| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ БИРИНЧИ БӨЛҮМ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 21 |
| Кабыл алганы | 23.09.2021 |
| Ачкыч сөздөр |
СЫНАК ӨТКӨРҮҮ ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА СЫНАК ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана негизги түшүнүктөр
Максаты жана мазмуну
1-берене.
Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институттары тарабынан ишке ашырылган магистратура жана докторантура (PhD) билим берүү программалары боюнча негиздерди аныктоо.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу институттарда ишке ашырылган магистратура, докторантура жана ассистентура-стажировка программа-ларын камтыган магистратура/докторантура жана илимий-изилдөө жана практикалык иштерди жүргүзүүнү камтыйт.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына ылайык иштелип чыккан.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул нускамада колдонулган негизги түшүнүктөрдүн аныктамалары төмөнкүдөй:
Академиялык календарь: Ар бир магистратура/докторантура/ассистентура-стажировкада окуу учурунда бардык академиялык иш-чараларды өткөрүү тартибин белгилеген календарды;
Академиялык (окуу) жыл: Күзгү семестрде магистрант/докторант/ассистент-стажер-лорду каттоо күнүнөн тартып, күзгү жана жазгы семестрлер менен жайкы эс алуу мезгилин камтыган, кийинки окуу жылдын күзгү семестринде студенттерди каттоо учуру аяктаган мезгилди;
ALES: Түркия Республикасындагы академиялык курамдын мүчөлүгүнө талапкер болуу жана магистратура/докторантура программаларына тапшыруу сынагын;
ТРнын БТЖБ: Түркия Республикасынын баалоо, тандоо жана жайгаштыруу борборун;
Европа кредит которуу системасынын (AKTS/EКТС) кредити: Бир сабактын ийгиликтүү түрдө тапшырылышы үчүн студенттер тарабынан аткарылышы керек болгон теориялык жана практикалык сабактар, семинар, өз алдынча иштөө, сынак, курстук иштер ж.б. иш-чаралардын бардыгын;
Илимий жетекчи: Институтта катталган магистрант/докторант/ассистент-стажерлордун диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгармасын жазуу учурунда жетекчилик кылуу үчүн ИМДБ/ ИАСБ тарабынан сунушталган жана институттун башкаруу кеңеши тарабынан дайындалган окутуучуну;
ИМДБ/ИАСБ (институттун магистратура жана докторантура бөлүмдөрү/институттун ассистентура-стажировка бөлүмү): Институтка караштуу магистратура/докторантура программасын ишке ашырган бөлүмдү;
ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңеши: тийиштүү ИМДБ/ИАСБда толук айлык акы менен эмгектенген профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнөн жана ага окутуучулардан түзүлгөн кеңешти;
Институттун кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институтунун кеңешин;
Институттун мүдүрү: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институтунун мүдүрүн;
Институттун башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институтунун башкаруу кеңешин;
Институт: Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу магистратура/докторантура программаларын ишке ашырган институтту;
Кирүү сынагы: Магистратура жана докторантура программаларына тапшыргандарга комиссия тарабынан жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлгөн сынактарды;
GMAT: Graduate Management Admission Test сынагын;
GRE: Graduate Record Examination сынагын;
Экинчи илимий жетекчи: Магистрант/докторант/ассистент-стажерлордун диссерта-циялык иши/көркөм өнөр чыгармасы боюнча дайындалган экинчи илимий жетекчини;
Кредит: Кредиттүү сабактын семестрдик кредит-саатын; семестр ичинде бир сабактын жумалык теориялык сааттарынын бардыгы менен практикалык, лабораториялык ж.б. иш-чаралардын сааттарынын жарымын кошкондогусун;
КТМУ: Кыргыз-Түрк “Манас” университетин;
Камкорчулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешин;
Программа: Магистратура/докторантура/ассистентура-стажировка программалары боюнча белгилүү санда жана мазмунда милдеттүү жана тандалма сабактар менен докторлук диссертацияны/көркөм өнөр чыгармасын жана практиканы;
Ректорат: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратын;
Семинардык сабак: Магистратура жана докторантура программалары боюнча диссер-тациялык ишти жазууга даярдык катары күзгү жана жазгы семестрлерде өткөрүлгөн сабакты;
Изилдөө практикасы: Магистратура жана докторантура программалары боюнча диссертациялык ишти жазууга даярдык катары күзгү жана жазгы семестрлерде өткөрүлгөн практикалык сабакты;
Университеттин Окумуштуулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешин;
Диссертациялык ишти кароо комиссиясы: Докторанттын диссертациялык ишинин план-проспектин карап чыккан, диссертациялык ишти жазууда ага жол көрсөткөн жана багыт берген илимий жетекчини жана профессордук-окутуучулук курамдын 3 мүчөсү-нөн турган комиссияны;
Диссертация/план-проспект: Магистрдик диссертация/план-проспектти, докторлук диссертация/план-проспектти же көркөм өнөр чыгармасы жана окуу практикасын;
Адистик сабак: Студенттерге тийиштүү илимий жаатта билим берүүдө, тажрыйба үйрөтүүдө жана диссертацияны/көркөм өнөр чыгармасын жазууда жардам берген теориялык сабакты;
Университеттин башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңешин;
Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университетин;
Семестр: Башталуу жана аяктоо күндөрү ар бир окуу жылында Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган күзгү жана жазгы семестрлердеги окуу процессин;
Адистик сынак: Докторанттын/ассистент-стажёрдун негизги билимге, адистиги боюнча даярдаган диссертациясы/көркөм өнөр чыгармасы боюнча тийиштүү адистикке ээ болгон-болбогонун текшерүү үчүн уюштурулган сынакты түшүндүрөт.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Магистратура жана докторантура программаларын ачуу жана ишке ашыруу, сабактарды жана окутуучуларды аныктоо, окутуу тили
Окуу программасын ачуу боюнча сунуштар:
4-берене.
Тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин чечими, ИМДБ/ИАСБнын башчылыгынын сунушу, институттун кеңешинин макулдугу, Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсү жана Камкорчулар кеңешинин чечими менен жаңы программалар ачылышы мүмкүн. Окуу программасын ачууда тийиштүү программаны ачуу зарылдыгы көрсөтүлүп, анда семестрлер боюнча өтүлчү сабактар жана алардын мазмуну, кайсынысы милдеттүү, кайсынысы тандалма сабак катары окутула турганы аныкталып, бул сабактарды окута турган окутуучулардын резюмеси жана жарыялаган илимий басылмаларынын тизмеси берилет.
ИМДБ/ИАСБнын магистратура жана докторантура программалары, окутуунун максаты, окуу программасына каттоо жана окууну бүтүрүү шарттары, милдеттүү жана тандалма сабактар, бул сабактардын кредит-сааттары жана ушул сыяктуу маселелер ИМДБ/ ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу, институттун кеңешинин жана Окумуштуулар кеңешинин чечимдери менен бекитилет.
ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңеши тарабынан окуу программаларына киргизиле турган өзгөртүүлөр институттун кеңеши тарабынан макулдук берилгенден кийин Оку-муштуулар кеңешинин чечими менен бекитилет.
Андан башкача сунуш берилбегенде, магистратура/докторантура программалары ИМДБ/ИАСБ менен бирдей аталышта болот. ИМДБ/ИАСБда ИМДБ/ИАСБдан башкача аталышта магистратура жана докторантура программалары ачылышы мүмкүн.
Магистратура жана докторантура программаларын ачууда жана аларды ишке ашы-рууда ИМДБ/ИАСБнын эрежелери эске алынат. Студенттерге сабактарды тандоосуна жана башка илимий тармак боюнча адистикке ээ болуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Магистратура, докторантура же ассистентура-стажировка программалары милдеттүү жана тандалма, кредиттүү жана кредитсиз сабактарды, семинарларды, изилдөө прак-тикасын, диссертацияны же көркөм өнөр чыгармасын ж.б. академиялык иш-чараларды камтыйт.
Институттар Кыргызстандагы, Түркиядагы же башка мамлекеттердеги университеттер менен профессордук-окутуучулук курам, клиника, лаборатория, өнөркана жана башка окутуу тажрыйбалары менен алмашуу иретинде кош окуу программаларын ишке ашыра алышат. Институттарды координациялоо менен кош окуу программаларын ачуу жана ишке ашыруу үчүн билим берүү технологиясын колдонуу аркылуу башка универ-ситеттердеги профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнөн ИМДБ/ИАСБда профессордук-окутуучулук курам түзүлүшү мүмкүн.
Квоталарды аныктоо жана жарыялоо:
5-берене.
Магистратура жана докторантура программаларына кабыл алына турган студенттерге квота бөлүп берүү, ачыла турган ар бир окуу программасы үчүн квотанын саны жана тапшыруу шарттары, программанын өзгөчөлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү эске алынып, тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын башчылыгынын сунушу боюнча институттун башкаруу кеңешинин жыйынында каралат жана Окумуштуулар кеңешинин кароосуна жиберилет. Кабыл алына турган студенттердин саны Окумуштуулар кеңешинин чечими жана Камкорчулар кеңешинин макулдугу менен аныкталат.
Магистратура, докторантура жана ассистентура-стажировка программалары, студент-тердин квоталары, тапшыруу үчүн керектүү документтер жана шарттар, стипендиялар, сынак жана каттоо күндөрү сыяктуу маселелер университеттин ректораты тарабынан жарыяланат. Ар бир семестрде студенттерди кабыл алуу тууралуу кулактандыруу жарыяланат.
Жаңы сабактарды ачуу, сабактарды жана окутуучуларды аныктоо
6-берене.
ИМДБ/ИАСБда ачылышы пландаштырылган жаңы сабактар үчүн аларды окута турган профессордук-окутуучулук курамды, сабактын мазмунун, зарылдыгын, жумалык жана семестрдик окуу пландарын жана колдонула турган булактарды камтыган арыздар ИМДБ/ИАСБнын башчылыгына тапшырылат. ИМДБ/ИАСБнын башчылыгынын сунушу, ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин чечими, институттун кеңешинин макулдугу жана Окумуштуулар кеңешинин бекитүүсү менен жаңы сабак ачылат.
Ар бир семестрде ачыла турган сабактар жана окутуучулар ИМДБ/ИАСБнын академия-лык кеңеши тарабынан аныкталып, институттун кеңешинин чечими менен бекитилет.
ИМДБ/ИАСБда сабактар милдеттүү түрдө профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү (профессор, доцент, доценттин милдетин аткаруучу) тарабынан окутулат. Зарыл болгон учурда ИМДБ/ИАСБнын башчылыгынын негиздүү сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен докторантура/ассистентура-стажировка боюнча тийиштүү адистикке ээ болгон ага окутуучулар дагы сабак бере алышат. Ошондой эле университеттин Башкаруу кеңешинин чечими менен башка университеттерден окутуучулар дайындалышы мүмкүн.
Окутуу тили
7-берене. Магистратура/докторантурада окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу, институттун кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен аныкталган программалар боюнча кээ бир сабактар чет тилинде окутулушу мүмкүн. ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен бир диссертациясынын же көркөм өнөр чыгармасынын (отчётун) чет тилинде жазылышына макулдук берилиши ыктымал. Магистратура/докторантура программаларын окутуу чет тилинде болгон учурда, диссер-тация/көркөм өнөр чыгармасын (отчётун) жактоо сынактары жана отчёттор ошол чет тилин-де жазылат.
Илимий жетекчини жана экинчи илимий жетекчини дайындоо, илимий жетекчини алмаштыруу
8-берене.
