| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИНИН ИШТӨӨ УСУЛУ ЖАНА НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 23 |
| Кабыл алганы | 07.10.2007 |
| Ачкыч сөздөр |
КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИ ИШТӨӨ УСУЛУ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИНИН ИШТӨӨ УСУЛУ ЖАНА НЕГИЗДЕРИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Камкорчулар кеңеши университетти жалпы башкаруу максатында биргелешип иштешүү принцибинин негизинде төрт кыргыз жаранынан, төрт түрк жаранынан турган сегиз мүчөдөн түзүлөт. Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана үч мүчөсү Түркия Республика-сынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде дайындалат. Калган төрт мүчө Кыргыз Республи-касынын Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү жол-жоболорго ылайык дайындалат.
Камкорчулар кеңешинин төрагасы Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен бир кыргыз жаранын, бир түрк жаранын өзүнө жардамчы катары дайындай алат.
Камкорчулар кеңеши төраганын чакыруусу боюнча чогулуп, күн тартибиндеги маселелер-ди талкуулашат. Камкорчулар кеңеши бир жылда эки жолу чогулат. Чогулуштун өтө турган жери жана күнү төрага тарабынан белгиленет. Төрага чогулуштун күн тартибин, өтө турган жерин жана күнүн кеңештин мүчөлөрү менен бирге аныктап алат. Жыйналыштын кворумун 5 киши түзөт. Камкорчулар кеңеши каршы чечим кабыл албаса, тийиштүү чечим көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат.
Добуштар теӊ болуп калган учурда төраганын добушу эки добуш болуп эсептелинет.
Университеттин максатка ылайык иш алып баруусу үчүн ар кыл коммуникациялык кара-жаттар менен байланыш түзүү аркылуу жүзөгө ашырылышы зарыл болгон нускамалар, чечимдер ж.б. төраганын жана анын орун басарларынын чечими менен күчүнө киргизи-лиши мүмкүн. Бул чечим Камкорчулар кеңешинин алгачкы чогулушуна чейин күчүн сактайт.
Камкорчулар кеңеши университеттин чечим чыгаруучу жогорку органы болуп эсептелет. Кеңеш өзүнүн милдеттерин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын жоболо-руна ылайык аткарат.
Негизги кызматында иштеген, ошол эле учурда Камкорчулар кеңешинин төрагалыгына жана анын мүчөлүгүнө шайланган кишилер кызматынан кеткен учурда, Камкорчулар кеңешиндеги кызматы да аяктайт.
Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн иштөө мөөнөтү беш жылды түзөт. Орун бошогон мезгилде ошондой эле жол-жобо менен мүчө дайындалат.
Камкорчулар кеңешинин милдеттери төмөнкүдөй:
Камкорчулар кеңешинин иштөө усулун жана негиздерин нускама менен аныктоо;
Ректорат же Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн сунушу боюнча факуль-тетти, институтту, жогорку мектепти, илимий-изилдөө борборун, бөлүмдү жана кафедраны ачуу, жабуу же бириктирүү;
Академиялык жана административдик кызматкерлерди даярдоо жана ар бир кызмат-керге төлөнүүчү эң аз жана эң көп акы суммасын аныктоо;
Академиялык жана административдик кызматкерлер үчүн келишимдин шарттарын жана негиздерин аныктоо;
Университеттин жылдык иш алып баруу максаттарын аныктоо. Эки өлкө тарабынан аныкталган төлөмдөргө ылайык Ректор тарабынан даярдалган университеттин бюдже-тин текшерүү, бекитүү жана зарыл болгон учурда текшерүү жүргүзүү. Кийинки жыл үчүн талап кылынган төлөмдөрдү аныктап, май айынын акырына чейин эки өлкөнүн өкмөтүнө билдирүү;
Ректорат күн тартибине койгон башка маселелер боюнча чечим чыгаруу;
Төмөндөгү маселелер боюнча долбоору ректорат тарабынан даярдалган нускамалар-ды даярдоо жана аларды университет иштей баштаган күндөн тарта алты ай ичинде жүзөгө ашыруу:
Университеттин киреше-чыгаша жана бухгалтердик эсеп боюнча нускамасы;
Чечим чыгаруу жана башкаруу органдарынын милдеттери, иштөө усулу жана негиздери (университеттин административдик кызматкерлер боюнча нускамасы);
Окутуучуларды тандоо, дайындоо, акы төлөө жана кызматынан жогорулатуу боюнча негиздер (университеттин академиялык кызматкерлер боюнча нускамасы);
Университеттин сатып алуу жана тендерди өткөрүү боюнча нускамасы;
Административдик кызматкерлер менен келишим түзүү, аларды дайындоо, акы төлөө жана иштөөсү боюнча негиздер (университеттин административдик кызмат-керлер боюнча нускамасы);
Окуу китептери ж.б.академиялык басылмаларды басып чыгаруу жана автордук укук үчүн төлөнүүчү акы боюнча негиздер (университеттин басылмаларды басып чыгаруу боюнча нускамасы);
Академиялык, административдик ж.б. кызматкерлерге жеке идентификациялык номер берүү жана алардын тартиби боюнча жоболор (университеттин академиялык жана административдик кызматкерлерге жеке идентификациялык номер берүү жана алардын тартиби боюнча нускамасы).
Камкорчулар кеӊешинин өз милдеттерин аткаруусу, университет менен байланышын камсыздоо үчүн эң көп 3 кишиден турган уюм Камкорчулар кеңешинин чечими менен түзүлөт.
Бул уюмдун мүчөлөрү Камкорчулар кеңешинин төрагасы тарабынан дайындалат. Камкор-чулар кеңешинин уюму Камкорчулар кеңешинин төрагасынын буйругу жана башкаруусу астында иш алып барат.
Камкорчулар кеңеши жана уюму тарабынан дайындалуучу башка кызматкерлерге жумшалган каражаттар университеттин бюджетинен бөлүнөт.
Камкорчулар кеңешинин төрагасына жана мүчөлөрүнө акы төлөнбөйт. Бирок төрагага жана мүчөлөрүнө өкүлдүк төлөм катары бир ай үчүн 250 АКШ доллары берилет. Төлөмдөр октябрь айынын биринчи жумасында төлөнөт. Текшерүү комиссиясынын мүчө-лөрүнө кызматы үчүн Камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталган акы төлөнөт. Камкор-чулар кеңешинин төрагасына жана анын мүчөлөрүнө, о.э. текшерүү комиссиясынын төрагасына жана мүчөлөрүнө төлөнүүчү жол кире жана күнүмдүк чыгаша каражаттары Камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталып, университеттин бюджетинен бөлүнөт.
Камкорчулар кеңешинин төрагасы тарабынан дайындалган башка кызматкерлерге төлө-нүүчү акы, жол кире жана күнүмдүк чыгаша каражаттары Камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталып, университет бюджетинен Камкорчулар кеңеши үчүн бөлүнгөн суммадан валюта түрүндө төлөнөт.
Бул нускама Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
Бул нускама Камкорчулар кеңешинин 2000-жылдын 7-октябрындагы 2000-3-1/1-номерлүү чечими менен кабыл алынган.