| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ САБАКТАР БОЮНЧА КООРДИНАТОРЛУГУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 25 |
| Кабыл алганы | 07.07.2022 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ САБАКТАР КООРДИНАТОР |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ САБАКТАР БОЮНЧА КООРДИНАТОРЛУГУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча окутула турган жалпы билим берүүчү сабактарды өткөрүүнүн жол-жоболорун уюштуруу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында окутула турган жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлукту түзүү жана жалпы билим берүүчү сабактарды өткөрүү жөнүндө жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук база
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тийиштүү беренелерине жана “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасына” ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Координаторлукту түзүү
5-берене. (1) Жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлук ректорат тарабынан дайындалган бир проректордун төрагалыгы астында аралыктан окутуу борборунун жетекчисинен, студенттик иштер башкармалыгынын башчысынан жана ректор тарабынан окутуучулардын ичинен 3 жылдык мөөнөткө дайындалган сабактардын координаторлорунан түзүлөт. Кызмат мөөнөтү аяктаган сабактын координатору кайрадан дайындала алат. Сабактын координатору кызматка дайындоо тартибине ылайык, керек болгон учурларда кызматтан четтетилиши да мүмкүн.
(2) Жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлор:
а) Университеттин милдеттүү сабактары боюнча координаторлор
Ата Мекен тарыхы (Кыргыз Республикасынын тарыхы/ Түркия Республикасынын тарыхы) сабагы боюнча координатор
Дене тарбия жана спорт сабагы боюнча координатор
Философия сабагы боюнча координатор
Англис тили сабагы боюнча координатор
Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча координатор
Кыргызстандын географиясы сабагы боюнча координатор
Манастаануу/ түрк цивилизациялары сабагы боюнча координатор
Орус тили сабагы боюнча координатор
b) Университеттин тандалма сабактары боюнча координаторлор:
Университеттин таңдалма сабактары боюнча координатор
с) Математика жана табигый илимдердин сабактары боюнча координаторлор
Информатика сабагы боюнча координатор
Физика сабагы боюнча координатор
Математика сабагы боюнча координатор
Сабактын координаторунун милдеттери
6-берене.
Сабактын координаторунун милдеттери төмөнкүдөй:
а) Координатору болгон сабакты өткөрүү үчүн окутуучуну сунуштоо;
b) Аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабакка тиешелүү окуу материалдарын аралыктан окутуу борборунун электрондук сабактар системасына жүктөө;
c) Апталык сабак жана сынак программаларын түзүү;
d) Студенттердин электрондук сабактар системасына катталышын камсыз кылуу;
e) Координатору болгон жана аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабакты өздөштүргөн студенттердин окуудагы жетишкендиктерин биргелешип баалоо.
Аралыктан окутуу борборунун жетекчисинин милдеттери
7-берене. Аралыктан окутуу борборунун жетекчисинин милдеттери төмөнкүдөй:
a) Электрондук сабактар системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
b) Сабакка тиешелүү окуу материалдарынын электрондук сабактар системасына жүктөлүшүнө көмөк көрсөтүү;
c) Аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабактардын апталык сабак жана сынак программаларынын аралыктан окутуу борборунун веб-баракчасында жарыяланышын камсыз кылуу;
Студенттик иштер башкармалыгынын башчысынын милдеттери
8-берене. Студенттик иштер башкармалыгынын башчысынын милдети – аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабактардын бардык бөлүмдөрүн баалоо ишин биргелешип жүргүзө тургандай координаторлорго колдоо көрсөтүү.
Жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлуктун кеңеши
9-берене. (1) Жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлуктун кеңеши проректордун төрагалыгы астында аралыктан окутуу борборунун жетекчисинен, Студенттик иштер башкармалыгынын башчысынан жана сабактардын координаторлорунан түзүлөт.
(2) Жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлуктун кеңеши төмөнкүлөр боюнча жооптуу болот:
Университеттин түзүмдөрүндө окутула турган жалпы билим берүүчү сабактарга тиешелүү окуу-тарбия иштерин пландаштыруу;
Сабактарга окутуучуларды дайындоо;
Аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабактарга тиешелүү видео-сабак жана окуу материалдарын электрондук сабактар системасына жүктөө;
Апталык сабак жана сынак программаларын түзүү;
Сабактарды үзгүлтүксүз жана натыйжалуу түрдө өткөрүү.
Сабактарды өткөрүү
10-берене. (1) Дене тарбия жана спорт сабагынын практикалык бөлүгү менен математика жана физика сабактарынан тышкары университеттин милдеттүү сабактарынын бардыгы аралыктан окутуу формасында өткөрүлөт.
(2) Университеттин таңдалма сабактарынын практикалык бөлүгүнөн тышкары сабактар аралыктан окутуу формасында өткөрүлөт.
