| Аталышы | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАЛАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 80 |
| Бекитилген дата | 25.02.2025 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН
СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАЛАР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
I БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин студенттик жатаканаларда ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү, алардын социалдык жана маданий жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө өбөлгө болгон зарыл жол-жоболорду аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу студенттик жатаканаларды башкаруу жана анын иштөө тартибин, кызматкерлердин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин, орто кесиптик билим берүү, бакалавр жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуп жаткан студенттердин студенттик жатаканаларда жашоо жол-жоболорун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тийиштүү беренелерине ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
· Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
· Ректор : Университеттин ректору;
· Ректорат : Университеттин ректораты;
· Окумуштуулар кеңеши : Университеттин Окумуштуулар кеңеши;
· Башкармалыктын башчысы : Университеттин Ден соолук, маданият жана
спорт башкармалыгынын башчысы;
· Жатакана/ жатаканалар : Студенттик жатакана/ жатаканалар;
· Башкаруу кеңеши : Студенттик жатакананын башкаруу кеңеши;
· Мүдүрлүк : Студенттик жатакананын мүдүрлүгү;
· OBİS : Студенттик маалымат системасы.
II БӨЛҮМ
Башкаруу
Башкаруу органдары
5-берене. Студенттик жатаканалардын башкаруу органдары болуп студенттик жатакананын башкаруу кеңеши жана студенттик жатакананын мүдүрлүгү саналат. Мүдүрлүк университеттин Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын карамагында иш алып барат.
Башкаруу кеңеши
6-берене. Студенттик жатакананын башкаруу кеңеши ректорат тарабынан дайындалган бир профессор-окутуучунун жетекчилигинде эки окутуучудан, башкармалыктын башчысынан, мүдүрдөн жана студенттик кеңеш аныктаган бир өкүлдөн турат. Студенттик кеңештин өкүлү студенттерге гана тийиштүү күн тартибиндеги маселелер боюнча жыйындарга катыша алат, добуш берүү укугуна ээ болбойт. Башкаруу кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү эки жылдык мөөнөт менен иштешет. Кызмат мөөнөтү бүткөн мүчө ушундай эле жол-жобо менен кайрадан дайындалышы мүмкүн
Башкаруу кеңешинин милдеттери
7-берене. Башкаруу кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
a) Студенттик жатаканаларды башкаруунун жалпы принцип жана эрежелерин аныктоо;
b) Башкармалыктын сунуштарын карап чыгып, тиешелүү чечим чыгаруу;
c) Студенттик жатаканаларды башкаруу ишин жана иштешин текшерүү жана көзөмөлдөө;
d) Студенттик жатаканалардын Тартип боюнча комиссиясы катары иш алып баруу;
e) Студенттик жатаканаларды ачуу жана жабуу күндөрүн аныктоо;
f) Жайкы жана семестр аягындагы каникулдарда студенттик жатаканаларды ким жана кандай шартта пайдалана ала тургандыгы жөнүндө чечим чыгаруу;
g) Баалоо критерийлерин аныктоо.
Мүдүрдүн милдеттери жана укуктары
8-берене. Студенттик жатакананын мүдүрүнүн милдеттери төмөнкүдөй:
a) Студенттик жатаканаларды бул жобого жана университеттин башка ченемдик укуктук документтерине ылайык башкаруу;
b) Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган принцип жана эрежелерге ылайык студенттердин студенттик жатаканага жайгашуу жөнүндөгү арыздарын кабыл алуу, карап чыгуу жана башкаруу кеңешине бекитүүсүнө сунуштоо;
c) Мүдүрдүн орун басарларынын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоо жана милдеттерин бөлүштүрүү;
d) Студенттик жатаканаларда иштеген кызматкерлердин милдеттерин бөлүштүрүп, алардын аткарган ишин көзөмөлдөө;
e) Студенттик жатаканаларда сакталууга тийиш болгон эрежелерди аныктоо жана башкаруу кеңешинин макулдугу менен студенттерге кабарлоо;
f) Ар кандай буюмдардын жакшы колдонулушун, аяр сакталуусун камсыз кылуу жана бул үчүн зарыл чараларды көрүү; оңдоп-түзөө, буюмдарга ж.б. каражаттарга болгон муктаждыктарды аныктоо жана бул тууралуу башкармалыктын башчысына билдирүү;
g) Университетке тийиштүү бөлүмдөр менен биргелешип иштөө аркылуу студенттердин социалдык-маданий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү иш-чараларды уюштуруу;
h) Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган принциптерге ылайык жатакана акысынын чогултулушун камсыз кылуу;
i) Студенттик жатаканалардын ишине байланыштуу маселелерди башкаруу кеңешине билдирүү.
