| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ БААЛОО ЖАНА ШЫКТАНДЫРУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫН КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 49 |
| Кабыл алганы | 23.09.2021 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО АКАДЕМИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮК БААЛОО ШЫКТАНДЫРУУ |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН АКАДЕМИЯЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮ БААЛОО ЖАНА ШЫКТАНДЫРУУ БОЮНЧА НУСКАМАСЫН КОЛДОНУУ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Жалпы жоболор
Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде толук айлык акы алып иштеген окутуучулардын академиялык ишмердүүлүгүн баалоо жана аларга шыктандыруучу тɵлɵмдɵрдү төлөп берүү жол-жоболорун жана келген арыздардын/ документтердин мазмунун аныктоо максатында даярдалды.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул жобо “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруу боюнча нускамасынын” негизинде даярдалды.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
-
AHCI – Art and Humanities Citation Index (көркөм өнөр жана гуманитардык илимдер боюнча цитата келтирүү индекси);
-
Академиялык түзүм – университеттин ичинде иш алып барган факультет, жогорку мектеп, кесиптик жогорку мектеп, институт жана илимий изилдөө борбору;
-
Тармактык индекстүү журнал – SCIE, SCI, SCI-Exp., SSCI, AHCI, ESCI жана SCOPUS маалымат базаларында индекстелген журналдардан тышкары Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталган журналдар;
-
Изилдөө – окутуучу иштеген жана изилдөөсүн жүргүзгөн тийиштүү мекеме тарабынан бекитилген, изилдөө ишинин башталганы тастыкталган, иштин жыйынтык отчету ошол эле мекеме тарабынан кабыл алынган, кандайдыр бир башка долбоор алкагында жүргүзүлбөгөн, кеминде төрт айлык мөөнөттүн ичинде жасалган эски маалыматтарды иликтөөгө, бир маселени чечүүгө, бир теорияны андан ары өнүктүрүүгө, жаңы теория чыгарууга, жаңы маалымат, тажрыйба, технология же чыгармачыл эмгек жаратууга багытталган, изилдөө процесстери боюнча отчеттору берилген, бул нускаманын тиркемесинде орун алган башка иш-чараларга кирбеген ырааттуу иштер;
-
Шилтеме – башка авторлорлордун эмгектеринде окутуучунун илимий эмгегине жасалган шилтеме;
-
Башка рецензияланган журналдар – SCIE, SCI, SCI-Exp, SSCI, AHCI, ESCI, SCOPUS жана тармактык индекстүү журналардан сырткары ISSN жана e-ISSN-номерлүү, басылган же электрондук түрдө кеминде үч жылдын ичинде жарыкка чыккан, тому, бети, чыккан жылы ж.б. маалыматтары жарыяланган журналдар;
-
ESCI – Emerging Sources Citation Index;
-
Иш-чара – ар бир окуу жылында өткөн жылдагы өлкө ичинде жана чет өлкөдө илим, технология жана көркөм өнөр багытында ишке ашырылган долбоорлор, жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр, жарыяланган эмгектер, иштелип чыккан дизайндар, уюштурулган көргөзмөлөр, алынган патенттер, келтирилген шилтемелер, илимий иш-чараларда жасалган докладдар, ээ болгон академиялык сыйлыктар, коомдук, башкаруу иш-чараларына кошулган салымдар жана башка илимий-практикалык, маданий иш-чаралар;
-
Китеп – мындан мурун эч жерде жарык көрбөгөн илимий, окуу китеби, автордук же которулган чыгарма;
-
Комиссия – академиялык ишмердүүлүктү шыктандырууну камсыз кылуу, баалоо, текшерүү жана апелляцияларды кароо комиссиясы (мындан ары – Комиссия);
-
Сыйлык – окутуучуга өз тармагына байланыштуу кесиптик, илимий жана көркөм өнөр жаатында аткарган иштери жана коомдук иш-чараларга катышкандыгы үчүн берилген сыйлыктар;
-
Патент – улуттук жана эл аралык мекемелер тарабынан берилген патенттер;
-
Долбоор – темасы, максаты, мазмуну, мөөнөтү, өзгөчө шарттары жана бюджети аныкталган; жаңы билим жаратуу, илимий негиздеме берүү, технологиялык/социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн илимий негиздерге таянып ишке ашырылган жана жыйынтык отчету тийиштүү мекемелер тарабынан кабыл алынган иштер;
-
SCI – Science Citation Index (цитата келтирүү индекси);
-
SCIE - Science Citation Index Expanded;
-
SCI-Exp – Science Citation Index-Expanded (кеңейтилген цитата келтирүү индекси);
-
Scopus: Scopus шилтемеси жана маалымат базасы;
-
Окумуштуулар кеңеши – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши;
-
Көргөзмө – окутуучу тарабынан өз тармагына байланыштуу илимий-практикалык мүнөздөгү аудио-визуалдык формада мезгилдүү өткөрүлчү иш-чара, көргөзмө, концерт, фестиваль ж.б.;
-
SSCI– Social Science Citation Index (коомдук илимдер боюнча цитата келтирүү индекси);
-
Календардык жыл – 01-январдан 31-декабрга чейинки мезгил.
