| Аты | КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КУРАТОРЛУК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 47 |
| Кабыл алганы | 21.12.2022 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО АКАДЕМИЯЛЫК КУРАТОРЛУК |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТYРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК КУРАТОРЛУК ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин даярдоо курсунда, орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программалары боюнча билим алып жаткан студенттерге дайындала турган академиялык куратордук кызматтарды жөнгө салуу.
Мазмуну
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин даярдоо курсунда, орто кесиптик билим берүү жана бакалавр программаларында билим алып жаткан студенттерге дайындала турган академиялык кураторлорлук кызматтардын максатына, иштөө чөйрөлөрүнө, академиялык кураторлордун иштөө принциптерине байланыштуу жол-жоболорду камтыйт.
Укуктук негиздеме
3-берене. Бул жобо «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программалары боюнча окуу-тарбия иштерин жүргүзүү боюнча нускамасынын» 12-беренесинин негизинде даярдалган.
Аныктамалар
4-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
-
Университет: Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
-
Окумуштуулар кеӊеши: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеӊеши;
-
Ректор: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору;
-
Декан / Мүдүр: Кыргыз-Түрк «Манас» университетине караштуу факультеттин деканы, жогорку мектептин жана орто кесиптик колледждин мүдүрү;
-
Академиялык түзүм: Кыргыз-Түрк «Манас» университетине караштуу факультет/ жогорку мектеп/ орто кесиптик колледж;
-
Бөлүм/программа: Кыргыз-Түрк «Манас» университетине караштуу факультеттин, жогорку мектепин жана орто кесиптик колледждин бөлүмү жана программасы;
-
Бөлүмдүн/ программанын башчысы: Кыргыз-Түрк «Манас» университетине караштуу факультеттин/ жогорку мектептин/ орто кесиптик колледждин бөлүмүнүн жана программасынын башчысы;
-
Академиялык куратор: Студентке Кыргыз-Түрк «Манас» университетине катталган күндөн тарта окуу мөөнөтү аяктаганга чейин окуу процессинде кездешкен маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү жана багыт берүү үчүн дайындалган окутуучу;
-
Студент: Университетке катталган даярдоо курсун, орто кесиптик билим берүү же бакалавр программасында окуп жаткан студент дегенди түшүндүрөт.
Академиялык куратордун дайындалышы:
5-берене. (1) Даярдоо курсунун студентке Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү, орто кесиптик билим берүү же бакалавр программаларына катталган студентке тийиштүү бөлүмдүн/ программанын башчысы тарабынан бөлүмдүн тажрыйбалуу жана толук ставкада иштеген окутуучулардын ичинен сабактар бөлүштүрүлө электе академиялык куратор дайындалат. Эгерде тийиштүү бөлүмдө окутуучулардын саны жетишсиз болсо, башка бөлүмдөн академиялык куратор талап кылынышы мүмкүн.
-
Ар бир тайпага ар башка академиялык куратор дайындалат. Эгерде тайпадагы студенттердин саны 50дөн ашса, студенттер кичи тайпаларга бөлүнүп, ар бир кичи тайпага ар башка академиялык куратор дайындалат.
-
Алмашуу программаларынын же башка кызматташуу тууралуу меморандумдардын алкагында университетке окууга келген студенттерге академиялык куратордук тийиштүү академиялык түзүмдүн алмашуу программаларынын координаторлугу жана Тышкы байланыш бюросунун кызматташтыгында ишке ашырылат.
-
Кош же кошумча адистик берүү программалары боюнча билим алып жаткан студенттерге катталган ар бир программа үчүн ар башка академиялык куратор дайындалат.
-
Академиялык куратордук тажрыйбасы жок же биринчи жолу академиялык куратор болуп жаткан окутуучуга тийиштүү түзүм тарабынан керектүү маалыматтар берилет.
Академиялык куратордун кызмат мөөнөтү:
6-берене: (1) Академиялык куратордун кызмат мөөнөтү студенттин окуу мөөнөтү аяктаганга чейин уланат.
-
Зарыл учурларда академиялык куратор алмаштырылышы мүмкүн. Академиялык куратор алмашкан учурда, студентке кабар берилет.
