| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 26 |
| Кабыл алганы | 22.12.2017 |
| Ачкыч сөздөр |
КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН КОШ ДИПЛОМ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси, аныктамалар жана кыскартуулар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башка ЖОЖдор менен бирдикте бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча жүзөгө ашыра турган кош диплом программаларына тийиштүү жол-жоболорду аныктоо.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин башка ЖОЖдор менен бирдикте бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча жүзөгө ашыра турган кош диплом программаларына тийиштүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мындан аркы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимге” жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Кош диплом программасынын максаты, студенттерди кабыл алуу, окуу мөөнөтү
Кош диплом программасынын максаты
5-берене. Кош диплом программасы университет менен башка ЖОЖдор ортосундагы академиялык кызматташтыкты камсыз кылуу жана аталган программага катышкан студент-тердин дүйнөлүк стандарттарга ылайык билим алууларына шарт түзүү максаттарын көздөйт. Кош диплом программалары тийиштүү академиялык түзүмдүн башкаруу кеңешинин сунушу, Окумуштуулар кеңешинин чечими жана Камкорчулар кеңешинин макулдугу менен иштелип чыгылат. Иштелип чыккан кош диплом программасы тийиштүү мамлекеттердин ыйгарым укуктуу мекемелери тарабынан бекитилгенден кийин окутуу иштери жүргүзүлө баштайт.
Студенттерди кабыл алуу
6-берене. Студенттер тараптардын студенттерди кабыл алуу шарттарына ылайык протокол-до белгиленген тартипте кош диплом программасына кабыл алынышат.
Окуу мөөнөтү
7-берене. Бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча кош диплом программасынын окуу мөөнөтү университеттин тийиштүү багыттагы минималдык окуу мөөнөтүнөн аз болбойт. Кош диплом программасынын тийиштүү университеттердеги минималдык мөөнөттөрү жана бул мөөнөттөрдө өтүлө турган семестрлер менен жалпы окуу мөөнөтү протоколдо көрсөтүлөт.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Протокол, программанын координатору, каттоодон өтүү жана окуудан четтетүү
Протокол
8-берене. Кош диплом программасынын протоколуна тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшат. Кош диплом программасына катталган студенттер тараптар ортосунда түзүлгөн протоколдун жоболоруна таянышат.
Кош диплом программасынын протоколунда орун алышы керек болгон жоболор төмөнкүдөй:
кош диплом программасынын квотасы, тараптарга тийиштүү окуу программаларын камтыган сабактар, лабораториялык, практикалык, семестрдик иштер жана долбоор-лор, стажировка, диссертациялык иштер ж.б. иш-чаралардын аныктамалары, кредит-сааттары жана аларды колдонуу жолдору;
тараптардын ар биринде өтүлө турган минималдык мөөнөттөр жана бул мөөнөттөрдө өтүлө турган семестрлер менен жалпы окуу мөөнөтү;
окуу акысын/төлөмүн төлөө, жатакана, виза алуу жана каттоо, камсыздандыруу ж.б.у.с. чыгымдарды каржылоо ыкмалары;
кош диплом программасында колдонула турган баалоо системасы, студенттердин жетишүүлөрү жана тапшырылбаган сабактарды кайрадан тапшыруу жолдору жана жалпы орточо баллын эсептөө тартиби;
транскрипттин (баалоо баракчасынын) жана студенттик билеттердин даярдалышы, бекитилиши;
кош диплом программасынын минималдык жана максималдык окуу мөөнөттөрү жана бул мөөнөттөрдү узартуу шарттары;
ар бир университеттен бирден эки бөлөк дипломдун же эки университет биргелешип даярдаган бир дипломдун бериле тургандыгы;
дипломдордо орун алышы керек болгон жоболор;
окутуу тили жана тил үйрөтүү боюнча даярдоо курсуна тиешелүү жоболор жана тилден бошотуу;
кабыл алына турган чет тилди билүү сертификаттары жана чет тил баллы боюнча эквиваленттер;
тараптардын милдеттери;
протоколдун кайсы тилде жана канча нускада даярдалгандыгы; протоколдо пикир келишпестик пайда болгон учурда протоколдун кайсы тилдеги варианты колдонула тургандыгы;
уруксат алуу, окуу дисциплинасы, стипендия, горизонталдык которулуу ж.б. боюнча жоболор.
Программанын координатору
9-берене. Тийиштүү академиялык түзүмгө караштуу бөлүмдүн, программанын, кафедранын башчысы кош диплом программасынын координатору болуп саналат. Программа координа-торунун милдеттери төмөнкүдөй:
Протоколдо белгиленген жоболордун жүзөгө ашырылышын камсыздоо;
Кош диплом программасын жүзөгө ашырган башка ЖОЖдор менен байланыштарды түзүү;
Ар бир семестрдин аягында студенттердин транксрипттерин башка ЖОЖдорго жиберүү.
Каттоодон өтүү
10-берене. Кош диплом программасына катталган студент тийиштүү университеттин академиялык календарында аныкталган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө тийиш.
Окуудан четтетүү
11-берене. Кош диплом программасына катталган, бирок башка ЖОЖдо начар окуган же кандайдыр бир себептерден улам окуудан четтетилген студент университеттен дагы четтетилет.
Окуу акысы
12-берене. Кош диплом программасына катталган студенттер аталган программаны жүзөгө ашырган ЖОЖдор тарабынан талап кылынган акыны төлөөгө тийиш. Окуу акысы жана аны төлөө тартиби даярдала турган протоколдо аныкталат.
Дипломдор
13-берене. Аталган программа боюнча ар бир эки университеттин протоколунда белгиленген талаптарды ийгиликтүү аткарган студентке ар бир университеттен бирден эки бөлөк диплом же эки университет биргелешип даярдаган бир диплом берилет. Бериле турган дипломдун кош диплом программасына тийиштүү экендиги дипломдо көрсөтүлөт. Дипломдогу жазуунун үлгүсү тараптар ортосунда түзүлгөн протоколдордо так көрсөтүлөт. Кош диплом программасы боюнча эки университеттин талаптарын аткарбаган студент диплом алуу укугуна ээ боло албайт.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул нускама университеттин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
14-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы 2017-02/6-номерлүү чечими менен кабыл алынган.