| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАЙКЫ МЕКТЕП БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 43 |
| Кабыл алганы | 24.04.2007 |
| Ачкыч сөздөр |
НУСКАМА ЖАЙКЫ МЕКТЕП |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАЙКЫ МЕКТЕП БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, негизи
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуу жылынан тышкары жайкы эс алуу учурунда «Жайкы мектеп» программаларын уюштуруу.
Мазмуну
2-берене. Бул нускама КТМУда “Жайкы мектеп” программасы боюнча билим берген факультеттерде, институттарда, жогорку мектептерде жана кесиптик жогорку мектепте колдонула турган принциптерди камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул нускама 2006-23.88-номерлүү Окумуштуулар кеңешинин чечими жана “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын” тийиштүү беренелеринин негизинде даярдалган.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Жайкы мектептин максаттары, принциптери жана негиздери
Максаттары:
4-берене. Жайкы мектептин максаттары төмөндөгүдөй:
-
Студенттердин жай айларында да билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып калышын камсыз кылуу менен университетте билим берүүнүн сапатын арттыруу;
-
Студенттердин күзгү жана жазгы семестрлерде окуп, бирок тапшыра албай калган, катышпаган же ар түрдүү себептерден улам учурунда окубай калган сабактарын жай мезгилинде окуп тапшырышына шарт түзүү жана сабактардагы мүчүлүштүктөрдү жоюуну камсыз кылуу;
-
Жакшы окуган студенттердин кийинки семестрде өтүлө турган сабактарды окушуна мүмкүнчүлүк түзүү;
-
Студенттердин төмөн баа алып калган сабактарынан бааларын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүү.
Принциптери жана негиздери
5-берене. Жайкы мектептин академиялык календары жылдын академиялык календары менен бирге тийиштүү бөлүмдөрдүн сунуштарына ылайык университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталып жарыяланат.
6-берене. Жайкы мектепте окутула турган 4 жылдык окуу программасынын сабактары бул сабактарды окуткан бөлүмдөр тарабынан сунушталып, Башкаруу кеңеши тарабынан бекити-лет. Магистратура жана докторантура окуу программаларынын сабактары тийиштүү инсти-туттун бөлүмдөрү тарабынан аныкталып бекитилет.
Жайкы мектептин окуу программаларында окутула турган сабактар жана ал сабактарды окута турган академиялык кызматкерлер тийиштүү бөлүмдөрдүн сунушу боюнча факультет-тердин, жогорку мектептердин жана кесиптик жогорку мектептердин Башкаруу кеңеши тарабынан жайкы мектептин ачылышынан 30 (отуз) күн мурда аныкталып, студенттерге жарыяланат.
7-берене. Жайкы мектептин окуу мөөнөтү – 5 (беш) жума. Бул мөөнөт академиялык кызмат-кердин же студенттин каалоосу боюнча өзгөртүлбөйт. Бул мөөнөт ичинде Жайкы мектептин финалдык сынагы өткөрүлөт. Жайкы мектепте окутулган ар бир сабактын программасынын сааты күзгү жана жазгы семестр ичинде окутулган сабактардын жалпы саатына барабар болгондуктан, сабактын программасы толук, бирок кыскартылган формада окутулат. Жайкы мектепте окутулган сабактардын кредиттери 2 жылдык окуу программасында, бакалавр, магистратура жана докторантура программаларында аныкталган кредиттерге барабар.
8-берене. Жайкы мектеп семестр катары эсептелбейт. Жайкы мектеп күндүзгү окуу процесси катары саналбайт. Студенттер өз каалоосу боюнча Жайкы мектептен билим ала алышат. Жазгы семестрдин аягында мыйзамдуу окуу мөөнөтүн аяктаган жана кошумча окуу мөөнө-түнө укугу жок студенттер жайкы мектептен окуй алышпайт.
9-берене.
-
Жайкы мектепте бир сабакка катталган студенттердин саны кеминде 7 (жети) болушу керек. Студенттердин саны жетиден аз болгон сабактар тийиштүү факультеттердин, жогорку мектептердин жана кесиптик жогорку мектептин Башкаруу кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин чечими аркылуу окутулушу мүмкүн.