Студенттик жатаканага жайгашуу жөнүндө арыздарды каттоо жана кабыл алуу
9-берене. (1) Студенттик жатаканага жайгашуу жөнүндө арыздар мүдүрлүк тарабынан белгиленген мөөнөттө студент тарабынан OBIS системасы аркылуу электрондук түрдө берилет. Арыз тапшыруу учурунда 28 жашка толгон орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча окуган студенттер жана 36 жашка толгон ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуган студенттер арыз бере алышпайт. Башкаруу кеңешинин чечими менен жаш чегинен ашкан даярдоо курсунун студенттерине 1 жылга чейинки мөөнөткө жатаканага жайгашуу укугу берилиши мүмкүн.
(2) Башкаруу кеңеши ар бир окуу жылынын башында ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун пикирин эске алуу менен ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуган студенттер үчүн квотаны кайрадан карап чыгат.
(3) Арыздар башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган жана ректорат тарабынан бекитилген баллдык шкала боюнча карап чыгылат. Эң жогорку балл топтогон студенттерден баштап аныкталган тизме боюнча жатаканага катталуу укугуна ээ болгон студенттерди каттоо иштери окуу жылынын башында башкаруу кеңеши тарабынан белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Белгиленген мөөнөттө катталбаган же жүйөлүү себеби башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынбаган студенттер жатаканада жашоо укугунан баш тартты деп эсептелет. Студенттерди кабыл алуу боюнча баллдарды эсептөөдө Кыргыз Республикасынын жараны болбогон студенттерге артыкчылык берилет. Мындан тышкары, баллдарды эсептөөдө студенттин окуудагы жетишкендиктери, таланттары жана туруктуу жашаган жеринин Бишкек шаарынан алыстыгы эске алынат. Студенттик жатаканадан өз эрки менен чыгып кеткен студенттер кийинки окуу жылына чейин арыз менен кайрыла алышпайт.
(4) Ар кандай себептер менен белгиленген мөөнөттө арызын бере албаган, арыз тапшыруу күндөрүнөн кийин курстан курска өтүүдөгү орточо баллы же башка социалдык жана жеке көрсөткүчтөрү жогорулаган, университеттин ар кайсы бөлүмдөрүндө жумуш убактысынан тышкары иштеген студенттер менен көркөм өнөр жана маданий ийримдерге катышкан же спорт боюнча курама командада ойногон студенттерди студенттик жатаканаларга кабыл алууга жана жайгаштырууга башкаруу кеңеши укуктуу.
Студенттик жатаканаларда жашоо тартиби
10-берене. Студенттик жатаканаларга кирүү жана чыгуу убактысы мүдүрлүк тарабынан аныкталып, студенттерге билдирилет. Дем алыш жана расмий эс алуу күндөрүндө студенттерге уруксат алардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жатакананын администрациясы тарабынан берилиши мүмкүн.
