| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН ИШКЕ АШЫРГАН ИНСТИТУТТАРДЫН ТҮЗҮМҮ ЖАНА АНЫН ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 20 |
| Кабыл алганы | 28.03.2012 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТТАРДЫН ТҮЗҮМҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН ИШКЕ АШЫРГАН ИНСТИТУТТАРДЫН ТҮЗҮМҮ ЖАНА АНЫН ИШМЕРДИГИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган институттардын окуу-тарбия ишмердигин жүргүзүүсүн, аны жүзөгө ашыруусун жана түзүмдүн биргелешип иш алып баруусун камсыз кылуу.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратына караштуу бардык изилдөө жана билим берүү институттарынын түзүмүн жана ишмердигин камтыйт.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тиешелүү беренелерине ылайык иштелип чыккан.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Камкорчулар кеңеши : Кыргыз-Түрк“Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Окумуштуулар кеӊеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊеши;
Башкаруу кеӊеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеӊеши;
Институт : Кыргыз-Түрк «Манас» университетине караштуу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган институттар.
Түзүмү
4-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын жоболоруна ылайык түзүлгөн институттардын органдары, бул органдардын түзүмү, иштөө убактысы, укук жана милдет-тери төмөндө белгиленген:
Институттун органдары: Институттун мүдүрү, институттун кеӊеши жана институттун башкаруу кеӊеши.
Институттун мүдүрү: Биринчи проректордун пикири менен Ректор тарабынан 3 жылга дайындалат. Кызматтык мөөнөтү аяктаган мүдүр кайрадан дайындала алат. Мүдүрдүн институтта иштеген окутуучулардын арасынан 3 жылга дайындалган эӊ көп эки орун басары болот. Институттун мүдүрүнүн орун басарлары мүдүрдүн сунушу, Биринчи проректордун пикири менен Ректор тарабынан дайындалат. Институттун мүдүрүнүн кызматтык мөөнөтү аяктаганда орун басарларынын да мөөнөтү аяктайт. Институттун мүдүрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына жана тийиштүү мыйзамдык ченемдик актыларга ылайык өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарат. Институттун мүдүрүнүн милдетин аткарууда же институттун мүдүрү кызматынан кеткен учурда декандарга карата кандай чаралар көрүлсө, ошондой эле чаралар көрүлөт. Институттун мүдүрлөрү дайындоо тартибине ылайык, зарыл учурда кызматтан четтетилиши мүмкүн.
Институттун кеӊеши: Институттун кеңеши мүдүрдүн жетекчилиги астында мүдүр-дүн орун басарлары менен институтка караштуу илимий/көркөм өнөр тармактарынын башчыларынан турат.
Институттун башкаруу кеңеши: Институттун башкаруу кеӊеши мүдүрдүн жетекчи-лиги астында анын орун басарлары жана мүдүр тарабынан сунушталган алты талап-кердин арасынан институттун кеңеши тарабынан 3 жылга шайланган 3 профессор окутуучудан түзүлөт. Институттун кеңеши жана институттун башкаруу кеӊеши тийиштүү мыйзамдык ченемдик актыларга ылайык факультеттин кеңешине жана факультеттин башкаруу кеӊешине жүктөлгөн милдеттерди институт катары аткарат.
Институтка караштуу илимий/көркөм өнөр тармактары: Институтка караштуу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган бөлүмдөр болуп саналат. Бул бөлүмдөр ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу-да институттун алдында жооптуу болуп, ишке ашырыла турган жаңы окутуу программалары, бул программаларга киргизилген өзгөртүүлөр, кабыл алынуучу студенттердин саны, бир семестрде ачылган жаңы сабактар жана бул сабактарды бере турган окутуучулар жөнүндө маалыматтарды институтка билдирүүгө, о.э. жюрилер жана кураторлор тууралуу тийиштүү илимий/көркөм өнөр тармагынын академиялык кеӊешинде аныкталган сунуштар менен комиссиянын жана жюринин чечимдерин, отчетторун тапшырууга милдеттүү.
Институттун илимий/көркөм өнөр тармагынын академиялык кеӊеши: Институттун илимий/көркөм өнөр тармагынын академиялык кеӊеши Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде толук айлык акы менен иштеген жана тийиштүү илимий/ көркөм өнөр тармагында иштеген профессор окутуучулар менен илимдин доктору болгон ага окутуучулардан түзүлөт.
Институттун илимий/көркөм өнөр тармагынын башчысы: Институтка караштуу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган бөлүмдөрдүн башчылары болуп саналат. Илимий/көркөм өнөр тармагынын башчысы ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырууда институттун алдында жооптуу болушат.
5-берене. Бир окуу программасы боюнча ЖОЖдон кийинки билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн тийиштүү программанын илимий/көркөм өнөр тармагы боюнча бакалавриат программасы окутулушу шарт эмес. Бир окуу программасы боюнча ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырууда Ректордун сунушу менен Камкор-чулар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынат.
6-берене. Ректоратка караштуу институттардын түзүмдөрүн түзгөн илимий/көркөм өнөр тармактары төмөнкүдөй түрдө аныкталган:
Табигый илимдер институтунун илимий тармактары университетке караштуу табигый илимдер, инженерия, архитектура, инженерия-архитектура, кеме куруучулук жана океанология, көмүр өндүрүү, курулуш, электроэнергия, электроника, машиналарды өндүрүү, химия-металлургия, авиация жана космонавтика, айыл чарба, токойлорду өстүрүү, суу ресурстарын башкаруу, океанология факультеттеринин бөлүмдөрү менен табигый жана гуманитардык, өнөр жай искусствосу, педагогика факультеттеринин табигый илимдер тармагындагы бөлүмдөрү, искусство жана дизайн факультеттеринин технология бөлүмү менен бирдей аталышта болот. Факультеттердин бөлүм башчылары ошол эле учурда институттун тармак башчылары болушат.
