| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШ ЖАНА СТУДЕНТТИК ТОПТОР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 81 |
| Кабыл алганы | 02.02.2016 |
| Ачкыч сөздөр |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТИК КЕҢЕШ ЖАНА СТУДЕНТТИК ТОПТОР ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кесиптик орто билим жана бакалавр программалары боюнча билим алып жатышкан студенттердин укугун коргоо, студенттер менен администрациянын ортосунда байланыш түзүү, студенттердин талаптарын университеттин администрациясына жеткирүү, студенттерге билим берүү масе-лесинде чечимдердин кабыл алынышында студенттик өкүлдүн катышуусун камсыз кылуу, студенттик топтор аркылуу илимий, маданий, социалдык жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, студенттерди өз ара тааныштыруу менен алардын ортосундагы достук жана өз ара мамилени чыңдоо.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо жогоруда белгиленген максат-милдеттерди ишке ашырууда колдонулган эрежелерди өз ичине камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Академиялык түзүм : Университеттеги факультет, жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектеп;
Түзүмдүн жетекчиси : Университеттеги факультет, жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектептин жетекчиси;
Кеңешчи : Университеттин окутуучуларынын арасынан студенттик топторго кеңеш берүү үчүн тандалып алынган кеңешчилер;
Декан : Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу факультеттердин декандары;
Текшерүү комиссиясы : Студенттик кеңештин текшерүү комиссиясы;
Факультет : Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу факультеттер;
Жогорку кеңеш : Студенттик кеңештин толук ыйгарымдуу жана жооптуу органы;
Студенттик кеңеш : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик кеңеши;
Мүдүр : Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу жогорку мектеп жана кесиптик жогорку мектептин мүдүрлөрү;
Ректор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору;
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Студенттик топ : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иш алып барган студенттик топтор;
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Башкаруу кеңеши : Студенттик кеңештин башкаруу кеңеши;
Жогорку мектеп : Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу жогорку мектептер.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Студенттик кеңеш, алардын иш алып баруу тармактары, курамы жана милдеттери
Студенттик кеңеш
4-берене. Студенттик кеңеш университеттин студенттери тарабынан түзүлгөн студенттик уюм. Студенттик кеңеш иш алып барууда университеттин миссиясын, о.э., аталган окуу жай-ды түптөгөн эки өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланышкан маселелерди эске алат. Студенттик кеңеш студенттердин өкүлү болуу менен бирге бул жободогу шайлоо эрежеле-ринин негизинде тандалган мүчөлөрдөн түзүлөт. Студенттик кеңеш менен студенттик топтор бардык иш-чараларын проректордун колдоосу, кеңеши жана көзөмөлү аркылуу жүзөгө ашырат.
Студенттик кеңештин милдеттери
5-берене.
a) Университеттин заманбап билим берген окуу жайы катары өнүгүүсүнө салым кошуу;
b) Студенттерге эркин дүйнөнүн пайдубалын түзгөн демократиялык таалим-тарбия берүү, алардын көз-карашын демократиялык жол менен калыптандыруу;
c) Студенттерди мамлекеттик ишти диний иштерден айырмалай алган нукта тарбиялоо;
d) Студенттердин өз-ара мамилесин чыңдоо;
e) Студенттер менен администрациянын ортосундагы байланышты бекемдөө, ар кандай маселелерди тез арада чечүү;
f) Студенттерге тийиштүү орчундуу маселелер боюнча Окумуштуулар кеңеши өткөргөн чогулуштарга Студенттик кеңештин төрагасы же төрага орун басары катары, ал эми академиялык түзүмдөрдүн башкаруу кеңешинин жыйындарына факультеттин/ жогорку мектептин өкүлү катары (добуш берүү укугу жок) катышуу;
g) Студенттердин илимий, маданий, саясий, искусство жана спорт жаатындагы иш-чараларынын уюштурулушуна, алардын интеллектуалдык деңгээлинин өсүшүнө, руханий жактан бай болушуна, ден соолугунун чың болушуна көмөк көрсөтүү;
h) Университетке Кыргызстан, Түркия жана түрк тилдүү мамлекеттерден билим алуу макса-тында келген студенттерди өз ара тааныштыруу аркылуу жакындашуусуна жардам берүү;
i) Студенттерге түрк дүйнөсүн ар тараптуу тааныштыруу үчүн маданий иш-чараларды уюштуруу;
j) Түрк дүйнөсүндөгү достукту, биримдикти чыңдоо жана анын ар дайым бекем сакталы-шына өбөлгө түзүү, башка улуттун студенттери менен өз ара мамилелерди, алакаларды бекемдөө жолу менен аймактын жана дүйнөнүн бейпилдигине салым кошуу максатында түзүлгөн.
