| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕК ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ |
|---|---|
| Документтин түрү | Жоболор |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 44 |
| Кабыл алганы | 02.02.2001 |
| Ачкыч сөздөр |
НУСКАМА АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК ЭМГЕК ТАРТИБИ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН, АКАДЕМИЯЛЫК ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕК ТАРТИБИ БОЮНЧА НУСКАМАСЫ
I БӨЛҮМ
Жалпы жоболор
Максаты
1-берене. Бул нускаманын максаты – университеттин ичинде же сыртында Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставын, нускамаларын, жоболорун жана эмгек келишимдеринин шартта-рын бузган университеттин кызматкерлерине берилүүчү тартип жазаларын аныктоо.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын 5-беренесинин 7-пунктунун 7-бөлүгүнө ылайык даярдалган.
Мазмуну
3-берене. Бул нускамада Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилеринин, акаде-миялык жана административдик кызматкерлеринин тартип бузуулары жана аларга берилүүчү жазалар, бул жазаларды берүүгө укуктуу жетекчилер, ошондой эле тартип боюнча комиссиялар менен тартип бузууларды териштирүү боюнча жол-жоболор, жазаларга карата арыздануу жана бул жазаларды ишке ашыруу ыкмасы көрсөтүлдү.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул нускамада колдонулган түшүнүктөр:
|
Устав: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставы; |
|
Кызматка дайындоого укуктуу жетекчи: |
Ректорду – Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитети, Биринчи проректорду – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, декандарды – Камкорчулар кеңеши, башка академиялык жана административдик кызматкерлерди Ректор жана Биринчи проректор дайындайт; |
|
Университеттин жетекчиси: |
Ректор, Биринчи проректор, проректорлор, декан, институттун мүдүрү, жогорку мектептин мүдүрү, бөлүмдүн жана кафедранын башчылары; |
|
Тартип жазасын берүүгө укуктуу жактар: |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин башчысы, Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Ректор жана Биринчи проректор, декан, институттун мүдүрү, жогорку мектептин мүдүрү жана башкы катчы; |
|
Академиялык кызматкер: |
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде толук, жарым айлык акы/ сааттык төлөм менен эмгектенген кенже илимий кызматкер, окутуучу, ага окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор, илимий адис ж.б. кызматкерлер; |
|
Административдик кызматкер: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде келишимдин негизинде же убактылуу иштеген админстративдик кызматкер; |
|
Университет: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Тартип боюнча комиссия: |
Факультеттин, институттун жана жогорку мектептин башкаруу кеңештери; |
|
Тартип боюнча жогорку комиссия: |
Университеттин Башкаруу кеңеши. |
II БӨЛҮМ
Тартип бузуулар жана аларга берилүүчү тартип жазалары
Тартип жазалары
5-берене. Тартип жазаларынын түрлөрү:
-
Эскертүү: Өз ишинде жана жүрүм-турумунда жоопкерчиликтүү болуусун жазуу түрүндө билдирүү;
-
Сөгүш: Өз ишинде жана жүрүм-турумунда тартип бузганын жазуу түрүндө билдирүү;
-
Айлык акысынан кармап калуу: Айлык акысынан 1/15 жана 1/10 чейин кармап калуу;
-
Жетекчилик кызматтан бошотуу: Академиялык жана административдик жетекчилик кызматынан бошотуу;
-
Иштен бошотуу: Университетке кайра ишке албоо шарты менен университеттен чыгаруу.
Эскертүү жазасы
6-берене. Эскертүү жазасы бериле турган жагдайлар:
-
Берилген буйрук жана милдеттерди толук жана өз убагында аткарбоо, иш ордунда мекемелер тарабынан аныкталган жол-жоболорду бузуу, кызматына тийиштүү расмий документтерди, жабдууларды колдонуу жана сактоо эрежелерин аткарбоо;
-
Себепсиз жана уруксатсыз ишке кечигип келүү, иштен эрте кетип калуу жана жумуш ордун таштап кетүү;
-
Өзүн кызматтык абалына жараша алып жүрбөө;
-
Университеттин тийиштүү комиссиялары тарабынан берилген суроолорго жүйөөлүү себепсиз жооп бербөө;
-
Университет аныктаган үнөмдөө эрежелерине баш ийбөө.