-
Дизайн – кандайдыр бир курулуштун, продукциянын же нерсенин алгачкы чиймеси жана долбоору;
-
Доклад – улуттук жана эл аралык деңгээлдеги илимий жыйындарда реалдуу /онлайн режимде жасалган жана (докладдар жыйнагында, тезистер жыйнагында веб-сайттарда же CD, DVD ж.б. каражаттарда) жарыяланган доклад;
-
Коомдук иш-чараларга катышуу – университеттен уруксат алуу менен коомго пайда алып келчү иштер;
-
Улуттук кино фестиваль – өлкөдө тартылган тасмалар катышкан жана жюри мүчөлөрү ошол эле өлкөдөн болгон кино фестиваль;
-
Улуттук канал – өлкө боюнча телеберүүлөрдү жүргүзгөн телеканал;
-
Улуттук долбоор – бир өлкөнүн мекемелери жана уюмдар тарабынан колдоого алынган долбоор;
-
Улуттук басмакана – кеминде үч жыл улуттук масштабда ишмердүүлүк жүргүзгөн жана тийиштүү тармакта кеминде беш автордун китебин басып чыгарган басмакана;
-
Эл аралык кинофестиваль – кеминде үч ар башка өлкөдөн тасмалар катышкан жана жюри мүчөлөрү кеминде эки ар башка өлкөдөн болгон кинофестиваль;
-
Эл аралык канал – спутник байланышы же башка эл аралык каналдар аркылуу чет өлкөгө телеберүүлөрдү жүргүзгөн телеканал;
-
Эл аралык долбоор – бир нече өлкөнүн мекемелери жана уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылган долбоор;
-
Эл аралык басмакана – кеминде беш жыл эл аралык деңгээлде ишмердүүлүк жүргүзгөн, тийиштүү тармакта кеминде жыйырма китеп басып чыгарган басмакана;
-
Университет – Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
-
WOS СС: Web of Science Core Collection;
-
Чет өлкөдөгү иш-чара – Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чет өлкөдө аткарылган иш-чаралар;
-
Өлкөнүн ичиндеги иш-чара – Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылган иш-чаралар.
Жалпы принциптер
4-берене.
-
Академиялык ишмердүүлүктү баалоо же шыктандыруучу тɵлɵм боюнча арызын берген окутуучулар аткарган иш-чаралары тууралуу маалыматтарды университеттин веб-баракчасындагы системага киргизип, принтерден басып чыгаргандан кийин “Академиялык ишмердүүлүктү баалоо боюнча арыз формасына (КТМУ даректүү)”, “Академиялык ишмердүүлүктү баалоо боюнча арыз формасына (КТМУ дарексиз)” жана “Академиялык шыктандыруучу төлөм боюнча арыз формасына” кол тамгасын коюу менен тийиштүү түзүмдөргө белгиленген мөөнөттө тапшырышы керек.
-
Академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруучу тɵлɵм боюнча келген арыздарды кабыл алууда комиссия тарабынан керектүү деп эсептелген жана бул жободо кɵрсɵтүлбɵгɵн башка документтер да талап кылынышы мүмкүн.
Иш-чараларга жараша талап коюлган шарттар жана документтер
Долбоор
5-берене. Долбоорду колдогон мекеме/ уюм тарабынан долбоордун отчеттук жыл ичинде аяктаганын тастыктаган документ берилиши керек. Долбоордун жыйынтыктоочу отчетунун маалыматтары (долбоордун аталышы, долбоор аяктаган жыл, жетекчинин/ координатордун, изилдөөчүнүн жана кеӊешчилердин аты-жɵнү, иштеген жери, отчет тапшырылган жылы ж.б.) камтылган беттеринин көчүрмөсү тапшырылат.