Студенттик кеңештин курамы
6-берене. Студенттик кеңештин курамы төмөндөгүдөй:
a) Студенттик кеңештин жогорку кеңеши;
b) Студенттик кеңештин башкаруу кеңеши;
c) Студенттик кеңештин текшерүү комиссиясы.
Студенттик кеңештин жогорку кеңеши
7-берене. Жогорку кеңеш студенттик кеңештин толук ыйгарымдуу жана жооптуу органы болуп эсептелет жана академиялык түзүмдүн жана бөлүм/программалардын өкүлдөрүнөн турат. Жогорку кеңеш өзүнүн мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу менен жыйна-лыш өткөрө алат. Эгер биринчи жыйналышта мүчөлөрдүн жарымынан көбү катышпаса, бир жумадан кийин болчу экинчи жыйынга көпчүлүктүн катышуусу шарт эмес.
Студенттик кеңештин жогорку кеңешинин милдеттери
8-берене. Студенттик кеңештин жогорку кеңеши:
a) Студенттик кеңештин башкаруу кеңешин жана текшерүү комиссиясын шайлоо;
b) Студенттик кеңештин жылдык иш-чараларынын программасын бекитүү;
c) Студенттердин окуу-тарбия, студенттик үй жана башка маселелерге байланыштуу ой-пикирлерин университеттин админстрациясына чечим чыгаруусу үчүн билдирүү;
d) Башкаруу кеңеши жана текшерүү комиссиясынын өткөргөн иш-чаралары боюнча отчётун кабыл алуу;
e) Башкаруу кеңешинин чакыруусу боюнча октябрь айынын биринчи жумасында кезектеги биринчи чогулушун өткөрүү;
f) Башкаруу кеңешинин чакыруусу боюнча пикир алышуу жыйынынын жана жогорку кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү кол койгон кайрылуунун негизинде кезексиз чогулуш өткөрө алат.
Башкаруу кеңеши
9-берене. Башкаруу кеңешинин курамы жети кишиден турат. Алардын ичинен үчөө Кыргыз-стандын, бирөө Түркиянын, бирөө башка өлкөлөрдүн атуулу болууга тийиш. Ал эми калган эки мүчө жогорку кеңештин курамынан алынат. Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү бир жылдык мөөнөткө шайланат. Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү үч күн аралыгында өздөрүнүн арасынан бир төрага, бир төрага орун басарын, бир башкы катчыны жана бир казыначыны (казначей) тандайт. Төрагалыкка Кыргыз Республикасынын атуулдары, ал эми төраганын орун басарлы-гына Түркия Республикасынын жарандары гана шайлана алат. Башкаруу кеңешинин курамы-нан кимдир бирөө/бирөөлөр кандайдыр бир себептер менен чыкса, кошумча тизмеден канча киши талап кылынса, ошончо киши Башкаруу кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынат.
Башкаруу кеңешинин милдеттери
10-берене. Башкаруу кеңеши:
a) Университеттеги илимий, маданий, коомдук иштердин, спорттук иш-чаралардын уюштурулушуна, студенттердин ден соолугун чыңдоо, эс алуу жана билим алуу шарттарынын жакшыртылышына байланыштуу сунуш-пикирлерди даярдап, университеттин жана академиялык түзүмдөрдүн жетекчилерине сунуштоо;
b) Университетте жана башка жерлерде өткөрүлгөн студенттер аралык илимий, коомдук, маданий, спорттук жана туристтик иш-аракеттерге университеттин атынан катышуу;
c) Студенттик топтор өткөрө турган ар кандай иш-чараларга тийиштүү кайрылууларды карап, текшерип, алар боюнча чечим чыгаруу;
d) Башкаруу кеңешинин жыйынын өткөрүү;
e) Студенттик топтордун аткаруу кеңешине башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан бирөөнү бекитүү сыяктуу иштерди аткарат.
f) Бул жобонун 5-беренесинде көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде иш алып барат.
