| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛГАН СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫ БОЮНЧА ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 19 |
| Кабыл алганы | 07.12.2023 |
| Ачкыч сөздөр |
СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫ ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА БАКАЛАВРИАТ ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА БИЛИМ АЛГАН СТУДЕНТТЕРДИН ОКУУ-ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАСЫ БОЮНЧА ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин орто кесиптик билим берүү жана бакалавриат программаларынын студенттеринин окуу-өндүрүштүк практикага тийиштүү эрежелерди жана негиздерди аныктоо болуп эсептелет.
Мазмуну
2-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Туризм факультетинин бардык бөлүмдөрү менен Кесиптик колледждин Туризм жана мейманкана иштетүү программасынан башка түзүмдөрдүн орто кесиптик билим берүү жана бакалавриат программаларынын студенттеринин окуу-өндүрүштүк практикасынын эрежелери бул жобонун мазмунун камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасынын” 16-беренесинин негизинде даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет: Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
Ректорат: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты;
Окумуштуулар кеӊеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши;
Башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Башкаруу кеңеши;
Студент: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин орто кесиптик билим берүү же бакалавриат программаларынын студенттери;
Түзүм: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин факультеттери жана Кесиптик колледж,
Бөлүмдүн/программанын жетекчиси: Түзүмгө караштуу бөлүмдүн/программанын жетекчилиги;
Практика боюнча комиссия: Түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан түзүлгөн Практика боюнча комиссия.
Практика боюнча комиссия
5-берене. (1) Окуу жылынын башында бөлүмдөрдүн / программалардын жетекчиликтери Практика боюнча комиссияга мүчөлүк кылыш үчүн бирден киши сунуш кылат. Ошентип Практика боюнча комиссия түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан дайындалган комиссиянын төрагасынан жана кеминде эки комиссия мүчөсүнөн түзүлөт. Түзүмдүн курамында үчтөн ашык бөлүм / программа бар болсо, анда бирден ашык комиссия түзүүгө жол берилет.
Практика боюнча комиссиянын иштөө мөөнөтү бир жыл. Мөөнөтү аяктаган комиссиянын мүчөсүн кайрадан дайындоого болот. Көйгөйлүү жагдай жаралса, ушул эле жол менен комиссиянын мүчөлөрү алмаштырылышы мүмкүн.
Практика боюнча комиссия студенттин окуу-өндүрүштүк практикадан өтүшү боюнча принциптерди аныктайт жана тийиштүү бүтүм, процедура, баалоо жана текшерүүлөрдү жөнгө салат.
Окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү мезгили
6-берене. Студенттер өтө турган окуу-өндүрүштүк практиканы күзгү, жазгы жана жайкы мезгилдерде адистиктерине жараша уюштуруу керек. Зарыл болгон учурда, Практика боюнча комиссиянын макулдугу менен жайкы практика окуу жылынын ичинде жана семестрдик эс алуу убагында да өткөрүлүшү мүмкүн.
Окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү милдети жана мөөнөтү
7-берене. (1) Студент өзүнө тийиштүү түзүмдүн окуу планында көрсөтүлгөн семестрде окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүгө милдеттүү.
Окууну убагында бүтүрө албай калып, кийинки окуу жылдарынын аягында университетти бүтүрө турган студенттер, Практика боюнча комиссия тарабынан аныкталган негиздерге таянуу менен, эгер сабагы жок болсо ишемби, жекшемби күндөрүнөн тышкары жумасына 2 иш күнү жана/же семестрдик эс алуу убагында жайкы окуу-өндүрүштүк практикадан өтө алат.
Эгер студент ишемби, жекшемби күндөрү ишканада иштесе, анда бул күндөр окуу-өндүрүштүк практика катары эсептелет.
Семестрдик сынак маалында окуу-өндүрүштүк практика өтүүгө тыюу салынат.
Студент мурда окуган ЖОЖдо окуу-өндүрүштүк практикадан өтсө, окуу-өндүрүштүк практикадан бошотуу үчүн арыз бере алат. Практика боюнча комиссия арызды иликтеп, студенттин окуу-өндүрүштүк практикадан акыркы беш жылда өткөнүн, адистигине ылайыктуулугун, мөөнөтүн, Европа кредит которуу системасынын (AKTS/EКТС) кредити ж.б. критерийлерине жараша студентти окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүдөн биротоло же жарым-жартылай бошотуу сунушун түзүмдүн жетекчисине билдирет. Түзүмдүн башкаруу кеңеши студентти окуу-өндүрүштүк практикадан бошотуу сунушун карап чыгып, ал тууралуу чечим чыгарат.
