| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ (ЖАҢЫ) |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 22 |
| Кабыл алганы | 01.06.2021 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖОЖдон КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ (ЖАҢЫ)
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана негизги түшүнүктөр
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты-Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институттары тарабынан ишке ашырылган ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча негиздерди аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу институттарда жүзөгө ашырылган магистратура, докторантура жана ассистентура-стажировка программаларынан турган ЖОЖдон кийинки билим берүүгө байланыштуу жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тийиштүү беренелеринин негизинде иштелип чыккан.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулган:
Академиялык календарь: ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын ар бир семестриндеги академиялык иш-чаралардын даталарын камтыган календарды;
ALES: Академиялык кызматкерлердин жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын кирүү экзаменин;
Изилдөө практикасы: ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы боюнча диссертациялык ишти жазууга даярдык катары күзгү жана жазгы семестрлерде өткөрүлгөн практикалык сабакты;
АKTS: Европалык кредит которуу жана топтоо тутумун;
Кирүү сынагы: Магистратура жана докторантура программаларына тапшыруу үчүн жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлгөн сынактарды;
Илимий жетекчи: Институтта катталган магистрант/докторант/ассистент-стажерлордун диссертациялык иш/көркөм өнөр чыгармасын жазуу учурунда жетекчилик кылуу үчүн дайындалган окутуучуну;
Доктордук квалификациялык сынак: докторанттын/ассистент-стажердун тармагы боюнча негизги темаларды жана түшүнүктөрдү билүүсүн, илимий жөндөмдүүлүгүн, жана көндүмдөрүн баалоо үчүн өткөрүлгөн сынакты;
ИИТ/ИКТ (институттун илимий тармагы/институттун көркөм өнөр тармагы) ИИТ/ИКТ: Институтта ачылган ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларындагы илимий тармактарды / көркөм өнөр тармагын;
ИИТ/ИКТнын академиялык кеңеши: тийиштүү ИИТ/ИКТнын толук айлык акы алган илимий даражасы жана илимий наамы бар жогорку квалификациялуу окутуучулардан жана ага окутуучулардан түзүлгөн кеңешти;
Институт: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү институттарын;
Институттун башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин институтунун башкаруу кеңешин;
Экинчи илимий жетекчи: Магистрант/докторант/ассистент-стажерлордун диссертациялык иши/ көркөм өнөр чыгармасы боюнча дайындалган экинчи илимий жетекчини;
GMAT: Graduate Management Admission Test сынагын;
GRE: Graduate Record Examination сынагын;
Плагиат: Башка бирөөнүн ой-пикирлерин, ыкмаларын, маалыматтарын, колдонмолорун, жазууларын, график-схемаларын, чыгармаларын илимий эрежелерге ылайык шилтеме бербей туруп жарым-жартылай же толугу менен өз менчик интеллектуалдык маалыматы, чыгармасы катары жалпыга жаюуну, басып чыгарууну;
Кредит: ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын жумалык теориялык жалпы саатына аптадагы практикалык же лабораториялык сааттардын жарымын кошкондогу кредит сааттардын суммасын;
Камкорчулар кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешин;
ϴТЖБ: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борборун;
Программа: магистр, докторант/ассистент-стажер окумуштуулук даражасын берүүгө багытталган белгилүү өлчөмдөгү жана белгилүү бир мазмундагы милдеттүү жана тандалма курстар менен катар, докторлук диссертацияны/көркөм өнөр чыгармасы боюнча сынакты жана практикалык иштерди камтыган окуу планын;
Ректорат: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректоратын;
Семинар: ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында студент диссертацияга даярдануу максатында өзүнүн илимий жетекчисинин же атайын дайындалган окутуучунун жетекчилиги астында даярдалган теманы кеӊири аудиториянын алдында сунуштаган эмгегин;
Окумуштуулар кеӊеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеӊешин;
TР ϴТЖБ: Түркия Республикасынын ϴлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борборун;
Диссертациялык иш: Магистрдик диссертация, докторлук диссертация/искусство боюнча чеберчилик ишин;
Диссертациялык ишти кароо комиссиясы: Докторанттын/ассистент-стажердун диссертациялык ишинин план-проспектине баа берүү, аларга илимий кеӊеш берүү, багыт көрсөтүү жоопкерчилигин алган жогорку квалификациялуу окутуучулардан / окутуучулардан турган комиссияны;
Эл аралык студент: Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан башка өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларын бүтүргөн чет өлкөлүк студентти, ошондой эле окутуу тили кыргыз тили жана/же түрк тили болбогон Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларын бүтүргөн студентти;
Аралыктан окутуу: Окутуучулар жана студенттер университетке келбестен, аудио-видео санарип технологиялардын негизинде он-лайн сабак өтүүнү камсыз кылган билим берүү ыкмасы;
Университет: Кыргыз-Түрк “Манас” университетин;
Башкаруу кеңеши: Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңешин;
Чет элдик жаран: Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан башка өлкөнүн жаранын;
Семестр: Башталуу жана аяктоо күндөрү ар бир окуу жылында Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган күзгү жана жазгы семестрлердеги окуу процессин;
Чет өлкөдөгү илимий практика: Докторантура учурунда чет өлкөдөгү илимий изилдөө стажировкасын;
Чет өлкөлүк илимий жетекчи: Чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде иштеген окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар окутуучуну түшүндүрөт.
ЭКИНЧИ БϴЛΥМ
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ачуу, программага тапшыруу жана студенттерди кабыл алуу
Окутуунун тили жана формасы
5-берене.
Магистратура программаларында окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.
Зарыл учурларда ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу, институттун кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу менен ылайыктуу деп табылган сабактар окутуу тилинде да, чет тилинде да берилиши мүмкүн. Чет тилинде берилген сабактын практикалык сабактары жана сынактары ошол эле тилде өткөрүлөт.
Диссертациялык иш илимий жетекчисинин арызынын негизинде ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен чет тилинде жазылышы мүмкүн.
ЖОЖдон кийинки билим берүү толугу менен чет тилинде жүргүзүлүүчү программаларда магистрдик диссертация, докторантура квалификациялык сынагы, диссертация/көркөм өнөр чыгармасын жактоо сынагы жана отчеттор ошол чет тилинде жүргүзүлөт.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында билим берүү окутуунун күндүзгү формасында жүргүзүлөт. Окумуштуулар кеӊешинин чечими менен аралыктан окутуу сыяктуу ийкемдүү варианттарга да уруксат берилет.
Программанын ачылышы
6-берене.
ИИТ/ИКТнын алкагында ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу, институттун Башкаруу кеӊешинин чечими, Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу жана Камкорчулар кеңешинин чечими менен ачылат. Ачыла турган ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын аталышы ИИТ/ИКТ менен бирдей аталышта болот.
Дисциплиналар аралык программа институттун жетекчилигинин сунушу, Окумуштуулар кеӊешинин чечими жана Камкорчулар кеңешинин макулдугу менен ачылышы мүмкүн. Дисциплиналар аралык программа программага туура келген ИИТ/ИКТнын жетекчилиги астында изилдөө тармагы дисциплиналар аралык программага байланыштуу болот жана университетте толук айлык акы алган окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар тарабынан жүргүзүлөт.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жергиликтүү жана чет өлкөлөрдүн башка жогорку окуу жайлары менен биргелешип ачып, жүзөгө ашырса болот. Биргелешкен программанын штаты тараптар болгон университеттердин программалык чөйрөсүндө штаттык компетенттүү окутуучулардан түзүлөт. Программа тараптардын клиникасын, лабораториясын, устаканаларын ж.б. билим берүү жана окутуу мүмкүнчүлүктөрүн биргелешип пайдалануу жана институттардын координациялоосу аркылуу ишке ашырылат.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Өзгөртүүлөр ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушунун жана институттун кеңешинин чечиминин негизинде Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу менен киргизилет.
Магистратура программасы ИИТ/ИКТда толук айлык акы алган окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар кеминде 3 окутуучу (алардын бирөөсү профессор же доцент болушу керек) болгон учурда ачылышы мүмкүн.
Докторантура программасын ачуу үчүн ИИТ/ИКТда толук айлык акы алган кеминде беш окутуучу, алардын экөөсү профессор, же болбосо бир профессор жана эки доцент болуусу шарт.
