| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КАРЬЕРА КЕҢСЕСИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 75 |
| Кабыл алганы | 07.12.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КАРЬЕРА КЕҢСЕСИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты-Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин карьера кеңсесинин максаттарына, ишмердүүлүгүнө жана башкаруу органдарынын милдеттерине тиешелүү жол-жоболорду жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин карьера кеңсесинин максаттарына, ишмердүүлүгүнө жана башкаруу органдарына, башкаруу органдарынын милдеттерине жана иштөө тартибине тиешелүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тиешелүү беренесине ылайык даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
· Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
· Ректорат: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
· Ректор: Университеттин Ректору;
· Биринчи проректор: Университеттин Биринчи проректору;
· Окумуштуулар кеңеши: Университеттин Окумуштуулар кеңеши;
· Карьера кеңсеси: Университеттин карьера кеңсеси;
· Координатор: Карьера кеңсесинин координатору;
· Академиялык түзүмдөр: Университеттин институттары, факультеттери, жогорку мектептери жана орто кесиптик колледжи;
· Карьера боюнча өкүл: Академиялык түзүмдүн карьера боюнча өкүлү.
Карьера кеңсеси
5-берене. Карьера кеңсесинин максаты–өлкөнүн жана аймактын адам ресурстарына болгон муктаждыгына ылайык карьераны пландоого жана өнүктүрүүгө байланыштуу иштерди жүргүзүп, университеттин абитуриенттеринин, студенттеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн жана кызматкерлеринин билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн, компетенттүүлүгүн, дараметин жана натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошуу жана алардын кадыр-баркын жана артыкчылыгын арттыруу.
Ишмердүүлүк чөйрөсү
6-берене. Карьера кеңсеси университетке тапшыргандан тарта аны бүтүргөнгө чейинки мезгил ичинде абитуриенттер, студенттер, бүтүрүүчүлөр, кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү, ошондой эле башка кызыкдар тараптар үчүн төмөнкү багыттар боюнча иш-чараларды ишке ашырат:
(1) Абитуриенттерди университет менен тааныштыруу үчүн семинарларды, экскурсияларды жана ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу.
(2) Корпоративдик иденттүүлүккө кызмат кыла алгандай абитуриенттер, студенттер жана бүтүрүүчүлөр арасында социалдык тармактарды түзүүгө мүмкүндүк берүүчү иштерди жүргүзүү.
(3) Университеттин студенттеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн жана кызматкерлеринин карьера пландоо компетенцияларын өнүктүрүү үчүн курстар, семинарлар жана сертификат берүүчү программалар сыяктуу окуу жана маалымдоо иш-чараларын уюштуруу.
(4) Тийиштүү жеке жана мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен биргеликте стажировка, карьералык өсүү, жумуш же кызматкер менен камсыз кылуу долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууну колдоо.
(5) Студенттердин иштөөгө даярдыгын камсыз кылган ар кандай стажировкаларды жана кесиптик билим берүү программаларын уюштуруу.
(6) Студенттердин бүтүрүүчү квалификациялык иштерди, долбоорлорду, макалаларды, тапшырмаларды даярдоо жана сунуштоо боюнча оозеки жана жазуу жүзүндөгү коммуникация көндүмдөрүн өркүндөтүүчү окуу программаларын камсыз кылуу.
(7) Кызыкдар тараптардын университеттен көбүрөөк пайда алышын камсыз кылуу үчүн жолугушуулар, тренингдер жана семинарлар сыяктуу иш-чараларды уюштуруу аркылуу кызматташуу жана өз ара маалымат алмашуу үчүн платформа түзүү.
(8) Кызыкдар тараптарга алар муктаждык болгон багыттар боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү.
(9) Мамлекеттик жана жеке мекемелер үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын уштуруу.
(10) Ректорат тарабынан берилген башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу.
Башкаруу органдары
7-берене. Карьера кеңсесинин башкаруу органдары болуп координатор, карьера боюнча өкүлдөр жана башкаруу кеңеши саналат.
Карьераны өнүктүрүү боюнча кеңсенин координатору
8-берене. (1) Координатор толук айлык акы менен иштеген университеттин профессор-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн арасынан 3 жылдык мөөнөткө Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан дайындалат.