Сөгүш жазасы
7-берене. Сөгүш жазасы бериле турган жагдайлар:
-
Иш учурунда жетекчилерге жүрүм-туруму менен орой мамиле жасоо;
-
Иш ордунда адеп-ахлакка туура келбеген иш-аракеттерди жасоо;
-
Университетке же ага караштуу бөлүмдөргө билдирилиши керек болгон маалымат-тарды толук же туура эмес жеткирүү же таптакыр жеткирбөө;
-
Университеттин жетекчисинин буйругу же уруксаты боюнча илинген кулактанды-рууларды, программаларды ж.б. сыйруу, жыртуу, алмаштыруу же булгоо;
-
Университеттин ичинде болгон сүйлөшүүлөрдү, кабыл алынган чечимдерди окуу жайдын сыртына чыгаруу же жаюу;
-
Мүчө болгон кеңештердин жыйындарына уруксатсыз жана себепсиз катышпай коюу;
-
Кесиптештерине, карамагында иштегендерге ж.б. кызматкерлерге, ошондой эле сту-денттерге туура эмес мамиле жасоо;
-
Кызматтан тыш учурларда өзүнүн кызматтык кадыр-баркына жана ишенимге шек келтирген иштерди жасоо.
Айлык акысынан кармап калуу жазасы
8-берене. Айлык акысынан кармап калуу жазасы бериле турган жагдайлар:
-
Берилген буйрук жана милдеттерди толук жана өз убагында атайылап аткарбоо;
-
Кызматына тийиштүү расмий документтерди, жабдууларды колдонуу жана сактоо эрежелерин аткарбоо;
-
Университетке тийиштүү расмий документтерди, жабдууларды, башка буюмдарды жана илимий документти же китепти жоготуу;
-
Себепсиз эки күндөн көп ишке келбөө;
-
Кызматына тийиштүү маселелер боюнча жетекчилерге жана карамагында иштеген-дерге жалган жана туура эмес маалымат берүү;
-
Университеттин кайсы бир аймагын чогулуштарды, аземдерди ж.б. уюштуруу макса-тында колдонулушуна уруксатсыз көмөк көрсөтүү же ага катышуу;
-
Кызматына тийиштүү кишилер же мекемелер менен түздөн-түз же кыйыр түрүндө мыйзам бузуу аркылуу кандайдыр бир кызыкчылыкты ишке ашыруу;
-
Кызматы боюнча берилген документтерди жасалма жасоо, жасалма документтерди билип туруп колдонуу же башкаларга колдонууга берүү;
-
Чакырылган же милдеттендирилген чогулуштарга катышууга жүйөөлүү себеби болбой туруп, келбей же катышпай коюу;
-
Университетке таандык унаа, жабдууларды ж.б. буюмдарды өз кызыкчылыгы үчүн пайдалануу;
-
Текшерүү комиссиясы текшерүү жүргүзгөн учурда маалымат жана документтерди бербөө же ар кандай жолдор аркылуу текшерүүгө жолтоо болуу;
-
Чындыкка дал келбеген отчёт же документ даярдоо;
-
Укукка ээ болбой туруп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, кабар агенттиктерине же радиоуктуруу жана телекөрсөтүү мекемелерине илимий талкуулар жана түшүндүр-мөлөрдөн сырткары расмий маселелер боюнча маалымат берүү;
-
Кызматына тийиштүү расмий документтерди, жабдууларды, лабораториялык аспап-тарды кызматтык милдети аяктаганына жана университет тарабынан жазуу аркылуу талап кылынганына карабастан же өз убагында кайтарбоо;
-
Саясий жана идеологиялык максаттардан сырткары бойкот жүргүзүү, басып алуу, ишти солгундатуу сыяктуу аракеттерди демилгелөө же коомдук иштерге тоскоолдук жаратуу;
-
Университетке, университеттин студенттерине окуу жайдын ичинде же сыртында китеп, окуу материалдары ж.б. у.с. буюмдарды сатуу.