Илимий жетекчини дайындоо
Негизинен илимий жетекчиликке профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсү дайындалат. Илимий жетекчи тийиштүү ИМДБ/ИАСБда толук айлык акы менен иштеген профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат. Бирок бөлүмдө профессор-окутуучу аз болгон учурда, ошол бөлүмгө адистиги боюнча жакын ИМДБ/ИАСБда толук айлык акы менен иштеген профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнүн арасынан илимий жетекчи дайындалат. Илимий жетекчини дайындоодо тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин пикири алынып, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет. Зарыл болгон учурда магистранттар үчүн илимий жетекчи катары ошол ИМДБдагы доктордук илимий даражага ээ болгон ага окутуучулардын бири дайындалат. ИАСБда илимий жетекчи катары дайындала турган ага окутуучулардын докторлук илимий даражасы талап кылынбайт.
Магистрант жана докторанттар үчүн илимий жетекчи окуу жылы башталгандан тартып ошол жылдын экинчи семестринин аягына чейин дайындалат. Илимий жетекчи дайындалганга чейин бул милдетти тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын башчысы аткарат. Илимий жетекчини аныктоодо ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңеши студенттин пикирин дагы эске алууга тийиш. ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңеши тарабынан профессордук-окутуучулук курамдын мүчөсүнө жүктөлгөн милдет жана студенттин пикири эске алынып, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен илимий жетекчи аныкталат.
Экинчи илимий жетекчини дайындоо
Студенттин диссертациялык ишинин өзгөчөлүгүнө жараша бирден көп илимий жетекчиге муктаждык пайда болгон учурда, илимий жетекчинин жана ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу боюнча институттун башкаруу кеңешинин чечими менен экинчи илимий жетекчи дайындалат. Диссертациялык иштин темасы институт тарабынан бекитилгенден кийин экинчи илимий жетекчи дайындалат. Экинчи илимий жетекчи өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү университеттерде да дайындалышы мүмкүн.
Илимий жетекчини алмаштыруу
Жетекчинин же/жана студенттин ИМДБ/ИАСБга жазган жүйөлүү арызы эске алынып, илимий жетекчи алмаштырылышы мүмкүн. ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин пикири эске алынып, илимий жетекчини алмаштырууда студенттин жана жетекчинин ар бир семестрдин аягында ИМДБ/ИАСБнын башчылыктарына диссертациялык иш боюнча берген отчёттору эске алынат. Ошондой эле институттун башкаруу кеңеши зарыл болгон учурда илимий жетекчини алмаштыра алат. Илимий жетекчини алмаш-тыруу боюнча чечим “Диссертациялык иш жазуунун эрежелеринде” аныкталган тартипте илимий жетекчиликтин мөөнөтү көрсөтүлүп, диссертациялык иштин “студенттин этикалык нормаларды сактагандыгы тууралуу билдирүүсү” бөлүмүндө орун алган.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Магистратура / докторантура программаларына
тапшыруу, кабыл алуу жана каттоо
Тапшыруу шарттары
9-берене.
1) Магистратура жана докторантура программаларына тапшырууга арыздар кулактанды-рууда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жана талап кылынган документтер менен бирге тийиштүү институтка тапшырылат. Арыздарды кабыл алуу жол-жобосу, өзгөчө ж.б. талаптар кулактандырууда көрсөтүлүп, институттун башкаруу кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеңешинин макулдугу менен аныкталат.
Магистратурага тапшыра турган талапкерлердин бакалавр даражасындагы дипломунун орточо баасы 4 баллдык система боюнча 2.00дөн кем эмес, ал эми докторантура/ ассистентура-стажировка программасына тапшыра турган талапкерлердин магистр даражасындагы дипломунун орточо баасы 4.00 баллдык система боюнча 2.50дөн кем эмес болушу керек. ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин чечими жана институт-тун башкаруу кеңешинин макулдугу менен жогоруда көрсөтүлгөн баллдардан бир аз жогору баллдар аныкталышы мүмкүн. Диплом ээлеринин кимиси тийиштүү билим берүү программасына тапшыра ала тургандыгы ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңе-шинин чечими жана башкаруу кеңешинин бекитүүсү менен аныкталат.
Докторантурага тапшырып жаткан талапкерлер магистр даражасындагы дипломго же даярдоо курсун кошпогондо жогорку билимге ээ болгондугу тууралуу (беш жылдык) дипломго, же болбосо даярдоо курсун кошпогондо кеминде он семестрдик мөөнөттүү медицина, стоматология жана ветеринария адистиктери боюнча дипломго, ал эми бакалавр даражасындагы талапкерлер Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган шарттарга ылайык лаборант адистиги дипломуна ээ болушу керек. Мындай шарттарда талапкерлердин дипломунун орточо баасы 4.00 баллдык система боюнча 2.50дөн кем эмес болушу керек.
Магистратура программасына тапшыруу үчүн талапкерлерге чет тилин билүү талап кылынбайт. Докторантура/ассистентура-стажировка программаларына тапшыруу үчүн талапкерлер Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган чет тилдердин бирин жакшы билиши керек. Талапкер Түркия Республикасынын БТЖБ тарабынан өткөрүлгөн сынактардан кеминде 55 же Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн “чет тили сынагынан” кеминде 60 баллга ээ болушу керек. Же болбосо, Окумуштуулар кеңеши тарабынан бул сынактарга эквиваленттүү деп кабыл алынган, эл аралык деңгээлде таанылган чет тил сынагы боюнча Түркия Республикасынын БТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынактарына эквиваленттүү баллды алуусу керек. ИМДБ/ИАСБ өзүнүн докторантура жана ассистентура-стажировка программалары үчүн чет тилин билүү деңгээли боюнча баллды Түркия Республикасынын БТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынактары жана ага эквиваленттүү баллы кеминде 55 болгондой ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен аныктай алышат. Чет тилин билүү деңгээли боюнча баллдардын Түркия Республикасынын БТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынактарына эквиваленттүүлүгү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “КТМУнун чет тили боюнча баллдарды которуу таблицасына” ылайык аныкталат. Докторантурада илимий багыты чет тили болгон талапкерлер экинчи чет тилден сынак бериши керек. Чет тили сынагынан алган сертификаттын жарамдуулук мөөнөтү Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат.
Магистратура жана докторантура программаларына тапшыруу үчүн Кыргыз Республи-касынын жараны Кыргызстандын же Түркиянын, Түркиянын жараны Түркиянын жогорку окуу жайларын бүтүргөн болсо, алган билими тууралуу документтерди таануу жол-жобосу (нострификация) бул талапкерлерге карата колдонулбайт. Ал эми Түркия Республикасынан сырткары чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бирин бүтүргөн түрк жарандарынан Түркия Республикасынын жогорку билим берүү комитети тарабынан берилген эквиваленттүүлүк жөнүндө күбөлүк талап кылынат. Кыргыз Республикасынан сырткары чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бирин бүтүргөн кыргыз жарандарынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген эквиваленттүүлүк жөнүндө күбөлүк талап кылынат. Башка талап-керлер Кыргыз Республикасынын жана/же Түркия Республикасынын тийиштүү мекемелери тарабынан эквиваленттүүлүгү таанылган дипломго ээ болушу керек.
Кирүү сынагы боюнча комиссия
10-берене. Ар бир магистратура/докторантура программасына тапшыргандар үчүн кирүү сынагы боюнча комиссия түзүлүп, бул комиссиянын курамына ИМДБ/ИАСБнын сунушу боюнча институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган үч негизги жана эки жардамчы ИМДБ/ИАСБнын профессор-окутуучусу (профессор, доцент жана доценттин милдетин атка-руучу) кирет. Тийиштүү ИМДБ/ИАСБда профессор-окутуучу жетиштүү санда болбогон учурда, университетте адистиги боюнча жакын ИМДБ/ИАСБда толук айлык акы менен иштеген профессор-окутуучулардын ичинен комиссиянын мүчөлүгүнө сунушталышы мүмкүн.
Студенттерди кабыл алуу
11-берене. Арыздар институттун башкаруу кеңеши тарабынан төмөндөгү талаптар боюнча каралат. Жарыяланган квоталар эске алынып, ийгиликтүү тапшырган талапкерлер аныкталат. Арыздарда талапкердин көрсөткөн бардык баллдары 100 баллдык системага айландырылат. Дипломдун орточо баасын 100 баллдык системага айландырууда университеттин Окумуш-туулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “КТМУнун чет тили боюнча баллдарды которуу таблицасы” негиз болуп алынат. Талапкерлердин транскрипттеги (дипломдун тиркемесин-деги) баллдары 100 баллдык же 4 баллдык система менен берилген болсо, арыз тапшырууда 4түк система, студенттин жетишкендигин аныктоодо 100дүк система эске алынат.
Магистратура, докторантура жана ассистентура-стажировка программаларына катталуу укугуна ээ болуу үчүн кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырышы керек. Адистик сынагынын баллы жазуу түрүндөгү сынактын 70 пайызы жана оозеки түрүндөгү сынактын 30 пайызы алынып аныкталат. Бирок жазуу түрүндөгү сынактан да, оозеки түрүндөгү сынактан да өз-өзүнчө 70 балл алышы зарыл. Оозеки түрүндөгү сынак магистратура программасы үчүн зарыл учурда интернет аркылуу жүргүзүлүшү да мүмкүн. ALES баллы же эл аралык деңгээлде таанылган GRE/GMAT сынактарынан алынган баллдардын жазуу түрүндөгү сынактын ордуна кабыл алына турган ALESке эквиваленттүү баллы бул нускаманын тиркемесиндеги 2-таблицада көрсөтүлгөн. ALES баллы менен университетке окууга тапшырган талапкерлер сөзсүз түрдө оозеки түрүндөгү сынакка кирүүсү керек. ALES боюнча сертификаттын жарамдуулук мөөнөтү – үч жыл, ал эми GRE жана GMAT боюнча сертификаттардын жарамдуулук мөөнөтү – беш жыл. Бул баллдардын жазуу түрүндөгү сынактын ордуна кабыл алынышы үчүн талапкер окууга тапшырып жаткан билим берүү программасы боюнча кеминде 55 ALES баллына же Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин GRE-GMAT-ALES сынактары боюнча эквиваленттүүлүк таблицасында” көрсөтүлгөн сынактардан алынган балл ага эквиваленттүү болгон баллга ээ болушу керек. ALES баллы же эл аралык деңгээлде таанылган GRE/GMAT сынактарынан алынган баллдардын жазуу түрүндөгү сынактын ордуна кабыл алына турган ALESке эквиваленттүү баллы бул нускаманын тиркемесиндеги 2-таблицага ылайык эсептелинет. Окууга тапшыруу үчүн ALES сынагынын кайсы баллы кабыл алына тургандыгы ИМДБ/ИАСБнын сунушу менен институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окууга тапшырылган документтер төмөндөгү негиздер боюнча каралат:
Магистратура программалары боюнча: кирүү сынагынын баллынын 50%ы, бакалавр даражасындагы дипломунун орточо баллынын 35%ы жана чет тили сынагы боюнча баллдын 15%ы эсептелинип, орточо балл аныкталат. Магистратура программасына кабыл алуу үчүн орточо балл 60тан кем эмес болушу шарт. Чет тили боюнча билимин тастыктаган сертификат болбогон учурда, талапкерлердин чет тил сынагы боюнча баллы нөл (0) деп кабыл алынып, жетишкендик баллы эсептелинет.
Докторантура/ассистентура-стажировка программалары боюнча: кирүү сынагынын баллынын 50%ы, магистр даражасындагы дипломунун орточо баллынын 30%ы жана чет тили сынагы боюнча баллдын 20%ы эсептелип, орточо балл аныкталат. Докторантура/ассистентура-стажировка программасына кабыл алынуу үчүн орточо балл 70тен кем эмес болушу керек.