Студенттик жатаканада жашоо мөөнөтү
11-берене. Жатаканада жашоо укугу бир окуу жылы менен чектелет. Мурунку жылы жатаканада жашаган студентке кийинки жылдары жатаканада жашоо укугу берилбейт. Окуу мөөнөтү ичинде жатаканада жашоонун максималдуу мөөнөтү студент окуп жаткан билим берүү программасынын нормативдүү мөөнөтү болуп саналат. Жатаканада бош орун болсо, кезектеги окуу жылынан кийин дагы бир окуу жылы жайгаша алат. Даярдоо курсунда экинчи жыл окуп жаткан студенттер мурунку жылы жатаканада жашаган болсо, алардын арызы жаңы баллдык шкала боюнча бааланат.
Студенттик жатаканадан чыгаруу
12-берене. Студенттер төмөнкүдөй учурларда студенттик жатаканадан чыгарылат:
a) Жатаканаларда жашоо үчүн эң жогорку жаш чеги – орто кесиптик билим берүү жана бакалавриат программалары боюнча окуган студенттер үчүн 28 жаш, ал эми ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуган студенттер үчүн 36 жаш. Белгиленген жаш куракка жеткен студенттер окуу жылынын аягында жатаканадан чыгарылат.
b) Университетте академиялык өргүү алган студенттер бул мөөнөт ичинде студенттик жатаканаларда жашай алышпайт.
c) Университеттен убактылуу четтетүү жазасын алган студенттер жаза мөөнөтү бүткөнгө чейин студенттик жатаканада жашай алышпайт.
d) Кайсы бир себептен улам университеттен чыгарылган студент студенттик жатаканадан да чыгарылат.
e) Окуу жылы ичинде жүйөлүү себеби болбой жети күн катары менен же жалпысынан он беш күн сабакка катышпаган студенттер мүдүрлүк тарабынан студенттик жатаканадан чыгарылат.
f) Студенттик жатаканага жайгашкан учурда өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды бергендиги аныкталса, ал студент студенттик жатаканадан чыгарылат.
g) Белгиленген мөөнөт ичинде жатакана акысын төлөбөгөн студенттер студенттик жатаканадан чыгарылат.
III БӨЛҮМ
Тартип
Тартип жазалары
13-берене. Студенттер жатакананын ичинде да, сыртында да өздөрүн талапка ылайык алып жүрүүгө тийиш, ар кандай туура эмес жүрүм-турумдан оолак болууга милдеттүү. Жүрүм-турум эрежелерин бузган студенттерге төмөнкүдөй тартип жазалары берилет:
Эскертүү жазасы
14-берене. Студентке жатаканадагы жүрүм-туруму боюнча жазуу жүзүндө эскертүү каралган. Эскертүү жазасы төмөнкүдөй тартип бузуулар үчүн берилет:
a) Жатакананын жалпы пайдалануучу жайларында башкалардын тынчтыгын бузуп, катуу үн чыгаруу;
b) Өзүнө бөлүнгөн бөлмөдө жана бардык жайларда чогуу жашоо тартибин бузуу;
c) Уруксат алган күндөрү уруксатын жокко чыгарбастан жатаканада жашоо;
d) Уруксат албай туруп жатаканада түнөбөө;
e) Жатакананын ичинде, жабык жайларда жана тыюу салынган жерлерде тамеки тартуу;
f) Жатаканага кирүү жана чыгуу убактысын сактабоо;
g) Жатаканада жашоо боюнча милдеттенме катында көрсөтүлгөн шарттарды аткарбоо;
h) Жатакананын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн дисциплинардык териштирүүгө тоскоолдук кылуу;
i) Жатакананын мүдүрлүгү же университеттин башка ыйгарым укуктуу кишилери чакырган учурда барбай коюу, чакыруу кагаздарын алуудан баш тартуу, өз убагында жооп бербөө, жүйөөлүү себепсиз өзүнөн талап кылынган түшүндүрмөлөрдү бербөө;
j) Жатакана кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратуу.
