| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРАК ЖАЙ БЕРҮҮ ЖАНА АНЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 76 |
| Кабыл алганы | 07.12.2006 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ТУРАК ЖАЙ БЕРҮҮ ЖАНА АНЫ КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Жалпы жоболор
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеген академиялык жана административдик кызматкерлерге университеттин турак жайын берүү жол-жобосуна, турак жайда туруу мөөнөтүнө, ижара акысына, тейлөөгө, оңдоого жана башкарууга байланышкан иштерди жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кызматкерлеринин пайдалануусу үчүн Бишкектин ичинде жана четинде курулган, сатып алынган жана ижарага алынган турак жайларды камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
Башкаруу кеңеши : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши; |
|
Ыйгарым укуктуу киши : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору; |
|
Комиссия : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Турак жай берүү комиссиясы; |
|
Борбор : |
Бишкек шаарынын ичи; |
|
Шаардын чет жакасы: |
Бишкек шаарынын чет жакасы; |
|
Жетекчи : |
Факультеттерде декан, жогорку мектептерде жана институттарда мүдүр, ректоратта Башкы катчы; |
|
Турак-жайды башкаруу : |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Турак жай башкармалыгы. |
Ижарага алуу аркылуу турак жай менен камсыз кылуу
4-берене. Университеттин турак жайлары жетишсиз болгон учурда Кыргызстандын сыртынан келген кызматкерлер үчүн Башкаруу кеңешинин чечими менен турак жай ижарага алынышы мүмкүн.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Турак жайлардын түрлөргө бөлүнүшү
5-берене. Турак жайлар төмөнкүдөй төрт топко бөлүнөт:
a) Атайын турак жайлар: Ректор жана/же Биринчи проректорго берилүүчү өкүлчүлүк класстагы турак жайлар;
b) Кызматына жараша берилүүчү турак жайлар: Башкы катчыга, проректорго, декандарга, институттун жана жогорку мектептин мүдүрлөрүнө, башкармалыктардын башчыларына ж.б.у.с. жетекчилерге кызматынын маанилүүлүгү менен өзгөчөлүгүнө жана укук жана милдеттерине жараша берилүүчү турак жайлар;
c) Кезек менен берилүүчү турак жайлар: Академиялык жана административдик кызматкерлерге 8-беренеде көрсөтүлгөн ыкмаларга жана негиздерге ылайык берилүүчү турак жайлар;
d) Кызматтык турак жайлар: Иш убактысы ченемделбеген жумушчуларга, жогорку кызмат-тагы жетекчилердин айдоочуларына жана коопсуздук кызматкерлерине берилүүчү турак жайлар. Кызматтык турак жайлар ыйгарым укуктуу кишилер тарабынан берилет. Кызматтык турак жайлар 10%дан ашпашы керек.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Турак жайларды берүү тартиби
Атайын турак жайларды берүүнүн жол-жобосу
6-берене. Атайын турак жайлар Ректор жана Биринчи проректорго берилет.
Атайын турак жайларды берүү үчүн тийиштүү чечим талап кылынбайт. Бул кызматтарга дайындалгандыгы жетиштүү.
Кызматына жараша турак жайларды берүүнүн жол-жобосу
7-берене. Кызматына жараша берилүүчү турак жайлар 5-берененин b) пунктунда көрсөтүлгөн кезек менен берилет. Кызматка дайындоо чечими турак жай берүү чечими катары кабыл алынат.
Кызматтык турак жайларды берүүнүн жол-жобосу
8-берене. Кызматтык турак жайлар баллдарды эсептөө таблицасына (2-тиркеме) ылайык Турак жай берүү комиссиясынын чечими менен берилет. Профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнө балл таблицасына карабай, биринчи кезекте берилет. Кезек менен турак жайларды берүүдө Кыргызстандын сыртынан келгендерге артыкчылык берилет. Турак жай алуу укугуна ээ болгондордун баллдары тең болуп калганда университеттеги эмгек стажысы көптөргө, ал эми эмгек стажысы да тең болуп калган учурда Турак жай берүү комиссиясы тарабынан чүчүкулак тартуу жолу колдонулат.