Талапкерлердин орточо баллдары тең болгон учурда, биринчи кезекте кирүү сынагы-нын баллы, андан соң дипломдун орточо баллы жана чет тили сынагынын баллы эске алынып, талапкерлер тизме боюнча тандалып алынат.
Комиссия кулактандырууда белгиленген күнү жана жайда чогулуп, зарыл болгон учур-лардан тышкары баалоо жана тандоо иштерин ошол эле күнү бүтүрүшү керек. Инсти-туттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган жоболор жана квоталар эске алынып, талапкерлер алган баллына жараша тизмеден орун алат. Комиссия тарабынан кол коюлган тизме протокол жана талапкерлерге тийиштүү сынак баракчасы менен бирге ИМДБ/ИАСБ аркылуу институтка тапшырылат.
Магистратура/докторантура программасына өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон талапкер-лердин тизмеси институттун башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет жана жарыяланат. Институттун башкаруу кеңеши ар бир окуу программасына квотада канча орун берилсе, дагы ошончо кошумча талапкерлерди алууну жарыялашы мүмкүн.

Акыркы каттоо
12-берене.
1) Институтка өтүү укугуна ээ болгон талапкерлер институттун башкаруу кеңеши тарабы-нан талап кылынган документтерди кулактандырууда көрсөтүлгөн каттоо мөөнөтү ичинде институтка тапшырып, акыркы каттоодон өтүүсү керек. Документтер толук тапшырылбаса, каттоо жүргүзүлбөйт. Институт каттоо үчүн талап кылынган документ-тердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кабыл алышы мүмкүн. Бирок кийин зарыл болгон учурда документтердин түп нускасы институт тарабынан талап кылынышы ыктымал. Кээ бир документтин түп нускасы берилбеген учурда, студент окуудан четте-тилет. Студенттер өздөрү же нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты берил-ген өкүл аркылуу катталышат.
2) Белгиленген мөөнөт ичинде акыркы каттоодон өтпөгөн студенттин жүйөлүү себептери эске алынбастан, каттоо укугунан ажыратылат. Бошогон орундарга кошумча талапкер-лер тизмесиндегилер алган баллына жараша акыркы каттоодон өтүшөт.
Милдеттүү тил сынагы, тил сынагынан бошотуу жана окуунун башталышы
13-берене.
1) Магистратура/докторантура программасына өткөн студенттер милдеттүү окуу тилдери болгон кыргыз жана түрк тилдеринде окуй ала турганын тастыктаган документтин негизинде тил сынагынан бошотулушу ыктымал. Сынактан бошотуу чечими институттун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынат. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү милдеттүү тил сынагынан бошотулушат. Ошондой эле башка университетте түрк тилинде билим алган студенттер түрк тили сынагынан, ал эми кыргыз тилинде билим берген университеттердин студенттери кыргыз тили сынагынан бошотулушат.
2) Тийиштүү документти тапшырбаган студенттер милдеттүү тил сынагынан өтүүгө тийиш. Бул сынакты өткөрүү тартиби институттун башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталат. Университет тарабынан өткөрүлгөн тил сынагынан 67ден кем эмес балл алган талапкерлер милдеттүү тил үйрөнүүдөн бошотулушат. Тил сынагынын өткөрүлө турган күнү кулактандырууда көрсөтүлөт.
3) Милдеттүү тил сынактарынын бирөөнөн же экөөнөн өтпөй калган талапкерлер өз каалоосу менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунда тил үйрөнүү программасына катыша алышат.
4) Кыргыз жана түрк тилдеринин бирөөнөн же экөөнөн өтпөй калган талапкерлерге бул тилдерди үйрөнүүсү үчүн институттун башкаруу кеңешинин чечими менен эң көп төрт семестрдик мөөнөт берилет. Бул мөөнөт негизги окуу мөөнөтүнө кошулбайт.
5) Окутуу тилдеринин биринен бошотулган же тил сынагын ийгиликтүү тапшырган студенттер куратордун сунушу же ИМДБ/ИАСБнын макулдугу боюнча тийиштүү тилди үйрөнүү (даярдоо) курсу менен кошо бошотулган же ийгиликтүү өздүштүргөн тилдеги сабактардын ичинен бир семестрде эң көп 6 кредитти ала алышат. Бул чектөөгө кредитсиз сабактар кирбейт. Адистиги боюнча даярдоо курсунда окуган студент адегенде бул сабактарды адистикке даярдоо программасынан алууга милдеттүү. Студент ийгиликтүү өздөштүрбөгөн тилде окутулуучу сабактарга катыша албайт.
Адистикке даярдоо программасына студенттерди кабыл алуу
14-берене.
Магистратура/докторантура программаларында башка илимий багытта билим алган же башка окуу жайды бүтүргөн студенттерге тийиштүү программа боюнча окуусун улантуусу үчүн албаган сабактардын ордун толтуруу максатында адистикке даярдоо программасы окутулат. ИМДБ/ИАСБ тарабынан аныкталган сабактар эң көп эки семестрдин ичинде тапшырылышы керек. Адистикке даярдоо программасында окуй турган студенттер жана окутулуучу сабактар, бул сабактардын кредит-сааттарынын көлөмү ИМДБ/ИАСБнын сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталат.
Адистикке даярдоо программасы боюнча өздөштүрүүгө милдеттүү болгон сабактар тийиштүү магистратура/докторантура программасы үчүн зарыл деп эсептелген сабак-тардын ордуна өтүлбөйт. Бирок адистикке даярдоо программасында окуган студент адистикке даярдоо сабактарын жана тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын сунушу жана инсти-туттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен магистратура/докторантура программа-сында орун алган сабактардын ичинен ар бир семестрде алты кредит-сааттан ашпаган-дай, кеминде эки сабакты окуй алат. Адистикке даярдоо программасы боюнча окуган студенттер бакалавр программасындагы сабактарды ала алышат.
Адистикке даярдоо программасы боюнча окуу, сынак, балл жана сабактарды ийги-ликтүү тапшыруу (сабактарды каттоодон алуу жана кайра окуудан сырткары) ж.б. жоболор тийиштүү ИМДБ/ИАСБ тарабынан бакалавр студенттери үчүн колдонулган нускамаларга ылайык ишке ашырылат. Адистикке даярдоо программасы боюнча эки семестрдин аягында сабактарды ийгиликтүү тапшыра албаган студент окуудан чыгарылат.
Өзгөчө статустагы студентти кабыл алуу
15-берене.
1) Кеминде төрт жылдык билим берүү программасын бүтүрүп, белгилүү бир багытта билим деңгээлин жана тажрыйбасын жогорулатууну каалаган студенттер ИМДБ/ ИАСБнын макулдугу жана институттун башкаруу кеңешинин бекитүүсү менен өзгөчө статустагы студент катары кабыл алынып, ошол семестрде окутулуучу сабактарга катыша алышат. Бул студенттер кадимки студенттер сыяктуу эле сабактардын бардык шарттарын жана талаптарын аткаруусу керек.
2) Өзгөчө статустагы студент студенттик укуктардан пайдалана албайт (студенттик билет берилбейт, аскердик кызматтан бошотуу ж.б.у.с. иш-чаралар жүргүзүлбөйт). Каттоодон өткөн өзгөчө статустагы студенттер жалаң гана семестрдик сабактарга каттала алышат, өзгөчө статустагы студент тийиштүү семестрде сабакка катышпаса, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен каттоодон чыгарылат. Бул статустагы студенттер бир семестрде эң көп 9 кредит-сааттык сабакка каттала алышат. Өзгөчө статустагы студенттердин арыздары ар бир семестрдин башында сабактарды каттоо учурунда тапшырылышы керек.
3) Өзгөчө статустагы студенттерге диплом же илимий даража берилбейт. Аларга сабактар аяктаган семестрдин соңунда окуган сабактарын жана алган баллдарын көрсөткөн документ берилет.
4) Өзгөчө статустагы студент мындан кийинки семестрлерде бул нускаманын жоболоруна ылайык, магистратура/докторантура программасына кабыл алынган учурда, өзгөчө статустагы студент катары мурун окуган магистратура сабактарынан СВ, докторантура сабактарынан ВВ жана мындан жогору алган баллдары ИМДБ/ИАСБнын чечими жана институттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен магистратура жана докторантура программасында орун алган сабактардын ордуна эсептелиниши мүмкүн.
Которулуулар
16-берене.
1) Тийиштүү ИМДБ/ИАСБда магистратура жана докторантура программасынын жоктугу-нан улам башка университетте же институттун башка программасында окуган жана Кыргыз-Түрк “Манас» университетинде кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген студенттер ИМДБ/ИАСБда магистратура жана докторантура программасы ачылган учурда институттун башкаруу кеңешинин чечими менен которула алышат.
2) Которулган студенттер сабактын кредит-сааттарын толук алып, бирок адистик сынагы-нан өтпөй калган учурда, которулган окуу программасынан кеминде 6 кредит-саатты КТМУдагы тийиштүү институттан алышы керек. Башка программадан которулуу үчүн зарыл болгон документтер институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат. Адистик сынагын ийгиликтүү тапшырган студенттер окуусун улантышат.
Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу
17-берене.
Магистратура жана докторантура программалары боюнча билим алгысы келген Түркия жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан башка чет өлкөлүк студенттер менен КТМУ түзгөн эки тараптуу келишимге ылайык магистратура жана докторантура про-граммаларына арыз менен кайрылган чет өлкөлүк талапкерлер Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган сынак аркылуу кабыл алынышат.
Магистратура жана докторантура программасына арыз тапшырган чет өлкөлүк талап-керлерден милдеттүү окутуу тилдеринен башка тилди билүү талап кылынбайт.
Чет өлкөлүк студенттер жыл сайын академиялык календарда аныкталган каттоо мөөнөтү ичинде башка студенттер сыяктуу ошол эле учурда кабыл алынышат. Талап-керлер төмөндө көрсөтүлгөн документтерди белгиленген мөөнөттүн ичинде институтка тапшырышып, акыркы каттоодон өтүшөт. Тапшырууда көчүрмөсү, акыркы каттоо учурунда түп нускасы же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилүүгө тийиш болгон документтер төмөндө көрсөтүлгөн:
Диплом же жогорку билими тууралуу документи;
Транскрипт (дипломдун көчүрмөсү);
Паспорт же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Сабактардын ачылышы, сабактарга катталуу, сынактар жана билимди баалоо
Сабактардын ачылышы
18-берене. Сабакка бир эле студент катталса да, ал сабак окутулушу мүмкүн.
Сабактарга катталуу жана каттоону жаңыртуу
19-берене.
Бир студент милдеттүү түрдө өздөштүрүшү керек болгон жалпы кредит-сааттын көлө-мүнүн жарымынан көп бөлүгүн бир эле профессор-окутуучулук курамдын мүчөсүнөн ала албайт.
Студенттер ар бир семестрдин башында академиялык календарда көрсөтүлгөн күндөрү каттоосун жаңыртышы керек.
Жүйөлүү себептерден улам белгиленген убакытта каттоосун жаңырта албаган студент жүйөлүү себебин “сабактарды кошуу/алып салуу” учурунда жазуу түрүндө институттун мүдүрлүгүнө билдириши керек. Жүйөлүү себеби институттун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган студент “сабактарды кошуу/алып салуу” мезгили аяктаганга чейин каттоодон өтө алат.
Каттоодон өтө албаган студенттер кийинки семестрде каттоосун жаңыртып, окуусун уланта берет, бирок өз убагында катталбагандыгынан улам жоголгон убакыт окуу мөө-нөтүнө кошулуп эсептелет. Эки жолу катары менен каттоодон өтпөгөн студенттер университеттен чыгарылат.
Студенттер магистратура жана докторантура программаларында бир семестрде эң аз 6, эң көп 18 кредит-сааттык сабактарды ала алат.