Илимий изилдөө иши
6-берене. Изилдөөчүнүн КТМУ тарабынан дайындалгандыгын жана изилдөө иши жүргүзүлгөн мекеме тарабынан бекитилгендигин тастыктаган документ болушу керек.
Китеп жазуу/которуу
7-берене.
-
Жазылган китептин мукабасы, жарыяланышы тууралуу маалыматтарды жана мазмунун көрсөткөн беттери болушу керек.
-
Жазылган китептин бир бөлүгү боюнча ал китептин мукабасы, жарыяланышы тууралуу маалыматтарды жана мазмунун көрсөткөн беттери болушу керек.
-
Сөздүктүн мукабасы, жарыяланышы тууралуу маалыматтарды жана мазмунун көрсөткөн беттери жана тийиштүү теманын /бөлүмдүн биринчи бети болушу керек.
-
Энциклопедияда жарыяланган материал боюнча ал энциклопедиянын мукабасы, жарыяланышы тууралуу маалыматтарды жана мазмунун көрсөткөн беттери менен тийиштүү теманын/ бөлүмдүн биринчи бети болушу керек.
-
Интернетте жарыяланган энциклопедиялар үчүн тема/ бөлүм орун алган интернет сайтынын экранынын сүрөтү болушу керек.
-
Сценарий жазуу боюнча тийиштүү документ болушу керек.
Макала
8-берене.
-
Жарыяланган макала боюнча автордун аты-жɵнү, макаланын аталышы, жарыяланышы тууралуу маалыматтар камтылган журналдын беттери менен ал журналдын кайсы маалымат базасында орун алгандыгын кɵрсɵткɵн документ болушу керек.
-
Макала жарыяланган журналдардын (SCIE, SCI, SCI-Exp, SSCI, ESCI, AHCI, SCOPUS жана тармактык индекстүү журналдарда жарыяланган макалалардан сырткары) кеминде үч жылдын ичинде үзгүлтүксүз басылып келатканын тастыктаган документ болушу керек.
Китептин/ журналдын редактору, редколлегиянын мүчөсү, рецензенти жана жюринин мүчөсү болуу
9-берене.
-
Рецензияланган журналдарга жана илимий китептерге рецензент болгонун көрсөткөн документтин тапшырылган күнү эске алынат.
-
SCIE, SCI, SCI-Exp, SSCI, ESCI, AHCI жана SCOPUS, ошондой эле Окумуштуулар кеӊеши тарабынан аныкталган тармактык индекстүү журналдарда жарыяланган макалага рецензент болгонун, журналдын Web of Science жана тийиштүү маалымат базасында орун алганын кɵрсɵткɵн документ болушу керек.
-
Башка рецензияланган журналдарда жарыяланган макалага рецензент болгонун жана журналдын акыркы үч жылдын ичинде үзгүлтүксүз басылып келатканын көрсөткөн документ болушу керек.
-
Илимий китептерге рецензент же редактор болгонун жана китептин кайсы басмаканада басылып чыкканын көрсөткөн документ болушу керек.
-
Көргөзмө, концерт, спорт жана кино тасмалар боюнча конкурстарда жюри мүчөсү болгон окутуучу бул иш-чаралардын арыз берген күнгө чейин аяктагандыгын тастыктаган документ бериши керек.
-
Жюри мүчөлүгү үчүн көргөзмө, концерт, спорт жана кино тасмалар боюнча конкурстардын аяктаган күнү эске алынат.
-
Окутуучу иш-чараларга жюри мүчөсү болуп катышкандыгын тастыктаган документ бериши керек.
-
Рецензенттин орун басарлары рецензент катары каралат.
Коомдук ишмердүүлүк
10-берене.
-
Улуттук/ эл аралык деӊгээлде өткөрүлгөн иш-чаранын аудиого жаздырылгандыгы же видеого тартылгандыгы тууралуу документтер болушу керек:
-
Музыка жана консерватория бөлүмдөрү үчүн иш-чара улуттук жана эл аралык деӊгээлде өтүп, отчеттук жыл ичинде жарыялангандыгын тастыктаган документ. Музыка жана консерватория бөлүмдөрү үчүн CD, DVD ж.б.у.с. форматта даярдалган материалдардын буклетинин бар экенин көрсөткөн документ;
-
Композитор, аткаруучу, хореограф, режиссер, сценарист, драматург жана сахна жасалгалоочу үчүн иш-чара улуттук же эл аралык деӊгээлде өтүп, отчеттук жылда жарыялангандыгын кɵрсɵткɵн документ.