Жетекчилик кызматынан бошотуу жазасы
9-берене. Жетекчилик кызматынан бошотуу жазасы бериле турган жагдайлар:
-
Университеттин кызматкерлеринен же башка жеке жана юридикалык жактардан түздөн-түз же ортомчу менен мыйзам бузуу аркылуу кандайдыр бир пайда көрүү;
-
Жетекчинин же университеттин нускамаларына, жоболоруна жана билдирүүлөрүнө ылайык чечим жана буйруктарды аткарбоо же буларга баш ийбөө;
-
Өзүнө таандык кызматтык унааны университет тарабынан аныкталган чектен чыгып пайдалануу;
-
Жазуу түрүндө берилген эскертүүгө карабастан, кеңештердин жыйындарын өткөрбөө;
-
Жетектеген түзүмдө иштин натыйжалуулугу үчүн тийиштүү чараларды көрбөө, жамааттын ынтымагын буза турган иштерге жол берүү жана колдоо.
Университеттен бошотуу жазасы
10-берене. Университеттен бошотуу жазасы бериле турган жагдайлар:
-
Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболо-рунун бир нечесин же баарын өзгөртүүгө же болбосо жок кылууга байланыштуу үгүт жүргүзүү же бул иштерди жасоого тукуруу, көмөк көрсөтүү же эки өлкөнүн дарегине жаман сөздөрдү айтуу жана жазуу;
-
Түркия Республикасынын 5816-номерлүү “Ататүрккө каршы иштелген кылмыштар жөнүндөгү” мыйзамына каршы иштерди жасоо;
-
Университеттин максаттарынын ишке ашуусуна тоскоолдук жараткан иш-аракеттерди жасоо;
-
Эмгек келишимдин шарттарын, университеттин нускама, жобо жана эрежелерин аткарбоо;
-
Шилтеме жасабай туруп, башка бирөөнүн илимий эмгегин толук бойдон же бир бөлүгүн өз чыгармасы катары көрсөтүү (плагиат);
-
Жетекчисине, карамагында иштегендерге, кесиптештерине же студенттерге кол салуу;
-
Баңгизаттарды колдонуу, уурулук кылуу;
-
Өзүнүн кызмат абалына туура келбеген иш-аракеттерди жасоо;
-
Сабак, семинар, конференция, лабораториялык иш, графика, өз алдынча иштөө жана сынак сыяктуу окуу иштерине тоскоолдук жаратуу жана бул максатта жасалган иштерге катышуу;
-
Уруксаты же мекемелер тарабынан кабыл алынган жүйөөлүү себеби болбой туруп, бир жылдын ичинде катары менен 10 жумуш күн, бир жылдын ичинде бардыгы болуп 15 күн ишке келбөө;
-
Өзү иштеген факультеттин, институттун же жогорку мектептин студенттерине акы төлөнүүчү жеке сабак өтүү;
-
Жараны болбогон мамлекеттин кадыр-баркына, аброюна шек келтирген иш-аракеттерди жасоо.
Алдын ала каралбаган тартип жазалары
11-берене. Жогоруда аталбаган, бирок маӊызы жана оордугу боюнча ушул Нускамадагы тартип бузууларга окшош тартип бузуулар үчүн ошондой эле түрдөгү тартип жазалары берилет.
Тартип бузуулардын кайталанышы
12-берене. Тартип жазасы берилишине себеп болгон тартип бузуу жазасы өздүк делосунан алынып салынганга чейин кайталанган учурда, мурдагыдан бир баскычка оор жаза берилет. Башка бир тартип бузуулар үчүн ошондой эле баскычтагы жаза үчүнчү жолу берилиши керек болгон учурда, дагы бир баскычка оор жаза берилет.
Жакшы көрсөткүчтөрдү баалоо
13-берене. Мурдагы аткарган иштери туура, жакшы же мыкты экендигин эске алуу менен жетекчилерге, академиялык жана административдик кызматкерлерге бир баскычка жеңил жаза берилиши мүмкүн.