Турак жайлардан пайдалана албагандар
9-берене. Ушул жобонун эрежелерине ылайык турак жай алган кызматкердин жубайы өзүнчө турак жай талап кыла албайт.
Турак жай бөлүп берүү боюнча арыз жана аны карап чыгуу
10-берене. Турак жай алууну каалаган кызматкер Турак жай бөлүп берүү боюнча арыздын формасын (1-тиркеме) толтуруп, өзүнүн түзүмүнө окуу жылы башталгандан тарта 10 (он) күн ичинде кайрылат. Арыздар комиссияга жиберилет. Арыздарды комиссия карап чыгып, жыйынтыгын чечим чыккан күндөн тарта 5 (беш) иш күнү ичинде тийиштүү кызматкерге жана түзүмгө жазуу жүзүндө маалымдайт. Турак жай бөлүп берүү боюнча арыздын формасын атайылап бурмалап толтургандыгы тастыкталса, турак жай берүү чечими жокко чыгарылат жана териштирүү иши козголот.
Бишкекте турак жайы бар кызматкерлер (мүлк же колдонуу укугуна ээ болгондор) университеттен турак жай алууга укугу жок.
Турак жайды өткөрүп берүү жана турак жайга кирүү
11-берене. Турак жай берилген кызматкерден турак жайды өткөрүп алган күнүнөн баштап эсептеле турган ижара акысы кезектеги айлыгынан кармалып алынат. Турак жайлар Турак жай башкармалыгына ыйгарым укуктуу түзүмү тарабынан Турак жайга кириш акты (4-тиркеме) жана милдеттенме каты (3-тиркеме) толтурулуп берилет. Бул документтердин түп нускасы турак жай берүү папкасында сакталат, бир нускасы кызматкерге берилет. Актка турак жайдагы буюм-тайымдар жана эмеректер эсептелип, кол койдуруу менен берилет.
Турак жайга кирүү акты ижара келишими катары да кабыл алынат. Кызматкер турак жайдан чыгып жатканда Турак жайдан чыгуу актын (5-тиркеме) толтурат. Келтирилген зыяндын орду турак жай колдонгондор тарабынан толукталат.
Турак жай берүү комиссиясын түзүү
12-берене. Кызматкерлерге комиссиянын чечими талап кылынган турак жайды берүү үчүн университеттин Башкаруу кеңеши тарабынан Турак жай берүү комиссиясы түзүлөт. Комиссия 3 (үч) негизги, 2 (эки) запастагы мүчөдөн турат.
Турак жай берүү комиссиясынын жыйналышы жана иштөө жол-жобосу
13-берене. Комиссия толук курамда жыйналат. Комиссия турак жай алуу максатында кайрылгандардын жана турак жай алуу укугуна ээ болгондордун абалын бул жобонун тиркемесиндеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кезек менен берилүүчү турак жайлардын балл таблицасынын критерийлерине жараша баалайт. Бул баалоонун жыйын-тыктары боюнча кабыл алынган чечим Чечим журналына катталат. Бир нускасы турак жай берүү папкасында сакталат. Турак жай берүү комиссиясынын катчылык иштерин тийиштүү башкармалык дайындаган киши жүргүзөт.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Турак жайда жашоо шарттары жана ижара акысы
Турак жайда жашоо шарттары
14-берене.
a) Кызматына жараша турак жай бериле тургандарды кошпогондо, турак жай алуу укугуна ээ болгон жалгыз бой кызматкерлердин баарына бөлмө берилет.
b) Түгөйлөрдүн бирөөсү 1 (бир) жылдын көпчүлүк бөлүгүн (эң аз 7 (жети) ай) Түркияда өткөрсө, үй-бүлөлөргө берилген турак жайдын ордуна бөлмө берилет.
Турак жайда жашоо мөөнөтү
15-берене. Атайын турак жайдан жана кызматына жараша берилүүчү турак жайдан алгандар кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин жашай алат.
