| Аты | КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 78 |
| Кабыл алганы | 19.10.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО КЕСИПТИК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИНИН ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик колледжинин билим берүү программаларынын үчүнчү жана төртүнчү семестринде окуган студенттеринин өндүрүштүк практикадан өтүү жол-жоболорун жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобонун мазмуну Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик колледжинин билим берүү программаларынын үчүнчү жана төртүнчү семестрлеринде окуган студенттеринин өндүрүштүк практикадан өтүү жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавр жана кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасынын” тийиштүү беренелеринин негизинде даярдалды.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо колдонулган негизги түшүнүктөрдүн аныктамалары төмөнкүдөй:
· Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
· Окумуштуулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
· Ректор: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору;
· Орто кесиптик колледж: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик колледжи;
· Студент: Өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студент;
· Бөлүмү / Программасы: Орто кесиптик колледжине караштуу бөлүм / программа;
· Өндүрүштүк практика өтүлүүчү жай: Өндүрүштүк практика өтүлүүчү коомдук же жеке ишкана / мекеме;
· Өндүрүштүк практика: Студенттин теориялык билимин бышыктоо үчүн үчүнчү жана төртүнчү семестрде жуманын белгилүү күндөрүндө өткөн адистигине байланыштуу өндүрүштүк практика;
· Өндүрүштүк практика боюнча комиссия: Өндүрүштүк практикага байланыштуу процесстерди көзөмөлдөө жана башкаруу ишин аткарат. Бул комиссиянын төрагасы мүдүрдүн орун басарынан, ал эми мүчөлөрү бөлүм башчылардан турат;
· Студенттин өндүрүштүк практикадан өтүүсүнө жооптуу окутуучу: Ишканадагы иш чөйрөсүн аныктоо, билим берүүнү пландаштыруу, жөнгө салуу, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студентке жетекчилик кылуу үчүн дайындалган окутуучу;
· Ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адам: Ишкана тарабынан дайындалган өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адам;
· Өндүрүштүк практиканы баалоо: Ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адам менен жооптуу окутуучу тарабынан студенттин ишине берилген баа;
· Өндүрүштүк практика боюнча өздүк дело: Өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студенттин жума ичинде жасаган иштерин камтыган отчёт.
Жалпы жол-жоболор
5-берене. Өндүрүштүк практика Окумуштуулар кеңеши кабыл алган окуу планынын, мазмунунун, улуттук / эл аралык кредитинин жана башка талаптардын алкагында ишке ашырылат;
6-берене. Өндүрүштүк практика академиялык календарга ылайык, үчүнчү жана төртүнчү семестрлерде жума ичиндеги бир толук иш күнүндө өтөт;
7-берене. Студент өндүрүштүк практиканын талабына ылайык, ал үчүн бөлүнгөн саатта башка сабактарга катыша албайт. Бирок дистанттык билим берүү формасы менен өтүлгөн сабактарды жана / же милдеттүү түрдө катышууну талап кылбаган сабактарды окуй алат;
8-берене. Ар бир студент өндүрүштүк практика боюнча комиссия тарабынан тастыктала турган ишкананы өзү табууга милдетүү. Бирок зарыл болсо, бул комиссия студентке өндүрүштүк практика өтөөчү ишкана табууга көмөктөшөт;
9-берене. Студент ишканада күндүз гана иштеп, түнкүсүн иштей албайт. Эгер студент ишканада түнкүсүн иштесе, студент менен ишкана укуктук жоопкерчиликке тартылат. Студент күнүнө 8 сааттан ашык иштей албайт;
10-берене. Максатка ылайык, өндүрүштүк практика учурунда студенттерди баалоо, байкоо жана көзөмөлдөө үчүн тайпаларга бөлүү же бириктирүү мүмкүн. Тайпалар кеминде 5 студенттен турат жана ар бир тайпага жетекчилик кылуу үчүн жооптуу окутуучу дайындалат;
11-берене. Ишканага, жетекчисине, тийиштүү жооптуу адамга жана студентке өндүрүштүк практикага байланыштуу айлык акы төлөнбөйт.