-
Улуттук/ эл аралык масштабда өткөрүлгөн маданий иш-чаранын жеке же чыгармачыл топ менен биргеликте аудиого жаздырылгандыгы же видеого тартылгандыгы тууралуу документ керек:
-
Иш-чара эл аралык же улуттук деӊгээлде өтүп, отчеттук жыл ичинде жарыялангандыгын тастыктаган документ;
-
Иш-чаранын жеке же чыгармачыл топ менен биргеликте аудиого жаздырылгандыгын же видеого тартылгандыгын тастыктаган документ;
-
Электрондук форматта жаздырып алынган материалдардын бар экенин тастыктаган документ же аларга тийиштүү маалыматтар жарыяланган интернет сайтынын экранынын сүрөтү.
-
Коомдук жана салтанаттуу иш-чараларга (аудио, видео каттоо жана музыкалык аспаптык коштоо) катышкандыгын тастыктаган документ.
-
Университетте маданий жана көркөм өнөр иш-чарасы ректорат деңгээлинде уюштурулгандыгын тастыктаган жана тиешелүү түзүмдүн жетекчилиги тарабынан бекитилген документ.
Дизайн
11-берене.
-
Дизайн отчеттук жылдын ичинде ишке ашырылышы же каттоодон өтүшү шарт.
-
Мамлекеттик мекемелер же юридикалык жак тарабынан ишке ашырылган кɵркɵм өнөр дизайндары үчүн дизайндын түп нускасы жана ишке ашырылган жылы көрсөтүлгөн документ болушу керек.
-
Илимий басылма катары катталган көркөм өнөр дизайндары үчүн алардын жарыялангандыгын тастыктаган документ болушу керек.
-
Башка көркөм өнөр дизайндары үчүн (эгер бар болсо) компетенттүү уюм/ мекемелер тарабынан катталгандыгын же ишке ашырылгандыгын кɵрсɵткɵн документ болушу керек.
-
Пайдалуу объект же модель иштери үчүн TSE (Түрк стандарттары институту)/ Кыргызстандарт, TPE (Түрк патент институту)/ Кыргызпатент тарабынан ж.б.у.с. эл аралык компетенттүү мекемелер тарабынан даярдалган каттоо документи болушу зарыл.
Көргөзмө, концерт уюштуруу
12-берене.
-
Көргөзмө отчеттук жылдын ичинде өткөрүлгөн болушу шарт.
-
Концерт музыкалык аспаптардын коштоосунда аткарылган чыгармаларды угууга арналган иш-чара болушу керек.
-
Көргөзмөнүн жеке же чыгармачыл топ уюштурган иш-чара (улуттук жана эл аралык иш-чарага чакыруу аркылуу же конкурстук негизде катышуу) экендигин, кайсыл жерде жана качан өткөрүлгөндүгүн далилдеген документ болушу керек.
-
Көргөзмөнүн улуттук же эл аралык деңгээлде өткөндүгүн тастыктаган тийиштүү түзүмдүн башкаруу кеңешинин чечими болуусу зарыл.
-
Концерттин афишасына жана программасына байланыштуу документ болушу зарыл.
-
Видео жана аудио программаны тастыктаган документ болушу керек.
Патент
13-берене.
-
Патент отчеттук жылдын ичинде каттоодон өтүшү керек.
-
Бир нече өлкөдө катталган бир эле патент боюнча бир гана жолу арыз жазылат.
-
Түрк патент институту/ Кыргызпатент же эл аралык деңгээлде тастыкталган уюмдар тарабынан берилген патенттин каттоо документинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү болушу керек.
Шилтеме
14- берене.
-
Окутуучулардын илимий иштерине диссертацияларда жасалган шилтемелер эске алынбайт.
-
Окутуучунун өзү автор болбогон илимий ишинде анын бир эле эмгегине бир канча жолу шилтеме жасалган болсо, алардын бири гана эске алынат.
-
Китепте жасалган шилтемелер үчүн ал китептин мукабасы, жарыяланышы тууралуу маалыматтар, колдонулган адабияттар жана шилтеме жасалган беттеринин көчүрмөлөрү болушу керек.
-
Шилтеме жасалган макала (макаланын биринчи бети, шилтеме жасалган бети жана колдонулган адабияттар) жана бул макала жарыяланган журналдын кайсы маалымат базасында орун алганын көрсөткөн документ же SCIE, SCI-Exp, SSCI, ESCI, AHCI жана SCOPUS шилтемелери үчүн Web of Science жана тийиштүү маалымат базасында орун алгандыгын көрсөткөн документ болушу керек.
