| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АЧЫК ЖАНА ЖАБЫК СПОРТТУК ОБЪЕКТТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 45 |
| Кабыл алганы | 10.05.2016 |
| Ачкыч сөздөр |
АЧЫК ЖАНА ЖАБЫК СПОРТТУК ОБЪЕКТТЕР ЖОБО |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АЧЫК ЖАНА ЖАБЫК СПОРТТУК ОБЪЕКТТЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну жана аныктамалар
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – университеттин ачык жана жабык спорттук объекттерин (мындан ары – Объект) окуу-тарбия, илимий-изилдөө, социалдык-маданий, спорттук ж.б. максаттарда иштетүүгө, жооптуу кызматкерлердин милдеттерине, ыйгарым укуктарына жана жоопкерчиликтерине, объекттердин мамлекеттик мекеме/уюм жана жеке/юридика-лык жак тарабынан пайдаланылышына байланыштуу жол-жоболорду иштеп чыгуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин алдында кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырган ачык жана жабык спорттук объекттердин жол-жоболорун камтыйт.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
-
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
-
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты;
-
Мүдүрлүк/мүдүр :Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрлүгү/ мүдүрү.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Ачык жана жабык спорттук объекттерде иштеген
жооптуу кызматкерлердин милдеттери
Спорттук объекттердин башчысы
4-берене. Спорттук объекттердин башчысы – мүдүр тарабынан дайындалган окутуучу. Ал мүдүрдүн алдында спорттук объекттердин иштетилиши боюнча жооптуу болот.
Спорттук объекттердин башчысынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери
5-берене. Спорттук объекттердин башчысынын ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери төмөнкүдөй:
-
Объекттерде өткөрүлө турган иш-чараларды Тараптардын ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде керектүү жабдуулар, жарык берүүчү приборлор, спорттук шаймандар ж.б. жабдыктар менен камсыздоо; алардын орнотулушун жана кайра кайтарылып берилишин камсыз кылуу;
-
Объекттердин ички жана тышкы көрүнүшү менен тазалыгына байланыштуу бардык иш-чараларды уюштуруу жана контролдоо, объекттердин иштешин камсыздоо;
-
Объекттердин санитардык-гигиеналык жактан колдонууга жарактуу болушун камсыздоо;
-
Объекттерге тийиштүү “Спорттук объекттер тууралуу маалыматтар папкасын” уюштуруу;
-
Объекттерде өткөрүлө турган спорттук иш-чаралардын календарын түзүү;
-
Объекттерде өткөрүлө турган социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар тууралуу маалыматтарды тийиштүү кишилерге билдирүү жана кулактандыруулардын жарыя-ланышын камсыздоо;
-
Өткөрүлө турган иш-чараларда объекттерди өрт, саботаж, табигый кырсыктар сыяктуу ар түрдүү коркунучтардан коргоо үчүн керектүү коопсуздук чаралардын көрүлүшүн камсыздоо;
-
Объекттерде уюштурулган бардык иш-чаралардын кемчиликсиз өтүшүн камсыздоо;
-
Объекттерге зыян келтирилген учурда дароо ыйгарым укуктуу кишилерге билдирүү;
-
Үч айда бир жолу мүдүрлүккө объекттердин жалпы абалы жана өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу отчет тапшыруу.
Спорттук объекттер боюнча жооптуу кызматкер:
6-берене. Спорттук объекттер боюнча жооптуу киши – мүдүр тарабынан дайындалган административдик кызматкер. Ал спорттук объекттердин башчысынын алдында объекттер-дин иштетилиши боюнча жооптуу болот.
Спорттук объекттер боюнча жооптуу кишинин милдеттери төмөнкүдөй:
-
Объекттердин таза жана пайдаланууга даяр болушун камсыздоо;
-
Объекттерди таза кармоо, оңдоо жана коргоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү;
-
Объекттерди күн сайын текшерип, кемчиликтердин жоюлушун камсыздоо;
-
Объекттерде орун алган инвентарлардын таза жана пайдаланууга даяр болушун камсыздоо;
-
Объекттерде машыгуу ж.б. иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
-
Объекттерди коопсуздук кызматкерлерине тапшырып жаткан учурда объекттердин электр системасын, жылытуу системасын, суусун, эшиктерин жана терезелерин ж.б. текшерүү;
-
Спорттук кийим кийбеген спортчуларды объекттерге киргизбөө жана тийиштүү эскер-түүлөрдү берүү;
-
Объекттерде тамекинин, алкоголдук ичимдиктердин ж.б. зыяндуу заттардын колдонулушунун алдын алуу;
-
Объекттерде адеп-ахлакка туура келбеген кыймыл-аракеттерди жасагандарга эскертүү берүү;
-
Объекттерде терс окуя чыккан учурда аны дароо коопсуздук кызматкерлерине билдирүү;
-
Мүдүрлүк тарабынан даярдалган жана объекттерде дубалдарга илинген “Спорттук объекттерди колдонуу шарттарын” аткаруу.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Иш жүргүзүүсү
Спорттук объекттердин университеттен башка мамлекеттик мекеме/уюм жана жеке/юридикалык жак тарабынан колдонулушу
7-берене. Спорттук объекттердин университеттен башка мамлекеттик мекеме/уюм жана жеке/юридикалык жак тарабынан колдонулушуна байланыштуу жол-жоболор төмөндө көрсөтүлгөн:
-
Мамлекеттик мекеме/уюм жана жеке/юридикалык жак өткөрө турган иш-чаранын максатын, аталышын, жерин жана убактысын билдирип, спорттук объекттерди убактылуу колдонуу боюнча арызын ректоратка жиберишет.
-
Ректорат иш-чараны ылайык көргөн учурда арыз ээсине жазуу же оозеки түрүндө билдирет.
-
Тийиштүү объект убактылуу пайдаланууга бериле турган учурда, ал тууралуу толук маалыматтарды (күнү, сааты, объекттин түрү, колдонуу максаты, колдонуу жол-жобосу, буюмдай же акчалай жардам, башка талаптар) камтыган келишим арыз ээси менен ректорат тарабынан түзүлөт.
-
Тараптар келишимдин жоболорун сактоого тийиш.
-
Келишимдин негизинде жасалган буюм түрүндөгү жардамдар мүдүрлүк тарабынан университеттин инвентардык журналына катталат.
Университеттин кызматкерлери жана студенттери
8-берене. Спорттук объекттердин университеттин кызматкерлери жана студенттери тарабы-нан колдонулушуна байланыштуу жол-жоболор төмөндө көрсөтүлгөн:
-
Университеттин түзүмдөрү, кызматкерлери жана студенттери уюштурууну пландаш-тырган иш-чаранын аталышын, жерин жана убактысын билдирип, мүдүрлүккө жазуу же оозеки түрүндө жиберишет.
-
Түзүмдөр, кызматкерлер жана студенттер “Спорттук объекттерди колдонуу шартта-рында” орун алган талаптарды сактоого тийиш.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Башка жоболор
9-берене. Бул жободо каралбаган башка учурларда тийиштүү ченемдик укуктук документке ылайык ректораттын чечиминин негизинде жоопкерчиликке тартылат.
Күчүнө кириши
10-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
11-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 10-майындагы 2016-12.47- номерлүү чечими менен кабыл алынган.