Магистратура жана докторантура программаларына катталган студенттер тийиштүү программа талап кылган жалпы кредит-сааттын кеминде жарымын өз программасынан алууга тийиш.
Жайкы эс алуу, ошондой эле өзгөчө статустагы студент болуу жана мындан мурун магистратура жана докторантура программалары боюнча окулган сабактарды кабыл алуу жана бул сабактар боюнча алынган кредит-сааттарды жалпы кредит-сааттардан кемитүү тууралуу жагдайлар илимий жетекчинин пикири жана тийиштүү ИМДБ/ ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу боюнча институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
Студенттер илимий жетекчилеринин макулдугу менен катталган программада орун алган сабактардан тышкары ар кандай кафедралардын программаларынан сабактарды ала алышат. Илимий жетекчи аныкталган мөөнөт ичинде студент тандаган сабактарды ырастайт жана бул мөөнөт ичинде зарыл болгон учурда студент тандаган сабактарды алмаштыра алат. Бул убакыт ичинде илимий жетекчи студент тандаган сабактарды ырастабаган учурда, бул сабактар сөзсүз түрдө окутулат.
Магистратура жана докторантура программаларына катталган студент институттарда окутулган сабактарды да ала алат. Чет өлкөдөгү университеттерде, ошондой эле дистанттык билим берүү технологиясынын жардамы менен чет өлкөдөгү университет-терде магистратура жана докторантура программасы боюнча алынган сабактар же башка жогорку окуу жайларынан алынган сабактар илимий жетекчинин макулдугу менен студенттин өз окуу программасында орун алган сабактарга эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
Студенттин өз университетинин же башка жогорку окуу жайдын институтунда сабак алуусу үчүн анын арызы, илимий жетекчисинин макулдугу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими керек. Студенттер катталган институтта кеминде 12 кредит-сааттык сабакты өздөштүрүү шарты менен башка институттан же институттардан сабак ала алышат.
Сабактарды кошуу/алып салуу жана өзгөртүү
20-берене. Студенттер тандаган сабактарын куратордун макулдугу менен академиялык календарда көрсөтүлгөн “сабактарды кошуу/алып салуу” учурунда алмаштыра алышат же ал сабактарды алып салышат. Студенттер куратору жок болгон учурда (чет өлкөгө иш сапарга кетүү, ооруп калуу, өргүү алуу) тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын башчысынын макулдугу менен жаңы сабак ала алышат, сабактарды алмаштыра алышат же ал сабактарды алып салышса болот. Белгиленген убакыттан кийин сабактарды алмаштырууга болбойт.
Кредит которуу жана сабактан бошотуу
21-берене.
1) Студент арызы менен институтка кайрылып, мындан мурун ийгиликтүү тапшырган сабактардын кредит-сааттарын жалпы кредит-сааттарына которулушун өтүнсө болот. Бирок которулган кредит-сааттар:
Тийиштүү программа талап кылган кредит-саат көлөмүнүн 70 пайызынан ашпашы керек;
Акыркы беш жылдын ичинде алынышы зарыл;
Кредит-сааты которулган сабактын баллы магистратура үчүн кеминде “СВ”, докто-рантура үчүн кеминде “ВВ” болушу керек.
2) Кредит-сааттарды которуу үчүн студент жазуу түрүндөгү арызына куратордун макул-дугун, транскрипт жана сабактардын мазмунун кошо тиркеп институтка кайрылат. Документтер тийиштүү ИМДБ/ИАСБ тарабынан иликтенип, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет. Кредит-сааттарды которуу тууралуу арызы туура деп табылган студенттер тийиштүү сабактардан бошотулушат.
3) Чет өлкөдөгү университеттерге жана илим-изилдөө мекемелерине билим алууга кеткен магистрант жана докторанттардын ийгиликтүү тапшырган сабактардан жана практикалык иштерден алган баллдарын алардын орточо баллына кошуу тууралуу чечим чет өлкөлүк университеттер менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, тийиштүү ИМДБ/ИАСБ жана институттун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Студенттердин жетишкендиги
22-берене.
1) Диcсертацияны жазуу этабына өткөн магистранттын жалпы академиялык орточо баллы 2.50дөн төмөн болгон учурда, тийиштүү орточо баллга жогорулатканга чейин кайталап окууга же жаңы сабактарды алууга тийиш.
2) Докторанттын адистик сынагына кирүү үчүн жалпы академиялык орточо баллы кеминде 3.00 болушу керек.
Студенттердин сабактарга катышуу милдети
23-берене. Студенттер катталган теориялык сабактарга кеминде 70%, ал эми практикалык иштерге кеминде 80% катышуусу керек. Сабактарга толук катышпаган студент тийиштүү сабак боюнча финалдык сынакка кире албайт. Сабакка толук катышпагандыгынан же сабакты ийгиликтүү тапшырбагандыгынан улам кайрадан алынган сабактарга толук катышуу шарты талап кылынат.
Сынактын түрлөрү, финалдык сынактар жана аларды ийгиликтүү тапшыруу
24-берене. Магистратура жана докторантура программаларындагы сынактар ара сынак, кайра тапшыруу сынагы жана финалдык сынак болуп бөлүнөт. Бул сынактарга коюлган талаптар төмөндөгүдөй:
Ара сынак: Программада орун алган сабактар үчүн ар бир семестрде кеминде бир ара сынак өткөрүлөт. Тапшырмалар, семинарлар жана ж.б.у.с. иш-чаралар ара сынактын ордуна кабыл алынышы мүмкүн же ара сынакка кошумча балл катары эсептелиши мүмкүн.
Финалдык сынак: Программада орун алган сабактар үчүн ар бир семестрдин аягында финалдык сынак өткөрүлөт. Финалдык сынак курстук иш түрүндө да болушу мүмкүн.
Кайра тапшыруу сынагы:Студенттер кандайдыр бир сынакка катыша албаган жүйөлүү себеби бүткөндөн кийин эң кеч беш иш күнү ичинде тийиштүү институтка арызы менен кайрылышы керек. Медициналык маалымкаты болгон же институттун башкаруу кеңеши тарабынан жүйөлүү себеби кабыл алынган студенттер үчүн ара сынактын жана жыйынтыктоочу сынактын ордуна кайра тапшыруу сынагы өткөрүлөт. Бул сынактын өткөрүлө турган күнү жана орду ИМДБ/ИАСБ тарабынан аныкталат жана жарыяланат.
Магистратура жана докторантура программаларында орун алган сабактар боюнча кайра сынак тапшыруу укугу берилбейт. Студент начар окуган сабагын сабактарды каттоо учурунда кайра алса же ордуна башка сабакты тандап алса болот. Студенттер институттун башкаруу кеңешинин чечими менен жалпы академиялык орточо баллын жогорулатуу үчүн төмөн баага тапшырган сабактарын кайрадан алышса болот. Бул учурда алган акыркы баллы эсепке алынат.
Финалдык баллды эсептөө
25-берене.
Магистратура/докторантура программаларында ар бир семестрде кеминде бир ара сынак жана бир финалдык сынак өткөрүлөт. Бир сабак боюнча финалдык балл ошол сабакка тийиштүү ара сынак, семестр ичинде башка тапшырмалар боюнча алынган баллдар менен финалдык сынактын баллдарынын пайыздык катышынан түзүлөт. Финалдык баллды эсептөөдө семестр ичинде алган баллдардын 40%ы эске алынат.
Бир сабактын финалдык баллы бул сабак боюнча семестр ичинде аткарылган иштери боюнча студенттин жетишкендиги жана финалдык сынакта алган баллы эске алынып, бул сабакты берген окутуучу тарабынан (тамга системасындагы баллы менен кошо) абсолюттук жана салыштырмалуу баалоо системаларына ылайык бааланат жана сынак өткөрүлгөн күндөн тарта 7 күн ичинде институтка билдирилет.
Ар башка институттарда алынган сабактар боюнча жетишкендиги студент катталган институттун баллдарды баалоо системасына жараша бааланат жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен бекитилет.
Ар бир сабак үчүн төмөндө берилген таблицага ылайык семестрдик финалдык балл берилет. Бул балл магистратура үчүн кеминде СС, докторантура үчүн кеминде СВ болушу керек.
№1 таблица. Баалоо таблицасы
G : Кредитсиз сабактарды ийгиликтүү тапшырган студентке берилет.
K : Кредитсиз сабактарды начар тапшырган студентке берилет.
F1 : Семестр ичинде сабакка катышпаган студентке берилет.
F2 : Сабакка катышып жүрүп, жыйынтыктоочу сынакка кирбеген студентке (студенттин семестр ичинде аткарган тапшырмалары эске алынбайт) берилет.
GM : Семестр ичинде сынактарга катышпаган студентке берилет.
F1, F2 жана FF жалпы академиялык орточо баллына кошулат.
Сынак жыйынтыктарын жарыялоо жана апелляция берүү
26-берене.
1) Студенттер кирүү сынагынын жана тил сынагынын, ошондой эле катталган семестрдеги ара сынак менен жыйынтыктоочу сынактын жыйынтыктары боюнча апелляция бере алышат.
2) “Кирүү сынагы” же “тил сынагынын” жыйынтыктары боюнча апелляция сынактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып жети күн ичинде институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө берилиши керек. Сынакты өткөргөн комиссия тийиштүү сынактын жыйынтыктарын кайрадан карап чыгып, 7 күн ичинде тыянагын чыгарат жана жыйын-тыгын керектүү документтери менен институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө жиберет. Документтерди карап чыгууда техникалык ката табылган болсо, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен балл өзгөртүлөт.
3) Студент ара сынак жана финалдык сынактын жыйынтыктары боюнча апелляцияны сынактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып жети күн ичинде институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө бере алат. Институттун мүдүрлүгү тарабынан түзүлгөн, бир мүчөсү сынакты өткөргөн окутуучу болгон жана үч кишиден турган комиссия тийиштүү сынактын документтерин кайрадан карап чыгып, жети күн ичинде тыянагын керектүү документтери менен институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө жиберет. Карап чыгуунун натыйжасында техникалык ката табылган учурда, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен балл өзгөртүлөт.
Сынак жыйынтыгынын окутуучу тарабынан оңдолушу
27-берене. Окутуучу сынак жыйынтыгын оңдой турган болсо, тийиштүү сабактын жыйынтыгы жарыяланган күндөн тарта “жети күн” ичинде жүйөлүү себеби (автоматташтырылган системага ката баллды киргизүү, баллдарды туура эмес эсептөө ж.б.) көрсөтүлгөн арызын жана тийиштүү тиркемелерин институт мүдүрлүгүнө тапшырат. Катаны оңдоо институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ишке ашырылат.
Жалпы академиялык орточо баллы
28-берене.
Студенттин жалпы академиялык орточо баллын эсептөөдө 100 баллдык системадан төрт баллдык системанын баллына өткөрүү үчүн 25-беренедеги 1-таблица колдонулат.
Студенттин ар бир семестрдин аягында алган финалдык баллы менен жалпы орточо баллы эсептелип, жалпы академиялык орточо баллы аныкталат (GANO). Студенттин бир сабак боюнча алган жалпы кредит-сааттарынын көлөмү ошол сабакка тиешелүү кредит-сааттардын көрсөткүчтөрү семестрдин аягында алынган финалдык баллдын коэффициенттерине көбөйтүлүп аныкталат.
Орточо балл
29-берене. Бир семестрде сабактардын жалпы кредит-сааттарынын суммасы ушул сабактардын кредит-сааттарынын көрсөткүчтөрүнүн жалпы суммасына бөлүү жолу менен семестрдик орточо балл чыгарылат. Ал эми жалпы орточо балл сабактардын жалпы кредит-сааттарынын суммасы ушул сабактардын кредит-сааттарынын көрсөткүчтөрүнүн жалпы суммасына бөлүү жолу менен аныкталат. Келип чыккан орточо балл бөлчөк сан менен берилген учурда, ал жүздүккө чейин тегеректелет. Баллдарды эсептөөдө кайрадан окулган сабактар боюнча алынган эң акыркы баллдар эске алынып, студенттин транскриптинде дал ошондой көрсөтүлөт.