III БӨЛҮМ
Тартип бузууларды териштирүү
Тартип жазасын берүүгө укуктуу жактар
14-берене. Тартип бузууну териштирүү боюнча тартип жазасын берүүгө укуктуу жактар жооптуу болушат. Тартип жазасын берүүгө укуктуу жактар тартип бузуу жөнүндө маалымат катталгандан соӊ териштирүү ишин өзү же башка бирөөнү дайындап жүргүзө алат. Ректор жана Биринчи проректор биргелешип – бүтүн университеттин, декан – факультеттин, инсти-тут жана жогорку мектептин мүдүрү – институттун же жогорку мектептин ар бир баскычын-дагы кызматкерлерине тартип жазасын берүүгө укуктуу жак болуп, буларга карата териш-тирүү ишин жүргүзө алат. Бир үстүӊкү баскычтагы тартип жазасын берүүгө укуктуу жак териштирүү ишин жүргүзүп жаткан учурда, ал иш боюнча кийинки баскычтагы жак териш-тирүү жүргүзө албайт. Мындан мурун ачылган териштирүү иши болгон учурда, жогорку баскычтагы жактын жүргүзгөн териштирүү иши менен бириктирилет.
Камкорчулар кеӊешинин төрагасы Ректор, Биринчи проректор, ошондой эле университеттин академиялык, админстративдик жана башка кызматкерлерине карата териштирүү ишин өзү же дайындаган кишилердин жардамы менен жүргүзө алат. Муну менен бирге териштирүү ишинин маңызы, ошондой эле тартип бузган кишинин статусу эске алынып, териштирүү иши университеттин текшерүү комиссиясынын мүчөсүнө/мүчөлөрүнө тапшырылышы мүмкүн. Териштирүү иши текшерүү комиссиясынын мүчөсү же мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүшү керек болгон учурда, Ректор же Биринчи проректор бул сунуш менен Камкорчулар кеңешинин төрагасына кайрылышат.
Академиялык кызматкерлердин ичинен дайындалган териштирүүчүнүн окумуштуу дара-жасы жана наамы тартип бузган кишинин окумуштуу даражасы жана наамынан төмөн болбоого тийиш. Жетекчилер жана башка кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн териштирүү иштеринде да ушундай эле шарттар талап кылынат.
Ректор жана Биринчи проректордун абалы
15-берене. Ректор жана Биринчи проректордун кандайдыр бир тартип бузган же кызмат ордунда калуусу көйгөй жараткан учурда, Камкорчулар кеӊешинин төрагасы Ректор боюнча Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин башчылыгына, ал эми Биринчи проректор боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине кайры-лып, териштирүү ишинин жүргүзүүсүн талап кыла алат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Биринчи проректор боюнча териштирүү ишин Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарынын алкагында жүргүзөт. Ал эми Ректор боюнча териштирүү иши жүргүзүлгөн учурда, Түркия Республикасынын 2547-номерлүү Жогорку билим берүү мыйза-мынын негизинде даярдалган “ЖОЖдун жетекчи, академиялык жана административдик кызматерлеринин эмгек тартиби боюнча нускамасынын” 18-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Териштирүү иштеринин Текшерүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлүшү
16-берене. Университеттин Текшерүү комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча университеттин жетекчилери, академиялык жана административдик кызматкерлер тарабынан жасалган тартип бузуулар аныкталган учурда, университеттин текшерүү комиссиясынын мүчөсү же мүчөлөрү Ректор же Биринчи проректор боюнча Камкорчулар кеңешинин төрагасынын уруксаты менен, ал эми университеттин калган кызматкерлери боюнча териштирүүнү өзү жүргүзөт же тийиштүү жетекчиден териштирүү ишин жүргүзүүнү талап кыла алат.
Соттук териштирүү менен тартип бузууну териштирүү ишинин бир убакта жүргүзүлүшү
17-берене: Бир эле окуядан улам жетекчилерге, академиялык жана административдик кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн соттук териштирүү иши тартип бузууну териштирүүгө жолтоо боло албайт.
Тартип бузган кишинин соттук териштирүү ишинин жыйынтыгында соттолгону же соттолбогону тартип жазасынын ишке ашырылышына жолтоо болбойт.
