| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТ АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 27 |
| Кабыл алганы | 14.04.2009 |
| Ачкыч сөздөр |
СТУДЕНТ АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТ АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардын ортосундагы студент алмашуу иштерин жөнгө салуу. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кесиптик орто билим берүү, бакалавр, магистратура жана докторантура программаларында билим берген жогорку окуу жайлардын ортосунда студент алмашуу эрежелерин камтыйт.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул нускама Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин Уставынын 10-беренесине негизделип даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Камкорчулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши;
Башкаруу кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Башкаруу кеңеши;
Факультет : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин факультеттери;
Институт : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин институттары;
Жогорку мектеп : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жогорку мектеби жана консерваториясы;
Тийиштүү башкаруу кеңеши : Факультет, институт жана жогорку мектептин башкаруу кеңеши.
Негизги жобо
4-берене. Ар бир окуу жылындагы алмашуу квотасы жана төлөмдөр Камкорчулар кеңеши-нин чечими менен аныкталат.
Окуу келишими
5-берене. Студенттерди алмашуу үчүн ар бир окуу жылынын апрель айынын аягына чейин ушул нускамага ылайык башка университеттер менен академиялык негизде кызматташтык келишими түзүлөт. Ар бир окуу жылында академиялык түзүмдөргө бөлүштүрүлгөн квота жана кабыл алуу күнү Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталып жарыяланат.
Алмашуу программасына студенттерди тандоо
6-берене. Алмашуу программасынын негизинде башка жогорку окуу жайына жибериле турган студенттерди сабактардагы жетишкендигине, бара турган жогорку окуу жайынын билим берүү тилин өздөштүргөнүнө жана маектешүүнүн жыйынтыгына карап, тийиштүү башкаруу кеңеши бөлүнгөн квоталардын санын эске алып аныктайт. Маектешүүнү тийиштүү факультет, институт же жогорку мектеп тарабынан түзүлгөн комиссия өткөрөт. Тийиштүү башкаруу кеңеши студенттердин кайрылуусун карап жатканда төмөндө көрсөтүлгөн пайыз-дык катыштын негизинде жетишкендиктерин аныктайт:
Жалпы орточо балл : 60%
Тил сынагы боюнча балл : 30%
Маектешүү : 10%
Жалпы орточо балл, тил сынагы боюнча балл жана маектешүүнүн баллы төрттүк баа системасынын негизинде аныкталат.
Студенттерди алмашуу программасына кабыл алуу шарттары
7-берене.
Студент алмашуу программасына кайрылуу үчүн университеттин кесиптик орто билим берүү жана бакалавр программаларында окугандар кеминде бир жылдык (эки семестрдик) окуу мөөнөтүн, ал эми магистратура жана докторантура программала-рында окугандар болсо кеминде бир семестрдик окуу мөөнөтүн бүтүрүүлөрү зарыл (университеттин даярдоо курстарындагы окуу мөөнөтү эсепке алынбайт).
Студент алмашуу программасына кайрылган күнгө чейинки семестрди кошкондо жалпы орточо баасы кесиптик орто билим берүү жана бакалавр программаларында окугандар үчүн кеминде 2,5/4, ал эми магистратура жана докторантура программала-рында окугандар үчүн 2,75/4 болуп, тапшыра албай калган сабагы же төмөнкү курста тапшыра албай калган сабактары болбошу керек.
Алмашуу программасына катышууну каалаган студент Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган күндөрдө тийиштүү бөлүм/программа башчылыгына арыз менен кайры-лышы керек.
Алмашуу программасына кабыл алына турган студенттер Башкаруу кеңешинин чечими менен кабыл алынат.
Алмашуу программасына кайрылган студент бул максатта өткөрүлө турган чет тил сынагынан кеминде 70 балл алышы керек же Башкаруу кеңеши тарабынан таанылган эл аралык деңгээлдеги чет тил сынагын ийгиликтүү тапшырышы шарт. Ошондой эле маектешүүдөн кеминде 70 балл алуусу зарыл.
Тартип бузуу жазасын алган студент алмашуу программасына арыз менен кайрыла албайт.
Алмашуу программасынын алкагында окула турган сабактар
8-берене.
Алмашуу программасына кабыл алынган студентке бир семестрден кем эмес жана эки семестрден ашпаган (бир окуу жылы) мөөнөттө башка университетте убактылуу билим алуу укугу берилет. Студент окуу мөөнөтүндө бир гана жолу алмашуу программасынан пайдалана алат.
Алмашуу программасынын негизинде студенттин башка университетте окуй турган сабактары студенттин куратору жана бөлүм башчысы/координатору менен биргеликте аныкталып, Башкаруу кеңеши тарабынан бекитилет.
Студенттин жиберилген жогорку окуу жайында окуй турган сабактары университеттин тийиштүү окуу жылында окуй турган сабактарына мазмуну жана кредити боюнча эң жакыны болушу керек, ал эми сабактын аты окшош болушу шарт эмес.
Алмашуу программасынын жалпы жоболору
9-берене.
Алмашуу программасынын мөөнөтү ичинде студенттин стипендиясы сакталат жана ассистенттин жеке укуктары корголот. Кошумча төлөмдөр төлөнбөйт.
Алмашуу программасы боюнча студенттин башка университетте окуган жана ийгилик-түү тапшырган сабактарынын баасы университеттин “Окуу-тарбия жана сынак боюнча нускамасынын” тийиштүү беренесиндеги баалоо таблицасына ылайык кабыл алынат.
Алмашуу программасы боюнча студенттин башка университетте окуган жана ийгиликтүү тапшырган сабактары мурда Башкаруу кеңеши тарабынан аныкталган сабактардын ордуна жарайт жана баалары баалоо системасына киргизилет.
Алмашуу программасы боюнча окуй турган студенттин сабактардагы жетишкендиги тууралуу документтер кызматташтык жүргүзүлгөн университет менен бирге бирдей форматта даярдалат.
Алмашуу программасы боюнча башка университетке жиберилген студент бара турган университеттин студенттерине таандык укуктардан пайдалана алат.
Алмашуу программасы боюнча окуй турган студент бара турган университеттин эреже-лерин сактоого жана нускамаларын аткарууга милдеттүү.
Күчүнө кириши
10-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
11-берене. Бул нускаманын жоболору Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2009-жылдын 14-апрелиндеги 2009/1-номерлүү чечими менен кабыл алынды.