Горизонталдык / вертикалдык которулуулар менен кошумча / кош адистик билим берүү программасында окуп жаткан студенттер мурда окуган ЖОЖдо өткөн окуу-өндүрүштүк практикасын тийиштүү документтер менен тастыктаса, Практика боюнча комиссиянын сунушу менен ал практиканын учурдагы окуу программасындагы окуу-өндүрүштүк практикага толук / жарым-жартылай дал келишин түзүмдүн башкаруу кеңеши аныктайт.
Ден соолугуна байланыштуу окуу-өндүрүштүк практикадан өтө албай калган студенттин маалымдамасы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ден соолук борбору тарабынан тастыкталат жана бөлүмдүн / программанын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирилет. Маалымдама кабыл алынса, студенттин бул күндөрү окуу-өндүрүштүк практика катары эсептелет.
Студент орто кесиптик билим берүү / бакалавриат программаларына окууга кирерден мурун адистигине байланыштуу коомдук / жеке менчик ишканада иштесе, ал иштеген мөөнөт 7/5-беренеге таянуу менен каралып чыгат жана окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүнү талап кылган мөөнөттөн кемитилет.
Окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү жерлери
8-берене. (1) Окуу-өндүрүштүк практика өтүүгө ылайыктуу мекемелер жана жумуш орундары менен байланыш куруп, кызматташуу абдан маанилүү. Окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишкананы аныктоодо мындай практика окуу-тарбия ишинин бир бөлүгү экенин милдеттүү түрдө эске алуу зарыл.
Башталгыч билим, орто билим жана жогорку билим берген окуу жайларынын лабораторияларынын, устаканаларынын, илимий-практикалык борборлорунун студенттин адистигине ылайыктуулугуна жараша окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишканалар жергиликтүү мамлекеттик / жеке менчик мекемелердин, уюмдардын жана жумуш орундарынын ичинен тандалат. Жайкы окуу-өндүрүштүк практиканы ушул сыяктуу чет өлкөдөгү мекемелерде да өткөрүүгө болот.
Ар бир студент Практика боюнча комиссия тарабынан тастыктала турган ишкананы өзү табууга милдетүү. Ошондой эле түзүмдөр студенттерге окуу-өндүрүштүк практикасын өтө турган ишкана табууга көмөк көрсөтөт. Практика боюнча комиссия студенттин окуудагы жетишкендиктерине жана жүрүм-турумуна карата түзүм тапкан ишканага жиберет.
Окуу-өндүрүштүк практикасын өтүүчү жайды өзү тапкан студент практика башталардан кеминде 15 күн мурун ал жайга байланыштуу маалыматтарды тийиштүү комиссияга берип, макулдугун алышы керек. Практика боюнча комиссиянын макулдугун албай туруп окуу-өндүрүштүк практикадан өтсө, жараксыз деп табылат.
Окуу-өндүрүштүк практика боюнча кайрылуу жана документтерди тапшыруу
9-берене. (1) Студент окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүчү ишканадан «Окуу-өндүрүштүк практикага чакыруу кагазына» кол койдурушу керек.
Окуу-өндүрүштүк практика боюнча кайрылуу жасаган студент «Окуу-өндүрүштүк практикага чакыруу кагазын» тийиштүү бөлүмдүн / программанын жетекчисине тапшырат. Практика боюнча комиссия тарабынан документтери текшерилген жана тастыкталган студентке тийиштүү бөлүмдүн / программанын жетекчиси тарабынан практиканттын өздүк делосу берилет. Окуу-өндүрүштүк практика башталган күнү ишкананын жетекчилигине студент өздүк делосун тапшырат.
Окуу-өндүрүштүк практика боюнча жооптуу окутуучунун милдеттери
10-берене. (1) Семестрдин ичинде жергиликтүү ишканаларда өтө турган окуу-өндүрүштүк практикага мониторинг жүргүзүү үчүн «Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасынын» 19-беренесинин алкагында бөлүм / программа боюнча 15 студентке чейин окуу-өндүрүштүк практика боюнча жооптуу бир окутуучу дайындалат.