Башкаруу кеңеши төраганын чакыруусу же башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан кеминде үч кишинин чакыруусу менен күн тартибин кароо максатында чогула алышат. Чечимдер жыйынга катышкан кишилердин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Башкаруу кеңешинде чечим кабыл алууда добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу эки добуш катары саналат.
Текшерүү комиссиясы
11-берене. Текшерүү комиссиясы жогорку кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен 3 адамдан: бирөө Кыргызстандын атуулунан, экөө чет өлкөлүк студенттерден бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Текшерүү комиссиясынын милдети
12-берене. Текшерүү комиссиясы:
a) Башкаруу кеңешинин иш-аракеттерине баа берүү, киреше жана чыгашаларын эсептөө жана жыл сайын апрель айынын акыркы жумасында ректоратка толук отчёт берүү;
b) Студенттик кеңештин өткөргөн иш-чараларынын жана каржы маселелерине байланыштуу даярдай турган отчётун жогорку кеңешке сунуштоо милдеттерин аткарат.
Текшерүү комиссиясынын төрагасынын чакыруусу же комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан кеминде эки кишинин чакыруусу менен күн тартибин кароо максатында чогула алышат. Чечим жыйынга катышкан кишилердин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Текшерүү комиссиясында чечим кабыл алууда добуштар тең чыгып калган учурда төраганын добушу эки добуш катары саналат.
Шайлоо, анын шарттары жана кайрылуу арызы
13-берене. Университетте билим алып жаткан бардык студенттер студенттик кеңештин мүчөлөрүн шайлоого укуктуу. Шайлоого катышкан ар бир студент бир гана жолу добуш бере алат. Шайлоочунун ордуна башка бирөөнүн добуш берүүгө укугу жок.
Студенттик кеңешке мүчө болгусу келген студенттер тийиштүү документтерин шайлоо мөөнөтү жарыяланган күндөн тарта шайлоонун алгачкы айлампасы башталарга үч күн калганга чейин жумуш күнү ичинде шайлоо комиссиясына катталат. Шайлоо комиссиясы шайлоонун ар бир айлампасы башталардан мурун көпчүлүк көрө турган жерлерге талапкер-лердин тизмесин илет.
Бөлүм, факультет, жогорку мектеп жана университеттин өкүлчүлүгүнө шайлануучу студент-терден:
a) Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти болуусу;
b) Мурунку семестрде жетише албай калган сабактарынын санынын экиден ашпоосу;
c) Тартип жазасын албоосу;
d) Өмүр баянынын кынтыксыз болуусу;
e) Кандайдыр бир саясий партиянын мүчөсү эмес экендигин тастыктаган жазуу түрүндөгү документ талап кылынат.
Студенттик кеңештин түзүлүшү
14-берене. Студенттик кеңештин түзүлүшү жашыруун добуш берүү аркылуу төрт айлампадан турган шайлоонун негизинде ишке ашат.
a) Биринчи айлампада жыл сайын сентябрь айынын акыркы жумасында студенттик бөлүм-дүн башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме аркылуу шайлоого катышкан студенттердин добушунун негизинде эки кыргызстандык, эки чет өлкөлүк: бардыгы төрт студент талапкер тандалат. Биринчи курстан тартып, жогорку курстун студенттери тарабынан шайланган бул талапкерлер “Бөлүмдүн өкүлү” жана “Жогорку кеңештин мүчөсү” деген наамга татыктуу болушат. Шайлоо учурунда тизмеге кирген шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн шайлоого катышуусу шарт эмес. Талапкерлердин саны аз болсо да шайлоо өткөрүлөт. Шайлоодо ар бир шайлоочу эң көп төрт адамдын атын шайлоо баракчасына жазып добуш бере алат.
b) Экинчи айлампада шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыгарылган мезгилден эки күн өткөн соң бөлүмдөрдөн өкүл болуп шайланган студенттер өз ара жыйын өткөрүп, бир Кыргызстандык, бир чет өлкөлүк студентти факультет же жогорку мектеп өкүлчүлүгүнө шайлайт. Бул кызматка шайлангандар ошол эле учурда мурдагы өз бөлүмүнүн өкүлү катары да саналат. Шайлоодо ар бир өкүл эң көп эки гана талапкердин ысымын шайлоо баракчасына жазууга укуктуу.