Териштирүү мөөнөтү
18-берене. Териштирүү иши териштирүүчүнүн жардамы менен жүргүзүлгөн учурда тийиштүү чечим териштирүүчүгө билдирилет. Териштирүүчү териштирүү ишин жогоруда аталган чечим өзүнө билдирилген күндөн тарта бир ай ичинде бүтүрөт. Бул мөөнөттүн ичинде териштирүү иши бүткөрүлбөсө, териштирүүчү кошумча убакыт талап кылышы мүмкүн. Териштирүү иши Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн учурда кошумча убакыт Камкорчулар кеңешинин төрагалыгынан талап кылынат. Кошумча убакыттын мөөнөтү кеминде 15 күн. Жетекчи кошумча убакыт берген учурда жагдайды жогоруда турган жетекчисине маалымат катары билдирет.
Мөөнөттүн өтүп кетиши
19-берене. Бул нускамага ылайык, териштирүү ишин жүргүзүү укугуна ээ болгон мекеме тарабынан тартип жазасынын берилишине себеп болгон жагдайлар аныкталган күндөн тарта бир ай ичинде териштирүү ишин жүргүзүү боюнча чечим алынбаса жана тартип бузуу жасалган күндөн тарта эки жыл ичинде тартип жазасы берилбесе, териштирүү ишин жүргүзүү жана тартип жазасын берүү мөөнөтү эскирет. Бул нускаманын 10-беренесинин (a) жана (b) пункттарында аныкталган тартип бузуулар үчүн териштирүү ишин жүргүзүүдө жана тартип жазасын берүүдө мөөнөттүн өтүп кетиши эске алынбайт.
Териштирүү ишин жүргүзүү формасы, териштирүү боюнча отчет
20-берене. Териштирүү иши төмөнкү формада жүргүзүлөт:
-
Териштирүүчү киши алгач тартип бузган кишиден түшүндүрмө алууга тийиш. Бул максатта ал тартип бузган кишиге териштирүү иши башталганын, анын себебин жана бул тууралуу андан жазуу түрүндө түшүндүрмө алына тургандыгын, белгиленген күнүндө, саатында жана жеринде даяр болуусун, териштирүү ишинин башка далилдерге таянып, улантылышы мүмкүн экендигин жазуу түрүндө билдирет;
-
Териштирүүчү киши териштирүү иши аяктаганга чейин бул берененин (а) пунктунда белгиленген шартка ылайык зарыл учурда тартип бузган кишиден кайра түшүндүрмө алышы мүмкүн.
-
Териштирүүчү киши тартип бузган кишинин алгач түшүндүрмөсүн алгандан кийин күбөлөрдү угат, териштирүү жүргүзөт, эксперттерге кайрылат;
-
Ар бир териштирүү иши протоколго жазылат. Протоколдо териштирүү иши кайсы жерде жана качан болгону, териштирүү ишинин маңызы, кимдердин катышканы, түшүндүрмө алынган болсо, суроолору жана жооптору көрсөтүлөт; бул протоколго териштирүүчү киши, катчы, түшүндүрмө берген киши жана териштирүү ишине катыш-кандар кол коет;
-
Териштирүү иши аяктаганда отчет даярдалат. Отчетто териштирүү ишин жүргүзүүгө берилген уруксат, териштирүү иши башталган күн, териштирилип жаткан кишинин кимдиги, расмий статусу, тартип бузуусу, териштирүү ишинин этаптары, далилдер, териштирилип жаткан кишинин актануусу кыскача берилет. Ар бир тартип бузуу өз-өзүнчө териштирилип, далилдери каралып чыгып, тийиштүү жаза сунушталат. Доку-менттер бар болсо, алардын түп нускасы же көчүрмөсү отчетко тиркелет. Отчет тартип жазасын берүүгө укуктуу жактарга же мекемелерге жазуу түрүндө жиберилет;
-
Университеттин бардык кызматкерлери териштирүүчүлөр тарабынан талап кылынган ар кандай маалыматтарды жана документтерди кечиктирбестен берүүгө, о.э. тийиштүү жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
Актануу арызы
21-берене: Тартип бузгандын акыркы актануу арызы комиссия тарабынан алынбай туруп тартип жазасы берилбейт. Териштирүү ишин жүргүзгөн киши же тартип боюнча комиссиясы берген жети күндүк мөөнөттүн ичинде же аныкталган мөөнөттө актанбагандар актануу укугунан баш тартты деп эсептелинет. Тартип бузган кишиге жиберилген жазууда теришти-рүү ишинин эмне себептен жүргүзүлгөндүгү, аныкталган мөөнөт ичинде актанбаса, актануу укугунан баш тартты деп эсептелине тургандыгы билдирилет.
