| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 46 |
| Кабыл алганы | 19.03.2013 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТ ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИП |
Документтерге шилтемелер табылган жок.
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АТА-ЭНЕЛЕР КОМИТЕТИНИН ТҮЗҮЛҮШҮ, ИШ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
Максаты, мазмуну, укуктук негиздемеси жана аныктамалар
Максаты
1-бөлүм. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык түзүмдөрү менен студенттердин ата-энелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн Ата-энелер комитетинин түзүлүшүнө, иш алып баруу тартибине, милдеттерине жана укуктарына тиешелүү эрежелерди аныктоо максатында түзүлдү.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык түзүмдөрү менен студенттердин ата-энелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн Ата-энелер комитетинин түзүлүшүнө, иш алып баруу тартибине, милдеттерине жана укуктарына тиешелүү эрежелерди камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставынын жана аталган окуу жайдын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
Үй-бүлө : Студенттин апасы/атасы же мыйзамдуу түрдө жоопкерчилигин алган кишилер;
Академиялык түзүм : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин факультети, институту, жогорку мектеби, консерваториясы жана кесиптик жогорку мектеби;
Түзүмдүн жетекчиси : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин декандары жана мүдүрлөрү;
Университет : Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
Ректорат : Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Ата-энелер комитетинин максаты, милдеттери жана ага мүчө болуу
Ата-энелер комитетинин максаты
5-берене. Ата-энелер комитети университет менен ата-энелердин ортосунда мамиле түзүү, байланыш жана кызматташтыкты жүргүзүү, окуу-тарбия иштерин өнүктүрүүгө багытталган иштерге жардам берүү, материалдык жактан жардамга муктаж студенттерге көмөк көрсөтүү, окуу жайды таанытуу, университетке кеңеш берүү максатында түзүлөт.
Ата-энелер комитетинин милдеттери
6-берене. Ата-энелер комитети төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат:
-
Студенттерге улуттук жана моралдык баалуулуктарды үйрөтүү, талапка ылайык заман-бап билим берүү максатында университет менен ата-энелердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө;
-
Университеттин көздөгөн мүдөө-максаттарынын ишке ашуусуна жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
-
Музыка, театр, спорт, көркөм өнөр, саякат боюнча түрдүү курс, мелдеш, семинар сыяк-туу иш-чараларды уюштурууда университеттин жетекчилиги менен кызматташуу;
-
Жеке сабак алууга муктаж болгон студенттер үчүн кошумча билим берүүчү программа-ларды түзүү жана колдоо көрсөтүү иштерин уюштуруу;
-
Университеттин имарат, дарскана, лаборатория, устакана, смарт класс, зал жана бөлмө-лөрүн оңдоп-түздөө, техникалык жабдыктарды жаңылоо, жакшыртуу, кошумча имараттарды куруу, окуу-тарбия иштерине керектелүүчү окуу куралдар жана басылма-лар менен камсыздоо маселесине көмөк көрсөтүү жана салым кошуу;
-
Билим берүүдөн сырткары учурларда университеттин окуу залын, спорт залын, китеп-кана жана лабораторияларын жеке инсандык жактан өнүгүү максатында колдоно турган студенттердин ишмердүүлүгүн арттыруу;
-
Университеттеги эрежелер тууралуу ата-энелерге маалымат берүү, ошондой эле жаш-тарды жаман жолго азгырган ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында окуу жайдын жетекчилиги менен өз ара кызматташуу аркылуу көмөк көрсөтүү;
-
Улуттук майрам, эскерүү жана куттуктоо кечелери өңдүү ар түрдүү иш-чараларды уюш-туруу жана иш-чарага жумшалган материалдык чыгымдарды жабууга көмөк көрсөтүү;
-
Студенттерди ден соолукту чыңдоого жана өздүк гигиенага көңүл бурууга үндөгөн биргелешкен иш-аракеттерге көмөктөшүү;
-
Коомдук жана маданий иш-чараларды уюштуруу;
-
Университеттин жетекчилиги менен кызматташуу, окуу жайга жана жардамга муктаж студенттерге материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүү;
-
Билим берүү жана коомдук мекемелер менен кызматташуу;
-
Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларга салым кошуу;
-
Бүткүл университетти ата-энелерге, коомчулукка жана тиешелүү тармактарга таанытуу, ошондой эле университет менен ата-энелердин суроо-талаптарын аныктоо;
-
Студенттер баш ийүүгө тийиш болгон эрежелерди ата-энелерге түшүндүрүү жана окуу жайга тиешелүү нускамалар менен жоболор жөнүндө аларга маалымат берүү;
-
Студенттердин ийгиликтерин арттыруу максатында ата-энелер менен иш алып баруу;
-
Университеттеги окуу процесси менен тааныштыруу үчүн ата-энелерди университетке алып келүүнү уюштуруу;
-
Ата-энелердин университет жөнүндөгү ой-пикирлерин талдоо;
-
Университеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша студенттердин коомдук иш-чараларга каты-шуусу үчүн ата-энелердин колдоо көрсөтүүсүнө шарт түзүү, уюштуруу;
-
Өткөрүлө турган иш-чаралар үчүн каржы булактарын табуу, жардамга келген каражат-тарды кабыл алуу.