Кезек менен берилүүчү турак жайда жашоо мөөнөтү 3 (үч) жыл. Бирок:
a) Бул мөөнөт аяктагандан кийин турак жайга кирүүнү каалагандар болбосо, комиссия тарабынан белгилүү бир мөөнөт берилбей, андан ары жашоосуна уруксат берилиши мүмкүн.
b) Турак жайга кезекте тургандар болсо, турак жайда жашоо мөөнөтүн аяктаган кызматкер-лердин арасынан мөөнөтү боюнча эң көп жашаганынан баштап билдирүү берилгенден тарта 15 (он беш) күн ичинде турак жай бошотулат.
c) Кызматына жараша берилүүчү турак жайдан алгандар кызматынан бошосо, 2 (эки) айдын ичинде турак жайды бошотушу керек. Аларга жобонун эрежелерине ылайык, кезек менен берилүүчү турак жай берилиши мүмкүн.
Турак жайдын ижара акысы
16-берене. Турак жайдын ижара акысынын өлчөмүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши аныктайт.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Турак жайларды иштетүү, тейлөө жана оңдоо чыгымдары
17-берене. Турак жайларды иштетүүгө, тейлөөгө жана оңдоого багытталган чыгымдар университеттин бюджетинен каржыланат.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Турак жайдан чыгуу жана чыгаруу
Турак жайдан чыгуу
18-берене. Атайын турак жайдан жана кызматына жараша берилүүчү турак жайдан алгандар кызмат мөөнөтү аяктагандан тарта 2 (эки) айдын ичинде турак жайды бошотушу керек.
a) Кезек менен берилүүчү турак жайда жашагандардын 3 (үч) жылдык мөөнөтү аяктаса, 15 (он беш) күн ичинде же турак жайга кезекте тургандар болбосо, комиссия тарабынан билдирүү берилгенден тарта 1 (бир) ай ичинде турак жайды бошотууга тийиш.
b) Турак жайда жашап жатканда кызматкер көз жумса, анын үй-бүлөсү 2 (эки) айдын ичинде турак жайды бошотушу керек.
c) Tурак жай берилгенден кийин белгиленген жашоо шарттарын сактабагандар билдирүү берилгенден тарта 1 (бир) ай ичинде турак жайды бошотуп, Турак жайдан чыгуу актысын толтуруп, турак жайды жана ачкычты тийиштүү түзүмгө тапшырышы керек. Tапшыруу учурунда буюм-тайым жана эмеректер тийиштүү башкармалыктын көзөмөлү алдында тизмеге ылайык өткөрүлүп берилет. Эгер кем чыкса, ошол буюмдун базар баасындагы акчасы турак жайды бошоткондон кармалып калат.
Турак жайдан чыгаруу
19-берене. Турак жайлар 18-беренеде көрсөтүлгөн мөөнөттө бошотулбаса, ыйгарым укуктуу кишилер тарабынан 15 (он беш) күндүн ичинде чыгарылат.
21-беренедеги эрежелерге баш ийбегендерге дагы ушул эреже колдонулат.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Конок үйү
20-берене. Университеттин Башкаруу кеңеши туура деп тапса, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык багыттагы имараттары конок үйү катары колдонулушу мүмкүн. Конок үйүндө тургандардан:
a) Университеттин кызматкерлеринен жана алардын жакындарынан күнүнө 5 АКШ доллары;
b) Башка мекемеде иштегендерден Турак жай башкармалыгы туура көрсө, күнүнө 7,5 АКШ доллары алынат;
c) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин, Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнөн жана университеттин иш-чараларына катышуу үчүн же долбоор боюнча иштөө үчүн чакырылгандардан акы алынбайт. Жогорудагы а) жана b) пунктундагылар конок үйүндө 1 (бир) жыл ичинде эң көп 2 (эки) ай тура алышат. Бул мөөнөт Турак жай башкармалыгы тарабынан эң көп 1 (бир) айга узартылышы мүмкүн.
СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
Башка жол-жоболор
Турак жайларда жашоо эрежелери
21-берене. Турак жайда жашагандар төмөнкү эрежелерди сактоого тийиш:
a) Турак жайдын тынчтыгын бузбашы жана жалпы адеп-ахлак эрежелерине туура келбеген жоруктарды жасабашы керек.
b) Турак жайлардын баарын же бир бөлүгүн башкаларга акысыз же ижарага бере албайт.
c) Турак жайлардын ички архитектуралык жана инфраструктуралык түзүлүшүн өзгөртө албайт.
d) Турак жайдын бир бөлмөсүндө же бакта ит же мышык сыяктуу жаныбарларды бага албайт.
e) Турак жайлардын ичиндеги буюм-тайым жана эмеректер кандай алынса, ошондой тапшырылат.
f) Турак жайда жашаган учурда сынган же эскирген буюм-тайымдардын оңдоо чыгымдарын жашаган киши өзү төлөйт. Зарыл болгон учурда турак жайды пайдалануу боюнча жетекчи тарабынан техникалык кызматкер дайындалышы мүмкүн.
g) Башка эрежелер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Турак жай башкармалыгы тарабынан аныкталат.
Күчүнө кириши
22-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши кабыл алгандан тарта күчүнө кирет. Ушул күндөн тарта мурда берилген турак жайлар Турак жай берүү комиссиясы тарабынан бул жобонун эрежелерине ылайык кайрадан каралат. Бул иш-чаранын натыйжасында турак жайда жашоо мөөнөтү аяктай элек кызматкерлердин турак жай алуу укугу өзгөртүлүп, турак жайда жашоо укугу сакталат.
23-берене. Турак жайларды, конок үйүн жана анын аймагындагы аянттарды жатакана мүдүрү башкарат жана жооп берет.
24-берене. Бул жобонун аткарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңешинин 2006-жылдын 5-декабрындагы 2006-25.103-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН
ТУРАК ЖАЙ БӨЛҮП БЕРҮҮ БОЮНЧА АРЫЗ ФОРМАСЫ
(1-тиркеме)
|
Талаптын түрү: |
Бөлмө: |
⃝ |
Турак жай: |
1+1 |
⃝ |
2+1 |
⃝ |
3+1 |
⃝ |
||||
|
Кызматы: |
Академиялык |
⃝ |
Административдик |
⃝ |
|||||||||
|
1. |
Аты-жөнү: |
|
|||||||||||
|
2. |
Акад. наамы/жетекчилик кызматы: |
|
|||||||||||
|
3. |
Кесиби/адистиги: |
|
|||||||||||
|
4. |
Иштеген мекемеси: |
|
|||||||||||
|
5. |
КТМУдагы кызматы: |
|
КТМУдагы жеке №: |
|
|||||||||
|
6. |
KTMУга ишке кирген күнү: |
|
|||||||||||
|
7. |
Катталган дареги: |
|
|||||||||||
|
8. |
Телефон номерлери (ТР жана КР): |
TР: |
|
KР: |
|
||||||||
|
9. |
Иштеген түзүмү: |
|
|||||||||||
|
10. |
Жалпы эмгек стажы: |
|
|||||||||||
|
11. |
Толук айлык акы менен иштеген мекеменин аты (KTMУ кошулуп) жана жалпы эмгек стажы: |
Жыл |
Aй |
Күн |
|||||||||
|
1) |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
||||||||||
|
2) |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
||||||||||
|
3) |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
||||||||||
|
4) |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
||||||||||
|
Жалпы |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
⃝ ⃝ |
||||||||||
|
12. |
Социалдык абалы: |
Үй-бүлөлүү |
⃝ |
Бойдок |
⃝ |
||||||||
|
Үй-бүлөлүү болсо үй-бүлөсү менен жашайбы? |
