| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО АЗИЯ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 24 |
| Кабыл алганы | 28.03.2012 |
| Ачкыч сөздөр |
ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ОРТО АЗИЯ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ОРТО АЗИЯ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ, УЮШТУРУУЧУЛУК ТҮЗҮМҮ ЖАНА ИШ АЛЫП БАРУУ ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Орто Азия изилдөө борборунун максаттарына, иш-аракет чөйрөсүнө, башкаруу органдарына, башкаруу органдарынын милдеттерине жана иш алып баруусуна тийиштүү ыкмаларын жана негизде-рин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Орто Азия изилдөө борборунун максаттарына, иш-аракет чөйрөсүнө, башкаруу органдарына, башкаруу органда-рынын милдеттерине жана иш алып баруусуна тийиштүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Борбор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Орто Азия изилдөө борбору (KTMУ-ОАИБ);
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети.
Борбордун максаты
5-берене.
Орто Азия аймагына жана ошондой эле кошуна элдерге жана мамлекеттерге байла-ныштуу саясат, стратегия, коом, экономика жана маданият жаатында улуттук жана эл аралык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү, окуу-тарбия жана илимий-изилдөө иштерин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуу;
Эл аралык уюмдарга, Кыргызстан жана Түркия Республикасынын мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарына Орто Азиядагы саясий, стратегиялык, социалдык, экономи-калык жана маданий маселелер боюнча кеңеш берүү кызматын көрсөтүү;
Орто Азия аймагына жана ошондой эле кошуна элдерге жана мамлекеттерге байла-ныштуу маселелер боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү каалаган жеке жана мекемесинин кызыкчылыгы үчүн иштеген изилдөөчүлөргө көмөк көрсөтүү жана тыянак чыгарууда өнөктөш болуу;
Орто Азия аймагына жана ошондой эле кошуна элдерге жана мамлекеттерге байла-ныштуу саясат, стратегия, коом, экономика жана маданият жаатында эл аралык дең-гээлде илимий басылмаларды, жыйынтыктарды жана китептерди басып чыгаруу жана басып чыгарууга көмөк көрсөтүү;
Биринчи иретте Кыргызстан жана Түркия Республикасынын, ошондой эле Орто Азия жана башка тийиштүү өлкөлөрдүн биргелешкен стратегиялык иш-чараларынын, илимий-изилдөө иштеринин жана долбоорлорунун ишке ашырылышын шыктанды-рууга, аларды жүзөгө ашырууга, профессор-окутуучулук курамынын мүчөлөрүн жана студенттерди алмашуу программаларынын өнүгүүсүнө салым кошуу;
Tүркия Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда билим жана тажрыйба алма-шууну арттырууга салым кошуу.
Борбордун ишкердик чөйрөсү
6-берене. Борбордун ишкердик чөйрөсү төмөнкүдөй:
Борбордун максаттарына ылайык Орто Азиянын жана коңшу өлкөлөрдүн универси-теттери, илимий-изилдөө борборлору, жарандык коом, мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
Эл аралык жана улуттук уюмдарга жана мекемелерге Орто Азияга байланыштуу маселелер боюнча кеңеш берүү кызматын көрсөтүү;
Орто Азия аймагына байланыштуу дисциплиналар ортосундагы илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-изилдөө долбоорлорун иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана координа-циялоо;
Орто Азияга байланыштуу эл аралык мезгилдүү илимий журналын чыгаруу, жыйынтык-тарды жана китептерди үзгүлтүксүз жарыялоо, тийиштүү багыты боюнча электрондук китепкана, архив жана электрондук байланыш тармагын түзүү жана ошондой эле тийиштүү багыттагы басылмаларды университетте басып чыгарууга аракет кылуу;
Эл аралык, аймактык жана улуттук деңгээлде конгресс, симпозиум, семинар, конфе-ренция, форум, панель ж.б. илимий иш-чараларды уюштуруу;
Борбордун максаттарына ылайык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түзүмдөрү менен кызматташтык алкагында ар түрдүү окуу программаларын (семинар, сабак, курс, сертификат берилүүчү программа, жайкы мектеп ж.б. иш-чаралар) ишке ашыруу, факультеттер жана бөлүмдөрдөн келген изилдөөлөр боюнча сунуштарды баалоо жана ишке ашыруу;
Орто Азия аймагы жана коңшу өлкөлөр жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзгөн универси-теттер, илимий-изилдөө уюмдары, институттары жана борборлору менен биргелешкен илим, көркөм өнөр, спорт, маданият багытында иш-чараларды пландоо жана жүзөгө ашыруу;
Орто Азия аймагы жана коңшу өлкөлөр боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн универси-теттер, илимий-изилдөө уюмдары, институттары жана борборлору менен профессор-окутуучулук курамдын мүчөлөрү, административдик кызматкерлер жана студенттер үчүн биргелешкен орток билим берүү, өндүрүштүк практика жана академиялык алмашуу программаларын уюштуруу;
Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Түркия Республикасы, Кыргызстан жана Орто Азиядагы башка өлкөлөрдүн университеттери менен биргелешкен илимий-изилдөө жана илимий-практикалык иш-чараларды жүргүзө турган окутуучуларды жана студент-терди даярдоого көмөк жана колдоо көрсөтүү;
Борбордун максаттарына жана ишкердик чөйрөсүнө ылайык ар түрдүү тармактарда жумушчу топторду жана илимий-изилдөө комиссияларын түзүү;
Борбордун башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган жана түзүмдүн максатына ылайык башка иш-чараларды жүргүзүү.