-
Бир сабакка катталган студенттердин саны 30дан (отуз) жогору болсо, 2 жылдык, 4 жылдык билим берүү программаларынын сабактары тийиштүү факультеттердин, жогорку мектептердин жана кесиптик жогорку мектептин Башкаруу кеңешинин чечими аркылуу, ал эми магистратура жана доктарантура программаларынын сабактары тийиштүү институттардын Башкаруу кеңешинин чечими аркылуу кошумча сабактар катары окутулушу мүмкүн. Керектүү учурларда студенттердин саны Башкаруу кеңеши тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
-
Жайкы мектепке катталган ар бир студент сабактардын 2 (эки) гана түрүнө катыша алышат.
-
Биринчи курстун студенти үчүнчү жана төртүнчү курстун сабактарына, экинчи курстун студенти төртүнчү курстун сабактарына кире албайт.
-
Студенттин бир учурда практика өтөп, ошону менен катар жайкы мектепте окуганга укугу жок.
-
Жайкы мектепке катталгандан кийин сабактардын санын көбөйтүүгө же кыскартууга болбойт.
-
Кадимки окуу мөөнөтүндө окула турган сабактарды Жайкы мектепке калтырып коюуга болбойт.
10-берене. Студент Жайкы мектептен төмөндө көрсөтүлгөн сабактарды окуй алат:
-
Мурда күзгү же жазгы семестрлерде окуп, бирок тапшыра албай калган сабактарын;
-
Күзгү же жазгы семестрлердеги окуу программаларын окубай же аларга катыша албай калган сабактарын;
-
Күзгү же жазгы семестрлерде окуу программаларындагы бардык сабактарды ийгилик-түү тапшырган болсо кийинки семестрде окутула турган сабактарды;
-
Жалпы баасынын орточо көрсөткүчүн б.а. (DD) жана (DC) бааларын жогорулатуу үчүн тийиштүү сабактарды кайрадан окуй алышат.
-
Башка университеттерден келген студенттер да университеттин бөлүмдөрүндө окутул-ган сабактарга өз окуу жайынын Башкаруу кеңешинин уруксаты боюнча бюджеттик негизде окуй алышат.
11-берене.
-
Күзгү же жазгы семестрлердин соңунда окуудан чыгарылган студенттер Жайкы мектептен окуй алышпайт. Студент окуудан четтетилгенге чейин Жайкы мектепке катталган болсо, каттоодон чыгарылат.
-
Жайкы мектептен билим алган студенттердин ийгиликтери, сабакка катышуусу, сынак-тарынын жыйынтыктары, долбоор даярдоосу, лабораториялык иштери жана финалдык сынактары, ошондой эле “Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасынын”жол-жобосу эске алынып, сабакты окуткан мугалимдер тарабынан бааланат.
-
Жайкы мектепте ар бир сабак үчүн бир ара сынак тапшырылат. Күзгү же жазгы семестрлерде сынактарда алынган баалар Жайкы мектепте эске алынбайт. Жүйөөлүү себептерден улам ара сынакка катышпай калгандарга тийиштүү Башкаруу кеңеши тарабынан сынак тапшыруу укугу берилет. Факультеттерде жана жогорку мектептерде алтынчы, ал эми кесиптик жогорку мектептерде үчүнчү семестрдин соңунда сабакка катышуусу эске алынбастан, сынакка кирүү укугун алган студенттер да башка студенттер менен бирдей шартта Жайкы мектептен билим алуу укугуна ээ болот.
12-берене. Студенттин Жайкы мектептен алган баалары студенттик бөлүмдүн каттоосунда жана Жайкы мектептин баракчасында көрсөтүлөт. Жайкы мектепте окутулган сабактар, күзгү жана жазгы семестрдеги сабактар сыяктуу бааланат.
13-берене. Жайкы мектепти ийгиликтүү аяктаган студенттер мамлекеттик сынакты тапшыруу шарты менен бүтүрүүчү боло алат жана диплом менен бүтүрүүчүгө берилүүчү маалым кат ошол жыйынтыктын негизинде даярдалат.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Нускаманын күчүнө кириши жана ишке ашырылышы
Нускамада көрсөтүлбөгөн жагдайлар
14-берене. Бул нускамада көрсөтүлбөгөн жагдайлар “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бакалавр жана кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү жана сынак өткөрүү боюнча нускамасына” ылайык жүргүзүлөт.
Күчүнө кириши
15-берене. Бул нускама кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
16-берене. Бул нускаманын жоболору Ректор жана Биринчи проректор тарабынан жөнгө салынат.
Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2007-жылдын 24-апрелиндеги №10 жыйынында 2007-10.45-номерлүү чечим менен кабыл алынган.