Сөгүш жазасы
15-берене. Студентке жатаканада тартип бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндө берилген билдирүү болуп саналат. Сөгүш жазасы төмөнкүдөй тартип бузуулар үчүн берилет:
a) Жатаканаларга тиешелүү буюмдарга, имараттарга жана объекттерге зыян келтирүү;
b) Жоктомо кагазына кол койгондон кийин жатаканадан уруксатсыз кетип калуу;
c) Жатаканада бар же жок башка студенттин ордуна уруксат алуу;
d) Жатаканаларда каттоодо турбагандардын жатаканада уруксатсыз жашоосун камсыз кылуу;
e) Жатаканага алкоголдук ичимдик ичип келүү;
f) Жатаканага кирүү жана чыгуу убактысын бузуу.
Жатаканадан убактылуу чыгаруу жазасы
16-берене. Студенттин жатаканадан 7-30 күнгө чейинки мөөнөткө убактылуу чыгарылгандыгы тууралуу өзүнө жана үй-бүлөсүнө (жакындарына) жазуу түрүндө берилген билдирүү болуп саналат. Жатаканадан убактылуу чыгаруу жазасы төмөнкүдөй учурларда берилет:
a) Өз досторуна же жатакананын кызматкерлерине орой мамиле жасоо, уят сөздөрдү колдонуу же аларды кемсинтүү;
b) Жатакананын ичинде жана бакчасында кумар оюндарын ойноо же уюштуруу;
c) Жатаканаларга алкоголдук ичимдик алып келүү жана/же жатаканаларда алкоголдук ичимдик ичүү;
d) Университеттин тиешелүү түзүмдөрү тарабынан бекитилбеген кулактандырууларды жана афишаларды илип коюу, мүдүрлүк тарабынан илинген же илүүгө уруксат берилген кулактандырууларды алып салуу, тытып салуу, алмаштыруу, алардын бетине жазууларды жазуу же сүрөт тартуу;
a) Мүдүрлүк тарабынан жүргүзүлгөн дисциплинардык териштирүүгө тоскоолдук кылуу;
b) Бир окуу жылы ичинде он айып баллын алуу.
Жатаканадан биротоло чыгаруу жазасы
17-берене. Студенттин жатаканадан биротоло чыгарылгандыгы тууралуу өзүнө жана үй-бүлөсүнө (жакындарына) жазуу түрүндө берилген билдирүү болуп саналат. Студентти жатаканадан биротоло чыгаруу жазасы төмөнкүдөй учурларда берилет:
a) Жатаканада уурулук кылуу;
b) Ага бөлүнгөн бөлмөгө жатаканада катталбаган бирөөнү өзүнүн ордуна киргизүү;
c) Мүдүрлүк тарабынан өзүнө берилген өткөрмө кагазды жасалмалоо менен башка бирөөнүн жатакана мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануусуна мүмкүндүк берүү;
d) Университеттин студенттерин же кызматкерин коркутуу жана аларга кол салуу;
e) Жатаканада мүдүрлүк тарабынан тыюу салынган кесүүчү, жаракат келтирүүчү аспаптарды же курал-жаракты алып жүрүү;
f) Жатаканаларда мыйзамсыз демонстрацияларды жана жыйындарды уюштуруу же аларга катышуу же мыйзам менен тыюу салынган уюмдардын иш-чараларына катышуу;
g) Кыргызстанда, Түркияда же башка мамлекеттерде кооптуу же террористтик деп таанылган уюмдар менен байланышта болуу, алардын басылмаларын сактоо, идеяларын жатаканаларда жайылтуу.
h) Жатаканага кирүүгө убактылуу тыюу салынган болсо да, бул тыюуну аткарбоо;
i) Жатакананын ичинде же сыртында баңгизат сактоо, сатуу же колдонуу;
j) Бир окуу жылынын ичинде он беш жаза баллын алуу.
Жободо каралбаган жазалар
18-берене. Тартип жазасы берилүүгө тийиш болгон жогоруда айтылгандардан башка тартип бузууларда мүнөзүнө жана катаалдыгына жараша тартип жазасы берилет.
