| Аты | КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШКЕ АЛЫНА ТУРГАН КЕНЖЕ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ |
|---|---|
| Документтин түрү | Нускамалар |
| Документтин статусу | Күчүндө |
| Номер | 50 |
| Кабыл алганы | 12.07.2018 |
| Ачкыч сөздөр |
ЖОБО ИШКЕ АЛЫНА ТУРГАН КЕНЖЕ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕР ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО |
Документтерге шилтемелер табылган жок.

|
КЫРГЫЗ-ТҮРК МАНАС
УНИВЕРСИТЕТИ |
KIRGIZİSTAN-TÜRKİYE MANAS
ÜNİVERSİTESİ |
мыйзам
КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИНИН ИШКЕ АЛЫНА ТУРГАН КЕНЖЕ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ ТАНДОО ЖАНА ДАЙЫНДОО ЖӨНҮНДӨ ЖОБОСУ
Максаты жана мазмуну
1-берене. Бул жобонун максаты – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык бөлүмүнө ишке алына турган кенже илимий кызматкерлерди тандоо жана дайындоо тартибинин жол-жобосун аныктоо.
Укуктук негиздеме
2-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Уставына ылайык иштелип чыккан.
Аныктамалар жана кыскартуулар
3-берене. Бул жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
|
ALES: |
Түркия Республикасындагы академиялык курамдын мүчөлүгүнө талапкер болуу жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу сынагы; |
|
Бөлүмдүн башчысы: |
Факультет жана жогорку мектепке караштуу бөлүмдүн башчысы; |
|
Бөлүм: |
Факультет жана жогорку мектепке караштуу бөлүм; |
|
Институттун академиялык кеңеши: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институтунун академиялык кеңеши; |
|
Институттун мүдүрлүгү: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институнун мүдүрлүгү; |
|
Институттун башкаруу кеңеши: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тийиштүү институтунун башкаруу кеңеши; |
|
Институт: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетине караштуу ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу окуу бөлүмү; |
|
GMAT: |
“Graduate Management Admission Test” сынагы; |
|
GRE: |
“Graduate Record Examination” сынагы; |
|
KPDS: |
Түркия Республикасындагы мамлекеттик кызматкерлердин чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы; |
|
KTMУ: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университети; |
|
Ректорат: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты; |
|
Окумуштуулар кеңеши: |
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши; |
|
ТР: |
Түркия Республикасы; |
|
ÜDS: |
Түркия Республикасындагы университеттер аралык чет тили боюнча сынак; |
|
Университет: |
Кыргыз - Түрк “Манас” университети; |
|
YDS: |
Түркия Республикасындагы чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагы. |
Кенже илимий кызматкерлерге болгон муктаждык жана аларга коюлчу талаптар
4-берене. Кенже илимий кызматкерлерге болгон муктаждык жана аларга коюлчу талаптар тийиштүү бөлүмдүн академиялык кеңешинин сунушу жана факультеттин/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин чечими менен ректоратка сунушталат. Бөлүмдөр бул жободо аныкталган баллдан кем эмес чет тили сынагы боюнча баллды, ALES боюнча баллды жана талапкерлерге коюлчу башка талаптарды бөлүмдүн академиялык кеңешинин чечими жана факультеттин/жогорку мектептин башкаруу кеңешинин макулдугу менен аныктай алышат.
Кулактандыруу
5-берене. Кенже илимий кызматкерлерди ишке алуу тууралуу кулактандыруу ректорат тарабынан зарыл учурларда жарыяланат. Кулактандырууда талапкерлерге коюлчу талаптар жана сынакты өткөрүү күнү көрсөтүлөт. Талапкерлер арызы менен кошо резюмесин, жарыя-ланган илимий эмгектерин, кулактандырууда талап кылынган башка документтерди, ошондой эле өздөрү тууралуу сунуштама бере ала турган профессор-окутуучунун аты-жөнүн жана байланыш телефондорун бериши керек. Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тарта 15 күн ичинде кабыл алынат. Талапкерлердин арыздары интернет аркылуу да кабыл алынышы мүмкүн. Арыздар кулактандырууда көрсөтүлгөн бөлүмгө документ тапшы-руу шарттарына ылайык тапшырылат.
Документ тапшыруу жана дайындоо шарттары
6-берене. “Кенже илимий кызматкер” кызмат ордуна документ тапшыруу жана дайындоо шарттары төмөнкүдөй:
-
Талапкердин жашы 35тен жогору болбошу зарыл;
-
Талапкер төрт жылдык билим берүү программасын ишке ашырган жогорку окуу жайды бүтүрүшү керек;
-
Бакалавр даражасындагы дипломдун орточо баллы 100 баллдык система боюнча 70тен кем эмес, ал эми 4.00 баллдык система боюнча 2.20дан кем эмес же ага эквиваленттүү баллга ээ болушу керек. Магистр даражасындагы дипломго ээ болгон талапкерлердин дипломунун орточо баллы 100 баллдык система боюнча 75тен кем эмес болушу зарыл. Баллдардын пайыздык катыш боюнча эквиваленттүүлүгү университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин баллдарды которуу таблицасына” ылайык эсептелинет.