Ооба |
⃝ |
Жок |
⃝ |
|||||||||
|
13. |
Чогуу жашай турган балдарынын саны: |
Жынысы жана жашы |
1) |
⃝ ⃝ |
2) |
⃝ ⃝ |
3) |
⃝ ⃝ |
|||||
|
14. |
Тартип жазасын алганбы? |
Алдым: |
⃝ |
Албадым: |
⃝ |
||||||||
|
(Aлган болсо, мекеменин аты, күнү жана түрү) |
……………………………......……………………………………………………………………………… |
||||||||||||
|
15. |
Аялы жана балдарынан сырткары багуусунда болгон жана турак жайда чогуу жашай турган үй-бүлө мүчөсү: |
||||||||||||
|
Аты-жөнү: |
Туулган жери жана күнү: |
Жашы жана жынысы: |
Туугандыгы: |
||||||||||
|
|
|
|
|
||||||||||
|
|
|
|
|
||||||||||
|
|
|
|
|
||||||||||
|
16. |
Мурун KTMУнун турак жайларында: |
Жашадым: |
⃝ |
Жашабадым: |
⃝ |
||||||||
|
(Жашаса, турак жайдын түрү жана кириш, чыгыш датасы) |

17. |
Бишкекте турак жайыңыз барбы? |
Бар: |
⃝ |
Жок: |
⃝ |
||||||||
|
|
Бул арыз формасын өз колум менен толтургандыгым жана маалыматтар туура экендигин, ката болсо жооп береримди, берген маалыматтарымда өзгөрүү болсо комиссияга жазуу жүзүндө билдиреримди жана турак жай/бөлмө берилсе, мөөнөт аяктаганда турак жайды/бөлмөнү Турак жай берүү жана аны колдонуу жөнүндө жобого ылайык өткөрүп береримди тастыктаймын. |
||||||||||||
|
|
Колу: |
|
|||||||||||
|
Аты-жөнү: |
|
||||||||||||
|
Арыз формасын толтуруу күнү: |
|
||||||||||||
|
|
Түшүндүрмө: 1. Иштегендиги тууралуу маалымкат тиркелет; 2. Чогуу жашай турган кишилер Турак жай берүү жана аны колдонуу жөнүндө жободо көрсөтүлгөн кишилер болушу керек; 3. Тартип жазасын алган болсо, тийиштүү документтин көчүрмөсү тиркелет; 4. Бул арыз формасындагы маалыматтар жалган болсо, турак жай берилбейт, берилген болсо кайрадан алынат; 5. Кол коюлбаган арыз формалары каралбайт. 6. Тартип жазасын алгандардын жазалары комиссия тарабынан каралып, балл жазанын мүнөзүнө жана өзгөчөлүгүнө жараша берилет. |
||||||||||||
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН
Кезек менен берилүүчү турак жайларды бөлүп берүү боюнча баллдардын таблицасы
(2-тиркеме)
Турак жай бөлүп берүү боюнча арыз формалары төмөнкүдөй бааланат:
1. Эмгек стажы:
· Кыргызстандын жараны болбогондор үчүн КТМУдагы иштеген ар 1 (бир) жыл үчүн (+1) балл (5 жылдан ашыгы эске алынбайт).
· Кыргызстандын жараны болгондорго КТМУдагы жана башка мекемедеги иштеген ар 1 (бир) жылы үчүн (+1) балл, Кыргызстандын жараны болбогондордун башка мекемедеги иштеген ар бир 2 (эки) жылы үчүн (+1) балл.
2. Академиялык наам:
· Профессордук наамы үчүн (+10) балл.
· Доценттик наамы үчүн (+7) балл.
· Доценттин милдетин аткаруучулук наамы үчүн (+5) балл.
· Ага окутуучуларга (+2) балл.
· Окутуучуларга (+2) балл.
· Кенже илимий кызматкерлерге (+1) балл.
· Адистерге (+1) балл.
3. Административдик кызматта болгон академиялык кызматкерлерге (декандын орун басары, мүдүрдүн орун басары, бөлүмдүн башчысы) (+5) балл.
4. Үй-бүлөлүүлөргө (+5) балл.
5. Багуусунда болгон жана турак жайда чогуу жашай турган ар бир баласы үчүн (+2) балл.