Сабакты кайра окуу
30-берене.
Студент начар баа алып өтпөй калган милдеттүү сабакты кайра окууга тийиш. Тандалма сабактарды начар окуган студент ошол начар окуган сабактын ордуна илимий жетекчисинин макулдугу жана ИМДБ/ИАСБнын чечими менен тандалма сабактардын бирин окуй алат. Студенттер жалпы орточо баллын жогорулатуу үчүн төмөн баага тапшырган кээ бир сабактарды кайрадан же/жана жаңы сабактарды окуй алышат. Баллды жогорулатуу максатында кайталап окулган сабактар боюнча алынган баллдар эң акыркы баллдар деп саналат.
Студенттик укуктар/сынакты тапшыруу укугун сактап калуу жана академиялык өргүүгө чыгуу
31-берене.
Каттоодон өтүү, сабактарга катышуу, практикалык иштерди аткаруу жана сынак тапшыруу сыяктуу милдеттердин бирин аткара албаган студентке катары же мезгил-мезгили менен илимий даярдык, тил боюнча даярдоо курсу, магистратурада окуу мөөнөтү жана кошумча мөөнөт ичинде эң көп эки семестрге чейин, ал эми докторан-турада окуу мөөнөтү жана кошумча мөөнөт ичинде эң көп төрт семестрге чейин төмөндө көрсөтүлгөн себептердин жана документтердин негизинде илимий жетекчи жана ИМДБ/ИАСБнын башчылыгынын макулдугу боюнча институттун башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык өргүү берилиши мүмкүн. Жүйөлүү себептер-ден улам бул мөөнөт уруксат берген институттун башкаруу кеңеши тарабынан узарты-лышы же кыскартылышы мүмкүн.
Ден соолукка байланыштуу академиялык өргүүгө чыгуу.
Окуу мөөнөтү ичинде саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан кеминде төрт жумалык медициналык маалымкат берилген студенттерге эң көп бир семестрге чейин, ал эми узак мөөнөттүү медициналык маалымкат берилген студенттерге эң көп эки семестрге чейин институттун башкаруу кеңешинин чечими менен уруксат берилет.
Студенттер маалымкат берилген күндөн тартып жети күндүн ичинде ден соолук абалын күбөлөндүргөн арыз жана документтери менен институттун мүдүрлүгүнө кайрылышы керек. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, арыздар каралбайт.
Атайын ооруканалардан башка медициналык мекемелерден алынган маалым-каттар университеттин ден соолук борбору тарабынан кабыл алынгандан кийин каралат.
Ден соолугуна байланыштуу уруксат алган студенттердин өргүү мөөнөтү бир айдан аз болуп калса, бул студенттер оорудан сакайып кеткенин билдирген учурда, институттун башкаруу кеңеши тарабынан академиялык өргүү мөөнөтү токтотулат жана тийиштүү студентке кайра каттоодон өтүү укугу берилет.
Жүйөлүү себептерден улам академиялык өргүүгө чыгуу.
Окуу-тарбия, илимий изилдөө ж.б.у.с. себептерге байланыштуу чет өлкөгө кетүүгө мажбур болгондор, алар менен бирге баргандар, табигый кырсыктардан жабыркагандар, соттун чечими болбой туруп камалгандар жана институттун башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган башка себептерден улам өзгөчө абалын күбөлөндүргөн студенттер институттун башкаруу кеңешинин чечими менен эки семестрге чейин академиялык өргүү ала алышат. Кызматтык ишине байланыштуу өлкө ичинде жумуш ордун алмаштырган же чет өлкөгө кеткендер бул укукту колдоно алышпайт.
Жүйөлүү себептен улам академиялык өргүү алган студент жүйөлүү себеби бүткөнүн билдирген учурда, академиялык өргүү мөөнөтү институттун башкаруу кеңеши тарабынан токтотулат жана студентке кайра каттоодон өтүү укугу берилет.
Аскердик милдетин өтөөгө байланыштуу академиялык өргүүгө чыгуу.
Аскердик милдетин өтөөгө даярданып жатканын документтер менен далилдеген жана бул абалды жазуу түрүндө институтка билдирген студентке аскердик милдетин өтөө мөөнөтүнө туш келген семестрлер үчүн институттун башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык өргүү берилет. Семестрдин ичинде академиялык өргүү берилген учурда, студент ушул семестрдин башталышынан тартып өргүү алды деп саналат.
Аскердик милдетин өтөөгө байланыштуу академиялык өргүү алган студенттер аскердик милдетин өтөп келген күндөн тарта бир айдын ичинде аскердик билети менен институтка кайрылып, кийинки алгачкы каттоо учурунда кайра катталса болот.
Материалдык жана үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу уруксат алуу.
Студенттин күтүлбөгөн (табигый кырсык, атасынын, энесинин, жубайынын, бир тууганынын же баласынын дүйнөдөн кайтышы ж.б.) жүйөлүү себептерден улам уруксат алуусу үчүн жүйөлүү себеп болгон күндөн тарта 15 күндүн ичинде жүйөлүү себебин көрсөткөн арызы жана тастыктаган документтери менен кошо институттун мүдүрлүгүнө кайрылган учурда, институттун башкаруу кеңеши студентке канча мөөнөттүк уруксат берүү тууралуу чечим чыгарат. Бул мөөнөттө берилбеген арыздар каралбайт жана жүйөлүү себеби кабыл алынса да, студент академиялык өргүүгө чыкты деп саналбайт. Уруксат берилген күндөрдө студенттин милдеттүү түрдө катышышы керек болгон сабактар профессор-окутуучуга жазуу түрүндө билдирилет.
Эки тараптуу келишим жана эл аралык байланыштар алкагындагы принциптерге ылайык, студенттерге белгилүү мөөнөткө өлкө ичинде же чет өлкөдө билим алуу үчүн институттун башкаруу кеңеши тарабынан уруксат берилет. Өлкө ичинде же чет өлкөдө өткөрүлгөн убакыт студенттин окуу мөөнөтүнө кошулар-кошулбасы тууралуу чечим институттун башкаруу кеңеши тарабынан чыгарылат.
2) Студенттер академиялык өргүү учурунда сабактарга жана сынактарга катыша алышпайт. Бул мөөнөт ичинде тапшырылган сынактар жараксыз болуп саналат.
3) Студенттер академиялык өргүүнүн аягында жана каттоо учурунда каттоодон өтүп, окуусун уланта алышат.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Магистратура программасы
32-берене.
Магистратура төрт жылдык жогорку окуу жайында бакалавр даражасындагы дипломго ээ болгон студенттердин кандайдыр бир илимий/көркөм өнөр багытында керектүү билим жана көндүмдөрүн бекемдөө жана тереңдетүү, ошондой эле илимий-изилдөө жүргүзүү же көркөм өнөр чыгарма жаратуу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу макса-тын көздөгөн ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы болуп саналат.
Магистратура программасы жалпы 21 кредит-сааттан аз болбогондой кеминде 7 сабактан, 1 семинардан, изилдөө практикасынан жана башка иш-чаралардан, диссер-тациялык ишинин темасына же багытына тиешелүү улуттук же эл аралык рецензия-ланган илимий журналдарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дареги менен жарыяланган же жарыялоого кабыл алынган кеминде 1 макаладан жана диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жазуу ишинен турат. Бир студенттин магистратурада окуу мөөнөтүндө ала турган милдеттүү жана тандалма сабактардын жалпы кредит-сааты 30дан ашпайт.
ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу менен институттун башкаруу кеңеши окуу дисциплиналары арасында бири-бирин толуктаган милдеттүү жана тандалма сабактардын ачылышы тууралуу чечим чыгара алат.
Магистратура программасы институтта жүзөгө ашырылган программалар боюнча же/жана университет ичинде, же болбосо өлкө ичинде/чет өлкөдө ЖОЖдор менен биргелешип жүргүзүлгөн программалардын алкагында да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мөөнөт
33-берене.
Магистратура программасын өздөштүрүү мөөнөтү төрт семестрден турат. Бул мөөнөт-түн эсептелинишинде илимий даярдык программасынын жана окутуу тили боюнча даярдоо курсунун мөөнөттөрү эсепке алынбайт.
Үч семестрдин соӊунда кредиттик сабактарын жана семинардык сабактарын начар тапшырган же жалпы академиялык орточо баллы 2.50дөн төмөн болгон студент институттан чыгарылат.
Кредиттик сабактарын, изилдөө практикасын жана семинарды ийгиликтүү тапшырып, бирок диссертациясын төртүнчү семестрдин аягына чейин бүтүрө албаган студентке төрт семестрдик мөөнөт аяктаганга чейин илимий жетекчинин пикири, тийиштүү кафедранын башчысынын сунушу жана институттун башкаруу кеӊешинин макулдугу менен эӊ көп кошумча 2 семестрдик мөөнөт берилет. Бул мөөнөттүн соӊунда да диссертациясын же көркөм өнөр чыгармасын бүтүрүп, жактай албаган студент институттан чыгарылат.
Арызы боюнча которулуп, экинчи семестрде диссертациялык ишин жаза баштаган студент үч семестрден кем болбогон окуу мөөнөтү ичинде магистратура программасын эрте бүтүрө алат. Которулган студенттин окуу мөөнөтүнүн аныкталышы, мурда алган сабактарынын кабыл алынышы ж.б.у.с. маселелер институттун башкаруу кеңеши тарабынан чечилет.
Магистрдик диссертациянын/көркөм өнөр чыгарманын план-проспекти
34-берене. Диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын темасы жана анын аталышы студент жана илимий жетекчи тарабынан аныкталат. Диссертациялык иштин жүрүшүн координациялоо жана пландаштыруу иши ИМДБ/ИАСБсы тарабынан ишке ашырылат. Студент сабактардын көлөмүн толук өздөштүргөн семестрдин аягында илимий жетекчинин макулдугу жана тийиштүү илимий/көркөм өнөр тармактары академиялык кеңешинин чечиминен кийин диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспектин институтка тапшырат. Студент бул семестрдин аягында сабактарын толук тапшырбай калган учурда, диссертациялык иштин план-проспекти кийинки семестрде каралат.
Магистрдик диссертациянын темасын өзгөртүү
35-берене. Диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгармасынын темасы институттун башкаруу кеӊешинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн. Диссертациялык иштин темасына өзгөртүү киргизүү студент жана анын илимий жетекчиси тарабынан жазуу түрүндө институтка билдирилет жана институттун башкаруу кеӊешинин чечими менен бекитилет. Диссертациялык иштин темасы өзгөртүлгөн студент институттун башкаруу кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийин кеминде бир семестр ичинде диссертациялык ишин өткөрө албайт.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма боюнча отчет
36-берене.
Тийиштүү ИМДБ/ИАСБы башчылыгы тарабынан диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын план-проспекти институттун башкаруу кеӊеши тарабынан кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирилген күндөн тарта студент академиялык календарда көрсөтүлгөн мөөнөттө диссертациялык иши боюнча отчет даярдап, илимий жетекчисине тапшырат. Студент диссертация жактоо сынагына кирүү үчүн диссер-тациялык иши боюнча даярдаган отчетторун ошол сабакты окуган ар бир семестрде тапшырып турууга тийиш. Студенттин отчеттору илимий жетекчи тарабынан каралат жана жакшы же начар деп бааланып, институттун мүдүрлүгүнө тапшырылат. Отчетун тапшырбаган же отчету начар деп бааланган студент ошол семестрде тийиштүү сабакты тапшыра алган жок деп саналат.