Тартип жазасын берүүдө эске алына турган жагдайлар
19-берене. Тартип жазасын берүүдө эске алына турган жагдайлар төмөнкүдөй:
a) Тартип жазаларын берүүдө жана аныктоодо тартип бузууну түзгөн аракеттин же жүрүм-турумдун оордугу, студенттин максаты, мурун жаза алып-албаганы, жүрүм-туруму жана тартип бузгандыгы үчүн өкүнүп-өкүнбөгөнү эске алынат. Топ менен жасалган тартип бузууларда, бул тартип бузууларды өз-өзүнчө аныктоого мүмкүн эмес болгон учурларда, топту түзгөн студенттердин ар бирине компетенттүү кеңештер тарабынан туура көрүлгөн жазалар берилиши мүмкүн.
b) Тартип жазасынын берилишине алып келген аракет кайталанса, бир даражага катуураак жаза берилет. Бирдей даражадагы жазаны талап кылган, бирок ар кандай аракеттер үчүн берилген тартип жазасы үчүнчү жолу кайталанса, бир даражага катуураак жаза берилет.
c) Студенттер бул жобого ылайык тартип жазалары берилүүгө тийиш болгон тартип бузууларды жасаса, анда алардын жакшы жүрүм-туруму ж.б. жактары эске алынып, бир даражага жеңилирээк жаза берилет.
d) Эгерде студенттер ушул жободо көрсөтүлгөн аракеттердин бирин жасаса, мүдүрлүк 7 күндүн ичинде алдын ала териштирүү ишин жүргүзөт. Жатаканадан биротоло чыгарууну талап кылган аракеттерди жасаган студенттер тууралуу териштирүү материалдарын студенттин түшүндүрмөсү менен кошо башкаруу кеңешине жиберет. Башкаруу кеңеши аны алган күндөн тартып 7 күндүн ичинде териштирүүнү аяктайт жана тиешелүү чечим чыгарат.
Тартип жазасын берүүгө укуктуу орган
20-берене. Тартип жазасын берүүгө укуктуу органдар төмөнкүдөй:
a) Эскертүү, сөгүш жана жатаканадан убактылуу чыгаруу жазалары мүдүрлүк тарабынан берилет;
b) Жатаканадан биротоло чыгаруу жазасы башкаруу кеңеши тарабынан берилет.
Жазаларды билдирүү
21-берене. Жазаларды билдирүү тартиби төмөнкүдөй:
a) Жатаканадан убактылуу жана биротоло чыгаруу жазалары студенттин өзүнө жана үй-бүлөсүнө жазуу жүзүндө билдирилет. Бул жазаларды алган студенттин абалы жөнүндө маалымат ал студент окуган бөлүмгө жазуу жүзүндө берилет.
b) Жатаканадан чыгаруу жазасын алган студент жатаканага өткөрмө кагазын мүдүрлүккө тапшырышы керек.
c) Кайсы бир себептен улам жатаканада жашашы ректорат тарабынан кооптуу деп табылган студенттер, ошондой эле бул тууралуу компетенттүү жана тиешелүү органдар тарабынан кабарланган студенттер жазуу жүзүндөгү буйрук менен жатаканадан чыгарылат жана аларды жатаканага кабыл алууга тыюу салынат.
Берилген жазага каршы чыгуу жана мөөнөтү
22-берене. Мүдүрлүк тарабынан берилген эскертүү жана сөгүш жазалары акыркы болуп саналат жана аларга каршы чыгууга болбойт. Жатаканадан убактылуу жана биротоло чыгаруу жазасын алган студент жаза жарыяланган күндөн тартып 3 күндүн ичинде университеттин Башкаруу кеңешине апелляция берсе болот. Апелляция берилген учурда университеттин Башкаруу кеңеши чечимди карап чыгып, ошол эле формадагы жазаны кабыл алат же четке кагат.