Кеминде 4 Европа кредит которуу системасынын (AKTS/EКТС) кредитин түзгөн иш окуу-өндүрүштүк практика боюнча жооптуу окутуучунун апталык окуу жүгүнө студенттин санына карабастан эки саат гана кошулат.
Окуу-өндүрүштүк практика боюнча жооптуу окутуучунун милдеттери төмөнкүдөй:
Практикант жана практика өтүлүүчү ишкана менен байланыш маалыматтарын (адрес, телефон, электрондук дарек) камтыган тизмени даярдоо;
Окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишканадагы жооптуу адам менен жолугуп, практикант тууралуу маалымат алуу;
Окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишканада студенттин иш коопсуздугун сакташын көзөмөлдөө жана көйгөйлүү кырдаалдар боюнча зарыл эскертүүлөрдү берүү;
Окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишканада студенттин жүрүм-турумун, кийген формаларын жана ишин текшерүү;
Окуу-өндүрүштүк практикадан алынган тажрыйба жана өнүгүү тууралуу отчёт даярдоо боюнча студентке жардам берүү;
Практиканттын өздүк делосун жана баалоо формасынын толтурулуп, тиешелүү түзүмдүн Практика боюнча комиссиясына жеткирилишин камсыз кылуу.
Окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишканада кармана турган принциптер
11-берене. (1) Студент окуу-өндүрүштүк практика өтүп жаткан ишкананын укуктук, административдик, эмгек, дисциплинардык жана иш коопсуздук эрежелери менен “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Студенттердин тартиби боюнча нускамасынын” жоболоруна дал келүүгө тийиш.
Студент окуу-өндүрүштүк практика өтүүнү улантууга жана ишкананын жетекчилиги тарабынан берилген иштерди аткарууга милдеттүү.
Чет өлкөдө окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү
12-берене. (1) Кыргыз Республикасынан башка өлкөдө өтө турган окуу-өндүрүштүк практикалар студент өз каражаты менен өтө турган чет өлкөдөгү практика жана университет каржылаган чет өлкөдөгү практика болуп экиге бөлүнөт.
Студенттин чет өлкөдө өз каражаты менен практика өтүүсү Практика боюнча комиссия тарабынан ылайыктуу деп табылса, анда бардык чыгымдар студент тарабынан төлөнөт, Кыргыз-Түрк “Манас” университети эч кандай чыгымдарды төлөбөйт.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү максатында чет өлкөгө студенттерди жиберүү үчүн төмөнкү иштер жасалат:
Академиялык түзүмдөрдүн сунуштарына ылайык, Кыргыз-Түрк “Манас” университети окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн чет өлкөгө студенттерди жибере алат. Чет өлкөдө окуу-өндүрүштүк практикадан өтө турган студенттер окуудагы жетишкендиги, тартип бузуу боюнча жаза албагандыгы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин атынан барууга татыктуулугуна көңүл бөлүү менен академиялык түзүмдөрдүн сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин буйругу менен тандалат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн чет өлкөгө жиберилген студенттердин жол киресин төлөйт.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан чет өлкөгө окуу-өндүрүштүк практикадан өтүү үчүн жибериле турган студенттин паспорту өзү, ал эми визасы Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан даярдалат.
Чет өлкөдө окуу-өндүрүштүк практикадан өтө турган студенттин ден соолугун камсыздандыруу боюнча чыгымдар практикадан өтүлүүчү ишкана же студент тарабынан каржыланат.
Чет өлкөдө окуу-өндүрүштүк практикадан өтө турган студенттин ата-энеси студентке чет өлкөдө окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүгө уруксат бере тургандыгы жөнүндө нотариустан күбөлөндүрүлгөн макулдугун берет. Чет өлкөдө студент кабылган түрдүү терс жагдайлар үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университети жооптуу, ал эми студент окуу-өндүрүштүк практикадан өтпөсө же жетишпей калса, Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарткан чыгымдарды төлөйт.