Отчету эки жолу начар деп бааланса, институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ал студент окуудан чыгарылат. Белгиленген мөөнөт ичинде семестрдик отчетун тапшырбаган студенттин отчету начар деп бааланат.
Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жазуу жана тапшыруу
37-берене.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма институттун башкаруу кеӊеши тарабынан аныкталган “Диссертациялык ишти жазуу боюнча нускамага” ылайык жазылат жана институт белгилеген санда жана формада ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин чечими менен институттун мүдүрлүгүнө тапшырылат.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма кыргыз тилинде же түрк тилинде жазылат жана бул тилдерге кошумча катары диссертациялык иштин кыскача мазмуну орус жана англис тилдеринде берилет.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма кыргыз тилинде жазылса, мазмуну түрк тилинде, түрк тилинде жазылса, мазмуну кыргыз тилинде болуп, институттун башкаруу кеӊеши тарабынан белгиленген форматта жазылат.
Чет тилин окуткан ИМДБ/ИАСБнын тийиштүү илимий/көркөм өнөр тармактарында диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгармасы ошол тилде жазылат. Мындай учурда диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын кеңири мазмуну “Диссертациялык ишти жазуу боюнча нускамада” белгиленген тартипте кыргыз жана түрк тилдеринде жазылып, диссертациялык ишке/көркөм өнөр чыгармага тиркелет.
Институт аныктаган форматка ылайык көбөйтүлгөн диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма жана диссертациялык ишинин темасына же багытына тиешелүү улуттук же эл аралык рецензияланган илимий журналдарда жарыяланган же жарыялоого кабыл алынган кеминде 1 макала расмий мөөнөт бүтөрдөн 15 күн мурун арызга тиркелип, институтка тапшырылат.
Институттун башкаруу кеӊеши тарабынан кабыл алынган жүйөлүү себеби болбогон, ошондой эле диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын белгиленген мөөнөт ичинде тапшырбаган студент институттан чыгарылат.
Тийиштүү студент диссертациялык иши жактоо сынагына кабыл алынардан мурун өз илимий ишинде плагиат жок экени жөнүндө отчет тапшырат.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма боюнча отчетту жактоо сынагынын комиссиясы
38-берене. Ар бир студент жактоо сынагына киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык мамлекеттик сынак тапшырууга тийиш. Мамлекеттик сынакты өткөрүү тартиби “Мамлекеттик сынактарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча нускамага” ылайык жөнгө салынат. Мамлекеттик сынак комиссиясы тийиштүү ИМДБ/ИАСБ башчылыгынын сунушу жана институттун башкаруу кеӊешинин чечими менен кеминде доктордук илимий даражасы бар окутуучулардан түзүлөт. Институттун башкаруу кеңеши тарабынан сунушталган комиссиянын курамы боюнча Окумуштуулар кеңеши чечим чыгарып, аны бекитүүгө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жиберет. Комиссиянын курамында студенттин илимий жетекчиси болуусу шарт. Экинчи илимий жетекчи мүчө боло албайт, бирок добуш берүү укугуна ээ болбостон, диссертациялык иш боюнча бардык жыйындарга катышып, өз ой-пикирлерин билдире алат.
Магистрдик диссертацияны/көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагы
39-берене.
Магистрант диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын комиссиянын алдында оозеки түрдө жактоосу шарт.
Магистрдик диссертация/көркөм өнөр чыгарма комиссия мүчөлөрүнө тапшырылган күндөн тарта эң эрте 7 иш күнү, эң кеч 45 күндүн ичинде аныкталган күнү, саатта жана аудиторияда комиссия мүчөлөрү чогулуп, диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма тууралуу пикирин чагылдырган өздүк отчетторун талкуулагандан кийин диссерта-циялык ишти жактоо сынагы башталат.
Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагы өтүлчү күнү жана жери институттун башкаруу кеңешинин чечиминен кийин илимий жетекчи тарабынан аныкталып, сынак күнүнөн 7 күн мурун жазуу түрүндө институтка маалымдалат жана институттун мүдүрүнүн чечими менен жарыяланат.
Комиссия мүчөлөрү диссертациялык ишке/көркөм өнөр чыгармага тиешелүү өздүк отчетторун жана сынак документтерин институтка тапшыруу үчүн жыйынга алып келишет. Жүйөлүү себептерден улам комиссияга катыша албаган комиссия мүчөлөрү жүйөлүү себептерин сынакка чейин илимий жетекчиге жана институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө билдиришет.
Жактоо сынагына жүйөлүү себептерден улам катыша албаган комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн ордуна тийиштүү ИМДБ/ИАСБ тарабынан кошумча тизмедеги мүчөлөр чакырылат. Комиссия мүчөлөрүнүн саны толук болбосо, жыйын өткөрүлбөйт. Жарыя-ланган күнү сынак болбой калган учурда, тийиштүү протокол түзүлүп, институтка маалымдалат жана 15 күндүн ичинде жактоо сынагы өткөрүлөт. Экинчи жолу да комиссия мүчөлөрү чогула албай калган учурда, институттун башкаруу кеңеши бул тууралуу тийиштүү чечим чыгарат.
Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагы бардык угуучуларга ачык өтүп, жактоодон жана талкуудан турат. Жактоо сынагы изденүүчүнүн диссер-тациялык иши боюнча билимин, ошондой эле анализ жана синтез жүргүзө билүү жөндөмдүүлүктөрүн баалоо максатын көздөп, 45-90 мүнөт болот.
Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагы бүткөндөн кийин комиссия жабык эшик артында талкуу жүргүзүп, бир добуштан кабыл алуу, оӊдоо же кабыл албоо тууралуу чечимин чыгарат. Комиссия мүчөлөрүнүн өздүк отчеттору менен комиссиянын чечими эӊ кеч 2 иш күн ичинде протокол менен кошо институт мүдүрлүгүнө жиберилет. Диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы кабыл алынба-ган студент институттан чыгарылат.
Диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы “оӊдолушу керек” деген чечим чыгарылган студент эӊ кеч 3 ай ичинде тийиштүү оңдоолорду киргизип, акыркы вариантын жактоо сынагынын күнүнөн эӊ кеч 7 күн мурун комиссияга, диссертациялык ишти тапшыргандыгы тууралуу протоколду институтка тапшырып, диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын комиссия алдында кайрадан жактайт. Бул сынактын жыйынтыгында да диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы кабыл алынбаган студент институттан чыгарылат.
Эреже катары комиссиянын курамы өзгөрүлбөйт. 3 ай ичинде тийиштүү оӊдоолорду киргизип, диссертациялык ишин жактай албаган студенттин диссертациялык иши кабыл алынган жок деп саналат.
Диссертациялык иш кабыл алынган учурда,тийиштүү протоколго комиссия мүчөлөрү кол коюшу зарыл. Көпчүлүк добуш менен кабыл алынган диссертациялык иштин протоколуна оппонент мүчө/мүчөлөр кол коюуга тийиш жана ошол эле протоколго каршы пикирин билдире алышат.
Диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы кабыл алынган студент комиссия мүчөлөрүнүн сунушу боюнча диссертациялык ишин толуктап, акыркы вариантын институттун «Диссертациялык ишти жазуу боюнча нускамасына» ылайык даярдап, мукабалатып, эң кеч 1 айдын ичинде институтка тапшырышы керек. Диссертациялык ишин тапшырбаган студентке карата университетти бүтүрүү аракеттери жүргүзүлбөйт.
Магистр даражасындагы диплом
40-берене.
Диссертация жактоо сынагын ийгиликтүү тапшырган ж.б. шарттарды аткарган студент диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы боюнча отчетун институттун башкаруу кеӊеши тарабынан көрсөтүлгөн санда жана сапатта мукабалатып, электрондук түрдө CD дискке жаздырылган көчүрмөлөрүн жана институт тарабынан талап кылынган документтерди диссертация жактоо сынагына кирген күндөн тартып, 1 ай ичинде тийиштүү институтка тапшырат. Студенттин диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы боюнча отчету талапка жооп берсе, ага магистр даражасы ыйгарылып, диплом берилет.
Магистр даражасындагы диплом катары түрк-англис жана орус-кыргыз тилдеринде даярдалуу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик үлгүдөгү диплому берилет. Мамлекеттик үлгүдөгү дипломдун формасы, көлөмү жана ага жазыла турган маалыматтар университеттин Окумуштуулар кеӊеши жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат. Түрк жана англис тилдеринде даярдалган дипломдордо студенттин аты-жөнү эл аралык деңгээлде таанылган документтерде (паспорт ж.б.) кандай жазылса, дал ошондой толук жазылышы керек.
Магистр даражасындагы дипломго студент бүтүргөн ИМДБ/ИАСБ программасынын аталышы жана бүтүрүүчүгө ыйгарылган илимий даража жазылат.
Бүтүрүүчүлөргө диплом тапшырылганга чейин магистуратураны бүтүргөндүгү тууралуу убактылуу маалымкат берилиши мүмкүн.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Докторантура/ассистентура-стажировка программасы
41-берене.
Докторантура/ассистентура-стажировка программасынын максаты – студенттин өз алдынча изилдөө жүргүзүү, илимий кубулуштарды терең изилдөө жана аларды иликтөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү; жаңы синтездерге жетүү үчүн зарыл илимий ыкмаларды колдоно билүү жөндөмүн калыптандыруу же бөтөнчө көркөм өнөр чыгармасын жаратуу, өзгөчөлөнгөн долбоор иштеп чыгуу, ошондой эле аткаруучулук жана чыгармачылык изденүүнү талап кылган концерт коюу же концертте соло аткаруу/башкаруу же сахна үчүн жазылган чыгарманы сахнада аткаруу жана башкаруу жөндөмдүүлүгүн калыптандырган көркөм өнөр чыгарманы жаратуу. Доктордук диссер-тациянын максаты – илимге жаңылык киргизүү, жаңы илимий ыкманы иштеп чыгуу же бар болгон ыкманы жаңы чөйрөдө колдоно билүү.
Докторантура программасы – окууга кабыл алынган докторант үчүн кеминде 21, эӊ көп 33 кредит-сааттык сабактардан, адистик сынактан, диссертациялык ишинин темасына же тармагы боюнча SCI,SCI-Exp, SSCI, AHCI, ESCI же Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган тармактык индекстелген журналдарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дареги менен жарыяланган же жарыялоого кабыл алынган, о.э. институттун башкаруу кеӊеши тарабынан бекитилген бир макаладан жана диссерта-циялык иштен турат.
Докторантура/ассистентура-стажировка программасы институтта окутула тургандай эле университеттин ичинде же өлкө ичиндеги/чет өлкөдөгү ЖОЖдор менен биргелешип иштелип чыккан программа боюнча да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Илимий даярдык программасындагы докторанттар зарыл учурларда илимий жетекчи-нин сунушу, ИМДБ/ИАСБнын макулдугу жана институттун башкаруу кеӊешинин бекитүүсү менен бакалавр программасындагы сабактарды ала алышат. Бирок бул сабактар докторантура үчүн керектүү болгон кредит-саатттардын жана сабактардын көлөмүнө кошулбайт.
Илимий жетекчинин сунушу менен магистратурада жана докторантурада окуп жаткан студенттер магистратура же/жана докторантура программаларындагы сабактарды тандай алышат.
Магистратурада окуу учурунда өздөштүрүлгөн докторантура программасындагы сабактар докторантура же ассистентура-стажировка программасындагы сабактар катары кредит-сааттардын көлөмүнө кошулбайт.
Ассистентура-стажировка программасы сабактардан, адистик сынактан, көркөм өнөр чыгарма жаратуу жана аны жактоо сынагынан турат.