Академиялык куратордун милдеттери жана жоопкерчиликтери:
7-берене. Академиялык куратордун милдеттери жана жоопкерчиликтери төмөнкүлөр:
-
Академиялык куратордун милдеттерине байланыштуу нускамалар жана жоболор менен тийиштүү академиялык түзүмдүн бул багыттагы жол-жоболорун билүү;
-
Өзүнө бекитилген ар бир студент үчүн окуу баракчасын даярдоо;
-
Студенттин сабактарга катталуусуна көмөк көрсөтүү жана сабактарга катталуусун бекитүү;
-
Апта ичинде 2 саат академиялык куратордук саатты аныктап жарыялоо;
-
Сабактардын эквиваленттүүлүгүн аныктоо жана сабактан бошотуу сыяктуу маселелер боюнча студентке көмөк көрсөтүү;
-
Студентке кош/ кошумча адистик берүү программалары, горизонталдык жана вертикалдык которулуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү;
-
Өлкө ичиндеги/ чет өлкөдөгү алмашуу программалары тууралуу маалымат алууну каалаган студентти тийиштүү түзүмдүн алмашуу программаларынын координаторуна жиберүү;
-
Студенттин университетти бүтүрүү учурунда окуу программасындагы милдеттүү жана тандоо сабактарын ийгиликтүү тапшырып тапшырбагандыгын, керектүү кредит-сааттарды өздөштүрүп өздөштүрбөгөндүгүн, зарыл жалпы академиялык жетишкендик боюнча орточо баллына (GANO) ээ болуп болбогондугун, мамлекеттик сынактарга катышып катышпагандыгын, минималдуу окуу мөөнөтүн өздөштүрүп өздөштүрбөгөндүгүн текшерүү;
-
Академиялык куратору алмашкан студентке тиешелүү маалыматтарды жана документтерди жаңы дайындалган академиялык кураторго же тийиштүү бөлүмдүн/ программанын башчысына тапшыруу;
-
Студенттин билим алуудагы окуу-тарбиялык, психологиялык, социалдык жана жеке инсандык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү жана кеңеш берүү. Бул жаатта:
-
Мезгил-мезгили менен чогулуштарды өткөрөт;
-
Академиялык куратордун милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу маалымат берет;
-
Бөлүм жана факультет тууралуу маалымат берет;
ç) Университеттин мүчөсү болуу сезимин өнүктүрүүгө жардам берет;
-
Нускамалар жана эрежелер тууралуу маалымат берет;
-
Айлана-чөйрөнү жана маданий баалуулуктарды таануусуна жардам бере турган чараларды көрөт;
-
Окутуучуларга карата милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу маалымат берет;
-
Окутуучулар жана жетекчилер менен натыйжалуу байланыш түзүү жолдору тууралуу маалымат берет;
-
Сабактарга катышпаган жана начар окуган студенттерге көзөмөл жүргүзүп, тийиштүү кишилерге билдирет;
ı) Келечекке план түзүүдө көмөк көрсөтөт;
-
Студенттердин кызыгуусун жана жөндөмдүүлүктөрүн аныктоого жардам берет;
-
Келечекте мыкты адис болуу үчүн зарыл көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жардам берет;
-
Студенттердин тандоо сабактарды туура тандоосуна жардам берет;
-
Студенттик шаарчада жана анын сыртында ала турган кызмат көрсөтүүлөр жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берет;
-
Стипендия жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берет;
-
Университеттин саламаттыкты сактоо кызматтары тууралуу маалымат берет;
-
Материалдык кыйынчылыктарга кабылган студенттерди аныктап, алардын көмөк алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануусун камсыз кылат;
ö) Натыйжалуу сабак окуу ыкмалары тууралуу маалымат берет;
-
Бош убакытты туура пайдалануу боюнча кеңеш берет;
-
Студенттердин көйгөйлөрүн угат жана аларды чечүүдө көмөк көрсөтөт;
-
Университеттин жана студенттик клубдардын иш-чаралары тууралуу маалымат берет;
-
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге кызмат көрсөтүүлөр жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берет.
7-берене. Мүдүр, бөлүмдүн/ программанын башчысы академиялык кураторлор менен ар бир семестрдин аягында жыйындарды өткөрүп, академиялык кураторлордун көйгөйлөрүн чечүү жана академиялык куратордук ишин жакшыртууга багытталган иштерди жасайт жана зарыл чараларды көрөт.
Күчүнө кириши
8-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
Күчүн жоготкон жобо:
9-берене. Бул жобо күчүнө кирген күндөн баштап, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2006-жылдын 18-июлундагы 2006-18.68-1-чечими менен кабыл алынган «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин академиялык куратордук жөнүндө жобосу» өз күчүн жоготот.
Ишке ашырылышы:
10-берене: Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты тарабынан ишке ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2022-жылдын 21-декабрындагы 2022-21-88 (а)-чечими менен кабыл алынган.
Бул жобонун “Укуктук негиздеме” тууралуу 1-беренесине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2006-жылдын 18-июлундагы 2006-18.68-1-номерлүү чечими менен өзгөртүү киргизилген.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2003-жылдын 30-июнундагы 2003-9.41-номерлүү чечими менен кабыл алынган.