Университетте ЖОЖдон кийинки билим берүү программасын ачуу үчүн окутуунун талаптарына жооп берген тийиштүү клиника, лаборатория, устакана, китепкана ж.б. болушу керек.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программасын ачуу сунушу, ачуунун себептери, программанын квалификациясы, программага тапшыруу жана бүтүрүү шарттары, ар бир семестрде окутула турган милдеттүү жана тандалма сабактардын коддору, аталыштары, сааттары, кредиттери, АКТС, сабактын мазмуну, натыйжалары жана сабакты бере турган окутуучулардын резюмелери, ошондой эле жарыяланган басылмалардын тизмелери чогуу даярдалат.
Жаңы сабакты киргизүү
7-берене. ИИТ/ИКТда ачыла турган сабакты бере турган окутуучу төрт тилде (кыргызча, түркчө, англисче, орусча) сабактын атын, кредитин, саатын, AКТС, мазмунун, булактарды жана сабактын натыйжасын камтыган арыз менен ИИТ/ИКТнын жетекчилигине кайрылат. Сабак ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу, институттун башкаруу кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеӊешинин бекитүүсү менен ачылат.
Квоталарды аныктоо
8-берене. ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына кабыл алына турган студенттердин квотасын аныктоодо программанын өзгөчөлүгү, мүмкүнчүлүктөрү, окутуучулардын талаптары жана илимий жетекчилик кылуу жүгү эске алынуу менен ИИТ/ИКТнын академиялык кеӊешинин сунушу, институттун Башкаруу кеңешинин чечими, Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу жана Камкорчулар кеңешинин бекитүүсү менен жүргүзүлөт.
Студенттерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруунун даярдалышы
9-берене. Институттун ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына студенттерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу квотанын саны, программага жана акыркы каттоого керектүү документтер, тапшыруу шарттары, адистик сынакты өткөрүү, каттоо күндөрү жана кабыл алуу иштери 20-июндан 10-октябрга чейин аяктай тургандай кылып даярдалат. Кулактандыруу институттун Башкаруу кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеӊешинин чечиминен кийин ректораттын жана институттун веб-баракчаларында жарыяланат. Студенттерди кабыл алуу жылына бир жолу жүргүзүлөт.
Тапшыруу шарттары
10-берене.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу үчүн арыздар кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө Студенттик иштер башкармалыгына колмо-кол же электрондук түрдө жана керектүү документтер менен кошо тапшырылат. Арыз тапшыруу учурунда документтердин көчүрмөсү, акыркы каттоодо түп нускасы же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү талап кылынат.
Талап кылынган документтер:
Толтурулган арыз бланкы;
Магистратура программасы үчүн бакалавр даражасындагы диплому же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат;
Докторантура программасы үчүн даярдоо курсун кошпогондо 5 жылдык жогорку билими тууралуу диплому же магистр даражасындагы диплому/жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу маалымкат;
Бүтүргөн жогорку окуу жайы тарабынан тастыкталган дипломдун транскрипти;
Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ID картасы жана аскердик билети;
Түркия Республикасынын жарандары үчүн паспорту жана аскердик билети;
Башка өлкөнүн жарандары үчүн паспорт.
Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынан сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан берилген дипломдоруна ээ болсо, диплом Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы компетенттүү мамлекеттик органы тарабынан таанылгандыгы тууралуу тастыкталган документ болуусу зарыл.
Түркия Республикасынын жараны Түркия Республикасынын жана Түркиянын чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлары тарабынан берилген дипломдордон сырткары башка өлкөлөрдүн дипломдоруна ээ болгон учурда, диплом ТРнын Жогорку билим берүү комитети тарабынан берилген эквиваленттик сертификатка ээ болушу керек.
Университеттин эки тараптуу келишимдеринин негизинде ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшырган талапкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк студенттердин Кыргыз Республикасынын жана/же Түркия Республикасынын ыйгарым укуктуу мекемелери тарабынан таанылган диплому болушу керек.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыргандар үчүн сабактардын орточо баасы 2.00/4.00, докторантурага тапшыргандар үчүн кеминде 2.50/4.00 болушу керек. Төрттүк системага кирбеген баалар төрттүк системага айландырылат жана Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган “КТМУнун чет тили боюнча баллдарды которуу таблицасына” ылайык бааланат. ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен жогору да баа берилиши мүмкүн.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу үчүн чет тилин билүү талап кылынбайт. Бирок ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин чечими жана институттун Башкаруу кеңешинин макулдугу менен чет тилин билгендиги тууралуу сертификат талап кылынышы мүмкүн.
Докторантурага тапшыруу үчүн тийиштүү чет тилин билгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Докторантура программасында кайсы чет тилинен сертификат кабыл алынары ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталат. Университеттин ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тили боюнча сынагынан 60тан кем эмес балл, ТРнын ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн чет тилдери сынагынан кеминде 55 балл же Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган чет тилдери боюнча ТРнын ϴТЖБ чет тили сынагынын баллына барабар балл талап кылынат. ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин чечими жана институттун Башкаруу кеңешинин макулдугу менен чет тили боюнча мындан да жогору балл талап кылынышы мүмкүн. Эквиваленттүү балл университеттин чет тил сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицаларына ылайык эсептелет. Илимий изилдөө тармагы чет тили болгон талапкерлерден башка чет тилин билгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөгөн чет тилин билгендиги тууралуу сертификаттардын жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Талапкерлер бирден ашык программага тапшыра алышпайт.
Адистик сынак жана сынак комиссиясын түзүү
11-берене. ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын адистик сынагы жазуу жана оозеки түрүндө жүргүзүлөт. Адистик сынактын сынак комиссиясынын курамы жарыяланган ар бир программа үчүн ИИТ/ИКТнын жетекчилиги сунуштаган университетте толук айлык акы алган окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар 5 окутуучунун ичинен институттун Башкаруу кеӊеши тарабынан аныкталган 3 негизги жана 2 кошумча мүчөдөн турат. Эгерде ИИТ/ИКТда профессордук-окутуучулук курам жетишсиз болсо, сынак комиссиясынын мүчөлүгүнө жакынкы ИИТ/ИКТда толук айлык акы алган профессордук-окутуучулук курамдын ичинен сунушталышы мүмкүн.
Адистик сынак жана сынактын жыйынтыктарын чыгаруу
12-берене.
Эл аралык студенттердин катарына кирбеген чет элдик студенттер (анын ичинде “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү) жана Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жараны болгон талапкерлер адистик сынак тапшырышат.
Талапкерлердин сынактагы жыйынтык баалары Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган “КТМУнун чет тили боюнча баллдарды которуу таблицасына” ылайык 100 баллдык системага айландырылат.
Чет тили боюнча балл Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган чет тили боюнча эквиваленттик таблицаларга ылайык, ТРнын ϴТЖБ тарабынан өткөрүлгөн эң акыркы чет тил сынагына туура келген баллга айландырылат.
Адистик сынак ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына кабыл алуу боюнча кулактандырууда көрсөтүлгөн күнүндө, убактысында жана дарегинде комиссия тарабынан өткөрүлөт. Зарыл учурларда институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен адистик сынак башка күнү, башка убакытта жана башка даректе же онлайн түрүндө өткөрүлүшү мүмкүн. Адистик сынакта төмөнкү жагдайлар эске алынат:
Окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде болгон программаларда жазуу түрүндөгү сынактын суроолору кыргызча жана түркчө (керек учурда орусча жана англисче) даярдалат. Талапкер бул тилдердин биринде жооп берет. Оозеки сынак талапкер тандаган тилде да өткөрүлүшү мүмкүн.
Окутуу чет тилинде жүргүзүлгөн программаларда адистик сынак ошол тилде өткөрүлөт.
Адистик сынактын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын 50%ы, оозеки сынактын 50%ы эсептелүү менен чыгарылат.