Ассистентура-стажировкада билим берүү “дипломдук иш жазуу” же “ассистентура-стажировкада көркөм өнөр чыгарма жаратуу” менен жыйынтыкталат.
Мөөнөт
42-берене.
Докторантура/ассистентура-стажировка программасын бүтүрүү мөөнөтү магистр даражасы менен кабыл алынган студенттер үчүн кеминде 7 семестрди, ал эми бакалавр даражасы менен кабыл алынган студенттер үчүн кеминде 10 семестрди түзөт.
Докторантурада окуй баштаган жана сабактарын жакшы өздөштүргөн, адистик сынакты ийгиликтүү тапшырган жана диссертациялык ишинин план-проспекти кабыл алынган, бирок 8 семестрдин аягына чейин диссертация жактоо сынагына кире албаган студентке 8 семестрдик мөөнөт бүткөнгө чейин тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеӊешинин сунушу жана институттун башкаруу кеӊешинин макулдугу менен эӊ көп 4 семестрдик кошумча мөөнөт берилиши мүмкүн.
Докторантура/ассистентура-стажировка магистр даражасы менен кабыл алынган студент сабактардын минималдуу кредит-сааттык көлөмү алтынчысеместрдин; ал эми бакалавр даражасы менен кабыл алынган студент сабактардын минималдуу кредит-сааттык көлөмүн сегизинчи семестрдин аягына чейин ийгиликтүү тапшыра албаса, институттан чыгарылат.
Окуу мөөнөтү ичинде сабактарын ийгиликтүү тапшыра албаган же жалпы академиялык орточо баллы 3.00дөн төмөн болгон студент институттан чыгарылат.
Докторантура/ассистентура-стажировкада аттестация жана адистик сынак
43-берене. Адистик сынактын максаты - студенттин окуу материалын жана доктордук диссертациясына тиешелүү темаларды өздөштүрүү деңгээлин аныктоо болуп саналат. Кредит-сааттарын ийгиликтүү өздөштүргөн жана талап кылынган жалпы академиялык орточо баллга ээ болгон студенттер берген арыздары боюнча адистик сынакка кире алышат. Магистр даражасындагы диплом менен докторантурага кабыл алынган ар бир студент эӊ кеч бешинчи семестрде адистик сынакка кирүүгө тийиш. Бирок докторантура программасында окууну баштоодон мурда өзгөчө статустагы студент катары же башка жол менен алынган жана институттун башкаруу кеӊешинин чечими менен өзү катталган институттун программасынын ичинде орун алган сабакка/сабактарга эквиваленттүү деп эсептелинген сабактарды жана керектүү кредит-саат көлөмүн өздөштүргөн, жалпы академиялык орточо баллга ээ болгон студенттер биринчи семестр аяктагандан кийин адистик сынакка кире алышат. Төрт жылдык бакалавр даражасы менен докторантурага кабыл алынган студенттер жетинчи семестр аяктаганга чейин адистик сынакты тапшырууга милдеттүү.
Докторантура/ассистентура-стажировкада адистик сынак өткөрүү боюнча комиссия
44-берене.
Докторантура/ассистентура-стажировкада адистик сынак өткөрүү боюнча комиссиясы тийиштүү ИМДБ/ИАСБ башчылыгы тарабынан сунушталган 3 негизги жана 2 кошумча мүчө профессор-окутуучулардын ичинен түзүлөт. Комиссиянын мүчөсүнүн бирөө башка жогорку окуу жайдан же институттагы башка багыты жакын бөлүмдөрүнөн дайындалат. Окутуучулар (профессор-окутуучу) жок болгон учурда доктордук илимий даражасы бар ага окутуучулар да адистик сынак өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө дайындалышы мүмкүн.
Докторантура/ассистентура-стажировкада адистик сынак өткөрүү боюнча комиссия институттун ИМДБ/ИАСБна ылайык, ошондой эле докторантура программасына да ылайык түзүлүшү ыктымал.
Докторантура/ассистентура-стажировкада адистик сынак
45-берене.
Билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн докторант ошол семестр ичинде адистик сынакка кирет. Адистик сынак жылына эки жолу март-май жана октябрь-декабрь айларында өткөрүлөт. Адистик сынакка катышкысы келген студент сынак мезгилинде бул тууралуу институттун жетекчилигине жазуу түрүндө билдириши зарыл. Докторантура/ассистентура-стажировкада адистик сынак жазуу жана оозеки түрүндө болуп, эки этаптан турат.
Адистик сынакты ийгиликтүү тапшыруу үчүн студент жазуу жана оозеки жүзүндөгү сынактардын ар биринен 100 баллдан кеминде 70 балл алышы керек. Бул сынактардын бирин тапшыра албаган студент адистик сынактан өтпөйт жана кийинки сынак мезгилинде ошол эле курамдагы комиссияга жазуу жана оозеки жүзүндөгү сынактарды тапшырат. Сынак комиссиясы жазуу жана оозеки жүзүндөгү сынактардын жыйынтыктары боюнча баалоо жүргүзүп, тийиштүү чечим кабыл алат. Бул чечим ИМДБ/ИАСБнын башчылыгы тарабынан адистик сынак өткөрүлгөн күндүн эртеси күнү тийиштүү институтка протокол түрүндө тапшырылат.
Адистик сынакты тапшыра албаган же кандайдыр бир себептен улам сынакка кирбей калган студент кийинки сынак мезгилинде кайрадан сынакка кирүүгө тийиш. Бул сынакты да тапшыра албаган же сынакка катышпаган студент институттан чыгарылат.
Аттестациялык комиссия
46-берене.
Сабактарды өздөштүргөн, адистик сынакты ийгиликтүү тапшырган жана диссерта-циялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспекти кабыл алынган студент аттестациялык комиссиянын контролу астында диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы боюнча отчётун даярдап, аны жактоо сынагына кирүүгө милдеттүү.
Адистик сынакты ийгиликтүү тапшырган студент үчүн тийиштүү ИМДБ/ИАСБ жетекчилигинин сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен адистик сынак өткөрүлгөн күндөн тартып, бир айдын ичинде аттестациялык комиссия түзүлөт.
Аттестациялык комиссия үч профессор-окутуучудан түзүлөт. Комиссиянын курамына илимий жетекчиден башка тийиштүү ИМДБ/ИАСБ ичинен же сыртынан бирден мүчө кирет. Экинчи илимий жетекчи жана башка университтер менен биргелешип жүргүзүлгөн билим берүү программалары боюнча башка университет тарабынан дайындалган илимий жетекчи комиссиянын жыйынына катыша алат.
Тийиштүү ИМДБ/ИАСБнын сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин макулдугу менен аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү алмаштырылышы мүмкүн.
Диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын план-проспектин жактоо
47-берене.
1) Сынактарды ийгиликтүү тапшырган студенттер изилдөөнүн максатын, ыкмасын жана иштөө планын өз ичине камтыган диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспектин даярдап, аны жарым жылдын ичинде аттестация комиссиясынын алдында оозеки түрдө жактайт. Докторант диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспектине тиешелүү отчетту сынак күнүнөн жети күн мурун илимий жетекчисине жана комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырат. Сынак комиссиясынын мүчөлөрү диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын план-проспектине салым кошо алышат. Сынактын аягында комиссия план-проспектти кабыл алат же кабыл албайт. Чечимдер жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынып, 3 иш күнү ичинде тийиштүү протокол менен ИМДБ/ИАСБ тарабынан институт мүдүрлүгүнө жиберилет.
2) Диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспекти кабыл алынбай калган студент жаңы илимий жетекчини жана диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын темасын тандоо укугуна ээ. Мындай учурларда аттестациялык комиссия кайрадан түзүлүшү мүмкүн. Илимий ишин мурунку темада жана мурунку жетекчи менен уланткысы келген студенттер 3 ай ичинде, ал эми илимий жетекчисин жана диссертациянын темасын алмаштыра турган студенттер 6 ай ичинде кайрадан диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспектин жактоо сынагына киришет. Диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспектин жактоо сынагын экинчи жолу начар тапшырган студент институттан чыгарылат.
Диссертациялык иштин жүрүшү боюнча отчеттор
48-берене.
Диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын план-проспекти кабыл алынгандан кийин аттестациялык комиссия жылына эки жолу - январь-июнь жана июль-декабрь айларында чогулат. Студент комиссиянын жыйынынан жети күн мурун комиссиянын мүчөлөрүнө жазуу түрүндө отчётун тапшырат жана бул отчётту комиссиянын жыйы-нында оозеки түрдө жактайт. Студент бул отчетунда ошол күнгө чейин аткарган жана андан кийин аткара турган иштери жөнүндө кыскача маалымат берет. Студенттин диссертациялык иши комиссия тарабынан жакшы же начар деп бааланат. Студент диссертациялык ишти жактоо сынагына кирүү үчүн аттестация комиссиясына кеминде төрт отчет берип, алардын үчөөсүн жакшы тапшырышы керек. Бул отчетторду тапшыр-баган же отчету начар деп бааланган студенттин диссертациялык иши ошол семестрде начар деп эсептелет.
Чет өлкөдөгү университеттер менен биргелешип жүргүзүлгөн билим берүү программа-ларындагы студенттер же диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын чет өлкөдө даярдоого (аткарууга) уруксат берилген студенттердин илимий жетекчиси же аны жөнөткөн окуу жайдан дайындалган экинчи илимий жетекчи аттестациялык комиссия тарабынан даярдалган отчёттун негизин түзө турган диссертациялык иш тууралуу отчетту комиссиянын жыйынына чейин ИМДБ/ИАСБга жөнөтөт. Бул отчёттун комис-сияга жиберилишине ИМДБ/ИАСБ жооптуу болот. Аттестация комиссиясы бул отчетту карап чыгып, өзүнүн отчетуна тиркейт.
Студенттин аткарган иштери комиссия мүчөлөрү тарабынан ийгиликтүү же начар деп бааланат. Комиссиянын отчету ИМДБ/ИАСБ тарабынан өткөрүлгөн жыйындын эртеси күнү институттун мүдүрлүгүнө жиберилет. Диссертациялык иштин план-проспекти кабыл алынгандан кийин отчет аттестация комиссиясынын алты айда өткөрүлчү жыйынында каралат. Диссертациялык иш катары менен эки жолу же бардыгы болуп үч жолу начар деп бааланган студент институттан чыгарылат.
Диссертациялык иштин жүрүшүн көзөмөлдөөнүн жыйынтыгы боюнча диссертациянын темасын өзгөртүү зарылдыгы келип чыккан учурда, комиссия бул тууралуу отчет даярдап, институтка тапшырат. Бул отчет ИМДБ/ИАСБ тарабынан бекитилгенден кийин институттун башкаруу кеңеши тарабынан каралып, диссерта-циянын темасы инститтун башкаруу кеңешинин чечими менен өзгөртүлөт. Институттун башкаруу кеӊешинин чечими боюнча жаӊы комиссия түзүлүшү мүмкүн. Диссертациянын темасы өзгөргөн студент окуу мөөнөтү ичинде кайрадан диссертациялык ишинин план-проспектин жактоо сынагына кирүүгө жана кеминде эки жолу диссертациялык иши боюнча отчетун ийгиликтүү тапшырууга тийиш.
Диссертациялык ишти жазуу/көркөм өнөр чыгарманы аткаруу жана тапшыруу тартиби
49-берене.
Сабактарын жана адистик сынактарын ийгиликтүү тапшырган жана диссертациялык ишинин/көркөм өнөр чыгармасынын план-проспекти кабыл алынган студенттер диссертациялык ишин же көркөм өнөр чыгармасы боюнча отчетторун бул нускамада көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде даярдашат.