-
Талапкерлер YDS же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынагын же болбосо университет тарабынан өткөрүлгөн “чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагын” ийгиликтүү тапшыргандыгы тууралуу сертификатка ээ болууга тийиш. Талапкерлер YDS сынагынан кеминде 50 балл же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынагынан тийиштүү баллды алышы керек. Чет тилинде жүзөгө ашырылган окуу программаларына же чет тилин окутуу программаларына дайындала турган талапкерлердин тийиштүү чет тили боюнча YDS сынагынан 75 балл же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынагынан тийиштүү баллды алышы керек. ÜDS жана KPDS сертификаттарына ээ болгон талапкерлер ушул документтерин YDS сертификатынын ордуна тапшыра алышат. Эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынактарынан алынган баллдардын YDS, ÜDS жана KPDS баллдарына эквиваленттүүлүгү Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чет тили сынагы боюнча баллдарды которуу таблицасына” ылайык эсептелинип аныкталат.
-
YDS же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынактарында берилчү сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер университет тарабынан өткөрүлгөн “чет тилди билүү деңгээлин аныктоо сынагынан” 60тан кем эмес баллды; ал эми чет тилинде жүзөгө ашырылган окуу программасына же чет тилин окутуу программасына дайындала турган талапкерлер болсо, 85тен кем эмес же эквиваленттүүлүгү кабыл алынган башка эл аралык чет тили сынагынан тийиштүү балл алышы керек.
-
Талапкерлер жазуу түрүндөгү сынактын ордуна ALES, GRE же GMAT сыяктуу эл аралык сынактарда берилчү сертификаттарын документ тапшыруу учурунда бере алышат. Аталган сынактардан алынган баллдардын жазуу түрүндөгү сынактын ордуна кабыл алынышы үчүн талапкер тийиштүү тармак боюнча ALES сынагынан 60тан кем эмес же ага эквиваленттүү баллды алышы керек. Эквиваленттүү баллдардын эсептелинишинде Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларына тапшыруу сынагынын эквиваленттүүлүгү боюнча таблицасы” колдонулат. ALES же башка эл аралык чет тили сынактарында берилчү сертификаттар сынак өткөрүлгөн күндөн тарта беш жылга чейин жарактуу болот.
Ишке алынган кенже илимий кызматкерлер ЖОЖдон кийинки билим берүү программасы боюнча окуусун улантып, аны тийиштүү ченемдик укуктук документте аныкталган мөөнөт ичинде ийгиликтүү бүтүрүшү керек. Окуусун ийгиликтүү тапшырбай калгандар универси-теттен чыгарылат.
Сынактар
7-берене.
-
“Кенже илимий кызматкер” кызмат орду үчүн өткөрүлө турган адистик сынак талапкердин тийиштүү тармак боюнча кесиптик билимин, илимий жөндөмдүүлүгүн, жалпы маданий компетенттүүлүгүн, тийиштүү тармак боюнча билимин жана билгичтигин аныктоого багытталган жазуу жана оозеки түрүндө өткөрүлчү эки баскычтуу сынактан турат.
-
ALES же ага эквиваленттүү башка эл аралык чет тили сынагы боюнча сертификаты болбогон талапкерлерге жазуу жана оозеки түрүндө сынак өткөрүү үчүн тийиштүү бөлүмдүн башчысынан, тийиштүү бөлүмдө же ага багыты жагынан жакын башка бөлүм-дөрдө иштеген профессор-окутуучулардын ичинен бөлүмдүн башчысы тарабынан тандалган жана тийиштүү бөлүмдүн башкаруу кеңеши тарабынан бекитилген үч негизги жана эки кошумча мүчөдөн турган комиссия түзүлөт. Зарыл болгон учурда жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды өткөрүү үчүн башка комиссия түзүлүшү мүмкүн.
-
Комиссия сынактардын жыйынтыктары менен сынакка тийиштүү бардык документтерди тийиштүү факультеттин деканатына же жогорку мектептин мүдүрлүгүнө тапшырат. Тийиштүү бөлүм кенже илимий кызматкерди дайындоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык сынактардын жыйынтыктарын камтыган документтерди даярдап, ректоратка жөнөтөт.
Сынактарды баалоо
8-берене.
-
Жазуу түрүндөгү сынактын 70%ы жана оозеки түрүндөгү сынактын 30%ы эсептелинип, адистик сынактын баллы аныкталат. Талапкердин бул сынакты ийгиликтүү тапшырышы үчүн жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактардын ар биринен 70тен кем эмес балл алышы керек.
-
Комиссия сынактын жыйынтыгын баалоо учурунда адистик сынак боюнча алынган баллдын 50%ын, бакалавр даражасындагы дипломдун орточо баллынын 30%ын, чет тили сынагы боюнча баллдын 20%ын эсептеп, кулактандырууда көрсөтүлгөн штаттын санына ылайык негизги жана кошумча талапкерлерди алган баллына жараша аныктайт. Аныкталган пайыздардын жалпы суммасы талапкердин баллы болуп эсептелет жана бул балл 70тен аз болбошу керек.
Күчүнө кириши
9-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген күндөн тарта күчүнө кирет.
Ишке ашырылышы
10-берене. Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
Бул жобонун “Документ тапшыруу жана дайындоо шарттары” беренесинин 6-пунктунун (f) – пунктчасына Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 12-июлундагы 2018-10.70-номерлүү чечими менен өзгөртүүлөр киргизилген.
Бул жобо Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2013-жылдын 23-октябрындагы 2013-17.121-номерлүү чечими менен кабыл алынган.