(2) Координатор карьера кеңсесинин иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, бардык иш-чараларды көзөмөлдөө, контролдоо жана жыйынтыктарды алуу үчүн ректордун алдында жеке жоопкерчилик тартат.
Координатордун милдеттери
9-берене. Координатордун милдеттери төмөнкүдөй:
(1) Карьера кеңсесине өкүлчүлүк кылуу.
(2) Карьера кеңсесинин иштеринин үзгүлтүксүз жана жигердүү түрдө жүргүзүлүшүн камсыз кылуу.
(3) Башкаруу кеңешин жыйынга чогултуу, жыйынга төрагалык кылуу жана кабыл алынган чечимдерди аткаруу.
(4) Өлкө ичинде жана сыртында башка тиешелүү карьера борборлору жана мамлекеттик/жеке уюмдардын адам ресурстары бөлүмдөрү менен кызматташуу аркылуу биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү.
(5) Карьера боюнча өкүлдөр менен макулдашып иштөө жана зарыл болгон учурда жолугушууларды өткөрүү.
(6) Карьера боюнча өкүлдөр жана Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы менен ар бир окуу жылынын аягында баалоо жыйындарын өткөрүү жана кийинки жылга иш-чараларды пландаштыруу.
(7) Карьера кеңсесинин бардык кызматкерлерин жана аткарылган иштерди тиешелүү ченемдик укуктук документке ылайык көзөмөлдөө.
(8) Карьера кеңсеси жүзөгө ашырган жана пландаштырган иш-чаралары тууралуу отчетту тиешелүү жылдын аягында даярдоо жана Ректорго сунуштоо.
(9) Тиешелүү ченемдик укуктук документке ылайык башка милдеттерди аткаруу.
Карьера боюнча өкүлдөр жана алардын милдеттери
10-берене. (1) Карьера кеңсесинин функционалдуулугун жогорулатуу, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен түздөн-түз байланыш түзүү максатында координатордун талабы боюнча университеттин бардык академиялык түзүмдөрүнөн бирден окутуучу бөлүм башчылары тарабынан карьера боюнча өкүл болуп дайындалат.
(2) Карьера боюнча өкүлдөр иштеген академиялык түзүмдөрдө студенттер үчүн кесиптик багыттоо боюнча иштерди жүргүзүү менен карьера кеңсесинин ишине көмөк көрсөтүшөт.
Башкаруу кеңеши
11-берене. Башкаруу кеңеши карьера кеңсесинин чечим кабыл алуучу органы болуп саналат. Башкаруу кеңеши координатордон жана координатордун сунушу боюнча Биринчи проректордун пикирин эске алуу менен Ректор тарабынан дайындалган карьера боюнча төрт өкүлдөн турат. Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн кызмат мөөнөтү үч жылды түзөт, ал эми мөөнөтү аяктаган мүчөлөр кайра дайындалышы мүмкүн. Кызмат мөөнөтү аяктабай кызматтан кеткен мүчөнүн ордуна ошол эле жол-жобонун негизинде жаңы мүчө дайындалат.
Башкаруу кеңешинин чечимдери жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, координатордун добушу чечүүчү ролду ойнойт.
Башкаруу кеңешинин милдеттери
12-берене. Башкаруу кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
(1) Бул жобонун 9-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууда координаторго көмөк көрсөтүү.
(2) Карьера кеңсесинин иш-чараларынын, пландарынын жана программалары менен календарынын аткарылышын камсыз кылуу.
(3) Карьера кеңсесинин иш-чараларына тиешелүү процедуралар жөнүндө чечим кабыл алуу.
(4) Координатор катары карьера кеңсесин башкаруу жана иш-чараларга байланыштуу күн тартибине киргизиле турган маселелерди чечүү.
Кызматкерлерге болгон муктаждык
13-берене. Карьера кеңсесинин академиялык, административдик, техникалык кадрларга жана адистерге болгон муктаждыгы ректорат тарабынан дайындалган кызматкерлер менен камсыздалат.
Жободо каралбаган жагдайлар
21-берене. Бул жободо каралбаган жагдайларда тийиштүү ченемдик укуктук документтин беренелери жана Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонулат.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет. Бул жобонун күчүнө кириши менен “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Карьера борбору жөнүндө жобосу” жокко чыгарылат.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул жобо Ректор тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо, Универсиеттин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы №2023-15.77(а) чечими менен кабыл алынган.