ALES сынагы боюнча кеминде 55 балл же буга эквиваленттүү эл аралык GRE же GMAT баллдарына ээ экендигин арызында көрсөткөн талапкер жазуу түрүндөгү сынакка катышпаса болот. Бирок оозеки сынакка кирүүгө милдеттүү. GRE жана GMAT баллдары Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган эквиваленттик таблицаларга ылайык ALES баллдарына айландырылат. Зарыл болгон учурда аталган оозеки сынак видеого тартылып, онлайн режиминде да өткөрүлүшү мүмкүн. ALES сертификатынын жарактуулук мөөнөтү - 3 жыл, GRE жана GMAT сертификатынын жарактуулук мөөнөтү - 5 жыл. ALES баллынын кайсы түрү кабыл алына тургандыгы ИИТ/ИКТнын сунушунун негизинде институттун Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталат.
Адистик сынакка кирбеген; жазуу же оозеки түрүндөгү сынактардын биринен 100 баллдан 70тен аз балл алган талапкер сынакты ийгиликсиз тапшырган деп эсептелип, программага каттала албайт.
Сынактын жыйынтыгын чыгарууда магистратура үчүн дипломдо көрсөтүлгөн академиялык жетишкендик баллынын 50%ы жана адистик сынак баллынын 50%ы; докторантура үчүн дипломдо көрсөтүлгөн академиялык жетишкендик баллынын 35%ы, чет тилинен алган баллынын 15%ы жана адистик сынак баллынын 50%ы эске алынат. Талапкерлердин алган баллдары бирдей болуп калган учурда адистик сынак, дипломдо көрсөтүлгөн академиялык жетишкендик жана чет тилинен алган баллдарына карата тандалып алынат.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына катталуу укугуна ээ болгон талапкерлердин тизмеси институттун Башкаруу кеӊешинин чечими менен такталат жана жарыяланат. Институттун Башкаруу кеӊеши эң көп кабыл алына турган студенттердин квотасына жараша, ошончо кошумча талапкерди көрсөтүшү мүмкүн.
Эл аралык студенттерди кабыл алуу
13-берене.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына:
Кыргыз Республикасынан жана Түркия Республикасынан башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан билим алган студенттерди;
Окутуу тили кыргыз жана/же түрк тилдери болбогон Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынан билим алган студенттерди;
Университеттин эки тараптуу келишимдерине ылайык, эл аралык студенттерди кабыл алууда төмөндөгү принциптер эске алынат:
Талапкерден тапшырган программанын окутуу тилинен башка тил билүүсү талап кылынбайт.
Талапкер оозеки сынактан өтөт. Оозеки сынак талапкер тандаган тилде жүргүзүлөт.
Талапкер сынакты ийгиликтүү тапшыруусу үчүн 100 баллдан 70тен кем эмес балл алышы керек.
Оозеки сынак комиссиясы ИИТ/ИКТнын сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталган 3 кишиден турат.
Акыркы каттоо
14-берене.
Талапкер талап кылынган документтерди институтка кулактандырууда көрсөтүлгөн каттоо күндөрү өзү же нотариус тарабынан дайындалган ишенимдүү өкүлү аркылуу тапшырат. Документтер толук болбогон учурда каттоо жүргүзүлбөйт. Институт документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн да кабыл алышы мүмкүн. Бирок зарыл учурларда документтердин түп нускасы талап кылынышы ыктымал. Документтин түп нускасын тапшырбаган талапкер институтка каттала албайт.
Белгиленген мөөнөттө акыркы каттоодон өтпөгөн талапкер жүйөөлүү себеби болгонуна карабай, катталуу укугунан ажырайт.
Акыркы каттоо укугунан ажыраган талапкерлердин ордуна резервдик тизмедеги талапкерлер баллдарына жараша акыркы каттоодон өткөрүлөт.
ϴзгөчө статустагы студенттерди кабыл алуу
15-берене.
ϴзгөчө статустагы студент: кеминде 4 жылдык билими бар бүтүрүүчүгө билимин жогорулатуу максатында ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында билим алуу мүмкүнчүлүгү берилген студент.
ϴзгөчө статустагы студенттерди ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына кабыл алуу ИИТ/ИКТнын жетекчилигинин пикиринин негизинде институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
ϴзгөчө статуста билим алган студенттин окуу мөөнөтү 2 семестрден ашпайт жана алган сабактары ошол семестрге гана таандык болуп эсептелет.
ϴзгөчө статустагы студенттер ар бир семестрдин башында сабактарга каттоо учурунда кабыл алынат. Өзгөчө статустагы студенттер ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында бир семестрде эң көп 2 сабакты тандай алышат. Мындай статустагы студент семинар сабагын тандай албайт жана кийинки семестрде каттоодон гана өтөт.
ϴзгөчө статустагы студенттин тийиштүү сабагын ийгиликтүү бүтүрүшү ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
Өзгөчө статустагы студентке окуп жаткандыгы, аскердик абалы тууралуу маалымкат берилбейт жана ден соолугу боюнча студенттик укугунан пайдалана албайт. Бирок студентке университеттин ашканасын, кафетерийин, китепканасын пайдалануу үчүн студенттик билет берилет. Окуу мөөнөтү бүткөндөн кийин студент студенттик билетин кайра тапшырат.
ϴзгөчө статустагы студенттерге окууну бүтүргөндүгү тууралуу документ, диплом же наам берилбейт. Бирок алган сабактары, сабактардын баллдары көрсөтүлгөн документ менен бирге өзгөчө статустагы студент катары билим алгандыгын тастыктаган документ берилет.
Алмаштыруу программасынын алкагында билим алууга келген студенттерди кабыл алуу
16-берене.
Алмаштыруу программасынын алкагында билим алууга келген студент - КРнын жана/же ТРнын башка ЖОЖдон кийинки билим берүү программасында окуп жаткан учурда КТМУнун ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окууга мүмкүнчүлүк алган студент.
Окуу мөөнөтү 1 семестр. Сабактар ошол семестрге гана таандык. Алына турган студенттин саны бир программа үчүн 2 студенттен ашпашы керек.
Билим алууга келген студент өзү окуган окуу жайынын тийиштүү кеңешинин чечими менен “Алмашуу программасынын алкагында студенттин кайрылуу арызынын” негизинде ар бир семестрдин башында сабак тандоо учурунда кабыл алынат.
Кайрылуу арызы кабыл алынып, окуп жаткан студент катталган программасынын ошол семестрде бериле турган бардык сабактарына катыша алат.
Бул мөөнөт аяктагандан кийин студентке окуган сабактарын жана алган бааларын тастыктаган документ берилет.
Алмашуу программасынын алкагында билим алууга кеткен студенттерди кабыл алуу
17-берене.
Алмашуу программасынын алкагында билим алууга кеткен студент - институттун ЖОЖдон кийинки билим берүү программасына кабыл алынган, илимий жетекчисинин пикиринин, ИИТ/ИКТнын жетекчилигинин сунушунун негизинде жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен Түркиянын же башка чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын ошол эле деңгээлдеги программаларында окуп жаткан же диссертациялык иш жазып жаткан студент.
Ал студенттин тийиштүү окуу жайда сабакка катыша ала тургандыгы же диссертациялык иши боюнча изилдөө жүргүзүшү тууралуу ошол окуу жайдын тийиштүү кеӊешинин чечими жана “Алмашуу программасынын алкагында билим алууга кеткен студенттин кайрылуу арызы" толтурулуп, институтка тапшырылат.
Окуу мөөнөтү 1 семестр. зарыл деп табылган учурда бул мөөнөт диссертациялык иш жазуу учурунда илимий жетекчинин макулдугу, ИИТ/ИКТнын жетекчилигинин сунушунун негизинде институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен узартылышы же кыскартылышы мүмкүн.
Студент бул мөөнөт ичинде институттун сабактарына катыша албайт.
Студенттин бир семестрде ала турган сабактарынын кредитинин суммасы тиешелүү университеттин билим берүү жобосунда аныкталган бир семестр ичинде алууга мүмкүн болгон максималдуу кредиттик чектен ашпашы керек. Мындан тышкары сабакка катышуу, сынак тапшыруу жана академиялык жетишкендиктерин баалоо иши тиешелүү университеттин билим берүү жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлөт.
Студентке берилген бул мөөнөт окуу мөөнөтү катары эсептелинет.
Бул мөөнөт аяктагандан кийин студент окуган сабактарын жана алган бааларын тастыктаган документти жана диссертациялык иши тууралуу тастыкталган отчетту институтка тапшырат.