(3) Информатика сабагынын теориялык бөлүгү аралыктан окутуу формасында, ал эми практикалык бөлүгү координаторлук тарабынан аныкталган ыкма боюнча компьютердик лабораторияларда өткөрүлөт.
(4) Аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабактарга тиешелүү видео сабактар, маалыматтык булактар жана керектүү документтер аралыктан окутуу борборунун электрондук сабактар системасына жүктөлөт. Сабак боюнча жооптуу окутуучу сабак учурунда электрондук сабактар системасына активдүү түрдө катышып, сабак бүткүчө студенттердин суроолоруна жооп берет.
(5) Дене тарбия жана спорт сабагынын практикалык бөлүгү, университеттин практикалык таңдалма сабактары менен математика жана физика сабактары күндүзгү окуу формасында бетме-бет өткөрүлөт.
Сабактардын бөлүмдөрү
8-берене. (1) Орто кесиптик колледжде математика сабагы техникалык программалар жана коомдук программалар болуп эки бөлүм түрүндө ачылат.
(2) Физика жана башка программалардагы математика сабактары зарыл учурда координаторлук тарабынан бириктирилип өтүлүшү мүмкүн.
(4) Дене тарбия жана спорт сабагы футбол, волейбол, баскетбол, гандбол, гимнастика, атлетика, салттуу оюндар жана шахмат сыяктуу спорт түрлөрүнө бөлүнүп өткөрүлөт. Студент бул спорт түрлөрүнөн бирөөсүнө гана каттала алат.
Сабак боюнча жооптууларды аныктоо
9-берене. (1) Сабактын координатору тарабынан сабак өтүүчү окутуучу сунушталат.
(2) Аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабактарды жана ЕККС кредит-сааты жок сабактарды өтүүчү окутуучу зарыл болгон учурлардан сырткары университеттин толук ставкада иштеген окутуучулардын ичинен дайындалат.
(3) Университеттин тандалма сабактарын өтүүчү окутуучу университеттин толук ставкада иштеген окутуучуларынын ичинен дайындалат.
(4) Дене тарбия жана спорт сабагынын ар бир түрү үчүн окутуучу дайындалат.
(5) Физика сабагынын лабораториясы сабак боюнча жооптуу окутуучудан башка окутуучу же илимий адис тарабынан колдонулган учурда, бул жагдай билдирилиши керек.
(6) Сабак боюнча координаторлуктун апталык сабак жүгүнө салымы төрт (4) саатты түзөт.
(7) Бир сабакка катталган студенттердин саны 51-100дүн тегерегинде болсо, бул сабак үчүн апталык сабак жүгүнө бир (1) саат; 101-150нүн тегерегинде болсо, эки (2) саат жана андан ашык болсо, үч (3) саат кошулат.
(8) Сабак өтүүчү окутуучуну дайындоо боюнча сунуштар жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлуктун кеңешинин чечими менен күзгү семестрде август айынын экинчи аптасында, жазгы семестрде декабрь айынын биринчи аптасында ректоратка жиберилет.
Апталык сабак программасы
10-берене. Университеттин жалпы билим берүүчү сабактарынын апталык сабак программалары сабакка катталуу мезгилинен бир ай мурун жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлуктун кеңеши тарабынан даярдалып, тийиштүү түзүмдөргө жиберилет. Түзүмдөрдө жалпы билим берүүчү сабактардын апталык сабак программалары эске алынып, апталык сабак программалары даярдалат.
Сынактарды өткөрүү
11-берене. (1) Аралыктан окутуу формасында өтүлгөн сабактар боюнча сынактар электрондук сабактар системасы аркылуу көзөмөлдөнүп өткөрүлөт.
(2) Бетме-бет формасында өтүлгөн сабактар боюнча сынактар “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасына” ылайык өткөрүлөт. Сынак өткөрүлчү аудиторияларды аныктоо жана экзаменаторлорду дайындоо иши сабак өтүлгөн түзүм тарабынан жүзөгө ашырылат.
(3) Сынак программалары жалпы билим берүүчү сабактар боюнча координаторлук тарабынан даярдалат жана сынак күнүнөн отуз (30) күн мурун түзүмдөргө жиберилет. Сынак программалары аралыктан окутуу борборунун веб-баракчасында да жарыяланат.
Башка жоболор
12-берене. Бул жободо каралбаган жагдайларда “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” беренелери жана Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонулат.
Жокко чыгаруу
11-берене. Бул жобо күчүнө кирген күндөн тарта Окумуштуулар кеңеши тарабынан координаторлукка тиешелүү кабыл алынган мурдагы чечимдер жокко чыгарылат.
Күчүнө кириши
14-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
15-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 07-июлундагы 2022-15.59-номерлүү чечими менен кабыл алынган.