| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 41 |
| Кабыл алганы | 28.03.2012 |
| Ачкыч сөздөр |
БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дистанттык билим берүү борборунун максаттарына, милдеттерине жана башкаруу органдарына тийиштүү ыкмаларын жана негиздерин жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дистанттык билим берүү борборунун башкаруу органдарына, башкаруу органдарынын милдеттерине жана иш алып баруусуна тийиштүү жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын тиешелүү беренелерине жана башка укуктук ченемдик актылардын жоболоруна ылайык даярдалган.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене.
Бул нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Борбордун жетекчиси : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дистанттык билим берүү борборунун жетекчиси;
Борбор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дистанттык билим берүү борбору (ДБББ);
Ректор : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору;
Окумуштуулар кеңеши : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети (KTMУ).
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Борбордун максаты жана милдеттери
Борбордун максаты
5-берене. Университетте интернет аркылуу билим берүү иш-чараларын мындан да натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылуу, дистанттык билим берүүгө байланыштуу илимий изилдөө жана тажрыйба иш-чараларын жүргүзүү, мекеме жана уюмдардын дистанттык билим берүүгө болгон муктаждыктарын жана талаптарын канааттандыруу, орто кесиптик, жогорку, ЖОЖдон кийинки жана чоңдорго билим берүүнүн электрондук окуу программа-ларын түзүү жана университетте берилип жаткан орто кесиптик, жогорку жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча электрондук окутууну киргизүү, университетте электрондук форматта өткөрүлө турган сертификат берилүүчү программалардын ачылышын, ишке ашырылышын жана координациялоону камсыз кылуу, коомдук жана жеке менчик уюмдардын билим берүү программалары боюнча электрондук окутууну киргизүү жана дистанттык билим берүү системаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, топтолгон билимдерин жана тажрыйбасын мекеме жана уюмдар менен бөлүшүү жана бул багытта тийиштүү басылмаларды басып чыгаруу.
Борбордун милдеттери
6-берене. Борбордун милдеттери төмөндөгүдөй:
-
Дистанттык билим берүү тармагында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иштерин жүргүзүү;
-
Университетте дистанттык билим берүү технологиялары аркылуу жүргүзүлүп жаткан диплом жана сертификат берилүүчү билим берүү программалары боюнча сабактардын окуу программаларын иштеп чыгуу, стандарттарды белгилөө, өнөктөштөр үчүн керек-түү тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү, билим берүүнүн башкаруу системасын жана сервердик инфраструктурасын түзүү;
-
Университеттин жана башка уюмдардын долбоорлорунун муктаждыктарына ылайык программалык камсыздоону автоматташтыруу жана жаңылоо, бул маселелер тууралуу кеңеш берүү жана зарыл болгон учурларда координациялоо кызматын көрсөтүү;
-
Маалыматтык коомго өтүү процессинде Түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө түрткү бере турган билим берүүнү дистанттык билим берүү технологиялары аркылуу жайылтуу үчүн илимий жана технологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү же сунуштарды киргизүү;
-
Дистанттык билим берүү тармагында илимий изилдөө жана тажрыйбалык иштерди жүзөгө ашырууда жергиликтүү жана чет өлкөлөрдүн мекемелери менен кызматташуу;
-
Университеттин факультет жана жогорку мектептердин билим берүү программалары-нын сабактарын дистанттык билим берүү технологиялары аркылуу өткөрүү үчүн тийиштүү түзүмдөрдүн пикирин алуу менен ректоратка сунуштоо;
-
Университеттин факультет жана жогорку мектептерде дистанттык билим берүү технологияларын жайылтууга салым кошуу.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Борбордун башкаруу органдары
Борбордун башкаруу органдары
7-берене. Борбордун башкаруу органдары төмөндөгүдөй:
-
Борбордун жетекчиси;
-
Борбордун башкаруу кеңеши.
Борбордун жетекчиси
8-берене. Борбордун жетекчиси Ректор тарабынан толук айлык акы менен иштеген универ-ситеттин профессор-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн арасынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалат. Кызматтык мөөнөтү аяктаганда борбордун жетекчиси кайрадан дайындалышы мүмкүн. Борбордун жетекчиси дайындалган кызматынан алынышы ыктымал. Борбордун жетекчиси окутуучулардын арасынан борбордун иштерин жүргүзүүгө жардамчы катары өзүнө бир орун басарды дайындоону ректоратка сунуштайт. Борбордун жетекчиси убакты-луу кызмат ордунда болбогон учурларда анын милдеттерин жетекчинин орун басары, ал болбогон учурларда борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн бирөөсү аткарат.