Студент диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын тийиштүү институттун диссертациялык иш жазуу эрежелерине ылайык даярдоого, өзүнүн билим берүү программасына тиешелүү окутуу тилдеринин биринде жазууга жана комиссиянын алдында оозеки жактоого тийиш.
Институт диссертациялык иштин/көркөм өнөр чыгарманын эң жогорку илимий деңгээлде жана этикалык нормаларга ылайык даярдалышына шарт түзөт жана институттун башкаруу кеңеши диссертациялык ишти жазуу процессине тиешелүү ар түрдүү маселелерди иликтейт. Бул максатта диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма жөнүндө тийиштүү кагаздарды талап кылышы мүмкүн.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма кыргыз же түрк тилинде, ал эми кыскача мазмуну кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде жазылышы керек. Мындан тышкары ага институттун башкаруу кеӊеши тарабынан иштелип чыккан “Диссертация-лык иш жазуу боюнча нускамага” ылайык даярдалган жана изилдөө иши жөнүндө кеңири баяндаган отчет кыргыз жана түрк тилдеринде жазылып, тиркелиши керек. Чет тилин окуткан ИМДБ/ИАСБда диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма тийиштүү чет тилинде жазылат.
Докторантура программасын бүтүрүү үчүн институттун тийиштүү жобосунда аныкталган эрежелерге ылайык жазылган жана көбөйтүлгөн диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма аныкталган мөөнөттүн аягына чейин арызга тиркелип, институттун мүдүрлүгүнүн кароосуна жиберүү үчүн ИМДБ/ ИАСБга тапшырылат.

Институттун башкаруу кеӊеши тарабынан жүйөлүү деп кабыл алынган бир дагы себеп болбосо, диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын өз убагында институтка тапшырбаган студент институттан чыгарылат.
Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жактоо боюнча сынак комиссиясы
50-берене.
Диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгарма боюнча сынак комиссиясы ИМДБ/ИАСБнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
Комиссиянын курамы 3 профессор-окутуучудан, негизги жана кошумча мүчөлөрдөн туруп, кеминде бири башка ЖОЖдон же ИМДБ/ИАСБдан болуп, беш негизги жана эки кошумча профессор-окутуучудан түзүлөт. Студенттин экинчи илимий жетекчиси сынак комиссиясынын мүчөсү боло албайт, бирок добуш берүү укугуна ээ болбостон, диссертациялык иш боюнча бардык чогулуштарга катышып өз ой-пикирин билдире алат. Комиссияны түзүү үчүн тийиштүү ИМДБ/ИАСБ башчылыгы институтка диссертациялык ишти тапшыруу формасы менен чогуу илимий жетекчи менен диссертациялык ишти кароо комиссиясынын мүчөлөрүнөн сырткары ИМДБ/ИАСБнын ичинен эки, башка ЖОЖдон жана/же ИМДБ/ИАСБдан сырткары эки, бардыгы болуп 7 профессор-окутуучуну комиссиянын мүчөлүгүнө сунуштайт. Институттун башкаруу кеңеши сунушталган профессор-окутуучулардын ичинен сынак комиссиясын түзөт. Сунушталган комиссия мүчөлөрүнүн адистик багыттары студенттин диссертациялык ишинин темасы менен шайкеш болушу керек.
Доктордук диссертацияны/көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагы
51-берене.
Комиссия мүчөлөрү диссертациялык иш өздөрүнө тапшырылган күндөн тарта эң эрте он беш күн, эң кеч бир айдын ичинде жактоо сынагын өткөрүүгө тийиш. Жүйөлүү себептерден улам жактоо сынагына катыша албай турган комиссия мүчөлөрү диссерта-циялык иш өздөрүнө тапшырылган күндөн тарта 7 күндүн ичинде жүйөлүү себептерин институттун мүдүрлүгүнө жазуу түрүндө билдиришет.
Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагы өткөрүлчү күнү илимий жетекчи тарабынан аныкталып, аны кулактандыруу максатында 7 күн мурун институт-тун бекитүүсүнө жазуу түрүндө жиберилет. Диссертациялык ишти/көркөм өнөр чыгар-маны жактоо сынагы диссертациялык ишти жактоодон жана 60 мүнөттүк талкуудан турат. Диссертациялык ишти жактоо сынагы ачык өтүп, каалаган угуучулар катыша алышат.
Диссертациялык ишти жактоо сынагына жүйөлүү себептерден улам катыша албаган комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн ордуна тийиштүү ИМДБ/ИАСБ тарабынан кошумча тизмедеги мүчөлөр чакырылат. Комиссия мүчөлөрүнүн саны толук болбосо, жыйын өткөрүлбөйт. Жарыяланган күнү комиссиянын жыйыны болбой калган учурда, ИМДБ/ ИАСБ тарабынан протокол түзүлүп, институтка маалымдалат. Бул боюнча институттун пикири алынып, 15 күндүн ичинде экинчи жыйын өтүлчү күн аныкталат.
Экинчи жолу да комиссия мүчөлөрү чогула албай калган учурда, институттун башкаруу кеңеши бул тууралуу тийиштүү чечим чыгарат.
Диссертациялык ишти/көркөм көркөм өнөр чыгарманы жактоо сынагынын комиссия мүчөлөрү докторанттын диссертациялык ишин жана илимий басылмасын/басылма-ларын карап чыгып, толук отчётторун даярдашат. Комиссия мүчөлөрү бул отчетторунда көпчүлүк добуш менен “ийгиликсиз”, “начар” же “оӊдолушу керек” деген чечим чыгарышат. Бул отчет комиссиянын төрагасы тарабынан жактоо сынагы өткөрүлгөн күндөн тарта 3 күндүн ичинде протокол жана сынак документтери тийиштүү институтка тапшырылышы керек. Сынакты начар тапшырган студент институттан чыгарылат.
Диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы кабыл алынган докторант комиссия мүчөлөрүнүн сунушу боюнча илимий ишин толуктап, акыркы вариантын институттун “Диссертациялык иш жазуу боюнча нускамасына” ылайык даярдап, мукабалатып, 1 айдын ичинде институтка тапшырышы керек.
Диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы “оӊдолушу керек” деген чечим чыгарыл-ган докторантка институттун башкаруу кеӊешинин чечими менен кошумча алты айлык мөөнөт берилет. Бул мөөнөт ичинде студент тийиштүү оңдоолорду киргизип, ИМДБ/ ИАСБ тарабынан институтка билдирилген күнү жана жерде диссертациялык ишин/ көркөм өнөр чыгармасын комиссиянын алдында кайрадан жактайт. Бул жактоо сынагынын аягында да диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы кабыл алынбаган студент институттан чыгарылат. Эреже катары комиссиянын курамы өзгөрүлбөйт.
Докторантура жана ассистентура-стажировкада адистик диплому
52-берене.
Диссертациялык ишти жактоо сынагын ийгиликтүү тапшырып, башка талап-шарттарды да аткарган студент диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгармасы боюнча отчетун институттун башкаруу кеӊеши тарабынан белгиленген нускада жана сапатта мукабала-тып, CDге жазылган электрондук көчүрмөсүн жана башка талап кылынган документтер менен кошо жактоо сынагынан кийин бир ай ичинде институтка тапшырат. Диссерта-циялык иши/көркөм өнөр чыгармасы боюнча отчету формасы жагынан талапка жооп берген студентке диплом берилет.
Студенттин докторантура/ассистентура-стажировка дипломунда тийиштүү ИМДБ/ ИАСБнын билим берүү программасынын аталышы жана илимий даражасы көрсөтүлөт.
Бүтүрүүчүлөргө дипломдору берилгенге чейин убактылуу маалымкат берилет.
Дипломдун формасы бул Нускаманын жоболору жана Окумуштуулар кеӊешинин чечимдери менен аныкталат.
ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
Башка жоболор
Дипломдордун таанылышы
53-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан берилген дипломдор Кыргыз Республикасында жана Түрк Республикасында тийиштүү багытта жана деңгээлде билим берген ЖОЖдордун дипломдорундай эле эл аралык деңгээлде таанылып, диплом ээлерине бирдей укуктарды берет.
Тартипти жөнгө салуу
54-берене. Магистранттардын жана докторанттардын тартибин көзөмөлдөө жана териштирүү иштери тийиштүү институт тарабынан “КТМУнун студенттеринин тартиби боюнча нускамасына” ылайык аткарылат.
Плагиат
55-берене. Диссертациялык иши/көркөм өнөр чыгармасы боюнча берген отчётторунда жана башка илимий иштеринде плагиат орун алгандыгы жана этикалык нормаларды бузгандыгы аныкталса, студент окуудан чыгарылат. Бул маселе боюнча институттун башкаруу кеңеши тарабынан курамы 3 профессор-окутуучудан турган комиссия түзүлүп, бул комиссия тийиш-түү иш-чараларды жүргүзүп отчетун даярдайт.
Диссертациялык ишти жарыялоо
56-берене. Университеттин макулдугу болбой туруп, диссертациялык иштин, долбоордун, көркөм өнөр чыгарманын жана эмгектин толук же кайсы бир бөлүгү эч ким жана эч бир мекеме тарабынан жарыяланбоого тийиш. Кабыл алынган диссертациялык иш, долбоор, көркөм өнөр чыгарма жана эмгектин толук же кайсы бир бөлүгү университет тарабынан өлкө ичинде же чет өлкөдө, ошондой эле электрондук түрдө жарыяланган учурда авторго автор-дук гонорар төлөнбөйт.
Нускамада каралбаган жагдайлар
57-берене. Бул нускамада каралбаган жагдайлар Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Күчүн жоготкон нускама жана ага тиешелүү университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими
58-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2015-жылдын 7-апрелиндеги 2015-07.29-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин магистратура жана докторантура программалары боюнча билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы” жана ага тиешелүү Окумуштуулар кеңеши жана Башкаруу кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер күчүн жоготту деп табылды.
Күчүнө кириши
59-берене. Бул нускама Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
60-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
№ 2 таблица
ALES баллы же GRE/GMAT сынактарынан алынган баллдардын жазуу түрүндөгү сынактын ордуна кабыл алына турган ALESке эквиваленттүү баллы:
* GRE/GMATтын ALESке эквиваленттүү баллы “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин
GRE-GMAT-ALES сынактары боюнча эквиваленттүүлүк таблицасына” ылайык аныкталат.
** Бул баллдар y=(2х ALESке эквиваленттүү балл + 100)/3 формуласы менен эсептелет.
Бул нускаманын 41-беренесинин 2-пунктундагы кредит-сааттарга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы 2021-12.62 (b) номерлүү чечими менен өзгортүүлөр киргизилген.
Бул нускаманын 42-беренесинин 3-пунктуна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2021-жылдын 17-июнундагы 2021-09.43 (d) номерлүү чечими менен өзгортүүлөр киргизилген.
Бул нускаманын 32/2 жана 37/5 беренелерин университетке мурда жана 2019-2020-жылы катталган студенттерге карата, ал эми 41/2 беренесин 2019-2020-окуу жылынан тарта катталган студенттерге карата колдонуу максатында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2020-жылдын 29-майындагы 2020-11.039-номерлүү чечими менен өзгөртүүлөр киргизилген.
Бул нускаманын 19-беренесинин 5-пунктуна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2020-жылдын 27-февралындагы 2020-03.019 номерлүү чечими менен өзгортүүлөр киргизилген.
Бул нускаманын 41-беренесинин 2-пунктуна Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2019-жылдын 28-майындагы 2019-09.39 номерлүү чечими менен өзгортүүлөр киргизилген.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2017-жылдын 16-майындагы 2017-09.45 (а)-номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешинин 2015-жылдын 7-апрелиндеги 2015-07.29-номерлүү чечими менен кабыл алынган.