Которулуулар
18-берене. Университетте кенже илимий кызматкер болуп дайындалып, бирок башка университетте окуп жаткан же өзүнүн адистиги боюнча программа институтта ачыла электигинен башка программада билим алып жаткан кенже илимий кызматкер институтта адистиги боюнча программа ачылар замат арыз жазып кайрылса, институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен башка бир шарттар талап кылынбастан, ачылган программага горизонталдык жол менен которула алат. Которулган студент билимин токтогон жерден улантат.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Даярдоо программаларын ачуу, илимий жетекчилерди жана сабакка жооптуу окутуучуларды дайындоо,
сабактарды тандоо, сынак өткөрүү жана баалоо
Милдеттүү тил сынагы, тил сынагынан бошотуу жана тил үйрөтүү программасы
19-берене.
Окутуу тилдери кыргыз жана түрк тилдери болгон ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына кабыл алынган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү бул тилдерден бошотулат.
Окутуу тили кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлгөн ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына каттоодон өткөн студенттердин арасынан башка университетте түрк тилинде билим алган студенттер түрк тили сынагынан, ал эми кыргыз тилинде билим берген университеттердин студенттери кыргыз тили сынагынан бошотулушат.
Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынын Түрк жана чет тилдерин изилдөө жана колдонуу борборлору тарабынан өткөрүлгөн түрк тили сынагынан 60тан кем эмес балл алгандар түрк тилинен бошотулат.
Окутуу чет тилинде жүргүзүлгөн ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы менен бирдей тилде билим берген жогорку окуу жайын бүтүргөн студенттер ошол программанын окутуу тилинен бошотулушат.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программасында окуган студент Окумуштуулар кеӊеши тарабынан аныкталган тилди билгендиги тууралуу документтердин бирин институтка тапшырса, окутуу тилинен бошотулат.
Тилден бошотуу үчүн талап кылынган документтерди тапшыра албагандар тилден бошотуу сынагына киришет.
Университет тарабынан өткөрүлгөн кыргыз тилинен жана түрк тилинен бошотуу сынагынан кеминде 67 упай алган студенттер бул сабактардан бошотулат. Университет тарабынан өткөрүлчү милдеттүү тил сынагынан бошотуу мөөнөтү студенттерди кабыл алуу жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлөт.
Чет тилинде окутуу жүргүзүлгөн ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына катталган студенттер Түркия Республикасынын ϴлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынагынан кеминде 65 балл алган, же Окумуштуулар кеӊеши тарабынан кабыл алынган чет тилин билүү сертификаты Түркия Республикасынын Өлчөө, тандоо жана жайгаштыруу борборунун чет тили сынагына эквиваленттүү болгон же университет тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынагынан кеминде 70 балл алган студенттер окутуу тилинен бошотулат.
Кыргыз тили же түрк тили экөөнөн тең, же биринен бошотулбаган студент каалоосу боюнча университеттин даярдоо курсунун тил үйрөтүү жана окутуу программасынан окуй алышат.
Окутуу тили кыргызча же түркчө болгон программага катталган студенттер жана бул тилдердин биринен бошотулган студенттер, бул тилге байланыштуу даярдоо курсу менен чогуу бошотулган тилдеги сабактардан:
эгерде адистикке даярдоо программасына кире турган болсо, адистикке даярдоо программасынан;
адистикке даярдоо программасынан бошотулса, ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынан эң көп 2 сабак ала алат.
Студент бошотулбаган тилде жүргүзүлгөн сабакка жазыла албайт.
Окутуу тилдеринин биринен бошотулбаган студентке эң көп 2 семестр, эки тилден тең бошотулбаган студентке эң көп 4 семестр мөөнөт берилет. Бул мөөнөт студенттин катталган программасынын мөөнөтүнө кошулбайт.
Адистикке даярдоо программасы
20-берене.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына башка тармактардын бүтүрүүчүсү же ошол эле тармак боюнча башка жогорку окуу жайларын бүтүргөн студенттер катталган учурда, айырмачылыктарды жоюу максатында 2 семестрден ашпаган мөөнөткө адистикке даярдоо программасы ачылышы мүмкүн.
Адистикке даярдоо программасы 1 семестрде 2ден аз эмес, 4төн көп эмес сабактан түзүлөт.
Адистикке даярдоо программасынан окуй турган студенттин сабактары жана жалпы AKTS саны ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен аныкталат.
Адистикке даярдоо программасында милдеттүү түрдө өтүлүүчү сабактар магистратура үчүн бакалавриат программаларынан, докторантура программалары үчүн бакалавр же магистратура программаларынан алынышы мүмкүн.
Адистикке даярдоо программасында окуган сабактар тийиштүү ЖОЖдон кийинки билим берүү программасын бүтүрүү үчүн талап кылынган сабактар катары саналбайт, кредит катары эсептелбейт, дипломунда баасы көрсөтүлөт, бирок академиялык орточо көрсөткүчкө кирбейт.
Бир семестрде максималдуу 3 сабактан адистикке даярдоо программасына кабыл алынган студент адистикке даярдоо программасындагы сабактардан башка өзү окуган ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынан 2 сабакка гана катыша алат, семинардык сабакка катыша албайт.
Адистикке даярдоо программасына байланыштуу сабак тандоо, сабакка катышуу, сынактар, сабактагы баалар, алдыӊкы студент болуу ж.б. маселелерде тийиштүү программанын принциптери колдонулат.
Адистикке даярдоо программасынын окуу мөөнөтү студенттин окуган программасынын окуу мөөнөтү болуп эсептелбейт.
Илимий жетекчини тандоо жана дайындоо, илимий жетекчилик кылуу
21-берене.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуган ар бир студентке окуу мөөнөтү ичинде жетекчилик кылуу үчүн семестрде сабак тандоо башталган күндөн тартып 1 айдын ичинде ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен илимий жетекчи дайындалат. Илимий жетекчи дайындалганга чейин бул милдетти ИИТ/ИКТнын жетекчиси аткарат.
Илимий тармагы ИИТ/ИКТнын программасына дал келген, университетте толук айлык акы алган окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын арасынан илимий жетекчи тандалат.
Илимий жетекчи дайындоодо ИИТ/ИКТнын академиялык кеңеши окутуучунун илимий жетекчилик жүгүн жана студенттин пикирин эске алат.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуган студент үчүн илимий жетекчи дайындоодо магистрдик программаны ишке ашыруу боюнча жободо көрсөтүлгөн талаптар эске алынат.
Докторантка/ассистент-стажерго илимий жетекчи дайындоодо докторантура/ ассистентура-стажировка программасын ишке ашыруу боюнча жободо көрсөтүлгөн талаптар эске алынат.
Сабактарын бүтүрүп, адистик сынактан ийгиликтүү өткөн докторантка чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда эмгектенген дагы бир илимий жетекчи дайындалат. Чет өлкөлүк илимий жетекчи аралыктан билим берүү - онлайн түрүндө милдетин аткара алат.
Чет өлкөнүн жогорку окуу жайында иштеген бир окутуучу эң көп 2 докторанттын диссертациясына илимий жетекчилик кыла алат.
Эгерде чет өлкөдө илимий жетекчиси жок болсо, чет өлкөнүн жогорку окуу жайларында иш тажрыйбасы бар жана адистиги ИИТ/ИКТнын доктордук программасына туура келген, университетте толук айлык акы алган окутуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде студенттин илимий жетекчиси университеттен кетсе, окутуучунун каалоосу эске алынып, милдетин онлайн түрүндө улантышы мүмкүн.
Студент каттоодон өтпөсө, жүйөөлүү себептер менен уруксат алса же академиялык өргүүгө чыкса, ошол учурда студентке илимий жетекчилик жүргүзүлбөйт.
Илимий жетекчинин милдеттери жана жоопкерчилиги “ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында илимий жетекчилик кылуу жөнүндө жобонун” негизинде жөнгө салынат.
Экинчи илимий жетекчини дайындоо
22-берене.
Студенттин диссертациялык ишинин мазмуну бир нече илимий жетекчини талап кылган учурларда, экинчи жетекчи биринчи илимий жетекчинин жана ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин жүйөлүү сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен дайындалат. Экинчи илимий жетекчи студенттин диссертациялык ишинин темасы институт тарабынан бекитилгенден кийин дайындалат. Экинчи илимий жетекчи Түркиянын жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында эмгектенген окумуштуулардын арасынан дайындалышы мүмкүн.