c) Үчүнчү айлампада факультет жана жогорку мектептин өкүлчүлүгүнө шайлоо аяктаган мезгилден бир жума өткөн соң, жогорку кеңеш жыйналып, өз өкүлдөрүнүн арасынан үч кишини тандап, бир башчы жана эки мүчөдөн турган эсептөө комиссиясын түзөт. Жыйын-да жогорку кеңеш күн тартибиндеги маселелерди карап чыккандан кийин 7 кишиден турган башкаруу кеңеши менен үч адамдан түзүлгөн текшерүү комиссиясын шайлайт.
d) Төртүнчү айлампада шайлоонун үчүнчү баскычы аяктаган мезгилден бир күн өткөн соң, башкаруу кеңеши менен текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү топтолуп, өздөрүнүн аткара турган жумуштарын бөлүштүрүшөт. Түзүлгөн комитеттер тууралуу ректоратка билдири-шет.
Бир студент башкаруу кеңешинин төрагалыгына эки жолу гана шайланууга укуктуу.
Ар бир айлампада өкүл болуп шайланган студенттердин иштөө мөөнөтү бир жыл.
Жазылган ысымдар шайлана турган мүчөлөрдүн санынан ашып кеткен, ысымдар кайта-ланган, талапкерлиги көрсөтүлбөгөн мүчөлөрдүн ысымдары жазылган учурда, Кыргыз-стандын атуулдары жана чет өлкөлүк жарандар үчүн атайын бөлүнгөн мүчөлөрдүн саны тийиштүү эрежеге туура келбесе, шайлоо баракчасы жараксыз деп табылат.
Шайлоо комитети
15-берене. Шайлоо комитети студенттик иштер боюнча жооптуу деп эсептелген прорек-тордун жетекчилиги аркылуу түзүлөт. Курамы үч кишиден турган комитеттин эки мүчөсү ректорат тарабынан дайындалат.
Шайлоо комитети:
a) Сентябрь айынын акыркы жумасында шайлоо өтө турган күндү жарыялайт;
b) Шайлоо өтө турган имаратты жана бөлмөлөрдү даярдайт;
c) Студенттик иштер башкармалыгы тарабынан даярдалган шайлоочулардын тизмесин көпчүлүк көрө турган көрүнүктүү жерге илет;
d) Добуш берүү баракчаларын даярдайт;
e) Добуш берүү үкөкчөлөрүн даярдайт;
f) Шайлоого байланышкан бардык жумуштарды аткарат;
g) Шайлоо аяктаган соң анын жыйынтыгы тууралуу ректоратка протокол түрүндө отчёт берет.
Күчүнө кириши
16-берене. Шайлоонун жыйынтыгы Ректор жана Биринчи проректор тарабынан тастыкталган соң жарактуу деп эсептелет. Кээде ректорат шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, жараксыз деп табышы мүмкүн. Мындай учурда шайлоо кайрадан өткөрүлөт.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Студенттик топтор
Студенттик топтор
17-берене. Студенттер илим, билим, маданият, туризм, спорт жаатына жана башка маселе-лерге байланышкан иш-чараларын Студенттик кеңештин алдында түзүлгөн студенттик топтор аркылуу жүзөгө ашырат.
a) Студенттик топтордун түзүлүшү үчүн кеминде 10 кишиден турган мүчөлөрдүн тизмеси, топтун кеңешчисинин макулдугу менен “түптөлүшүн, аткарган кызматын жана иштөө усулдарын” баяндаган арызы аркылуу Студенттик кеңештин башкаруу кеңешине кайры-луу каты жөнөтүлөт. Башкаруу кеңеши кайрылуу катка өзүнүн сунуш-пикирин кошуп, аны жөнөтмө кат менен бирге ректоратка жиберет. Ректорат бул сунушту кабыл алган мезгилде студенттик топ түзүлөт.
b) Топтор өткөрө турган иш-чараларын окутуучулардын арасынан бекитилген кеңешчинин көзөмөлү аркылуу жүзөгө ашырат. Кеңешчи топтон же ээлеген кызматынан кеткен учурда, топтун жетекчисинин Студенттик кеңешке жазган кайрылуусунун негизинде ректорат топко жаңы кеңешчи дайындайт.
c) Университеттин студенттери өздөрүнө жаккан бардык топторго мүчө боло алышат.