Өндүрүштүк практика боюнча комиссиянын милдеттери жана жоопкерчиликтери
12-берене. Өндүрүштүк практика боюнча комиссиянын милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөндөгүдөй:
(1) Ар бир окуу жылынын декабрь, май айларында чогулуш өткөрүү жана кийинки семестр үчүн даярдык көрүү;
(2) Өндүрүштүк практика өтөө үчүн сунушталган ишкананы бекитүү жана чечим чыгаруу;
(3) Өндүрүштүк практиканын үзгүлтүксүз болушу үчүн зарыл чараларды көрүү;
(4) Зарыл деп табылган учурда өндүрүштүк практикага тийиштүү анкета, интервью жана тажрыйба жүргүзүү;
(5) Зарыл деп табылган учурда тармактын өкүлдөрүнүн катышуусу менен баа берүү боюнча чогулуш өткөрүү;
(6) Укуктук, административдик ченемдер боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды баалоо;
(7) Студенттин өндүрүштүк практикадан өтүү жөнүндөгү арызын кароо;
(8) Семестрдин башында семестр үчүн даярдыктарды көрүү, семестрдин аягында болсо тармак боюнча келип түшкөн папкаларды карап чыгуу;
(9) Өндүрүштүк практикага тийиштүү бардык көйгөйлөрдү чечүү, чечилбеген маселелерди Орто кесиптик колледждин мүдүрүнө билдирүү.
Студенттин өндүрүштүк практикадан өтүүсүнө жооптуу окутуучунун милдеттери жана жоопкерчиликтери:
13-берене. Студенттин өндүрүштүк практикадан өтүүсүнө жооптуу окутуучунун милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөндөгүдөй:
(1) Өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишкананы иликтөө;
(2) Өндүрүштүк практика учурунда колледж менен ишкананын эриш-аркак иш алып барышын камсыз кылуу;
(3) Өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишканада студенттин ар башка жумада ар түрдүү иш жасашын көзөмөлдөө, аны текшерүү бланкына белгилөө жана көйгөй чыкса, аларды жоюуга зарыл күч-аракет жумшоо;
(4) Жоктомо баракчасы, текшерүү бланкы, баалоо формасы жана өндүрүштүк практика боюнча өздүк делону эске алуу менен жетишкендигин баалоо.
Ишкананын милдеттери жана жоопкерчиликтери
14-берене. Ишкананын милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөндөгүдөй:
(1) Эмгекти коргоо жана коопсуздук мыйзамдарына ылайык студентти окуу жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу;
(2) Студентти ишкананын кызматкерлери үчүн берилген атайын кийим менен камсыз кылуу;
(3) Орто кесиптик колледж менен ишкананын ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин тиешелүү талаптарын бузбоо;
(4) Студент тууралуу келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу.
Ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адамдын милдеттери жана жоопкерчиликтери
15-берене. Ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адамдын милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөндөгүдөй:
(1) Студентке ишканадагы өндүрүштүк практикага байланыштуу тапшырмаларды берүү, кантип аткаруу керектигин көрсөтүү жана текшерүү;
(2) Студенттин ишканага келишин текшерүү, алган уруксаттарынын жүйөөсүн иликтөө жана жоктомо баракчасына белгилөө;
(3) Зарыл болгон учурда өндүрүштүк практика боюнча жооптуу окутуучуга маалымат берүү;
(4) Семестрдин аягында өндүрүштүк практиканы баалоо формасы эки нускада даярдалат, алардын бири ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адамга, экинчиси студенттин өндүрүштүк практика өтүү графиги менен бирге жооптуу окутуучуга тапшырылат.