Мүчө болуу
7-берене. Тиешелүү академиялык түзүмдөрдүн жетекчилери, академиялык жана админис-тративдик кызматкерлер, о.э., студенттердин ата-энелери Ата-энелер комитетинин жалпы кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп саналат. Тийиштүү түзүмдүн кызматкерлери иштен кеткенде алардын мүчөлүгү жараксыз деп табылып, ал эми студенттер окуу жайды бүтүр-гөндөн кийин ата-энелер комитетке мүчө болуу укугунан ажырайт. Муну менен бирге университеттин ошол эле түзүмүндө мыкты эмгектенген жетекчиге, профессор-окутуучулук курамдын мүчөсүнө, административдик кызматкерлер менен университетке салым кошкон кайрымдуу ата-энелерге жана бүтүрүүчүлөргө Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин чечими боюнча ардактуу мүчө деген наам берилет. Ардактуу мүчөлөр жалпы кеңештин курамына кирсе болот, бирок Ата-энелер комитетинин түзүмүндө кызмат ээлөө жана добуш берүү укугуна ээ эмес.
ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ
Ата-энелер комитетинин түзүмдөрү
8. Ата-энелер комитетинин түзүмдөрү:
-
Жалпы кеңеш;
-
Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңеши;
-
Ата-энелер комитетинин текшерүү комиссиясы.
Жалпы кеңеш
9-берене. Жалпы кеңеш тиешелүү академиялык түзүмдүн жетекчилеринен, академиялык жана административдик кызматкерлерден, о.э., студенттердин ата-энелеринен түзүлөт. Жалпы кеңеш Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин жетекчиси бардык мүчөлөргө чакыруу жөнөткөн күзгү семестр учурунда чогулат. «Ата-энелер комитетинин жалпы кеңешинин жыйынына чакыруу» деген жазуусу бар баракчага чогулуштун өтчү жери, сааты, жылы жана күн тартибинде каралчу маселелер жазылган соң, чакыруу барагы ар бир мүчөгө он беш күн мурда жөнөтүлөт. Чечимдер ошол чогулушка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жалпы кеңеш Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин чечими боюнча чукул жыйынга чакырылышы мүмкүн. Университеттин студенттик кеңеши жалпы кеңешке байкоочу жөнөтөт.
Жалпы кеңештин жыйыны
10-берене. Жалпы кеңештин жыйыны төмөндөгүдөй жол менен өткөрүлөт:
-
Жалпы кеңештин мүчөлөрү жыйынга катышуу боюнча жоктомого кол коюшат.
-
Жыйынды Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин төрагасы ачат.
-
Ачык добуш берүү аркылуу жалпы кеңештин ишмердигин жүзөгө ашыра турган бир төрага жана эки катчы мүчө шайланат.
-
Жыйындын соңунда бардык акт жана документтер жаңы дайындалган Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешине тапшырылат.
Жалпы кеңештин милдеттери
11-берене. Жалпы кеңеш төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат:
-
Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңеши менен Ата-энелер комитетинин текшерүү комиссиясы сунуштаган иш-чаралардын отчетун талкуулоо жана кабыл алуу;
-
Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешин дайындоо;
-
Ата-энелер комитетинин текшерүү комиссиясын дайындоо;
-
Университеттин окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртуу жана окуу жай менен ата-энелердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлерди билдирип туруу.
Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңеши
12-берене. Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңеши жалпы кеңеш тарабынан дайындал-ган жана ата-энелерден тандалган төрт (4) негизги, төрт (4) кошумча; тиешелүү академиялык башкармалыктардын атынан үч (3) негизги, үч (3) кошумча болуп, жалпы жети (7) негизги жана жети (7) кошумча мүчөдөн түзүлөт. Башкаруу кеңеши шайлоодон кийинки алгачкы жуманын ичинде чогулуп, бир төраганын орун басарын, бир казыначыны жана бир катчыны шайлап, тиешелүү жумуштарды бөлүштүрөт. Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңеши кийинки жалпы жыйынга чейин өз милдетин аткарат. Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин төрагасы бул жалпы кеңешке тандалган тиешелүү академиялык түзүмдүн жетекчиси/орун басары. Ар кандай себептерден улам кызматын өткөрүп берген башкаруу кеңешинин негизги мүчөлөрүнүн ордуна алган добуштарынын саны боюнча алдыда турган кошумча мүчөлөр дайындалат. Академиялык түзүмдүн жетекчиси катары Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешин жетектеген төрага/орун басар ээлеген кызмат ордунан кеткен учурда анын ордуна дайындалган төрага же орун басары жаңы башкаруу кеңеши түзүлгөнгө чейин жетекчилик кылат.