Борбордун башкаруу органдары
7-берене. Борбордун башкаруу органдарына төмөнкүлөр кирет:
Борбордун жетекчиси;
Борбордун башкаруу кеңеши.
Борбордун жетекчиси
8-берене.
Борбордун жетекчиси ректорат тарабынан борбордун максаттарына ылайык илим тармагында толук айлык акы менен иштеген университеттин профессор-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн арасынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат. Борбордун жетекчиси ошондой эле тартипте кайрадан дайындалышы мүмкүн.
Борбордун жетекчисинин сунушу боюнча ректорат тарабынан борбордун жетекчи-синин орун басары кызматына университеттин профессор-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн ичинен эң көп эки окутуучу дайындалат. Борбордун жетекчисинин кызматтык мөөнөтү аяктаганда орун басарларынын да кызматтык мөөнөтү аяктайт. Борбордун жетекчиси кызмат ордунда болбогон учурларда анын милдеттерин орун басарларынын бирөөсү аткарат. Борбордун жетекчисинин милдеттерин орун басарла-рынын бирөөсү алты айдан ашык мөөнөттө аткарган учурда борборго жаңы жетекчи дайындалат.
Борбордун жетекчисинин милдеттери
9-берене. Борбордун жетекчисинин милдеттери төмөндөгүдөй:
Борбордун кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу жана борбордун башкаруу кеңешине төрагалык кылуу;
Борбордун башкаруу кеңешинин чечимдерин иш жүзүнө ашыруу;
Жылдык бюджет боюнча сунуштарды даярдоо жана борбордун башкаруу кеңешине сунуштоо;
Ар бир окуу жылынын аягында жана талап кылынган учурда ректоратка борбордун иш-чараларынын жалпы абалына жана ишмердигине байланыштуу отчетту сунуштоо;
Борбордун иштерине байланыштуу тийиштүү кызматтык дайындоолорду жүргүзүү;
Борборду бул нускаманын жана башка тийиштүү ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык башкаруу;
Башка илимий-изилдөө борборлору менен кызматташтыкты жана өнөктөштүк байланыштарды улантуу;
Борбордун максаттарына жетүү үчүн ар түрдүү тармактарда жумушчу топторду жана илимий-изилдөө комиссияларын түзүү процессин башкаруу;
Борбордун иш-чараларына байланыштуу чыгымдарды университеттин бюджетинин эсебинен финансылык документтерге кол коюу укугуна ээ кишинин макулдугуна жана уруксатына ылайык жабуу.
Борбордун башкаруу кеңеши
10-берене.
Борбордун башкаруу кеңеши жалпысынан 5 (беш) мүчөдөн: төрагалык кылган борбор-дун жетекчисинен, борбордун жетекчисинин орун басарларынан жана борбордун максаттарына ылайык тармактарда иш алып барган профессор-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнүн арасынан борбордун жетекчисинин сунушу боюнча ректорат тарабынан 3 (үч) жылдык мөөнөткө дайындалган 2 (эки) мүчөдөн турат. Кызматтык мөөнөтү бүткөн мүчөлөр кайрадан дайындалышы мүмкүн. Кандайдыр бир себептен улам кызмат ордунан бошотулган мүчөнүн ордуна башкаруу кеңешинин жаңы мүчөсү жогоруда аталган тартипте дайындалат. Кызматтык мөөнөтү бүткөн мүчө кайрадан дайында-лышы мүмкүн.
Борбордун башкаруу кеңеши окуу-тарбиялык түзүм болуп, борбордун билим жана тарбия берүүгө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, кеңеш берүүгө жана басып чыга-рууга байланыштуу маселелерин чечет. Борбордун башкаруу кеңеши борбордун жетек-чисинин чакыруусу боюнча жыйналышка чогулат. Жыйналыштарда борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү “макул” же “каршы” деп добуш беришет. Добуштар тең болгондо төраганын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери
11-берене. Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери төмөндөгүдөй:
Борбордун иш-чараларынын планын жана программаларын иштеп чыгуу жана анын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө;
Бюджеттин долбоорун кароо жана бекитүү;
Зарыл болгон учурларда борбордун иш-чараларына байланыштуу убактылуу жумушчу топторду түзүү жана алардын милдеттерин жөнгө салуу;
Борбордун жетекчисинин сунушу боюнча административдик, техникалык жана башка кызматкерлерге болгон муктаждыкты аныктоо, чечим чыгаруу жана ректоратка беки-түүгө сунуштоо;
Өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар менен биргелешип жүргүзүлө турган илимий-изилдөө иштеринин негиздерин, принциптерин жана ыкмаларын аныктоо;
Башка мекемелер жана илимий-изилдөө борборлору менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү, тегерек стол өткөрүү, комиссияларды түзүү жана керек болгон учурларда өзгөртүп кайрадан түзүү иш-чараларын пландаштыруу жана ишке ашыруу.
Борбордун кызматкерлерге болгон муктаждыгы
12-берене. Борбордун академиялык, административдик жана техникалык кызматкерлерге болгон муктаждыгын ректорат тарабынан дайындалган кызматкерлер канааттандырат.
Күчүнө кириши
13-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин Камкорчулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
14-берене. Бул нускаманын аткарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан көзөмөлдөнөт.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы 2012-01/2-а номерлүү чечими менен кабыл алынган.