IV БӨЛҮМ
Кызматтан четтетүү
22-берене. Кызматтан четтетүү – кызматта калуусу көйгөй жарата турган университеттин жетекчилерине, академиялык жана административдик кызматкерлерге карата алдын ала көрүлгөн иш-чара. Кызматтан четтетүү иш-чарасы териштирүү ишинин ар кыл этабында көрүлүшү мүмкүн.
Кызматтан четтетүү укугуна ээ жетекчилер
23-берене. Камкорчулар кеӊешинин төрагасы, Ректор жана Биринчи проректор кызматтан четтетүү укугуна ээ.
Кызматтан четтетүү укугуна ээ жетекчинин жоопкерчилиги
24-берене. Кызматтан четтетилген күндөн тарта 10 иш күндүн ичинде кызматтан четтетил-гендерге карата териштирүү иши жүргүзүлүшү шарт. Кызматтан четтетүү иш-чарасынан кийин белгиленген мөөнөт ичинде териштирүү ишин жүргүзбөгөнү же өзү каалагандай же болбосо өч алуу максатында же атайылап жүргүзгөнү териштирүү ишинин аягында анык-талган учурда тийиштүү кишилер укуктук, финансылык жоопкерчиликке жана айып тартууга дуушар болушат.
Кызматтан четтетилгендердин укуктары жана милдеттери
25-берене. Кызматтан четтетилгендерге жана кызматына байланышкан же байланышпаган кандайдыр бир кылмыш менен кармалгандарга же камакка алынгандарга бул мөөнөт ичинде айлык акыларынын үчтөн эки бөлүгү төлөнөт. Аталган кишилер келишимде аныкталган социалдык укук жана жардамдарды пайдалана беришет.
Кызматтан четтетүү иш-чарасы көрүлүү менен бирге териштирүүнүн же кылмыш жоопкер-чилигине тартуунун аягында тийиштүү мекемелер жана инстанциялар тарабынан төмөнкү кишилер тийиштүү чечимдер бекитилгенден кийин кызматына кайтып келишет жана аларга кармалган айлык акыларынын үчтөн бир бөлүгү төлөнөт:
-
Университеттен бошотуу жазасынан башка тартип жазасын алгандар;
-
Кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотулгандар;
-
Өкүм чыгарылардан мурун жалпы мунапыс менен соттук териштирүү иши жоюлгандар;
-
Кызматына байланышкан же байланышпаган, ошондой эле кызматына жолтоо болбо-гон бир жаза берилип, бирок бул жазасы кийинки мөөнөткө жылып калгандар.
Бул иш-чара эң көп үч айга созулат. Бул мөөнөттүн аягында тийиштүү чечим чыгарылбаган учурда ал киши университеттеги кызматын улантат.
Териштирүү ишине себеп болгон жагдайлар тийиштүү кишилердин ишине жолтоо болбогон учурда, кызматтан четтетүү иш-чарасы 22-беренедеги ыйгарым укуктуу кишилер тарабынан жоюлушу мүмкүн.
V БӨЛҮМ
Тартип жазасын берүүгө укуктуу жетекчи жана комиссиялар
26-берене. Тартип жазасын берүүгө укуктуу жетекчи жана комиссиялар:
Эскертүү, сөгүш, айлык акыдан кармап калуу жазалары тартип боюнча жетекчилер тарабы-нан берилет. Жетекчилик кызматынан четтетүү жана университеттен бошотуу жазалары тартип боюнча комиссия тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин кызматка дайындоо укугуна ээ жетекчилер тарабынан берилет.