Студенттин милдеттери жана жоопкерчиликтери
16-берене. Студенттин милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөндөгүдөй:
(1) Студент ишкана тарабынан берилген милдеттерди аткарат;
(2) “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин тартиби боюнча нускамасынын” жоболоруна жана ишкананын эмгек, тартип жана коопсуздук эрежелерине баш иет;
(3) Өндүрүштүк практикага байланыштуу бардык жүйөөлөрүн жана өтүнүчтөрүн ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адам менен окутуучуга билдирет;
(4) Ар кандай шаймандарды жана жабдууларды кылдаттык менен колдонот. Аларды туура эмес колдонуудан жаралган көйгөйлөргө өзү жооптуу болуп саналат;
(5) Жумуш учурунда иш ордунан кетүүгө туура келген кырдаалда өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адамдан жана / же окутуучудан уруксат алат;
(6) Өндүрүштүк практика үчүн бөлүнгөн күндөрдү калтырбоого милдеттүү. Бирок өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адамдын жана / же окутуучунун уруксаты менен 20%га чейин себептүү калтырууга жол берилет. Себепсиз келбей койгон студент өндүрүштүк практикадан өткөн жок деп эсептелет. Мындай студент өндүрүштүк практикадан кайра өтөт;
(7) Өндүрүштүк практика учурунда ишканада жасаган иштери жөнүндө отчёт даярдап, өндүрүштүк практика боюнча жооптуу окутуучуга тапшырат;
(8) Өндүрүштүк практика боюнча комиссиянын жана жооптуу окутуучунун уруксаты менен гана өндүрүштүк практика өтүлүүчү жерди алмаштыра алат.
Өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн талап кылынган документтер
17-берене. Өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн талап кылынган документтер:
(1) Өндүрүштүк практика боюнча өздүк дело: Бул жобонун беренелерине ылайык, студенттин өндүрүштүк практика учурунда аткарган иштери жана операциялары тууралуу отчёттору топтолгон папка;
(2) Өндүрүштүк практика: ишканадагы практика боюнча жооптуу адам тарабынан студенттин өндүрүштүк практикага катышуу күндөрүнүн аныкталышы;
(3) Өндүрүштүк практиканы баалоо формасы: Ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адам тарабынан студенттин жетишкендиктерин баалоо баракчасы;
(4) Өндүрүштүк практиканы текшерүү бланкы: Жооптуу окутуучу тарабынан студенттин өндүрүштүк практика учурундагы жетишкендиктерин белгилөө үчүн даярдалган баалоо баракчасы;
(5) Өндүрүштүк практика жөнүндө келишим: Орто кесиптик колледж менен ишкананын ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишими.
Баалоо
18-берене. (1) Өндүрүштүк практика боюнча студенттин жетишкендиги төмөндө көрсөтүлгөн чендерге ылайык бааланат жана өлчөнөт: Студенттин өндүрүштүк практикадан өтүүсүнө жооптуу окутуучу койгон баанын 50 %ы; Ишканадагы өндүрүштүк практика боюнча жооптуу адам койгон баанын 50 %ы алынат.
(2) Студенттин арифметикалык орточо баллы 50 баллдан кем эмес болушу талап кылынат. Эгер арифметикалык орточо баллы 50 баллдан төмөн болуп калса, ал студент өндүрүштүк практикадан кайра өтүүгө тийиш.
Апелляцияга берүү
19-берене. Баалоонун жыйынтыгына нааразычылык жаралса, «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасынын” жоболору колдонулат.
Көйгөйлүү жагдайлар
20-берене. Лабораториялык практикумдарды өткөрүү жана тажрыйба алуу максатында ишкана табуу кыйынчылык туурдурса же ден соолукка жана экологияга байланыштуу көйгөйлөр жаралса, тийиштүү программанын башчысынын сунушу, өндүрүштүк практика боюнча комиссиянын кабыл алышы, Орто кесиптик колледждин башкаруу кеңешинин чечими менен өндүрүштүк практика боюнча окуу программасында талап кылынган сааттан кем эмес шартта Орто кесиптик колледжде теориялык түрдө өтүшү мүмкүн.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
22-берене. Бул жобо Орто кесиптик колледждин мүдүрү тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо, Университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 19-октябрындагы №2023-13.64(d) чечими менен кабыл алынган.