Коомдук илимдер институтунун илимий жана көркөм өнөр тармактары университетке караштуу гуманитардык, экономика, менеджмент, экономика жана башкаруу, полито-логия, юриспруденция, теология, көркөм өнөр, коммуникация, соода жана туризм, педагогика факультеттери, консерваториянын бөлүмдөрү менен табигый-гуманитардык жана педагогика факультеттеринин табигый илимдер тармагынан сырткаркы бөлүмдөрү менен бирдей аталышта болушат. Факультеттердин жана консерваториянын бөлүм башчылары ошол эле учурда институттун тармак башчылары болушат.
Табигый илимдер, коомдук илимдер жана медицина институттарында Ректордун сунушу жана Камкорчулар кеңешинин чечими менен ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында бир факультеттин, бөлүмдүн же илимий тармактын ичинен башка аталыштагы тийиштүү институттун алдында дисциплиналар аралык илимий тармак ачылышы мүмкүн. Бул илимий тармактын башчысы тийиштүү декандын жана институттун мүдүрүнүн сунушу менен ректор тарабынан дайындалат.
7-берене. Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин, муниципалдык кызмат көрсөтүү жогорку мектебинин бүтүрүүчүлөрү коомдук илимдер институтунда, жарандык авиация жогорку мектебинин, кесиптик технология жогорку мектебинин, өнөр жай искусствосу жогорку мектебинин, кесиптик-техникалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү табигый илимдер институтунун ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуй алышат. Бул жогорку мектептердин мүдүрлөрү же орун басарлары бул тармактарда тийиштүү институттун илимий тармак башчысынын милдеттерин да аткарышат.
8-берене. Эреже катары ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары институттун илимий жана көркөм өнөр тармактары менен бирдей аталышта болушат. Бирок Ректордун сунушу жана Камкорчулар кеңешинин чечими менен бир институттун илимий же көркөм өнөр тармагында ошол институттун илимий же көркөм өнөр тармактарынын ичинен башка аталышта ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы ачылышы мүмкүн.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы магистратура, докторантура же ассистентура-стажировка программалары боюнча аныкталган санда, мазмунда жана аталышта болгон милдеттүү жана тандалма сабактар менен докторантура боюнча кандидаттык минимум-дардан, ассистентура-стажировка боюнча квалификациялык сынактан, диссертациялык иштен жана көркөм өнөр чыгармасынан турат.
Ишмердиги
9-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ЖОЖдон кийинки билим берүү про-граммалары боюнча окутуу иши ректоратка караштуу институттар тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт. ЖОЖдон кийинки билим берүү жана ага тийиштүү иш-чаралар үчүн керектелген чыгымдар ректораттын макулдугу жана уруксаты менен университеттин бюджетинен, айланма капиталдан, университеттен сырткаркы мекемелер жана уюмдар тарабынан илимий-изилдөөлөр үчүн университетке берилген финансылык жардамдардан каржыланып, тийиштүү институттун мүдүрлүгү тарабынан ишке ашырылат. ЖОЖдон кийинки билим берүү, илимий-изилдөө, өндүрүштүк практика жана жарыялоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда университеттин бардык бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат.
10-берене. Институттун илимий тармагы боюнча окуу программалары институттун кеңеште-ринде колго алынып, окумуштуулар кеңешинин чечими менен кабыл алынат.
Бир семестрде ачыла турган сабактар жана бул сабактарды бере турган профессор-окутуучулар тийиштүү институттун илимий же көркөм өнөр тармагынын башчысы жана профессор-окутуучулар тарабынан аныкталып, институттун кеңеши тарабынан бекитилет.
11-берене. Студенттер кайсы ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы боюнча окуй турганын кирүү сынагына катталып жаткан учурда билдириши керек.
Институттун кеӊеши тарабынан бекитилген сабактардын ичинен кайсылары студенттердин атайын сабак программасында орун алары тийиштүү студенттин кураторунун чечими менен аныкталат. Илимий жетекчи дайындалганга чейин бул милдет тийиштүү институттун илимий же көркөм өнөр тармагынын башчысы тарабынан аткарылат.
12-берене. Диссертациялык иш жана көркөм өнөр чыгармасы үчүн илимий жетекчилер тийиштүү институттун илимий жана көркөм өнөр тармактарынын академиялык кеңешинин чечими менен институттун башкаруу кеңеши тарабынан дайындалып, студенттердин диссертациялык иши жана өндүрүштүк практикалары аныкталат.
13-берене. Бирден ашык институттун тийиштүү чөйрөсүнө кирген, ЖОЖдон кийинки билим берүү, илимий-изилдөө, өндүрүштүк практика жана жарыялоо багытындагы институттун илимий же көркөм өнөр тармагынын иш-чаралары боюнча координациялоо иштери тийиштүү институттун мүдүрлөрү тарабынан ишке ашырылат.
14-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган институттардын илимий жана көркөм өнөр тармактарында болбогон тармактар боюнча адистерди даярдоо үчүн тийиштүү тармактарда билим берген университеттерге студенттер жиберилиши мүмкүн. Эки же андан көп жогорку окуу жайлар тарабынан биргелешип ишке ашырыла турган ЖОЖдон кийинки билим берүү программа-лары ачылышы мүмкүн.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул нускама Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет. Бул нускама күчүнө киргенден кийин Камкорчулар кеңешинин 2008-жылдын 18-ноябрында 2008-02/3-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырган институт-тардын түзүмүн уюуштуруу жана аны ишке ашыруу боюнча нускамасы” күчүн жоготот.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы 2012-01/2-b номерлүү чечими менен кабыл алынган.