Тартип комиссиясы
27-берене. Тартип комиссиясына профессорлорго байланыштуу маселелер талкууланып жатканда доцент жана доценттин милдетин аткаруучулар, доценттерге байланыштуу маселелер талкууланып жатканда доценттин милдетин аткаруучулар жана өздөрүнө байла-ныштуу маселелер талкууланып жатканда тийиштүү мүчөлөр катыша албайт. Ошол себептен улам комиссия түзүлө албаган учурда жогору турган тартип комиссиясы жооптуу болот. Ар кандай статустагы кишилер бир эле учурда кылмыш жасаган болсо, териштирүү ишинин жол-жобосу жана тийиштүү тартип комиссиясы жогорку статустагы тартип бузган кишиге карата дайындалат.
Тартип комиссиясынын чогулушу
28-берене. Тартип комиссиясы төраганын чакыруусу боюнча белгиленген күнүндө, саатында жана жеринде чогулат.
Комиссиянын иштөө тартиби
29-берене. Бул нускаманын 20-беренесине ылайык төрага тарабынан тартип бузган кишиден жазуу түрүндө түшүндүрмө талап кылынат, жыйындын күн тартиби аныкталат жана тийиштүү кишилерге билдирилет, комиссия иштери ырааттуу жүргүзүлөт.
Чогулуш кворуму
30-берене. Тартип комиссиясынын чогулуш кворуму мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу менен түзүлөт.
Отчет берүү
31-берене. Комиссияларда отчетту берүү кызматы төрага дайындаган мүчө тарабынан аткарылат. Отчет берген киши тийиштүү папканы эң көп беш күндүн ичинде карап чыгат.
Ишти кароо ыкмасы
32-берене. Отчет берген кишинин түшүндүрмөлөрү алынгандан кийин маселе талкууланат. Керек болгон учурда комиссия териштирүүчүлөрдү, тартип бузгандарды жана күбөлөрдү угат. Териштирүү ишин терең карап чыгуусу талап кылынышы мүмкүн. Териштирилип жаткан маселе ачык-айкын жана ошол жолугушуулар жетиштүү болгон учурда добуш берүү жүргүзүлөт жана тийиштүү чечим төрага тарабынан билдирилет.
Добуш берүү
33-берене. Тартип комиссиясында ар бир мүчө кабыл алуу же кабыл албоо жолу менен добушун берүүгө милдеттүү. Добуш берүүдө мүчөлөр бейтарап боло алышпайт. Чечимдер жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Төрага добушун эң акырында берет. Добуштар бирдей болуп калган учурда комиссиянын төрагасы колдогон тараптын добушу чечүүчү ролду ойнойт. Чечим мүчөлөр кол койгон протокол менен бекитилет.
Чечим
34-берене. Тартип комиссиясынын өз алдынча жаза берүүгө укугу жок. Сунушталган жазаны кабыл алат же четке кагат. Четке кагылган учурда тийиштүү тартип боюнча жетекчи жүйөөлүү себебин билдирип, мурдагыдан жеӊил тартип жазасын бере алат.
Чечим мөөнөтү
35-берене. Тартип жазалары жазанын берилишине байланыштуу бардык иш-чаралар аяктаган күндөн тарта 15 иш күнү ичинде берилиши керек.
Чечимдердин жазылышы
36-берене. Чечимдер берилген күндөн тарта 5 күн ичинде отчет берген кишилер тарабынан жазылып, отчетто чечимдердин бир добуштан же көпчүлүк добуш менен алынганын билдирет. Төрага жана мүчөлөр кол коет. Каршы пикирде болгондор себептерин билдирип, кол коюшат.
Чечимдерди тийиштүү кишилерге билдирүү
37-берене. Чечимге байланыштуу протоколго кол коюлгандан кийин 5 иш күнүнүн ичинде тийиштүү кишилерге тартип жазалары билдирилет.
Тартип жазасы билдирилген учурда кабыл алынган чечимге макул болбоо жол-жобосу жана мөөнөтү жазуу түрүндө эскертилет.