Жазанын аткарылышы
23-берене. Эскертүү жана сөгүш жазалары берилген күндөн тарта күчүнө кирет. Ага апелляция берилген учурда, жатаканадан убактылуу чыгаруу жазасы апелляция процессинин аягында, ал эми апелляция берилбеген учурда – апелляцияны кароо мөөнөтү аяктаганда күчүнө кирет.
IV БӨЛҮМ
Финансылык жоболор
Жатакана акысы
24-берене.
a) Жатакана акысы студенттерден жатаканаларда жашоо жана башка кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынат.
b) Жатакана акысынын өлчөмү ар бир окуу жылынын башында студенттик жатакананын башкаруу кеңешинин сунушу жана университеттин Башкаруу кеңешинин макулдугу менен аныкталат.
c) Жатакана акысын алуунун тартиби жана мөөнөтү студенттик жатакананын башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
d) Жатакана акысын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жатаканадан чыгарылган студент башкаруу кеңешинин чечими менен кайрадан жатаканага кабыл алынышы мүмкүн.
e) Өзгөчө кырдаалдарда (ооруп калса, студенттин ата-энеси өрт, сел, жер титирөө, жол кырсыгы ж.б. окуялардын биринен жапа чеккен болсо) жатакана акысын төлөө мөөнөтү мүдүрлүк тарабынан узартылышы мүмкүн.
f) Эгерде студент жүйөлүү себептерден улам жатаканада жашай албаса, анда мурда төлөнгөн төлөмдүн суммасынан жатаканада жашаган күндөрүнүн акысы эсептелип алынат, калган сумма кайтарылып берилет.
g) Студенттер жатаканага катталуу учурунда аларга өткөрүлүп берилген бардык буюмдар үчүн башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган суммада депозитти төлөөгө милдеттүү. Студент жатаканадан чыгып жаткан учурда, буюмдарды толук жана бузулбаган абалда кайтарып берүүгө милдеттүү. Зыянга учураган буюмдун наркы алып салынгандан кийин депозит кайтарылып берилет.
Буюмдар
25-берене. Студент жатаканага жайгашканда өзүнө өткөрүлүп берилген жана бөлмөдө жайгашкан буюмдарды аяр колдонууга жана аларды сактоого милдеттүү. Ага өткөрүлүп берилген буюмдарды жоготсо же зыянга учуратса, алардын баасын төлөп берүүгө тийиш. Жалпы пайдалануучу жайларда же бөлмөлөрдө жайгашкан буюмдарга зыян келтирилген учурда, буга жооптуу студент ал зыяндын ордун толтурат. Буюмдарга зыян келтирген студент аныкталбаган учурда, бөлмөдө жашаган ар бир студенттин депозитинин суммасынан бирдей суммада акча каражаты кармалат. Депозиттин суммасы жетишсиз болгон учурда, жетпеген сумма да тийиштүү студент тарабынан төлөнөт.
Студенттердин баалуу буюмдары жана акча каражаттары
26-берене. Арыз менен кошо мүдүрлүккө өткөрүлүп берилбеген акча каражаттары же баалуу буюмдар жоголгон же уурдалган учурда, жатакананын жетекчилиги жоопкерчилик тартпайт.
V БӨЛҮМ
Башка жоболор
27-берене. Мүдүрлүк зарыл учурларда студенттин бөлмөсүн же жатаканасын алмаштыра алат.
28-берене. Студенттик жатаканаларга каттоодо негиз кылып алынган өлчөө баллы менен студенттик жатаканаларда жашоо эрежелери мүдүр тарабынан иштелип чыгат жана Башкаруу кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин колдонууга киргизилет.
Күчүнө кириши
29-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул жобонун күчүнө кириши менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 09-февралындагы № 2016-03.09 чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттик үйлөр жөнүндө жобосу” жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин бул жобого туура келбеген чечимдери жокко чыгарылды.
Ишке ашырылышы
30-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 25/02/2025-ж. жана №2025-03.07 чечими менен кабыл алынган.