Экинчи илимий жетекчилик кылуу милдети окуу жүгү катары эсептелбейт жана акы төлөнбөйт. Бирок окутуучунун ишмердүүлүгүнө баа берүүдө эсептелет.
Илимий жетекчини алмаштыруу
23-берене.
Илимий жетекчини алмаштыруу жетекчинин жана/же студенттин ИИТ/ИКТнын жетекчилигине жазган жүйөөлүү арызынын негизинде ишке ашырылат. Илимий жетекчини алмаштыруу ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт. Зарыл жана милдеттүү учурда институттун директорунун сунушу боюнча институттун Башкаруу кеңеши тарабынан да илимий жетекчи алмаштырылышы мүмкүн.
Зарыл жана милдеттүү учурларды кошпогондо, институттун Башкаруу кеңешинин чечиминин негизинде диссертациялык иш жазуу этабында илимий жетекчисин алмаштырган магистрант окуу мөөнөтү ичинде институттун Башкаруу кеңешинин чечими чыккандан кийин эң аз 1 семестр, докторант эң аз 2 семестр ичинде диссертациялык ишин тапшыра алышпайт.
Сабактарды киргизүү, окутуучуларды аныктоо жана дайындоо
24-берене.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында аныкталган бардык милдеттүү сабактар менен катар жетиштүү санда тандалма сабактар да киргизилет.
Институттун бакалавриат, магистратура жана докторантура программаларында бирдей аталыштагы же бирдей мазмундагы сабактар киргизилбейт.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бир нече илимий тармак боюнча милдеттүү сабак катары киргизилген сабактар студенттин илимий тармагы боюнча өзүнчө сабак катары киргизилбейт. Бул сыяктуу сабактар институттун коду менен тийиштүү бардык бөлүмдөргө жалпы сабак катары берилет.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларындагы сабактар бакалавриат программасында 2 семестрден кем эмес сабак берген, окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар тарабынан берилет. Зарыл жана өзгөчө учурларда бакалавриат программасында кеминде 4 семестр сабак берген докторлук наамдары бар окутуучулар да ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында сабак бериши мүмкүн.
Докторантура/ассистентура-стажировка программаларында сабактар бакалавриат программасында кеминде 4 семестр же ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында 2 семестрден кем эмес эмгектенген окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар тарабынан берилет. Зарыл жана өзгөчө учурларда окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар окутуучулар менен бирдей квалификацияга ээ докторлук илимий даражасына/көркөм өнөр чебери наамына ээ ага окутуучулар да докторантура/ассистентура-стажировка программаларында сабак бере алышат.
Институттун коду менен ачыла турган милдеттүү сабакты бере турган окутуучулар институттун жетекчилиги тарабынан аныкталат, ал эми илимий тармактын коду менен киргизиле турган сабактарды окута турган профессордук-окутуучулук курам ИИТ/ИКТнын академиялык кеңеши тарабынан аныкталат.
Сабак бере турган окутуучуларды дайындоо институттун кеңешинин чечими жана Окумуштуулар кеӊешинин макулдугу менен академиялык календарда аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.
Зарыл учурларда ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окутуучулардын 30%га чейинкиси жергиликтүү жана чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында иштеген профессордук-окутуучулук курамдын ичинен тандалып алынат жана аларды дайындоо университеттин Башкаруу кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
Бир тандоо сабагы үчүн бир семестр ичинде окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар бирден ашык окутуучу дайындалбайт.
Сабактардын жүгүртмөсүн жарыялоо
25-берене. ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын сабактарынын жумалык жүгүртмөсү ИИТ/ИКТ тарабынан түзүлөт жана университеттин окуу планы боюнча системасына жана институттун веб-баракчасына сабак тандоо күндөрү башталганга чейин бир күн калганда жарыяланат.
Сабак тандоо, каттоону жаӊыртуу, башка программалардын жана жогорку окуу жайлардын сабактарына катышуу
26-берене.
ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында сабак тандоо укугуна ээ болгон учурдан тарта сабак тандап-тандабаганына, каттоосун жаӊыртып-жаӊыртпагандыгына карабай, бардык семестрлер студенттин максималдуу окуу мөөнөтү катары эсептелет.
Студенттер ар бир семестрдин башында академиялык календарда аныкталган күндөрдө каттоосун жаңыртып турушу керек.
Эгерде кандайдыр бир жүйөөлүү себеби менен каттоосун узартпаган студент сабактарды кошуу-алуу мөөнөтү башталганга чейин жүйөөлүү себебин жазуу жүзүндө институтка билдирсе, анын жүйөөлүү себеби институттун Башкаруу кеӊешинин чечими менен кабыл алынган учурда, студент сабактарды кошуу-алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин каттоодон өтө алат.
Каттоо мөөнөтүн узартпаган студенттер ошол семестрде студенттик укуктарынан ажырайт. Бирок кийинки семестрде кайра каттоодон өткөндөн кийин билимин уланта алат.
Каттоо мөөнөтүн узартпаган студент ошол семестр ичинде башка иш-аракеттерди жасай албайт жана анын ошол семестрдеги жасаган башка бардык иш-аракети ийгиликсиз деп эсептелет.
Студент бирдей аталыштагы башка тилдерде ачылган сабакты тандай албайт.
Студент тандаган сабактарынын жарымынан көбүн бир эле профессор-окутуучудан ала албайт.
Программа талап кылган сабактардын санынын кеминде жарымын өзү окуган программадан алууга тийиш шарты жана илимий жетекчинин сунушу менен магистрант институттун башка магистратура программасынан, докторант институттун башка докторантура программасынан 2 сабактан көп эмес сабак тандай алат.
Студент программа талап кылган сабактардын санынын кеминде жарымын өзү окуган программадан алуу шарты менен жергиликтүү жана чет элдик башка жогорку окуу жайлардын ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында ар бир семестрде максимум 2 тандоо курсун ала алат. Бул сабакты алуу студенттин жазуу түрүндөгү арызы, илимий жетекчинин макулдугу, ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун Башкаруу кеӊешинин чечими менен бекитилет.
Студенттин каалоосу менен бир семестрде окушу керек болгон сабактардын жок дегенде теңин же алышы керек болгон сабактардын жалпы санынан дагы бир сабакты ашык окуса болот. Ашыгы менен сабак алган студенттин арызы жана институттун Башкаруу кеӊешинин чечими менен эң төмөн баа алган сабагы транскриптте (дипломдун тиркемесинде) көрсөтүлбөйт.
Диссертациялык иш жазуу учурунда студенттин каттоону узартуусу диссертациялык иши, окуу планына киргизилген илимий-изилдөө практикасы, педагогикалык практикасы сыяктуу сабактарды тандоо аркылуу ишке ашырылат.
Докторантура/ассистентура-стажировка программасында каттоону узартууда квалификациялык деӊгээлде квалификациялык сынакты, диссертациялык иштин деӊгээлинде диссертациялык ишти/көркөм өнөр ишин жана семинардык иштерди тандоосу зарыл.
Сабак тандоо жана тандоону жаӊыртуу процесси студенттин илимий жетекчисинин бекитүүсү менен ишке ашырылат. Зарыл учурларда илимий жетекчиси студентке тандаган сабактарын өзгөртүүнү сунушташы мүмкүн. Эгерде илимий жетекчи өзүнө бөлүнгөн убакыт ичинде сунуш киргизип, пикирин билдирбесе, студенттин тандаган сабактары автоматтык түрдө күчүнө кирет.
Сабак киргизүү
27-берене. Магистрдик программаларда сабак киргизүү үчүн ал сабакты бир семестрде жок дегенде бир нече студент тандашы керектиги “ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу жөнүндөгү жобо" аркылуу аныкталат.
Докторантура/ассистентура-стажировка программасына бир семестрде сабак киргизүү үчүн ал сабакты жок дегенде бир нече студент тандашы керектиги “Докторантура/ассистентура-стажировка программаларын ишке ашыруу жөнүндөгү жобо” аркылуу аныкталат.
Сабак кошуу, тандаган сабагынан баш тартуу, тандоосун өзгөртүү жана киргизилбей калган сабактын ордуна жаӊы сабакты тандоо
28-берене.