Багыт берүүчү маалыматтар
13-берене. Практика боюнча комиссия жайкы өндүрүштүк практикасын чет өлкөдө өтөй турган студенттерге бара турган өлкөнүн жалпы өзгөчөлүктөрү, расмий иш жана жол-жоболору, тамак-ашы, кийим-кечеси, дин ишеними, жүрүм-турум жана тартип, жашоо образы, социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү, өзгөчө кырдаалдарда кайрыла турган жери, окуу-өндүрүштүк практика өтүлүүчү ишкана жана анын түзүмү, эмгек шарттары ж.б. боюнча негизги маалыматтарды берет.
Практиканттын өздүк делосу
14-берене. Практиканттын өздүк делосу түрк-англис же кыргыз-орус тилдеринде тиркемеде берилген.
Практиканттын өздүк делосун толтуруу жана бекитүү
15-берене. (1) Практиканттын өздүк делосундагы студентке жана ишканага тийиштүү маалыматтарды студент толтурат.
Апта ичинде жасалган иштердин таблицасын ишкананын жетекчилиги бекитет.
Окуу-өндүрүштүк практиканы баалоо формасын студент, ал эми практикантты баалоо таблицасын ишкананын жетекчилиги толтурат, бекитет жана мөөр басат.
Практиканттын өздүк делосунун акыркы бетиндеги «студенттин пикири» деген жерине студент өзүнүн жеке пикирин жазып, толтурат.
Окуу-өндүрүштүк практика аяктагандан кийин Практикантты баалоо формасы чапталып, мөөр басылып, конвертте, купуялуулук принцибине ылайык окуу-өндүрүштүк практика боюнча жооптуу окутуучуга же практиканттын колуна берилет.
Студенттин окуу-өндүрүштүк практикадан өтүүсүн баалоо жана аппеляция
16-берене. (1) Окуу-өндүрүштүк практика бүткөндөн кийин семестрдин алгачкы 15 күнүнүн ичинде тийиштүү комиссияга практиканттын өздүк делосу тапшырылат. Жүйөөсүз тапшырылбаган өздүк дело каралбайт.
Практиканттын өздүк делосун тийиштүү комиссия иликтейт жана практиканын ийгиликтүүлүгү жөнүндө чечим чыгарат.
Практика боюнча комиссия туура көрсө, студент баалоо учурунда практика боюнча жооптуу окутуучу жана ишкананын жетекчилиги менен жолугуп, кошумча маалымат талап кыла алат.
Практика боюнча комиссия туура көрсө, студентке кемчилигин жоюуга мүмкүнчүлүк берет.
Практика боюнча комиссия карап чыккандан кийин окуу-өндүрүштүк практикадан ийгиликтүү өткөн / өтпөй калган студенттердин тизмеси түзүмдүн жетекчилигине жиберилет.
Окуу-өндүрүштүк практиканы баалоо формасындагы кеминде эки критерий төрттүк система боюнча баасы 2.00дөн жана бештик система боюнча баасы 3.00төн төмөн болсо, студент өткөн окуу-өндүрүштүк практика жараксыз деп табылат. Окуу-өндүрүштүк практикадан өтпөй калган студент кайрадан практикадан өтүүгө тийиш.
Окуу-өндүрүштүк практика үчүн коюлган баа жарыялангандан кийин 7 иш күнү ичинде баасына нааразы студент аппеляцияга берүүгө акысы бар. Тийиштүү комиссия аппеляция тууралуу арызды иликтейт жана 5 иш күнү ичинде жыйынтык чыгарат.
Түзүмдүн башкаруу кеңеши бекиткен практиканттардын тизмеси Ректораттын Студенттик иштер башкармалыгына жиберилет жана студенттин баасы Практика боюнча комиссиянын төрагасы тарабынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Студенттин маалыматтык системасында (OBİS)» чагылдырылат. Бул процедуралардын натыйжасында практикант өздүк делосун тийиштүү бөлүмдүн / программанын жетекчисине тапшырат.
Күчүнө кириши
17-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет. Бул жобо күчүнө кириши менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2008-жылдын 15-январындагы 2008-1.8 номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларында билим алган студенттердин окуу-өндүрүштүк практика боюнча нускамасы” жокко чыгарылат.
Ишке ашырылышы
18-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2023-жылдын 7-декабрындагы №2023-15.77(d) чечими менен кабыл алынды.