d) Топтун жалпы мүчөлөрү чогулуп, өздөрүнө бир башчы жана бир казыначы (казначей) шайлашат. Буларга Студенттик кеңештин башкаруу кеңеши сунуштаган дагы бир мүчө кошулуп, натыйжада үч кишиден турган топтун аткаруу комитети түзүлөт. Шайлоолорго бардык мүчөлөрдүн катышуусу талап кылынбайт. Шайлоолор октябрь айынын акыркы жумасында өткөрүлөт. Жаңы түптөлгөн топтор арадан бир ай өткөндөн кийин гана шай-лоого катыша алат. Бул шайлоонун жыйынтыгы октябрь айынын соңку жумасында боло турган шайлоого чейин жарактуу болуп саналат.
e) Студенттик топтор мурда белгиленген жумуштарынан сырткары башка жаңы иш-чара өткөрүүнү көздөсө, бул тууралуу аткаруу комитетинин төрагасы Студенттик кеңештин башкаруу кеңешине да, топтун кеңешчисинин жардамы менен ректоратка да билдирет.
f) Топтор тийиштүү эрежелерге баш ийбей, университеттин талаптарына жооп бербеген иш-чараларды өткөрсө, аларга ректорат тарабынан эскертүү, ал түгүл жаза берилиши мүмкүн. Мындай учурда сөзсүз түрдө топтордун кеңешчилери менен Студенттик кеңештин башка-руу кеңешинин ой-пикирлери эске алынат. Ректорат бул маселе боюнча жеке чечимин да чыгара алат.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Башка укук, милдеттер
Студенттик кеңеш жана топтордун киреше, чыгашалары
18-берене.
a) Студенттик кеңеш жана топтор тийиштүү иш-чаралары үчүн кошумча каражат алышы мүмкүн. Иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүү жана аны сарамжалдуу сарптоо университеттин Ден соолук, маданият жана спорт боюнча башкармалыгынын көзөмөлү аркылуу жүргүзүлөт. Студенттик кеңеш жана топтор өткөргөн иш-чараларга жумшалган каражаттын жалпы эсеп-кысабы ректорат дайындаган (Ден соолук, маданият жана спорт жана Стратегияны өнүктүрүү башкармалыктарынан) үч кишиден турган комиссия тарабынан чыгарылат. Комиссиянын жетекчилигине университеттин профессордук-окутуучулук курамынан дайындалат.
b) Студенттик кеңеш жана топтор иш-чара өткөрүү үчүн пайдаланылган ар түрдүү материал-дарды, кызмат акыларды, байланыш жана уюштуруу, ижара, оңдоп-түзөө ж.б.д.у.с. чыгымдары үчүн бөлүнгөн каражаттан сырткары Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгынын макулдугу менен грант алышы мүмкүн. Бардык сарпталчу каражат Студенттик кеңештин башкаруу кеңеши жана Студенттик топтордун аткаруу комитетинин чечими аркылуу жүргүзүлөт. Студенттик кеңеш менен топтордун чыгымдары жана гранттар максатка ылайык жумшалууга жана документтер аркылуу тастыкталууга тийиш. Бардык эсеп-кысап, жазуу иштеринин жана чыгарылган чечимдерге тийиштүү документтердин жоголбой сакталышына Студенттик кеңештин башкаруу кеңеши жана Студенттик топтордун аткаруу комитети жооптуу.
c) Студенттик кеңештин башкаруу кеңеши менен Студенттик топтордун аткаруу комитетинин башчылары өздөрү жетектеген кеңештин чыгаша, киреше жана чечимдери жазылган дептердин болушуна жана анын жоголбой сакталышына милдеттүү.
d) Студенттик кеңеш жана топтор аларга берилген каражатты жана гранттарды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдоно алышпайт. Бул эрежеге баш ийбегендерге “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттердин тартиби боюнча нускамасынын” негизинде чара көрүлөт.
e) Студенттик кеңештин башкаруу жана текшерүү комиссиясы, ошондой эле студенттик топтордун аткаруу комитетинде эмгектенген студенттердин кандайдыр бир себептерден улам аткарган кызматын өткөрүп берүүсү университеттин Ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгы аркылуу жүзөгө ашат.
Жараксыз деп табылган нускама жана беренелер
19-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы 2014-04.14-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттик кеңеш жана Студенттик топтор боюнча жобосу” жараксыз деп табылган.
Күчүнө кириши
20-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
21-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 2-февралындагы 2016-02.04-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы 2014-04.14-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2008-жылдын 15-январындагы №1 жыйынында 2008-1.8 -номерлүү чечими менен бекитилген.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2001-жылдын 1-мартындагы №4 жыйынында 2001-34-номерлүү чечими менен кабыл алынган.