Студент илимий жетекчисинин макулдугу менен кошуу/алып салуу мезгилинде тандаган сабактарынан баш тартышы, өзгөртүшү же ордуна башка сабак тандашы мүмкүн.
Сабактарды кошуу/алып салуу мөөнөтү бүткөндөн кийин академиялык календарда белгиленген күнү киргизилген/киргизилбеген сабактар институттун интернет баракчасында жарыяланат.
Жарыяланган тизмелер боюнча кирбей калган сабакты тандаган ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын студенти белгиленген мөөнөт ичинде "Сабак тандоо бланкын" толтуруу менен институтка кайрылып, киргизилген сабактардын ичинен башкасын тандай алат. Бул мөөнөттөн кийин киргизилген сабактарга бир дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес.
Сабактарды эсептөө, кредиттик которуу жана сабактан бошотуу
29-берене.
Студенттин транскрипти жана сабактын мазмуну тиркелген арызынын жана илимий жетекчисинин макулдугунун негизинде ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушуна жана институттун Башкаруу кеңешинин чечимине ылайык, билим алган программасындагы эӊ көп окуган сабагы AKTS кредитинин жарымына туура келген учурда сабактар эсептелиши, кредит которулушу жана сабактан бошотулушу мүмкүн.
Сабактар акыркы 5 жылдын ичинде окулган болушу жана сабактардагы жетишкендиктеринин көрсөткүчү магистратуранын сабактары үчүн кеминде CB, докторантуранын сабактары үчүн кеминде BB болууга тийиш деген шарт менен, студенттин мурдагы жылдары жакшы окуп бүтүргөн сабактары ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын сабагы катары саналышы мүмкүн: Бул сабактар:
Тил үйрөтүү программасында окуп жаткан учурда ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын эсебинен алган сабактарынын бардыгы;
Адистикке даярдоо программасында окуп жаткан учурда ЖОЖдон кийинки билим берүү программасынын эсебинен окуган сабактарынын бардыгы;
Институтта өзгөчө статустагы студент катары алган сабактарынын бардыгы;
Институтта мурунку жылдары окуп, ошол эле ЖОЖдон кийинки билим берүү программасында ийгиликтүү тапшырган сабактын мазмунуна дал келген, AKTSи жетиштүү болгон ЖОЖдон кийинки билим берүү программасындагы сабактардын бардыгы;
Университеттен сырткары институттарда окуп жүргөндө окутуу тили жана мазмуну дал келген, AKTSи жетиштүү болгон сабактардан максимум 70%га чейин болушу мүмкүн.
Чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына жана илим изилдөө мекемелерине билим алуу үчүн барган аспиранттардын сабактарынын жана практикалык иштеринин баасын жана AKTSин эсептөө бул мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин жана принциптердин чегинде жүргүзүлөт.
Алмашуу программасынын алкагында барган студенттин сабактагы жетишкендиктери жана AKTSи тийиштүү семестрдеги тийешелүү сабактары менен эквиваленттүү катары саналышы мүмкүн.
Студенттин жергиликтүү жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларында окуган сабактарындагы жетишкендиктери магистратурадагы сабактар үчүн CB, докторантурадагы сабактар үчүн BB болушу керек деген шарт менен, AKTSи тийиштүү семестрдин туура келген сабактары менен эквиваленттүү деп эсептелиши мүмкүн.
Карыз сабактар окуп жаткан сабактардын катарына кирбейт.
Сабакка катышуу, сабакты кайра окуу жана баш тартуу
30-берене.
Студент катталган теория сабагынын 70%ына, практика сабактарынын 80%ына катышууга милдеттүү. Студенттин сабакка катышып-катышпаганы жооптуу окутуучу тарабынан көзөмөлгө алынат жана бааланат.
Толук катышпаган сабактардын финалдык сынагына студент кире албайт.
Студент толук катышпаган же сынагынан өтпөй калган сабакты кайра окууга милдеттүү.
Милдеттүү сабактарга толук катышпаса же сынагынан өтпөй калса, сабакты кайра окууга тийиш.
Кандайдыр бир себептен улам милдеттүү сабак программадан алынып салынса, ал сабактын ордуна коюлган милдеттүү сабак институттун ИИТ/ИКТнын академиялык кеңешинин сунушу жана институттун башкаруу кеңешинин чечими менен киргизилет.
Студент тапшыра албай калган тандоо сабагынын ордуна, ошол эле сабакты же илимий жетекчисинин сунушу менен башка сабакты тандай алат. Бир семестрде ийгиликтүү аяктаган сабактары AKTS кредитин толтурса, студент тапшыра албай калган тандоо сабагынан баш тарта алат.
Студент орточо академиялык жетишкендик баасын жогорулатуу максатында ийгиликтүү аяктаган сабактарын кайра окуй алат, же ийгиликтүү аяктаган тандоо сабагынын ордуна илимий жетекчисинин сунушу менен башка тандоо сабагына кире алат. Бирок мындай учурда акыркы алган баасы эске алынат.
Окуу мезгилинде ийгиликтүү аяктаган сабактары боюнча AKTS кредитин толтурса же ашырса, студент институтка арыз менен кайрылып, тапшыра албай калган тандоо сабактарынан жана ийгиликтүү аяктаган ашыкча тандоо сабактарынан баш тарта алат. Сабактардан баш тартуу институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ишке ашат.
Сынактар жана сынактардын жүгүртмөсү
31-берене.
Магистратура / докторантура программаларында ар бир семестрде кеминде 1 ара сынак жана 1 финалдык сынак, зарыл болсо жүйөлүү себепке байланыштуу сынак уюштурулат.
Үй тапшырмасы, семинар ж.б.у.с. иштер ара сынактын ордуна эсептелген сыяктуу эле ара сынакка кошумча иш катары бааланышы мүмкүн.
Финалдык сынак курстук иштин ордуна эсептелиши мүмкүн.
Семестр ичиндеги сынактар академиялык календарда белгиленген күндөрү уюштурулат. Сынактын жүгүртмөсү институттагы ИИТ/ИКТнын жетекчилери тарабынан түзүлөт жана 2 апта мурун жарыяланат. Өзгөчө сынактардын жүгүртмөсү институтка жиберилет жана институттун веб-баракчасында да жарыяланат.
Ден соолугуна байланыштуу маалымкаты же башка жүйөлүү себеби менен сынак бүткөндөн кийин 3 иш күнү ичинде кайрылган студенттин жүйөлүү себеби институттун башкаруу кеңешинин чечими менен кабыл алынганда аларга ара жана финалдык сынактардын ордуна эсептелген жүйөлүү себепке байланыштуу сынактар уюштурулат. Институттун башкаруу кеңешинин чечими менен аталган жүйөлүү сынактардын күндөрү тийиштүү ИИТ/ИКТнын жетекчилигине билдирилет жана веб-баракчада жарыяланат.
Аталган сынакка кирбеген студентке кайра жүйөлүү себепке байланыштуу сынак уюштурулбайт.
Жетишкендик баллы, баалоо коэффициенти жана академиялык жетишкендик боюнча орточо баасы
32-берене.
Студенттин бир сабак боюнча жалпы академиялык жетишкендиги катары ара жана финалдык сынактардын баалары көрсөтөт. Финалдык сынактын жетишкендик бааллына болгон катышы эң аз 40%ды, эң көп 60%ды түзөт.
Студенттин семестр ичиндеги аракетин жана сынактын пайыздык катышын окуу-тарбия иштеринин автоматташтырылган маалыматтык базасына сабакты берген окутуучу киргизет.
Финалдык сынакка кирбей, же ара сынагында 50дөн аз балл алган студент сабакты тапшырбаган болуп эсептелет.
Жетишкендикти көрсөткөн балл окутуучу тарабынан 1-таблицада көрсөтүлгөндөй, “"Салыштырмалуу же абсолюттук рейтинг системасына” ылайык эсептелет.
Бир сабакты ийгиликтүү аяктоо үчүн ал сабакты магистратурада кеминде CC, докторантура/ассистентура-стажировка программасында CB көрсөткүчү менен жыйынтыкташы керек.
Ар бир семестрдин соңунда студенттин баллдары сынак баракчалары менен бирге сынак өткөн күндөн тарта 7 күндүн ичинде ИИТ/ИКТнын жетекчилиги аркылуу институтка тапшырылат.