VI БӨЛҮМ
Ишке ашыруу жана кабыл алынган чечимге макул болбоо
38-берене. Тартип жазалары берилген күндөн тартып күчүнө кирет жана дароо ишке ашыры-лат. Берилген тартип жазалары тийиштүү кишилердин жетекчилерине билдирилет. Айлык акысынан кармап калуу жазасы жаза берилген күндөн кийинки айдын башында жүзөгө ашырылат.
Кабыл алынган чечимге макул болбоо
39-берене. Тартип боюнча жетекчилер же тартип комиссиялары тарабынан берилген тартип жазалары боюнча арыздануу жогоруда турган тартип боюнча жетекчиге же тартип комиссия-сына билдирилет. Арыздануу боюнча кабыл алынган чечим акыркы чечим болуп саналат.
Арыздануунун мөөнөтү жана аткарылуучу иш-чаралар
40-берене. Тартип жазалары боюнча арыздануу мөөнөтү чечим тийиштүү кишиге билди-рилген күндөн тартып 10 иш күндү түзөт. Бул мөөнөт ичинде арыздануу болбосо, тийиштүү тартип жазалары акыркы бүтүм болуп саналат. Арыздануу болгон учурда тийиштүү инстан-циялар чечимди карап чыгышып, берилген жазаны кабыл алышы же жеңилдетиши же болбосо таптакыр жоюшу мүмкүн.
Тийиштүү инстанциялар арыз, чечим жана тиркемелер өздөрүнө берилген күндөн тартып, 10 күн ичинде өздөрүнүн чечимин чыгарууга тийиш.
Тартип жазаларынын бир нече убакыттан кийин өздүк делодон өчүрүлүшү
41-берене. Тартип жазалары өздүк делого жазылат. Университеттен бошотуу жазасынан башка тартип жазасын алгандар үч жылдан кийин кызматка дайындоо укугуна ээ жетекчи-лерге кайрылып, берилген жазаларды өздүк делосунан өчүрүлүшүн талап кыла алат.
Жаза алган кишинин өтүнүчү канааттандырылса, анда бул боюнча чыгарылган чечим анын өздүк делосуна тиркелет.
VII БӨЛҮМ
Ар түрдүү жоболор
Каттоо жүргүзүү
42-берене. Баракчага катар номери коюлган жана аягына баракчанын саны катталган журналдын өзүнчө баракчаларына жүргүзүлгөн териштирүү иши жазылат. Бул журналга териштирүү ишине байланыштуу административдик иш-чаралар жана документтер катталат. Университеттин башкы катчысы же катчылар бул журнал үчүн жооп беришет.
Папкаларды өткөрүү
43-берене. Териштирүү иши боюнча папкалар тизмеленип берилет жана кабыл алынат. Тизменин аягына папкаларды тапшырган жана кабыл алган кишилердин колу коюлат.
Жазышуунун формасы
44-берене. Тартип бузган кишиге ж.б. университеттин кызматкерлерине ар түрдүү жазуулар жана билдирүүлөр алар университетте иштеген жеринде берилип, бул тууралуу тапшыруу кагазы даярдалат. Тийиштүү киши ордунда болбогон учурда бул тууралуу протокол даярда-лат. Университет аныктаган жерлерде кулактандыруу жасалат. Жүргүзүлгөн бул иш-чара билдирүү түрүндө болот. Университеттен тышкаркы кишилерге ар түрдүү жазуулар факс менен жиберилет.
Териштирүү ишинин аякташы
45-берене. Тартип бузгандардын тартипти бузган күндөн кийин университеттеги кызматынан бошотулушу териштирүү ишинин жүргүзүлүшүнө жолтоо боло албайт. Териштирүү иши башталган болсо, ал аягына чыгарылышы керек.
Күчүнө кириши
46-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
47-берене. Бул нускама Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ректору жана Биринчи проректору тарабынан ишке ашырылат.
Бул нускама Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңеши тарабынан 2001-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн 3-жыйынында кабыл алынган 2001-1-номерлүү чечими менен бекитилген.