6. Аялы жана балдарынан сырткары багуусунда болгон жана турак жайда чогуу жашай турган ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн (+1) балл.
7. Жетекчи кызматтагы админстративдик кызматкерлерге (мүдүр) (+5) балл ыйгарылат.
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН
МИЛДЕТТЕНМЕ КАТЫ
(3-тиркеме)
1. Мага берилген турак жайды “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Турак жай берүү жана аны колдонуу жөнүндө жобосуна” ылайык бошотуу керек болгон учурда белгиленген мөөнөт ичинде бошотууну, буюм-тайым жана эмеректерди алгандагыдай кайра тапшырууну, туура эмес колдонуудан улам пайда болгон кемчиликтерди толуктоону, бузулгандарын баштапкы калыбына келтирүүнү же болбосо адис тарабынан аныктала турган зыянды алдын ала эскертүүсүз айлыгымдан кармап калууну;
2. Турак жайдын архитектуралык жана инфраструктуралык түзүлүшүн өзгөртпөөнү;
3. Жобонун эрежелерин сактоону жана жогорудагы милдеттенмелерди кабыл алганымды тастыктайм.
Аты-жөнү : ................................................
Күнү : ...................................................
Колу : ...................................................
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН
ТУРАК ЖАЙГА КИРҮҮ АКТЫ
(4-тиркеме)
ТУРАК ЖАЙ БЕРИЛГЕН КЫЗМАТКЕРДИН:
Аты-жөнү : ...............................................................................
Наамы : ...............................................................................
КТМУдагы жеке № : ...............................................................................
Турак жайгa кирүү датасы : ...............................................................................
БЕРИЛГЕН ТУРАК ЖАЙДЫН:
Облусу : ...............................................................................
Району : ...............................................................................
Шаары/айылы : ...............................................................................
Көчөсү : ...............................................................................
Турак жай № : ...............................................................................
Батир № : ...............................................................................
Жогоруда дареги, номери жана өзгөчөлүгү көрсөтүлгөн турак жайды ичиндеги буюм-тайымдары менен өткөрүп алдым.
Кызматкердин аты-жөнү :............................................................... .................
Колу : ................................................................................................
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ....................................................................................
……………………………………………………………………………………………………...………………………………………………
номерлүү батири, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрү, тиркемедеги буюм-тайымдары менен …./…./ ……-жылы өткөрүлүп берилди.
|
ӨТКӨРҮП БЕРГЕН |
ӨТКӨРҮП АЛГАН |
|
……………………………………. |
……………………………………. |
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН
ТУРАК ЖАЙДАН ЧЫГУУ АКТЫ
(5-тиркеме)
Турак жайдан чыккан кызматкердин:
1. Аты-жөнү: ...................................................................................................................................
2. Наамы: .......................................................................................................................
3. Турак жайгa кирүү датасы:.........................................................................................................
4. Турак жайдан чыгуу датасы:......................................................................................
5. Турак жай жайгашкан
a) Облусу : ..............................................................................................................
b) Району: .................................................................. .............................................
c) Шаары/айылы: ..................................................................................................
d) Көчөсү: .................................................................................................. .............
e) Турак жай №: .......................................................................................................................
f) Батир №: ..............................................................................................................................
6. Өткөрүлүп берилген буюмдардын айырмасы, келтирилген зыян жана анын наркы:
………………………………………………………………………....................................................…………………………………………………………………………………………………...……………………………………………………………………………………………………..
Турак жайга келтирилген зыян жана анын наркы: Акт тиркелген.
7. Турак жайды өткөрүп берген күнү:
a) Электр эсептегичтин көрсөткүчү:.................................................................
b) Муздак суу эсептегичтин көрсөткүчү:..........................................................
c) Ысык суу эсептегичтин көрсөткүчү:
d) Газ эсептегичтин көрсөткүчү: ......................................................................................
e) Телефон: .......................................................................................................
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин .....................................................................................
................................................................................................................................................................................................................................... номерлүү батири, жогоруда көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрү, тиркемедеги буюм-тайымдары менен …./…./…… – жылы тапшырылды.