Ар кыл университеттерде институттардын башкаруу кеңешинин чечими менен окуган студенттин жетишкендик баллы бул институттарда колдонулган жоболорго ылайык аныкталат.
Магистратуранын диссертациялык иши менен доктордук квалификациялык сынагы, диссертациялык иши / көркөм өнөр чыгармасы, изилдөө, педагогикалык практика, семинар ж.б. аткарган иштеринин баллы G (өттү) жана K (өткөн жок) деп белгиленет. Бул балл орточо академиялык жетишкендигин эсептөөдө эске алынбайт.
Тигил же бул семестрдеги студенттин орточо баллы, ал семестрде окуган ар бир сабактан алган баасы AKTS кредити менен көбөйтүлүп, көбөйтүндү алынган сабактар AKTS кредитинин суммасына бөлүнөт. Жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллы болсо, студенттин ар бир 2 семестрде окуган сабактарынан алган бааларынын көбөйтүндүсүн бардык сабактардын AKTS суммасына бөлүү менен эсептелет. Орточо эсептин үтүрдөн кийинки эки саны көрсөтүлөт.
Сабактын жетишкендик баллы жана студенттин жалпы академиялык жетишкендик баллы 1-таблицага ылайык бааланат.
Студентти ийгиликтүү аяктады деп эсептөө үчүн жалпы академиялык жетишкендигинин орточо баллы магистратурада кеминде 2.50/4.00, докторантура / ассистентура-стажировка программасында кеминде 3.00 / 4.00 болушу керек.
Студент сабактарын 4 семестрден көп эмес убакытта ийгиликтүү аякташы керек.
1-таблица. Баалоо таблицасы
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Арыздануу
Адистик сынагынын жыйынтыгына арыздануу
33-берене. Студент адистик сынагынын жыйынтыгы жарыялангандан тарта 2 иш күнүнүн ичинде институтка арыз менен кайрыла алат. Сынак комиссиясы сынак баракчаларын 2 иш күнүнүн ичинде иликтеп, иликтөөнүн жыйынтыктарын сынак баракчалары менен бирге институтка жазуу түрүндө тапшырат. Иликтөөнүн натыйжасында техникалык ката аныкталса, бааны оңдоо институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ишке ашат.
Сынактын жыйынтыгына арыздануу
34-берене. Студент сынактын жыйынтыктары жарыялангандан тарта 7 күндүн ичинде институтка арыз менен кайрыла алат. Сабак берген окутуучу сынак баракчаларын кайрадан текшерип, арыз түшкөн күндөн тарта эң көп 3 иш күнүнүн ичинде иликтеп, иликтөөнүн жыйынтыктарын сынак баракчалары менен бирге институтка жазуу түрүндө тапшырат. Иликтөөнүн натыйжасында техникалык ката аныкталса, баа институттун башкаруу кеңешинин чечими менен оңдолот жана студентке билдирилет. Студент кийинки арыздануусун институттун башкаруу кеңешинин чечими жарыялангандан кийин 7 күндүн ичинде университеттин Башкаруу кеңешине жазуу түрүндө бере алат.
Сынак жыйынтыгынын окутуучу тарабынан оңдолушу
35-берене. Сабакка жооптуу болгон окутуучу сынактын жыйынтыктары жарыялангандан тарта 7 күндүн ичинде институттун жетекчилигине себептерин (системага туура эмес бааны белгилөө, кем жана / же туура эмес эсептөө ж.б.) камтыган арыз жана анын негиздүүлүгүн тастыктаган тиркемелер менен кайрылат. Оңдоо институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ишке ашырылат.
Диссертациялык ишти коргоо сынагынын жыйынтыгына арыздануу
36-берене.
Диссертациялык ишти коргоо сынагынан өтпөй калган студент сынак болгон күндөн тарта 2 айдын ичинде институтка арыз менен кайрылат.
Арыз менен кайрылгандан тарта 10 иш күнүнүн ичинде институттун жетекчилиги тарабынан аппеляция комиссиясы түзүлөт.
Аталган комиссия институттун ИИТ/ИКТда иштеген окумуштуулук даражасы жана илимий наамы бар 3 окутуучудан жана добуш берүү укугу жок бир катчыдан турат. Илимий жетекчилер жана аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү аталган комиссиянын мүчөсү боло албайт.
Комиссия түзүлгөндөн тарта 30 күндүн ичинде арызы, диссертациялык ишти жана диссертациялык ишти коргоо тууралуу сынак баракчаларын жана видеоматериалдарды иликтейт. Иликтөө жыйынтыктарын жана бааларын камтыган отчет даярдап институтка тапшырат.
Комиссия отчетунда аттестациялык комиссиянын чечиминин туура экендиги же аталган комиссия кайрадан баа берүүсү керектиги тууралуу чечим чыгарат.
Чечим комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Комиссия отчетунда аттестациялык комиссиянын чечимин туура деп тапса, отчет институттун башкаруу кеңеши тарабынан иликтенип, чечим чыгарылат.
Комиссия отчетунда аттестациялык комиссия кайра текшерсин деген чечим чыгарса, комиссиянын отчету институттун жетекчилиги тарабынан 15 күндүн ичинде кайра карап чыгуу үчүн аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүлөт.
Комиссиянын арызга байланыштуу чечими акыркы чечим деп саналып, институттун башкаруу кеңеши тарабынан кол коюлгандан кийин 5 күндүн ичинде студентке билдирилет жана институттун веб-баракчасына жарыяланат.
Институттун башкаруу кеңешинин акыркы чечими кабыл алынбаса, студент аталган чечимге каршы административдик чара колдонуу талабы менен кайрыла алат.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Уруксат алуу, академиялык өргүү алуу, окуудан чыгаруу
Уруксат алуу
37-берене.
Студенттин күтүлбөгөн (табигый кырсык, атасынын, энесинин, жубайынын, бир тууганынын же баласынын дүйнөдөн кайтышы ж.б.) жүйөлүү себептерден улам уруксат алуусу үчүн жүйөлүү себеп болгон күндөн тарта 15 күндүн ичинде жүйөлүү себебин көрсөткөн арызы жана тастыктаган документтери менен кошо институттун мүдүрлүгүнө кайрылган учурда, институттун башкаруу кеңеши студентке канча мөөнөттүк уруксат берүү тууралуу чечим чыгарат.
Эки тараптуу келишим жана эл аралык байланыштар алкагындагы принциптерге ылайык, студенттерге белгилүү мөөнөткө өлкө ичинде же чет өлкөдө билим алуу үчүн институттун башкаруу кеңеши тарабынан уруксат берилет. Өлкөдө жана чет өлкөдө өткөргөн убакыт студенттин билим алуу мөөнөтүнө кошулар-кошулбасы тууралуу чечимди институттун башкаруу кеңеши чыгарат.
Ректораттын чечими менен студент алмашуу программасына катыша турган студент институттун ИИТ/ИКТ жетекчилиги тарабынан даярдалган көндүм алдыруу программасынын алкагында институттун башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык уруксат алды деп эсептелиши мүмкүн.
Жүйөлүү себептерден улам уруксат алган студенттер тууралуу маалымат институттун башкаруу кеңешинин чечими менен ошол күндөрү сабак берген окутуучуларына жана илимий жетекчисине жазуу жүзүндө билдирилет.
Студент академиялык уруксат алган учурда сабактарга жана сынактарга кире албайт. Эгерде бул күндөрү сынактарга кирсе, баалары жараксыз деп эсептелет.
Студент академиялык уруксаты бүткөндөн кийин окуусун токтоткон жерден улантат.
15 күн ичинде кабарлабаса, жүйөөлүү себеби кабыл алынбайт.
Академиялык өргүүгө чыгуу
38-берене.
Ден соолугуна байланыштуу академиялык өргүүгө чыгуу
Окуу жылы ичинде үзгүлтүксүз 4 апта ооруканада болгонун тастыктаган маалымкаты бар студент институттун башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык өргүүгө чыга алат. Студентке ден соолугуна байланыштуу эң көп 2 семестр академиялык өргүү берилет.
Балалуу болгонун тастыктаган документи бар студент 2 семестрге чейин академиялык өргүүгө чыга алат.