Башкаруу кеңешинин милдети, укугу жана жоопкерчилиги
13-берене. Башкаруу кеңешинин милдети, укугу жана жопкерчилиги төмөндөгүдөй:
-
Башкаруу кеңеши өз ишин жалпы кеңеш кабыл алган чечимдердин негизинде, тиеше-лүү академиялык түзүмдүн кызматташтыгы жана көзөмөлү аркылуу жүзөгө ашырат.
-
Окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртууга багытталган сунуш-пикирлерди билдирүү менен бирге бул маселе боюнча болгон көйгөйлөрдү чечүү максатында академиялык түзүм менен ата-энелердин ортосунда кызматташуу жүргүзөт.
-
Окуу жылынын ичинде кеминде эки жолу жыйын өткөрөт. Жыйын керек болсо универ-ситет иштебеген күндөрү жана расмий майрамдарда да өткөрүлүшү мүмкүн.
-
Жыйындар көпчүлүк мүчөлөрдүн катышуусу менен өтүп, чечимдер көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда төраганын добушу чечүүчү ролду ойнойт.
-
Төрага орун басары төрага жокто убактылуу анын милдетин аткарат. Казыначы ата-энелер комитеттин киреше-чыгашалары боюнча иш алып барса, катчы мүчө иш кагаз-дарын жүргүзөт. Катчынын милдетин тиешелүү академиялык түзүмдүн катчылары аткарат. Башкаруу кеңешинин чечимдери атайын даярдалган журналга жазылып, ага кол коюу аркылуу кабыл алынат.
-
Эскертүүсүз катары менен үч жолу чогулушка катышпаган башкаруу кеңешинин мүчөлөрү комитеттин курамынан чыгарылат.
-
Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны төрттөн аз болгон учурда жалпы кеңеш ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин төрагасы тарабынан чукул жыйынга чакыр-тылат. Тандалган жаңы башкаруу кеңеши салттуу конференция өткөнгө чейин өз мил-детин аткарат. Башкаруу кеңеши аткарган иш-аракеттери боюнча жалпы кеңешке жана калган башкармалыктарга жооп берет.
-
Башкаруу кеңеши бул жобонун 6-беренесинде көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде иш алып барат.
Ата-энелер комитетинин текшерүү комиссиясы
14-берене. Ата-энелер комитетинин текшерүү комиссиясы жалпы кеңеш тарабынан ата-энелерден тандалган эки, тиешелүү түзүмдөрдөн сунушталган бир, жалпы үч (3) негизги жана үч (3) кошумча мүчөдөн түзүлөт. Негизги мүчөлөр шайлоодон кийинки биринчи жума-нын ичинде чогулуп, өздөрүнүн арасынан бир кишини төрагалыкка бекитишет. Ата-энелер комитетинин текшерүү комиссиясы кийинки жалпы жыйынга чейин өз милдетин аткарат. Текшерүү комиссиясы башкаруу кеңешинин иш-аракеттерин ийне-жибине чейин талдап, семестрдин соңунда жогорку кеңешке бул боюнча отчёт берет. Ар кандай себептерден улам кызматын өткөрүп берген текшерүү комиссиясынын негизги мүчөлөрүнүн ордуна алган добуштарынын саны боюнча алдыда турган кошумча мүчөлөр дайындалат.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Башка жоболор, күчүнө кириши, аткарылышы
Журнал, папка жана документтер
15-берене. Башкаруу кеңеши боюнча:
-
Жалпы кеңештин акт папкасы;
-
Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин чечим чыгаруу журналы;
-
Ички-сырткы каттар катталган дептер;
-
Киреше-чыгаша дептери;
-
Сарпталган каражаттарга тиешелүү документтер салынган папка;
-
Ата-энелер комитетинин башкаруу кеңешинин суроо-талап, муктаждыктары жазылган документтер;
-
Каржы жана киреше-чыгаша иштерине байланыштуу нускаманын негизинде түзүлгөн документ, папкалар.
Бул дептер, папка жана документтер тиешелүү академиялык түзүмдөрдө сакталат.
Жараксыз деп табылган нускама жана беренелер
16-берене. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2012-жылдын 14-февралындагы 2012-3.33-номерлүү чечими боюнча кабыл алынган «КТМУнун коомчулук менен кызматташтыкты өнүктүрүүчү Ата-энелер комитети боюнча нускамасы» күчүн жоготот.
Күчүнө кириши
17-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңеши бекиткен күндөн баштап күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
18-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 19-мартындагы 2013-03.031-номерлүү чечими боюнча кабыл алынды.