгү жорук-тарды жасоого тыюу салынат. Мечит боюнча жооптуу киши мындай аракеттерди сыпайылык менен четке кагууга укуктуу.
19-берене. Мечит боюнча жооптуу кишилерге аткарган милдеттери үчүн кимдир-бирөөлөрдөн кандайдыр бир сый акы алууга жол берилбейт.
20-берене. Мечитте көрнөк такталарды, китептерди, койгучтарды, экспонаттарды жана башка ушул сыяктуу материалдарды деканаттын уруксатысыз жаңылоого, алмаштырууга же толуктоого жол берилбейт.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул жобо КТМУнун Окумуштуулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
22-берене. Бул жобо КТМУнун ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2015-жылдын 1-декабрындагы 2015-24.122-чечими менен бекитилген.