Студент оорулуу баракчасын ачтырган күндөн тартып, 7 күндүн ичинде ден соолугунун абалын тастыктаган маалымкатты жана документти институттун жетекчилигине тапшырууга милдеттүү. Бул мөөнөттүн ичинде тапшырылбаган документтер кабыл алынбайт.
Ден соолугуна байланыштуу академиялык өргүүгө чыккан студент сакайганын билдирген учурда институттун башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык өргүүсү аяктайт жана студенттин окуусун улантуусуна уруксат берилет.
Жүйөөлүү себептерден улам академиялык өргүүгө чыгуу
Окуу-тарбия, илимий изилдөө ж.б.у.с. себептерге байланыштуу чет өлкөгө кетүүгө туура келген, врачтын көрсөтмөсү менен оорулууну коштоп барган, табигый кырсыктардан жабыркаган, студент учурунда айыпталып, сот жообуна тартылган, о.э. институттун башкаруу кеңешинин чечими менен себеби жүйөөлүү деп табылган жана ушул сыяктуу себептерин тастыктаган студенттерге институттун башкаруу кеңешинин чечими менен эң көп 2 семестрге чейин академиялык өргүү берилет. Кызматтык ишине байланыштуу өлкө ичинде жумуш ордун алмаштырган же чет өлкөгө кеткендер мындай укуктан пайдалана алышпайт.
Күтүлбөгөн кырдаалдардан башка учурда академиялык өргүүгө чыгуу үчүн академиялык календарда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кайрылышы керек.
Жүйөлүү себептерден улам академиялык өргүүгө чыккан студент академиялык өргүү алууга себеп болгон маселелер чечилгенин билдирген учурда академиялык өргүүсү институттун башкаруу кеңешинин чечими менен жокко чыгарылат жана окуусун улантууга укук алат.
Аскердик милдетин өтөөгө байланыштуу академиялык өргүүгө чыгуу.
Аскердик милдетин өтөөгө даярданып жатканын документтер менен далилдеген жана бул абалды жазуу түрүндө институтка билдирген студентке аскердик милдетин өтөө мөөнөтүнө туш келген семестрлер үчүн институттун башкаруу кеңешинин чечими менен академиялык өргүү берилет.
Аскердик милдет өтөө үчүн академиялык өргүүгө чыккан студент аскерден келгенден кийин 1 айдын ичинде аскердик билети менен институттун жетекчилигине кайрылса, аскердик мөөнөтү аяктаган мезгилдеги алгачкы сабакка катталуу учурунда каттоосун жаңыртышы керек.
Студент академиялык өргүү учурунда сабактарга жана сынактарга, квалификациялык сынакка жана диссертациялык ишти коргоого (план-проспектин, диссертациялык ишти кароо, алдын ала коргоо жана диссертациялык ишти коргоо сынактарына) катыша албайт.
Академиялык өргүү учурунда студенттин сабакка, сынакка жана диссертациялык ишти коргоого катышуусу эсепке алынбайт.
Окуудан чыгаруу
39-берене.
Магистранттын / докторанттын;
Өз каалоосу менен;
Акыркы каттоодо талап кылынган документтердин түп нускасын тапшырбаса;
Жүйөөлүү себепсиз 2 семестр катары менен каттоодон өтпөсө;
Милдеттүү түрдө окутулуучу тилдерден: бир тилден 2 семестрде, эки тилден 4 семестрде бошотулбаса;
2 семестрде адистикке даярдоо программасын бүтүрбөсө;
4 семестрде сабактарын ийгиликтүү бүтүрбөсө же бардык сабактары ийгиликтүү болсо да жалпы академиялык жетишкендигинин орточо баасы магистранттар үчүн 2.50/4.00төн жана докторанттар / көркөм өнөр багытындагы студенттер үчүн 3.00/4.00төн төмөн болсо.
Магистрант:
2 семестрде илимий-изилдөө жана педагогикалык практика сабактарынан отчет бербесе;
Жүйөөлүү себепсиз 2 семестр катары менен диссертациялык ишинин убактылуу отчетун тапшырбаса;
Белгиленген мөөнөт ичинде диссертациялык ишин тапшырбаса;
Белгиленген мөөнөт ичинде магистратура программасынын жоболоруна ылайык басма сөз беттеринде жарыяланган эмгектеринин тизмесин бербесе;
Докторант/ассистент-стажер:
Квалификациялык сынактан 2 семестр катары менен өтпөсө;
Диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын коргоо сынагынан 2 семестр өтпөй калса;
Жүйөөлүү себепсиз 2 семестр катары менен диссертациялык иштин жүрүшү тууралуу отчет тапшырбаса же отчету жактырылбаса;
Берилген максималдуу мөөнөттүн аякташына 1 семестр калганга чейин диссертациялык иши тууралуу ийгиликтүү 3 отчет тапшырбаса;
Белгиленген мөөнөт ичинде чет өлкөдөн изилдөө практикасынан өтпөсө;
Белгиленген мөөнөт ичинде диссертациялык ишин/көркөм өнөр чыгармасын тапшырбаса;
Белгиленген мөөнөткө кошумча берилген мезгилдин ичинде докторантура/ көркөм өнөр программасынын жоболоруна ылайык басма сөздө жарыяланган эмгектеринин тизмесин бербесе;
Диссертациялык ишти алдын ала коргоо сынагын ийгиликсиз тапшыраса;
Диссертациялык ишти коргоо сынагынан өтпөсө;
Тартип жазасынын негизинде окуудан чыгаруу жазасы берилсе;
Диссертациялык ишинде же башка илимий эмгектеринде плагиат аныкталса окуудан чыгарылат.
Институттун башкаруу кеңеши окуудан чыгарууну сунуш кылса, ректордун буйругу менен студент университеттен чыгарылат.
Университеттен чыгарылган студенттин арызынын негизинде 2 апта ичинде ага институттан окуган сабактары жана алган баалары көрсөтүлгөн документ (транскрипт) берилет.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Түрдүү жоболор
Программалардын талабына ылайык диссертациялык иш жазуу
40-берене. Магистратура, докторантура/ассистентура-стажировка программаларынын талабына ылайык, диссертациялык иш жазуу тиешелүү эрежелер менен ишке ашырылат.
Дипломдордун таанылышы
41-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан берилген дипломдор Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында тийиштүү багытта жана деңгээлде билим берген ЖОЖдордун дипломдорундай эле эл аралык деңгээлде таанылып, диплом ээлерине бирдей укуктарды берет.
Тартипти жөнгө салуу
42-берене. Магистранттардын жана докторанттардын тартибин көзөмөлдөө жана териштирүү иштери тийиштүү институт тарабынан “КТМУнун студенттеринин тартиби боюнча нускамасына” ылайык жүргүзүлөт.
Плагиат
43-берене.
Студенттин диссертациялык ишинде же башка илимий эмгектеринде плагиат боюнча шек жаралып, арыз түшсө, бул маселе Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комиссиясына жазуу түрүндө билдирилет.
Илимий изилдөө жана жарыялоо этикасы боюнча комиссиясынын иликтөөсүнө ылайык териштирүү иши жыйынтыкталганча студентке диплом берилбейт.
Териштирүүнүн натыйжасында эмгекте плагиат орун алганы жана этикалык нормалар бузулганы аныкталса, студент окуудан чыгарылат.
Нускамада каралбаган жагдайлар
44-берене. Бул нускамада каралбаган жагдайлар Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Күчүн жоготкон нускама жана ага тиешелүү университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими
45-берене.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 16-майындагы 2017-09.45 (a) номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын билим берүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасы” жана ага тиешелүү жана бул чечимдерге карама-каршы келген Окумуштуулар кеңешинин жана Башкаруу кеңешинин чечимдери;
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 18-июнундагы 07.062-номерлүү чечими менен кабыл алынган “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу сынагынын негиздери»
күчүн жоготту деп табылды.
Күчүнө кириши
46-берене. Бул нускама 2021-2022-окуу жылынын башынан тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
47-берене. Бул нускаманын аткарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору тарабынан көзөмөлдөнөт.
Университеттин Окумуштуулар кеӊешинин 2024-жылдын 27-июнундагы №2024-07.49(а) чечими менен 1-таблица. Баалоо таблицасына өзгөртүү киргизилген.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 1-июнундагы 2021-08.40- номерлүү чечими менен кабыл алынган