Борбордун жетекчисинин милдеттери
9-берене. Борбордун жетекчисинин милдеттери төмөндөгүдөй:
-
Борбордун башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн жыйналышка чакыруу, төрагалык кылуу жана кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу;
-
Борбордун иш-чараларынын планын жана максаттарын иштеп чыгуу, жылдык иш-чаралардын отчетун даярдоо жана борбордун башкаруу кеңешинин пикирин ректо-ратка сунуштоо;
-
Борбордун административдик иштерин жүргүзүү, кызматкерге болгон муктаждыкты аныктоо жана ректоратка билдирүү;
-
Жергиликтүү жана чет өлкөлүк илимий изилдөө борборлору менен кызматташуу;
-
Университеттин дистанттык билим берүү технологияларын өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн тийиштүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен кызматташуу жана зарыл болгон учурларда бул маселелер тууралуу сунуштарды ректоратка берүү.
Борбордун башкаруу кеңеши
10-берене. Борбордун башкаруу кеңеши борбордун жетекчисин жана жетекчинин орун басарын кошо эсептегенде жалпысынан 5 (беш) мүчөдөн турат. Борбордун башкаруу кеңе-шинин калган 3 (үч) мүчөсү жетекчинин сунушу боюнча окутуучулардын арасынан ректорат тарабынан 3 (үч) жылдык мөөнөткө дайындалат. Кызматтык мөөнөтү бүткөн кеңештин мүчөлөрү кайрадан дайындалышы мүмкүн. Кандайдыр бир себептен улам кеңештеги бошогон бош орунга калган мөөнөттүн аягына чейин жаңы мүчөсү дайындалат. Борбордун жетекчиси борбордун башкаруу кеңешинин төрагасы болуп саналат. Борбордун башкаруу кеңешинин жыйналыштары борбордун жетекчисинин чакыруусу боюнча бир жылда эки жолудан кем эмес мүчөлөрдүн теңинин катышуусунда өткөрүлүп, чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери
11-берене. Борбордун башкаруу кеңешинин милдеттери төмөндөгүдөй:
-
Борбордун башкаруусу тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
-
Ректоратка сунуштала турган иш-чаралар боюнча отчетту талкуулоо;
-
Дистанттык билим берүү тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, басылмаларга авторлош болуу жана илимий жыйындарга катышуу үчүн илимий изилдөө жана тажрыйба иштерин жүргүзгөн адистер тарабынан берилүүчү каржылык колдоо көрсө-түү талаптарын баалоо;
-
Борборго келген иш жана долбоорлорду баалоо жана сунуштарын киргизүү;
-
Борбор үчүн керек болгон жумушчу топторду жана комиссияларды түзүү.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Кызматкерлерге болгон муктаждык жана сабак өткөрүү
Борбордун кызматкерлерге болгон муктаждыгы
12-берене. Борбордун академиялык, административдик жана техникалык кызматкерлерге болгон муктаждыгын ректорат тарабынан дайындалган кызматкерлер канааттандырат.
Сабак өткөрүү
13-берене.
-
Сабактардын бардыгы же белгиленген өлчөмү түздөн-түз өз ара байланышты камтый турган дистанттык билим берүү системасы аркылуу университеттин студенттик шаарчасында же андан сырткары бир жерде, башка шаар же өлкөдө курулган борборлордо өткөрүлүшү мүмкүн.
-
Сабактардын өткөрүлүшүнүн тартиби борбордун башкаруу кеңеши жана тийиштүү түзүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан белгиленет.
-
Билим берүү программаларына кирген жана Окумуштуулар кеңеши тарабынан дистанттык билим берүү технологиялары аркылуу өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган сабактар борбордун жетекчилиги тарабынан өткөрүлөт жана көзөмөлдөнөт. Бул сабак-тардын алкагындагы ар түрдүү тажрыйбалык иш-чаралар тийиштүү түзүмдүн академиялык календарына жараша аткарылат.
-
Студенттерге тийиштүү түзүмдүн жетекчилиги тарабынан куратор дайындалат. Студенттер куратордун жардамы жана макулдугу менен ар бир семестрде окула турган сабактарга каттоо жүргүзүшөт.
-
Дистанттык билим берүү технологиялары аркылуу аткарылган иш-чаралардын акысын белгилөө негиздери борбордун башкаруу кеңешинин сунушу боюнча университеттин Башкаруу кеңешинин чечими менен белгиленет.
БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Күчүнө кириши жана ишке ашырылышы
Күчүнө кириши
14-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши кабыл алган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
15-берене. Бул нускаманын аткарылышы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору тарабынан көзөмөлдөнөт.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2014-жылдын 22-декабрындагы 2014-02/11-номерлүү чечими менен бул нускамада колдонулган “Мүдүр” сөзү “Жетекчи” сөзүнө, ал эми “Мүдүрдүн орун басары” сөзү “Жетекчинин орун басары” сөзүнө өзгөртүлдү.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин 2012-жылдын 28-мартындагы 2012-01/2-д-номерлүү чечими менен кабыл алынган.