-
Шилтемелер боюнча академиялык ишмердүүлүктү баалоодо жана шыктандыруучу төлөмдү аныктоодо авторлордун ар бирине толук балл берилет.
Доклад
15-берене. Докладдын толук тексти же тезиси орун алган докладдардын жыйнагынын мукабасын, илимий кеңештин тизмесин, мазмунун, докладдын биринчи бети жана доклад жасалган жылын көрсөткөн документ болушу шарт.
Окуу-тарбия иш-чаралары
16-берене.
-
Бүткөрүлгөн магистрдик/ доктордук диссертацияга илимий жетекчиси жана диссертация коргоо боюнча жюри мүчөсү болгонун тастыктаган жана тийиштүү институттар тарабынан берилген документ талап кылынат.
-
Окутуучунун отчеттук окуу жылынын күзгү семестринде жана андан мурунку окуу жылынын жазгы семестриндеги сабак жүгүнүн ректорат тарабынан бекитилгендиги тууралуу документ болушу керек. Ар бир семестрде ченемден ашык окутулган сабактардын топтому баалоо ишинде каралат.
-
Сабактардын аудио жана видео материалдарын иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилгендиги тууралуу документ болушу керек.
Сыйлык
17-берене.
-
Сыйлык ыйгарылгандыгы тууралуу сертификаттын тийиштүү органдар тарабынан күбөлөндүрүлүп, анын көчүрмөсү тапшырылышы керек.
-
Тапшырылган документте жюри мүчөлөрүнүн ичинде изилдөөчүнүн тармагы боюнча адистер катышкан комиссия тарабынан жүргүзүлгөн баалоо ишинин натыйжасында сыйлык ыйгарылгандыгы тууралуу маалымат камтылышы керек.
-
Сыйлык өз тармагы боюнча жүргүзүлгөн илимий иштери үчүн ыйгарылган болушу керек.
Башка окуу-тарбиялык жана илимий иш-чаралар
18-берене.
-
Илимий, маданий жана көркөм өнөр иш-чарасынын өткөрүлгөндүгүн жана аяктагандыгын тастыктаган документ болушу керек.
-
Арыз ээсинин жыйындарды уюштурууда аткарган милдетин көрсөткөн документ болушу зарыл.
Коомдук иш-чараларга катышуу
19-берене.
-
Мамлекеттик жана жеке сектордо өз тармагы боюнча кеңеш бергендигин, тренинг өткөргөндүгүн жана коомго кызмат көрсөтүү максатында (балдар жана карылар үйлөрүнө барып) жардам көрсөткөндүгүн тастыктаган жана университет же тийиштүү мекеме тарабынан берилген документ болушу керек.
-
Орто мектептин окуучуларын жана университеттин студенттерин илимий конкурстарга катышууга даярдагандыгы тууралуу тийиштүү университет жана мекеме тарабынан берилген документ болушу керек.
-
Котормочулук, алып баруучулук, жол көрсөтүүчүлүк боюнча жана көркөм өнөр, спорттук ж.б.у.с. иш-чаралар боюнча ректорат тарабынан берилген милдеттерди аткаргандыгы тууралуу документ болушу керек.
-
Tелекөрсөтүү жана радиодо өткөрүлгөн же катышкан программа улуттук же эл аралык телерадио берүү уюмдарында же болбосо улуттук же эл аралык кино фестивалдарда көрсөтүлүшү/уктурулушу керек. Чыгармада кеңешчинин атынын көрсөтүлүшү, чыгарманын өз-өзүнчө катталышы зарыл жана чыгарма жазууда кайсы бир милдетти аткаргандыгын, кеңешчи болгондугун же чыгарма жазууга катышкандыгын тастыктаган документ болушу керек.
Башкаруу иш-чараларына катышуу
20-берене. Башкаруу иш-чараларына катышкандыгы тууралуу документ болушу керек.
Күчүнө кириши
21-берене. Бул жобо Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет.
Иш жүзүнө ашырылышы
22-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы 2021-12.61 (b)– номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2019-жылдын 2-июлундагы 2019-11.58 (a) – номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 12-июнундагы 2018-08.54 (a) – номерлүү чечими менен кабыл алынган.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2017-жылдын 6-июлундагы 2017-14.65 (a) – номерлүү чечими менен кабыл алынган.